Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 3-сентябрындагы 

№ 50/1 токтому менен 

бекитилген 

"Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-декабрындагы № 74/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16, 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Жалпы жоболор  

1. "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) лицензияланган коммерциялык банктарга Улуттук банктын кредит берүүсүнүн жалпы шарттары жана тартиби аныкталган.  

2. Ликвиддүүлүктү колдоого кредит (мындан ары - кредит) Кыргыз Республикасынын ”Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамына жана ушул Жобого ылайык сунушталат.  

3. Кредит банк тутумунун бүтүндүгүн сактоо жана анда туруктуулукту камсыз кылуу, системалуу тобокелдикке бөгөт коюу, банктын ликвиддүүлүгүн колдоо жана аманатчылар таламын коргоо максатында берилет.  

4. Банк алган кредитти кызмат адамдарынын депозиттерин (аманаттарын) төлөөгө пайдаланууга укугу жок. Улуттук банк банктын Банк менен байланыштуу жак жана аффилирленген жактарына депозиттердин (аманаттардын) төлөнүшүнө чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.  

5. Банк алган кредитти банктын кызматкерлерине сый акылардын/бонустардын бардык түрүн кошо алганда, администрациялык чыгашаларды төлөө үчүн пайдаланууга укугу жок. Мындан тышкары, Улуттук банк банктын администрациялык чыгашаларын кыскартуусу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.  

6. Кредитти берүү шарттары,  канча жолу пролонгациялоого боло тургандыгы, ошондой эле кредит  өлчөмү жана мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен кабыл алынат 

7. Кредит мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк өз учурунда кайтарып берүү жана камсыздоо сыяктуу кредиттөөнүн жалпы принциптерин сактоо менен улуттук валютада сунушталат.  

8. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/16 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту деп таанылды) 

9. Кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенме күрөө менен камсыздалат. Күрөөгө карата талаптар, анын жетиштүүлүгү көлөмү (пайыздык туюндурууда) күрөөлүк камсыздоонун башка параметрлерине жараша Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.  

10. Банк кредит алуу үчүн Улуттук банктын кароосуна төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү:  

1) кредит алуу максаты так көрсөтүлгөн өтүнүч катты;  

2) банктын Башкармасынын жана Директорлор кеңешинин кредит алуу жана талап кылынган кредиттин камсыздоосу катары активдерди жана/же мүлктү сунуштоо жөнүндө чечими;  

3) күрөө коюучунун күрөө предметинин менчик укугун жана/же талап коюу укугун тастыктаган документтердин көчүрмөсүн;  

4) күрөө предметинин мүнөздөмөсү камтылган жана ага баа берүү боюнча документтерди;  

5) Улуттук банк кредит берүү маселесин кароо үчүн зарыл болгон башка документтерди да талап кылууга укуктуу.  

11. Улуттук банк Башкармасы кредитти берүү маселесин кароонун алдында банк аткарууга тийиш болгон айрым талаптарды белгилөөгө укуктуу.  

12. Улуттук банк Башкармасы тиешелүү банкка кредит берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алган учурда ал тууралуу ошол банкка кат жүзүндө маалымдалууга тийиш. 

II. Кредиттин камсыздоосу  

13. Банктын кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Кредиттин камсыздоосу катары сунушталган күрөө предмети башка күрөөгө же үчүнчү жакка кайра күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.  

14. Төмөнкү түрдөгү күрөөлөр кредиттин камсыздоосу катары колдонулушу мүмкүн:  

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары баалуу кагаздар);  

2) Улуттук банктагы же Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон башка финансы-кредит уюмдарына депозиттер;  

3) алтын жана башка баалуу металлдар;  

4) чет өлкө валюталары;  

5) банктын кредит портфели боюнча талап коюу укугу;  

6) Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген учурларда Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон активдердин жана мүлктөрдүн башка түрлөрү.  

15. Күрөө предмети күрөө коюучуга менчик укугунда таандык болууга тийиш жана ага башка милдеттенмелер жүктөлбөөгө тийиш.  

16. Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздиги банк муктаж болгон кредит суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.  

III. Кредитти берүү жана аны төлөө тартиби  

17. Кредит, кредиттик линияны ачуу боюнча түзүлгөн келишимге ылайык, кредиттик линиянын алкагында транш (кезек менен бөлүп берүү) аркылуу берилиши мүмкүн. Кредитти/траншты (анын бөлүгүн) берүү жөнүндө келишимдин, кредиттик келишимдин жана күрөө келишимдеринин формалары тиркемелерде чагылдырылган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-декабрындагы № 74/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Кредиттик линия Улуттук банк Башкармысынын чечими мененмөөнөткө ачылат. Кредиттик линиянын алкагында транш линияны жабуу күнүнөн ашпаган мөөнөткө берилет. Кредиттик линияны жабуу күнү жана/же анын алкагында берилген транштарды жыйынтыктап төлөө күнүн Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча узартылышы мүмкүн.  

19. Кредиттик линиянын алкагында траншты сунуштоо маселесин кароо банктын транш алууга берген билдирмесинин (мындан ары - билдирме) негизинде ишке ашырылат. Билдирме Улуттук банкка кагаз жүзүндө сунушталууга тийиш. Траншты сунуштоо Улуттук банк менен тиешелүү банк ортосунда түзүлгөн кредит берүү (транш) жөнүндө кредиттик келишимдин негизинде ишке ашырылат.  

20. Транштын негизги суммасын жана ага чегерилген пайыздарды төлөө тиешелүү келишимдерде жана кредиттик келишимдерде аныкталган шарттарда ишке ашырылат.  

21. Эгерде банк кредит боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткара албай калса, ушул Жобого ылайык берилген кредит максатсыз пайдаланылган болсо, Улуттук банк өз талаптарын күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен канааттандырып алууга укуктуу. 

21.1. Улуттук банк тарабынан берилген каражаттар максатка ылайыксыз пайдаланылган болсо жана/же күрөөлүк камсыздоо, ошондой эле берилген каражаттардын пайдаланылышы боюнча такталбаган маалыматтар берилсе, Улуттук банк ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга жана каражаттардын мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилишин талап кылууга укуктуу. 

IV. Кредит боюнча пайыздарды эсептөө  

22. Кредит боюнча пайыздык чен өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. Кредиттин ар бир транш суммасына пайыздар, сунушталган траншты айкын пайдаланган мезгил үчүн жөнөкөй пайыздар формуласынын негизинде жыл ичиндеги 360 календардык күн эсебинде төмөнкү формула боюнча эсептелинет:  

  

P = (C x I x T)/360/100, мында:  

  

Р - транш боюнча пайыздар суммасы;  

С - транштын суммасы (сом);  

I - пайыздык чен (жылдык %);  

Т - траншты пайдалануу мөөнөтү.  

23. Банк сунушталган траншты пайдаланган мезгил ичиндеги айкын календардык күндөрдү эсептөөдө мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөр эске алынат.  

V. Өзгөчө шарттар  

24. Улуттук банк кайсыл болбосун убакта, өз ыңгайына жараша банктын ишине текшерүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.  

25. Кредиттик линия колдонулуп жаткан мезгил ичинде банк Келишимде, Кредиттик келишимдерде жана Күрөө келишимдеринде, ошондой эле Улуттук банктын чечимдеринде аныкталган бардык талаптарды так сактоого милдеттүү.  

26. Кредиттик линия колдонулуп жаткан мезгил ичинде банк Улуттук банктын чечимдеринде, Келишимде, Кредиттик келишимдерде жана/же Күрөө келишимдеринде аныкталган талаптарды сактабаса, Улуттук банк кредиттик линиянын аракетин токтотууга жана сунушталган транштардын, ага чегерилген пайыздардын мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн талап кылууга укуктуу. Банк милдеттенмелердин ордун мөөнөтүнөн мурда жабуу талабын аткарбай койгон шартта, Улуттук банк күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштап же Улуттук банктагы корреспонденттик эсептен банктын карызынын ордун жабуу үчүн талап кылынган сумманы акцептсиз тартипте эсептеп алып кое алат.  

VI. Жоопкерчилик жана укукка жатпаган аракеттер  

27. Улуттук банк, кредит берүү шарттарынын банк тарабынан аткарылбай калышы же алардын толук эмес аткарылышынын кесепетинен келип чыккан кандай болбосун чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

28. Улуттук банк тарабынан кредиттин берилиши банктын милдеттенмелерин өзүнө алуу катары каралууга тийиш эмес.  

29. Кредитти алуунун жана аны пайдалануунун кайсыл болбосун баскычында Улуттук банк банкка карата өз ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

30. Кредиттин максаттуу пайдаланылышы жана анын бардык шарттарынын так сакталышы үчүн жоопкерчилик банкка жүктөлөт. 

  

 

 

 

 

 

 

 

1-тиркеме 

КРЕДИТТИК ЛИНИЯНЫ АЧУУ КЕЛИШИМИ 

Бишкек шаары 

№ _____ 

20__-жылдын "__" ________ 

Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 20__-жылынан «____» __________№____ буйругунун жана Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын "__" _______ № ___ токтомунун негизинде иш алып барган _________________ бир тараптан жана мындан ары "Банк" деп аталуучунун ___________________ атынан, уставдын негизинде иш алып барган _____________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "тараптар" деп аталуучулар, кредиттик линияны ачуу тууралуу ушул келишимди (мындан ары - келишим) түзүштү

1. Терминдер (атоолор) жана аныктамалар 

Ушул келишимдин максатында төмөнкүдөй терминдер колдонулган: 

Кредиттөө лимити - ушул келишимге ылайык белгиленген жалпы сумманын чектүү өлчөмү, банк негизги талаптар сакталган шартта, анын чегинде келишим колдонулган мөөнөт ичинде кредит/транш алууга укуктуу. 

Негизги талаптар - Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын "__" _________ № ____ токтому менен бекитилген "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жободо белгиленген талаптар. 

Кредиттөө лимитинен пайдалануу мезгил аралыгы - ушул келишимге кол койгон учурдан тартып ________ жылды камтыган мезгил аралыгы. Ушул аралыкта банк келишим боюнча ачылган кредиттик линиянын алкагында кредит/транш алууга укуктуу. 

Кредит/транш - Улуттук банк тарабынан келишимде каралган шарттарда банкка жалпы суммасы кредиттөө лимитинен ашпаган чекте сунушталган акча каражаттары. Кредит/транш банктын билдирмесине ылайык сунушталат. Кредиттерди/транштарды берүү шарттары, аларды сунуштоого тиешелүү кредиттик келишимдерде аныкталат. 

Кредиттөө лимитинин пайдаланылбай калган калдыгы - Улуттук банк тарабынан банкка сунушталган акыркы кредиттен/транштан кийин калган, келишим шарттарына ылайык берилген, бирок төлөнө элек (өздөштүрүлүп жаткан) кредиттердин/транштардын жалпы суммалары ортосунда, кредиттөө лимиттеринин айырмасына барабар болгон акча каражаттарынын суммасы. Кредиттөө лимитинин пайдаланыла элек калдыгы лимиттен пайдалануу мезгил ичинде анын өлчөмүнүн чегинде кредит/транш түрүндө банкка сунушталышы мүмкүн. 

Кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишим - тараптар ортосунда ушул келишимдин алкагында түзүлгөн келишим, Улуттук банк анын негизинде банкка кредитти/траншты сунуштайт жана ал ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

Кредитти/траншты сунуштоо күнү - кредит/транш суммасын банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине которуу күнү

Кредитти/траншты төлөө күнү - Улуттук банктын эсебине келип түшкөн, негизги карыз, ал боюнча чегерилген пайыздардын жана башка төлөөлөрдүн суммасын кошо алганда, ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча акча каражаттарынын ___-жылдын "__" _________ кечиктирбестен келип түшкөн күнү

2. Келишим предмети 

2.1. Улуттук банк мөөнөтүндө төлөө, өз учурунда кайтаруу, төлөөгө жөндөмдүүлүк, камсыздоонун болушу жана ушул келишимде аныкталган башка шарттарда _______________ суммасындагы (суммасы жазуу жүзүндө) лимит чегинде кредиттик линияны сунуштайт (ачат), ал эми банк кредиттик линиянын алкагында алынган кредиттерди/транштарды Улуттук банкка кайтарып берүүгө, аны пайдалангандыгы үчүн пайыздарды ушул келишимде жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде каралган шарттарда жана мөөнөттөрдө төлөп берүүгө милдеттенет. 

2.2. Кредиттөө лимити менен кредиттик линия ___-жылдан тартып ___-жылга чейин сунушталат (ачылат), анын акырында банк ушул келишимге ылайык кредиттердин/транштардын негизги суммасын, чегерилген пайыздарды жана башка төлөөлөрдү кошо алганда, кредиттер/транштар боюнча карыз ордун толук жабууга тийиш. 

2.3. Белгиленген кредиттөө лимитинин алкагында, ушул келишим колдонулган мөөнөт ичинде, бирок лимиттен пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилген мезгил аралыгынан кечиктирбестен банк, кредитти/траншты алууга тиешелүү билдирме берген учурга карата негизги талаптарды так сактаган шартта, лимиттин пайдаланыла элек калдыгынын чегинде кезектеги кредитти/траншты алууга укуктуу. Кредитти/траншты алууга билдирме берген учурга карата банк тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер жана маалыматтар аркылуу негизги талаптардын сакталгандыгы тастыкталат. 

2.4. Банктын ушул келишим колдонулган бүтүндөй мөөнөт ичинде алынган кредиттери/транштары боюнча карыз калдыгы, келишимдин 2.1-пунктунда белгиленген кредиттөө лимитинен ашпоого тийиш. 

2.5. Улуттук банк тарабынан ушул келишимдин алкагында банкка сунушталуучу кредиттик каражаттар максаттуу багытка каралып, банк тарабынан ликвиддүүлүктү колдоо үчүн гана пайдаланылууга тийиш. Мында, сунушталган кредиттик каражаттар биринчи кезекте жеке адамдардын депозиттерин (аманаттарын) кайтарып берүү талаптарын канааттандырууга багытталышы зарыл. 

2.6. Банк, Улуттук банк тарабынан сунушталган кредиттик каражаттарды кредиттөө, баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланууга укугу жок. Улуттук банк жеке адамдардын жана юридикалык жактардын депозиттерин (аманаттарын) төлөөнү кошо алганда, Банк менен байланыштуу жактар же аффилирленген жактары менен операцияларга чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу. 

3. Кредиттерди/транштарды берүү тартиби 

3.1. Кредиттик линиянын алкагында кредит/транш алуу үчүн банк кредит/транш суммасын, мөөнөтүн жана аны камсыздоо катары сунушталып жаткан активдер тизмегин көрсөтүү менен Улуттук банкка кредит/транш алууга билдирме жөнөтүүгө тийиш. 

Банктын кредит/транш алууга билдирмесине анын төмөнкү талаптарга ылайык келишин тастыктаган документтер жана маалыматтар кошо тиркелип берилиши зарыл: 

3.2. Кредит/транш ушул келишим түзүлгөн учурдан кийинки ______ айдан ашпаган мөөнөттө берилиши мүмкүн. 

3.3. Улуттук банк тарабынан кредиттер/транштар тиешелүү кредиттик келишимдерди тариздөө менен сунушталат. Кредиттик келишимдерде кредитти/траншты берүүнүн айкын шарттары, акча каражатынын өлчөмү (суммасы), мөөнөтү, пайыздык чени, кредит/транш боюнча негизги карыз суммасын жана пайыздарды төлөө шарттары чагылдырылууга тийиш. Мындан тышкары, кредиттик келишимдерде ушул келишимге шилтеме келтирилиши зарыл. 

3.4. Банк Улуттук банктын кредит/транш алуу боюнча зарыл документтерди сунуштоого тиешелүү бардык талаптарын так сактоого милдеттүү. Улуттук банк кредит/транш алууга билдирме боюнча кошумча документтерди жана маалыматтарды банктан талап кылууга укуктуу. 

3.5. Кредит/транш негизги талаптарга ылайык, бардык зарыл материалдар жана документтер иликтенип чыккандан кийин гана Улуттук банк тарабынан сунушталат. 

Улуттук банк сунушталган документтердин толуктугун, негиздүүлүгүн жана талапка ылайык келишин карап чыккандан кийин, ушул келишим шарттарын так сактоо менен өз ички жол-жоболоруна ылайык, кредит/транш берүү же андан баш тартуу чечимин кабыл алат. 

3.6. Кол коюлган кредиттик келишимге ылайык, күрөө жөнүндө келишимин каттоодон өткөндүгү тууралуу тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын тастыктамасы Улуттук банкка берилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде кредит/транш банкка сунушталат. Кредит/транш Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча күрөө келишимдери ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүлүп бүткөнгө чейин эле банкка сунушталышы мүмкүн. 

4. Кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана башка суммаларды эсептөө, чегерүү жана төлөө шарттары 

4.1. Улуттук банк тарабынан сунушталган кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн банк Улуттук банкка пайыздарды төлөп берүү милдеттенет. Пайыздар кредиттин/транштын негизги суммасы боюнча карыз калдыгына чегерилет. 

Улуттук банктын кредит боюнча пайыздык чени катталган болуп саналат жана жылдык ____ пайыз өлчөмүндө белгиленет. 

4.2. Кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө ай сайын ишке ашырылып турат. 

4.3. Пайыздар, кредит/транш сунушталган күндөн тартып (ошол күндү кошо алганда) жыл ичинде 360 күн жана ай ичиндеги күндөрдүн айкын санына жараша, кредитти төлөө күнүнө чейинки (ошол күндү эске албастан) кредит/транш боюнча карыз калдыгына чегерилет. 

4.4. Кредит/транш боюнча карыздын негизги суммасын төлөө, ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөн жумуш күнүнөн кечиктирбестен, бир жолу ишке ашырылат. 

4.5. Өз-өзүнчө кредиттер/транштар боюнча негизги карызды жана аларга чегерилген пайыздарды төлөө тартиби кредитти/траншты берүү жөнүндөгү өзүнчө кредиттик келишимде аныкталат. 

4. Тараптардын укуктары жана милдеттери 

5.1. Улуттук банктын укуктары жана милдеттери: 

5.1.1.Улуттук банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, кредитти/траншты берүү боюнча бардык зарыл иш-аракеттерди өз убагында аткарууга милдеттенет. 

5.1.2. Улуттук банк, ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча банк өз милдеттенмелерин аткарышы үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган кандай болбосун башка чараларды көрүүгө да укуктуу. 

5.1.3. Улуттук банк ушул келишим колдонулган мезгил ичинде банктын финансылык абалын, кредиттик линиянын камсыздалышы жагдайын, берилген кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылышын текшерүүгө алуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө укуктуу. 

5.1.4. Улуттук банк кредиттик линиянын камсыздалышы, кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылышы боюнча маалыматтарды кошо алганда, тиешелүү суммалардын чегерилгендиги тууралуу төлөм документтеринин банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана мониторинг, контролдукту жүзөгө ашыруу максатында башка маалыматтарды талап кылып алууга укуктуу. 

5.1.5. Улуттук банк, кредиттер/транштардын негизги суммасы боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн бардык суммаларды, чегерилген пайыздарды, туумдарды жана айыптык төлөмдөрдү ушул келишимде, кредитти/траншты берүү боюнча кредиттик келишимдерде каралган башка суммаларды, банктын аталган келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууну, банк менен Улуттук банк ортосунда ушул келишимди жана кредит/транш боюнча кредиттик келишимдердин аткарылышын камсыздоо үчүн түзүлгөн күрөө келишимдеринин шарттарын жана анда каралган жоболорду бузууга жол беришинин кесепетинен Улуттук банк тарткан чыгымдарды жана чыгашаларды кандай болбосун валютада (кредит/транш берилген валютадан көз карандысыз) Банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебинен банктын макулдугусуз эле акцептсиз (талашсыз) тартипте кармап калууга укуктуу. 

5.1.6. Эгерде банк Улуттук банктын кошумча камсыздоону сунуштоо же болбосо ушул келишимдин жана кредит/транш боюнча кредиттик келишимдердин камсыздоосу катары сунушталган күрөө предметин алмаштыруу талабын аткарбаса, Улуттук банк кредит/транш боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды, айыптык төлөмдөрдү жана санкцияларды же жетпей калган камсыздоого эквиваленттүү болгон сумманы кошо алганда, ушул келишим, кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча банктын бүтүндөй карызын же алардын бөлүгүн банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебинен акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептеп алып коюуга укуктуу. 

5.1.7. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептен алынып коюлган учурда, ошол акча каражаттарын банкка берилген кредиттин/транштын валютасына конвертациялоо (которуу) Улуттук банк тарабынан эсептеп алып салуу күнүнө карата белгиленген расмий курска ылайык ишке ашырылат. 

5.1.8. Улуттук банк, ушул Келишимде, кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде жана Улуттук банк менен банк ортосунда ушул келишимге ылайык түзүлгөн күрөө келишиминде каралган учурларда, Улуттук банкка сунушталган күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу. 

5.1.9. Улуттук банк төмөнкү учурларда, бир тараптуу негизде кредитти/траншты берүүдөн баш тартууга жана/же аны берүүнү токтотуп турууга жана/же ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылышын талап кылууга, анын ичинде кредит/транш боюнча негизги карызды, аларды пайдаланган айкын мезгил үчүн пайыздарды жана ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, Улуттук банкка төлөнүүгө тийиш болгон башка суммаларды төлөөнү талап кылууга укуктуу: 

1) банк кредитти/траншты максатсыз пайдаланган учурда; 

2) банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык Улуттук банк талап кылган документтерди жана маалыматтарды бербей койгон болсо же убагында бербесе; 

3) банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай койсо же талаптагыдай аткарбаса; 

4) банк кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык карызды төлөө графигин бузууга жол берген болсо; 

5) ушул келишимге ылайык Улуттук банк тарабынан банк үчүн ачылган кредиттик линиянын камсыздоосу катары сунушталган күрөөлүк мүлк боюнча түзүлгөн келишимдердин жоболорунун банк тарабынан бузууга жол берилиши учурунда; 

6) расмий маалыматтарга жана ыйгарым укуктуу органдардын банктын финансылык абалы олуттуу начарлап жаткандыгы тууралуу маалыматына негизденген маалыматтар же ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча банк Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин аткара албай калышын же талаптагыдай аткарбашын шарттаган жагдайлардын орун алышы тууралуу Улуттук банктын колунда маалыматтар болсо; 

7) эгерде ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык банк тарабынан Улуттук банкка сунушталган маалыматтар так же толук эмес, олуттуу негизде бурмаланган жана/же жалган маалыматтардан болсо. 

5.1.10. Ушул пункттун 5.1.9-пунктчасында көрсөтүлгөн талаптар жөнүндө Улуттук банк банкка кат жүзүндө билдирүүгө тийиш. 

Эгерде Улуттук банк ушул пункттун 5.1.9-пунктчасында көрсөтүлгөн себептер боюнча кредитти/траншты берүүнү токтоткон шартта, ал ушул келишимге ылайык ачылган кредиттик линия боюнча кредиттөө лимитинин пайдаланылбай калган калдыгына тыюу салып, кредиттер/транштар боюнча негизги суммаларды, аларды айкын пайдаланган мезгил үчүн чегерилген пайыздарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү банктан талап кылууга жана бул тууралуу банкка кат жүзүндө маалымдоого укуктуу. Банк Улуттук банктын билдирме катында камтылган талаптарды, эгерде анда башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, тиешелүү билдирмени алгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен аткарууга милдеттүү

Улуттук банк кредиттик линия боюнча кредиттөө лимитинин пайдаланылбаган калдыгына бир тараптуу негизде тыюу салган шартта, сунушталган өзгөртүүлөр кат жүзүндөгү билдирмеде көрсөтүлгөн күндөн тартып күчүнө кирет. 

5.2. Банктын укуктары жана милдеттери: 

5.2.1. Банк пландаштырылган төлөө күнүнө чейинки үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен ал тууралуу Улуттук банкка алдын ала маалымдоо менен ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча пайыздарды мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу. 

5.2.2. Банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык Улуттук банктан алынган акча каражаттарын, ушул келишимдин 2.5-пунктунда жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдердин тиешелүү пункттарында белгиленген максаттуу багыттарга гана пайдаланууга милдеттүү

5.2.3. Банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык Улуттук банк талап кылган маалыматтарды жана документтерди толук көлөмдө, тиешелүү формада, убагында берүүнү кошо алганда, ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, Улуттук банктын бардык талаптарын учурунда аткарууга милдеттүү

5.2.4. Банк ушул келишим колдонулган мөөнөт ичинде Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелеринин камсыздоо үчүн сунуштаган мүлкүн жана/же талап кылуу укугун кайра күрөөгө коюуга же башка милдеттенмелерди ага жүктөөгө укугу жок. 

5.2.5. Банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, алынган кредиттердин/транштардын негизги суммасын жана чегерилген пайыздарды, бекитилген төлөө графигине ылайык толук көлөмдө өз учурунда төлөөгө милдеттенет. 

5.2.6. Банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо үчүн сунушталган күрөөлүк мүлктүн толук сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды өз учурунда көрүүгө милдеттенет. 

5.2.7. Банк ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин, алынган кредиттер/транштар боюнча негизги суммалардын, аларга чегерилген пайыздардын жана башка суммалардын кайтарылып берилишине кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон бардык жагдайлар, анын ичинде төмөнкү жагдайлар боюнча дароо Улуттук банкка маалымдоого милдеттенет: 

- банкка карата үчүнчү жактардан ушул келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимити суммасынын 10 (он) пайызына барабар жана андан ашкан суммада кине коюулар жана/же доо арыздары түшкөндүгү тууралуу; ушул келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимити суммасынын 10 (он) пайызына барабар же андан ашкан суммада акча каражаттарынын төлөнүшү боюнча жооп берүүчү же кошо жооп берүүчү катары банк катышып жаткан соттук териштирүүлөр жөнүндө; ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын банкка карата мажбурлоо чараларын жана санкцияларды колдонуп жаткандыгы жана ушул келишим боюнча Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин аткарышына таасир этиши мүмкүн болгон бардык башка жагдайлар тууралуу; 

- банктын мүлкүнө, анын ичинде күрөө келишимине ылайык Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн банк сунуштаган мүлккө арест коюлгандыгы тууралуу. 

5.2.8. Банк кредиттер/транштар боюнча негизги суммаларды жана аларга чегерилген пайыздарды ушул келишимде жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде белгиленген мөөнөттө толук көлөмдө төлөп берүүгө, анын ичинде ушул келишимдин 5.1-пунктунун 5.1.9-пунктчасында белгиленген жагдайлардын келип чыгышына байланыштуу банкка тиешелүү билдирме жөнөтүлгөн шартта, келишимдин 5.1-пунктунун 5.1.10-пунктчасына ылайык аларды мөөнөтүнөн мурда төлөөгө милдеттенет. 

6. Банктын кредиттик линия боюнча өз милдеттенмелерин аткарышын камсыздоо 

6.1. Банк тарабынан ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык алынган кредиттердин/транштардын негизги суммасын, алар боюнча чегерилген пайыздарды жана ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча башка жыйымдарды/төлөмдөрдү, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды жана башка төлөөлөрдү кайтарып берүү боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин камсыздоосунан болуп, күрөө келишимине ылайык банкка менчик укугунда таандык болгон _______________ саналат. Ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча өз милдеттенмесинин камсыздоосу катары Улуттук банкка күрөөгө сунушталган мүлктөрдүн айкын тизмеги банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө келишимдеринде көрсөтүлөт. 

6.2. Банктын күрөө предметинен болуп саналган мүлкү тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын башка мүлкүнө алмаштырылышы мүмкүн. 

6.3. Күрөө келишиминде негизги милдеттенме катары ушул келишимге шилтеме камтылууга тийиш. 

6.4. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык каттоодон өткөртүлүүчү күрөөлүк мүлк, күрөө келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш. 

6.5. Эгерде банк ушул келишимде жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде белгиленген өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткара албай калса, ошондой эле ушул келишимде жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде каралган башка учурларда, банк Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин аткарбаган же аткара албай калгандан кийинки күндөн тартып алынган кредиттердин/транштардын негизги суммасын, алар боюнча чегерилген пайыздарды жана айыптык санкцияларды жана башка төлөөлөрдү кошо алганда, орун алган карыздын ордун толук жабуу үчүн жетиштүү болгон суммадагы акча каражаттарын Улуттук банктагы өз корреспонденттик эсебинен акцептсиз (талашсыз) тартипте алып коюуга Улуттук банкка укук чегерет. 

Ушул келишим боюнча банктын карызынын ордун жабуу үчүн жетиштүү суммадагы акча каражаттарын банктын корреспонденттик эсебинен акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептеп алып коюуга сунушталган укук, Улуттук банктан алынган кредиттер/транштар боюнча банктын кошумча камсыздоосунан болуп саналат. 

Улуттук банк ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча өз талаптарын, банк тарабынан сунушталган күрөөгө карабастан, толук көлөмдө канааттандырып алуу үчүн ушул укуктан пайдаланууга укуктуу. 

6.6. Улуттук банк банк тарабынан күрөөгө коюлган мүлктөн соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жана күрөө келишимдеринде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарга жана талаптарга ылайык, күрөө предметин соттук эмес тартипте сатып өткөрүү аркылуу өз талаптарын толук көлөмдө канааттандырып алууга укуктуу. 

Банктын күрөөлүк мүлкүн сатып өткөрүүдөн түшкөн сумма Улуттук банктын талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, жетпеген сумманы ал банктын башка мүлкүнөн өндүрүп алууга укуктуу. 

6.7. Банк/күрөө коюучу күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү, ошондой эле Улуттук банктагы корреспонденттик эсептен акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептеп алып коюу чараларын жүзөгө ашырууда Улуттук банкка тоскоолдук кылууга укугу жок. Эгерде акча каражаттарын өндүрүп алууда банк/күрөө коюучу тоскоолдуктарга жол берген болсо, Улуттук банк өз талаптарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук көлөмдө сот тартибинде өндүрүп алууга укуктуу. Бул учурда Улуттук банктын бардык чыгашалары, анын ичинде соттук чыгашалар банкка/күрөө коюучуга жүктөлөт. 

7. Тараптардын жоопкерчиликтери 

7.1. Улуттук банк ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, кредит берүү жагындагы милдеттенмелери үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

7.2. Улуттук банк ушул келишимдин 3.6-пунктунда каралган мөөнөттө банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине кредиттин/транштын суммасын өз убагында чегере албай калган шартта, банкка кредиттин/транштын суммасынын __% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү төлөп берүүгө тийиш. 

7.3. Ушул келишимге жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык алынган кредиттик каражаттар банк тарабынан максатсыз пайдаланылган шартта, банк келишимдерге ылайык алынган кредиттин/транштын суммасынан __% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү төлөөгө тийиш. Мында, банк Улуттук банктын кат жүзүндө билдирмесин алгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү кредиттин/транштын бүтүндөй суммасын кайтарып берүүгө милдеттүү

7.4. Банк тарабынан кредиттин/транштын негизги суммасын, алар боюнча пайыздар жана ушул келишим, кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерден улам келип чыккан башка төлөмдөр кечиктирилип жана/же толук эмес чегерилген шартта, банк төлөмдөр кечиктирилгенден кийинки күндөн тартып, алар толук төлөнгөнгө чейинки ар бир күн үчүн мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз суммасынан __% өлчөмүндө туум түрүндө айыптык төлөм төлөөгө тийиш. 

7.5. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызга пайыздар айкын күндөрдүн санынан жараша чегерилет. 

7.6. Эгерде банк, кредитти максаттуу пайдалануу боюнча отчетторду жана ушул келишимге жана банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө келишиминде каралган, күрөөлүк камсыздоо боюнча маалыматтарды, ошондой ушул келишимге, кредитти/траншты берүү жөнүндө келишимдерге ылайык Улуттук банк кошумча талап кылган маалыматтарды жана документтерди, белгиленген мөөнөттөрдү жана сунуштоо формаларын бузуу менен сунуштаса же толук эмес көлөмдө, бурмаланган же такталбаган түрдө берген болсо, банк ушул келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимитинин суммасынын ___ пайызы өлчөмүндө айыптык төлөмдү, отчетторду/маалыматтарды талаптагыдай сунуштабаган ар бир учур үчүн Улуттук банкка төлөп берүүгө тийиш. 

7.7. Айыптык төлөмдөрдү жана туумдарды төлөө, банкты ушул келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук аткаруудан бошотпойт. 

7.8. Улуттук банктан алган акча каражаттарын кайтаруу мөөнөтүн кошо алганда, анын ичинде форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта, келишим мөөнөттөрү Улуттук банк Башкармасынын чечиминин негизинде гана узартылышы мүмкүн. 

8. Өзгөчө шарттар, гарантиялар 

8.1. Банк ушул келишимге кол коюу менен төмөнкүлөрдү тастыктайт жана гарантиялайт: 

а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак катары өз атынан ушул келишимди жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерди түзүүгө укуктуу экендигин; 

б) ушул келишимдин жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдердин маани-маңызы жана алардын шарттарын аткаруу, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын же ченемдик укуктук актыларын, соттун банк ишине тиешелүү чечимдерин жана банктын уставын бузууга жол берүүнүн себеби болбой тургандыгын; 

в) банк Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын __-_________ № ____ токтому менен бекитилген "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобонун талаптары менен толук таанышып чыккандыгын. 

8.2. Жердин силкиниши жана ушундай эле башка табигый кырсыктар, мамлекеттик органдардын иш-аракеттери жана кабыл алган чечимдери, эл аралык келишимдердин күчүнө кириши, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын кабыл алынышы, согуш аракеттери жана массалык башаламандык сыяктуу күтүүсүз келип чыккан, ушул келишимдин тараптарынан көз каранды болбогон жана алар ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга тоскоолдук кылган жагдайлар келип чыккан шартта, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү ушул келишимдин 7.8-пунктунда каралган шарттар толук сакталган учурда, форс-мажордук жагдай орун алган учурга шайкеш жылдырылат. 

8.3. Ушул келишимдин эки тарабы дароо, 2 (эки) жумуш күнү ичинде ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга тоскоолдукту жараткан форс-мажордук жагдайлар келип чыккандыгы жана ал четтетилгендиги тууралуу бири-бирине оозеки жана кат жүзүндө маалымдоого тийиш. 

8.4. Тараптардын бири форс-мажордук жагдайдын кесепетинен улам ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калса жана ал аны четтетүү үчүн бардык зарыл чараларды өз учурунда көргөн болсо, бул жагдай келишимди жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдерди бузгандык катары каралбайт. 

9. Талаш маселелерди чечүү тартиби 

9.1. Ушул келишимдин талаптарын аткаруунун жүрүшүндө тараптар ортосунда келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш. 

9.2. Сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилиши зарыл. 

10. Корутунду жоболор 

10.1. Улуттук банк менен банк ортосунда түптөлгөн мамилелер купуя мүнөзгө ээ болууга тийиш. Тараптар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул келишимде түздөн-түз каралган же башка тараптын ага макулдугу болгон шарттарды эске албаганда, ушул келишимдин талаптарын аткаруу учурунда алынган маалыматтарды үчүнчү жакка билдирүүгө укугу жок. 

10.2. Жалпыга маалым болгон, ошондой эле расмий жарыяланган отчеттордо, жарнамаларда жана материалдарда камтылган маалыматтар купуя маалыматтарга кирбейт. 

10.3. Банк ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча Улуттук банк алдында аз милдеттемелерин аткара албай калган же талаптагыдай аткарала албай калган учурда ушул келишим боюнча маалыматтардын үчүнчү жактарга берүүсүнө Улуттук банкка укук ыйгарат. 

10.4. Ушул беренеде каралган купуялуулуктун сакталышы шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул келишим жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча талап коюу укугун жана милдеттерди кошо алганда, укукту ыйгарып берүү учурларына таркатылбайт. 

10.5. Бул келишимге кошумча келишимдерди түзүү же кат аркылуу, же болбосо башкача негизде өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана алар келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп калат. 

10.6. Бул келишим анда каралган учурларды эске албаганда, бир тараптуу негизде өзгөртүлүшү, толукталышы же токтотулушу мүмкүн эмес. 

10.7. Келишимдин бардык шарттарын жана жоболорун тараптар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш. 

10.8. Тараптар банктык реквизиттери өзгөртүлө тургандыгы тууралуу бири-бирине 5 (беш) календарлык күн мурда кат жүзүндө маалымдоого милдеттенишет. Банктык реквизиттердин өзгөргөндүгү тууралуу өз учурунда маалымдабагандыктан улам келип чыккан тобокелдик үчүн жоопкерчилик ага жол берген тарапка жүктөлөт. 

10.9. Тараптар өзгөрүп түзүлгөн же жоюлган шартта, алардын бардык укуктары жана милдеттери укугу өткөн тарапка өтөт. 

10.10. Ушул келишимдин негизинде түзүлгөн кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишим анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана келишимдин бардык жоболору аларга да таркатылат. 

10.11. Келишим тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул келишим кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча банк Улуттук банк алдындагы бардык өз милдеттенмелерин келишимдерде каралган мөөнөттөрдө толук аткарганга чейин колдонулат. 

10.12. Келишим ар бир тарап үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) нускада түзүлгөн. Анын эки нускасы күрөөнү каттаган ыйгарым укуктуу органдарга берилет. 

11. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек шаары, Чуй пр., 168 

Кызмат орду ___________________________ 

(кол тамгасы) _________________ М.О. 

  

________________________ ААКсы/ЖАК 

Коммерциялык банк 

Бишкек шаары, ________________ көчөсү

Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби № ___ 

Улуттук банктагы БИК № _____ 

ИНН № ________________ 

ОКПО № _________________ 

ГНИ коду: ___________________ 

Кызмат орду __________________ 

(кол тамгасы) ________________ М.О. 

  

2-тиркеме 

№ ____ кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимге карата 

№ ____ КРЕДИТТИК КЕЛИШИМ 

Бишкек шаары 

  

20__-жылдын "__" __________ 

Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20_-жылынан «____» __________ №___буйругунун жана Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын "__" _________ № ___ токтомунун негизинде иш алып барган ________________ бир тараптан жана мындан ары "Банк" деп аталуучу, _________________ атынан __________________ негизинде иш алып барган ___________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишимди (мындан ары - кредиттик келишим) түзүштү

1. Кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишим предмети 

1.1. Улуттук банк, 20__-жылдын __-____________ № _____ кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимдин (мындан ары - келишим) жана ушул кредиттик келишимдин негизинде аларда каралган шарттарда ________________ сом суммасында (суммасы жазуу жүзүндө) банкка кредитти/траншты сунуштайт. 

2. Кредитти/траншты сунуштоо шарттары 

2.1. Кредит/транш ____-жылдын _________ тартып ________ чейинки _______ айга берилет. 

2.2. Кредит/транш боюнча акча каражаттары банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерилген күн кредитти/траншты берүү күнү болуп саналат. 

2.3. Улуттук банк тарабынан кредит/транш боюнча акча каражаттары, күрөө келишимдери тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каттоодон өткөрүлгөндүгү тууралуу тастыктама Улуттук банкка берилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде которулат. 

2.4. Ушул кредиттик келишимдин алкагында Улуттук банк тарабынан берилген кредиттик каражаттар кредиттик линияны ачуу келишиминин 2.5-пунктунда каралган максаттарга жана анын 2.6-пунктунда каралган шарттарга ылайык пайдаланылууга тийиш. 

Банк тарабынан ушул пункттун биринчи абзацында каралган шарттар сакталбаган учурда, ага карата кредиттик линияны ачуу келишиминде каралган чаралар колдонулат. 

3. Кредитти/траншты пайдалануу шарттары 

3. Банк кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн Улуттук банкка кредиттик келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүндөй мөөнөт ичинде жылдык ____ пайыз өлчөмүндө катталган пайыздык ченди төлөп турат. 

3.1. Кредитти/траншты пайдалануу үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө ай сайын жүргүзүлөт. Пайыздар кредиттик линияны ачуу келишимине ылайык чегерилип турат. 

3.2. Кредит/транш боюнча негизги сумманы төлөө кредиттик келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин бир жолу ишке ашырылат. 

3.3. Кредит/транш боюнча бүтүндөй негизги сумманы жана бардык пайыздарды төлөө ушул кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган төлөө графигине ылайык (кредиттик келишимге карата тиркеме) жүргүзүлөт. 

3.4. Кредиттин/транштын негизги суммасы жана ага чегерилген пайыздар боюнча жыйынтык эсептешүү _______ жылы ишке ашырылат. 

3.5. Эгерде кредиттин/транштын негизги суммасын жана аларга чегерилген пайыздарды жана/же башка төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды ж.б.) төлөө күнү майрам күндөрүнө, иш эмес же дем алыш күндөрүнө туура келип калса, анда бул төлөмдөр кийинки жумуш күнү төлөнүүгө тийиш. 

3.6. Кредит/транш боюнча пайыздар жана башка төлөөлөр жыл ичиндеги 360 күн жана ай ичиндеги күндөрдүн айкын санына жараша эсептелинет. 

Кредит/транш боюнча негизги сумманы, аларга чегерилген пайыздарды жана башка (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды ж.б.) төлөөлөр боюнча төлөмдөрдү банк Улуттук банктагы тиешелүү эсепке чегерет (негизги карыз боюнча сумма № ___________, пайыздык төлөмдөр боюнча сумма № ______________). 

4. Күрөөлүк камсыздоо 

4.1. Банк тарабынан ушул кредиттик келишим боюнча алынган кредиттин/транштын негизги суммасын жана аларга чегерилген пайыздарды, кредиттик келишим жана кредиттик линияны ачуу келишиминде каралган башка төлөөлөрдү, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышынын күрөөлүк камсыздоосунан болуп ________________ саналат. Банктын ушул кредиттик келишим жана кредиттик линияны ачуу боюнча келишимге ылайык өз милдеттенмесин камсыздоо катары Улуттук банкка өткөрүп берген мүлкүнүн айкын тизмеги банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш. 

5. Башка шарттар 

5.1. Ушул кредиттик келишимде каралбаган башка шарттар, тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери кредиттик линияны ачуу келишимине ылайык жөнгө салынат. 

5.2. Ушул кредиттик келишимге карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор, кошумча келишим формасында сунушталат жана ал кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

5.3. Ушул кредиттик келишим жана анын тиркемелери Улуттук банк менен банк ортосунда, ар бир тарап үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) анык нускада расмий тилде түзүлгөн, кредиттик линияны ачуу келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Анын 1 (бир) нускасы күрөөнү каттоодон өткөргөн тиешелүү ыйгарым укуктуу органга сунушталат. 

6. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек шаары, Чуй пр., 168 

Кызмат орду ______________________ 

(кол тамгасы) ______________ М.О. 

  

_________________________ ААКсы/ЖАК 

Коммерциялык банк 

Бишкек шаары, _______________ көчөсү

Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби № ____ 

Улуттук банктагы БИК № _____ 

ИНН № ____________ 

ОКПО № ____________ 

ГНИ коду: ____________ 

Кызмат орду ___________ 

(кол тамгасы) _______________ М.О. 

  

  

  

20__-жылдын __-_________ 

№ ____ кредиттик келишимге карата 

тиркеме 

КРЕДИТТИ ТӨЛӨӨ ГРАФИГИ 

Кредиттин суммасы: _____________ сом 

Пайыздык чени (жылдык): ___% 

Пайыздарды төлөө: ар ай сайын 

Эсеп алынган жыл: 360 күн 

Кредиттин мөөнөтү: ______ күн 

Кредит берүү күнү: 20__-жылдын "__" ________ 

Кредит төлөнгөн күн: 20__-жылдын "__" _________ 

Айлар 

Төлөө күнү 

Пайыздарды төлөө(*) 

Негизги сумманы төлөө 

Бардыгы болуп, төлөөгө каралган сумма 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында 

  

  

  

(*) пайыздарды эсептөөдө кредит пайдаланылган айкын күндөрдүн саны алынат. 

  

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

  

Банк: 

"Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК 

Кызмат орду ____________________ 

(кол тамгасы) _________________ М.О. 

  

Кызмат орду _____________________ 

(кол тамгасы) __________________ М.О. 

  

3-тиркеме 

____-жылдын "__" _________ № ___ кредит/транш сунуштоо 

жөнүндө кредиттик келишимге карата 

№ ____ КҮРӨӨ КЕЛИШИМИ 

(баалуу кагаздар) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-декабрындагы № 74/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

Бишкек шаары 

№ ______ 

_________-жыл 

Мындан ары "Улуттук банк" же "Күрөө кармоочу" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20_-жылынан «____» __________ №___буйругунун жана Улуттук банк Башкармасынын ____-жылдын "__" ________ № ____ токтомунун негизинде иш алып барган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир тараптан, жана мындан ары "Банк" же "Күрөө кармоочу" аталуучу, уставдын негизинде ___________________ атынан иш алып барган __________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ____-жылдын "__" _________ № ____ кредиттик келишимге карата Күрөө келишимин (мындан ары - Келишим) түзүштү

1. Келишим предмети 

1.1. Күрөө кармоочу күрөө коюучуга № ____ кредиттик линия ачуу жөнүндө келишим (мындан ары - Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишим) боюнча ачык кредиттик линиянын алкагында ____-жылдын "__" _________ кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге (мындан ары - Кредиттик келишим) ылайык __________ сом өлчөмүндө (суммасы жазуу түрүндө) кредит сунуштайт. Кредиттин/транштын ордун жабуу жана аларга пайызды чегерүү боюнча акыркы мөөнөт ____-жылы башталат. 

1.2. Күрөө коюучу кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу максатында күрөө кармоочуга төмөнкү чыгарылыштагы жана төмөнкү көлөмдөгү ____________ (сумма жазуу түрүндө) сом өлчөмүндөгү жалпы номиналдык нарктагы төмөндө келтирилген баалуу кагаздарды өткөрүп берет. 

  

Каттоо номери 

Баалуу кагаздардын чыгарылган күнү 

Баалуу кагаздардын орду жабылган күнү 

Баалуу кагаздардын саны (даана) 

Баалуу кагаздардын номиналдык наркы (сом) 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында: 

  

  

  

1.3. Бул келишим күрөө коюучунун аны колдонуу мөөнөтү ичинде Кредиттик келишим жана Кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат. 

1.4. Күрөө коюучу күрөө кармоочу алдында кредиттин негизги суммасын, ага чегерилген пайыздарды, айыптык санкцияларды жана туумдарды, кредиттик келишимге жана кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимге ылайык негизги милдеттенмени аткарбай коюу, аткаруу мөөнөтүн өткөрүп жиберүү же талаптагыдай аткарбагандыгынан улам, күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүдөн улам келип чыккан чыгымдардын жана башка чыгашалардын ордун толтурууну (соттук чыгымдарды кошо алганда) кошо алганда жогоруда көрсөтүлгөн келишим жана макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин толук көлөмдө ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган мүлкү менен жооп берет. 

1.5. Күрөө коюучу өз милдеттенмелерин күрөө кармоочу алдында толук аткарбаса же жарым-жартылай аткарган шартта, күрөөгө коюлган баалуу кагаздарга менчик укук ушул келишимде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте күрөө кармоочуга өтөт. 

1.6. Күрөө коюучу ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган баалуу кагаздар башка күрөөгө коюлбаганын, талаш-тартышта турбаганын жана ага тыюу салынбаганын, күрөө коюучунун башка милдеттенмелерин аткаруу предметинен болуп саналбагандыгын гарантиялайт. 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери 

2.1. Күрөө коюучу төмөнкүлөргө милдеттенет: 

2.1.1. Баалуу кагаздарды акысыз өткөрүүгө, күрөөгө коюуга, алмаштырууга (ушул келишимде каралган жагдайлардан тышкары), ошондой эле күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды тескөөгө

2.1.2. Ушул өзгөрүүлөрдүн аракеттери башталганга чейин/башталган күндөн тартып ушул кредиттик келишим жана кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишим боюнча күрөө коюучу күрөө кармоочу алдында өз милдеттенмелеринин аткарылышына таасир эте турган күрөө коюучунун ишинде башка өзгөрүүлөр жана жайгашкан ордунун өзгөргөндүгү жөнүндө күрөө кармоочуга билдирүүгө

2.1.3. Күрөө коюучу кредиттик келишим, кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишим жана ушул келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса ушул келишим шарттарына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык кийинкиге калтыруусуз баалуу кагаздардан соттон тышкаркы өндүрүүнү жүргүзүүгө макулдугун берет жана гарантиялайт. 

2.1.4. Каттоодон өткөртүү жана ушул келишимди күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык иш-чараларды өз убагында жана талаптагыдай аткарууга. 

2.1.5. Кредиттик келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алар боюнча төлөө мөөнөтү келип жеткен баалуу кагаздарды төлөө күнү кечирээк башка ага барабар баадагы баалуу кагаздарга алмаштыруу тууралуу Күрөө кармоочуга алдын ала кат жүзүндө билдирилишин камсыз кылууга. Мында баалуу кагаздар тиешелүү эмиссиядагы/тиешелүү эмиссиялардагы төлөө күнү келип жеткенге чейинки 30 (отуз) календарлык күн ичинде алмаштырылууга тийиш. 

2.2. Күрөө коюучу күрөөгө коюлган баалуу кагаздар боюнча купондук төлөөлөрдү (болгон шартта) алуу укугуна ээ. 

2.3. Ушул келишим боюнча күрөө предмети болуп саналган баалуу кагаздарды кайра күрөөгө коюуга жол берилбейт. 

2.4. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу: 

2.4.1. Күрөө коюучудан ушул келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелеринин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, анын талабы канааттандырылбаса төмөнкү учурларда баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзөт: 

1) Күрөө коюучу тарабынан кредиттик келишимдин жана кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимдин талаптары жана жоболору бузулган учурда; 

2) Күрөө коюучу кайра күрөөгө коюу эрежелерин, үчүнчү жактардын баалуу кагаздарга укугу жөнүндө күрөө кармоочуга эскертүү боюнча милдеттерин бузган шартта; 

3) Күрөө коюучу ушул келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптарды жана жоболорду аткарбаган учурда. 

2.4.2. Эгерде күрөө коюучу же үчүнчү жак күрөө кармоочунун ээлигине баалуу кагаздарды өткөрүп берүүгө тоскоолдук кылса, күрөө коюучудан же үчүнчү жактан мүлктү алуу үчүн мыйзам чегинде зарыл чараларды көрүүгө тийиш. 

2.4.3. Үчүнчү жакка ушул келишим боюнча өз укуктарын өткөрүп берүүгө

2.4.4. Баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү соттон тышкаркы тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт. 

2.5. Күрөө кармоочу күрөө коюучуга анын талабы боюнча камсыз кылынган күрөөнүн өлчөмүнөн ашкан суммадан чыккан айырманы кайтарууга милдеттенет. Күрөө кармоочунун баалуу кагаздардын наркынан канааттандырылган талабында төмөнкүлөр камтылат: кредиттин негизги суммасын кайтаруу, кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөө, келишимге жана кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимге ылайык, негизги милдеттенмени аткарбагандыгынан, аткаруу мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген же негизги милдетин талаптагыдай аткарбагандыгынан улам, мүмкүн болуучу чыгымдардын жана үстөк айыптардын (айыптарды, туумдар) ордун толтуруу; өндүрүү жүргүзүүдөн келип чыккан чыгымдардын жана башка чыгашалардын (соттук чыгымдарды кошо алганда) ордун толтуруу. 

3. Күрөө шарттары 

3.1. Тараптар, ушул келишимге ылайык күрөөгө коюлган к баалуу кагаздар Улуттук банктын баалуу кагаздарынын башкы депозитарийиндеги (мындан ары - Башкы депозитарий) күрөө коюучунун депо-эсебинин күрөөлүк субэсебинде жайгаштырылаарын макулдашышты. 

Күрөө коюучу ушул келишимге кол коюлгандан кийин ага ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды күрөө коюучунун Башкы депозитарийдеги депо-эсебинин күрөөлүк субэсебине которуу жөнүндө тапшырманы Башкы депозитарийге жөнөтүүгө милдеттенет. 

3.2. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча келишимге ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка баалуу кагаздарын же болбосо тиешелүү органдарда каттоодон өткөндүгү жана каттоо жыйымын төлөө менен күрөө кармоочу жана күрөө коюучу ортосунда күрөө жөнүндө жаңы келишимди тараптардын макулдашуусу боюнча түзүү менен күрөө коюучуга тиешелүү Башкарманын __________ токтомунда көрсөтүлгөн башка баасы бирдей күрөөгө алмаштырылышы мүмкүн. Каттоодон өткөртүү үчүн чыгашаларды күрөө коюучу өзүнө алат. 

3.3. Күрөө коюучунун Башкы депозитарийдеги депо-эсебинин күрөөлүк субэсебинде турган жана ушул келишимге ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздардын ордун жабуу мөөнөтү келип жеткенде күрөө коюучу келишимдин 2.1.5-пунктунда жана башка пункттарында каралган талаптарды аткарбай койгон шартта, тараптар Башкы депозитарийге көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын номиналдык наркынын суммасын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын эсебинен күрөө кармоочунун эсебине чегерүү укугун ыйгарган. 

3.4. Кредиттик келишимге жана кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимге ылайык күрөө менен камсыздалган милдеттенмени аткарбай койгон шартта, күрөө кармоочу ушул келишимге ылайык күрөөгө коюлган баалуу кагаздарды күрөө коюучунун Башкы депозитарийдеги депо-эсебинин күрөөлүк субэсебинен күрөө кармоочунун эсебине которууну жүзөгө ашырууга укуктуу. 

3.5. Тараптар, ушул келишимди Башкы депозитарийде каттоодон өткөртүү үчүн жыйымдарды күрөө коюучу төлөй тургандыгын макулдашышты. 

4. Тараптардын жоопкерчилиги 

4.1. Тараптар ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбай койгон шартта бири-бирине келтирилген бардык чыгымдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ордун жабат. 

4.2. Чыгымдардын ордун жабуусу жана туумдарды төлөөсү күнөөлүү тарапты ушул келишим, кредиттик келишим жана кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт. 

4.3. Күрөө коюучу ушул келишимдин 2.1.5-пунктунда каралган милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбай койгон шартта, күрөө коюучу күрөө кармоочуга алмаштырылуучу баалуу кагаздардын номиналдык наркынан ____ пайыз өлчөмүндө ар бир мөөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн (өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы) туум төлөйт. 

5. Күрөө предметинен өндүрүү жүргүзүү тартиби 

5.1. Ушул келишимдин жоболоруна ылайык баалуу кагаздардан өндүрүү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, тараптар баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү кийинкиге калтыруусуз ушул келишимдин, кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишим шарттарына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык соттон тышкаркы тартипте жүзөгө ашырылаарын макулдашышты. 

6. Башка шарттар 

6.1. Бул келишим белгиленген тартипте каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет жана күрөө коюучу күрөө кармоочу алдында өз милдеттенмелерин, анын ичинде күрөө коюучу тарабынан кредиттик келишим, кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишим жана ушул келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгынан же талаптагыдай аткарбагандыгынан улам келип чыккан башка чыгымдардын/чыгашалардын ордун толтуруу, айыптык төлөм/туумдарды төлөө, ал боюнча чегерилген пайыздарды, кредит боюнча негизги карыздын суммасын кайтаруу боюнча милдеттенмелердин орду толугу менен жабылганга чейин колдонулат. 

6.2. Ушул келишимдин шарттары тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 

6.3. Келишимди каттоодон өткөртүү жана тариздөө боюнча сарптоолор күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат. Келишим күрөө коюучу тарабынан каттоодон өткөртүлөт. 

6.4. Бул келишим Улуттук банктын баалуу кагаздардын Башкы депозитарийинде каттоодон өтүүгө тийиш. 

6.5. Келишим, ушул келишимдин 6.4-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет. 

6.6. Келишим тараптардын ар бири үчүн бирден 3 (үч) түп нускада түзүлгөн, ал эми 1 (бир) нускасы - тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүү үчүн сунушталат. 

7. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары  

КҮРӨӨ КАРМООЧУ: 

  

КҮРӨӨ КОЮУЧУ: 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек шаары, Чуй пр., 168 

  

Банк: 

"Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК 

Бишкек шаары, ___________ көчөсү 

Улуттук банктагы коррэсептин № ____ 

БИК № _____ 

ИНН № _____________ 

ОКПО № ______________ 

Мамлекеттик салык кызматынын коду: _____ 

Кызмат орду _________________ 

(кол тамгасы) _______________ М.О. 

  

Кызмат орду __________________ 

(кол тамгасы) _______________ М.О. 

Улуттук банкта 20__-жылдын "__" ________ № ______________________ каттоодон өткөн 

____________________/ 

__________________________________________________ 

(кол тамгасы) 

(кызматы, аты-жөнү

  

4-тиркеме 

____-жылдын "__" ____________ № _____ кредит/транш сунуштоо 

жөнүндө кредиттик келишимге карата 

№ _____ КҮРӨӨ КЕЛИШИМИ 

(Кыймылсыз мүлк) 

Бишкек шаары 

№ _________ 

________-жыл 

Мындан ары "Улуттук банк" же "Күрөө кармоочу" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20_-жылынан «____» __________ №___буйругунун жана Улуттук банк Башкармасынын ____-жылдын "__" __________ № _____ токтомунун негизинде иш алып барган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир тараптан, жана мындан ары "Банк" же "Күрөө кармоочу" аталуучу, уставдын негизинде ____________________ атынан иш алып барган __________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ____-жылдын "__" __________ № ____ кредиттик келишимге карата Күрөө келишимин (мындан ары - Келишим) түзүштү

1. Келишим предмети 

1.1. Күрөө кармоочу күрөө коюучуга № ____ кредиттик линия ачуу жөнүндө келишим (мындан ары - Кредиттик линия ачуу жөнүндө келишим) боюнча ачык кредиттик линиянын алкагында ____-жылдын "__" _________ кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге (мындан ары - Кредиттик келишим) ылайык ________ сом өлчөмүндө (суммасы жазуу түрүндө) кредит сунуштайт. Кредиттин/транштын ордун жабуу жана аларга пайызды чегерүү боюнча акыркы мөөнөт ________-жылы башталат. 

1.2. Күрөө коюучунун кредиттик келишим боюнча милдеттенмесин камсыз кылуу максатында: 

- кредиттик линия боюнча алынган кредиттин/транштын негизги суммасы, ал боюнча кошуп эсептелинген пайыздарды, Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге жана Кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимге ылайык негизги милдеттенмени аткарбагандыгынан, мөөнөтүнөн кечиктирилип аткарылгандыгынан же талаптагыдай аткарылбагандыгынан улам келип чыккан чыгымдардын жана үстөк айыптын ордун толтурууну (айыптык санкциялар жана туумдар); 

- күрөө предметин күтүүгө жана/же сактоого байланыштуу Күрөө кармоочунун чыгымдарынын ордун толтурууну; 

- күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүдөн улам келип чыккан чыгымдарды жана башка чыгашалардын (соттук чыгымдарды кошо алганда) ордун толтуруп берүүнү

- сатып өткөрүү боюнча чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү кошо алганда. 

Күрөө коюучу күрөөгө төмөнкү кыймылсыз мүлктү сунуштайт: 

- ______________________________________________________________________. 

Күрөө ушул пунктта көрсөтүлгөн бүтүндөй имаратка таркатылат. 

1.3. Ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк күрөөгө Күрөө коюучу тарабынан бирдей баа боюнча бирдиктүү комплекс катары сунушталат жана мындан ары ушул келишимде күрөө предмети катары көрсөтүлөт. 

1.4. Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предмети Күрөө коюучуга менчик укугунда таандык, ал төмөнкү документтер менен тастыкталат: 

- ______________________________________________________________________. 

1.5. Ушул келишимге кол койгон учурда баланстык наркынын _________ сом өлчөмүндөгү дисконтту эске алганда, Тараптар макулдашышкан күрөө предметинин күрөөлүк наркы _______ сомду (суммасы жазуу түрүндө) түзгөн. 

1.6. Күрөө коюучу ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметине ээлик кылуу жана пайдалануу укугуна ээ, бирок Күрөө кармоочунун макулдугусуз тескөөгө укугу жок. 

Күрөө предмети Күрөө коюучунун ээлигинде жана пайдалануусунда тескөө укугусуз калат. 

1.7. Ушул келишим боюнча күрөөгө сунушталып жаткан мүлк сатылбагандыгын, башка күрөөгө коюлбагандыгын, талашта болбогондугун жана тыюу салынбагандыгын, Күрөө коюучунун башка милдеттенмелерин камсыз кылуу предмети катары саналбагандыгы жана болуп саналбайт жана үчүнчү жактардын дооматтарынан эркин экендигин гарантиялайт, бул боюнча Күрөө коюучу тиешелүү тастыктоочу документтерди сунуштайт. 

1.8. Күрөө коюучу ушул келишимге кол коюлган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн кечикпеген мөөнөттө күрөө предметин камсыздандыруу уюмдарынын биринде камсыздандырууга милдеттүү

1.9. Келишим, анын 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредитти пролонгациялоодо, реструктуризациялоодо камсыздоосу болуп саналат. 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери 

2.1. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу: 

2.1.1. Документтер боюнча жана иш жүзүндө күрөө предметинин болушун, өлчөмүн, абалын жана сактоо шарттарын текшерүүгө

2.1.2. Күрөө коюучудан күрөө предметинин жок болушуна, бузулушуна же наркынын төмөндөшүнө коркунуч келтирген кандай болбосун кийлигишүүнү токтотууну талап кылууга. 

2.1.3. Күрөө коюучудан күрөө предметин коргоо боюнча чараларды кабыл алууну талап кылууга. 

2.1.4. Күрөө бузулса же жоголсо же болбосо анын рыноктук наркы төмөндөгөн учурда, күрөө предметин калыбына келтирип же алмаштырып берүүнү же болбосо кошумча камсыздоону берүүнү Күрөө коюучудан талап кылууга. 

2.1.5. Эгерде күрөө предмети жоголсо, бузулса, ошондой эле эгерде тараптар күрөө предметин калыбына келтирүү же алмаштыруу же болбосо кошумча камсыздоо тууралуу макулдашышпаса, Күрөө коюучудан ушул күрөө предмети менен камсыз кылынган милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга. 

2.1.6. Күрөө коюучудан күрөө предметинин рыноктук наркы төмөндөгөн учурда кошумча камсыздоону же болбосо күрөө предметин алмаштырууну талап кылууга. Мында, Күрөө кармоочу Күрөө коюучудан күрөө предметине анын эсебинен көз карандысыз баа берүүнү жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу. 

2.1.7. Күрөө коюучудан ушул келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, эгерде анын талабы канааттандырылбаса - төмөнкү учурларда күрөө предметине карата өндүрүү жүргүзүлсүн: 

1) күрөө менен камсыздалган милдеттенмени аткаруу мөөнөтү келип жеткенге чейин: күрөө коюучу тарабынан Кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимдин жана анын негизинде түзүлгөн Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин шарттарын бузган учурда; 

2) күрөө менен камсыздалган милдеттенмени аткаруу мөөнөтү өткөндөн кийин: эгерде Күрөө коюучу Кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишим жана анын негизинде түзүлгөн Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча карызды төлөбөсө

3) Күрөө коюучу күрөө предметин сактоо, алмаштыруу же калыбына келтирүү эрежелерин бузса; 

4) Күрөө коюучу жооптуу болбогон жагдайлар боюнча күрөө предмети жоголсо, жок кылынса, бузулса, ошондой эле эгерде Күрөө коюучу күрөө предметин алмаштырбаса же калыбына келтирбесе же болбосо ушул келишимдин 2.4.5-пунктуна ылайык кошумча камсыздоону сунуштабаса күрөө предметинин рыноктук наркы төмөндөсө

5) Күрөө коюучу тарабынан андан ары күрөөгө коюу эрежелерин, күрөө предметин күтүү жана сактоо боюнча милдеттерди, Күрөө кармоочунун күрөө предметине үчүнчү жактардын укуктары жөнүндө эскертүү милдеттерин бузса; 

6) Күрөө коюучу тарабынан келишимдин 1.8-пункту аткарылбаса жана ушул келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда. 

2.1.8. Күрөө предметин сатуудан түшкөн сумма Күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Күрөө коюучунун башка мүлкүнөн жетишсиз сумма өндүрүлүшү мүмкүн. 

2.1.9. Күрөө коюучу же үчүнчү тарап күрөө предметин Күрөө кармоочунун ээлигине өткөрүп берүүгө тоскоолдук кылбаган шартта, Күрөө коюучудан же үчүнчү жактан мүлктү алуу үчүн зарыл болгон мыйзамдуу аракеттерди көрүшү ыктымал. 

2.1.10. Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө

2.2. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө милдеттенет: 

2.2.1. Күрөө предметин сатып өткөрүүдөн түшкөн, Күрөө кармоочунун күрөө менен камсыздалган талаптарынын өлчөмүнөн арткан сумманын айырмасын Күрөө коюучуга кайтарып берүүгө. Күрөө предметинин наркынан канааттандырылган Күрөө кармоочунун талаптарында төмөнкүлөр камтылат: Кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимдин жана анын негизинде Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин негизинде Күрөө коюучуга берилген Кредит/транш боюнча карыздын негизги суммасын кайтарып берүүгө, Кредит/Траншты пайдалангандыгы үчүн чегерилген пайыздарды, Кредитти сунуштоо жөнүндө келишимге жана анын негизинде Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык негизги милдеттенмелерди аткарбагандыгынан, мөөнөтүндө аткарбагандыгынан же башка талаптагыдай аткарбагандыгынан улам келип чыккан чыгымдарды жана үстөк айыптарды (айыптарды, туумдарды) төлөөгө; Күрөө кармоочунун күрөө предметин күтүүгө жана/же коргоого байланыштуу чыгымдардын ордун толтурууга; күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүдөн жана аны сатып өткөрүүдөн улам келип чыккан чыгымдардын жана башка чыгашалардын (соттук чыгымдарды кошо алганда) ордун толтурууга. 

2.3. Күрөө коюучу Күрөө кармоочу менен макулдашуу боюнча күрөө предметин анын мүнөзүнө жана багытталышына ылайык ээлик кылуу жана пайдалануу укугуна ээ. 

2.4. Күрөө коюучу төмөнкүлөргө милдеттенет: 

2.4.1. Күрөө предметин ижарага бербөөгө, акысыз өткөрүп берүүгө, башка бирөөгө бербөөгө, жүктөөгө, алмаштырууга, ошондой эле күрөө предметин кандай болбосун түрдө пайдаланууга. 

2.4.2. Күрөө предметин күтүү үчүн талаптагыдай шарттарды камсыз кылууга, анын сакталышына жана техникалык абалына кепилдик берүүгө жана сактоого, анын ичинде аларды күтүү боюнча чыгашаларды төлөөгө (утурумдук жана капиталдык ремонт иштерди өткөрүүгө). 

2.4.3. Күрөө предметинин болушуна, абалына жана аларды күтүү шарттарына мониторинг жүргүзүү максатында, Күрөө кармоочунун өкүлдөрүн күрөө предмети жайгашкан жерге киргизүүгө

2.4.4. Күрөө кармоочуга күрөө предметинин жоголуп кетиши же жараксыз болуп калышы коркунучу келип чыккандыгы тууралуу кат жүзүндө дароо билдирүүгө

2.4.5. Күрөө предмети жоголуп кетсе, жараксыз болуп калса же зыянга учураса, күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугу астында анын калыбына келтирилишин же ага барабар баадагы күрөө предметине алмаштырылышын камсыз кылууга. Мында, күрөө предмети жоголгон, жараксыз болуп калган же зыянга учураган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга аны барабар баадагы күрөө предметине алмаштырып берүүнү сунуштоого милдеттүү. Күрөө коюучу Күрөө кармоочудан камсыздоо катары сунушталган күрөө предметин алмаштырууга макулдук алган учурда 10 (он) жумуш күнү ичинде күрөө предметин Күрөө кармоочу менен макулдашылган камсыздоого алмаштырууга милдеттүү. Күрөө предметинин рыноктук наркы төмөндөгөн учурда, Күрөө кармоочунун талабы боюнча 10 (он) жумуш күн ичинде кошумча камсыздоо сунуштоого тийиш. 

2.4.6. Жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү жана башка өзгөрүүлөр тууралуу, мындай өзгөрүүлөр орун алгандан кийинки күнү Күрөө кармоочуга маалымдоого милдеттүү

2.4.7. Ушул келишимге кол койгон учурдан тартып келишимдин 1.4-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметине укукту белгилеген документтерди, ошондой эле күрөө предметине техникалык паспортторду Күрөө кармоочуга өткөрүп берүүгө. Күрөө предметине укукту белгилеген документтер, Күрөө коюучу Кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимди жана анын негизинде түзүлгөн Кредит/транш сунуштоо жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук аткарганга чейин жана ушул келишимдин аракети токтогонго чейин Күрөө кармоочуда сакталып турат. 

2.5. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү, ушул келишим менен бир убакта түзүлгөн жана анын ажырагыс бөлүгү болуп сан алган Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө келишимге ылайык соттон тышкаркы тартипте ишке ашырылат. 

2.6. Күрөө коюучу Кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишим, анын негизинде түзүлгөн Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим жана ушул келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, анын мүнөздөмөсүнө жана курамына көз карандысыз күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнү жүргүзүүгө жана күрөө предметин соттон тышкары сатып өткөрүүнү гарантиялайт жана ага толук макулдугун берет. 

2.7. Күрөө коюучу Күрөө кармоочу менен күрөө предметинен соттон тышкаркы өндүрүүнү жүргүзүү жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишимди түзүүгө милдеттенет, ал ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

3. Тараптардын жоопкерчилиги 

3.1. Тараптар ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаган учурда, бири-бирине келтирилген бардык чыгымдардын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурушат. 

3.2. Күрөө коюучу ушул келишимдин 2.4-пунктунун 2.4.5-пунктчасында каралган милдеттенмелерди аткарбаган учурда, ал Күрөө кармоочуга келишимдин 1.5-пунктуна ылайык, аткарылбай калган милдеттенмелеринин ар бир күнү үчүн Күрөө предметинин наркынан ____ пайыз өлчөмүндө туум төлөйт. 

3.3. Чыгымдардын ордунун толтурулушу жана туумдардын төлөнүшү күнөөлү тарапты Кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимде, анын негизинде түзүлгөн Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде, кредитти сунуштоо жөнүндө кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт. 

4. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү тартиби 

4.1. Кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган ушул келишимдин, Кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимдин жана Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин жоболоруна ылайык, Тараптар күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул келишимдин 4.2-пунктуна ылайык соттон тышкаркы тартипте жүзөгө ашырылат деген макулдашууга келишишкен. 

4.2. Күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жана аны соттон тышкаркы тартипте сатып өткөрүү ушул келишим менен бир эле учурда түзүлгөн жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылат. 

5. Башка шарттар 

5.1. Келишим шарттары тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 

5.2. Ушул келишимди жана Күрөө кармоочу менен күрөө предметинен соттон тышкаркы өндүрүүнү жүргүзүү жөнүндө макулдашууну тариздөө жана каттоодон өткөртүүгө кеткен сарптоолор Күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат. 

5.3. Келишим, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана каттоодон өтүүгө тийиш. 

5.4. Келишим, ушул келишимдин 5.3-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет. 

5.5. Келишим Тараптардын ар бири үчүн бирден, орус тилинде, ____ нускада түзүлгөн, башка нускалары - каттоо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга жана нотариалдык конторага сунушталат. 

6. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана колтамгалары 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: 

Бишкек шаары, Чуй пр., 168 

  

"Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК: 

Бишкек шаары, ____________ көчөсү

Улуттук банктагы корэсеп № 1010126 ______ 

Улуттук банк БИК № ____ 

ИНН № _________________ 

ОКПО № ________________ 

Мамлекеттик салык инспекциясынын коду: ____ 

кызматы _______________________ 

(кол тамгасы) ______________ М.О. 

  

кызматы _______________________ 

(кол тамгасы) _______________ М.О. 

  

  

  

____-жылдын "__" ______ № ___ Күрөө келишимине карата 

тиркеме 

____-жылдын "__" ________ № ____ Күрөө келишимине карата Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө 

№ ___ КЕЛИШИМ 

Бишкек шаары 

  

___-жылдын "__" _______ 

Мындан ары "Улуттук банк" же "Күрөө кармоочу" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20_-жылынан «____» __________ №___буйругунун жана Улуттук банк Башкармасынын ___-жылдын "__" _______ № ____ токтомунун негизинде иш алып барган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир тараптан, жана мындан ары "Банк" же "Күрөө кармоочу" аталуучу, ______________ негизинде _______________ атынан иш алып барган ______________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча, ___-жылдын "__" _________ № ____ Кредиттик линия берүү жөнүндө келишимдин жана ___-жылдын "__" _________ № ____ Кредиттик келишимдин камсыздоосу болуп саналган ___-жылдын "__" ________ № ____ Күрөө келишимине карата Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө ушул келишимди (мындан ары - Келишим) түзүштү

1. Тараптар ортосунда ____-жылдын "__" ________ түзүлгөн жана ______________, _____________ тарабынан тастыкталган № ____ Күрөө келишимине ылайык, күрөө коюучу күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, күрөө кармоочунун күрөө предметинен өндүрүүнү соттон тышкаркы тартипте жүргүзүүсү ушул келишимде аныкталган. 

Мында тараптар "милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган" деген сөздөрдү төмөнкүчө түшүнүүгө тийиш: 

- милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрүн бузган болсо (анын ичинде акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана/же негизги сумманы төлөө мөөнөттөрүн бузууга жол берүүнү кошо алганда); 

- милдеттенмелерди аткаруу орду бузулган болсо; 

- милдеттенмелерди аткаруу тартибин бузган болсо; 

- карызгер (күрөө коюучу) күрөө кармоочунун Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" Мыйзамынын 56-беренесинде каралган жагдайларда күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткаруу жөнүндө талаптарын аткарбаса; 

- же тараптар ортосунда түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимде каралган башка жагдайларда. 

2. Тараптар Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" Мыйзамынын 60-беренеси менен таанышып чыгышты, анда күрөө кармоочу өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирмени күрөө коюучуга жөнөткөндөн кийин күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү ишке ашырыла тургандыгы каралган. Мында, жетишилген макулдашууга ылайык, ал мөөнөт ичинде күрөө коюучу (карызгер) бардык карыз суммасын төлөөнү кошо алганда, милдеттенмени өз эрки боюнча аткарууга тийиш болгон мөөнөт, күрөө коюучуга (карызгерге) билдирме жөнөтүлгөн учурдан кийинки 15 (он беш) күндү түзөт. 

Билдирме колдон колго тапшырылгандыгынын тастыктамасы катары күрөө коюучунун (карызгердин) билдирмени алгандыгы жөнүндө тил каты, ал эми жеткирилгендигинин тастыктамасы катары байланыш бөлүмүнүн билдирме жөнөтүлгөндүгү тууралуу документи, же болбосо күрөө коюучунун (карызгердин) факсты алгандыгы тууралуу нотариалдык жактан тастыкталган билдирмеси саналат. 

3. Өндүрүүнүык жактан тастыкталган билдирмеси саналат. күрөө кармоочуга же анын өкүлүнө кат жүзүндөгү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде күрөө предметинин, так айтканда: ________ өткөрүлүп ________ ишин камсыз кылууга милдеттүү (Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренесинин 4-пункту).(*) 

4. Күрөө предмети күрөө кармоочунун ээлигине өткөндөн кийин: 

- күрөө предметинин сакталышын камсыз кылууга; 

- айкын шарттарды эске алуу менен бардык катышуучу тараптар үчүн пайдалуу болгондой күрөө предметин сатып өткөрүүгө карата ишенимдүү чараларды кабыл алууга тийиш. 

5. Макулдашууга ылайык күрөө кармоочу күрөөгө сунушталган мүлктү сатуунун төмөнкүдөй ыкмаларын колдонууга укуктуу: 

- үчүнчү жактар менен сатуу-сатып алуу келишимин түздөн-түз түзүү аркылуу күрөө предметин сатууга; 

- мыйзамдарга ылайык ачык тоорук өткөрүү аркылуу. Мында күрөө кармоочу ушул келишимдин негизинде анын өкүлү катары күрөө кармоочунун макулдугусуз күрөө предметин тескөөгө укуктуу. 

6. Күрөө кармоочу өз талаптары боюнча сумманы, анын ичинде күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүдөн жана аны сатып өткөрүүдөн келип чыккан башка чыгымдарын ордун жабууну жана чыгашаларды кошо алганда, төлөө учурунда зарыл болгон көлөмдө тиешелүү суммаларды алгандан кийин жана/же күрөө предметин сатып алгандан кийин, күрөө кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү

- күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жана аны сатып өткөрүү жол-жобосу башталгандыгы тууралуу билдирме түзүүгө

- эгерде күрөө предмети мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, аны күрөөнү мамлекеттик каттоо органында каттоодон өткөртүүгө

7. Күрөөгө сунушталган мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүү жана аны сатуу жол-жобосу башталган күндөн тартып күрөө коюучу күрөө кармоочунун талабы боюнча мындай талап коюлгандан кийинки 30 күн ичинде күрөө предметинин бошотулушун камсыз кылууга милдеттүү

8. Ушул келишимде каралган ыкмада күрөө предметин сатуудан улам күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу күрөө менен камсыздалган милдеттенме боюнча күрөө коюучунун (карызгердин) милдеттенмелеринин токтолушуна алып келет. 

9. Тараптардын бири да бир тараптуу негизде өндүрүүнү жүргүзүү тартибин өзгөртүшү же башка ыкмада келишимде белгиленген күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү тартибинен баш тартышы мүмкүн эмес. 

10. Ушул келишимде каралбаган бардык милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. 

11. Ушул келишимди тариздөө жана түзүү боюнча чыгашалар күрөө кармоочуга жүктөлөт. 

Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек шаары, Чуй пр., 168 

  

"Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК 

Бишкек шаары, _______________ көчөсү

Улуттук банктагы корэсеп № 1010126 _______ 

Улуттук банк БИК № ______ 

ИНН № _________________ 

ОКПО № ________________ 

Код ГНИ: _________________ 

Кызматы _______________________ 

(кол тамгасы) _______________ М.О. 

  

Кызматы _____________________ 

(кол тамга) _______________ М.О. 

  

(*) "Токтом" МБ эскертүүсү: Текст түп нускага ылайык берилди 

  

5-тиркеме 

___-жылдын "__" _________ № ___ кредит/транш сунуштоо жөнүндө 

кредиттик келишимге карата 

№ ____ КҮРӨӨ КЕЛИШИМИ 

(Кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу укугу) 

Бишкек шаары 

№ _____ 

_________-жыл 

Мындан ары "Улуттук банк" же "Күрөө кармоочу" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 20_-жылынан «____» __________ №___буйругунун жана Улуттук банк Башкармасынын ____-жылдын "__" __________ № ____ токтомунун негизинде иш алып барган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир тараптан, жана мындан ары "Банк" же "Күрөө кармоочу" аталуучу, _______________ негизинде ________________ атынан иш алып барган ________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ____-жылдын "__" ________ № ____ кредиттик келишимге карата Кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу укугу жөнүндө күрөө келишимин (мындан ары - Келишим) түзүштү

1. Келишим предмети 

1.1. Күрөө кармоочу күрөө коюучуга ________ сом өлчөмүндө (суммасы жазуу түрүндө) кредиттик линия сунуштайт. Кредиттин жана ал боюнча чегерилген пайыздардын ордун жабуунун акыркы мөөнөтү ____-жылдын "__" ________ № ___ кредиттик линияны ачуу жөнүндө келишимде (мындан ары - келишим) жана ____-жылдын "__" _______ № ___ кредиттик келишимде (мындан ары - кредиттик келишим) көрсөтүлгөн мөөнөттө башталат. 

1.2. Күрөө коюучу келишим жана кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруусун камсыз кылуу максатында, күрөө коюучу жана анын кардарлары-карыз алуучулары ортосунда түзүлгөн (мындан ары - кредиттик келишимдер) кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугун (мындан ары - күрөө предмети) күрөө кармоочуга өткөрүп берет. Алар боюнча талап кылуу укугу күрөөгө сунушталган кредиттик келишимдердин так тизмеси ушул келишимдин 1-тиркемесинде келтирилген. 

1.3. Күрөө предметинин ушул келишимге кол койгон учурга карата күрөөлүк наркы ______ сом өлчөмүндөгү дисконттоштуруу коэффициентин эске алуу менен _____ сомду (сумма жазуу түрүндө) түзгөн. 

1.4. Ушул келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметин Күрөө коюучу күрөө кармоочунун макулдугусуз кайра күрөөгө сунуштоону кошо алганда, тескөө укугуна ээ эмес. 

2. Келишим шарттары 

2.1. Күрөө коюучу күрөө кармоочуга ушул келишим түзүлгөн күнгө карата күрөө предмети төмөнкү талаптарга жооп берээрин тастыктайт: 

1) кредиттик келишимдер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен түзүлгөндүгүн жана ушул кредиттик келишимдерге карата колдонулуучу укук улуттук укукту көздөй тургандыгын; 

2) күрөө коюучу алдында ушул кредиттик келишимдер боюнча милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын резиденти алдында да келип чыгаарын; 

3) ушул кредиттик келишимдерге ылайык түзүлгөн кредиттик келишимдерде, ошондой эле күрөө келишиминде кредитордун/күрөө кармоочунун талап кылуу укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүү боюнча чектөөлөр камтылбагандыгын; 

4) мүлктүк укук (талап кылуу укугу) күрөө коюучуга кредиттик келишимдерден улам таандык экендигин жана аларга күрөө коюучунун башка милдеттенмелери жүктөлбөгөндүгүн, аларга карата талаш жана белгиленген тартипте талап кылуу маселелери орун албагандыгын жана аларды ажыратып алууга үчүнчү жактын макулдугу жана уруксаты талап кылынбай тургандыгын; 

5) алар боюнча талап кылуу укугу ушул келишим боюнча күрөө предмети болуп саналган кредиттер, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык классификацияланбаган активдердин категориясына (байкоого алынган активдерден тышкары) киргизилген, ошондой эле алар реструктуризацияланган эмес; 

6) алар боюнча талап кылуу укугу ушул келишим боюнча күрөө предмети болуп саналган кредиттер, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2011-жылдын 16-июнундагы № 12/2 токтому менен бекитилген белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген кредит портфелин түзүү боюнча сунуш-көрсөтмөдө каралган мүнөздөмөлөргө дал келет. 

2.2. Күрөө коюучу ушул келишимди түзүүдө кредиттик келишимдер боюнча күрөө коюучунун карыз алуучулары катары иш алып барган уюм/жеке адам төмөнкү талаптарга жооп берээрин күрөө кармоочуга тастыктайт: 

1) уюм же жеке адам күрөө коюучунун 10 пайыздан жогору эмес акцияларына ээ экендигин (эгерде ээлик кылса), жана күрөө коюучу уюмдун уставдык капиталынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмүндө үлүшкө же уюмдун 10% ашпаган акцияларына ээ экендигин (эгерде ээлик кылса); жеке адам күрөө коюучунун байланыштуу жактар же аффилирленген жагы эмес экендигин; 

2) Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналаарын. 

2.3. Банк кредиттик келишим боюнча бардык милдеттенмелерди аткарганга чейин күрөө предмети тескөө укугусуз күрөө коюучунун менчигинде калат. 

3. Тараптардын укуктары жана милдеттери 

3.1. Күрөө кармоочунун укуктары жана милдеттери: 

3.1.1. Кредиттик келишим боюнча күрөө коюучунун талап кылуу укугунун документалдык түрдө бар болушун, анын көлөмүн, абалын текшерүү

3.1.2. Күрөө коюучудан күрөө предметинин жок болушуна же наркынын төмөндөшүнө алып келген кийлигишүүсүн токтотууну талап кылуу. 

3.1.3. Күрөө предмети жоголгон же наркы төмөндөгөн учурда, күрөө коюучудан аны калыбына келтирүүнү, алмаштырууну же болбосо кошумча камсыздоону сунуштоону талап кылуу. 

3.1.4. Эгерде күрөө предмети жок кылынса, ошондой эле тараптар күрөө предметин калыбына келтирүүнү же алмаштырууну макулдаша албаса же ал боюнча кошумча камсыздоо сунушталбаса, Күрөө коюучудан күрөө предмети менен камсыздалган милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылуу. 

3.1.5. Ушул келишимдин 1.1 жана 1.2-пункттарында көрсөтүлгөн милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, эгерде анын талабы канааттандырылбаса - төмөнкү учурларда күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө

1) күрөө коюучу ушул келишимдин жана кредиттик келишимдин шарттарын, талаптарын жана жоболорун бузган болсо; 

2) эгерде күрөө коюучу кредиттин негизги суммасы боюнча карызды, ал боюнча чегерилген пайыздарды, үстөк айыптарды (айыптарды жана туумдарды) жана башка төлөөлөрдү кошо алганда, кредиттик келишим боюнча карызды төлөө мөөнөтүн бузган болсо же аны төлөбөсө

3) күрөө коюучу ушул келишимдин талаптарын же жоболорун бузган шартта; 

4) Күрөө коюучу күрөө предметин сактоо, алмаштыруу же калыбына келтирүү эрежелерин бузган болсо; 

5) Күрөө коюучу жооп бербеген жагдайларды кошо алганда, күрөө предмети жоголгон, ошондой эле күрөө предметинин наркы төмөндөтүлгөн учурда, күрөө коюучу күрөө предметин алмаштырбаса же калыбына келтирбесе же болбосо ушул келишимдин талаптарына ылайык кошумча камсыздоону сунуштабаса; 

6) күрөө коюучу кайра күрөөгө коюу эрежелерин, күрөө предметин сактоо милдеттерин, күрөө кармоочунун үчүнчү жактардын күрөө предметине карата укуктары жөнүндө эскертүү боюнча милдеттерин бузган болсо; 

7) ушул келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жагдайларда. 

3.1.6. Күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандыруу үчүн күрөө предметин сатуудан алынган сумма жетишсиз болгон учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык күрөө коюучунун өндүрүүнү жүргүзүү мүмкүн болгон башка мүлкүнөн жетишпеген сумманы алуу зарыл. 

3.1.7. Эгерде күрөө коюучу же үчүнчү жак күрөө кармоочуга күрөө предметин өткөрүп берүүдө тоскоолдуктарды жаратса, күрөө коюучудан же үчүнчү жактан мүлктү алуу үчүн мыйзам чегинде зарыл болгон иш-чараларды көрүү зарыл. 

3.1.8. Ушул келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жактарга (акы төлөө менен жана акысыз) өткөрүп бериши мүмкүн. 

3.1.9. Ушул келишимдин аткарылышына контролдукту жүзөгө ашырууга жана контролдук функцияларды ишке ашыруу, күрөө предметинин бар болушун жана абалын текшерүү үчүн зарыл маалыматтарды талап кылууга тийиш. 

3.1.10. Келишимде каралган башка укуктарга ээ болууга. 

3.2. Күрөө коюучунун укуктары жана милдеттери: 

3.2.1. Күрөө кармоочуга жоготуу коркунучу келип чыккандыгы жана күрөө предметинин наркынын төмөндөгөндүгү жөнүндө дароо билдирүүгө

3.2.2. Күрөө предметинин аныктыгын жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон иш аракеттерди жүргүзүүгө

3.2.3. Күрөө предметинин наркынын төмөндөшүнө, бузулушуна, жоголушуна алып келген иш аракеттер жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу күнүнөн тартып 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен кат жүзүндө маалымдоого. 

3.2.4. Күрөө предметине тиешелүү өзгөрүүлөр орун алгандыгы, үчүнчү жактар тарабынан мүмкүн болуучу бузууга жол берүүлөр же алардын ушул укукту (күрөө предметин) талап кылышы маалым болгондон кийинки үч күндүк мөөнөт ичинде бул тууралуу күрөө коюучуга маалымдоого. 

3.2.5. Күрөө кармоочунун талабы боюнча ага үч күндүк мөөнөттө күрөө предметине тиешелүү кайсыл болбосун документ менен таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк берүүгө жана күрөө кармоочуга күрөө предмети жөнүндө кайсыл болбосун маалыматты сунуштоого. 

3.2.6. Күрөө предметинин жоголушу же наркынын азайышы тобокелдиги үчүн жооп берүүгө жана эгерде күрөө предмети жоголсо же анын наркынын төмөндөшүнө, өзгөрүшүнө, жоголушуна алып келген башка жагдайлар орун алса же болбосо күрөө предмети ушул келишимдин талаптарына дал келбесе күрөө кармоочунун макулдугу менен ушул келишимдин 4.2-пунктунда каралган мөөнөт ичинде күрөө предметинин наркына эквиваленттүү нарктагы башка камсыздоону сунуштоого. 

3.2.7. Күрөө предметинин болушуна, анын абалына жана күтүү шарттарына мониторинг жүргүзүү максатында, күрөө кармоочунун өкүлдөрүнө талап кылуу укугу (күрөө предмети) жайгашкан жерге, ошондой эле күрөө предметинин күрөөлүк камсыздоосу жайгашкан жерге кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга. 

3.2.8. Жайгашкан жери, укуктук статусу, акционерлер курамы жана Банк жетекчилиги өзгөргөндүгү жана башка өзгөрүүлөр тууралуу, алар кирген күндөн тартып күрөө кармоочуга маалымдоого. 

3.2.9. Күрөө предметин толугу менен же жарым-жартылай ажыратып алууга, ага кандайдыр бир милдеттенмелерди жүктөөгө же болбосо аны башкача жол менен тескөөгө жол берилбейт. 

3.2.10. Эгерде ушул келишим колдонулган мезгил ичинде күрөө предмети келишимдин 2.1-2.3-пункттарынын талабына, ошондой эле күрөө кармоочунун башка талаптарына жооп бербеген шартта, ал 3.2.6-пунктчасында каралган иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга. 

3.2.11. Ушул келишим боюнча күрөө предметин болуп саналган кредиттик келишимдерге жана алардын аткарылышын камсыз кылган күрөө келишимине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген шартта, тиешелүү келишимдерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен кат жүзүндө күрөө кармоочуга ал тууралуу маалымдоого. 

3.2.12. Талап келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күн ичинде күрөө кармоочунун талабы боюнча ага күрөө предмети боюнча кредиттик келишимдердин түп нускаларын жана ага бардык зарыл документтерди кошо тиркөө менен ушул кредиттик келишим боюнча күрөө келишиминин түп нускаларын берүүгө

3.2.13. Күрөө кармоочу тарабынан күрөөлүк камсыздоо боюнча белгиленген талаптарды аткарууга, ал эми аларды аткаруудан баш тарткан учурда, ушул келишимдин 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде кошумча күрөөнү сунуштоого. 

3.2.14. Ушул келишимде каралган башка милдеттенмелерди аткарууга. 

3.2.15. Күрөө кармоочуга күрөө коюучунун карызгерлеринин ушул келишим боюнча күрөө предмети болуп саналган кредиттик келишимдердин шарттары аткарылгандыгы жана ал боюнча камсыздоонун абалы тууралуу ар бир айдын 5 (бешине) чейин маалымдоого жана ушул Келишимге карата 2-тиркемеде көрсөтүлгөн отчетту сунуштоого. 

3.3. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү ушул келишим шарттарына ылайык соттон тышкаркы тартипте жүргүзүлөт. Күрөө коюучу кредиттик келишим жана ушул келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаган учурда, анын мүнөздөмөсүнөн жана курамынан көз карандысыз, күрөө предметин соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнү жүргүзүүгө жана аны соттон тышкаркы тартипте сатып өткөрүүгө өз макулдугун берет жана гарантиялайт. 

3.4. Күрөө коюучу, күрөө кармоочу ушул келишимге ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон күрөө предметин сатып өткөргөнгө чейин кайсыл болбосун убакытта мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген, күрөө менен камсыздалган милдеттенмени же анын бөлүгүн аткарууга укуктуу. 

4. Күрөө предметин алмаштыруу тартиби 

4.1. Ушул келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде анын 1.3-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметинин жалпы наркы төмөнкүлөргө байланыштуу төмөндөшү мүмкүн: 

- алар боюнча талап кылуу укугу ушул келишимдин күрөө предмети болуп саналган кредиттик келишимдер боюнча күрөө коюучунун карыз алуучуларынын өз милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтү аяктагандыгына; 

- күрөө коюучунун карыз алуучулары тарабынан карыздын ордун жабуу графигине, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда ордун жабууну кошо алганда, кредиттик келишимдер боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусуна; 

- күрөө предметинин келишимдин талаптарына дал келбешине; 

- ушул келишим боюнча күрөө предмети болуп саналган кредиттик келишимдер боюнча камсыздоонун жоголгондугуна жана башка жагдайларда. 

4.2. Ушул келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде күрөө кармоочу мезгил-мезгили менен кредиттик келишимге тиешелүү күрөө жөнүндө келишимге ылайык күрөө предмети болуп саналган (эгерде болгон болсо) кредиттик келишим жана күрөөнүн башка түрлөрү боюнча талап кылуу укугунун (күрөө кармоочу тарабынан колдонулган тиешелүү күрөөлүк коэффициенттерди эске алуу менен) жалпы наркына кайра баа берет. 

Жүргүзүлгөн кайра баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча кредиттик келишим боюнча күрөө предмети болуп саналган талап кылуу укугунун жалпы наркы кредиттик келишимдин жана кредиттик линияны берүү жөнүндө макулдашууга ылайык алынган кредит боюнча күрөө коюучунун күрөө кармоочу алдында карызынын учурдагы калдыгынын суммасынан кеминде 100 пайызын түзгөндүгү аныкталган болсо, мында күрөө кармоочу күрөө коюучуга кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарылчылыгы жөнүндө талап камтылган тиешелүү билдирүүнү жөнөтөт. 

Күрөө коюучу күрөө кармоочудан кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарылчылыгы жөнүндө талап камтылган тиешелүү билдирүүсү келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде анын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн суммага чейинки кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндө кошумча күрөөлүк камсыздоону күрөө кармоочуга сунуштоого, тариздөөгө жана кошумча күрөөнү сунуштоо жөнүндө келишимди каттоодон өткөртүүгө же болбосо күрөө коюучу тарабынан кредиттик келишимге ылайык күрөө кармоочудан алынган кредиттин тиешелүү бөлүгүнүн ордун жабууга милдеттенет. 

Мында, күрөөнүн башка түрлөрү орун алган шартта, күрөө кармоочу күрөөнүн башка түрлөрүнүн жалпы наркын эске алуу менен (тиешелүү күрөөлүк камсыздоону колдонуу менен) кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоого карата зарыл сумманы эсептеп чыгууга укуктуу. Күрөө кармоочу ушул пункттун үчүнчү абзацына ылайык, эгерде күрөөнүн башка түрлөрү кредиттик келишимге ылайык алынган кредиттик каражаттар боюнча күрөө коюучунун күрөө кармоочу алдында карызынын учурдагы калдыгынын (күрөө кармоочу тарабынан колдонулган тиешелүү күрөөлүк коэффициенттерди эске алуу менен) ордун жапкан болсо, күрөө коюучудан кошумча күрөөлүк камсыздоону талап кылбоого укуктуу. 

5. Тараптардын жоопкерчиликтери 

5.1. Ушул келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаса же талаптагыдай аткарылбаса тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бири-бирине келтирилген бардык чыгымдардын ордун толтурушат. 

5.2. Күрөө коюучу ушул келишимдин 4.2-пунктунда каралган милдеттенмелерди аткарбаган учурда, келишимдин 1.3-пунктуна ылайык күрөө кармоочуга күрөө предметинин жалпы наркынан өз милдеттенмелерин аткарбай калган ар бир күнү үчүн ____ пайыз өлчөмүндө туум төлөйт. 

5.3. Чыгымдардын ордунун толтурулушу жана туумдардын төлөнүлүшү күнөөлү тарапты кредитти сунуштоо жөнүндө кредиттик келишимде жана ушул келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт. 

6. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү тартиби 

6.1. Ушул келишимдин, макулдашуунун жана кредиттик келишимдин жоболоруна ылайык, күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, тараптар бул иш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык соттон тышкаркы тартипте жүзөгө ашырылат деген макулдашууга келишишкен. 

6.2. Күрөө предметинен өндүрүү жүргүзүлгөн учурда тараптар, күрөө коюучу ушул келишимдин 1-тиркемесинде жана 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик келишимдер боюнча өз талап кылуу укугун күрөө кармоочуга ыйгарып берүүнү жүзөгө ашырат. 

6.3. Ушул келишим шарттарына ылайык күрөө предметинен өндүрүү жүргүзүлгөн учурда күрөө кармоочу (ушул келишим боюнча күрөө предмети болуп саналган кредиттик келишимдер боюнча күрөө коюучунун талап кылуу укугунан келип чыккан акчалай талаптарды алуу) кредитти толук көлөмдө сунуштоо жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз акчалай талаптарынын эсебинен канааттандырууга жана күрөө предмети болуп саналган мүлктүк укукту ишке ашырышы мүмкүн. Мында, күрөө коюучу ушул келишимдин 1.2-пунктунда жана 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн кредиттик келишимдерди камсыздоо үчүн түзүлгөн күрөө келишими боюнча күрөө кармоочунун укугун ыйгарып берүүнү жүзөгө ашырган катары эсептелинет. 

6.4. Күрөө предмети болуп саналган кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугун, ошондой эле ушул кредиттик келишимдер камсыздалган күрөө келишими боюнча күрөө кармоочунун укугун ыйгарып берүү жагында, бул келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 173-беренесине жана 18-главасына ылайык кийинкиге калтыруу шартында түзүлгөн. Бул кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугу, ошондой эле ушул кредиттик келишим боюнча күрөө предметин сатып өткөрүүгө укук, ушул келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталгандан кийинки күнү күрөө кармоочуга өтөт. 

6.5. Күрөө коюучу ушул келишимдин 1.2-пунктунда жана 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн кредиттик келишим боюнча өз карыз алуучуларынын кепилдик берүүчүсү (гарант) болуп саналаарына милдеттенет жана гарантия берет, ошондой эле күрөө кармоочу алдында өз карыз алуучулары тарабынан милдеттенмелерди көрсөтүлгөн кредиттик келишим боюнча толугу менен аткаруусу үчүн жооп берүүгө милдеттенет. 

Ушул келишимдин 1.2-пунктунда жана 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн кредиттик келишим боюнча өз карыз алуучуларынын кепилдик берүүчүсү (гарант) катары иш алып барууда күрөө коюучунун карыз алуучулары тарабынан милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же талаптагыдай аткарбагандыгынан улам келип чыккан күрөө кармоочунун карызын жана башка чыгымдарын өндүрүү боюнча соттук чыгымдардын ордун толтурууну, пайыздарды төлөөнү кошо алганда, күрөө коюучунун карыз алуучулары сыяктуу ошол эле көлөмдө күрөө коюучу күрөө кармоочу алдында жооп берет. 

6.6. Күрөө предметинен өндүрүү жүргүзүлгөн шартта жана ушул келишимдин 1.2-пунктунда жана 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугу күрөө кармоочуга өткөн учурда, күрөө коюучу күрөө кармоочунун уруксаты менен күрөө кармоочунун агенти катары иш алып барууга жана мындай учурда ушул келишимдин 1.2-пунктунда жана 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн кредиттик келишим боюнча төлөөгө тиешелүү акча каражаттарды күрөө коюучунун карыз алуучуларынан алууга жана көрсөтүлгөн акча каражаттарды келишимдеги күрөө кармоочунун эсебине которууга милдеттенет. 

Мында, банк ушул келишимдин 1.2-пунктунда жана 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн кредиттик келишим боюнча карыз алуучулары тарабынан акча каражаттардын орду жабылган айдын 15не чейин кабыл алынган акча каражаттарды - өтүп жаткан айдын 15нен кечиктирбестен, ал эми айдын 15нен кийин кабыл алынган акча каражаттарды - өтүп жаткан айдын 30нан кечиктирбестен күрөө кармоочунун эсебине чегерүүгө тийиш. 

6.6.1. Акча каражаттар ушул келишимдин 1.2-пунктунда жана 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн кредиттик келишим боюнча күрөө кармоочуга которулгандан кийин, күрөө коюучунун келишим боюнча которулган акча каражаттарынын чегинде карызынын орду жабылган катары эсептелинет. Ушул келишимдин 1.2-пунктунда жана 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн кредиттик келишим боюнча карыздын ордун жабууга карата күрөө коюучунун карыз алуучуларында акча каражаттар жок болгон учурда, күрөө кармоочу тиешелүү күрөө келишиминин шарттарына ылайык, күрөө предметинен өндүрүү жүргүзүү жана сатып өткөрүүнү ишке ашыруу укугуна ээ. 

6.6.2. Ушул келишимдин 6.6-пунктуна ылайык күрөө кармоочунун агентинин милдеттерин аткаруу үчүн күрөө коюучуга төлөнбөйт. 

7. Башка шарттар 

7.1. Ушул келишимде белгиленген чектөөлөргө салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын кайсыл болбосун мамлекеттик/сот органдары тарабынан күрөө кармоочунун күрөө предметине ээлик кылуу жана/же тескөө жана/же колдонуу укуктарын чектеген же болбосо күрөө кармоочуга, өзүнө ушундай чектөөлөрдү алуу максатында кандайдыр бир башка иш аракеттерди көрүү же кандайдыр бир келишимдерди түзүүгө түрткү берген чечимдер же актылар кабыл алынса, күрөө кармоочу күрөө коюучуга кат түрүндө билдирүүнү жөнөтүү аркылуу ушул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. 

7.2. Ушул келишим боюнча күрөө кармоочунун укугун ыйгарып берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөө коюучунун макулдугусуз жүргүзүлөт. 

7.3. Күрөө коюучу күрөө кармоочунун макулдугусуз ушул келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттерин үчүнчү жактарга ыйгарууга укугу жок. 

7.4. Ушул келишимден улам келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилүүгө тийиш. 

7.5. Келишим шарттары тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 

7.6. Ушул келишимди тариздөө жана каттоодон өткөртүүгө кеткен сарптоолор күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат. 

7.7. Тараптар кайра уюштурулган же жоюлган учурда, ушул келишим боюнча тараптардын бардык укуктары жана милдеттери тараптардын укугу өткөн адамдарга өткөрүлөт. 

7.8. Ушул келишим Кыргыз Республикасынын Күрөөнү каттоо конторасында каттоодон өтүүгө тийиш. 

7.9. Келишим, ушул келишимдин 7.8-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет. 

7.10. Келишим кредитти сунуштоо жөнүндө кредиттик келишим боюнча күрөө коюучу тарабынан өз милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат. 

7.11. Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) нускада түзүлгөн: 1 (бир) нускасы күрөө коюучуда сакталат, 1 (бир) нускасы - тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга каттоодон өткөртүү үчүн сунушталат, 1 (бир) нускасы - Улуттук банкта сакталат. 

8. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек шаары, Чуй пр., 168 

  

"Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК 

Бишкек шаары, ____________ көчөсү

Улуттук банктагы корэсеп № ____ 

Улуттук банк БИК № ____ 

ИНН № __________________ 

ОКПО № _________________ 

Код ГНИ: ________ 

Кызматы ____________________ 

(кол тамгасы) ______________ М.О. 

  

Кызматы ____________________ 

(кол тамга) _______________ М.О. 

  

  

  

____-жылдын "__" ________ 

№ ____ Күрөө келишимине карата 

1-тиркеме 

  

№ 

Кредиттик келишим түзүлгөн күн 

Кредиттик келишимдин номери 

Валютасы 

Номиналы 

Карыз калдыгы улуттук валютада 

Күрөө келишиминин номери 

Күрөө келишими түзүлгөн күн 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

0,00 

  

  

  

Саны 

Суммасы (сом түрүндө

Үлүшү пайыз түрүндө 

Улуттук валютагы кредиттер 

  

  

  

Чет өлкө валютасындагы кредиттер 

  

  

  

Жалпы кредит портфели 

  

  

  

  

Кызмат орду _______________________ 

(кол тамгасы) __________________ М.О. 

  

  

  

20__-жылдын "__" ______ № ___ 

Кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугун күрөөгө коюу келишимине карата 

2-тиркеме 

Ар бир айдын 5не чейин 

2-форма. Кредит боюнча күрөөлүк камсыздоого 

- талап кылуу укугуна/кредит портфелине 

жүргүзүлгөн мониторинг боюнча отчет 

(белгилүү бир күнгө карата) 

күнү 

  

айы 

банк 

Сом 

түрүндө 

№ 

Банктын карыз алуучусу-кардары 

Кредиттик келишим 

Күрөө келишими 

Берилген күнү 

Төлөө күнү 

Кредит берилген валюта 

Отчеттук айдын баш жагына карата орду жабылбаган кредиттин калдык суммасы сом эквивалентинде 

Отчеттук ай ичинде кредиттин негизги суммасын төлөө сом эквивалентинде 

Отчеттук айдын акырына төлөнбөгөн кредиттин калдыгынын суммасы сом эквивалентинде 

Күрөөлүк камсыздоо 

Отчеттук ай ичинде кредитке ыйгарылган классификация категориясы 

Күнү 

№ 

Күнү 

№ 

Түрү 

Бааланган наркы (сом) 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

  

  

  

  

  

  

  

KGS 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

KGS 

  

  

  

  

  

  

  

Бардыгы болуп, сом түрүндө 

  

  

  

KGS 

  

  

  

  

  

Банк 

жетекчисинин аты- жөнү 

Кол тамгасы 

  

  

мөөр".