Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын «28» мартындагы № 10\14  

токтому менен бекитилген  

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан экинчилик рыногунда аутрайт шарттарында (редисконттук операция) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобо  

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өзүнүн автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу экинчилик рыногунда аутрайт шарттарында коммерциялык банктардан мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча операцияларды (мындан ары - редисконттук операциялар) ишке ашыруу тартиби аныкталган. 

2. Улуттук банк редисконттук операцияларды Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 5, 20-статьяларына ылайык ишке ашырат. 

3. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө” жободо (мындан ары “АТСтин иши жөнүндө” жобо) белгиленген шарттар жана эрежелер ушул жобого таркатылат.  

4. Редисконттук операциялар банк системасына улуттук валютада ликвиддүүлүктү сунуштоо максатында ишке ашырылып, Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча жүргүзүлөт. 

5. Ушул Жобонун 11-пунктунда камтылган талаптарга жооп берген коммерциялык банктар редисконттук операциялардын катышуучусу болуп саналышат. Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча республиканын финансы рыногунун башка катышуучуларына да редисконттук операцияларга катышуу мүмкүнчүлүгү берилиши ыктымал. 

6. Катышуучунун редисконттук операциялар боюнча Улуттук банк менен өз ара мамилеси ушул Жобо жана экинчилик рыногунда Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынан аутрайт шарттарында (редисконттук операциялар) мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда, ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык түзүлгөн эки тараптуу келишим (мындан ары Келишим) аркылуу жөнгө салынат.  

 

2. Аныктамалар жана атоолор 

Бул жобонун максаттары үчүн, төмөнкүлөрдөн тышкары “АТСтин иши жөнүндө” жободо белгиленген аныктамалар жана атоолор колдонулат: 

7. Редисконттук операцияларды жүргүзүү күнү Улуттук банк тарабынан редисконттук операциялар параметрлери жарыяланган күн, ушул күнү редисконттук операцияларды жүргүзүү бүтүмдөрү келишилет.  

8. Редисконттук операцияны ишке ашыруу күнү Улуттук банк тарабынан редисконттук операциялар параметрлери жарыяланган күн, мында тиешелүү акча каражаттарын эсептен алып салуу/чегерүү аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды айкын сатып алуу/сатуу ишке ашырылып, мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча менчик укугу өтөт.  

9. Редисконттук операция Улуттук банк тарабынан белгиленген баада жана мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөөгө чейин сатып алуу мөөнөтү менен экинчилик рыногунда Улуттук банктын Катышуучулардан мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуусу боюнча операция. 

 

3. редисконттук операцияларды жүргүзүүнүн жалпы шарттары  

10. Мамлекеттик баалуу кагаздардын депозитардык эсебин жүргүзүү боюнча редисконттук операцияларга тиешелүү Катышуучулардын өз ара мамилеси тиешелүү эки тараптуу келишим менен жөнгө салынат. 

11. Редисконттук операцияларга катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн Катышуучу Улуттук банкка бул операцияларга катышууга ниетин билдирген кат жөнөтүп, кошумча төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

§ улуттук валютада эч кандай чектөөлөрсүз банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясынын болушу; 

§ Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу; 

§ Депозитарийде “депо” эсебинин болушу; 

§ Улуттук банк менен түзүлгөн Келишимдин болушу; 

§ Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" мыйзамында каралган процесстерге жана/же жол-жоболорго (санация, реабилитация, өз эрки менен же мажбурлап жоюлушу, реструктуризацияланышы жана кайра өзгөртүп түзүлүшү) дуушар болбошу.  

Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими менен Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" мыйзамында каралган процесстерди жана/же жол-жоболорду башынан кечирип жаткан Катышуучуларга да редисконттук операцияларга катышууга уруксат берилиши мүмкүн.  

12. Кол коюлган келишимдин жана редисконттук операцияларга катышууга тиешелүү негизде таризделген, АТС аркылуу сунушталган билдирменин болушу, редисконттук операцияларга катышуу үчүн негиз болуп саналат. 

13. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети редисконттук операцияларды өткөрүүнүн төмөнкүдөй шарттарын аныктайт: 

- мамлекеттик баалуу кагаздардын түрү

- редисконттук операциялар боюнча акча каражаттардын жалпы көлөмү

- мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөөгө чейинки мөөнөт. 

14. Ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн, редисконттук операцияларды жүргүзүү шарттары АТС каражаттары жана Улуттук банктын сайтына тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк тарабынан жарыяланат. 

15. Өткөрүлгөн редисконттук операциялардын жыйынтыгын АТСтен билүүгө болот, ошондой эле алар Улуттук банктын сайтына статистикалык маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу жарыяланат.  

16. Билдирмелер Улуттук банк жарыялаган, редисконттук операциялардын шарттарын канааттандырууга тийиш. 

17. Катышуучу АТСке билдирмелерди кабыл алууну баштоо жана жыйынтыктоонун ортосундагы мезгил аралыгында билдирмелерди өзгөртүүгө же аны кайтарып алууга укуктуу.  

18. Улуттук банк билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш. 

19. Улуттук валютадагы акча-каражаттарын чегерүү жана эсептен алып салуу Катышуучулардын улуттук валютадагы корреспонденттик эсептери жана Улуттук банктын тиешелүү эсептери боюнча АТС аркылуу ишке ашырылат. 

20. Мамлекеттик баалуу кагаздарды Катышуучулардын жана Улуттук банктын “депо” эсептери боюнча которуу АТС аркылуу ишке ашырылат.  

21. АТСте төлөмгө каршы берүүнүн негизинде, редисконттук операциялар боюнча эсептешүүлөр ишке ашырылат.  

22. Редисконттук операцияларды жүргүзүү регламенти “АТСтин иши жөнүндө” жобого ылайык белгиленет.  

23. Редисконттук операциялар боюнча эсептешүүлөр тартиби ушул Жобого жана “АТСтин иши жөнүндө” жобого ылайык белгиленет. 

 

4. РЕДИСКОНТТУК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ  

24. Катышуучунун билдирмелеринин көлөмү Улуттук банк тарабынан жарыяланган редисконттук операциялар боюнча көлөмдөн ашпоого тийиш.  

25. Катышуулардын билдирмелерин канааттандыруу биринчи берилген билдирмеден тартып Улуттук банк тарабынан редисконттук операциялар боюнча жарыяланган көлөм толук акырына чыгарылганга чейин ишке ашырылат.  

26. Катышуучу АТСтеги өз жумуш ордунда туруп эле, айкын убакыт ыргагында редисконттук операциялар боюнча бүтүмдүн статусу жөнүндө маалыматты ала алат.  

 

5. катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери 

27. Катышуучунун жана Улуттук банктын укуктары жана милдеттери ушул Жобого жана “АТСтин иши жөнүндө” жобого ылайык аныкталат. 

28. Катышуучу ушул жободо камтылган, редисконттук операцияларды өткөрүү шарттарын сактоого тийиш жана алар боюнча милдеттенмени аткаруудан баш тартуу укугуна ээ эмес. 

29. Келишилген редисконттук операциялар боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн Катышуучунун “депо” эсебинде жетиштүү сандагы тиешелүү мамлекеттик баалуу кагаздардын жоктугу, Катышуучунун келишилген редисконттук операциялар боюнча өз милдеттемесин аткара албай калгандыгын түшүндүрөт. 

30. Келишилген редисконттук операциялар боюнча милдеттенмесин аткаруу үчүн Улуттук банктын эсебинде улуттук валютадагы акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу, Улуттук банктын редисконттук операциялар боюнча өз милдеттемесин аткара албай калгандыгын түшүндүрөт. 

31. Улуттук банктын редисконттук операцияларды ишке ашырууда Катышуучу өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда, редисконттук операциялар боюнча эсептешүүлөрдүн ишке ашырылышына жооп берген түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен, редисконттук операциялар боюнча Катышуучу менен келишилген бүтүмдөрдүн суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдүн суммасын акцептсиз (талашсыз) тартипте алып салат. Бул учурда редисконттук операция токтотулган катары эсептелинет.  

32. Улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын толук көлөмдө эсептен алып салуу мүмкүн болбогон шартта, Улуттук банктын редисконттук операциялар боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө жооп берген түзүмдүк бөлүмү, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсүнө жараша, бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептеп алып салууну ишке ашырат.  

33. Улуттук банк өз милдеттенмелерин аткара албай калган шартта, редисконттук операциялар боюнча келишилген бүтүмдөрдүн суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү аркылуу Катышуучуга төлөп берүүгө тийиш.  

 

6. корутунду жоболор 

34. Улуттук банк тарабынан редисконттук операцияларды өткөрүү тартиби ушул Жобо жана ага карата 1-тиркемеге ылайык, Келишим жана “АТСтин иши жөнүндө” жобо аркылуу жөнгө салынат. 

35. Редисконттук операцияларды өткөрүү процессин өркүндөтүү максатында, бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк тарабынан киргизилиши мүмкүн.  

 

 

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан  

экинчилик рыногунда аутрайт шарттарында Кыргыз  

Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын  

сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби  

жөнүндө” жобого карата 1-тиркеме  

2013-жылдын «28» мартындагы № 10\14 

 

Типтүү формат 

 

УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН ЭКИНЧИЛИК РЫНОГУНДА АУТРАЙТ ШАРТТАРЫНДА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАРЫНАН МАМЛЕКЕТТИК БААЛУУ КАГАЗДАРДЫ САТЫП АЛУУ БОЮНЧА ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ УЛУТТУК БАНК МЕНЕН КОММЕРЦИЯЛЫК БАНК (КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТЫН АТАЛЫШЫ) ОРТОСУНДАГЫ КЕЛИШИМ 

 

Бишкек ш. 20__ж. «___» __________№ ___________ 

 

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, _________________________________ атынан __________________ негизинде иш алып барган бир тараптан жана мындан ары Катышуучу деп аталган,__________________ негизинде иш алып барган ________________________ экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучулар, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө” жобонун (Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын ____________ №_____ токтому) жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан экинчилик рыногунда аутрайт шарттарында мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун (Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын _________№_____ токтому) (мындан ары Жобо) негизинде төмөнкүлөр боюнча мамлекеттик баалуу кагаздар менен редисконттук операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул келишимди (мындан ары Келишим) түзүштү

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен редисконттук операцияларды ишке ашыруу учурунда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу шарттарын жана тартибин аныктоо, ушул Келишимдин предмети болуп саналат.  

1.2. Ушул Келишимде колдонулган аныктамалар жана атоолор Жободо аныкталган аныктамаларга жана атоолорго окшош берилген.  

1.3. Редисконттук операциялар боюнча эсептешүүлөр, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик жана “депо” эсептери, ошондой эле Улуттук банктын тиешелүү эсептери боюнча ишке ашырылат.  

 

2. РЕДИСКОНТТУК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖАЛПЫ ШАРТТАРЫ 

2.1. Редисконттук операцияларды ишке ашыруу үчүн Катышуучу ушул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарды операциялар ишке ашырылган күнү канааттандырууга тийиш. 

2.2. Ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн, редисконттук операцияларды жүргүзүү шарттары, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталып, Улуттук банктын сайтына тиешелүү маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу АТСте жарыяланат.  

2.3. Ишке ашырылган редисконттук операциялар боюнча натыйжалар Улуттук банк тарабынан АТСте жарыялоо жана Улуттук банктын сайтына статистикалык маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу кулактандырылат. 

2.4. Кол коюлган келишимдин жана тиешелүү негизде таризделген жана Улуттук банк тарабынан жарыяланган шарттар боюнча билдирмелерди кабыл алуу убактысы ичинде АТС аркылуу сунушталган билдирменин болушу, редисконттук операцияларга катышуу үчүн негиз болуп саналат.  

2.5. Берилген билдирме редисконттук операциялардын Улуттук банк жарыялаган шарттарын канааттандырууга тийиш. 

2.6. Катышуучу АТСте билдирмелерди кабыл алуу башталган жана аяктаган мезгил аралыгында билдирмеге өзгөртүү киргизүүгө же аны кайтарып алууга укуктуу.  

2.7. Улуттук банк билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш. 

2.8. АТС редисконттук операциялар боюнча эсептешүүлөрдү төлөмгө каршы берүүнүн негизинде ишке ашырат. 

2.9. Катышуучулар менен Улуттук банктын тиешелүү эсептери боюнча акча каражаттарын чегерүү жана эсептен алып салуу улуттук валютадагы корреспонденттик эсептер боюнча АТС аркылуу ишке ашырылат.  

2.10. Катышуучулардын жана Улуттук банктын “депо” эсептери боюнча мамлекеттик баалуу кагаздарды которуулар АТС аркылуу ишке ашырылат.  

2.11. Редисконттук операцияларды ишке ашыруу күнү Кыргыз Республикасында жумуш күнү эмес деп жарыяланган шартта, редисконттук операциялар кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

3. тараптардын укуктары жана милдеттери  

3.1. Тараптар редисконттук операцияларды жүргүзүүнү Жобого жана ушул Келишимге ылайык гана ишке ашырууга укуктуу. 

3.2. Тараптар Жободо жана ушул Келишимде белгиленген, редисконттук операцияларды жүргүзүү шарттарына макул жана бири-бири алдындагы милдеттенмелерин таанышат.  

3.3. Тараптар Жободо жана ушул Келишимде белгиленген, редисконттук операцияларды жүргүзүү шарттарын так сактоого милдеттенишет жана ишке ашырылган редисконттук операциялар боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартышпайт.  

3.4. Катышуучу төмөнкүлөргө милдеттенет: 

3.4.1. Ушул келишим талабын так сактап, билдирмелерди берүү боюнча бардык зарыл иш-аракеттерди өз учурунда жүзөгө ашырууга.  

3.4.2. Редисконттук операцияларды ишке ашыруу күнү Улуттук банк жарыялаган параметрлерге ылайык, өз “депо” эсебинде жетиштүү сандагы мамлекеттик баалуу кагаздарына ээ болууга.  

3.5. Катышуучу Улуттук банктын редисконттук операциялар боюнча эсептешүүлөрдүн ишке ашырылышына жооп берген түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү учурларда укук ыйгарат

3.5.1.Катышуучунун “депо” эсебинде редисконттук операцияларды ишке ашыруу үчүн жетиштүү сандагы тиешелүү мамлекеттик баалуу кагаздар жок болсо, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен, редисконттук операциялар боюнча келишилген бүтүмдөрдүн суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептен алып салууга;  

3.5.2.Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн болбогон шартта, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсүнө жараша, бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептеп алып салууга.  

3.6. Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттенет: 

3.6.1.Ушул келишим шарттарын так сактап жана АТС аркылуу Катышуучунун келип түшкөн билдирмесин иштеп чыгуу боюнча бардык зарыл иш-аракеттерди өз учурунда жүргүзүүгө

3.6.2.Улуттук банк милдеттенмелерин аткара албай калган шартта, редисконттук операциялар боюнча келишилген бүтүмдөрдүн суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучуга төлөп берүүгө тийиш.  

3.7. Айыптык төлөмдөрдү эсептен алып салуу жана/же чегерүү АТС аркылуу ишке ашырылат.  

 

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

4.1.Тараптар ушул Келишимге жана Жобого ылайык, редисконттук операциялар боюнча өз милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн толук жоопкерчилик тартышат. 

4.2.Редисконттук операциялар боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда, бир Тарап экинчи Тарапка ушул операциялар боюнча келишилген бүтүмдөрдүн суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү төлөп беришет.  

4.3.Катышуучулар АТСке төмөнкүлөрдү ишке ашырууга укук беришет: 

§ мамлекеттик баалуу кагаздарды катышуучунун “депо” эсебинен, Улуттук банктын “депо” эсебине которууга; 

§ улуттук валютадагы акча каражаттарын Улуттук банктын эсебинен Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине которууга. 

4.4.Улуттук банк Катышуучу тарабынан ушул Келишим шарттарынын жана Жобонун талаптарынын бузууга жол берилишинен улам ага келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

4.5.Улуттук банк жана Катышуучу ушул Келишим жана Жобонун талаптарына ылайык, редисконттук операциялардын ишке ашырылышына байланыштуу алардын жоопкерчиликтүү адамдары жана кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин тууралыгы, өз учурунда ишке ашырылгандыгы жана купуялуулугунун сакталышы үчүн толук жоопкерчиликтүү болуп саналышат.  

4.6.Улуттук банк АТСте техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан шартта, редисконттук операцияларды токтотуп турууга/алып салууга укуктуу. Эгерде, техникалык үзгүлтүк кыска мөөнөттүк мүнөзгө ээ болсо, Улуттук банк редисконттук операцияларды жүргүзүү убакыт аралыгын өзгөртүүгө укуктуу.  

 

5.ФОРС-МАЖОР 

5.1.Эгерде, ушул келишим боюнча милдеттенмелер күтүүсүз жагдайлардан улам, мисалы: табигый жана техногендик кырсыктардан, бөөдө кырсыктардан, аскердик жаңжалдардан, элдик толкундоолордон, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан жана ушул милдеттенмелердин аткарылышына бөгөт койгон башка жагдайлардан улам, толук же жарым жартылай аткарылбай калгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат. Албетте, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар күтүүсүз, болжолдоого жана бөгөт коюга болбогон мүнөзгө ээ болуп, ушул келишим түзүлгөндөн кийин тараптардын эркинен көз карандысыз келип чыккан шартта.  

5.2.Тараптар, болжолдоого болбогон жагдайлар келип чыккан шартта, эки жумуш күнү ичинде бул тууралуу бири-бирине кат жүзүндө маалымдоого тийиш. Анда түптөлгөн жагдайдын мүнөзү, ошондой эле ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга карата алардын таасирине мүмкүн болушунча берилген баа жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү камтылууга тийиш. 

5.3.Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта, ушул келишим боюнча Тараптардын милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү, ошол жагдайларга шайкеш убакытка жылдырылышы мүмкүн, анын ичинде ушул жагдайлар жана анын кесепеттери күчүндө болот. 

5.4.Эгерде, форс-мажордук жагдай жана анын кесепеттери жети календардык күндөн көбүрөөккө уланып же бул мөөнөттөн ары да узарып кетсе, Тараптар ушул келишимди аткаруунун жана тиешелүү макулдашууга жетишүүнүн алгылыктуу ыкмаларын аныктоо максатында, кыска мөөнөт ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

5.5.Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышы Тараптардын ошол жагдайлар келип чыккан учурга карата ишке ашырылган жана ишке ашырылып жаткан редисконттук операциялар боюнча милдеттенмелеринен бошотпойт.  

5.6.Катышуучунун контрагенттери тарабынан милдеттерди аткаруунун бузулушу, Катышуучунун колунда тиешелүү акча каражаттарынын жоктугу форс-мажордук жагдайларга кирбейт.  

5.7.Күтүүсүз жагдайлардын келип чыккандыгы жөнүндө маалымдабай коюу же өз учурунан кийин маалымдоо, мындай жагдайларга таянуу укугунан ажырап калууга алып келет.  

 

6. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

6.1.Ушул келишимдин талаптарын аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында, Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш.  

6.2.Эгерде, сүйлөшүүлөр жолу менен макулдашууга жетишилбесе, Тараптар ортосундагы талаш маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат

 

7. БАШКА ШАРТТАР 

7.1. Ушул Келишимге Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

7.2. Ушул Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, жазуу жүзүндө түзүлүп, эки Тарап тең кол койгон шартта анык болуп саналат.  

7.3. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн шартта, алардын ушул Келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери Тараптардын укугу өткөндөрүнө өтөт. 

7.4. Келишим, Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада, мамлекеттик тилде эки нускада жана расмий тилде эки түп нускада түзүлгөн, Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми башка эки нускасы Катышуучуга берилет. 

 

8. КЕЛИШИМДИ КОЛДОНУУ МӨӨНӨТҮ ЖАНА АНЫ ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

8.1. Келишим эки Тарап тең ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. Келишим шарттары ал күчүнө кирген учурдан тартып, келишилген редисконттук операцияларга гана таркатылат.  

8.2. Улуттук банк менен келишилген бардык редисконттук операциялар алар түзүлгөн учурга карата колдонулуп жаткан шарттарда ишке ашырылат.  

8.3.Келишим бир календардык жыл аралыгында колдонулат жана Тараптардын бири келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки 7 (жети) календардык күн мурда аны токтотуу жөнүндө кат жүзүндө билдирбесе, ар бир кийинки календардык жылга узартылган катары эсептелинет. 

8.4.Тараптар, бул тууралуу экинчи тарапка 7 (жети) календардык күн мурда, алдын ала маалымдоо менен бул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу.  

8.5.Улуттук банк Катышуучуга алдын ала маалымдоосуз эле төмөнкү учурларда бул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу: 

§ Катышуучу ушул Келишимдин жана/же Жобонун шарттарын бузууга жол берсе; 

§ Катышуучуга карата Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамында каралган процесстер жана жол-жоболор колдонулган болсо, Банкка Улуттук банк тарабынан дайындалган убактылуу жетекчилик чарасы киргизилсе;  

§ Катышуучунун банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банк тарабынан берилген лицензиясы кайтарылып алынса; 

§ Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Катышуучу банкрот деп жарыяланса; 

§ Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, юридикалык жак катары Катышуучунун иши токтотулса; 

§ ушул Келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу үчүн негиз болуп саналган, редисконттук операцияларды жүргүзүү тартибин аныктаган ченемдик укуктук документтерге белгиленген тартипте өзгөртүүлөр киргизилген учурда. 

 

9. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

___________________________________ 

(почта индекси, дареги) 

___________________________________ 

(кызматы) 

___________________________________ 

(аты-жөнү

___________________________________  

(кол тамасы) 

Катышуучунун аталышы 

 

___________________________________ 

(почта индекси, дареги) 

___________________________________ 

(кызматы) 

___________________________________ 

(аты-жөнү

___________________________________  

(кол тамасы)