Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 11-майында 

N 51-06 номеринде каттоодон өткөн. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2006-жылдын 12-апрелиндеги 

N 10/6 токтому менен 

бекитилген 

Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы N 19/7, 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 65/1, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2. "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" жана "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык кредиттик союздар үчүн кредиттерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарды (мындан ары - РППУ) түптөө боюнча талаптар белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Негизи түшүнүктөр 

2.1. Кредиттик тобокелдик - кредиттик союз менен карыз алуучунун ортосундагы келишимдин мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык карыз алуучу өз милдеттенмелерин аткарбай калуу тобокелдиги. 

2.2. Реструктуризацияланган кредиттер - кредиттик союз карыз алуучунун финансылык абалынын начарлоосунан улам, келишимдин шарттарынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу аны менен келишимди кайра түзүү аркылуу калган карызды же анын бир бөлүгүн алуу максатында эпке келген жагдай (карыздын пайыздык ченинин жана/же негизги суммасынын өзгөрүүсү, кредитти пролонгациялоо - кредиттин төлөө мөөнөтүнүн өзгөрүүсү, төлөмдөрдүн мезгилинин өзгөрүүсү ж.б.). 

3. Кредиттик союздардын кредиттерин классификациялоо 

3.1. Кредиттерди классификациялоо кредиттердин сапатына кредиттик тобокелдиктин деңгээлине жана ылайыктуу РППУнун аныкталышына жараша дайыма баа берүүгө негизделген. 

3.2. Кредиттерди классификациялоо алдынала, анын ичинде төмөндөгүлөрдү анализдөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат: 

- кредиттин абалына сандык мүнөздөмөлөрдү

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча пландык төлөмдөрдүн мөөнөтүнүн узартылышы; 

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча пландык төлөмдөрдүн толук эмес (жарым-жартылай) төлөнүшү

- кредиттин абалына сапаттык мүнөздөмөлөрдү

- карыз алуучунун карызды төлөй алуусу, тактап айтканда, карыз алуучунун карыздык каражаттарды пайдалануудан пайда алуу, пайыздар боюнча сыяктуу эле, негизги сумма боюнча дагы пландык төлөмдөрдү өз убагында төлөй алуу мүмкүндүгү, анын мүлктөрүнүн ал абалы жана наркы, кирешелердин башка булактарынын (үйбүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, иштин башка түрлөрүнөн кирешелер ж.б.); 

- башка финансы-кредит уюм тарабынан берилген кандай болбосун башка кредити болгон болсо. Мындан тышкары, кредиттик союз тарабынан эгерде, карызгердин башка финансы-кредит уюм алдында орду жабылбаган карызы болсо, анын кайсыл болбосун башка кредити боюнча кредиттик тартипти сактоосу эске алынууга тийиш. Ушуга байланыштуу кредиттик-маалыматтык бюро аркылуу же башка жол менен алынган маалыматтарга, кардардан/карызгерден алынган маалыматтарга таянуу менен билдирмени кароо учурунда, кардардын башка финансы-кредит уюмдарында кредиттеринин бар экендигине көз салуу талап кылынат. Андан ары, ал боюнча кредиттик келишимдин мөөнөтү бүтө элек кредитке кеминде жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзүү процессинде кардар, башка финансы-кредит уюмунда кредитинин бардыгы жана ошол кредити боюнча ал тарабынан төлөө тартиби сакталгандыгы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. Мында бардык финансы-кредит уюм, карызгердин талабы боюнча аны башка финансы-кредит мекемесине берүү үчүн кредит алгандыгы жана кредиттик тартипти так сактагандыгы жөнүндө маалыматтарды 3 иш күн ичинде берүүгө милдеттүү. Кредиттик союз ошондой эле, карызгердин башка кредиттери, анын кредиттик тартипти сактоосуна тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегиндеги башка жолдор менен да алышы мүмкүн; 

- кредитгерди реструктуризациялоонун себептери; 

- күрөөнүн болушу жана өтүмдүүлүгү

- гарантиялардын (кепилдиктердин) болушу жана ишенимдүүлүгү). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.3. Улуттук банк төмөнкүдөй кредиттерди классификациялоонун жалпы жана атайы категорияларын, ошондой эле кредиттин негизги суммасынын калдыгынан РППУ өлчөмү ченемдерин белгилейт:  

Жалпы РППУ: 

Атайы РППУ: 

Стандарттык - 0%дан 5% чейин 

Субстандарттык - 25% 

Байкоого алынган активдер - 10% 

Шектүү - 50% 

  

Жоготуулар - 100%". 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.4. Кредиттер, эгерде пайыздар жана/же негизги сумма боюнча пландык төлөмдөр 30 күндөн көп болбогон мөөнөткө өтүп кеткен болсо, стандарттуу деп саналат. Мында карыз алуучу канааттандырарлык материалдык абалга, кирешелердин туруктуу булагына жана камсыз кылуучу катары жеңил сатылып өткөрүлө турган күрөөгө ээ болууга тийиш. 

- 3.4-1. Төмөнкү белгилер мүнөздүү болгон активдер, байкоого алынган активдер болуп саналат: 

- карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан максаттуу мамлекеттик программалар боюнча берилген кредиттерден тышкары, башка финансы-кредит уюмдарынан алынган кандай болбосун башка кредит боюнча орду жабылбаган карызы болсо (*); 

- карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин жана анын жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол кредиттик союз жана/же башка финансы-кредит уюмдарынан алган кредиттер боюнча карыздарынын бир киреше булагынын эсебинен ордунун жабылышы. Мында, финансы-кредит мекемесинин алдындагы карыздын ордун жабуу үчүн бир киреше булагы дегенден улам, финансы-кредит уюму тарабынан кредит берүү чечимин кабыл алууда эске алынган жогоруда аталган адамдардын чогуу алгандагы кирешесин, ошондой эле ишкердиктен түшкөн кирешени түшүнүү зарыл(*). 

(*) Бул белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагында берилген овердрафттарга таркатылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.5. Карыз алуучунун финансылык абалынын начарлашы жана анын кредит боюнча карыздарын өз убагында төлөй албай тургандыгы тууралуу белгилер байкалган кредиттер субстандарттык деп саналат. 

Субстандарттык кредиттердин мүнөздүү белгилери болуп төмөндөгүлөр саналат: 

а) төлөмдөрдү төлөөнүн пландык мөөнөтү келип жеткенден кийинки 31 күндөн 60 күнгө (кошо алганда) чейинки мезгилдин ичинде пайыздар жана/же негизги сумма боюнча пландык төлөмдөрдүн төлөнбөшү

б) пайыздар жана/же негизги сумма боюнча карыздардын ордун толтуруу үчүн карыз алуучунун акча каражаттарынын агымынын жетиштүү болбой жатышы; 

в) кредиттин 1 жолу пролонгацияланышы; 

г) кредит күрөө менен камсыз болгон эмес же карызды төлөө күрөөнүн сатып өткөрүлүшүнөн көзкаранды же күрөө нарксызданат жана/же анын сатылып өткөрүлүшү кыйынчылыкка алып келет; 

д) карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз өз алдынча иш алып барган ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол кредиттик союзда жана/же башка финансы-кредит уюмунда кайсыл болбосун башка кредитинин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 30 күндөн ары созулуп кеткен, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо(*); 

е) карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол кредиттик союз жана/же башка финансы-кредит уюму алдында кредиттин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 30 күндөн ары созулуп кеткен, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо жана баардык жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин бир гана төлөө булагы болгон шартта(*). Мында, финансы-кредит мекемесинин алдындагы карыздын ордун жабуу үчүн бир киреше булагы дегенден улам, финансы-кредит уюму тарабынан кредит берүү чечимин кабыл алууда эске алынган жогоруда аталган адамдардын чогуу алгандагы кирешесин, ошондой эле ишкердиктен түшкөн кирешени түшүнүү зарыл. 

(*) Бул белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагында берилген овердрафттарга таркатылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы N 19/7, 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.6. Кредштер шектүү катары төмөнкү учурларда классификацияланат: 

а) карыздардын пайыздар жана/же негизги сумма боюнча төлөмдөрү 61 күндөн 90 күнгө (кошо алганда) чейинки мөөнөткө узартылышы; 

б) кредиттин 2 жолу пролонгацияланышы; 

в) карыз алуучунун финансылык абалынын начарлашы жана карызды төлөй албай калууга дуушар болушу жана кредиттик союздун алдында карызды төлөө мүмкүндүгү күмөн жана ыктымал; 

г) күрөө жокко эсе. 

3.7. Кредиттер төмөндөгү жагдайлардын бири орун алган учурда чыгым тарттырган кредиттерге тиешелүү болот: 

а) пайыздар жана/же негизги сумма боюнча төлөмдөр 90 күндөн көп болбогон мөөнөткө өтүп кеткен болсо; 

б) кредиттердин пролонгациясы 2 жолу жүргүзүлгөн болсо; 

в) төлөй албоочулук же карыз алуучунун банкрот болушу. 

3.8. Кредит чыгым тарпырган кредитке тиешелүү болгондон кийин, кредиттик союз кредиттин негизги суммасынын жана ал боюнча пайыздардын кайтарылышын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Кредитти кайтарып берүүнүн бардык юридикалык мүмкүндүгү болбой калгандан кийин, аны эсепке алуу теңдемден тышкары эсепке алууга өткөрүлүп, ал жерде беш жылдан кем болбогон мөөнөткө эсепке алынууга тийиш. Кредиттер кайтарылып калса карыздын суммасын төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

3.9. Кредиттик союз реструктуризацияланган кредиттерди реструктуризациянын себептерине жараша классификациялоого тийиш, мында кредиттерди классификациялоонун категориясы субстандарттык кредиттен жогору болбоого тийиш. 

3.10. Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол кредиттик союздан алган бардык кредиттерине карата, ошол кредиттер боюнча колдонулуучу классификациянын эң төмөнү (начары) ыйгарылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.11. Кредиттик союздарда башка менчикти классификациялоо:  

1) кредиттик союздардын башка менчиги, башкача айтканда кредиттердин же кредиттерге окшош келген активдердин ордун жабууга кабыл алынган менчик (мүлк), баланста таанылгандан кийин дароо эле субстандарттык катары классификацияланууга тийиш; 

2) эгерде ал кредиттик союз тарабынан төмөнкү мөөнөттөр өткөндөн кийин сатылбаса, башка менчик жоготуу катары классификацияланат: 

- кыймылдуу мүлк үчүн - бир жыл; 

- кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыккан учурдан тартып эки жыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 65/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. РППУну түптөө 

4.1. Кредиттик союздар РППУну кредиттер боюнча мүмкүн болуучу жоготуулардын ордун толтуруу үчүн жетиштүү болгон деңгээлде кармап турууга тийиш. Камдардын суммасы кредиттик союздун кредиттеринин сапатына мезгил-мезгили менен баа берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. 

4.2. РППУ тиешелүү эсепке карата өзүнчө контрактивдик эсепте кредиттик союздун теңдеми боюнча эсепке алынат жана чагылдырылат. Кредиттик союздун реалдуу финансылык абалын аныктоо максатында, РППУ алынган кирешелердин өлчөмүнөн көзкарандысыз чыгашалардын эсебинен, кредиттик союздун кредиттеринин сапатына учурдагы берилген баага дал келген деңгээлдеги камды кармап туруу үчүн жетиштүү суммада түптөлөт. 

4.3. Кредиттердин классификацияланышына ылайык, ар бир кредит боюнча РППУнун талап кылынган өлчөмүн эсептөө чегерүүлөрдүн таешелүү ченемине ылайык жүргүзүлөт. Ар бир кредит боюнча камдарга талап кылынган чегерүүлөр суммаланат жана РППУнун отчеттук мезгилдин акырына карата жыйынтык өлчөмү менен аныкталат. РППУнун адекваттуулугун аныктоо үчүн камдын эсептелген өлчөмү камдын мурдагы классификациялоодо аныкталган өлчөмү менен салыштырылат. Эгерде теңдем боюнча РППУнун өлчөмү анын жыйынтык өлчөмүнө караганда аз болсо, кредиттик союз камды отчеттук мезгилдин акырына карата эсептелген өлчөмүнө ылайык келтирүү үчүн РППУга кошумча чегерүүлөрдү жүргүзүүсү зарыл. Эгерде теңдем боюнча иш жүзүндө түптөлгөн камдын суммасы РППУнун эсептелген суммасынан көп же ага барабар болсо, РППУга кошумча чегерүүлөр жүргүзүлбөйт. 

4.4. Теңдем боюнча РППУнун суммасы отчеттук мезгилдин (айдын) акырына карата жыйынтыгында талап кылынган өлчөмдөн жогору болсо РППУну түптөө боюнча чыгашаларды азайтууга багытталышы мүмкүн. 

4.5. Ар бир кредиттик союз кредитгердин сапатына РППУнун адекваттуулугуна дайыма (айсайын) текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү. Таламдар боюнча пикир-келипшестиктерге жол бербөө максатында РППУнун адекваттуулугуна баа берүү кредиттерди берүүгө байланыштуу болбогон адамдар (бөлүм, комитет) тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. 

4.6. Кредиттик союз кредиттерге баа берүүдө кыйла консервативдүү ыкманы тандап алууга укуктуу, ошондуктан аталган Жобого кошумча катары кредиттик тобокелдиктердин адекваттуулугуна баа берүү боюнча ички жоболорду жана жол-жоболорду ипггеп чыга алат, мында РППУну түптөөгө аталган Жободо белгиленген чегерүүлөрдүн мааниси бузулбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)