Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын “23” апрелиндеги №16/3 

токтому менен бекитилген 

 

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобо 

 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-ноябрындагы №65/1, 2016-жылдын 15-июнундагы №25/2, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10, 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12\20-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясына ээ кредиттик союздарга (мындан ары кредиттик союздар) таркатылат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Жобо, ушул жобонун 8-пункттунда көрсөтүлгөн активдерди классификациялоо боюнча кредиттик союздар үчүн, ошондой эле Улуттук банк тарабынан жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү камды (мындан ары - РППУ) түзүү боюнча минималдуу талаптарды белгилейт.  

3. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын өз учурунда ордун жабуу үчүн, ошондой эле реалдуу финансылык абалды жана иштин эффективдүүлүгүн аныктоо максатында, кредиттик союздар туруктуу негизде, өз активдеринин сапатын баа берүүнү жүргүзүүгө (классификациялоого) жана РППУну активдер боюнча мүмкүн болуучу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн жетиштүү деңгээлде түзүүгө милдеттүү.  

4. РППУ активдердин наркы төмөндөгөн учурда түзүлөт, башкача айтканда кредиттик союздун кардары/өнөктөшү/сунуштоочусу (мындан ары кардар) келишимде каралган шарттарда активдер боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгынан же талаптагыдай аткарбагандыгынан улам, алардын наркынын төмөндөөсү же болбосо мындай милдеттенмелердин аткарбоонун (талаптагыдай аткарбоонун) айкын коркунучтардын орун алышы. 

Активдин наркынын төмөндөөсү чоңдугу активдин сапатына баа берүү учурунда активдин баланстык наркы (актив боюнча карыз калдыгы) жана ушул жободо каралган ченемдерге ылайык, ишке ашырылган баа берүү учурунда анын айкын (күндөлүк) наркы ортосундагы ажырым катары аныкталат.  

Активдерди классификациялоону жүзөгө ашыруу үчүн кредиттик союз, кардардын финансылык абалына жана келишимдин шарттарын аткарылышынын жүрүшүнө дайыма көз салууга тийиш. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен келишимде келишимдин шарттарын кардардын аткаруусуна кредиттик союздун баа берүүсүнө мүмкүндүк берүүчү финансылык жана башка отчетту кардардын мезгил-мезгили менен берип туруусу каралууга тийиш. 

 

 

 

2-глава. УШУЛ ЖОБОДО КОЛДОНУЛУУЧУ НЕГИЗГИ ТҮШҮНҮКТӨР 

 

5. Кредиттик тобокелдик бул кардар өз милдеттерин келишимдин шарттарына ылайык аткарбагандыгынан же тиешелүү эмес түрдө аткаргандыгынан улам, кредиттик союздун активдеринин наркынын төмөндөөсүнүн натыйжасында келип чыккан жоготуу тобокелдиги.  

6. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12\20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

 

3-глава. АКТИВДЕРДИ КЛАССИФИКАЦИЯЛОО БОЮНЧА ЖАЛПЫ ТАЛАПТАР  

 

7. Активдерди классификациялоо кредиттик тобокелдиктин деңгээлине жараша шайкеш РППУну аныктоо үчүн активдердин сапатына дайыма баа берүүгө негизделген.  

8. Классификациялоого тийиш кредиттик союздун активдерине төмөнкүлөр кирет: 

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдер;  

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык финансылык лизингдер;  

- активди төлөөгө кабыл алынган жана/же кредиттик союздун жоготууларынын компенсациялоо катарында кредиттик союздун башка менчиктери;  

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, чыгарылган баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестициялар (акциялар, инвестицияланып жаткан компаниянын капиталына финансылык катыш формасында);   

- өзүндө кайтарылбай калуу тобокелдиктерин камтыган, жогоруда аталбаган кайсыл болбосун башка активдер.  

9. Активдерди классификациялоо алдын ала, анын ичинде төмөндөгүлөрдү анализдөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат:  

1) активдин абалына сандык мүнөздөмөлөрдү, төмөндөгүлөрдү кошо алганда: 

- негизги сумма жана/же кошумча баа/киреше боюнча мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген пландык төлөмдөрдүн бар болуусу; 

- негизги сумма жана/же кошумча баа/киреше боюнча пландык төлөмдөрдү толук эмес (жарым-жартылай) төлөө учурлары;  

2) активдин абалына сапаттык мүнөздөмөлөрдү, анын ичинде:  

- кардардын төлөө жөндөмдүүлүгү, башкача айтканда кардардын өз убагында кошумча баа/киреше боюнча сыяктуу эле, негизги сумма боюнча да пландык төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгү;  

- күрөөнүн абалы жана наркы;  

- кирешенин башка булактарынын болуусу (үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, ишкердиктин башка түрлөрүнөн алынган киреше ж.б.у.с);  

- эгерде кардардын башка финансы-кредит уюмдун алдында башка милдеттенмелер боюнча орду жабылбаган карызы болсо, анда банк активдерди классификациялоо учурунда өзүндө кредиттик тобокелдикти/кредитти камтыган кайсы болбосун башка актив боюнча келишим шарттарынын кардар тарабынан сакталышын эске алууга тийиш. Ушуга байланыштуу, келип түшкөн билдирмени кароодо кредиттик-маалыматтык бюро же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде башка ыкмалар аркылуу алынган маалыматтарды пайдалануу менен кардардын башка финансы-кредит уюмдарынан алынган, өзүндө кредиттик тобокелдикти/кредитти камтыган активдеринин бардыгына көз салып туруу зарыл. Андан ары, каржылоо келишиминин мөөнөтү өтө элек активге мониторинг жүргүзүү процессинде башка финансы-кредит уюмдарынан алынган, өзүндө кредиттик тобокелдикти/кредитти камтыган активдер тууралуу кардардан алынган маалыматтарды, ошондой эле ошол активдер боюнча келишим шарттарынын ал тарабынан сакталышына тиешелүү маалыматтарды эске алуу зарыл. Каржылоо келишиминде/кредиттик келишимде келишим колдонулган мезгил ичинде тиешелүү маалыматтарды жарым жылда кеминде бир жолу кардардын берип турууга милдеттүү экендиги да каралууга тийиш. Мында бардык финансы-кредит уюмдары кардар кредиттик тобокелдикти/кредитти камтыган активдерди алгандыгы жана келишим шарттарын так сактап жаткандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмуна берүүсү үчүн кардардын талабы боюнча 3 (үч) жумуш күнү ичинде ага берүүгө милдеттүү. Активдерди классификациялоону жүргүзүүдө, ушул жобонун талаптарын сактоо менен, бирок таянбастан, активди классификациялоонун тигил же бул категориясына киргизүү үчүн аң сезимдүүлүккө таянуусу зарыл. 

10. Эгерде классификациялануучу актив, активдерди классификациялоонун эки категориясынын ортосунда аралык абалды ээлеген болсо, анда мындай активди эң эле төмөнкү категорияга киргизүү зарыл.  

11. Бир эле кардарга сунушталган бир нече активдерди классификациялоодо кредиттик союз, жүргүзгөн классификацияны эске алуу менен, ошол активдер боюнча жүргүзгөн классификациялоо категорияларынын эң алгылыксызы боюнча ал активдерди классификациялоо зарыл.  

12. Тиешелүү келишимдерде чагылдырылган, кредиттик союз жана анын кардарларынын ортосундагы келишимдик мамиле Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде жана Шариаттын стандарттарын бузууга жол бербей жүзөгө ашырууга тийиш.  

13. Кредиттик союз активдердин сапатына баа берүүнүн кошумча критерийлерин ушул жобонун талаптарын бузууга жол бербей киргизүүгө укуктуу.  

 

4-глава. АКТИВДЕРДИ КЛАССИФИКАЦИЯЛОО 

 

14. Активдерди классификациялоо жана РППУну түзүү максатында, активдердин төмөнкү категориялары белгиленет:  

1) стандарттык активдер; 

2) байкоого алынган активдер;  

3) субстандарттык активдер; 

4) шектүү активдер;  

5) жоготуулар.  

15. Эгерде, үстөк баа/киреше жана/же негизги сумма боюнча пландык төлөмдөр мөөнөтүндө төлөнгөн же 30 күндөн ашпаган мөөнөткө кечиктирилип төлөнгөн учурда, активдер стандарттуу катары саналат, ошондой эле төмөнкү белгилер толук камтылган шартта: 

- кардардын канааттандырарлык финансылык абалы;   

- кардардын ишканасы туруктуу, жакшы капиталдаштырылган болуп саналса;  

- кредиттик союз менен келишимдин шарттарын өз убагында аткаруу;  

- ликвиддүү күрөөнү келишимдин бүт суммасына каржылоо тууралуу келишимдин аткарылышынын камсыз кылынышы;  

- кардардын жакшы кредиттик тарыхы болсо (башкача айтканда, кредиттик союз менен келишимде каралган, кардардын өз милдеттенмелерин аткарууда мөөнөтүндө төлөөлөрдү жүргүзүп турган болсо).  

16. Белгилүү бир начарлоо тенденциясы байкалып жаткан активдер, эгерде мындай активдерге карата тийиштүү чаралар колдонулбаса, жакынкы арада алардын сапатынын начарлоосу мүмкүн болгон активдер, көзөмөл алдында турган активдер деп аталат. 

Кредиттик союз активди төмөнкү белгилердин бири орун алган шартта байкоого алынган актив катары классификациялоого тийиш:  

- кардардын финансылык абалынын начарлоо тенденциясынын пайда болушу;  

- рыноктук шарттардын өзгөрүүсү, алар кардардын кредиттик союз менен бекиткен келишимдин шарттарын аткаруусуна таасир тийгизиши мүмкүн;  

- кардар тарабынан келишимдин шарттарын аткаруу графигин 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузуу;  

- пландык төлөмдөрдүн графигин 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;   

- келишимге ылайык, товарларды берүү мөөнөтүнүн 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын графигинин 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу; 

- үчүнчү тараптар тарабынан келишимдерди аткаруу мөөнөтүнүн 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулушу;  

- алар боюнча документтердин жетишпестиги же ага баа берүү боюнча тиешелүү эксперттердин жоктугунан кредиттик союз үчүн күрөө боюнча мониторинг жүргүзө албастык;  

- күрөөнүн ликвиддүүлүгүнүн күтүлүп жаткан төмөндөөсү (баалардын төмөндөшү, валюта курсунун түшүшү); 

- активди реструктуризациялоонун болуусу.  

- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12\20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту); 

- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча каржыланган активдерди эске албаганда, башка финансы-кредит уюмдарында кайсы болбосун башка актив боюнча орду жабылбаган карызы болсо. Эскертүү: бул абзацта белгиленген талап эмгек акы долбоорунун алкагында овердрафтка таркатылбайт; 

- кардар-жеке адамдын же жеке ишкердин жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын карыздын ордун жабуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, баардык жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин бир гана төлөө булагы болгон шартта. 

Бул жерде бир гана төлөө булагы дегенден улам, актив берүү чечимин кабыл алууда финансы-кредит уюму тарабынан ошол адамдардын чогуу алгандагы кирешесин, анын ичинде ишкердиктен алган кирешесин түшүнүү зарыл; 

Эскертүү: бул абзацта көрсөтүлгөн белги эмгек акы долбоорлорунун алкагында овердрафтарга таркатылбайт.  

17. Субстандарттык активдер катары анда белгилүү бир терс тенденциялар байкалган активдер саналат, бул учурда кредиттик союз кошумча РППУну түзүүгө жана/же активдин сапатын жакшыртууга багытталган тиешелүү чараларды кабыл алууга тийиш.  

Кредиттик союз активди төмөнкү белгилердин бири орун алган шартта субстандарттык актив катары классификациялоого тийиш:  

- кардар тарабынан келишимдин шарттарын аткаруу графигин 31 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөттө бузуу;  

- пландык төлөмдөрдүн графигин 31 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөттө бузулушу;  

- келишимге ылайык, товарды берүү мөөнөттөрүн 31 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөттө бузулушу;   

- долбоорду жүзөгө ашыруу, келип түшкөн финансылык агымдардын графигин 31 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөттө бузулушу;  

- үчүнчү тараптар тарабынан келишимди аткаруу мөөнөттөрүн 31 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөттө бузуу;  

- кардардын финансылык абалы тууралуу анык эмес, терс маалыматынын болуусу;   - актив күрөө менен толук камсыздалбаса жана күрөөнүн сапатынын начарлоосу байкалса, же болбосо күрөөнүн баасы төмөндөсө;  

- кайрадан реструктуризацияланган актив болуусу.  

18. Шектүү активдерге, кардар тарабынан келишим менен каралган милдеттенмелердин аткарылбоо тобокелдигин камтыган белгилүү жетишпестиктер (жетишпестик) же алгылыксыз жактар мүнөздүү, ага байланыштуу карыздын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү шектүү жана ишеними аз болуп калат. Эгерде жетишпестиктер жоюлбаган учурда, анда кредиттик союздун олуттуу жоготууларды тартуу ыктымалдуулугу бар.  

Кредиттик союз активди төмөнкү белгилердин бири орун алган шартта шектүү актив катары классификациялоого тийиш:  

- кардар тарабынан келишимдин шарттарын аткаруу графигин 91 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөттө бузуу;  

- пландык төлөмдөрдүн графигин 91 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөттө бузулушу;   - келишимге ылайык, товарларды берүү мөөнөттөрүн 91 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөттө бузулушу;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдардын графигин 91 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөттө бузулушу;  

- үчүнчү тарап тарабынан келишимдин аткаруу мөөнөттөрүн 91 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөттө бузуу;  

- кардардын финансылык абалы тууралуу анык терс маалыматынын болуусу;   

- кредиттик союз менен макулдашылган, бизнес-план менен каралбаган кардардын чыгым алып келген ишкердик;  

- кредиттик союз менен кардардын ортосунда келишимдеги көрсөтүлгөн сунуштоо мөөнөттөрүнө ылайык долбоордун жүзөгө ашырылышынын жана бизнес-пландын аткарылышын жүрүшү жөнүндө маалыматтын жоктугу;  

- долбоордун жүзөгө ашырылышына тийиштүү негизде мониторинг жүргүзүү, анын ичинде каржылоо обьектерине баруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;   

- кардардын финансылык абалынын олуттуу начарлоосу (же кардар кудуретсиздик абалга дуушар болуу мүмкүндүгүндө турса);  

- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12\20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту); 

- күрөөлүк жана/же кепилдик камсыздоонун кыйла начарлоосу (же иш жүзүндө колдо болбошу) жана кардардын кошумча күрөөлүк же кепилдик камсыздоону сунуштоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу.   

18-1. Кайрадан реструктуризацияланган актив төмөнкү учурларда «шектүү» катары классификацияланууга тийиш: 

- актив кайрадан реструктуризациялангандан кийин, кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графигин 30 күндөн ашык мөөнөткө бузууга жол берилсе; 

- актив кайрадан реструктуризациялангандан кийин, пландык төлөмдөр графигин 30 күндөн ашык мөөнөткө бузууга жол берилсе; 

- актив кайрадан реструктуризациялангандан кийин, келишимге ылайык, товарларды берүү мөөнөттөрүн 30 күндөн ашык убакытка бузууга жол берилсе; 

- актив кайрадан реструктуризациялангандан кийин, долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдар графигин 30 күндөн ашык мөөнөткө бузууга жол берилсе; 

- актив кайрадан реструктуризациялангандан кийин, үчүнчү тарап контракттарды аткаруу мөөнөттөрүн 30 күндөн ашык мөөнөткө бузууга жол берсе. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12\20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Кредиттик союз активди төмөнкү белгилердин бири орун алган шартта активди жоготуу катары классификациялоого тийиш:  

- кардар тарабынан келишимдин шарттарынын аткаруу графигин 180 күн жана андан ашык мөөнөткө бузуу;  

- пландык төлөмдөрдүн графигин 180 күн жана андан ашык мөөнөткө бузулушу;   

- келишимге ылайык, товарларды берүү мөөнөттөрүн 180 күн жана андан ашык мөөнөткө бузулушу;  

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдарынын графигин 180 күн жана андан ашык мөөнөткө бузулушу;  

- үчүнчү тарап тарабынан контрактын аткаруу мөөнөттөрүн 180 күн жана андан ашык мөөнөткө бузуу;  

- кредиттик союз катышкан долбоор келишимге ылайык жүзөгө ашырылган эмес; 

- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12\20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту); 

- күрөөлүк камсыздоонун жоктугу же сатып өткөрүү рыногунун жөнгө салынбагандыгынан күрөөнү сатуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;  

- кардардын кредиттик союз менен келишим шарттарын аткаруудан баш тартышы, жөндөмсүздүгү;   

- кардардын кредиттик союз менен кызматташууга каалоосунун жоктугу же болбосо кардардын жоктугу;  

- кардардын банкрот болушу. 

20. Активди жоготуулар катары классификацияланган активдердин категориясына киргизгенден кийин кредиттик союз, активдин негизги суммасын жана ал боюнча кошумча суммасын/кирешелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сот органдарына кайрылууну кошо алганда, кайтарылышын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Эгерде бардык көрүлгөн чаралар ушул активдин кайтарылышын камсыз кылбаган учурда, анда ал 5 жылдан кем эмес системадан тышкары эске алынат. Активдерди кайтарылган учурда, карыздын ордун жабуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.  

21. Кредиттик союздардын реструктуризацияланган активдерин классификациялоо 

Реструктуризацияланган активдер - бул, кредиттик союз кардардан карызын кайтарып алууну камсыз кылуу максатында, келишим шарттарын өзгөртүү (милдеттүү түрдө жаңы келишим түзүү же каржылоо келишимине карата кошумча келишим түзүү) аркылуу, кардарга өз алдынча тартипте, преференция (жеңилдик) берүүнү көздөп жаткан кредиттер.  

Реструктуризациялоо дегенден улам, төмөнкүлөрдү түшүнүү зарыл:  

- кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу, ага каржылоонун ордун жабуу боюнча кыйла ыңгайлуу шарттарды сунуштоо аркылуу, колдонуудагы каржылоо келишиминин шарттарын өзгөртүү;  

- негизги каржылоо суммасынын бөлүгүн эсептен алып салуу (кечүү) аркылуу келишим шарттарын өзгөртүү.  

Каржылоо келишиминин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу болбосо, анда активди реструктуризациялоо болуп саналбайт (мисалы, актив валютасын чет өлкө валютасынан улуттук же башка валютага которуу). 

21-1. Эгерде, классификацияланбаган актив боюнча реструктуризациялоо ишке ашырылып жана акыркы 3 ай ичинде кеминде бир жолу төлөмдөр  толугу менен же алардын бөлүгү 30 күндөн көбүрөөк мөөнөткө кечиктирилип төлөнгөн болсо, анда бул жагдай реструктуризацияланган актив боюнча кардар финансылык кыйынчылыкка дуушар болушу ыктымалдыгын шарттаган көрсөткүч болуп эсептелиши мүмкүн.  

21-2. Реструктуризациялоо классификацияланган сыяктуу эле, классификацияланбаган активдерге да колдонулат.   

21-3. Классификацияланган реструктуризацияланган активди Жобонун 21-5-пунктунун шарттары аткарылганга чейин классификацияланбаган активдерге киргизүүгө болбойт.  

21-4. Кардар финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда, ушул каржылоо боюнча күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүнүн эсебинен карыздын бир бөлүгүн төлөө аркылуу каржылоо келишимине өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, каржылоону реструктуризациялоо катары каралууга тийиш.   

21-5. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын орду жабылган шартта, «шектүү» же «жоготуулар» катары классификацияланган активдер «субстандарттык» категориясына которулат. Мында кредиттик союз, классификацияланган «субстандарттык» активди классификацияланбаган активдер категориясына төмөнкү шарттар аткарылган учурда гана которо алат: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалар болбогон шартта; 

- акыркы үч төлөмдү графикке ылайык, өз учурунда толук төлөө;  

- кардар тарабынан реструктуризациялоо шарттарынын сакталбай калышына алып келүүчү жагдайлар болбосо. 

 

6-глава. КРЕДИТТИК СОЮЗДУН МЕНЧИГИНДЕ ТУРГАН БАШКА МҮЛКТҮ КЛАССИФИКАЦИЯЛОО  

 

22. Активдин ордун жабууга жана/же кредиттик союздун жоготууларын компенсациялоо катары кабыл алынган кредиттик союздун башка менчиги алгач баланста таанылгандан кийин субстандарттык катары классификацияланат.  

23. Активдин ордун жабууга жана/же кредиттик союздун жоготууларын компенсациялоо катары кабыл алынган кредиттик союздун башка менчиги, эгерде төмөнкү мөөнөттөр өткөндөн кийин сатылбаса, жоготуу катары классификацияланат:  

1) кыймылдуу мүлк үчүн бир жыл;   

2) мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди эске албаганда, кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыккан учурдан тартып үч жыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

7-глава. ПОТЕНЦИАЛДУУ ЖОГОТУУЛАРДЫН ЖАНА ЧЫГЫМ ТАРТУУЛАРДЫН ОРДУН ЖАБУУГА КАМ  

 

24. Кредиттик союздар РППУну потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн жетиштүү деңгээлин колдоп турууга милдеттүү. Кам суммасы, кредиттик союздун активдеринин сапатына мезгил-мезгили менен баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат. 

25. РППУ, кредиттик союздун балансы боюнча тиешелүү эсепке карата өзүнчө контрактивдик эсепте эске алынат жана чагылдырылат.  Кредиттик союздун айкын реалдуу абалын аныктоо максатында, РППУ чыгашалардын эсебинен түзүлөт, мында ал алынган кирешенин көлөмүнө көз карандысыз, камды кредиттик союздун активдеринин сапатынын күндөлүк баа берүүгө тиешелүү деңгээлде колдоого алуу үчүн жетиштүү суммада жүргүзүлөт. 

26. РППУ эки бөлүктөн турат жалпы жана атайы камдар. Жалпы камдар  классификацияланбаган активдерден, ал эми атайы камдар кредиттик союздун классификацияланган активдери боюнча түзүлөт.  

27. Улуттук банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкү өлчөмдөрүн белгилейт: 

1) жалпы кам:  

- стандарттык- 0%; 

- байкоо алынган активдер 10%; 

2) атайы кам:  

- субстандаpттык - 25 %;  

- шектүү - 50 %;  

- жоготуулар -100 %.  

28. Активдерди классификациялоого ылайык, өзүндө тобокелдикти камтыган ар бир актив боюнча талап кылынган өлчөмдөгү РППУ чегерүүлөрдүн белгиленген нормаларына ылайык эсептелет. РППУнун шайкештигин аныктоо үчүн камдын эсептелген өлчөмү буга чейинки классификациялоодо аныкталган кам өлчөмүнө салыштырылат. Эгерде баланс боюнча РППУ өлчөмү анын жыйынтыкталган өлчөмүнөн аз болсо, кредиттик союз аны отчеттук мезгилдин акырына эсептелген өлчөмгө ылайык келтирүү максатында РППУга кошумча чегерүүлөрдү ишке ашырууга тийиш. Эгерде айкын түзүлгөн сумма баланс боюнча РППУнун эсептелген суммасынан ашса же ага барабар болсо, РППУга кошумча чегерүүлөр жүргүзүлбөйт. 

29. РППУнун баланс боюнча суммасы отчеттук мезгилдин (айдын) акырына жыйынтыкталган, талап кылынган өлчөмдөн ашкан болсо,  РППУну түзүү боюнча чыгашаларды азайтууга багытталышы мүмкүн. 

30. Кредиттик союз РППУ активдеринин сапатынын шайкештүүлүгүнө ай сайын текшерүү ишин жүргүзүп турууга милдеттүү. Таламдардын дал келбей калышына жол бербөө максатында, РППУнун шайкештигине баа берүүлөр актив берүүгө байланышы жок жак (бөлүм, комитет) тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. 

31. Кредиттик союз активдерге баа берүүдө консервативдүү ыкманы тандоого укуктуу. Ушул максаттарда кредиттик союз, ушул жобонун талаптарын бузбаган, кредиттик тобокелдиктердин шайкештүүлүгүнө баа берүү боюнча ички жол-жоболорун иштеп чыгышы мүмкүн.