Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын "28 " - мартындагы № 10/8  

токтому менен бекитилген  

  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

бир күндүк кредити жөнүндө» жобо 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 19-мартындагы №9/7, 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3, 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА токтомдорунун редакциясына ылайык)   

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. Ушул «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) лицензия алышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына (мындан ары - Банк/Банктар) Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары АТС) аркылуу бир күндүк кредит берүү шарттары жана тартиби аныкталган.  

2. Бир күндүк кредит Банкка «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын 18 жана 53-беренелерине, ушул Жобого, «Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жобого жана Банк менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн бир күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимге (мындан ары Башкы келишим) ылайык, Улуттук банк тарабынан сунушталат. Башкы келишимдин типтүү формасы ушул Жобого карата 1-тиркемеде берилген. 

3. Бир күндүк кредит Банкка Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында сунушталат. 

4. Бир күндүк кредит улуттук валютада, пайызсыз негизде, күрөөлүк камсыздоо алдында (заклад) , чейректин акыркы иш күнүнөн башка, кайсыл болбосун иш күнү берилет. 

5. Банктын бир күндүк кредитти кайтаруу боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары баалуу кагаздар) күрөө предмети болуп саналат. Баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун көлөмүнүн жетиштүүлүгүнө (пайыздык туюндурууда), түрүнө жана башка параметрлерине карата талаптар Улуттук банктын Акчакредиттик жөнгө салуу комитети (мындан ары КДКР) тарабынан белгиленет.  

6. Төлөнбөгөн бир күндүк кредит кайра тариздетүү күнүнө карата «овернайт» кредитин пайдалангандыгы үчүн белгиленген пайыздык чендеги «овернайт» кредитине кайрадан тариздетүү менен АТСте кийинки иш күнүнө чейин автоматтык түрдө мөөнөтү узартылат. Кредиттин мөөнөтүн узартуу бир гана жолу ишке ашырылат. 

7. Иштөө эрежелери жана бир күндүк кредит алууга Билдирме берүүнүн жана АТСте бир күндүк кредиттин ордун жабуунун убактылуу регламенти «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жобо (мындан ары АТСтин иши жөнүндө жобо) аркылуу жөнгө салынат.  

8. АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген шарттар жана эрежелер ушул Жобого таркатылат.  

 

2. ПАЙДАЛАНЫЛГАН АНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОР  

 

Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөндө келтирилгендерден тышкары, АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген аныктамалар жана атоолор пайдаланылат.  

 

9. Бир күндүк кредит - бул сом түрүндө кредит, ал Улуттук банк тарабынан Банкка күрөөлүк камсыздоо алдында бир күндүк кредит берилген күнү төлөө менен Кыргыз Республикасынын төлөм системасында төлөмдөрдүн өз убагында жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында сунушталат. 

10. «Овернайт» кредити- Улуттук банк тарабынан кийинки иш күнүнөн кечиктирбестен төлөө шарты менен операциялык күн ичинде, катталган пайыздык чен боюнча, күрөө алдында Банкка берилүүчү сом түрүндөгү кредит.  

11. Бир күндүк кредитти авторизациялоо Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан бир күндүк кредит алууга Билдирмелерди тастыктоо жана андан ары аткаруу жол-жоболору. 

12. Депозитарий Кыргыз Республикасынын, баалуу кагаздарды эсепке алууну, сактоону жана колдон-колго өтүшүн каттоону жана баалуу кагазга менчикке укукту тастыктоону жүзөгө ашырган юридикалык жак.  

13. «Депо» эсебинин инвестициялык суб-балансы Банкка менчик укугунда тиешелүү болгон баалуу кагаздарды эсепке алуу жана сактоо максатында, Банктын Депозитарийде ачылган суб-балансы. 

14. «Депо» эсебинин резервдик суб-балансы- «овернайт» жана бир күндүк кредиттерин алуу процессинде баалуу кагаздарды резервдөө үчүн багытталган, Банктын Депозитарийде ачылган суб-балансы. 

15. Ыйгарым укуктуу адам Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн бир күндүк кредитти тартууга сунушталган билдирмелерди авторизациялоого ыйгарым укуктуу кызматкери. 

 

3. Бир күндүк кредитти сунуштоо шарттары жана тартиби 

 

16. Бир күндүк кредит, кредиттөөнүн төмөнкү жалпы принциптерин сактоо менен сунушталат: мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана камсыздалгандык. 

17. Бир күндүк кредит алуу үчүн Банк төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

· Улуттук банктан банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын болушу; 

· Убактылуу администрация режиминде болбоо. Убактылуу администрация режиминде турган банкка Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болгон шартта, бир күндүк кредит берилиши мүмкүн; 

· Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу; 

· Улуттук банк менен кол коюлган бир күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимдин болушу; 

· Улуттук банк менен кол коюлган «овернайт» кредити жөнүндө Башкы келишимдин болушу; 

· Улуттук банктын алдында мурда алынган «овернайт» кредиттери жана алардын пайыздары боюнча төлөнбөгөн акчалай милдеттенмелердин болбошу; 

· Улуттук банк алдында башка кредиттер жана алардын пайыздары боюнча мөөнөтү өтүп кеткен акчалай милдеттенмелердин болбошу; 

· Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген жетиштүү күрөөлүк камсыздоонун болушу; 

· Банктар аралык коммуникациялык түйүнгө кошулуусу; 

· АТСке кошулуусу. 

18. Бир күндүк кредит Улуттук банк тарабынан АТС аркылуу берилет.  

19. АТС аркылуу бир күндүк кредитти алуу үчүн Банк, бир күндүк кредит алууга Билдирмени белгиленген форма боюнча толтуруп, АТСке сунуштоого тийиш.  

20. Банктын АТСте бир күндүк кредит алууга билдирмеси Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан авторизациялануусу зарыл.  

21. Банк, АТСте бир күндүк кредит алууга өз Билдирмесинин негизинде бир күндүк кредит боюнча Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин тааныйт.  

22. Банктын ушул Жобонун 17-пунктунун талаптарына ылайык келбеши, ага бир күндүк кредит суммасын берүүдөн баш тартуунун негизи болуп саналат. Бир күндүк кредит берүүдөн баш тартылган учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы анын себебин көрсөтүү менен авторизациялоодон өткөрбөйт.  

23. Бир күндүк кредит, Улуттук банк тарабынан сунушталган бир күндүк кредиттин суммасынын Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.  

24. Бир күндүк кредит алууга билдирме берүүнүн убактылуу регламенти АТСтин иши жөнүндө Жобо аркылуу жөнгө салынат.  

 

4. БИР КҮНДҮК КРЕДИТ КАМСЫЗДООСУ 

 

25. КДКР тарабынан ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык белгиленген камсыздоо түрү боюнча талаптарга карата кошумча бир күндүк кредиттин камсыздоосу катары сунушталган баалуу кагаздар, төмөнкү талаптарга жооп берүүгө милдеттүү

· банкка менчик укугунда таандык болууга; 

· Банктын Депозитарийдеги «депо» эсебинин инвестициялык же резервдик суб-балансында сакталууга жана эсепке алынууга; 

· башка милдеттенмелердин болбошу. 

26. Күрөөлүк камсыздоонун, Улуттук банктын камсыздоого карата талаптарына дал келбеши, бир күндүк кредиттин талап кылынган суммасын Банкка берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. 

27. Улуттук банк бир күндүк кредитти Банкка берген учурдан тартып, күрөөгө коюлган күрөө предмети Банк тарабынан Улуттук банктын карамагына өткөрүлгөн катары эсептелинет.  

 

5. БИР КҮНДҮК КРЕДИТТИ ТӨЛӨӨ ЖАНА МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ ТАРТИБИ 

 

28. Бир күндүк кредитин суммасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобого ылайык, АТС аркылуу Банк тарабынан бир күндүк кредит берилген күнү төлөнөт.  

29. Бир күндүк кредит толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш, аны бөлүп-бөлүп төлөөгө жол берилбейт.  

30. Банк, бир күндүк кредит боюнча өз милдеттенмелерин өз убагында жана толук аткарган шартта АТС, Банктын Депозитарийдеги «депо» эсебинин инвестициялык же резервдик суб-балансына күрөө катары сунушталган баалуу кагаздарды бошотууну жана которууну жүзөгө ашырат.  

31. Банк Улуттук банктын АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген мөөнөттө АТСке бир күндүк кредитти кайтаруу боюнча өз милдеттенмесин аткарбаган шартта, бир күндүк кредит төлөнбөгөн катары эсептелинет. Төлөнбөгөн бир күндүк кредит ушул Жобонун 6-пунктуна ылайык автоматтык түрдө АТСте мөөнөтү узартылат. Мында, Банктын бир күндүк кредитти төлөө боюнча милдеттенмеси токтотулат да, кредиттин күрөөлүк камсыздоосу «овернайт» кредитине өзгөртүлүп, мөөнөтү узартылган кредиттин камсыздоосу болуп калат.  

32. Төлөнбөгөн бир күндүк кредит «овернайт» кредитине өзгөртүлгөндөн кийин Улуттук банк менен Банк ортосунда келип чыккан укуктук мамилелер андан ары «Овернайт» кредити жөнүндө» жобонун негизинде жөнгө салынат.  

 

6. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

 

33. Бул Жобого, бир күндүк кредитин берүү боюнча операцияларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк тарабынан киргизилиши мүмкүн.  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

бир күндүк кредити жөнүндө» жобого карата 

1-тиркеме 

 

 

БИР КҮНДҮК КРЕДИТ ЖӨНҮНДӨ БАШКЫ КЕЛИШИМ 

 

№___________________________ 

 

 

Бишкек шаары «_____»___________20____ж. 

 

 

Мындан ары «Улуттук банк» же «Күрөө кармоочу» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «____- жылдын _________ № ____» буйругунун негизинде иш алып баруучу ______________________ бир тараптан жана мындан ары «Банк» же «Күрөө берүүчү» деп аталуучу __________________________________, Уставдын негизинде иш алып барган _______________ жак экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредит жөнүндө жобосуна таянуу менен (мындан ары Жобо), төмөнкүлөр жөнүндө ушул Башкы келишимди түзүштү (мындан ары - Башкы келишим): 

 

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Ушул Башкы келишимдин предметинен болуп, Улуттук банктын Банкка АТС аркылуу бир күндүк кредитти берүү шарттарын аныктоо жана анда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу саналат.  

 

 

2. БИР КҮНДҮК КРЕДИТТИ БЕРҮҮ, ТӨЛӨӨ ЖАНА МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ ШАРТТАРЫ 

2.1. Банк ушул Жобо жана Башкы келишимге ылайык, бир күндүк кредит алуу укугуна ээ.  

2.2. Бир күндүк кредитти алуу, төлөө жана мөөнөтүн узартуу тартиби Жобо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобо жана ушул Башкы келишим аркылуу жөнгө салынат. 

2.3. АТСтен бир күндүк кредит алуу үчүн Банк, Улуттук банктын «АТСтин иши жөнүндө» жобосунда белгиленген талаптарга жана Жобонун пункттарына ылайык келүүгө тийиш.  

2.4. Бир күндүк кредит улуттук валютада, пайызсыз негизде, күрөөлүк камсыздоо алдында, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, чейректин акыркы жумуш күнүнөн башка кайсыл болбосун жумуш күнү берилет. 

2.5. Улуттук банк, Банктын бир күндүк кредит алууга Билдирмеси АТСте авторизациялангандан кийин Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарды чегерүүнү өз учурунда жана толук көлөмдө жүзөгө ашырууга милдеттенет.  

2.6. Бир күндүк кредитти төлөө Банк тарабынан АТCте аны берген күнү Улуттук банктын «АТСтин иши жөнүндө» жободо белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырылат. 

2.7. Банк бир күндүк кредит боюнча өз милдеттенмелерин эз учурунда жана толугу менен аткарган шартта, АТС Банктын Депозитарийдеги «депо» эсебинин инвестициялык же резервдик суббалансына күрөөгө сунушталган баалуу кагаздарды бошотууну жана которууну жүзөгө ашырат. 

2.8. Эгерде Банк, бир күндүк кредит боюнча өз милдеттенмелерин Улуттук банктын «Автоматташтырылган тоорук системасы жөнүндө жободо аныкталган мөөнөттө аткарбаса, Банк АТСке орду жабылбаган бир күндүк кредитти кийинки жумушу күнүнө чейин аны «овернайт» кредитине тариздетүү менен «овернайт» кредитин пайдалангандыгы үчүн тариздетилген күнгө карата белгиленген пайыздык ченде автоматтык түрдө мөөнөтүн узартууга укук чегерет.  

2.9. Орду жабылбаган бир күндүк кредит «овернайт» кредитине өзгөртүлгөндөн кийин Улуттук банк менен Банк ортосунда келип чыккан укуктук мамилелер андан ары «Овернайт» кредити жөнүндө» жобонун жана «Овернайт» кредити жөнүндө» Башкы келишимдин негизинде жөнгө салынат.  

 

 

3. КҮРӨӨЛҮК КАМСЫЗДОО 

3.1. Бир күндүк кредитти кайтарып берүү боюнча Банкттын милдеттенмеси күрөө менен камсыз кылынат. Күрөө, Жободо аныкталган тиешелүү талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

3.2. Банктын бир күндүк кредит алууга билдирмесине ылайык, Улуттук банк ага бир күндүк кредитти берген учурдан тартып, күрөөгө коюлган күрөө предмети Банк тарабынан Улуттук банктын ээлигине берилди деп саналат. 

3.3. Күрөө кармоочу күрөө предметин камсыздандырбайт. Күрөө предметин анын наркынын өлчөмүндө камсыздандырууну күрөө берүүчү өз эсебинен жүзөгө ашыра алат. 

3.4. Төлөнбөгөн бир күндүк кредиттин камсыздоосу болуп саналган күрөөгө коюлган күрөө предмети, анын мөөнөтүн узартууда жана «овернайт» кредитине кайра тариздөөдө, таризделген «овернайт» кредитинин камсыздоосу болуп калат. 

 

 

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

4.1. Банк бир күндүк кредит боюнча өз милдеттенмелери үчүн бир күндүк кредитти алууга Билдирмеге, Жобого жана ушул Башкы келишимге ылайык толук жоопкерчилик тартат. 

4.2. Улуттук банк Банк тарабынан Жобонун жана ушул Башкы келишимдин талаптарын бузууга жол берилишинен улам ага келтирилген зыяндар үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

4.3. Тараптар бир күндүк кредитти алуу, төлөө жана мөөнөтүн узартуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу алардын кызматкерлеринин иш аракеттеринин тууралыгы, өз убагында аткарылгандыгы жана купуялуулуктун сакталгандыгы үчүн Жобого жана ушул Башкы келишимге ылайык толугу менен жоопкерчилик тартышат. 

4.4. Банк, Улуттук банк анын милдетин аткарган тастыктоочу борбор тарабынан Банктын жоопкерчиликтүү адамына берилген жабык ачкыч жана кол тамгалар ачкычынын сертификаттары менен иштөө учурунда, коопсуздук жана купуялуулук шарттарынын сакталышы, ошондой эле аларды сактоо жана колдонуу эрежелеринин сакталышы үчүн толугу менен жоопкерчилик тартат. 

 

 

5. ТЕХНИКАЛЫК ҮЗГҮЛТҮКТӨР 

5.1. АТСте орун алган үзгүлтүктөр, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы жөнүндө жобого ылайык жөнгө салынат. АТСте техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан шартта жана анын натыйжасында автоматтык түрдө бир күндүк кредитти берүү мүмкүн болбосо, Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын буйругу менен Улуттук банк, АТСтин ишке жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилгенге чейинки мезгилде бир күндүк кредиттерин берүүнү токтотушу мүмкүн же кредит берүүнү бир күндүк кредит алуу үчүн Банк тарабынан ушул Башкы келишимге карата 1-тиркемеге ылайык кагаз жүзүндө берилген Билдирменин негизинде жүзөгө ашыра  алат. 

 

 

6. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

6.1. Бул Башкы келишимдин талаптарын аткаруунун негизинде келип чыккан талаш маселелер жана кайчы пикирлер, өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынат. 

6.2. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте чечилет. 

 

 

7. БАШКА ШАРТТАР 

7.1. Бул Башкы келишимге Тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

7.2. Бул Башкы келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу түрүндө түзүлүп, ага эки тарап кол койгон учурда анык болуп саналат. 

7.3. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган шартта алардын ушул Башкы келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери алардын укугу өткөндөргө өткөрүлүп берилет. 

7.4. Келишим, Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада, мамлекеттик тилде эки нускада жана расмий тилде эки анык нускада түзүлгөн, Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми башка эки нускасы Банкка берилет. 

 

 

8. КЕЛИШИМДИН АРАКЕТТЕНҮҮ МӨӨНӨТҮ ЖАНА АНЫ ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

8.1. Бул Башкы келишим эки Тарап тең кол койгондон кийин күчүнө кирет жана бир календардык жыл ичинде колдонууда болот. 

8.2. Эгерде Тараптардын бири ушул Башкы келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки бир календардык ай ичинде, аны токтотуу жөнүндө өз ниетин кат жүзүндө билдирбесе, Башкы келишим ар бир кийинки календардык жылга узартылган деп эсептелет. Башкы келишимди токтотуу Банктын ага чейин алынган бир күндүк кредиттер жана аларга байланыштуу күрөөлүк камсыздоолор боюнча милдеттенмелерин токтотпойт. 

8.3. Тараптар экинчи Тарапка бир календардык ай мурда маалымдоо менен бул Башкы келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. 

8.4. Улуттук банк алдын ала Банкка билдирүүсүз эле бир тараптуу негизде, төмөнкү учурларда Башкы келишимди токтотуу укугуна ээ:  

· Банк тарабынан тиешелүү жобонун жана бул Башкы келишимдин шарттарын бузууга жол берилсе; 

· Ушул Башкы келишимдин 2.3-пунктунун шарттары Банк тарабынан сакталбаса; 

· Банктын Улуттук банк тарабынан банк операцияларын жүргүзүү укугуна берилген лицензиясы кайтарылып алынган болсо;  

· Банктын сот тарабынан банкрот деп таанылышы; 

· Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, юридикалык жак катары Банктын иши токтотулса. 

 

 

9. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

(Почта индекси, дареги) 

 

 

 

 

__________________________ 

(Кызматы) 

 

__________________________ 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

МО 

Банктын аталышы 

 

_________________________ 

(Почта индекси, дареги) 

 

Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинин №________________________ 

 

____________________________ 

(Кызматы) 

 

____________________________ 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

МО 

 

Бир күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимине карата  

1-тиркеме 

   

БИР КҮНДҮК КРЕДИТТИ  АЛУУГА 

20__-ЖЫЛДЫН «_____»________ №______ БИЛДИРМЕ 

1.  Банк карыз алуучу _________________________________________________  

                                          (банк карыз алуучунун аталышы)  

______________________________________________________сом суммасында 

(сумма сан менен жана кашаанын ичинде жазуу түрүндө

бир күндүк кредит берүүңүздү өтүнөм.  

Берилген күнү:  

Орду жабылган күн:       

2. Кредитти камсыздоо катары мамлекеттик баалуу кагаз түрүндөгү ___________________________сом суммасында күрөөгө берилет, анын ичинде:  

№ 

Баалуу кагаздардын түрү 

Эмиссия 

Жоюлган күнү 

Саны (даана) 

Номиналы боюнча сумма (сом) 

1  

   

   

   

   

   

2  

   

   

   

   

   

   

Жыйынтыгында:   

   

   

   

   

3. Бир күндүк кредитти кайтарып берүү боюнча  милдеттенмесин ______жылга чейин аткара  албай калган учурда, бир күндүк кредиттин суммасын аны «овернайт» кредитине кайра тариздөө менен ал берилген күндөн кийинки иш күнүнө чейин автоматтык түрдө мөөнөтүн узартууну өтүнөт.  

4. «Овернайт» кредити боюнча чен: жылдык _____%  

Берилген күнү: _____________  

Төлөнгөн күнү: _____________  

5.  «Овернайт» кредитине кайра таризделген мөөнөтү узартылган бир күндүк кредиттин камсыздоосу катары, ушул Билдирменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн бир күндүк кредитти камсыздоого берилген күрөөлүк камсыздоо эсептелсин деп өтүнөт.  

6. Улуттук банктын бир күндүк кредитти «овернайт» кредитине кайра тариздөө учурунан тартып, аны толугу менен төлөгөнгө чейинки аракеттерин Улуттук банк Башкармасы тарабынан 20__-жылдын _______ токтому менен бекитилген «Овернайт» кредити жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырышын өтүнөт.  

7. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги каражат жетишсиз болгон учурда, Банк Улуттук банка күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келээр менен акцептсиз тартипте, бул Билдирменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметине өндүрүү укугун берет.  

  (Банк карыз алуучунун аталышы)     

               (кызматы)                                                                       ________________________  

            (колу) МО