Кайта келүү

Улуттук банктын  

Көзөмөл боюнча  

комитетинин  

2016-жылдын 9 июнунда 

№ 24/1 токтому менен  

БЕКИТИЛГЕН 

 

Микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетун толтуруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1, 29.06.2017-ж. №22/2, 08.02.2018-ж. №06/2, 02.07.2018-ж. №30/5 токтомдору менен бекитилген) 

 

1-ГЛАВА.  

Жалпы жоболор 

 

1. Бул Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетун толтуруу боюнча усулдук көрсөтмөдө (мындан ары усулдук көрсөтмө), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан микрофинансылык компаниялар (мындан ары МФК) тарабынан анын ичинде «ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялар «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого карата тиркемелерди төмөнкү бөлүктөр боюнча толтуруу тартибине түшүндүрмөлөр берилген: 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

- Титулдук барак; 

- МФКнын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөлөрү, негизги уюштуруучулары (акционерлери) жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалымат; 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

- МФКнын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат; 

- МФК жөнүндө базалык маалымат; 

- 1-бөлүк. Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет

- 2-бөлүк.Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет; 

- 3-бөлүк. Капитал; 

- 4-бөлүк. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер жөнүндө маалымат, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо; 

- 5-бөлүк. Депозиттер; 

- 6-бөлүк. МФКнын активдеринин жана милдеттенмелеринин пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышына талдап-иликтөөлөрдү (ГЭП-анализ) жүргүзүү

- 7-бөлүк. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камда (мындан ары текст боюнча - РППУ) өзгөрүүлөр; 

- 8-бөлүк. Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат; 

- 9-бөлүк. Кызматкерлер менен келишилген бүтүмдөр жөнүндө маалымат; 

- 10-бөлүк. Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат. 

- 11-бөлүк. Кардарларга сунушталган кредиттер жөнүндө маалымат; 

- 12-бөлүк. Чечмелөөлөр; 

- 13-бөлүк. Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет. 

Эскертүү. Ушул усулдук көрсөтмөдө берилбеген бөлүктөр Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык толтурулат. 

Бардык сумма миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш (чет өлкө валютасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде көрсөтүлөт). 

1-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялар боюнча маалыматты чечмелөө үчүн арналган, мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун бөлүктөрүөлүкчөлөрү «ислам терезесине» ээ МФК тарабынан гана толтурулат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

2-ГЛАВА.  

Титулдук барак 

2. Титулдук баракта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:  

- катталган күнү жана чыгыш номери; 

- отчет даярдалган күн (мисалы, 2015-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча отчет күндүн акырында даярдалган отчет болуп саналат); 

- отчет даярдалып бүткөн күн; 

- мезгил аралыгы - «чейректик», «жылдык» же «корректировкалоо». Чейректик отчетту сунуштоодо «чейректик» деген сөздүн астын сызып коюу талап кылынат. Жылдык болуп эсептелген 4-чейрек үчүн отчетту берүүдө «жылдык» деген сөздүн асты сызылат. Корректировкаланган отчетту сунуштоодо «корректировкалоо» сөзүн белгилеп коюу зарыл. Эгерде, техникалык мүнөздөгү каталар орун алса, отчетту корректировкалоого жол берилет. Бул учурда өзгөртүүлөр киргизилген отчеттун формалары гана сунушталып, киргизилген өзгөртүүлөр боёлуп (маркер менен) көрсөтүлөт; 

- жүргүзүлгөн аудиттин же текшерүүнүн түрү төмөнкү саптардын бири же экөөсү көрсөтүлөт:  

а) ички текшерүү эгерде текшерүү ички аудит же ревизор тарабынан жүргүзүлгөн болсо;  

б) корутундусуз аудит эгерде сунуш-көрсөтмөлөрдү берүүсүз, банк операциялары жана бухгалтердик эсепке алуулар туура жүргүзүлгөндүгү жөнүндө корутунду берүү менен гана чектелген аудит жүргүзүлсө

в) корутунду берүү менен ишке ашырылган аудит аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында МФКга банк операциялары жана бухгалтердик эсепке алуу туура жүргүзүлгөндүгү жөнүндө аудитордук корутундудан тышкары, ишкердикти жакшыртуу жана/же өркүндөтүү үчүн сунуш-көрсөтмөлөр жана иш-чаралар планы сунушталса

- отчет берип жаткан МФКнын аталышы басма тамгалар менен берилет; 

- тышкы аудитордук фирма жылдык отчетту сунуштоодо толтурулат; 

- МФКнын Директорлор кеңешинин төрагасынын же болбосо төрага жок учурда аны алмаштырган Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн, Башкарма мүчөсүнүн, башкы бухгалтердин, отчетту даярдоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган Башкарма мүчөсүнүн күбөлөндүрүүчү кол тамгалары; 

- отчеттун түзүлүшү, сунушталышы үчүн жооп берген кызматкердин кызмат орду, аты-жөнү жана телефон номери менен анын кол тамгасы.  

- МФК «ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырат, мында МФК «ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашыра тургандыгы же ашырбастыгы көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

3-ГЛАВА.  

МФКнын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөлөрү, негизги уюштуруучулары (акционерлери) жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалымат 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

3. МФКнын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- аты-жөнү;  

- иштеген жери; 

- кызмат орду;  

- иштеген жеринин, уюлдук телефонунун номери (номер кодун кошо көрсөтүү менен);  

- кол тамга үлгүсү.  

4. МФКнын Башкармасынын мүчөлөрү тууралуу маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- аты-жөнү;  

- кызмат орду;  

- иштеген жеринин, уюлдук телефонунун номери (номер кодун кошо көрсөтүү менен);  

- кол тамга үлгүсү.  

5. МФКнын негизги уюштуруучулары (акционерлери) тууралуу маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- аты-жөнү;  

- иштеген жери; 

- кызмат орду;  

- иштеген жеринин, уюлдук телефонунун номери (номер кодун кошо көрсөтүү менен). 

Акционердик коомдун добуш берүү укугуна ээ акцияларынын (кандай болбосун түрдөгү) он жана андан көп, ал эми акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын он жана андан көп пайызына ээлик кылган негизги уюштуруучулар (акционерлер) негизги уюштуруучу (акционер) болуп саналат.  

Эскертүү: мындай маалымат отчеттук мезгилге карабастан жылдык отчетто же өзгөртүүлөр киргизилген учурда сунушталат. 

5-1. Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалымат төмөнкү маалыматтарды камтыйт: 

1) аты-жөнү

2) иштеген жери; 

3) кызматы; 

4) иш боюнча телефон номери (номердин кодун кошо алганда); 

5) кол тамгасынын үлгүсү

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

4-ГЛАВА.  

МФКнын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат 

 

6. МФКнын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат ар жылдык отчетто же өзгөртүүлөр киргизилген учурда берилет жана анда төмөнкүдөй айрым кызмат адамдарынын (же аларга тең кызмат ордун ээлеген адамдардын) тизмеги камтылат:  

- башкы бухгалтер; 

- ликвиддүүлүктүн тескөөгө алынышы үчүн жоопкерчиликтүү кызмат адамы; 

- бюджет үчүн жоопкерчиликтүү кызмат адамы; 

- кредиттик иш үчүн жоопкерчиликтүү кызмат адамы; 

- Аудит боюнча комитеттин Төрагасы; 

- Ички аудит кызматынын/бөлүмүнүн жетекчиси. 

2, 3, 4-пункттарда көрсөтүлгөн кызмат адамдар МФКнын колдонмосун сунуштап, бүтүндөй МФКнын ишине тиешелүү багыттар боюнча саясаттын жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат.  

7. Ар бир кызмат адамы боюнча төмөнкү маалымат көрсөтүлүүгө тийиш:  

- аты-жөнү;  

- кызмат орду;  

- иштеген жеринин телефон номери; 

- кол тамга үлгүсү.  

8. МФКнын белгилүү бир иш багыттары үчүн жооптуу кызмат адамдарына жүктөлгөн милдеттер документардык түрдө тастыкталууга тийиш.  

 

5-ГЛАВА.  

МФК жөнүндө базалык маалымат 

 

9. МФК жөнүндө базалык маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- «отчет берип жаткан МФКнын толук аталышы» МФКнын толук расмий аталышы; 

- «дареги»:  

a) «шаар» МФКнын башкы кеңсеси жайгашкан шаардын же калктуу пункттун аталышы;  

б) «көчө, имараттын номери» - башкы кеңсенин имараты жайгашкан көчөнүн аталышы жана номери;  

в) «почта индекси» - почта бөлүмүнүн индекси; 

г) «почта ящиги» - почта бөлүмүндөгү почта ящиги; 

- «расмий жарыяланган байланыш түйүнү»:  

a) «телефону» - МФКнын расмий телефон номери; 

б) «факс» МФКнын расмий факсынын номери;  

в) «электрондук почта» - МФКнын электрондук почтасынын расмий дареги жана/же расмий веб-сайты; 

- «уставдык капитал суммасы»: 

а) «жарыяланган» МФКнын жарыяланган уставдык капиталынын суммасы; 

б) «айкын салынган» МФКнын айкын салынган уставдык капитал суммасы; 

- «31-декабрына карата абал боюнча төлөнгөнү» бул таблицада сатылган акциялардын (жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар) номиналдык наркы, алардын сапаты жана ар бир номиналдын жалпы наркы, ошондой эле бардык акциялардын жалпы саны жана отчеттук күнгө чейинки жылдын 31-декабрына карата абал боюнча алардын жалпы наркы көрсөтүлөт.  

Эскертүү: Маалымат толук эмес болсо жана/же отчетко тиешелүү бардык башка маселелер боюнча маалымат жетишсиз болсо, Улуттук банк ушул главада көрсөтүлгөн маалыматты пайдаланат.  

 

6-ГЛАВА.  

1-бөлүк. Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет 

 

10. Финансылык абал жөнүндө отчетто регулятивдик отчет көз карашынан МФКнын финансылык абалына тиешелүү кыйла олуттуу статьялар чагылдырылат.   

11. Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет төмөнкүдөй үч тилкеден турат:  

1) финансылык абал жөнүндө отчеттун статьяларынын аталышы; 

2) статьянын сом түрүндөгү маанилери; 

3) үчүнчү тилкеде Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча чет өлкө валютасындагы баланстык статьялардын сом түрүндөгү эквиваленти бөлүп көрсөтүлөт.  

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчеттун статьяларындагы сумма (каржылоодон тышкары) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга (мындан ары РППУ) тиешелүү сумманы, амортизациялык чегерүүлөрдү жана дисконтту/сый акыны (активдердин таза наркы) эсептеп алып салуу менен көрсөтүлөт. 

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет финансылык инструменттер боюнча (коммерциялык банктар менен СВОПоперациялар жана «Back to back» операциялары) утурлама активдердин жана милдеттенмелердин суммасын эсепке алуусуз түзүлөт. Мында ал сумма Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетко карата түшүндүрмө тил катта өзүнчө кеңири жана чечмеленип берилүүгө тийиш.  

 

§ 1. 1. А. «Активдер» бөлүкчөсү 

 

«Акча каражаттары» деп аталган 1-статьяда жүгүртүү кассасындагы банкнотторду жана монеталарды кошо алганда, акча каражаттардын суммасы, ошондой эле сом түрүндөгү банкноттор жана монеталар, анын ичинде Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча чет өлкө валютасы сом эквивалентинде көрсөтүлөт 

«Улуттук банктагы эсеп» деп аталган 2-статьяда депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн белгиленген милдеттүү камдык талаптарды эсептешүү максатында Улуттук банктагы депозиттик эсепте турган акча каражаттар чагылдырылат. 

«Башка банктардагы жана финансы мекемелериндеги эсептешүү эсептери» деп аталган 3-статьяда банктардагы же финансы мекемелериндеги эсептешүү жана депозиттик эсептерде турган акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт. Калдыктарда бардык валюта түрлөрүнүн суммасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата курсу боюнча сом эквивалентинде камтылат. 

«Башка банктардагы жана финансы мекемелериндеги депозиттер» деп аталган 4-статьяда чет өлкө валютасын кошо алганда, анын ичинде банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында күрөө катары депозитте жайгаштырылган акча каражаттарын депозиттик эсептерде турган акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт.  

«Баалуу кагаздар» деп аталган 5-статьяда МФКга таандык төмөнкүдөй баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт: соодалык баалуу кагаздар портфели, сатууга жарактуу баалуу кагаздар жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар

«Финансы-кредит уюмдарына кредиттер» деп аталган 6-статьяда тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен отчеттук күнгө карата финансы-кредит уюмдарына сунушталган кредиттердин (анын ичинде, факторинг) жана финансылык ижаранын (лизинг) негизги суммасы боюнча калдык көрсөтүлөт. 

«Кардарларга кредиттер жана финансылык ижара» деп аталган 7-статьяда финансы-кредит уюмдарынан тышкары, тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен отчеттук күнгө карата кардарларга сунушталган кредиттердин жана финансылык ижаранын (лизинг) негизги суммасынын калдыгы көрсөтүлөт. 

«Потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган атайы кам (атайы РППУ)» деген 8-статьяда финансы-кредит уюмдарына жана башка кардарларга сунушталган классификацияланган кредит жана финансылык ижара (лизинг) боюнча түзүлгөн потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайы кам өлчөмү көрсөтүлөт (6 жана 7-статьялар боюнча).  

«Таза кредиттер жана финансылык ижара» деген 9-статьяда алар боюнча атайы потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды минуска чыгаруу менен кредиттер жана финансылык ижара (лизинг) наркы көрсөтүлөт (8-статьяны минуска чыгаруу менен 6 жана 7-статьялар суммасы). 

«Негизги каражаттар» деген 10-статьяда МФКнын ээлигинде же пайдалануусунда турган жер аянтынын жана/же жер тилкесинин, имараттардын жана башка курулмалардын наркы, транспорттук каражаттарды кошо алганда, эмеректин жана жабдуу наркы, ошондой эле курулушка же капиталдык ремонтко кеткен материалдын, иштин жана андан улам келип чыккан башка капиталдаштырылган чыгашалардын наркы негизги амортизациялоо каражаттарына чегерилгендерди минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт. Негизги каражаттар төмөнкүдөй топтор боюнча көрсөтүлүүгө тийиш: а) жер аянты жана имараттар; б) башка негизги каражаттар. 

«Ажыратылып алынган активдер» деп аталган 11-статьяда МФК тарабынан ссуда алуучудан активдин ордун жабууга кабыл алынган кыймылсыз мүлк жана башка менчик (мурдагы күрөөлүк мүлк) көрсөтүлөт, алар ссуда алуучулардын кыймылсыз мүлкү жана башка менчиги болуп экиге бөлүнөт.  

«Консолидацияланбаган компанияларга капиталдык салымдар» деген 12-статьяда ушул отчетто консолидацияланбаган, филиалдарды жана ассоциацияланган компанияларды кошо алганда, компанияларга капиталдык инвестициялардын суммасы көрсөтүлөт. 

«Башка активдер» деп аталган 13-статьяда эсептердеги акча каражаттарын кошо алганда, жогоруда белгиленбеген, активдердин баланстык наркы көрсөтүлөт: 

а) алууга чегерилген пайыздар берилген кредиттер, баалуу кагаздар, депозиттер боюнча алууга чегерилген пайыздар суммасы чагылдырылат; 

б) төлөнгөн алдын ала төлөөлөр келишим шарттарына ылайык МФКнын башка тараптарга аванс түрүндө төлөгөн суммасы көрсөтүлөт; 

в) такталбаган дебитордук сумма тактоого чейинки акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт; 

г) башка активдер жогоруда көрсөтүлбөгөн, МФКнын башка активдеринин суммасы көрсөтүлөт; 

д) Минус: башка активдер боюнча мүмкүн болуучу чыгымдардын жана жоготуулардын ордун жабууга кам МФКнын жогоруда көрсөтүлгөн башка активдерине карата атайы РППУ суммасы көрсөтүлөт. 

«БАРДЫГЫ БОЛУП, АКТИВДЕР» деген 14-статьяда 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 9, 10, 11, 12 жана 13-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

 

§ 2. 1.Б. Милдеттенмелер бөлүкчөсү 

 

«Юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери» деген 15-статьяда - юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери» деген 16-статьяда - жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«Алынган кредиттер жана насыялар» деп аталган 17-статьяда МФК тарабынан төмөнкүлөрдөн алынган кредиттердин жана насыялардын суммасы көрсөтүлөт. Калдык сом түрүндө, ошондой эле чет өлкө валютасында төмөнкү статьялар боюнча көрсөтүлөт: 

а) банктардан; 

б) Кыргыз Республикасынын башка финансылык мекемелеринен; 

в) эл аралык донордук уюмдардан жана донорлордон; 

г) эл аралык ФКУлардан; 

д) мамлекеттик бийлик органдарынан; 

е) уюштуруучулардан (жеке адам-акционерлер) МФКнын уюштуруучу (акционер) жеке адамдардан карызга алган каражаттарынын жалпы суммасы көрсөтүлөт; 

д) уюштуруучулардан (юридикалык жак-акционерлер) МФКнын уюштуруучу (акционер) юридикалык жактардан карызга алган каражаттарынын жалпы суммасы көрсөтүлөт; 

з) башка юридикалык жактардан - МФКнын жогоруда белгиленбеген башка юридикалык жактардан карызга алган каражаттарынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«Шарттуу гранттар» деп аталган 18-статьяда отчеттук күнгө карата алынган гранттардын сом түрүндө, анын ичинде чет өлкө валютасында калдык суммасы көрсөтүлөт. 

«Башка милдеттенмелер» деген 19-статьяда эсептердеги акча каражаттарды кошо алганда, буга чейинки статьяларда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер көрсөтүлөт. Бул статьянын мааниси 4.Б. «Жалпы камдар» деп аталган бөлүгүнүн 8-тилкесинин «Бардыгы болуп кредиттер» деген 4-статьясынын маанисине барабар болууга тийиш: 

а) төлөөгө чегерилген пайыздар алынган депозиттер, кредиттер боюнча төлөөгө чегерилген пайыздардын суммасы көрсөтүлөт; 

б) төлөөгө карата салыктар МФКнын бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон милдеттенмелеринин суммасы көрсөтүлөт; 

в) төлөөгө карата дивиденддер акционерлерге төлөнүүгө тийиш болгон акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт; 

г) башкалар баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУну кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер көрсөтүлөт. 

«БАРДЫГЫ БОЛУП МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР» деген 20-статьяда 15, 16, 17, 18 жана 19-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

 

§ 3. 1. В. Капитал бөлүкчөсү 

 

«Акционердик капитал» деген 21-статьяда - акционердик капиталдын мааниси төмөнкүлөр боюнча өзүнчө көрсөтүлөт: 

а) кадимки акциялар - МФКнын жөнөкөй акцияларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт; 

б) артыкчылыктуу акциялар - МФКнын артыкчылыктуу акцияларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт; 

в) номиналдан үстөк салынган капитал - акционерлер акциялардын номиналдык наркынан үстөк салынган акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт

в-1) «Жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал» - эгерде МФК жеке адамдар жана юридикалык жактар менен кайтарылып алынгыс (кандай болбосун жагдайларга карабастан), салынган каражаттардын мөөнөтүн белгилөөсүз, ошондой эле МФК банкроттукка учураган шартта бул каражаттар боюнча талаптар акционерлер үчүн белгиленген кезекте эле канааттандырыла тургандыгы жөнүндө шарттарда МФКнын уставдык капиталындагы акцияларды сатып алуунун эсебинен каражаттарды салуу келишимин түзгөн учурда гана жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан төлөнгөн уставдык капиталдан үстөк же кошумча капитал катары салынган акча каражаттар көрсөтүлөт. Кийинчерээк жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан кошумча салынган акча каражаттар МФКнын уставдык капиталына (жөнөкөй жана/же артыкчылыктуу акциялар) багытталып, ал эми ошол адамдар сунушталган каражаттардын суммасына чыгарылган акцияларды сатып алууга шартсыз укукка ээ болууга тийиш. 

г) бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгым) - МФКнын бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгым) суммасы көрсөтүлөт;  

г1) өткөн мезгилдердеги пайда (чыгым) каражаттардын бир бөлүгүн акционерлер ортосунда бөлүштүргөндөн кийин жана МФК келечекте керектөөсү үчүн камга чегергенден кийин калган өткөн жылдардагы пайда же чыгым көрсөтүлөт; 

г2) өтүп жаткан жыл ичинде пайда (чыгым) - өтүп жаткан жылы катталган пайда (чыгым) көрсөтүлөт; 

д) келечекте керектөө үчүн кам - МФК келечекте иш жагдайы боюнча пайдалануусу үчүн пайданы бөлүштүрүүнүн эсебинен түзүлгөн камдардын суммасы чагылдырылат. 

«Жалпы камдар» деп аталган 22-статьяда МФКнын активдерине кайра баа берүүнүн эсебинен түзүлгөн МФКнын камдарынын көлөмү, консолидациялоо учурунда валютаны кайра эсептөөнүн натыйжасында түзүлгөн айырма жана кредиттер жана финансылык ижара, ошондой эле төмөнкүдөй башка классификацияланган активдер боюнча жалпы РППУ көлөмү көрсөтүлөт: 

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам негизги каражаттарды кайра баалоо суммасы көрсөтүлөт; 

б) баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам баалуу кагаздарды кайра баалоодон улам алынбаган киреше жана чыгаша чагылдырылат; 

в) кредиттер жана финансылык ижара боюнча РППУ - кредиттер жана финансылык ижара боюнча жалпы РППУ суммасы көрсөтүлөт; 

г) башка активдер боюнча жалпы РППУ классификацияланууга тийиш болгон башка активдер боюнча жалпы РППУ суммасы көрсөтүлөт; 

д) башка жалпы камдар - башка жалпы камдар суммасы көрсөтүлөт; 

Пайданы теңештирүүгө кам (РВП)» деген 22-1-статьяда МФКнын Директорлор кеңешинин чечими боюнча инвестициялык эсеп ээлеринин инвестициялары боюнча белгилүү бир кирешелүүлүк деңгээлин колдоо максатында, бөлүштүрүлгөнгө чейинки дүң пайдадан бөлүнгөн мударибдин үлүшүнүн суммасы көрсөтүлөт. 

«Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам (РВИ)» деген 22-2-статьяда (эгер мындай болгон болсо), инвестициялык эсеп ээлеринин келечектеги инвестициялык чыгым тартуу тобокелдиктерин жеңилдетүү максатында, мударибдин пайдасынын үлүшү бөлүштүрүлгөндөн кийин, инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасынан бөлүнгөн сумма көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

Бул статьяда ошондой эле пайданы текшилөөгө кам жана инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам боюнча маалымат чагылдырылат. 

«Консолидацияланбаган компанияларга капиталдык салымдар» деген 23-статьяда филиалдарды жана ассоциацияланган компанияларды кошо алганда, консолидацияланбаган компанияларга узак мөөнөттүү инвестициялар көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп, капитал» деп аталган 24-статьяда 21, 22 жана 23-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп, милдеттенмелер жана капитал» деп аталган 25-статьяда 20 жана 24-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.   

 

 

 

 

§ 4. 1.В-1. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер бөлүкчөсү 

 

«Кадылоону сунуштоого милдеттенмелер» деп аталган 1-статьяда келечекте кредит же кредитти алмаштыруучуну (каржылоону) сунуштоо боюнча милдеттенмелер чагылдырылат. 

«Гарантиялар, кепилдик жана ушул сыяктуу милдеттенмелер» деп аталган 2-статьяда МФК тарабынан чыгарылган же тастыкталган гарантия жана ушул сыяктуу милдеттенмелер боюнча жалпы милдеттенмелер көрсөтүлөт. 

«Валюталык операциялар» деп аталган 3-статьяда МФКнын валюталык операциялар боюнча милдеттенмелери чагылдырылат. 

«Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер» деп аталган 4-статьяда МФКнын келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери чагылдырылат. 

«Башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деп аталган 5-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн бардык башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп, баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деп аталган 6-статьяда 1-5 чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

Эскертүү: Баланстан тышкаркы операциялар боюнча контр-эсептер чагылдырылбайт.  

 

§ 4-1. «В-2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет 

 

А тобу. Активдер 

«Улуттук банктагы эсеп» деген 1-статьяда кардарлардын эсебине акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн милдеттүү камдык талаптарды эсептөө үчүн Улуттук банктагы эсебиндеги акча каражаттары көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Улуттук банктагы эсеп» деген 2-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Башка банктардагы жана финансылык мекемелердеги эсептешүү эсептери жана башка эсептер» деген 2-статьяда тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен банктардагы же финансылык мекемелердеги эсептешүү эсептериндеги жана башка эсептердеги акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт. Калдыктарына валюталардын бардык түрүнүн Улуттук банктын отчеттук күнгө карата курсу боюнча сомдук эквивалентиндеги суммасы камтылат. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Башка банктардагы жана финансылык мекемелердеги эсептешүү эсептери жана башка эсептер» деген 3-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Башка банктардагы жана финансы-кредит уюмдардагы эсептер (депозиттик)» деген 3-статьяда тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен эсептерде күрөөдө турган акча каражаттарын кошо алганда, банктардагы жана финансы институттардагы эсептерде жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Башка банктардагы жана финансылык мекемелердеги депозиттер» деген 4-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Баалуу кагаздар» деген 4-статьяда тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен, Шариат стандарттарына ылайык келген, МФКга таандык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Баалуу кагаздар» деген 5-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Банктарга жана ФКУларга сунушталган каржылоо» деген 5-статьяда тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен отчеттук күнгө карата ФКУга сунушталган каржылоонун суммасынын калдыгы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Финансы-кредиттик уюмдарга кредиттер» деген 6-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Башка кардарларга сунушталган каржылоо» деген 6-статьяда тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен отчеттук күнгө карата, ФКУну кошпогондо кардарларга сунушталган каржылоонун суммасынын калдыгы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Кредиттер жана финансылык ижара» деген 7-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Атайы РППУ» деген 7-статьяда классификациялык активдер боюнча түзүлгөн атайы РППУнун өлчөмү көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «МИНУС: Кредиттик жана лизингдик потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайы кам» деген 8-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Таза каржылоо» деген 8-статьяда алар боюнча атайы РППУну минуска чыгаруу менен, каржылоо наркы көрсөтүлөт (5+6-7 статьялар). Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Таза кредиттер жана финансылык ижара» деген 9-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Кардарларга андан ары өткөрүп берүү үчүн активдер/шаймандар» деген 9-статьяда МКК/МКА тарабынан андан ары кардарларга берүү үчүн, анын ичинде мурабаха, иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча сатылып алынган имараттын, курулмалардын, эмеректердин, жабдуулардын жана башка активдердин/шаймандардын наркы көрсөтүлөт. Маалыматтар кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө бөлүштүрүү менен чагылдырылат. 

«Жана башка менчик» деген 10-статьяда кардардын МФК тарабынан РППУну минуска чыгаруу менен каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган кыймылсыз мүлкү жана башка менчиги (мурдагы күрөөлүк мүлкү) көрсөтүлөт.  

Маалыматтар кардардын кыймылсыз мүлккө жана кардардын карызынын ордун жабуу эсебине кабыл алынган жана башка менчикке бөлүштүрүү менен чагылдырылат. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Ээликтен ажыратылган активдер» деген 11-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Башка активдер» деген 11-статьяда тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен, эсептөөлөрдөгү акча каражаттарын кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн активдердин баланстык наркы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Башка активдер» деген 13-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп активдер» деген 12-статьяда 1, 2, 3, 4, 5, 9, 10, 11 статьялардын суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Бардыгы болуп: активдер» деген 14-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

Б тобу. Милдеттенмелер 

«Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери» деген 13-статьяда юридикалык жактардын МФКдагы мөөнөттүү эсептеринин жалпы суммасы чектелген жана чектелбеген мударабага бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери» деген 15-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери» деген 14-статьяда жеке адамдардын МФКдагы мөөнөттүү эсептеринин жалпы суммасы чектелген жана чектелбеген мударабага бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери» деген 16-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Алынган каржылоо» деген 15-статьяда кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар катары каралбаган, МФК тарабынан төмөнкү статьялар боюнча алынган каржылоонун суммасы көрсөтүлөт: 

а) банктардан; 

б) Кыргыз Республикасынын башка ФКУларынан; 

в) эл аралык донордук уюмдардан (каржылоонун башка финансылык булактары); 

г) эл аралык ФКУлардан; 

д) мамлекеттик бийлик органдарынан; 

е) уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттары; 

ж) уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттары; 

з) башка юридикалык жактардан карызга алынган каражаттары. 

Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Алынган кредиттер жана насыялар» деген 17-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Шарттуу гранттар» деген 16-статьяда отчеттук күнгө карата алынган гранттардын сомго кайра эсептөөдөгү калдыгы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Шарттуу гранттар» деген 18-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Жана башка милдеттенмелер» деген 17-статьяда эсептөөлөрдөгү акча каражаттарын кошо алганда, мурдагы статьяларда көрсөтүлбөгөн, милдеттенмелер көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Жана башка милдеттенмелер» деген 19-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп милдеттенмелер» деген 18-статьяда 13 -17 статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

В тобу. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

«Каржылоону сунуштоого милдеттенмелер» деген 1-статьяда каржылоо сунуштоо бонча милдеттенмелер көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Кредит берүүгө милдеттенмелер» деген 1-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Гарантиялар» деген 2-статьяда МФК тарабынан чыгарылган же тастыкталган жалпы гарантиялар көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Гарантиялар, кепилдик жана ушу сыяктуу милдеттенмелер» деген 2-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Валюталык операциялар» деген 3-статьяда МФКнын валюталык операциялары боюнча милдеттенмелери көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Валюталык операциялар» деген 3-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер» деген 4-статьяда МФКнын келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер» деген 4-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Жана башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деген 5-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн бардык баланстан тышкаркы милдеттенмелер көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Жана башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер» 4-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Бардыгы болуп баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деген 6-статьяда 1ден 5ке чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Бардыгы болуп: баланстан тышкаркы милдеттенмелер» статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

Д тобу. Башка активдерди жана башка милдеттенмелерди чечмелөө 

«Башка активдер» деген 1-статьяда МФКнын активдерин төмөнкү чакан статьялар боюнча чечмелөөлөр берилет: 

а) «алууга чегерилген, киреше» берилген каржылоо, баалуу кагаздар, башка финансы-кредит уюмдардагы эсептер боюнча алууга чегерилген сый акылардын суммасы көрсөтүлөт; 

б) «алдын ала төлөөлөр» келишим шарттарына ылайык башка тараптарга аванс катары төлөнгөн төлөмдөрүнүн суммасы көрсөтүлөт; 

в) «такталбаган дебитордук суммалар» акча каражаттарынын такталганга чейинки суммалары көрсөтүлөт; 

г) «жана башка активдер» МФКнын жогоруда көрсөтүлбөгөн, жана башка активдеринин суммасы чагылдырылат. 

Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Башка активдер» деген 13 а) -13г) -статьяларынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Башка активдерге атайын РППУ» деген 2-статьяда МФКнын жогоруда көрсөтүлгөн башка активдерине атайын РППУнун суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Минус: Башка активдерге орун алышы мүмкүн болгон чыгымдардын жана жоготуулардын ордун жабууга кам» деген 13 д) статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Башка таза активдер» деген 3-статьяда жана башка активдердин таза наркы (1 жана 2-статьялардын айырмасы) көрсөтүлөт.  

«Башка милдеттенмелер» деген 4-статьяда МФКнын милдеттенмелеринин төмөнкү чакан статьялары боюнча чечмелөөлөр берилет: 

а) «кардарларга төлөөгө чегерилген киреше» кардарлардын эсептериндеги акча каражаттары боюнча төлөөгө чегерилген сый акыларынын суммасы көрсөтүлөт; 

б) «операциялар боюнча кийинкиге калтырылган киреше (үстөк баа)» мурабаха жана салам операциялары боюнча кийинкиге калтырылган киреше көрсөтүлөт; 

в) «такталбаган кредитордук карыз» такталганга чейинки сумма көрсөтүлөт; 

г) «жана башка милдеттенмелер» баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУну кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн жана башка милдеттенмелер чагылдырылат. 

Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Жана башка милдеттенмелер» деген 19-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

§ 5. 1.Г. Милдеттенмелерди чечмелөө бөлүкчөсү 

 

Бул бөлүкчөдө МФК тарабынан алынган милдеттенмелер жана грант булактары тууралуу толук маалымат чагылдырылат. 

“Алынган кредиттер” деген 1-сапта МФК тарабынан алынган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт. Калдык төмөнкү статьялар боюнча чагылдырылат: 

а) банктардан; 

б) Кыргыз Республикасынын башка финансылык мекемелеринен; 

в) эл аралык финансылык уюмдардан жана донорлордон; 

г) эл аралык ФКУлардан

д) мамлекеттик бийлик органдарынан.  

«Шарттуу гранттар» деген 2-сапта отчеттук күнгө карата алынган гранттардын калдык суммасы көрсөтүлөт. 

«Башка милдеттенмелер» деп аталган 3-сапта буга чейинки статьяларда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер чагылдырылат. 

«МФКнын уюштуруучу (акционер) жеке адамдардан карызга алган каражаттары» деген 4-сапта отчеттук күнгө карата уюштуруучу (акционер) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын калдыгы көрсөтүлөт. 

«МФКнын уюштуруучу (акционер) юридикалык жактардан карызга алган каражаттары» деген 5-сапта отчеттук күнгө карата уюштуруучу (акционер) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын калдыгы көрсөтүлөт. 

«МФКнын юридикалык жактардан жана уюштуруучудан (акционерден) карызга алган каражаттары» деген 6-сапта отчеттук күнгө карата юридикалык жактардан жана уюштуруучу (акционер) жеке адамдар/юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын калдыгы көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп» деген сапта 2, 3, 4,5-тилкелер боюнча 1, 2, 3, 4, 5-статьялардын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«Алынган каражаттардын суммасы» деген 2-тилкеде алынган милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт. 

«Алынган каражаттардын калдыгы» деген 3-тилкеде отчеттук күнгө карата милдеттенмелер суммасы боюнча калдык көрсөтүлөт. 

«Каражаттар сунушталган мөөнөт» деген 4-5-тилкелерде

- милдеттенменин минималдуу мөөнөтү көрсөтүлөт (айларда); 

- милдеттенменин максималдуу мөөнөтү көрсөтүлөт (айларда). 

«Кредитор» деп аталган 6-тилкеде жеке адам/юридикалык жак -уюмдун/мекеменин/акционердин аталышы чагылдырылат (ар бир уюм/акционер жеке адам/юридикалык жакты өзүнчө сапта көрсөтүү зарыл). 

«Пайыздык чен» деп аталган 7-тилкеде милдеттенмелер боюнча пайыздык чен өлчөмү көрсөтүлөт. 

«Валюта» деген 8-тилкеде милдеттенмелер алынган валюта көрсөтүлөт. 

«Шарттар» деген 9-тилкеде алар боюнча милдеттенмелер алынган шарттар көрсөтүлөт. 

Бул тилкеде милдеттенмелер кандай шарттарда алынгандыгын көрсөтүү зарыл (мисалы: айыл чарбасын кредиттөө же бала бакча куруу үчүн). 

 

§5-1. Г-1 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди чечмелөө 

Г-1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди чечмелөө» бөлүкчөсүндө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган милдеттенмелер көрсөтүлөт. Бул бөлүкчө 1.Г. Милдеттенмелерди чечмелөө бөлүкчөсү сыяктуу эле толтурулат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

§ 6. 1.Д. Кредит портфелин чечмелөө бөлүкчөсү 

 

«Продукттун аталышы» деген тилкеде МФК тарабынан колдонулган төмөнкүдөй кредиттөө ыкмалары көрсөтүлөт: 

- күрөөсүз топтук кредиттөө жеке адамдар тобуна субсидиардык топтук жоопкерчилик астында күрөөсүз кредит сунуштоо; 

- күрөөлүк мүлктү сунуштоо менен топтук кредиттөө жеке адамдар тобуна күрөөлүк мүлктүн болушу шартында кредит сунуштоо; 

- күрөөсүз жеке кредиттөө жеке адамдарга жана юридикалык жактарга күрөөлүк камсыздоосуз кредит сунуштоо (анын ичинде гарантия); 

- күрөөлүк мүлктү сунуштоо менен жеке кредиттөө жеке адамдарга жана юридикалык жактарга күрөөлүк мүлктүн болушу шартында кредит сунуштоо; 

- башкалар жогоруда каралбаган башка кредиттөө ыкмалары. 

1-тилкеде бир кардарга кредиттин минималдуу суммасы көрсөтүлөт. 

2-тилкеде бир кардарга кредиттин максималдуу суммасы көрсөтүлөт. 

3-тилкеде ал боюнча каражаттар берилген минималдуу мөөнөт айларда көрсөтүлөт. 

4-тилкеде ал боюнча каражаттар берилген максималдуу мөөнөт айларда көрсөтүлөт. 

5-тилкеде ай ичинде минималдуу пайыздык чен көрсөтүлөт. 

6-тилкеде ай ичинде максималдуу пайыздык чен көрсөтүлөт. 

7-тилкеде ал боюнча пайыздар калдык баланска ылайык чегерилүүчү кредит портфелинин калдыгы көрсөтүлөт. 

8-тилкеде ал боюнча пайыздар баштапкы баланска ылайык чегерилүүчү кредит портфелинин калдыгы көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп» деген сапта 1, 2, 7, 8-тилкелер суммасы көрсөтүлөт. 

 

§6-1. Д-1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча портфелди чечмелөө 

 

Д-1 бөлүкчөсүндө «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кардарларга сунушталган каржылоо боюнча маалымат көрсөтүлөт. Бул бөлүкчө 1.Д. КРЕДИТ ПОРТФЕЛДИ ЧЕЧМЕЛӨӨ бөлүкчөсү сыяктуу эле толтурулат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

“Yстөк баа/киреше, %” деп аталган тилкеде каржылоо боюнча үстөк баанын минималдуу жана максималдуу өлчөмү көрсөтүлөт. 4-бөлүктүн Сунушталган каржылоо боюнча маалымат» деп аталган 4.В-1 бөлүкчөсүндө көрсөтүлгөн, формула боюнча үстөк бааны/кирешени жылдык мааниге келтирүүгө болот.  

Кирешелүүлүк коэффициенти, %” деп аталган 8-9-тилкеде кирешелүүлүк коэффициенти пайыздык мааниде көрсөтүлөт. 

Кирешелүүлүк коэффициентинин аныктамасы жылдык эффективдүү пайыздык чендин аныктамасы менен шайкеш. Кирешелүүлүк коэффициенти анык, жылдык, эффективдүү салыштырылуучу эсептөөдөгү киреше, аны эсептөөдө депозит эсебинде акча каражаттарды жайгаштыргандыгы үчүн кардарга сый акы берилгендигине же кардардын каржылоону алууга байланыштуу төлөмдөрү эске алынат.  

Кирешелүүлүк коэффициенти Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/4 токтому менен бекитилген “Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө жөнүндө” жобого ылайык эсептелинет. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

7-ГЛАВА.  

2-бөлүк. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет 

 

11. Бардык статьялар өтүп жаткан мезгилге салыштырылып, отчеттук жылдын баш жагынан тартып өсүү жыйынтыгы менен чагылдырылган. Бул отчеттогу суммалар оң жана терс болушу мүмкүн. Терс суммалар кашаа ичинде көрсөтүлүүгө тийиш, мисалы, отчеттук мезгил ичинде таза чыгым же чыгаша келип чыкса сумма кашаа ичинде чагылдырылат. 

 

§ 7. 2.А. Пайыздык кирешелер бөлүкчөсү 

 

«Коммерциялык банктардагы депозиттер жана эсептер боюнча пайыздык киреше» деген 1-статьяда МФКнын банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында жайгаштырылган пайыздык кирешеси көрсөтүлөт. 

«Баалуу кагаздар боюнча пайыздардан киреше» деген 2-статьяда МФКнын баалуу кагаздар боюнча алган пайыздык кирешеси көрсөтүлөт. 

«Финансы-кредит уюмдарына берилген кредиттерден алынган пайыздык киреше» деп аталган 3-статьяда финансы-кредит уюмдарына берилген кредиттерден алган пайыздык киреше көрсөтүлөт. 

«Кредиттер жана ссудадан алган пайыз түрүндөгү киреше» деп аталган 4-статьяда МФКнын кредиттерден жана ссудадан алган пайыз түрүндөгү кирешеси көрсөтүлөт. 

«Пайыздардан алынган башка киреше» деп аталган 5-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, пайыздык же башка ушул сыяктуу киреше көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп, пайыз түрүндөгү киреше» деп аталган 6-статьяда 1-5-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

 

§ 8. 2. Б. Пайыздык чыгашалар бөлүкчөсү 

 

«Юридикалык жактардардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 7-статьяда МФКнын юридикалык жактардардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт. 

«Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 8-статьяда МФКнын жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт. 

«Банктардан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 9-статьяда МФКнын кредиттер боюнча пайыздык чыгашалары көрсөтүлөт. 

«Башка финансылык институттардан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар» деп аталган 10-статьяда кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар көрсөтүлөт. 

«Эл аралык финансылык институттардан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар (башка каржылоо булактары)» деп аталган 11-статьяда кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар көрсөтүлөт. 

«МФКнын уюштуруучу (акционер) жеке адамдардан карызга алган каражаттар боюнча пайыздык чыгашалары» деп аталган 11-1-статьяда уюштуруучу (акционер) жеке адамдардан карызга алган каражаттар боюнча пайыздык чыгашалар чагылдырылат. 

«МФКнын уюштуруучу (акционер) юридикалык жактардан карызга алган каражаттар боюнча пайыздык чыгашалары» деп аталган 11-2-статьяда уюштуруучу (акционер) юридикалык жактардан карызга алган каражаттар боюнча пайыздык чыгашалар чагылдырылат. 

«МФКнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алган каражаттары» деп аталган 11-3-статьяда юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алган каражаттар боюнча пайыздык чыгашалар көрсөтүлөт. 

«Башка пайыздык чыгашалар» деп аталган 12-статьяда жогоруда белгиленбеген, пайыздык чыгашалар же башка ушул сыяктуу чыгашалар көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп пайыздык чыгашалар» деп аталган 13-статьяда 7, 8, 11-3 жана 12-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

«Пайыздардан таза киреше» деп аталган 14-статьяда МФКнын отчеттук мезгил ичинде алган таза пайыздык кирешеси көрсөтүлөт (6-статья минус 13-статья). 

«Келип чыгышы ыктымал болгон кредиттик чыгымдардын ордун жабууга кам» деп аталган 15-статьяда кредиттер жана финансылык ижара боюнча чегерилген пайыздар боюнча РППУ чыгашаларын кошо алганда, кредиттер жана финансылык ижара боюнча потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын ордун жабууга атайы жана жалпы кам чыгашалары көрсөтүлөт. 

«Келип чыгышы ыктымал болгон кредиттик чыгымдардын ордун жабууга камды чегерүүдөн кийин таза пайыздык киреше» деп аталган 16-статьяда 14 жана 15-статьялар ортосундагы айырма көрсөтүлөт. 

 

§ 9. 2. В. Пайыздык эмес кирешелер бөлүкчөсү 

 

«Комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр» деп аталган 17-статьяда МФК алган комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр көрсөтүлөт.  

«Курстук айырмадан киреше» деп аталган 18-статьяда МФКнын чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан алган кирешеси көрсөтүлөт. 

«Капиталга жана акцияларга, анын ичинде туунду жана ассоциацияланган компанияларга салымдардан киреше/дивиденд» деп аталган 19-статьяда МФКнын капиталга инвестициялоодон жана туунду же ассоциацияланган болуп саналбаган компаниялардын акцияларына же үлүшүнө (капиталда катышуу натыйжасынан болгон) салымдардан дивиденд түрүндө алган кирешеси, ошондой эле туунду жана ассоциацияланган компаниялардан алган кирешеси көрсөтүлөт.  

«Факторингдик операциялардан киреше» деп аталган 19-1-статьяда МФКнын факторингдик операциялар боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн кирешеси көрсөтүлөт.  

«Агенттик банкинг боюнча алынган киреше» деп аталган 19-2-статьяда МФКнын агенттик банкинг боюнча алган кирешеси көрсөтүлөт. 

«Башка пайыздык эмес киреше» деп аталган 20-статьяда жогоруда келтирилбеген пайыздык эмес кирешелер (анын ичинде айыптык төлөмдөр) көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп пайыздык эмес кирешелер« деген 21-статьяда 17-20-статьялардын суммасы келтирилет.  

 

§ 10. 2.Г. Пайыздык эмес чыгашалар бөлүкчөсү 

 

«Адистердин жана банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр боюнча чыгашалар» деп аталган 22-статьяда МФК тарабынан төлөнгөн комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр көрсөтүлөт. 

«Курстук айырмадан чыгашалар» деп аталган 23-статьяда МФКнын чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан улам келип чыккан чыгашалар көрсөтүлөт. 

«Башка пайыздык эмес чыгашалар» деп аталган 24-статьяда жогоруда келтирилбеген пайыздык эмес чыгашалар көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп пайыздык эмес чыгашалар» деген 25-статьяда 22-24-статьялар суммасы көрсөтүлөт.  

Эскертүү. МФКнын кредит алууга байланыштуу комиссиялык жыйымдарын жана башка кирешелерин Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына ылайык алар алынган мезгилде эсепке алуу (дисконттоо) зарыл.  

 

§ 11. 2.Д. Операциялык жана административдик чыгашалар бөлүкчөсү 

 

«Эмгек акы жана персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар» деп аталган 26-статьяда МФКнын кызматкерлерине эмгек акыларды, сый акыларды жана башка ушул сыяктуу төлөөлөрдү төлөп берүүгө байланыштуу чыгашалар (анын ичинде Байкоо органына/Директорлор кеңешине төлөөлөр) көрсөтүлөт: 

- эмгек акы жана сый акы;  

- башка төлөөлөр жана субсидиялар (башка төлөөлөр); 

- Соцфондго төлөөлөр. 

«Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө гонорарлар» деген 27-статьяда МФКнын Башкарма/Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү төлөөлөр жана гонорарлар көрсөтүлөт. 

«Менчикке (кыймылсыз мүлк) салыкты кошо алганда, негизги каражаттарга башка чыгашалар» деп аталган 28-статьяда чегерилген амортизацияны жана менчикке салык боюнча чыгашаларды кошо алганда имаратка, курулмаларга, эмерекке, транспорт каражаттарына, жабдууларга, компьютерлерге, программалык камсыздоого жана материалдык эмес активдерге кеткен чыгашалар көрсөтүлөт: 

а) ижара төлөмү

б) коммуналдык кызматтар; 

в) амортизацияга чыгашалар; 

г) башка чыгашалар; 

д) менчикке салык. 

«Салыктар жана камсыздандыруу» деп аталган 29-статьяда пайда салыгынан тышкары, камсыздандырууга, салыкка байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт. 

«Башка операциялык жана административдик чыгашалар» деп аталган 30-статьяда жогоруда келтирилбеген, бардык операциялык жана административдик чыгашалар көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп операциялык чыгашалар» деген 31-статьяда 26-30-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп операциялык киреше (чыгым)» деген 32-статьяда МФКнын таза операциялык кирешеси/чыгымы көрсөтүлөт (16 жана 21-статьялардын суммасы жана 25 жана 31-статьялардын суммасы ортосундагы айырма).  

«Башка потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам (кредиттик операциялардан эмес)» деген 33-статьяда кредиттик операциялардан жана финансылык ижарадан айырмаланган операциялар боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга атайы жана жалпы камга чыгашалар суммасы көрсөтүлөт. 

«Таза операциялык киреше (чыгым)» деген 34-статьяда 32 жана 33-статьялар ортосундагы айырма көрсөтүлөт. 

«Пайда салыгы» деген 35-статьяда МФКнын пайда салыгы боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. 

«Таза пайда (чыгым)» деген 36-статьяда 35-статьяны эске алуусуз 34-статья көрсөтүлөт. 

 

 

§ 11-1 Е. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүргүзүлгөн операциялар 

 

А. бөлүкчөсү. «Операциялар боюнча алынган кирешелер»  

«Коммерциялык банктардагы эсептерде жайгаштырылган акча каражаттары боюнча кирешелер» деген 1-статьяда МФК тарабынан башка банктарда же ФКУларда жайгаштырылган акча каражаттары боюнча алынган кирешелери төмөнкүлөргө бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт: 

а) чектелген мудараба келишими боюнча; 

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча; 

в) кард хасан келишими боюнча. 

Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Коммерциялык банктардагы депозиттер жана эсептер боюнча пайыздардан алынган киреше» деген 1-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Баалуу кагаздар» деген 2-статьяда МФКнын баалуу кагаздар боюнча алган кирешелери көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Баалуу кагаздар боюнча пайыздардан алынган киреше» деген 2-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«ФКУга сунушталган каржылоо боюнча алынган кирешелер» деген 3-статьяда МФКнын ФКУга сунушталган каржылоодон алынган кирешелери операциялар боюнча бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «ФКУга кредиттерге пайыздардан алынган киреше» деген 3-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Башка кардарларга сунушталган каржылоо боюнча алынган кирешелер, анын ичинде» деген 4-статьяда МФКнын кардарларга сунушталган каржылоо боюнча алган кирешелери операцияларга бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Кредиттерге пайыздардан алынган киреше» деген 4-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Жана башка кирешелер»деген 5-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн жана башка кирешелер чагылдырылат. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Пайыздардан алынган жана башка киреше» деген 5-статьясында көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп» деген 6-статьяда 1 ден 5 ти кошо алганга чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Бардыгы болуп: Пайыздардан алынган киреше» деген 5-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

Б бөлүкчөсү. Операциялар боюнча келип чыккан чыгашалар 

«Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалар» деген 7-статьяда МФКнын юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Бардыгы болуп: Пайыздардан алынган киреше» деген 5-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалар» деген 8-беренеде МФКнын жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери боюнча пайыздык чыгашалары» деген 8-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Банктардан алынган каржылоо чыгашалар» деген 9-статьяда МФКнын алынган каржылоо боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Банктардан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар» деген 9-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Башка финансылык институттардан алынган, каржылоо боюнча чыгашалар» деген 10-статьяда башка финансы-кредиттик уюмдардан алынган каржылоо боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Башка финансылык институттардан алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгаша» деген 10-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Эл аралык финансылык институттардан (башка каржылоо булактары) алынган, каржылоо боюнча чыгашалар» деген 11-статьяда башка финансы-кредиттик уюмдардан алынган каржылоо боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Эл аралык финансылык институттардан (башка каржылоо булактары) алынган, кредиттер боюнча пайыздык чыгаша» деген 10-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«МФКнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча чыгашалары» деген 12-статьяда МФКнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алуулары боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. Маалымат төмөнкүлөргө бөлүштүрүү менен сунушталат: 

а) уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан МФКга сунушталган каржылоо боюнча чыгашалар; 

б) уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан МФКга сунушталган каржылоо боюнча чыгашалар; 

Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «МФКнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алган каражаттары боюнча пайыздык чыгашалар» деген 11-3-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Жана башка чыгашалар» деген 13-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн чыгашалар берилет. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Жана башка пайыздык чыгашалар» деген 12-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп» деген 14-статьяда 7 ден 13тү кошо алгандагы статьялардын суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Бардыгы болуп: пайыздык чыгашалар» деген 13-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Таза киреше» деген 15-статьяда МФКнын отчеттук мезгил ичинде алган таза кирешеси ( 6 жана 14-статьялардын айырмасы) көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Бардыгы болуп пайыздардан таза киреше» деген 14-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«РППУга чыгашалар» деген 16-статьяда атайын жана жалпы РППУга каржылоо боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Орун алышы ыктымал болгон кредиттик чыгымдардын ордун жабууга камдар» деген 13-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«РППУга чегерүүдөн кийинки таза киреше» деген 17-статьяда 15 жана 16 статьялардын ортосундагы айырма көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Орун алышы ыктымал болгон кредиттик чыгымдардын ордун жабуу үчүн камга чегерүүлөрдөн кийинки пайыздардан таза киреше» деген 16-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

В. Бөлүкчөсү. Операциялар боюнча жана башка кирешелер 

«Комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр» деген 18-статьяда комиссиялык жыйымдар жана МФК тарабынан алынган кызматтар үчүн төлөөлөр көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр» деген 17-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Курстук айырмадан алынган киреше» деген 19-статьяда МФКнын чет өлкө валютасында жүргүзүлгөн операциялар боюнча курстук айырмадан алган кирешелери көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Курстук айырмадан алынган киреше» деген 18-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Башка кирешелер» деген 20-статьяда жогоруда белгиленбеген кирешелер көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Башка пайыздык эмес кирешелер» деген 20-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Бардыгы болуп» деген 21-статьяда 18-20-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Бардыгы болуп: пайыздык эмес киреше» деген 21-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

Г. Операциялар боюнча башка чыгашалар, операциялык чыгашалар 

«Кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө боюнча чыгашалар жана комиссиялык жыйымдар» деген 22-статьяда комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн МФК тарабынан төлөнгөн төлөөлөр көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Адистердин кызмат көрсөтүүлөрүнө жана банктык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча чыгашалар» деген 22-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Курстук айырмадан келип чыккан чыгымдар» деген 23-статьяда МФКнын чет өлкө валютасында жүргүзгөн операциялар боюнча курстук айырмадан тарткан чыгымдары көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Курстук айырмадан келип чыккан чыгымдар» деген 23-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Операциялык чыгашалар» деген 24-статьяда МФКнын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ишине байланыштуу операциялык чыгашалары көрсөтүлөт. 

«Салыктар» деген 25-статьяда менчикке салыкты жана пайдага салыкты кошпогондо, салык төлөөгө байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Салыктар жана камсыздандыруу» деген 29-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат 

«Такафул» деген 26-статьяда камсыздандырууга (такафул) байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Салыктар жана камсыздандыруу» деген 26-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Бардыгы болуп» деген 27-статьяда 22, 23, 24, 25 жана 26 статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

«РППУга чыгашалар (каржылоо операцияларынан эмес)» деген 28-статьяда каржылоо операцияларынан айырмаланган операциялар боюнча атайы жана жалпы РППуга чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Салыктар жана камсыздандыруу» деген 33-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Салыктарды төлөгөнгө чейинки пайда (чыгым)» деген 29-статьяда 

«Пайдага салык» деген 30-статьяда пайдага салык боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Пайдага салык» деген 35-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Зекетке жана кайрымдуулукка чыгашалар» деген 31-статьяда МФК тарабынан зекетке жана кайрымдуулукка багытталган чыгашалар көрсөтүлөт.  

«Таза пайда (чыгым)» деген 38-статьяда МФКнын таза пайдасы (30 жана 31 статьяларды алып салуу менен 29-статьянын мааниси көрсөтүлөт). Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Таза пайда (чыгым)» деген 36-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

8-ГЛАВА.  

3-бөлүк. Капитал түзүмү 

§ 12. 3. А. Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр бөлүкчөсү 

 

12. Капиталда жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар, бөлүштүрүлбөгөн пайда жана капиталдык камдар камтылат. Бул отчетто чогуу алгандагы акционердик капитал суммасы 20-статьядагы баланстык отчетто көрсөтүлгөн чогуу алгандагы акционердик капитал суммасына барабар болууга тийиш. Бул таблицадагы 1, 3 жана 12-саптардан тышкары бардык суммалар жыл башынан бери таза суммардык өзгөрүүлөр катары көрсөтүлүүгө тийиш. Бардык азайуу жана чыгым суммасы (б.а. капиталдын кыскарышы, нетто) минус белгисин пайдалануусуз кашаа ичинде көрсөтүлөт. 

«Өткөн жылдын акырына бардыгы болуп капитал жана бөлүштүрүлбөгөн пайда» деген 1-статьяда корректировкаларды киргизгенге чейин жыл башындагы баланстык отчетто алгач көрсөтүлгөн капитал суммасы көрсөтүлөт. Өз ишкердигин өтүп жаткан жылдын 1-январынан же андан кечирээк баштаган МФК үчүн бул статьяда нөлдүк маани, ал эми баштапкы капитал 2-статьяда көрсөтүлөт.  

«Өткөн жылдар үчүн отчетто чагылдырылбаган капитал эсебин корректировкалоо» деген 2-статьяда жыл башындагы маалыматтын өзгөрүүсүн шарттаган капитал эсептериндеги калдыкка салынган бардык өзгөрүүлөр көрсөтүлөт. Эгерде эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбесе, бул сапта нөл көрсөтүлүүгө тийиш. 

«Корректировкалоолорду эске алуу менен өткөн жылдын акырына карата бардыгы болуп капитал жана бөлүштүрүлбөгөн пайда көрсөтүлөт» 1 жана 2-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. Эч кандай корректировкалоолор киргизилбесе, 3-статьянын мааниси 1-статьянын маанисине барабар болууга тийиш. 

«Өтүп жаткан жылга пайда (чыгым)» деген 4-статьяда жыл башынан бери таза пайда (чыгым) көрсөтүлөт. Бул статьянын мааниси Пайда жана чыгым тууралуу отчетто келтирилген пайда/чыгымга дал келүүгө тийиш. 

«Номиналдын үстөк төлөнгөн капитал, өтүп жаткан жыл, таза» 5-статьясы б.а. өтүп жаткан жылы номиналдын үстөк төлөнгөн капитал (нетто) жана анда акционерлер тарабынан номиналдан үстөк салынган акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт. 

«Өтүп жаткан жыл ичинде камдардагы өзгөрүүлөр (нетто)» деген 6-статьяда жыл башынан тартып капиталдык камда орун алган өзгөрүүлөр көрсөтүлөт: 

а) МФКнын келечекте керектөөсү үчүн камдар жыл ичинде МФКнын келечекте керектөөсү үчүн каралган камда жүргөн өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан таза жыйынтык көрсөтүлөт; 

б) баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам жыл ичинде баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камда жүргөн өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан таза жыйынтык көрсөтүлөт; 

в) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам жыл ичинде негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камда жүргөн өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан таза жыйынтык көрсөтүлөт; 

г) кредиттер жана финансылык ижара боюнча жалпы кам (РППУ) жыл ичинде классификацияланган кредиттер жана финансылык ижара боюнча жалпы РППУда жүргөн өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан таза жыйынтык көрсөтүлөт; 

д) пайданы текшилөөгө кам инвестициялык эсептер боюнча түзүлгөн пайданы текшилөөгө камдын өлчөмү көрсөтүлөт; 

е) инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам мындай болгон болсо, инвестициялар боюнча тобокелдктердин ордун жабууга камдын өлчөмү көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

«Минус: Кадимки акцияларга накталай түрүндө жарыяланган дивиденддер» деп аталган 7-статьяда отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган бардык акчалай түрүндөгү дивиденддер көрсөтүлөт. 

«Минус: Артыкчылыктуу акцияларга накталай түрүндө жарыяланган дивиденддер» деп аталган 8-статьяда кийинки отчеттук мезгилде төлөнүүчү дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде ордун жабуу мөөнөтү чектелген сыяктуу эле, мөөнөтсүз артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган бардык акчалай түрүндөгү дивиденддер көрсөтүлөт. 

«Минус: Акциялар формасындагы жөнөкөй акцияларга дивиденддер» деп аталган 9-статьяда кийинки отчеттук мезгилде акционердик капиталда таанылуучу акцияларды кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган, акциялар формасындагы дивиденддер көрсөтүлөт. 

«Минус: Акциялар формасындагы артыкчылыктуу акцияларга дивиденддер» деп аталган 10-статьяда кийинки отчеттук мезгилде акционердик капиталда таанылуучу дивиденддерди кошо алганда, чектелген сыяктуу эле, чектелбеген ордун жабуу мөөнөтү менен актыкчылыктуу акцияларга жарыяланган, акциялар формасындагы дивиденддер көрсөтүлөт. 

«Капиталдагы жана бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы башка өзгөрүүлөр, утурумдук эсеп, таза (нетто)» деген 11-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок капиталга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка статьялар боюнча корректировкалоолордун таза суммасы көрсөтүлөт. 

«Отчеттук мезгилдин акырына бардыгы болуп капитал жана бөлүштүрүлбөгөн пайда» деген 12-статьяда 3-11-статьялардын суммасы чагылдырылат. Бул сумма отчеттук мезгилдин акырына баланстык отчетто көрсөтүлгөн капитал суммасына барабар болууга тийиш. 

 

§ 13. 3.Б. Акциялар жана башка баалуу кагаздар жөнүндө маалымат бөлүкчөсү 

 

13. МФКнын акциялар жана башка баалуу кагаздары жөнүндө маалыматта МФК тарабынан чыгарылган акциялар жана башка баалуу кагаздар жөнүндө маалымат камтылат. Мындай маалымат акция жана баалуу кагаздардын ээлери (резидент жана резидент эместер) боюнча келтирилет. 

«Жарыяланган уставдык капитал» деген 1-статьяда МФКнын уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн уставдык капитал чагылдырылат.  

«Төлөнгөн уставдык капитал» деген 2-статьяда «Баланстык отчет» деп аталган 1-бөлүгүнүн В «Капитал» бөлүкчөсүндөгү 20-статьянын а) жана б) пункттарында көрсөтүлгөн жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар чагылдырылат.  

«Төлөнгөн уставдык капиталдагы мамлекеттин үлүшү» деп аталган 3-статьяда эгерде мындай болгон болсо, МФКнын төлөнгөн уставдык капиталындагы мамлекетке таандык акциялардын бөлүгү көрсөтүлөт.  

 

§ 14. 3.В. Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр бөлүкчөсү 

 

14. Эгерде отчеттук мезгил ичинде кайсыл бир статьяда эч кандай өзгөрүүлөр жүрбөсө, ал статьяда нөлдүк маани көрсөтүлөт. 

«Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлгөн бөлүштүрүлбөгөн пайда» 1-статьяда алгач Баланстык отчетто жана Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн МФКнын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы чагылдырылат. Өз ишкердигин өтүп жаткан жылдын 1-январынан же андан кечирээк баштаган МФК үчүн бул статьяда нөлдүк маани көрсөтүлөт. 

«Өткөн жылдын акырында көрсөтүлбөгөн бөлүштүрүлбөгөн пайданы корректировкалоо» деген 2-статьяда Өткөн жыл үчүн баланстык отчетто алгач келтирилген бөлүштүрүлбөгөн пайда боюнча бардык таза корректировкалоо суммасы көрсөтүлөт. 

«Корректировкаларды эске алуу менен өткөн жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда» деген 3-статьяда бул бөлүктүн 1 жана 2-саптарынын суммасы чагылдырылат. Эгерде эч кандай корректировкалоолор киргизилбесе, бул статьянын мааниси 1-статьянын маанисине барабар болууга тийиш.  

«Жыл башынан тартып пайда (чыгым)» деген 4-статьяда Пайда жана чыгымдар жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн өтүп жаткан жыл ичиндеги таза пайда (чыгым) көрсөтүлөт.  

«Өтүп жаткан жыл ичинде МФКнын келечекте керектөөсү үчүн камдардагы өзгөрүүлөр» деп аталган 5-статьяда өтүп жаткан жыл ичинде орун алган келечекте керектөө үчүн камдардагы таза өзгөрүүлөр көрсөтүлөт.  

«Бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасирин тийгизүүчү, өтүп жаткан жыл ичиндеги башка камдардагы өзгөрүүлөр (нетто)» деп аталган 6-статьяда негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдардагы өзгөрүүлөрдү кошо алганда, бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасирин тийгизүүчү, өтүп жаткан жыл ичиндеги башка камдардагы таза өзгөрүүлөр көрсөтүлөт. 

«Минуска чыгаруу менен: жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акчалай дивиденддер» деп аталган 7-статьяда отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде жөнөкөй (кадимки) акциялар боюнча жарыяланган бардык акчалай дивиденддер көрсөтүлөт. 

«Минуска чыгаруу менен: артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган акчалай дивиденддер» деп аталган 8-статьяда отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде ордун жабуу мөөнөтү чектелген сыяктуу эле, мөөнөтсүз артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган бардык акчалай дивиденддер көрсөтүлөт. 

«Минуска чыгаруу менен: жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акциялар түрүндөгү дивиденддер» деп аталган 9-статьяда отчеттук күнгө карата капиталда таанылбаган акцияларды кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде жөнөкөй (кадимки) акциялар боюнча акциялар түрүндө жарыяланган дивиденддер көрсөтүлөт. 

«Минуска чыгаруу менен: артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган акциялар түрүндөгү дивиденддер» деп аталган 10-статьяда отчеттук күнгө карата капиталда таанылбаган дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде ордун жабуу мөөнөтү чектелген сыяктуу эле, мөөнөтсүз артыкчылыктуу акциялар боюнча өтүп жаткан жыл ичинде акциялар түрүндө жарыяланган дивиденддер көрсөтүлөт. 

«Өтүп жаткан жыл ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайданы башка корректировкалоолор, (нетто)» деп аталган 11-статьяда өтүп жаткан жылы бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасирин тийгизген кандай болбосун башка өзгөрүүлөрдүн нетто-балансы көрсөтүлөт. 

«Отчеттук жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда жыйынтыгы» деген 12-статьяда таблицадагы 3-11 чейинки саптардын суммасы көрсөтүлөт. Бул сумма Отчеттук мезгил үчүн баланстык отчеттогу бөлүштүрүлбөгөн пайда суммасына барабар болууга тийиш.  

 

9-ГЛАВА.  

4-бөлүк. § 15. 4.А. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер жөнүндө маалымат бөлүкчөсү 

 

15. Бул бөлүкчөдө кардарлардын түрүнө жана мөөнөтүндө төлөнбөгөн күндөрдүн санына жараша МФКнын бардык мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдери жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. 

16. Кардарларга кредиттер жана финансылык ижара анын иш чөйрөсү же ишкердик түрүнүн негизги багыты боюнча эмес, кардар алынган каражатты пайдалана турган максаттарга жараша экономика секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

17. Мында реструктуризацияланган кредиттер жана чегербөө статусунда турган кредиттер көрсөтүлөт. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн, реструктуризацияланган жана чегербөө статусунда турган активдердин бардык түрү боюнча отчеттук күнгө карата номиналдык наркы көрсөтүлөт.  

«Статьялар» деп аталган 1-тилкеде ал боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алган активдин түрү көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп» деп аталган 2-тилке 3 жана 5-тилкелердин суммасына барабар болууга тийиш.  

«Күндөлүк (мөөнөтү өткөрүлбөгөн)» деп аталган 3-тилкеде алар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз болбогон күндөлүк активдердин суммасы көрсөтүлөт. 

«Реструктуризацияланган кредиттер» деп аталган 4-тилкеде реструктуризацияланган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп, мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер» деп аталган 5-тилкеде активдин негизги суммасы боюнча карыз калдыгынын өлчөмү көрсөтүлөт. 5-тилкенин мааниси 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12-тилкелердин суммасына барабар.  

6-12-тилкелерде негизги сумма боюнча үзгүлтүксүз мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз мөөнөтү боюнча күндөрдүн узактыгы боюнча көрсөтүлөт. Мөөнөт, карыз келип чыккан учурдан тартып отчет берүү күнүнө чейин аныкталат.  

«Чегербөө статусунда турган кредиттер, бардыгы болуп» деген 13-тилкеде алар боюнча пайыздарды чегерүү токтотулган, мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин суммасы көрсөтүлөт. 

«Кардарларга кредиттер жана финансылык ижара» деп аталган 1-статьяда факторингдик операцияларды кошо алганда, а) к) пункттары камтылат. 

«Финансы-кредит уюмдарына кредиттер» деп аталган 2-статьяда факторингди кошо алганда, финансы-кредит уюмдарына кредиттердин суммасы чагылдырылат. 

«Баланстан тышкаркы активдерди кошо алганда, башка активдер» деп аталган 3-статьяда алар боюнча карыз калдыгы орун алган, жогоруда келтирилбеген активдер көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 02.07.2018-ж. № 30/5 токтому менен бекитилген)  

 

§ 15-1. 4.А-1-бөлүкчө. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген, мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер жөнүдө маалымат 

 

4.А-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген, мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер жөнүдө маалымат» деген бөлүкчөдө МФКнын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген бардык мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер тууралуу маалымат кардарлардын түрүнө жана мөөнөтүндө төлөнбөгөн күндөрдүн санына жараша чагылдырылат. Бөлүкчө 4.А. МӨӨНӨТҮНДӨ ТӨЛӨНБӨГӨН АКТИВДЕР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ бөлүгү сыяктуу эле толтурулат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген)  

 

§ 16. 4.Б. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо бөлүкчөсү 

 

18. Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФКлар бул бөлүктү Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык толтурушат.  

19. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды тартууга укугу жок МФКлар бул бөлүктү Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы № 31/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды тартууга укугу жок микрофинансылык компаниялар тарабынан активдерди классификациялоонун жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө» жобого ылайык толтурушат. 

20. Бул бөлүкчөдө тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон бардык активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер, ошондой эле алардын ордун жабууга түзүлгөн кам өлчөмү тууралуу маалымат камтылат. Ошондой эле мында тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер тууралуу маалымат камтылат. Кардарларга кредиттер жана финансылык ижара анын иш чөйрөсү же ишкердик түрүнүн негизги багыты боюнча эмес, кардар алынган каражатты пайдалана турган максаттарга жараша экономика секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. Активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин бардык түрлөрү боюнча алардын отчеттук күнгө карата наркы тиешелүү дисконтту минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт (эгерде болгон болсо).  

«Статьянын аталышы» деп аталган 1-тилкеде классификацияланууга тийиш болгон активдин түрү көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп» деп аталган 2-тилкеде 5, 6, 7, 9, 10, 11-тилкелердин маанисинин суммасына барабар болгон маани көрсөтүлөт. 

«Дисконт» деп аталган 3-тилкеде отчеттук күнгө карата бардык кредиттер боюнча амортизацияланбаган дисконт өлчөмү көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп, камдар» деген 4-тилкеде активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин ар бир түрү үчүн РППУ (атайы жана жалпы) өлчөмү көрсөтүлөт. 4-тилкенин мааниси 8 жана 12-тилкелердин маанисинин суммасына барабар болууга тийиш. 

5, 6, 7, 9, 10 жана 11-тилкелерде «нормалдуудан» «жоготууга» чейин классификациясына жараша активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин категориялары көрсөтүлөт. 

8 жана 12-тилкелерде жалпы жана атайы кам түрлөрү боюнча бөлүштүрүү менен РППУ өлчөмү көрсөтүлөт. 

 

§ 16-1. 4.Б-1. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тобокелдик деңгээлине жараша классификациялоо 

 

4. Б-1. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тобокелдик деңгээлине жараша классификациялоо» деген бөлүкчөдө тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча бардык активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер, ошондой эле алардын ордун жабууга түптөлгөн камдын өлчөмдөрү тууралуу маалымат камтылат. Бөлүкчө Б. АКТИВДЕРДИ ЖАНА БАЛАНСТАН ТЫШКАРКЫ МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРДИ ТОБОКЕЛДИК ДЕҢГЭЭЛИ БОЮНЧА КЛАССИФИКАЦИЯЛОО деген бөлүкчө сыяктуу эле толтурулат. Өз кардарларынан акча каражаттарын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартуу менен иш алып барышкан МФКлар, бөлүкчөнү толтурууда Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого таянууга тийиш. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

§ 17. 4.В. Сунушталган кредиттер боюнча маалымат бөлүкчөсү 

 

21. Бул бөлүкчөдө отчеттук мезгил ичинде сунушталган кредиттердин көлөмү жана орточо салмактанып алынган пайыздык чени мөөнөтү жана максаттуу багытталышына жараша валюталар боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасындагы кредиттердин көлөмү отчеттук айдын акырында Улуттук банктын эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде чагылдырылат.  

1-9, 11 жана 12-саптарда тиешелүү тармак боюнча сумма көрсөтүлөт. 

«ФКУларга кредиттер» деп аталган 10-сапта ФКУларга берилген кредиттер боюнча сумма көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп» деген 14-тилкеде отчеттук мезгил ичинде берилген, тиешелүү мөөнөттүүлүк категориясындагы бардык кредиттер боюнча жалпы көлөмү жана орточо салмактанып алынган пайыздык чени көрсөтүлөт. 

 

§ 17-1. 4.В-1-бөлүкчө. «Сунушталган каржылоо боюнча маалымат»  

 

Бул бөлүкчөдө отчеттук мезгил ичиндеги каржылоонун көлөмү жана орточо алынган үстөк баа/киреше көрсөтүлөт. Бөлүкчө “Берилген кредиттер боюнча маалымат деген 4-бөлүктүн 4.В. бөлүкчөсү сыяктуу эле толтурулат.  

Каржылоо боюнча үстөк баа/кирешени төмөнкү формула боюнча жылдык мааниге келтирүүгө болот:

мында: 

отчеттук мезгилдин акырына карата жылдык үстөк баа/киреше, пайыздарда,    

 келишимде көрсөтүлгөн үстөк баа суммасы/каржылоо боюнча киреше суммасы,  

PV  келишимде көрсөтүлгөн каржылоо суммасы,    

 келишим боюнча каржылоо мөөнөтү (кошумча келишимге ылайык реструктуризациялоо мөөнөтү).  

Үстөк баанын/кирешенин алынган мааниси орточо алынган үстөк бааны/кирешени 52-пунктта көрсөтүлгөн формула боюнча эсептөө үчүн колдонулат.;  

- 22-пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

“Кредиттердин жалпы суммасынын эсебине ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоо суммалары кирбейт. Кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендин эсебине ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоо боюнча орточо алынган үстөк баа/кирешеге тиешелүү маалыматтары кирбейт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

§ 18. 4.Г. Областтарга сунушталган кредиттер боюнча маалымат бөлүкчөсү 

 

22. МФКнын республиканын ар бир областына сунуштаган кредити боюнча маалымат өзүнчө берилет. 

«Статьянын аталышы» деген 2-тилкеде кардарларды жеке адамдарга жана юридикалык жактарга бөлүштүрүү менен экономика тармактарынын тизмеги берилет. 

«Отчеттук чейректин баш жагына кредит портфелинин калдыгы» деп аталган 3-тилкеде отчеттук чейректин баш жагына карата кредит портфелинин калдыгы көрсөтүлөт, ал буга чейинки отчеттук мезгилдин (чейректин) акырына карата кредит портфелинин калдыгына дал келүүгө тийиш. 

«Отчеттук чейрек ичинде берилген кредиттердин көлөмү» деген 4-тилкеде отчеттук чейрек ичинде берилген кредиттердин көлөмү көрсөтүлөт.  

«Отчеттук чейрек ичинде берилген кредиттердин саны» деген 5-тилкеде отчеттук чейрек ичинде берилген кредиттердин саны чагылдырылат.  

«Отчеттук чейректин акырына карата кредит портфелинин калдыгы» деген 6-тилкеде отчеттук чейректин акырына карата кредит портфелинин калдыгы көрсөтүлөт, анын суммасы «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» деп аталган 1-бөлүктүн 6 жана 7-статьяларынын суммасына дал келүүгө тийиш.  

«Орточо салмактанып алынган пайыздык чен, %» деген 7-тилкеде ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн «Кардарларга берилген кредиттер жөнүндө маалымат» деген 11-бөлүктүн 52-пунктуна ылайык чагылдырылат. 

 

§ 18-1. 4. Г-1-бөлүкчө. Областтарга сунушталган каржылоо боюнча маалымат 

 

Бөлүкчө Областтарга сунушталган кредиттер боюнча маалымат деген 4.Г бөлүкчөсү сыяктуу эле толтурулат.   

“Отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган үстөк баа/киреше, %” 7-тилкеде берилген усулдук көрсөтмөнүн 52-пунктуна ылайык эсептелинген орточо алынган үстөк баа/киреше көрсөтүлөт. 

“Отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган кирешелүүлүк коэффициенти, %” деп аталган 8-тилкеде Д-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча портфелди чечмелөө деп аталган 6-1 параграфына ылайык эсептелинген кирешелүүлүк коэффициенти пайыздык мааниде көрсөтүлөт. 

Эскертүү: Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоонун суммалары кредиттердин жалпы суммасынын эсебине кирбейт. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоо боюнча орточо салмактанып алынган үстөк баа/кирешеге тиешелүү маалыматтар “Областтарга сунушталган кредиттер боюнча маалымат” деген 4.Г бөлүкчөсүндөгү кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендин эсебине кирбейт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

§ 19. 4.Д. Кредиттөө ыкмалары бөлүкчөсү 

 

«Кредиттөө ыкмалары» деген 1-тилкеде МФКнын төмөнкүдөй кредиттөө ыкмалары көрсөтүлөт:   

- топторго күрөөсүз кредит сунуштоо жеке адамдар тобуна күрөөлүк камсыздоосуз субсидиардык топ жоопкерчилиги астында кредит сунуштоо;  

- топторго күрөө алдында кредит сунуштоо жеке адамдар тобуна күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шартында кредит сунуштоо

- күрөөсүз жеке кредит берүү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга күрөөлүк камсыздоосуз кредит берүү (гарантияларды кошо алганда);  

- күрөө алдында жеке кредит берүү күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шартында жеке адамдарга жана юридикалык жактарга кредит берүү;  

- башкалар жогоруда каралбаган башка кредиттөө ыкмалары; 

- бардыгы болуп экинчи тилкеде бардык кредиттөө ыкмалары боюнча кредиттердин жалпы суммасы, үчүнчү тилкеде - орточо салмактанып алынган пайыздык чен, ал эми төртүнчү тилкеде - отчеттук күнгө карата карыз алуучулардын жалпы саны чагылдырылат.  

«Кредиттердин суммасы» деп аталган 2-тилкеде отчеттук күнгө карата ушул ыкма боюнча сунушталган бардык кредиттердин калдык суммасы көрсөтүлөт. 

«Пайыздык чен» деп аталган 3-тилкеде ушул кредиттөө ыкмасына ылайык кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен чагылдырылат. Орточо салмактанып алынган пайыздык чен «Кардарларга сунушталган кредиттер жөнүндө маалымат» деп аталган 3-бөлүктүн «Жылдык орточо салмактанып алынган пайыздык чен» деген 16.2-пунктунда келтирилген мисалга ылайык эсептелет.  

«Кредиттердин саны» деп аталган 4-тилкеде ушул кредиттөө ыкмасына ылайык сунушталган, бирок отчеттук күнгө карата орду жабылбаган кредиттердин саны көрсөтүлөт. Эгерде кредит карыз алуучулар тобуна сунушталган болсо, ушул топко берилген кредиттердин санын көрсөтүү зарыл. 

 

§ 20. 4.Е. «МФКнын кардарлары жөнүндө» бөлүкчөсү 

 

23. МФКнын карыз алуучуларынын курамы жөнүндө маалыматта сунушталган кредиттер эркектер, аялдар жана юридикалык жактарга өзүнчө бөлүштүрүлүп, белгилүү бир күнгө карата кредит портфелинин калдыгы боюнча чагылдырылат.  

 

§ 21. 4.Ж. Кредиттерди кыргыз республикасынын областтарына жараша  

тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо 

 

24. Бул бөлүкчөдө финансы-кредит уюмдарына жана башка кардарларга берилген, тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон кредиттердин жана финансылык ижаранын (лизинг) калдык суммасы, ошондой эле улуттук валютада сыяктуу эле, чет өлкө валютасында түзүлгөн РППУ өлчөмү чагылдырылат. Тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон кредиттер жана финансылык ижара (лизинг) жана алардын ордун жабууга чет өлкө валютасында түзүлгөн камдар Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча суммаланат.  

25. Маалымат, МФК кредит сунуштаган республиканын областы боюнча бөлүп көрсөтүлөт.  

26. «Кредит портфели» деген саптагы маалымат Баланстык отчет деген 1-бөлүктүн 6 жана 7-статьяларынын суммасына дал келүүгө тийиш. «Бардыгы болуп, камдар» сабындагы маалымат «Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо» деген 4.Б.-бөлүкчөсүнүн «Бардыгы болуп, камдар» тилкесиндеги маалыматка дал келүүгө тийиш. 

 

§ 22. 4.З. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча башка маалымат 

 

27. Бул бөлүкчөдө республиканын областтарына тиешелүү маалымат камтылат. 

«Филиалдардын саны» деген 1-сапта МФКнын филиалдарынын жалпы саны жөнүндө маалымат республиканын областтары боюнча чагылдырылат. 

«Өкүлчүлүктөрдүн саны» деген 2-сапта МФКнын өкүлчүлүктөрүнүн жалпы саны жөнүндө маалымат республиканын областтары боюнча чагылдырылат. 

«Кредиттердин саны» деген 3-сапта МФКнын отчеттук күнгө карата жеке адамдарга жана юридикалык жактарга сунушталган кредиттеринин жалпы саны областтарга бөлүп көрсөтүлөт. Банктарга жана ФКУларга сунушталган кредиттер жөнүндө маалымат мында көрсөтүлбөйт. Кредиттердин саны жөнүндө маалымат «Кредиттөө ыкмалары» деген 4.Г. бөлүгүнүн «Бардыгы болуп» деген сабынын маалыматына дал келүүгө тийиш.  

«Карыз алуучулардын саны» деген 4-сапта МФКнын кредиттерин кайтаруу милдеттенмесин өзүнө алышкан жеке адамдар жана юридикалык жактар карыз алуучу кардарлардын жалпы саны көрсөтүлөт. Банктарга жана ФКУларга сунушталган кредиттер жөнүндө маалымат мында көрсөтүлбөйт. Карыз алуучу-кардарлардын саны жөнүндө маалымат тиешелүү сапта көрсөтүлгөн маалыматка дал келүүгө тийиш.  

«Аманатчылардын саны» деп аталган 5-сапта МФКнын аманатчылары юридикалык жактардын жана жеке адамдардын жалпы саны көрсөтүлөт. 

 

§ 23. 4.И. Проблемалуу карыз алуучулар боюнча маалымат бөлүкчөсү 

 

28. Бул бөлүкчөдө мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер боюнча маалымат карыз калдыгынын суммасына жараша кемүү тартибинде камтылат. Мында, «проблемалуу» катары төмөндө көрсөтүлгөн шарттардын бирине туура келген активдер эсептелет: 

- активдин мөөнөтү 90 күнгө кечиктирилсе;   

- (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2018-жылдын 2-июулундагы №30/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту);   

- эки же андан көп жолу реструктуризацияланган болсо;   

- системадан тышкаркы эсепте эсепке алынса; 

- соттук териштирүү иштери жүргүзүлүп жатса. 

Бул таблицада төмөнкүлөр чагылдырылат: 

«Карыз алуучунун аты-жөнү» деген 1-тилкеде кардардын аты-жөнү толук көрсөтүлөт (паспорту боюнча), эгерде кардар юридикалык жак болсо юридикалык жактын аталышы (каттоо документтерине ылайык уюмдун расмий аталышы), уюмдун түрү жана формасы көрсөтүлөт.  

«Карыз алуучунун каттоодон өткөн дареги» деген 2-тилкеде кардар катталган жер боюнча каттоодон өткөн дареги жана айкын дареги көрсөтүлөт: 

- жеке адамдар катталган жери боюнча дарек жана кашаанын ичинде айкын дареги; 

- юридикалык жактар каттоодон өткөртүлгөн жер боюнча жана кашаанын ичинде юридикалык жактын айкын дареги көрсөтүлүүгө тийиш. 

«Телефон» деген 3-тилкеде кардарлардын кайсыл болбосун байланышуу үчүн телефон номерлери көрсөтүлөт. 

«Сунуштоо күнү» деген 4-тилкеде кредиттик келишимге ылайык каржылоо сунушталган күн көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

«Ордун жабуу күнү» деген 5-тилкеде кредиттик келишимге ылайык каржылоонун ордун жабуу күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

«Каржылоо суммасы» деген 6-тилкеде кредиттик келишимге ылайык каржылоо суммасы көрсөтүлөт. 

«(%) чен» деген 7-тилкеде кредиттик келишимге ылайык пайыздык чен көрсөтүлөт. 

«Максаты» деген 8-тилкеде каржылоонун максаттуу багыты көрсөтүлөт (каржылоо сунушталган ишкердик түрү). 

«Кардардын проблемасы тууралуу кыскача маалымат» деген 9-тилкеде каржылоо боюнча карыздын келип чыгышын шарттаган негизги себептер көрсөтүлөт. Эгерде карыз түптөлгөн каржылоо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык алынган болсо, аны көрсөтүү зарыл. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

«Негизги карыз» деген 10-тилкеде кардардын негизги каржылоо суммасы боюнча учурдагы карызы көрсөтүлөт. 

«Пайыздар» деген 11-тилкеде кардардын каржылоо боюнча пайыз түрүндөгү карыз суммасы көрсөтүлөт. 

«Туум» деген 12-тилкеде мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз боюнча туум өлчөмү көрсөтүлөт. 

«МФУнун кредитти кайтаруу боюнча иш-аракети (планы)» деген 13-тилкеде МФКнын карызды кайтаруу боюнча иш-аракеттери (карызды кайтаруу боюнча иш-аракеттер, план, күтүлүүчү натыйжа) көрсөтүлөт. 

 

 

 

§ 24. 4.К. Үстү-үстүнөн кредит алуу жөнүндө маалымат бөлүкчөсү 

 

29. Бул бөлүкчөдө кредит портфелинин көлөмү жана башка финансы-кредит уюмдарынан үстү-үстүнөн кредит алган кардарлардын саны жөнүндө маалымат көрсөтүлөт. 

 

§ 25. 4. Л. Реструктуризацияланган кредиттер бөлүкчөсү 

 

30. Бул таблицада кардарларга (жеке адам/юридикалык жак) жана реструктуризациялоо санына жараша МФКнын реструктуризацияланган кредиттери боюнча маалымат камтылат.  

«Карыз алуучу-уюмдун аталышы/аты-жөнү» деп аталган 1-тилкеде МФКнын карыз алуучу-уюмдун аталышы же аты-жөнү толук көрсөтүлөт. 

«Сунуштоо күнү» деген 2-тилкеде кредиттик келишимге ылайык кредит сунушталган күн көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

«Ордун жабуу күнү» деген 3-тилкеде кредиттик келишимге ылайык кредиттин ордун жабуу күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

«Кредиттин суммасы» деген 4-тилкеде кредиттик келишимге ылайык берилген кредиттин суммасы көрсөтүлөт. 

«Пайыздык чен» деген 5-тилкеде кредиттик келишимге ылайык берилген кредит боюнча пайыздык чен көрсөтүлөт. 

«Максаты» деген 6-тилкеде кредиттик келишимге ылайык кредиттин максаттуу багыты көрсөтүлөт (кредит багытталган ишкердик түрү). 

«Рестуруктуризациялоо себептери» деген 7-тилкеде рестуруктуризациялоо себептери чагылдырылат.  

«Негизги карыз» деген 8-тилкеде кредиттин негизги суммасы боюнча карыз суммасы көрсөтүлөт. 

«% чен”» деген 9-тилкеде кредит боюнча пайыздарга тиешелүү карыз суммасы көрсөтүлөт. 

«Туум» деген 10-тилкеде кредит боюнча кошумчаланган сумма (эсептелинген туум, айыптык төлөмдөр) көрсөтүлөт. 

«Рестуруктуризациялоо күнү» деген 11-тилкеде кредиттик келишимге карата кошумча келишимге ылайык кредитти рестуруктуризациялоо күнү чагылдырылат (күнү, айы, жылы). 

«Ордун жабуу күнү» деген 12-тилкеде өзгөртүүлөр киргизилген шартта, кредиттик келишимге карата кошумча келишимге ылайык кредиттин ордун жабуу күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

«Кредиттин суммасы» деген 13-тилкеде өзгөртүүлөр киргизилген шартта, кредиттик келишимге карата кошумча келишимге ылайык кредиттин суммасы көрсөтүлөт. 

«Пайыздык чен» деген 14-тилкеде өзгөртүүлөр киргизилген шартта, кредиттик келишимге карата кошумча келишимге ылайык кредиттин пайыздык чени көрсөтүлөт. 

«Мөөнөтү» деген 15-тилкеде өзгөртүүлөр киргизилген шартта, кредиттик келишимге карата кошумча келишимге ылайык кредиттин мөөнөтү көрсөтүлөт. 

- Ислам терезесине» ээ МФК бул бөлүктө үстү-үстүнө каржылоо боюнча маалыматты чечмелеп берүүлөрү тийиш. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1, 29.06.2017-ж. №22/2 токтомдору менен бекитилген) 

 

10-ГЛАВА.  

5-бөлүк. Суммалар жана ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча бөлүштүрүлгөн депозиттер 

 

31. Бул бөлүк депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФКлар тарабынан толтурулат. 

 

§ 26. 5.А. Суммалар боюнча бөлүштүрүлгөн депозиттер бөлүкчөсү 

 

32. Маалымат Бишкек шаары жана республика областтары боюнча, ошондой эле депозит суммасына жараша берилет.  

«Юридикалык жактардын депозиттери» сабында юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«Жеке адамдардын депозиттери» сабында жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

- «Ислам терезесине» ээ МФК бул бөлүкчөдө депозиттерге ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган акча каражаттары боюнча маалыматты чечмелөөлөрү тийиш. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

§ 27. 5.Б. Отчеттук мезгил ичинде депозиттердин жылышы бөлүкчөсү 

 

33. Бул бөлүкчөдө отчеттук мезгил ичинде депозиттердин жылышы жөнүндө маалымат жана алар боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен көрсөтүлөт. 

- «Ислам терезесине» ээ МФК бул бөлүкчөдө депозиттерге ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган акча каражаттары боюнча маалыматты чечмелөөлөрү тийиш. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

§ 28. 5.В. Ордун жабуу мөөнөтү боюнча депозиттер бөлүкчөсү 

 

34. Бул бөлүкчөдө МФКдагы депозиттердин саны жана жалпы көлөмү боюнча маалымат алардын ордун жабуу мөөнөтү боюнча келтирилет.  

- «Ислам терезесине» ээ МФК бул бөлүкчөдө депозиттерге ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган акча каражаттары боюнча маалыматты чечмелөөлөрү тийиш. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген)  

 

11-ГЛАВА.  

6-бөлүк. МФКнын активдеринин жана милдеттенмелеринин пайыздык чендердин (ГЭП-анализ) жана ордун жабуу мөөнөттөрүнүн өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү 

§ 29. 6.А. Активдердин жана милдеттенмелердин пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү (ГЭП-анализ) 

бөлүкчөсү 

 

35. Бул маалымат, пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон активдердин жана милдеттенмелердин ортосунда келип чыккан айырманы өлчөө аркылуу пайыздык чен тобокелдигине баа берүү үчүн пайдаланылат. 

36. Пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон активдердин жана милдеттенмелердин ортосунда ар башка мезгил аралыгында орун алган ажырымды аныктоо бул отчеттун максаты болуп саналат. Мындай ажырымга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү МФКнын рыноктук пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө дуушарлынышын аныктоонун бир ыкмасы болуп саналат.  

«Активдер»  

37. Пайыздык чендердин өзгөрүшүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон активдерге рыноктук пайыздык чендердин өзгөрүүсүнөн улам, белгилүү бир убакыт аралыгында кайра баалана турган же төлөө мөөнөтү белгилүү бир мезгил ичинде келип жеткен активдердин акчалай көлөмү кирет.  

38. Пайыздык чендердин өзгөрүшүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон бардык активдердин жана милдеттенмелердин күндөлүк баланстык наркы төмөндөгү кыйла эки мөөнөттүн негизинде, тиешелүү мезгилдерде чагылдырылууга тийиш: 1) МФК активдерди кайра баалоону жүргүзүүгө тийиш болгон (рынокто түптөлгөн жагдайга жараша жана/же мурдагы макулдашууларга ылайык пайыздык ченди өзгөртүү) күнгө чейинки күндөрдүн саны, же 2) төлөө мөөнөтүнө чейинки күндөрдүн саны 

«Башка банктардагы эсептешүү эсептери» деген 1-сапта МФКнын коммерциялык банктардагы эсептешүү эсептериндеги акча каражаттары көрсөтүлөт. 

«анын ичинде чет өлкө валютасында» деген сапта МФКнын коммерциялык банктардагы эсептешүү эсептериндеги чет өлкө валютасындагы акча каражаттары көрсөтүлөт.  

«Башка банктардагы депозиттер» деген 2-сапта банктарда жана ФКУларда күрөөдө турган депозиттик эсептердеги акча каражаттарын кошо алганда, депозиттик эсептердеги акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт.  

«анын ичинде чет өлкө валютасында» деген сапта банктарда жана ФКУларда күрөөдө турган депозиттик эсептердеги акча каражаттарын кошо алганда, депозиттик эсептердеги чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт.  

«Башка кардарларга кредиттер жана фиансылык ижара» деген 3-сапта кредиттердин жана финансылык лизингдин (атайын РППУну алыпс алуусуз) суммасы чагылдырылат. 

«ФКУ кредиттери» деп аталган 4-сапта  финансы-кредиттик уюмдардын кредиттери көрсөтүлөт.  

«Пайыздык чендердин өзгөрүшүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон Башка финансылык активдер» деген 5-сапта ушул бөлүкчөнүн башка статьяларына камтылбаган, пайыздык чендердин өзгөрүшүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон бардык башка активдер берилет. 

«Пайыздык чендердин өзгөрүшүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон, бардыгы болуп активдер» деген 6-сапта 1ден 5ке чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

«Милдеттенмелер»  

39.  Пайыздык чендердин өзгөрүшүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон милдеттенмелерге рыноктук пайыздык чендердин өзгөрүүсүнөн улам, белгилүү бир убакыт аралыгында кайра баалана турган же төлөө мөөнөтү белгилүү бир мезгил ичинде келип жеткен милдеттенмелердин акчалай көлөмү кирет. 

«Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери» деген 7-сапта жеке адамдардан алынган акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт. 

«Юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери» деген 8-сапта юридикалык жактардан алынган акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт. 

«Алынган кредиттер:» 9-сапта МФКнын: 

а) банктардан; 

б) башка финансы-кредит уюмдардан

в) эл аралык финансы уюмдарынан жана донорлордон; 

г) эл аралык ФКУлардан; 

д) мамлекеттик бийлик органдарынан алган кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар катары каралган, кредиттердин суммасы көрсөтүлөт. 

«пайыздык чендердин өзгөрүшүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон башка милдеттенмелер» деген 10-сапта ушул бөлүктүн башка статьяларына камтылбаган, пайыздык чендердин өзгөрүшүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон бардык башка милдеттенмелер берилет.  

«Пайыздык чендердин өзгөрүшүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон бардыгы болуп милдеттенмелер» деген 11-сапта 1 жана 2-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

«Ажырым» деп аталган 12-сапта активдердин жана милдеттенмелердин төлөө мөөнөттөрү боюнча айырмасы көрсөтүлөт. 

«Кумулятивдик ажырым» деген 13-сапта өсүш жыйынтыгы менен ажырымдардын төлөө мөөнөттөрү боюнча суммасы көрсөтүлөт. Мисалы, «дароо» тилкесинде кумулятидик ажырымдын мааниси «дароо» тилкесиндеги ажырымдын маанисине барабар, ал эми «1-30 күн» деген тилкеде кумулятивдик ажырымдын мааниси «дароо» жана «1-30 күн» тилкелериндеги ажырымдардын маанисине барабар, жана мындан ары ушундай эле.  

«анын ичинде чет өлкө валютасында» деген саптарда чет өлкө валютасындагы кредиттер көрсөтүлгөн. Чет өлкө валютасындагы маалыматтар Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде келтирилет.  

 

§ 29. 6 А-1. бөлүкчө. Активдердин жана милдеттенмелердин пайыздык чендердин өзгөрүшүнө дуушарлануу деңгээлине талдап-иликтөө (ГЭП-анализ) 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча активдердин жана милдеттенмелердин кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүшүнө дуушарлануу деңгээлине талдап-иликтөө (ГЭП-анализ)» 6. А-1. бөлүкчөсү, «Активдердин жана милдеттенмелердин пайыздык чендердин өзгөрүшүнө дуушарлануу деңгээлине талдап-иликтөө (ГЭП-анализ)» деген 6 А. бөлүкчөсү сыяктуу эле толтурулат. Бөлүкчө кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүшүнө ийкемдүү активдер менен милдеттенмелердин ортосундагы айырманы өлчөөнүн жардамы менен кирешелүүлүк ченинин тобокелдигине баа берүү үчүн колдонулат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

§ 30. 6.Б. «Активдерге/милдеттенмелерге төлөө мөөнөттөрү боюнча талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү» бөлүкчөсү 

 

40. «Активдерди/милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрү» деген Б бөлүкчөдө активдерди активди берүүнүн же милдеттенменин келип чыгышынын баштапкы мөөнөтүнө карабастан, активди же милдеттенмени төлөө мөөнөтүнө чейин калган күндөрдүн санына жараша, бардык активдер (атайы РППуну эсептен алып салуусуз) жана мидеттенмелер көрсөтүлөт.  

41. Бул отчеттун максаты болуп, активдердин ордун жабуу жана милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрү боюнча дал келбестикти жана келечекте алардын МФКнын ликвиддүү позициясына таасирин аныктоо саналат. Бул бөлүкчө МФКнын отчеттук күнгө карата ликвиддүү позициясын аныктоо инструменттеринин бири катары колдонулат. Бул отчетто бардык активдер жана милдеттенмелерк амтылат. Бардык активдердин жана милдеттенмелердин күндөлүк баланстык наркы төлөөгө чейинки күндөрдүн санынын негизинде тиешелүү ячейкаларга киргизилүүгө тийиш.  

42. Эгерде, кредит 30 күндөн 60 күнгө чейин мөөнөтүнөн кечиктирилип төлөнсө жана/же кредит эки жолу реструктуризацияланса, анда ал “181 күндөн 365 күнгө чейин” категориясына киргизилүүгө тийиш. Эгерде, кредит 60 күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилип төлөнсө жана/же экиден көп жолу реструктуризацияланса жана/же кредит чегербөө статусунда болсо, анда ал “3 жылдан ашык” категориясына киргизилүүгө тийиш..  

«Активдер» 

«Башка банктардагы эсептешүү эсептери» деген 1-сапта МФКнын коммерциялык банктардагы эсептешүү эсептериндеги акча каражаттары көрсөтүлөт. 

«анын ичинде чет өлкө валютасында» деген сапта МФКнын коммерциялык банктардагы эсептешүү эсептериндеги чет өлкө валютасындагы акча каражаттары көрсөтүлөт.  

«Башка банктардагы депозиттер» деген 2-сапта банктарда күрөөдө турган депозиттик эсептердеги акча каражаттарын кошо алганда, депозиттик эсептердеги акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт.  

«анын ичинде чет өлкө валютасында» деген сапта банктарда күрөөдө турган депозиттик эсептердеги чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын кошо алганда, депозиттердеги акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт.  

«Башка кардарларга кредиттер жана фиансылык ижара» деген 3-сапта кредиттердин жана финансылык лизингдин суммасы чагылдырылат. 

«ФКУ кредиттери» деп аталган 4-сапта финансы-кредиттик уюмдардын кредиттери көрсөтүлөт.  

«Башка финансылык активдер» деген 5-сапта ушул бөлүкчөнүн башка статьяларына камтылбаган, төлөө мөөнөттөрүнө ылайык бардык башка активдер берилет. 

«Пайыздык чендердин өзгөрүшүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон, бардыгы болуп активдер» деген 6-сапта 1ден 5ке чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт, ал «Баланстык отчет» деген 1-бөлүктүн А бөлүкчөсүнүн «Бардыгы болуп активдер» деген 14-сабына барабар болууга тийиш. 

«Милдеттенмелер»  

«Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери» деген 7-сапта жеке адамдардан алынган акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт. 

«Юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери» деген 8-сапта юридикалык жактардан алынган акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт. 

«Алынган кредиттер:» деген 9-сапта МФКнын: 

а) банктардан; 

б) башка финансы-кредит уюмдардан

в) эл аралык финансы уюмдарынан жана донорлордон; 

г) эл аралык ФКУлардан; 

д) мамлекеттик бийлик органдарынан алган кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар катары каралган, кредиттердин суммасы көрсөтүлөт. 

«Башка милдеттенмелер» деген 10-сапта ушул бөлүктүн башка статьяларына камтылбаган, бардык башка милдеттенмелер төлөө мөөнөттөрүнө ылайык берилет. 

«Бардыгы болуп милдеттенмелер» деген 11-сапта 1 жана 2-статьялардын суммасы көрсөтүлөт, ал «Баланстык отчет деген» 1-бөлүктүн Б бөлүкчөсүнүн «Бардыгы болуп: милдеттенмелер» деген 20-сабына барабар болууга тийиш.  

«Ажырым» деп аталган 12-сапта активдердин жана милдеттенмелердин төлөө мөөнөттөрү боюнча (ар бир убакыт аралыгы үчүн эсептелет) айырмасы көрсөтүлөт. 

«Кумулятивдик ажырым» деген 13-сапта өсүш жыйынтыгы менен ажырымдардын төлөө мөөнөттөрү боюнча (ар бир убакыт аралыгы үчүн эсептелет) суммасы көрсөтүлөт.  

Мисалы, «дароо» тилкесинде кумулятидик ажырымдын мааниси «дароо» тилкесиндеги ажырымдын маанисине барабар, ал эми «1-30 күн» деген тилкеде кумулятивдик ажырымдын мааниси «дароо» жана «1-30 күн» тилкелериндеги ажырымдардын маанисине барабар, жана мындан ары ушундай эле.  

«анын ичинде чет өлкө валютасында» чет өлкө валютасындагы кредиттер көрсөтүлгөн. Чет өлкө валютасындагы маалыматтар Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде келтирилет.  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 02.07.2018-ж. № 30/5 токтому менен бекитилген)  

 

§ 30-1. 6-бөлүкчө. Б-1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча активдерге жана милдеттенмелерге төлөө мөөнөттөрү боюнча талдап-иликтөө 

 

6. Б-1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча активдерге/милдеттенмелерге төлөө мөөнөттөрү боюнча талдап-иликтөө» бөлүкчөсү 6 Б. «Активдерге/милдеттенмелерге төлөө мөөнөттөрү боюнча талдап-иликтөө» бөлүкчө сыяктуу эле толтурулат. Бөлүкчөдө бардык активдер жана милдеттенмелер (атайын РППУну алып салбаганда) активди төлөө жана милдеттенме келип чыккан баштапкы мөөнөткө көз карандысыз, активди же милдеттенмени төлөө мөөнөтүнө чейин калган күндөрдүн санына жараша чагылдырылат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

12-ГЛАВА.  

7-бөлүк. РППУдагы өзгөрүүлөр. 

§ 31. 7.А. Орун алышы ыктымал болгон кредиттик чыгымдардын ордун жабууга каралган камдагы өзгөрүүлөр бөлүкчөсү 

 

«Отчеттук мезгилдин башталышына карата орун алышы ыктымал болгон кредиттик чыгымдардын ордун жабууга камдын калдыгы» деген 1-статьяда төмөнкүлөрдү кошо алганда, өтүп жаткан жылдын башталышына карата баланстык отчеттогу калдык көрсөтүлөт: 

a) «атайын» камдар (классификацияланган кредиттер боюнча) жыл башына карата классификацияланган кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн түзүлгөн, атайын камдын суммасы көрсөтүлөт; 

б) «жалпы» кмдар (бардык кредиттер боюнча орун алышы ыктымал болгон чыгым) жыл башына карата классификацияланган кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн түзүлгөн, жалпы камдын суммасы көрсөтүлөт; 

«(Плюс) Кайтарылган активдер» (МФКнын менчигине өткөн, ошол эле күрөөлүк мүлк) деген 2-статьяда мурда эсептен алынып салынган кредиттерди кайтаруунун натыйжасында РППУнун абсолюттук мааниси азайган сумма көрсөтүлөт. 

«(Минус) Эсептен алынып салынган активдер» деген 3-статьяда чыгым катары классификацияланган кредитти эсептен алып салуунун натыйжасы катары РППунун эсеби боюнча калдык азайтыла турган сумма көрсөтүлөт. 

«Жыл башынан тартып РППУга чегерүүлөр» деген 4-статьяда өтүп жыл ичинде РППуга айкын жүргүзүлгөн чегерүүлөрдүн өлчөмү көрсөтүлөт. 

«Корректировка» деген 5-статьяда отчеттук мезгилдин акырына карата РППунун тиешелүү усммсына бардык өзгөртүүлөрдүн таза суммасы көрсөтүлөт. Эгерде бул сан терс болсо, сумма кашанын ичинде көрсөтүлүүгө тийиш. 

«Бардыгы болуп, отчеттук мезгилдин акырына карата РППУ калдыгы» деген 6-статьяда «атайы» жана «жалпы» камдар боюнча 3-статьяны минуска чыгаруу менен 1, 2, 4, 5 статьялардын суммасы чагылдырылат.  

-«Ислам терезесине» ээ МФК бул бөлүкчөдө да ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялар боюнча түзүлгөн РППУ тууралуу маалыматты чечмелөөгө тийиш. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

§ 32. 7.Б. РППУ эсебинен эсептен чыгарылган жана кайтарылган (мурда эсептен чыгарылган) активдер жана баланстан тышкары милдеттенмелер жөнүндө маалымат бөлүкчөсү 

43. «РППУ эсебинен эсептен чыгарылган жана кайтарылган (мурда эсептен чыгарылган) активдер жана баланстан тышкары милдеттенмелер жөнүндө маалымат» деген Б бөлүкчөсүндө өтүп жаткан жылдын башталышынан бери РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган, ошондой эле өтүп жаткан жыл ичинде кайтарылып берилген сом түрүндөгү (2, 4, 6-тилкелер) жана Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде чет өлкө валютасындагы (3, 5, 7-тилкелер) активдер тууралуу маалымат чагылдырылат.  

44. Кардарларга кредиттер жана финансылык ижара экономиканын секторлору боюнча, кардардын негизги иш багыты же бизнесинин түрү боюнча эмес, алган каражаттарын колдоно турган максаттарга ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш. Эсептен алып салуу жана кайтарып берүү тиешелүү тилкелерде жана саптарда чагылдырылууга тийиш. Таза эсептен алып салуу суммасы автоматтык түрдө эсептелет. 

«Статья» деген 1-тилкенин 1, 2, 4, 5, 6, 8 жана 9 саптарында РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган жана кайтарылган (мурда эсептен алынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер берилет.  

«Финансы-кредит уюмдарга кредиттер жана финансылык ижара» деген жана «Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара» деген 1 жана 2-статьяларда кредиттердин наркы РППУну эсептен алып салуусуз көрсөтүлөт (амортизацияланбаган дисконттун өлчөмүн минуска чыгаруу менен); 

«Жана башка активдер» деген 6-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок өтүп жаткан жыл башынан бери РППУнун эсебинен алынып салынган же өтүп жаткан жыл ичинде кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) бардык активдер көрсөтүлөт.  

«Эсептен алып салуу А» деген 2 жана 3-тилкелерде РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган актвдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы чагылдырылат.  

«Кайтарып берүү– Б» деген 4 жана 5-тилкелеринде мурда эсептен алынып салынган, РППУга кайтарылган активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт. 

«Таза» эсептен алып салуу» деген 6 жана 7-тилкелерде эсептен алынып салынган жана кайтарылган активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин өлчөмдөрүнүн ортосундагы айырма көрсөтүлөт, ал мурда эсептенг чыгарылган актвидерден жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерден таза кирешени (чыгымды) аныктайт. 

«Ислам терезесине» ээ МФК бул бөлүкчөдө да ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялар боюнча түзүлгөн РППУ тууралуу маалыматты чечмелөөгө тийиш. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

13-ГЛАВА.  

8-бөлүк. Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат 

§ 33. 8.А. «Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат» бөлүкчөсү 

 

45. Бул бөлүктө МФК карызгерлеринин чогуу алгандагы карызы алардын отчеттук күнгө карата номиналдык наркы боюнча көрсөтүлөт (мындан ары бул Бөлүктө «кредиттер» катары берилет).  

«Карыз алуучунун аты-жөнү» деген 2-тилкеде МФКнын ар бир кардарынын аталышы (компаниянын мамлекеттик мекеме тарабынан берилген каттоо документтерине ылайык расмий аталышы же өзүнчө адамдын толук аты-жөнү) көрсөтүлөт. 

«Топ» деген 3-тилкеде бир топ катары каралган, топтун ар бир мүчөсүнүн отчету чагылдырылат. Мындай топтун ар бир кредити өзүнчө тилкеде көрсөтүлүүгө тийиш. Мисалы, эгерде өзүнчө жактын анын компаниясына берилген кредиттердин ичинде жеке кредити болсо, ири кредиттерди аныктоо максатында, бул кредиттерге топтун ошол эле номери ыйгарылууга тийиш.  

Мисал: эгерде «А» деген өзүнчө жактын жана ага байланыштуу болгон эки компаниянын кредиттери бириккенде ири кредитти түзгөн үч кредит болсо (бир топ) анда «1» номериндеги топ биринчи, экинчи, үчүнчү кредиттерге ыйгарылат. Эгерде кийинки ири кредит башка кардарга берилген болсо, анда бул кредитке «2» номери ыйгарылат. 

 

№ 

Кардардын аты-жөнү  

Топтун номери  

1. 

«A» кардарынын аты-жөнү  

2. 

«A» кардарынын компаниясы  

3. 

«A» кардарынын компаниясы 

4. 

«B» кардар 

 

Ар бир кардарга тиешелүү транзакциялар 4 жана 6-тилкелерде көрсөтүлөт. 

Тиешелүү транзакциялар боюнча пайыздык чендер 5 жана 7-тилкелерде көрсөтүлөт

4 жана 6-тилкелердин суммасына барабар болгон ар бир кардардын жалпы карызы 8-тилкеде көрсөтүлөт.  

Микрофинансылык компаниялар тарабынан берилген кредиттин негизги суммасы боюнча кардардын мөөнөтү өткөрүлгөн карыздын узактыгы (орду жабылбаган мөөнөтү) «мөөнөтү өткөрүлгөн активдер, күндөр» деп аталган 9-тилкеде көрсөтүлөт. Мындай позиция күндөрдө жана кредиттин мөөнөтү өткүрүлгөн катары тааныла баштаган күндөн тартып отчеттук күнгө чейин көрсөтүлөт. 

§ 34. 8.Б. «Аффилирленген жактар менен ишке ашырылган операциялар тууралуу жалпы маалымат» бөлүкчөсү 

46. Бул таблица операциялар жана\же бүтүмдөр ишке ашырылган микрофинансылык компаниялардын бардык аффилирленген жактары тууралуу маалыматты камтыйт. 

«Аффилирленген жактын аталышы» деген 2-тилкеде - микрофинансылык компаниялардын толук аталышы же аффилирленген жактын аты-жөнү көрсөтүлөт. 

«Операциянын суммасы» деп аталган 3-тилкеде - операциянын жана\же бүтүмдүн суммасы көрсөтүлөт. 

«Операциянын түрү» деген 4-тилкеде - операциянын жана\же бүтүмдүн түрү көрсөтүлөт. 

«Операциянын башталган күнү» деп аталган 5-тилкеде - операциянын жана\же бүтүмдүн башталган күнү көрсөтүлөт. 

«Операциянын аяктоо мөөнөтү жана күнү» деп аталган 6-тилкеде - операциянын жана\же бүтүмдүн аяктоо мөөнөтү жана күнү көрсөтүлөт. 

«Пайыздык чен (%)» деген 7-тилкеде - операциянын жана\же бүтүмдүн пайыздык чени көрсөтүлөт. 

«Кредитке карата күрөөлүк мүлк» деп аталган 8-тилкеде кредит күрөө менен канча пайызга камсыз болгондугу көрсөтүлөт. 

«Күрөөнүн ээси» деген 9-тилкеде мүлктү күрөөгө койгон (менчик) күрөө коюучу көрсөтүлөт (юр. жактын аты-жөнү же аталышы). 

«Операциянын ишке ашыруу шарттары» деп аталган 10-тилкеде операцияны жана/же бүтүмдү ишке ашыруу шарттары көрсөтүлөт. 

 

§ 35. 8.В. Уюштуруучулардан (акционерлерден ) карызга  

алынган каражаттар) бөлүкчөсү 

 

47. Таблица уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан\жеке адамдардан карызга алынган каражаттар боюнча маалыматты камтыйт. 

«Уюштуруучу (акционер)» деп аталган 2-тилкеде уюштуруучунун (акционердин) юридикалык жактын /жеке адамдын толук аталышы же аты-жөнү көрсөтүлөт. 

«Сумма» деген 3-тилкеде уюштуруучудан (акционерден) карызга алынган каражаттардын суммасы көрсөтүлөт. 

«Алуу күнү» деп аталган 4-тилкеде уюштуруучудан (акционерден) карызга алынган каражаттардын алынган күнү көрсөтүлөт. 

«Ордун жабуу күнү» деген 5-тилкеде уюштуруучудан (акционерден) карызга алынган каражаттардын ордун жабуу күнү көрсөтүлөт. 

«Каражаттардын калдыгы» деп аталган 6-тилкеде уюштуруучудан (акционерден) карызга алынган каражаттардын калдыгы көрсөтүлөт. 

«Пайыздык чен» деген 7-тилкеде уюштуруучудан (акционерден) карызга алынган каражаттардын пайыздык чени көрсөтүлөт. 

«Валюта» деп аталган 8-тилкеде уюштуруучудан (акционерден) карызга алынган каражаттардын валютасы көрсөтүлөт. 

 

14-ГЛАВА.  

9-бөлүк. Кызматкерлер менен келишилген бүтүмдөр тууралуу маалымат  

 

48. Бул бөлүк микрофинансылык компаниялар тарабынан өз кызматкерлерине берилген кредиттер жана ушул сыяктуу активдер боюнча маалыматты камтыйт. Микрофинансылык компаниялардын кредиттеринин жана ушул сыяктуу активдеринин суммасы алардын наркы боюнча көрсөтүлөт.  

«Кызматчынын аты-жөнү» деген 2-тилкеде кызматкерлердин толук аты көрсөтүлөт. 

49. Бул бөлүктү толтуруу тартиби «Ири кредиттер жана активдер жөнүндө маалымат» деп аталган 8-бөлүктү толтуруу тартибине окшош.  

 

15-ГЛАВА.  

10-бөлүк. Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат 

 

50. Бул бөлүк Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерине ылайык толтурулат. 

 

16-ГЛАВА.  

11-бөлүк. 

§ 36. 11-бөлүк. Кардарларга берилген кредиттер жөнүндө маалымат  

 

51. Бөлүк өзүндө кредит портфели боюнча статистикалык маалыматты камтыйт. Бул маалымат консолидацияланган негизде жана тармактар боюнча түзүлөт. 

52. «Жылдык орточо салмактанып алынган пайыздык чен» орточо салмактанып алынган пайыздык чен кредиттик келишимде көрсөтүлгөн номиналдык пайыздык чендердин негизинде эсептелинет. Төмөндө формула жана ушул цифраны эсептөө үчүн мисал келтирилген: 

Формула: пайыздык ченге көбөйтүлгөн жана бардык кредиттердин суммасына бөлүштүрүлгөн (кредиттик портфелдин негизги суммасы) ар бир кредиттин суммасы. 

(ар бир кредиттин суммасы X пайыздык чен) 

Бардык кредиттердин суммасы 

x 100 = орточо салмактанып алынган пайыздык чен  

формуланын мисалы: 

35 % пайыздык чени менен 5000 сомду түзгөн 1-кредит боюнча негизги сумма (5000 X 0.35 = 1750)  

28 % пайыздык чени менен 20,000 сомду түзгөн 2-кредит боюнча негизги сумма (20,000 X 0.28 = 5600) 

30 % пайыздык чени менен 15,000 сомду түзгөн 3-кредит боюнча негизги сумма (15,000 X 0.30 = 4500) 

пайыздык ченге X ар бир кредит = 1750 + 5,600 + 4,500 = 11,850 

бардык кредиттердин суммасы = 5000 + 20,000 + 15,000 = 40,000 

Эсептөө: (11,850*100) / 40,000 = 29,625 % 

Жылдык орточо салмактанып алынган пайыздык чен = 29,625 % же 29,6 % (онго чейин тегеректейбиз). 

53. Эффективдүү пайыздык чен Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы №33/4 токтому менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сый акы өлчөмү жөнүндө маалыматты таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө жөнүндө» жобого ылайык эсептелинет. 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоо боюнча кирешелүүлүк коэффициентинин маалыматтары орточо алынган эффективдүү пайыздык чендин эсебине кирбейт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

§ 36-1. «А-1. Кардарларга ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча сунушталган каржылоо жөнүндө маалымат» 

 

«А-1. Кардарларга ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча сунушталган каржылоо жөнүндө маалымат» бөлүкчөсү «А. Кардарларга кредиттер жөнүндө маалымат» таблицасына окшош эле толтурулат. Бул бөлүкчөдө «ислам терезесине» ээ МФК да ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык берилген каржылоо боюнча маалыматты чечмелөөгө тийиш. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

§ 37. 11-бөлүк. Финансы мекемесинин персоналы жөнүндө маалымат (МФК)  

54. Кызматчылардын саны, эмгек акысы жана микрофинансылык компаниялардын бөлүмдөрү тууралуу кошумча маалымат ушул бөлүктө берилет. 

«Персоналдын, кызматчылардын катталган саны» деп аталган 1-статьяда иштеп жаткан кызматкерлердин, ошондой эле эмгек өргүүдөгү (мисалы, үч жашка чейинки балдары бар) кызматкерлердин саны көрсөтүлөт. Мындан тышкары мөөнөттүү эмгек келишими, контракт боюнча иштеп жаткандар чагылдырылат, эгерде алар башка мекемелердин кызматкерлеринен болуп саналбаса. Кызматкерлердин санын отчеттук айдын ар бир календардык күнү боюнча кошуп, ал санды ай ичиндеги календардык күндөрдүн санына бөлүү менен кызматкерлердин орточо айлык санын аныктайбыз.  

«Кызматкердин орточо эмгек акысын жана башка орточо көрсөткүчтөрдү эсептөөдө колдонулуучу кызматкердин саны» деген 2-статьяда отчеттук мезгил ичинде иштеген кызматкерлердин саны көрсөтүлөт. Толук эмес жумуш убактысында иштеген же иштин белгилүү түрүн аткарууга тартылган кызматкерлердин саны иш жүзүндө иштелген күнүнө пропорционалдуу эсепке алынат: отчеттук айда иштеген ар бир сааттын саны алгач, иш күнүнүн белгиленген узактыгына андан соң отчеттук айдагы жумуш күнүнүн санына бөлүнөт. 

«Эмгек акы фонду (анын ичинде финансылык жардам жана социалдык жеңилдиктер, миң сомдо)» деп аталган 3-статьяда эмгек акыны, эмгек акыга кошумча акыны, сый акыны жана башка төлөөлөрдү кошо алганда, эмгек акы төлөнүүчү сумма чагылдырылат. 

 

17 -ГЛАВА. 

12-бөлүк Чечмелөө.  

§ 38. 12.А. Банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча маалымат бөлүкчөсү 

 

«Банктын аталышы» деп аталган 2-тилкеде агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу коммерциялык банктардын аталышы көрсөтүлөт. 

«Которуу системасы» деген 3-тилкеде операциянын түрү, б.а. акча которуу системасынын аталышы көрсөтүлөт. Мисалы: «Анелик», «Быстрые деньги» ж.б. 

«Саны» деп аталган 4-тилкеде микрофинансылык компания тарабынан банктардын агенттик келишими боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөр жүзөгө ашырылган операциялардын саны көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп жыл башынан бери операциялардын көлөмү» деген 5-тилкеде сомдук эквивалентте жыл башынан бери улам өсүүчү жыйынтыгы менен микрофинансылык компания тарабынан жүзөгө ашырылган операциялардын жыйынтыктоочу суммасы чагылдырылат. 

«анын ичинде отчеттук мезгил үчүн» деп аталган 6-тилкеде отчеттук мезгил ичинде которуулардын системасы боюнча микрофинансылык компания тарабынан жүзөгө ашырылган операциялардын суммасы көрсөтүлөт. 

§ 39. 12.Б. Финансы-кредит уюмдарында жүргүзүлгөн операцияларды жана инвестицияларды чечмелөө бөлүкчөсү 

«Ишкананын аталышы (мисалы: банк ж.б.)» деген 3-тилкеде депозиттер, инвестициялар жана мамлекеттик казына векселдери/облигациялар жайгаштырылган финансылык уюмдун аталышы көрсөтүлөт. 

«Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык» деп аталган 4-тилкеде финансылык уюмдагы депозиттердин, инвестициялардын жана мамлекеттик казына векселдеринин/облигациялардын калдыктарынын суммасы көрсөтүлөт. 

«Отчеттук мезгил ичинде депозиттин же инвестициянын көбөйүшү» деген 5-тилкеде финансылык уюмдагы депозиттер, инвестициялар жана мамлекеттик казына векселдери/облигациялары боюнча көбөйүү жагына өзгөрүшүнүн суммасы чагылдырылат. 

«Отчеттук мезгил ичинде депозиттин же инвестициянын азаюусу» деген 6-тилкеде финансылык уюмдагы депозиттер, инвестициялар жана мамлекеттик казына векселдери/облигациялары боюнча азаюу жагына өзгөрүшүнүн суммасы чагылдырылат. 

«Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык» деген 7-тилкеде 4+, 5-, 6-статьялардын ортосундагы айырма көрсөтүлөт. 

«Мөөнөт» деп аталган 8-тилкеде депозиттер, инвестициялар жана мамлекеттик казына векселдери/облигациялар боюнча мөөнөт чагылдырылат.  

«Орточо салмактанып алынган пайыздык чен» деген 9-тилкеде депозиттер жана инвестициялар боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен көрсөтүлөт, ал 11-бөлүктүн «орточо салмактанып алынган пайыздык чен» деген 52-пунктунда келтирилген мисалга окшош эсептелинет.  

«Валюта» деген 10-тилкеде финансылык уюмда жайгаштырылган депозиттердин, инвестициялардын жана мамлекеттик казына векселдеринин/облигациялардын валютасы көрсөтүлөт. 

«Шарттар» деп аталган 11-тилкеде финансылык уюмда жайгаштырылган депозиттер, инвестициялар жана мамлекеттик казына векселдери/облигациялар боюнча шарттар чагылдырылат.  

§ 40. 12.В. Валюталык операциялар бөлүкчөсү 

55. Бул таблица валюта операцияларын жүргүзүүгө лицензиясы болгон шартта микрофинансылык компаниянын операциялары жана своп (своп-хеджинг инструменттери, «Back to back» компенсациялык кредити боюнча коммерциялык банктар менен ишке ашырылган операциялар) боюнча маалыматты камтыйт. 

«Банктын аталышы» деген 2-тилкеде своп операциялары ишке ашырылган мекеменин толук аталышы көрсөтүлөт. 

«Операциянын суммасы» деп аталган 3-тилкеде своп операциялары ишке ашырылган сумма чагылдырылат

«Алмашуу курсу» деген 4-тилкеде своп операциясы ишке ашырылган күнгө карата анын алмашуу курсу көрсөтүлөт. 

«Операция башталган күн» деп аталган 5-тилкеде операция жүргүзүлгөн күн чагылдырылат.  

«Операция аяктаган күн» деген 6-тилкеде своп операциясы жабылууга тийиш болгон күн көрсөтүлөт. 

«Киреше/чыгаша» деп аталган 7-тилкеде своп/ Back to back операцияларынын жүрүшүндө алынган киреше же чыгаша көрсөтүлөт, эгерде мындай операциялар орун алган болсо. 

Эскертүү. Белгилүү бир көз карандылыктардын сакталышын камсыз кылуу максатында, Улуттук банкка сунушталуучу Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун электрондук версиясында «Каталар протоколу» каралган. Анда каталар катталса, отчет туура эмес толтурулган катары саналат. Отчеттун «Каталар протоколу» барагында ката белгиленген шартта, ал Улуттук банк тарабынан кабыл алынбайт.