Кайта келүү

 Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын "28" - мартындагы № 10/6  

токтому менен бекитилген  

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, 

жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө” жобо 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/8, 2014-жылдын 30-октябрындагы № 47/8, 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3, 2017-жылдын 19-июлундагы № 2017-П-09/32-2-(НПА), 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын аймагында автоматташтырылган торук системасы аркылуу (мындан ары текстте - АТС) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын (мындан ары текстте Улуттук банктын ноталары) чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө тартибин аныктайт.   

2. Улуттук банктын ноталарын чыгаруу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 18, 25, 26-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары текстте - Улуттук банк) тарабынан жүзөгө ашырылат.   

3. (Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготкон катары таанылсын 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук банктын ноталары боюнча милдеттенмелерге ээ эмес.   

5. Улуттук банктын ноталары боюнча каттоо номерлерин ыйгаруу Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү менен Улуттук банк ортосунда 2010-жылдын 13-сентябрындагы №201 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарга каттоо номерин ыйгаруу тартиби жана мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздарынын реестрин жүргүзүү жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырылат.  

6. Улуттук Банктын Автоматташтырылган торук системасынын иши боюнча Жободо (мындан ары текстте - АТСтин иши боюнча Жобо) белгиленген эрежелер жана шарттар азыркы Жобого жайылтылат.   

 

2. Аныктамалар жана атоолор 

Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөндөгү көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, АТСтин иши боюнча Жободогу бекитилген аныктоолор жана терминдер колдонулат:  

7. Аукцион Улуттук банктын ноталарын сатуу боюнча операциялардын формасы.   

8. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу - Улуттук банктын ноталарын акыркы тооруктарда аныкталган орточо салмактанып алынган кирешелүүлүк боюнча аукциондон тышкары сатуу;    

9. Тике катышуучу Улуттук банк тарабынан лицензияланган, Улуттук банкта корреспонденттик/күндөлүк эсепке ээ коммерциалык банк (мындан ары Банк), ноталар рыногунда иш алып барууга Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги (1, 2-тиркемелер).   

10. Кыйыр катышуучу аукциондун тике катышуучусу болуп саналбаган, Улуттук банктын ноталарын сатып алууга тике катышуучу болгон коммерциялык банктар аркылуу билдирме берген жеке адам, юридикалык жак;   

11. Улуттук банктын ноталарын чыгаруунун негизги параметрлери - өзүнө Улуттук банктын ноталарын сатуу аукционун өткөрүү күнүн камтыган, аукционду өткөрүү ыкмасын, аларды кошумча жайгаштыруу күнүн, чыгаруунун каттоо номерин, чыгаруу көлөмүн, максималдуу кирешелүүлүгүн, чыгаруу жана төлөө күнүн камтыган маалыматтар;    

12. Канааттандыруу баасы билдирмелерди канааттандыруу менен аяктаган баа.  

 

3. Улуттук банктын ноталарын чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн, тейлөөнүн жана төлөөнүн жалпы шарттары 

13. Улуттук банктын ноталары акча-кредит саясатын жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банк тарабынан чыгарылат. Улуттук банктын ноталары акча массасынын көлөмүн жана түзүмүн жөнгө салуу үчүн Улуттук банк тарабынан пайдаланылуучу акча-кредит саясатынын инструменти болуп саналат.   

14. Улуттук банктын бир нотасынын номиналдык наркы 10 000 (он миң) сом.   

15. Улуттук банктын ноталары жүгүртүү мөөнөтү 7 күндөн 364 күнгө чейинкини түзгөн дисконттук баалуу кагаздар болуп саналат.  Улуттук банктын ноталарынын башка мөөнөттөрүн Улуттук банктын Башкармасы аныктайт.   

16. Улуттук банктын ноталары кагазсыз формада чыгарылат.    

17. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан (мындан ары - Комитет) Улуттук банктын ноталарын чыгаруу чечими кабыл алынат жана аны чыгаруу ыкмасы, көлөмү, мөөнөтү, аукцион өткөрүлүүчү күн белгиленет, ошондой эле Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу чечими кабыл алынат. Максималдуу кирешелүүлүк аукцион өткөрүлгөн датанын эсептик ченине бара бар аныкталат. 

18. Улуттук банк Улуттук банктын ноталарын чыгаруу параметрлери жөнүндө маалыматты Улуттук банкынын веб-сайттына жана АТСте жарыялайт.  

19. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу параметрлери тике катышуучуларга АТС жана факсимилдик байланыш аркылуу тааныштырылат.  

20. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу, аукциондук негизде АТС аркылуу жүзөгө ашырылат жана Улуттук банк белгилеген эрежелерге ылайык башка ыкмада да жүргүзүлөт.   

21. Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери болгон юридикалык жактар жана жеке адамдар Улуттук банктын ноталарынын ээси боло алышат.   

22. Улуттук банктын нота ээлери, Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске албаганда, Улуттук банктын ноталары менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашыра алат.   

23. Улуттук банктын ноталары менен операциялардан салык алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.   

 

4. Улуттук банктын ноталарын чыгаруу жана жүгүртүүгө чыгаруу 

24. Улуттук банктын ноталары аукцион өткөрүлгөн күндөн кийинки иш күнү чыгарылат. Улуттук банктын ноталарын чыгаруу жөнүндө чечим Комитет тарабынан кабыл алынат жана Комитеттин отурумунун протоколунда чагылдырылат.   

25. Нота чыгарылган күн Кыргыз Республикасында иш эмес күн болуп саналса, Улуттук банктын ноталарын чыгаруу кийинки иш күнүндө жүргүзүлөт, мында Улуттук банктын ноталарын төлөө күнү дагы тиешелүүлүгүнө жараша жылдырылат.   

26. Улуттук банктын ноталарын жүгүртүү ноталар чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана аларды төлөө күнүнөн бир күн мурда аяктайт.   

27. Экинчилик рынокто Улуттук банктын ноталары менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү келишүүгө алардын иш күндөрү жүгүртүлгөн мезгилинде гана уруксат берилет.   

28. Улуттук банктын ноталарын жүгүртүү тартиби Улуттук банктын ченемдик документтери аркылуу аныкталат.   

 

5. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу 

29. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу Улуттук банк тарабынан өткөрүлүүчү аукциондордо АТС аркылуу жүзөгө ашырылат жана Улуттук банк белгилеген эрежелерге ылайык башка ыкмада да жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде аукцион күнү Кыргыз Республикасында иш эмес күн болуп санала турган болсо, аукцион кийинки иш күнүндө өткөрүлүп, мында Улуттук банктын ноталарын чыгаруу жана төлөө күнү дагы тиешелүүлүгүнө жараша жылдырылат.   

30. Эгерде аукциондо бир катышуучу катышса, аукцион өткөрүлбөй ал эми эмиссия жайгаштырылбай калган катары таанылат.   

31. Жарыяланган эмиссиянын көлөмү Улуттук банктын ноталарынын кирешелүүлүгү жогорку денгээлде өзгөрүлмөлүү болгондо жүзөгө ашырылбай калышы же кыскарышы мүмкүн. Эмиссиянын көлөмүн жүзөгө ашырбоо же кыскартуу тууралуу чечим Улуттук банктын Төрагасынын Комитетти жетектеген орун басары тарабынан кабыл алынат.   

32. Аукциондо Улуттук банктын ноталарын сатып алууга билдирмени АТС аркылуу тике катышуучулар гана бере алышат. Кыйыр катышуучулар Улуттук банктын ноталарын тике катышуучу болуп эсептелген коммерциялык банктар аркылуу сатып ала алышат.   

33. Комитеттин чечими менен аукциондор төмөнкү ыкмалардын бири боюнча өткөрүлүшү мүмкүн:  

· жогору баалар боюнча аукцион, мында билдирмелерди канааттандыруу эң жогорку  дисконттолгон баадан башталат жана Улуттук банк үчүн алгылыктуу шарттар белгиленген чектүү баадагы билдирмелер менен аяктайт. Ошол эле учурда, эгерде чектүү баада бир нече билдирме сунушталса, Улуттук банктын ноталары билдирмелер ортосунда пропорционалдуу негизде бөлүштүрүлөт; 

· белгиленген кирешелүүлүк боюнча аукцион. Белгиленген киреше алуу аукционун өткөрүүдө Комитет тарабынан белгиленген бардык кирешелүүлүк боюнча билдирмелер канааттандырылат. Эгерде, билдирмелердин суммардык көлөмү Улуттук банктын ноталар аукционуна сунушталган көлөмдөн ашса, анда билдирмелер пропорционалдуу негизде  канааттандырылат.   

34. Билдирмелерди аукционго берүү убакыт регламенти, аукционду иштеп чыгуу жана бекитүү АТСтин иши жөнүндө Жобо менен иретке салынат.  

 

6. Аукционго катышууга билдирмелерди тариздөө жана сунуштоо тартиби 

35. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча билдирмелер аукцион өткөрүлгөн күнү АТСтин иши боюнча Жободо белгиленген убакыт боюнча регламент менен тике катышуучулар тарабынан сунушталат, оңдолот жана/же кайтарып алынат.   

36. Тике катышуучу болгон коммерциялык банктардын билдирмеси өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген  билдирмелерди да камтышы мүмкүн.   

37. коммерциялык банктар болуп саналбаган тике катышуучунун билдирмеси өзүнүн гана билдирмесинен турууга тийиш.    

38. Тике катышуучунун атаандаша алган сунушту камтыган өздүк билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:   

· билдирменин саны 3-төн ашпоого тийиш,   

· ар бир билдирме боюнча баалуу кагаздардын саны 10го бөлүнүүгө,   

· бир билдирмеде баалуу кагаздардын минималдуу саны кеминде - 10 даана.  

39. Тике катышуучунун өздүк билдирмелериндеги баалуу кагаздардын жалпы саны жайгаштырылуучу баалуу кагаздардын санынан артпоого, б.а. өздүк билдирмелердин суммардык көлөмү номиналы боюнча чыгарылыш жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.  

40. Бир кардардан берилген билдирменин минималдуу көлөмүнө чек коюлбайт. Бир кардардан берилген билдирменин максималдуу көлөмү Улуттук банктын ноталарын чыгаруу көлөмүнөн артпоого тийиш.   

41. Билдирмеде көрсөтүлгөн баалуу кагаздын кирешелүүлүгү, Жобонун 17 пунктуна ылайык аукциондун датасына карай аныкталган максималдуу кирешелүүлүктөн ашып чыкпаш керек.   

41-1. Автоматташтырылган тоорук системасында аукцион өткөрүү мүмкүн эмес болгон учурда (системанын ишинде техникалык мүнөздөгү үзгүлтүктөр келип чыкса жана/же башка себептерден улам) Улуттук банк тике катышуучуларга аукцион өткөрүү мүмкүн эместиги туралуу маалымдайт. Мындай учурда Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу/кошумча жайгаштыруу боюнча аукцион, тике катышуучунун жетекчисинин кол тамгасы коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү билдирмесинин негизинде EXCEL программалык камсыздоосу аркылуу ишке ашырылат (ушул жобого карата 3-тиркеме). 

41-2. Конвертке салынган кагаз жүзүндөгү билдирме аукцион өткөрүлүүчү күнү саат 12:00гө чейин Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Билдирмелерди Улуттук банктын Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 1-кабатындагы 117-бөлмөнүн жанында жайгаштырылган «Улуттук банктын ноталар аукционуна билдирмелер үчүн» деп жазылган үкөккө салуу зарыл. Билдирмелер атайы журналда катталууга тийиш.   

41-3. Аукциондун жыйынтыгы (ушул жобого карата 4-тиркеме) тике катышуучуларга Улуттук банктын экспедициясы тарабынан алдын ала факсимиль байланышы аркылуу жөнөтүү менен кагазга чыгарылган түрдө сунушталат. 

42. Тариздөө тартибин бузуу менен толтурулган билдирмелер анык эмес деп таанылып, аукционго катыштырылбайт.   

43. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте маалыматтарды ачып көрсөтүү учурларын эске албаганда, Улуттук банк аукциондун катышуучусунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.  

44. Аукциондун жыйынтыктары Комитеттин Төрагасы тарабынан аукцион өткөрүлгөн күнү бекитилет. Комитеттин Төрагасы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: аукциондун жыйынтыктарын бекитүү; ушул Жобонун 30 жана 31-пункттарына ылайык эмиссиянын жарыяланган көлөмүн кыскартуу же аукционду өткөрүлбөгөн катары таануу.   

45. Кабыл алынган чечим тике катышуучуларга АТС аркылуу маалымдалат. Аукциондун жыйынтыктары бекитилген учурда, тике катышуучуларга суроо-талаптын жана жайгаштыруунун көлөмү, орточо салмактанып алынган баа жана кирешелүүлүк, билдирмелердин максималдуу баасы жана канааттандыруу баасы, тике катышуучулардын саны маалымдалат; ар бир тике катышуучуга анын аукционго катышуусунун жыйынтыгы боюнча ал тарабынан сатылып алынган Улуттук банктын ноталарынын саны жана наркы өзүнчө АТС аркылуу маалымдалат. Эгерде, аукцион өткөрүлбөгөн катары таанылса, анда анын себеби түшүндүрүлөт.   

 

7. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштырууну жүзөгө ашыруу  тартиби 

46. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу Улуттук банктын  ноталарын тиешелүү мөөнөткө жайгаштыруу боюнча акыркы тооруктарда аныкталган орточо салмактанып алынган кирешелүүлүк боюнча АТСте жүзөгө ашырылат. Улуттук банктын ноталарынын акыркы аукциону өткөрүлбөгөн катары таанылса, аларды кошумча жайгаштыруу Улуттук банктын ноталарын тиешелүү мөөнөткө жайгаштыруу боюнча акыркы аукционундо аныкталган орточо салмактанып алынган кирешелүүлүк боюнча жүргүзүлөт.    

47. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу параметрлери орун алган рыноктук коньюнктурага жараша, Улуттук банктын Төрагасынын Комитетти жетектеген орун басары тарабынан кабыл алынат.   

48. АТСке кошулган тике катышуучулар кошумча жайгаштырууга катышуу укугуна ээ. Кыйыр катышуучулар билдирмелерди тике катышуучу болгон коммерциялык банктар аркылуу билдирме берүү менен, кошумча жайгаштырууга катыша алышат.   

49. Улуттук банк катышуучунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш  

50. Тике катышуучу болгон коммерциялык банктардын билдирмеси өз атынан (өздүк) берилген билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан (кардарлардын билдирмеси) берилген  топтолгон билдирмелерди да камтышы мүмкүн. коммерциялык банктар болуп саналбаган тике катышуучунун билдирмеси өзүнүн гана билдирмесинен турууга тийиш.     

51. Тике катышуучунун өздүк билдирмеси номиналдык наркы боюнча 100000 сомдон кем болбоого тийиш, баалуу кагаздардын саны 10го бөлүнүүгө тийиш. Өздүк билдирменин номиналдык нарктагы максималдуу көлөмү тиешелүү эмиссия боюнча Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу көлөмүнөн артпоого тийиш.   

52. Бир кардардан берилген билдирменин минималдуу көлөмүнө чек коюлбайт. Бир кардардан берилген билдирменин максималдуу көлөмү Улуттук банктын ноталарын чыгаруу көлөмүнөн артпоого тийиш.    

53. Тике катышуучулардан берилген билдирмелер боюнча суроо-талаптын көлөмү Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу көлөмүнөн артып калса, анда баалуу кагаздарды бул билдирмелердин ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдык негизде  жүргүзүлөт.  

54. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу жыйынтыктарын Комитеттин Төрагасы бекитет.   

55. Улуттук банктын ноталарын кошумча жайгаштыруу жыйынтыктары тике катышуучуларга АТС аркылуу тааныштырылат.    

 

8. Эсептешүүлөр 

56. Улуттук банктын ноталарынын аукционунун жана ноталарын кошумча жайгаштыруунун жыйынтыктары боюнча эсептешүүлөр Улуттук банктын ноталарын чыгаруу күнү жүзөгө ашырылат.    

57. Тике катышуучулар Улуттук банктын ноталарын чыгаруу күнүндө, жайгаштыруу жана/же кошумча жайгаштыруу боюнча аукциондо канааттандырылган билдирмелерге ылайык, Улуттук банктын сатып алынган ноталарынын санына төлөө үчүн өзүнүн Улуттук банктагы корреспонденттик/күндөлүк эсебин Кыргыз Республикасынын улуттук валютадасындагы жетиштүү акча каражаттары менен камсыз кылат.  

58. Билдирме үчүн жарым-жартылай төлөөгө жол берилбейт. Эгерде, тике катышуучунун сатып алынган Улуттук банктын ноталарына толук төлөө үчүн Улуттук банктагы корреспонденттик/күндөлүк эсебинде жетиштүү көлөмдө улуттук валютадагы каражаты жок болсо, анда анын билдирмеси жокко чыгарылат. Мындай учурда тике катышуучу Улуттук банкка тике катышуучунун төлөнгөн уставдык капиталынан бир пайыздан көп болбогон, номиналдык нарк боюнча төлөнбөгөн Улуттук банктын ноталарынан наркынан бир пайыз өлчөмүндө үстөк айып төлөйт. Тике  катышуучу үстөк айыпты төлөмөйүнчө, кийинки аукциондорго катышууга жол берилбейт.   

59. Улуттук банктын ноталарын төлөө күнү иш эмес күнгө дал келип калса, төлөө кийинки иш күнү жүзөгө ашырылат.   

60. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу жана төлөө боюнча эсептөөлөрдү өткөрүү тартиби ушул Жобо жана АТСтин иши жөнүндө жобо аркылуу белгиленет.  

 

9. Корутунду жоболор 

61. Тике катышуучу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди, милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон башка нормаларды жана лимиттерди, Улуттук банк тарабынан сунушталган эскертүү чараларын жана санкцияларды аткарбаган, ошондой эле банктар аралык рынокто операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу эрежелерди бузган учурда, Улуттук банктын Төрагасынын Комитетти жетектөөчү орун басары тике катышуучу Улуттук банктын талаптарын аткарганга чейин, анын Улуттук банктын ноталар аукционуна кирүү мүмкүнчүлүгүн чектей алат.   

62. Ушул жобонун 61-пункту боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине таркатылбайт.   

 

Улуттук Банк Башкармасынын 

2013-жылдын 28-мартындагы №10/6 

токтому менен бекитилген  

«Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын ноталарынын  

чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобого карата  

 1-тиркеме   

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталар рыногунда  __________________________________________ коммерциялык банкынын 

иши жөнүндө №_______келишим   

  

Бишкек ш. 20___-ж. «____» _________   

  

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Улуттук банктын 20__-жылдын «__» ______________ №_____«________» буйругунун негизинде иш алып барган _____________________ бир тараптан жана __________________________ мындан ары «Коммерциялык банк» же «Банк» деп аталуучу, Уставдын негизинде иш алып барган __________________________ экинчи тараптан, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобого (мындан ары  Жобо) таянуу менен төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү:  

 

1. Келишим Предмети 

1.1. Банктын Улуттук банктын ноталар рыногунда ишин ушул Жобого ылайык жөнгө салуу, келишим предметинен болуп саналат.   

 

2. Банктардын укуктары 

Банктар төмөнкүлөргө укуктуу:  

2.1. Улуттук банктын ноталарын өз атынан жана кардарлардын тапшыруусу боюнча АТС аркылуу жайгаштыруу жана кошумча жайгаштыруу боюнча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) аукциондорго түздөн-түз катышууга.  

2.2. Улуттук банктын ноталарынын экинчилик рыногунда өз атынан жана кардарларынын тапшыруусу боюнча операцияларды жүргүзүүгө.  

2.3. Өз атынан жана кардарларынын тапшыруусу боюнча сатылып алынган ноталар боюнча депозитардык ишти жүргүзүүгө.  

2.4. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу жана кошумча жайгаштыруу (аукциондон тышкары жайгаштыруу) боюнча алдыда турган аукциондордун параметрлери жана өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды алууга.  

 

3. Банктардын милдеттери 

 

Банктар төмөнкүлөргө милдеттүү:  

3.1. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктын ноталары менен операцияларды ишке ашырууга;  

3.2. Аукциондо утушка ээ болгон билдирмелердин эмиссия күнү аларга төлөө жана ноталарды кошумча жайгаштыруу (аукциондон тышкары жайгаштыруу), ошондой эле ноталардын экинчилик рыногунда операцияларды ишке ашыруу үчүн корреспонденттик эсепте жетиштүү көлөмдөгү акча каражаттарынын болушун камсыз кылууга.  

3.3. Билдирмелер үчүн бөлүп төлөөгө жол берилбейт. Эгерде, Банк Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте сатылып алынган ноталарга толук көлөмүндө төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы жетиштүү көлөмдөгү акча каражатына ээ эмес болсо, анда бул билдирме жокко чыгарылат. Бул учурда Банк төлөнбөгөн ноталардын жалпы наркынан бир пайыз өлчөмүндө, бирок Банктын төлөнгөн уставдык капиталынын бир пайызынан ашпаган чекте айыптык төлөмдү (неустойка) номиналдык наркы боюнча Улуттук банкка төлөп берүүгө тийиш. Айыптык төлөмдү төлөгөнгө чейин мындай Банкка кийинки Улуттук банктын аукциондоруна катышуусуна уруксат берилбейт.   

3.4. Өз атынан жана кардарларынын тапшыруусу боюнча сатылып алынган ноталардын депозитардык эсебин жүргүзүүгө;  

3.5. Улуттук банктын ноталар рыногундагы операциялар боюнча отчетторду Улуттук банк тарабынан белгиленген формаларда өз учурунда берип турууга;   

3.6. Келишимге кол койгондон кийинки эки жумуш күнү ичинде Улуттук банктын ноталар аукциондоруна берилүүчү билдирмелерге жана экинчилик рыногунда ноталар менен операциялар боюнча тапшырууларга кол коюуга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын кол тамга үлгүлөрү менен тиешелүү тизмени жана ишеним катты Улуттук банкка берүүгө. Эгерде ушул пунктта көрсөтүлгөн ыйгарым укук башка адамга өткөн болсо, эки жумуш күнү ичинде жаңы тизмени жана ишеним катты Улуттук банкка берүүгө.  

4. Улуттук банктын укуктары 

Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

4.1. Банктардын Улуттук банктын ноталар рыногундагы ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга, анын ичинде жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүүгө.  

4.2. Улуттук банктын ноталарынын башкы депозитарийи катары иш алып барууга.  

4.3. Улуттук банктын ноталар аукционуна берилген жана/же кошумча (аукциондон тышкары жайгашытырууга) жайгаштырууга берилген, канааттандырылган (толук же жарым-жартылай көлөмдө) билдирмелердин негизинде Банктардын корреспонденттик эсептеринен каражаттарды акцептсиз тартипте алып салууга.  

4.4. Банк катары иш алып барууга байланыштуу отчетторду, ошондой эле башка зарыл маалыматтарды белгиленген формада Улуттук банкка өз учурунда берилишин талап кылууга.  

4.5. Банктарга карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген чараларды колдонууга.   

 

5. Улуттук банктын милдеттери 

Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттүү:  

5.1. Улуттук банктын жүгүртүүдөгү ноталарын так жана толук эсепке алынышын камсыз кылууга.  

5.2. Улуттук банктын ноталар аукциондорунун параметрлерин жана аларды кошумча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) жайгаштыруу шарттарын Улуттук банктын сайтында жайгаштырууга.  

5.3. Улуттук банктын ноталар аукциондорун өткөрүүдөн жана/же ноталарды кошумча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) жайгаштыруудан кийин, аукциондордун жана кошумча жайгаштыруулардын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды белгиленген тартипке ылайык Банктарга берүүгө.  

5.4. Улуттук банктын ноталарынын орду жабылган күнү, Улуттук банктын Банктардын депо эсептеринде эсепке алынган ноталарынын Улуттук банк тарабынан төлөнгөн эмиссияларынын номиналдык наркын Банктардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептерине чегерүүгө.   

5.5. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, маалыматтардын чечмеленип берилиши талап кылынган учурларды эске албаганда, Банктардын ноталар менен операциялары боюнча маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга.  

 

6. Тараптардын жоопкерчилиги жана талаш маселелерди чечүү тартиби 

6.1. Банктардын эсептерине каражаттардын туура эмес эсептен алып салынышы, ошондой эле Улуттук банк тарабынан тиешелүү суммаларды өз учурунда эмес же туура эмес чегергендиги үчүн Улуттук банк Банктардын пайдасына ар бир кечиктирген күн үчүн чегерилбей калган (же ашыкча эсептен алынып салынган) суммадан 0,1% өлчөмүндө туум төлөөгө тийиш.  

6.2. Банктар жаңылыш чегерилген сумма тууралуу Улуттук банкка маалымдоого жана ага кайтарып берүүгө милдеттүү. Жаңылыш чегерилген суммалар кайтарылып берилбеген учурда Банктар, ар бир мөөнөтүндө кайтарылып берилбеген ар бир күн үчүн жаңылыш чегерилген сумманын 0,1% өлчөмүндө туумду Улуттук банкка төлөп берет.   

6.3. Тараптар өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткара албагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.   

6.4. Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимге келишүү максатында, сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш.  

6.5. Чечилбеген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнгө салынат.   

 

7. Келишим колдонулган мөөнөт жана аны токтотуу тартиби 

7.1. Келишим ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир календардык жыл ичинде колдонулат.  

7.2. Эгерде ушул Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки 30 календардык күндөн кечиктирбестен Тараптардын бири аны токтотуу ниетин кат жүзүндө билдирбесе, келишимдин аракети ар бир кийинки календардык жылга дароо узартылат.   

7.3. Келишим Улуттук банктын демилгеси боюнча сыяктуу эле, Банктардын демилгеси да токтотулушу мүмкүн.  

7.4. Улуттук банк төмөнкү учурларда алдын ала маалымдоосуз эле, бул Келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу:  

Банктар ушул Келишим боюнча милдеттерин аткарбай койсо же талаптагыдай аткарбаса;  

Банктарга карата Убактылуу администрлөө же жоюу жол-жобосу башталса;  

Банктардын банктык лицензиясы токтотулса же кайтарылып алынса.  

 

8. Башка шарттар 

8.1. Банктар, Улуттук банктын ноталар аукциондоруна жана/же аларды кошумча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) жайгаштырууга катышуусунун жыйынтыгы боюнча Банктардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеринен акча каражаттарын акцептсиз тартипте алып салуу укугун Улуттук банкка ыйгарышат.  

8.2. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.  

8.3. Аталган Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип же Жобонун жаңы редакциясы кабыл алынган учурда, ушул келишим шарттары аларды Жобонун жаңы нормаларына ылайык келтирүү максатында кайрадан каралып чыгууга тийиш.   

8.4. Бул келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, алар кат жүзүндө толтурулуп, эки тарап тең койгон шартта гана анык болуп саналат.   

8.5. Келишим, Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада, кыргыз тилинде эки нускада жана орус тилинде эки түп нускада түзүлгөн. Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми башка эки нускасы Банкка берилет.  

Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери: 

  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

720001, Бишкек шаары,  

Чуй проспектиси 168 

 

______________________ 

(Кызмат орду)   (Аты-жөнү)     

__________________  

(Кол тамгасы)   

МО  

Банктын аталышы   

(Почта индекси, дареги)      

Улуттук банктагы корреспонденттик 

эсебинин № _____________________     

 

______________________ 

(Кызмат орду)    (Аты-жөнү)   

________ __________  

(Кол тамгасы)    

МО  

 

Улуттук Банк Башкармасынын 

2013-жылдын 28-мартындагы №10/6 

токтому менен бекитилген  

«Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын ноталарынын  

чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобого карата  

 2-тиркеме   

  

_________________________________________ институционалдык инвестордун Улуттук банкынын ноталар рыногундагыиши жөнүндө  

№________________________келишим   

  

Бишкек ш. 20___-ж. «____» _________   

  

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Улуттук банктын 20___-жылдын «__»___________ №____ «_______________________________» буйругунун негизинде иш алып барган _________________________ бир тараптан жана _________________________  мындан ары «Кардар» деп аталуучу, _________________________ негизинде иш алып барган ____________________________ экинчи тараптан, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобого (мындан ары  Жобо) таянуу менен төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү:  

1. Келишим Предмети   

1.1. Улуттук банктын ноталар рыногунда Кардардын ишин ушул Жобого ылайык жөнгө салуу келишим предметинен болуп саналат.   

  

2. Кардардын укуктары жана милдеттери  

 

Кардар төмөнкүлөргө укуктуу:  

2.1. Улуттук банктын ноталарын өз атынан АТС аркылуу жайгаштыруу жана кошумча жайгаштыруу боюнча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) аукциондорго түздөн-түз катышууга.  

2.2. Улуттук банктын ноталарынын экинчилик рыногунда өз атынан операцияларды жүргүзүүгө.  

2.3. Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу жана кошумча жайгаштыруу (аукциондон тышкары жайгаштыруу) боюнча алдыда турган аукциондордун параметрлери жана өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды алууга.  

 Кардар төмөнкүлөргө милдеттүү:  

2.4. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банктын ноталары менен операцияларды ишке ашырууга;  

2.5. Аукциондо утушка ээ болгон билдирмелердин эмиссия күнү аларга төлөө жана ноталарды кошумча жайгаштыруу (аукциондон тышкары жайгаштыруу), ошондой эле ноталардын экинчилик рыногунда операцияларды ишке ашыруу үчүн Улуттук банкта ачылган күндөлүк эсепте жетиштүү көлөмдөгү акча каражаттарынын болушун камсыз кылууга.  

2.6. Билдирмелер үчүн бөлүп төлөөгө жол берилбейт. Эгерде, Кардар Улуттук банктагы өз күндөлүк эсебинде сатылып алынган ноталарга толук көлөмүндө төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы жетиштүү көлөмдөгү акча каражатына ээ эмес болсо, анда бул билдирме жокко чыгарылынат. Бул учурда Кардар төлөнбөгөн ноталардын жалпы наркынан бир пайыз өлчөмүндө айыптык төлөмдү (неустойка) номиналдык наркы боюнча Улуттук банкка төлөп берүүгө тийиш. Айыптык төлөмдү төлөгөнгө чейин мындай Кардарга кийинки аукциондорго катышуусуна уруксат берилбейт.   

2.7. Улуттук банктын ноталар рыногундагы операциялар боюнча отчетторду Улуттук банк тарабынан белгиленген формаларда өз учурунда берип турууга;   

2.8. Келишимге кол койгондон кийинки эки жумуш күнү ичинде Улуттук банктын ноталар аукциондоруна берилүүчү билдирмелерге жана экинчилик рыногунда ноталар менен операциялар боюнча тапшырууларга кол коюуга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын кол тамга үлгүлөрү менен тиешелүү тизмени жана ишеним катты Улуттук банкка берүүгө. Эгерде ушул пунктта көрсөтүлгөн ыйгарым укук башка адамга өткөн болсо, эки жумуш күнү ичинде жаңы тизмени жана ишеним катты Улуттук банкка берүүгө.  

  

3. Улуттук банктын укуктары жана милдеттери  

Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

3.1. Кардардын Улуттук банктын ноталар рыногундагы ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга, анын ичинде жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүүгө.  

3.2. Улуттук банктын ноталарынын башкы депозитарийи катары иш алып барууга.  

3.3. Улуттук банктын ноталар аукционуна берилген жана/же кошумча (аукциондон тышкары жайгаштырууга) жайгаштырууга берилген, канааттандырылган (толук же жарым-жартылай көлөмдө) билдирмелердин негизинде Кардардын Улуттук банкта ачылган күндөлүк эсептеринен каражаттарды акцептсиз тартипте алып салууга.  

3.4. Кардар катары иш алып барууга байланыштуу отчетторду, ошондой эле башка зарыл маалыматтарды белгиленген формада Улуттук банкка өз учурунда берилишин талап кылууга.  

3.5. Кардарга карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген чараларды колдонууга.  

 Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттүү:  

3.6. Улуттук банктын жүгүртүүдөгү ноталарын так жана толук эсепке алынышын камсыз кылууга.  

3.7. Улуттук банктын ноталар аукциондорунун параметрлерин жана аларды кошумча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) жайгаштыруу шарттарын Улуттук банктын сайтында жайгаштырууга.  

3.8. Улуттук банктын ноталар аукциондорун өткөрүүдөн жана/же ноталарды кошумча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) жайгаштыруудан кийин, аукциондордун жана кошумча жайгаштыруулардын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды белгиленген тартипке ылайык Кардарга берүүгө.  

3.9. Улуттук банктын ноталарынын орду жабылган күнү, Улуттук банктын Кардардын депо-эсептеринде эсепке алынган ноталарынын Улуттук банк тарабынан төлөнгөн эмиссияларынын номиналдык наркын Кардардын Улуттук банкта ачылган күндөлүк эсептерине чегерүүгө.   

3.10. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, маалыматтардын чечмеленип берилиши талап кылынган учурларды эске албаганда, Кардардын ноталар менен операциялары боюнча маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга.  

  

4. Тараптардын жоопкерчилиги жана талаш маселелерди чечүү тартиби  

4.1. Кардардын эсептерине каражаттардын туура эмес эсептен алып салынышы, ошондой эле Улуттук банк тарабынан тиешелүү суммаларды өз учурунда эмес же туура эмес чегергендиги үчүн Улуттук банк Кардардын пайдасына ар бир кечиктирген күн үчүн чегерилбей калган (же ашыкча эсептен алынып салынган) суммадан 0,1% өлчөмүндө туум төлөөгө тийиш.  

4.2. Кардар жаңылыш чегерилген сумма тууралуу Улуттук банкка маалымдоого жана ага кайтарып берүүгө милдеттүү. Жаңылыш чегерилген суммалар кайтарылып берилбеген учурда Кардар, ар бир мөөнөтүндө кайтарылып берилбеген ар бир күн үчүн жаңылыш чегерилген сумманын 0,1% өлчөмүндө туумду Улуттук банкка төлөп берет.   

4.3. Тараптар өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткара албагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.   

4.4. Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимге келишүү максатында, сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш.  

4.5. Чечилбеген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнгө салынат.   

  

5. Келишим колдонулган мөөнөт жана аны токтотуу тартиби   

5.1. Келишим ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир календардык жыл ичинде колдонулат.  

5.2. Эгерде ушул Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки 30 календардык күндөн кечиктирбестен Тараптардын бири аны токтотуу ниетин кат жүзүндө билдирбесе, келишимдин аракети ар бир кийинки календардык жылга дароо узартылат.   

5.3. Келишим Улуттук банктын демилгеси боюнча сыяктуу эле, Кардардын демилгеси боюнча да токтотулушу мүмкүн.  

  

6. Башка шарттар  

6.1. Кардар, Улуттук банктын ноталар аукциондоруна жана/же аларды кошумча (аукциондон тышкары жайгаштыруу) жайгаштырууга катышуусунун жыйынтыгы боюнча Кардардын Улуттук банкта ачылган күндөлүк эсептеринен акча каражаттарын акцептсиз тартипте алып салуу укугун Улуттук банкка ыйгарат.  

6.2. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.  

6.3. Аталган Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип же Жобонун жаңы редакциясы кабыл алынган учурда ушул келишим шарттары, аларды Жобонун жаңы нормаларына ылайык келтирүү максатында кайрадан каралып чыгууга тийиш.   

6.4. Бул келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, алар кат жүзүндө толтурулуп, эки тарап тең койгон шартта гана анык болуп саналат.   

6.5. Келишим, Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада, кыргыз тилинде эки нускада жана орус тилинде эки түп нускада түзүлгөн. Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми башка эки нускасы Кардарга берилет.  

  

Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери:  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

720001, Бишкек шаары,  

Чуй проспектиси 168 

 

______________________ 

(Кызмат орду)   (Аты-жөнү)     

__________________  

(Кол тамгасы)   

МО  

Кардардын аталышы   

(Почта индекси, дареги)      

Улуттук банктагы корреспонденттик 

эсебинин № _____________________     

 

______________________ 

(Кызмат орду)    (Аты-жөнү)   

________ __________  

(Кол тамгасы)    

МО  

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук Банк Башкармасынын 

2013-жылдын 28-мартындагы №10/6 

токтому менен бекитилген  

«Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын ноталарынын  

чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобого карата  

 3-тиркеме   

  

Улуттук банктын ноталар аукционуна катышууга билдирме  

Ушул аркылуу, мындан ары "Катышуучу" деп аталуучу [аукциондо тике катышуучунун аталышы/аты-жөнү], төмөнкү шарттарда өткөрүлүүчү аукциондо [аукцион өткөрүлүүчү күн] __________________ каттоо номериндеги Улуттук банктын ноталарын сатып алуу ниетин билдирет: 

өз атынан:  

Өз билдирмеси  

Атаандаштык билдирме 

Лоттун №  

Сатып алуу баасы  

Улуттук банк ноталарынын саны (даанасы)  

Сатып алуу наркы   

4=2*3 

 

 

 

 

 

өз кардарларынын атынан:  

Атаандаштык билдирме 

Лоттун №  

Сатып алуу баасы  

Улуттук банк ноталарынын саны (даанасы)  

Сатып алуу наркы   

4=2*3 

 

 

 

 

Катышуучу аукционду өткөрүү эрежелери менен таанышып чыкты жана андан улам келип чыккан милдеттенмелерди өзүнө алууга даяр.  

_______________ _____________ __________________ ____________   

(кызмат орду) (кол тамгасы) (аты-жөнү) Күнү  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук Банк Башкармасынын 

2013-жылдын 28-мартындагы №10/6 

токтому менен бекитилген  

«Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын ноталарынын  

чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө» жобого карата  

 4-тиркеме   

_______________________________ 

(катышуучунун аталышы/аты-жөнү

 

  

БИЛДИРҮҮ  

Ушул аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 20__ж. «____» ___________ өткөрүлгөн Улуттук банктын ноталарын сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгы боюнча Сиздин билдирмеңиз төмөнкү көлөмдө канааттандырылгандыгын маалымдайт: 

 

ККаттоо   номери   

В Бардыгы болуп  

Улуттук банктын ноталарынын саны (даанасы)  

Суммасы   

 

 

 

  

20___-ж. «____» ___________ өткөрүлгөн Улуттук банктын ноталарын сатуу боюнча АУКЦИОНДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ   

Каттоо 

 номери  

 

Жарыяланган көлөм   

Суроо-талап көлөмү  

 

Сатуу көлөмү   

Баасы    

Киреше-лүүлүгү  

(%)  

Каты-шуучу-лардын саны. 

макс.  

орто  

мин.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Кайра каржылоо жана баалуу кагаздарды   

жайгаштыруу бөлүмүнүн начальниги ______________ _____________  

(кол тамгасы) (аты-жөнү)