Кайта келүү

 

  

Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 29-августундагы 

N 36/2 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/7, 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/11, 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Коммерциялык банктардын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компаниялардын (мындан ары - банктар), мурда берилген кредиттердин ордун жабуунун эсебине банк тарабынан алынган кыймылсыз мүлк, ошондой эле сатуу үчүн каралган банктык жайлар менен операцияларды жүзөгө ашырууда аларга карата коюлуучу минималдуу талаптарды аныктоо, ушул жобонун максаты болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

"Башка кыймылсыз мүлк" деп, төмөнкүүрдөгү активдерди түшүнүү зарыл: 

а) кардарга мурда берилген , кредиттер боюнча анын банк алдындагы карызынын ордун толук же жарым жартылай жабуу максатында сатып алуунун же кардардын ага өткөрүп берүүсүнүн натыйжасында банк тарабынан алынган кыймылсыз мүлк; 

б) банк ишин камсыз кылуу үчүн пайдаланылбаган жана пайдаланышы да мүмкүн болбогон, сатуу үчүн каралган жайларды кошо алганда, банктын кайсыл болбосун кыймылсыз мүлкү, мында мындай активдерди амортизацилоо токтотулууга тийиш. 

Банк бул активдерди кабыл алууга же аларды ушул жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурдан тартып "Банктын башка менчиги" - банктын ээлигине өткөн кыймылсыз мүлк" категориясына өткөрүүгө тийиш. 

Баа берүү - бул, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги N 217 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баа берүүнү ишке ашырган бардык субъекттер милдеттүү түрдө колдонууга тийиш болгон, мүлккө баа берүү (мындан ары - Кыймылсыз мүлккө баа берүү стандарты) стандарттарына ылайык, көз карандысыз жана бейтарап иш алып барган квалификациялуу баалоочулар тарабынан даярдалган баа берүү отчетунун негизинде кыймылсыз мүлккө баа берүү

Адилет нарк - эсептелинген акчалай сумма, тараптардын ар бири аны ишке ашыруу учурунда компетенттүү, так эсептен жана мажбурлоосуз иш алып барган, талаптагыдай маркетингден кийинки коммерциялык бүтүмдө сатып алууга даяр сатып алуучу менен сатууга даяр сатуучунун ортосунда баа берүү күнүнө карата мүлктү алмашуу ишке ашырылган нарк. Торруктарда мүлк сатып өткөрүлбөгөн учурда, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте белгиленген нарк адилеттүү нарк катары эсептелинет. 

Кредит боюнча карыз - бул, кредиттин негизги суммасы боюнча төлөнбөй калган калдык жана бардык чегерилген, бирок төлөнбөгөн пайыздар, айыптык төлөмдөр жана карызды кайтарып алууга байланыштуу башка чыгашалар (эгерде алгылыктуу болсо, төлөнбөгөн калдык дисконтко же сыйакыга корректировкаланууга тийиш). 

Ири бүтүм - мындай бүтүмгө келишүү чечими кабыл алынган күнгө карата банктын таза суммардык капиталынын 10 жана андан көп пайызы наркындагы бир бүтүм же бир нече өз ара байланыштуу бүтүмдөр. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Башка кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу мөөнөттөрүнө карата талаптар 

5. Банк, колдонуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди эске албаганда, башка кыймылсыз мүлктү менчикке укук келип чыккандан кийинки үч жылдан ашык мөөнөткө кармап тура албайт. Бул учурда банк сатып алуучуну издөө демилгесин көтөрүүгө тийиш. 

Сот тарабынан банктын башка менчигине арест коюлган учурда, жогоруда белгиленген мөөнөт, арест алынып салынганга чейин токтотулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Башка кыймылсыз мүлктү күтүү мөөнөтүн эсептөө

а) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бүтүмдөр (анын ичинде жарандык укуктук бүтүмдөрдүн негизинде)/мурда берилген кредиттердин ордун жабуу эсебинен банк тарабынан алынган кыймылсыз мүлккө карата менчик укугу ыйгарым укуктуу каттоо органында каттоодон өткөн; 

б) Банк Башкармасы, банктын иш-чөйрөсүн келечекте кеңейтүү үчүн кыймылсыз мүлктү пайдаланбай тургандыгы жана/же ал жайды банк иши үчүн колдонууну токтотуу (мисалы, өзүнчө турган түзүмдүк бөлүмдү жабуунун, башка жакка көчүүнүн натыйжасында жана актыга ылайык башка себептер боюнча) жана аны сатуу зарылчылыгы тууралуу чечимди кабыл алат. Бул чечим Директорлор кеңеши тарабынан колдоого алынууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Башка кыймылсыз мүлк менен операциялар боюнча талаптар 

7. Банкта, башка кыймылсыз мүлктү тескөө боюнча Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген саясат иштелип чыгууга тийиш (ал кредиттик саясаттын курамдык бөлүгү да болушу мүмкүн). Саясатта төмөнкүдөй минималдуу маалыматтар камтылышы зарыл: 

а) башка кыймылсыз мүлктү кабыл алуу, өткөрүп берүү жана сатуу чечимин кабыл алууга ыйгарым укуктуу органдын/жактын аныктамасын кошо алганда, активдерди "Банктын башка менчиги" категориясына кабыл алуу, которуу тартиби; 

б) сатуу тартибин жана ыкмаларын, башка кыймылсыз мүлктү сатып өткөрүү боюнча иш-аракеттердин жана чаралардын ырааттуулугун кошо алганда, мүлктү сатуу үчүн банк тарабынан колдонулган ыкмаларды; 

в) башка кыймылсыз мүлктүн адилет наркын аныктоо мезгил аралыгын; 

г) ушул Жобонун талабына ылайык, көз карандысыз баалоочу тарабынан баа берүүнүн жүргүзүлүшүнө карата талаптар; 

д) эгерде бул маселелер банктын башка ченемдик документтеринде баяндалбаса, эсепке алууну жана отчет берүүнү

е) банктын кыймылсыз мүлккө байланыштуу ишин чагылдырган башка маалыматтарды. 

8. Банк төмөнкүлөрдү кошо алганда, башка кыймылсыз мүлктүн ар бир бирдиги боюнча маалыматтарга туруктуу көз салып турууга тийиш: 

а) башка кыймылсыз мүлктү баланска кабыл алуу жөнүндө ыйгарым укуктук органдын/жактын чечими; 

б) баланска кабыл алган күндү

в) кыймылсыз мүлктүн ошол бирдигин сатуу боюнча көрүлгөн аракеттерди; 

г) алар болгон шартта, потенциалдуу сатып алуучулардын сунуштарын; 

д) кыймылсыз мүлктүн тиешелүү документтер менен тастыкталган адилет наркын; 

е) баа берилген күндү жана баа берүүнү жүргүзүү наркын; 

ж) башка зарыл маалыматтарды. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Банктын башка кыймылсыз мүлктөрдү сатуу боюнча кат жүзүндөгү отчеттору банк Башкармасы тарабынан эң аз дегенде чейрек ичинде бир жолу кароого алынып турууга тийиш. Банк Башкармасынын башка кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча маселелерди кароосунун жыйынтыгы отурумдан толтурулган протоколдордо таризделиши зарыл. 

10. Банктын Директорлор кеңеши чейрек сайын кыймылсыз мүлктү сатуу маселесинин кароого алынышынын жыйынтыгы жана банктын кат жүзүндөгү отчеттору менен таанышып турууга тийиш. 

11. Банк, башка кыймылсыз мүлктү күтүүгө байланыштуу келип чыккан чыгашалардын ордун жабуу үчүн ушул жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпаган мөөнөткө ижара келишимин (келишимдин формасын, мында мүлк убактылуу ээликке жана/же убактылуу пайдаланууга өткөрүлөт) түзүүгө укуктуу. Башка кыймылсыз мүлктү ижарага берүү мөөнөтүн бузууга жол берилген учурларда, банкка карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

12. Келечекте экономикалык пайданын түшүүсүн шарттаган жана анын наркын арттырышы мүмкүн болгон башка кыймылсыз мүлктүн абалын жакшыртууга кошумча чыгашалар, эгерде банктын көргөн аракеттери кыймылсыз мүлк менен операциялардан пайда көрүүгө багытталбаган шартта гана бекитилиши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

13. Башка кыймылсыз мүлктүн абалын жакшыртуу боюнча кошумча чыгашаларды бекитүү чечими ушул жобонун 12-пунктта ылайык, банктын Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынууга тийиш. 

14. Кошумча чыгашаларды бекитүү чечими, болжолдонуп жаткан чыгашалар банка кандай пайда алып келээринин негиздүү себептери менен тастыкталууга тийиш. Эгерде банк, башка кыймылсыз мүлктүн жалпы абалын жакшыртууга ниеттенип жаткан болсо, Директорлор кеңешинин чечимине тиешелүү ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн отчету, тастыктоочу негиздемелери менен кошо тиркелип берилүүгө тийиш. 

15. Банк Башкармасы башка кыймылсыз мүлктү ремонттон өткөрүүгө жана күтүүгө (объектти күндөлүк тейлөөгө алуу) кеткен утурумдук кошумча чыгашаларды беките алат. 

16. Эгерде банктын, ушул жобонун 11-15-пункттарында баяндалган иш-аракеттери аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар менен байланыштуу болсо, анда алар Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Мында, Директорлор кеңешинин кароосуна сунушталган документтерге төмөнкү документтер кошо тиркелип берилиши зарыл: 

а) аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар менен операциялардын кыскача баяндалышы; 

б) аффилирленген/банк менен байланыштуу жактын аты-жөнү (юридикалык жак аффилирленген жак болуп саналса, анын аталышы) жана алардын банкка канчалык деңгээлде катышы бардыгы; 

в) аффилирленген/банк менен байланыштуу жак менен келишилген бүтүмдөрдүн шарттарынын адилеттүү экендигинин далилдөөлөрү (рыноктогу жагдайды талдап-иликтөөлөр, көз карандысыз баалоочунун отчету ж.б. далилдер); 

г) банктын болжолдуу чыгашаларынын сметасы. 

17. Директорлор кеңешинин/баардык мүчөлөрү кол койгон, аффилирленген/банк менен байланыштуу жак менен операцияларды колдоого алган отурумдун протоколунда, ошол аффилирленген/банк менен байланыштуу жак чечим кабыл алууга катышпагандыгы жана ал үчүн добуш бербегендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Протоколго Директорлор кеңешинин отурумунан толтурулган, добуш берүүгө катышкан бардык мүчөлөр кол коюп, аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар менен бүтүмдүн бардык шарттары жана жагдайы иликтөөгө алынып бүтүм банк үчүн адилет наркта, мыйзамдарга ылайык түзүлгөндүгүн тастыктаган стенограммадан көчүрмө кошо тиркелүүгө тийиш. 

18. Банктын аффилирленген/банк менен байланыштуу жактарга карата аракеттери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар менен операцияларды жөнгө салган ченемдик укуктук актыларынын жооп берүүгө тийиш. 

19. Банк, аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар менен төмөнкү операцияларды жүргүзүп/бүтүмдөргө келишүү учурунда да, ушул Жобонун бардык талаптарын так сактоого милдеттүү

а) кыймылсыз мүлктү сатуу/сатып алуу; 

б) кыймылсыз мүлктү ижарага/лизингге берүү

в) аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар аларды ишке ашыруудан киреше алган операциялар; 

г) аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар катышкан кыймылсыз мүлк менен болгон башка бүтүмдөр/операциялар. 

4. Башка кыймылсыз мүлктөрдүн эсебин жүргүзүү 

20. Ушул Жобонун 3-пунктунун а) пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк, жобонун 5-бөлүгүнүн талабына ылайык "Башка менчик" категориясына кабыл алынган күнгө карата кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча болжолдуу чыгашаларды эсептеп алып салуу аркылуу, күрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүнүн соттук эмес тартибинин алкагында "Башка менчик" категориясына кабыл алынган учурда гана баланста мүлктүн адилет наркы боюнча таанылууга тийиш (ачык тоорук өткөрүлбөгөндүгүнөн улам, кыймылсыз мүлктү баланска кабыл алууну эске албаганда). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Мында "кредит боюнча карыздын" кыймылсыз мүлктүн адилет наркынан кандай болбосун ашып кетүүсү, Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы N 18/3 токтому менен бекитилген, "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга чегерилүүгө тийиш. 

22. Күрөөлүк мүлктөн соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн алкагында, кыймылсыз мүлк ал боюнча банктын балансына кабыл алынган сумманын кредит боюнча карыздан ашып кетиши, банктын артып калган акча каражаттарын күрөө коюучуга кайтарып берүү жагындагы милдеттенмеси болуп саналат. Келип чыккан айырма кыймылсыз мүлк сатып өткөрүлгөн шартта күрөө коюучуга төлөнүп берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Ушул Жобонун 3-пунктунун б) пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктү "Башка менчик" категориясына которууда ал, таза баланстык нарктын (амортизацияны жана баанын түшүүсүнөн улам келип чыккан чыгымдарды кемиткенден кийинки нарк) жана которуу күнүнө карата адилет нарктын эң аз өлчөмү боюнча эсепке алынышы зарыл. Таза баланстык нарктын адилет нарктан кандай болбосун ашуусу, күндөлүк чыгашаларга чегерилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

24. Башка кыймылсыз мүлктүн наркынын кандай болбосун азаюусун банк, сатууга кеткен чыгашаларды эсептен алып салуу менен анын адилет наркына чейин баанын түшүүсүнөн чыгымды таанууга тийиш. Эгерде кыймылсыз мүлктүн баасы түшкөндөн кийин, сатууга кеткен сарптоолорду эсептен алып салгандан кийинки анын адилет наркы көбөйө турган болсо, банк аны таанууга тийиш. Бирок, баанын түшүүсүнөн буга чейин топтолгон чыгымдан ашпаган суммада гана. 

25. Башка кыймылсыз мүлктү ремонттон өткөрүү жана күтүүгө кеткен кандай болбосун күндөлүк чыгашалар, ошондой эле кыймылсыз мүлктү банктын балансына кабыл алууга байланыштуу сарптоолор (кыймылсыз мүлктү юридикалык жактан тариздетүүгө, тооруктарды уюштурууга кеткен сарптоолор ж.б.) аларга жол берилген мезгилдин сарптоолоруна чегерилиши зарыл. 

26. Ушул Жобонун 3-пунктунун а) пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык классификацияланат. 

5. Башка кыймылсыз мүлккө баа берүүгө карата талаптар 

27. Кыймылсыз мүлктү "Башка менчик" категориясына кабыл алууда күрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүү соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн алкагында же которууда мүлктүн адилет наркы кыймылсыз мүлккө баа берүү стандарттарына ылайык, көз карандысыз, кесипкөй баалоочулар тарабынан тастыкталууга тийиш. 

Кыймылсыз мүлккө баа берүү талабы төмөнкү учурларда милдеттүү болуп саналбайт: 

а) кыймылсыз мүлктүн адилет наркы 1000000 сомдон ашпаса; 

б) кыймылсыз мүлккө баа берүү аны "Башка менчик" категориясына которууга чейинки акыркы алты ай ичинде ишке ашырылган болсо; 

в) ушул Жобонун 31-пунктунун талабына ылайык, мүлктү банк ага карата укукка ээ болгондон кийинки 90 күн ичинде сатуу мүмкүнчүлүгүн тастыктаган документтер банктын колунда болсо; 

г) өткөрүлбөгөн ачык тооруктардын жыйынтыгы чыгарылган болсо. 

Күрөөлүк мүлктөн соттук тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн алкагында банк тарабынан кыймылсыз мүлктү "башка менчик" категориясына кабыл алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/7, 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

28. Банк баланста эсепке алынган мүлктүн наркын тастыктоо максатында, бирок жылына кеминде бир жолу, кыймылсыз мүлктүн баасынын түшүүсүнүн белгилерин аныктоо жагында иштерди мезгил-мезгили менен жүргүзүп турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Банктын кыймылсыз мүлккө баа берүү жагында баалоочуга карата тапшырмасы кат жүзүндө толтурулууга тийиш, ал эми баа берүүчүнүн отчетунда ошол тапшырма жана анда көрсөтүлгөн бардык параметрлер боюнча баа берүүнүн натыйжалары камтылышы зарыл. 

6. Башка кыймылсыз мүлктү сатуу 

30. Банк башка кыймылсыз мүлктү ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кечиктирбестен сатууга тийиш. 

31. Банк, бардык төмөнкү шарттар аткарылмайынча, кыймылсыз мүлктү "Башка менчик" категориясында эсепке алып туруусу зарыл: 

а) мүлктү банк менен байланыштуу болбогон жакка сатуу учурунда жалпы сатуу баасынын кеминде 25% түзгөн акча каражатынын суммасын сатып алуучудан алганда жана эгерде, банк калган бөлүгүн кредит берүү аркылуу каржылай турган болсо, банктын банк менен байланыштуу жактары же аффилирленген жактары аныктамасына кирген жакка мүлктү сатуудан кеминде 50% алган учурда. Мында, банктын катышуусу кредитор катары иш алып баруу менен гана чектелүүгө, б.а. шарттары (пайыздык чендери, төлөө мөөнөттөрү, амортизациясы ж.б.) адаттагы кредиттер үчүн каралгандай эле болууга тийиш. Мүлктү сатуу, учурдагы рыноктук пайыздык ченден төмөн болгон чен боюнча берилген кредиттин эсебинен каржыланса, банк кредитти дисконттоо менен ал боюнча кирешени ФОЭСке ылайык рыноктук ченге ылайыкташтырууга тийиш; 

б) сатып алуучу жөнүндө маалыматтар анын кийинки төлөөгө жөндөмдүүлүгүн чагылдырып, тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш төлөөгө жөндөмдүүлүккө талдап-иликтөөлөрдү кошо алганда; 

в) банк, мүлккө ээлик кылууга байланыштуу тобокелдиктердин жана сый акылардын олуттуу бөлүгүн сатып алуучуга өткөргөн, башкача айтканда, мүлктү пайдалануу жана ага ээлик кылуу укугун өткөрүп берген, Банктын мүлккө ээлик кылууга катышуу деңгээли операцияны "сатуу" катары аныктоо үчүн маанилүү фактор болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн шарттардын бардыгы бир эле учурда аткарылган шартта, банк активди баланста кардарга берилген кредит катары эске алышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/7, 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

31-1. Банк финансылык ижара келишимин/кыймылсыз мүлктү бөлүп төлөө шартында сатуу келишимин же ушундай эле башка келишимди, ошол мүлктү кредит боюнча карыз ордун жабуунун эсебинен банк баланска кабыл алып жаткан учурда, мүлк ээси болуп саналган жак менен түзүү учурунда банк Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу, жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга 25% өлчөмүндө кам түзүү менен ошол активди (башка менчикти) "субстандарттык" катары классификациялайт. Жаңыдан түзүлгөн келишим боюнча төлөмдөрдү кечиктирүү жана графикти бузууга жол берүү орун алган шартта, классификация Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

31-2. Банк кыймылсыз мүлктү өз балансына кабыл алууга жана ыйгарып берүү келишиминде көрсөтүлгөн, мурда берилген кредитти төлөөнүн эсебинде "башка менчик" катары эсепке алууга укуктуу. Мында, келишимде ошол мүлктү банк менен күрөө коюучу ортосунда макулдашылган мөөнөттө жана келишимде каралууга тийиш болгон күрөө коюучунун жана/же карыз алуучунун милдеттенмелер суммасында мурда берилген кредиттин ордун жабуунун эсебинен кабыл алынган ошол кыймылсыз мүлктүн ээси болуп саналган жакка (адамга) банктын сатуу милдеттенмеси камтылууга тийиш. 

Ыйгарып берүү келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө банктын башка менчиги сатып өткөрүлбөсө жана/же финансылык ижара келишими же кыймылсыз мүлктү бөлүп төлөө шартында сатуу келишими же ушундай эле башка келишимдер токтотулган шартта, банк мындай менчикке көз карандысыз баа берүүнү ишке ашырып, аны жобого ылайык эсепке алууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

32. Ушул Жобонун 31-пунктунда аныкталган шарттар аткарылбаган учурда банк, мүлктү "Башка менчик - башка кыймылсыз мүлк" категориясында эсепке алууну уланат. Алынган төлөмдөр (негизги сумма, пайыздар ж.б. төлөмдөр) жетиштүү төлөмдөрдү алып, операцияны сатуу катары классификациялоого өбөлгө түзгөн мүмкүнчүлүктөр келип жеткенге чейин ошол мүлктү сатуу боюнча банктын милдеттенмеси катары чагылдырууга тийиш. 

33. Башка кыймылсыз мүлктү акча каражаттарына сатуудан түшкөн пайда жана чыгым ФОЭСке ылайык таанылышы зарыл. 

34. Банк ар бир объектти ушул Жобонун талаптарына ылайык, "Башка кыймылсыз мүлк" категориясынан сатуу боюнча иш жагдайын чагылдырган, талаптагыдай толтурулган кат жүзүндөгү документтерди жүргүзүшү зарыл. Эгерде ушул жобонун 5-пунктунда белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейинки кредит боюнча карыздын, ошондой эле ага ээлик кылуу учурунда жол берилген кошумча чыгашалардын ордун жаба алгандай аны сатуу мүмкүнчүлүгү келип чыкса, банк кыймылсыз мүлктү сатуу үчүн токтоосуз аракеттерди көрүүгө тийиш. 

7. Банктык жайлар 

35. Банк Башкармасы банктын иш-чөйрөсүн кеңейтүү үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алуу чечимин кабыл алат, ал эми Директорлор кеңеши - ири бүтүмдөр боюнча чечим кабыл алат. Чечимдерде ошол кыймылсыз мүлктү пайдалануу боюнча план чагылдырылууга тийиш. Банк тарабынан ижарага берүү максатында кыймылсыз мүлктүн сатылып алынышына жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

36. Мүлктү сатып алгандан кийинки 1 жыл ичинде банк Башкармасы тарабынан кыймылсыз мүлктү банктык жай катары пайдалануу же болбосо аны пайдалануудан башка тартууга тиешелүү чечим кабыл алынышы зарыл. Бул чечим, банктын Директорлор кеңеши тарабынан колдоого алынууга тийиш. 

37. Банк, пайдаланылбай өзүнчө турган бүтүндөй банктык жайды сыяктуу эле, анын бир бөлүгүн ижарага/субижарага тапшырууга укуктуу. Мында, банк жана анын бөлүмдөрү жайгашып турган банктык жай өзүнчө бөлүнүп, техникалык жактан талаптагыдай жабдылып, турак эмес жайларды пайдалануунун коопсуздук техникасы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Банктар пайдаланылбай турган банктык жайларды ижарага/субижарага берген жана/же ижарачыларды алмаштырган ар бир учурда ижарачы/субижарачы, ижарага канча мөөнөткө тапшыргандыгы тууралуу маалыматтарды Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгына кат жүзүндө билдирип турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

37.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/11 токтомуна ылайык алынып салынды) 

8. Корутунду жоболор 

38. Бул ченемдик укуктук актыда башка кыймылсыз мүлк менен бүтүмгө келишүүдө/операцияларды жүргүзүүдө банк аткарууга тийиш болгон негизги талаптар гана белгиленген. 

39. Бул ченемдик укуктук актынын жоболорун банктын кызмат адамдары жана кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.