Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын «25» июлунда 

36-6 токтому менен бекитилген  

 

 

Алдынала төлөнгөн карттар формасындагы электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча 

ишти лицензиялоо жөнүндө Жобо  

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз РеспубликасынынКыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Лицензиялоо жөнүндө», «Электрондук төлөмдөр тууралуумыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан

1.2. Бул Жободо анын жүрүшүндө акча каражаттарын тартуу ишке ашырылып жаткан, Кыргыз Республикасынын аймагында алдынала төлөнгөн карттар формасындагы электрондук акчаларды (мындан ары электрондук акчалар) пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуунун тартиби аныкталат жана ага карата талаптар белгиленет.  

1.3. Ушул Жобонун аракети электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу зарылдыгы келип чыккан учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү талаптарына жооп берген финансы-кредит мекемелери жана банктык эмес уюмдарга таркатылат.  

1.4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) банктык операциялардын формаларынын бири катары, электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүүнү сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензия берүү укугуна ээ болгон, Кыргыз Республикасынын аймагындагы бирден-бир лицензиар болуп эсептелет.  

1.5. Банктык операцияларды жүзөгө ашырууга Улуттук банктан лицензия алышкан банктар жана башка адистештирилген финансы-кредит мекемелери электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга кошумча лицензиясы болгон шартта гана электрондук акчалар менен операцияларды жүзөгө ашырат.  

1.6. Бул Жобонун чегинде түйүндүк акча формасындагы электрондук акчалар менен кызмат көрсөтүүнү сунуштоо боюнча иштин жана электрондук акчалардын эмитентинин өз кызмат көрсөтүүлөрү үчүн гана төлөм каражаттары катары электрондук акчаларды кабыл алуу боюнча иш аракети электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүүнү сунуштоо боюнча иш чөйрөсүнө кирбейт.  

 

2. Терминдер жана аныктамалар  

 

2.1. Ушул Жободо пайдаланылган терминдер жана аныктамалар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 25-мартындагы №3/7 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында төлөм системасын уюштуруу боюнча негизги жоболор жөнүндө» документтеги терминдерге жана аныктамаларга туура келет.  

2.2. Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар кошумча пайдаланылат

2.2.1 Электрондук акчалардын акцептанты өз товарларын/кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук акчаларга алмаштырууну ишке ашырган жана электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн атайын жабдууларга ээ болгон чарба жүргүзүүчү субүект же адам

2.2.2 Электрондук акчаларды кармап туруучу электрондук акчаларды тескөөгө алуучу жана акцептанттардын товарлары жана көрсөткөн кызматтары үчүн эсептешүүлөрдү ишке ашырууда электрондук акчаларды пайдалануучу адам

2.2.3 Электрондук акчалардын дистрибңюторлору электрондук акчаларды накталай жана нак эмес акча каражаттарына алмаштырууну ишке ашырган (эмитенттер) жана электрондук акчаларды кардарларга таркаткан (дистрибутивдик агенттер) уюмдар

2.2.4 Эсептешүүлөрдө электрондук акчаларды пайдалануу электрондук акчалардын сунушталган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн программалык-техникалык каражаттарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында соода/сервис уюмуна (акцептантка) же болбосо башка жакка өткөрүлүшү;  

2.2.5 Электрондук акчалардын идентификациялык номери бул, электрондук акчаларды алып жүрүүчүдө көрсөтүлгөн жана электрондук акчалардын эмиссиясын каттоодо ар бир номиналга ыйгарылуучу электрондук акчалардын уникалдуу (кайталангыс) номери. Электрондук акчалардын идентификациялык номери аны кармоочуга өзүнүн электрондук акчалары боюнча акча каражаттарынын жылышы жана алардагы калдыгына тиешелүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле электрондук акчалардын жоголушу же уурдалып кетиши учурунда ал боюнча блокировкалоо ишке ашырылат.  

2.2.6 Лицензиат акционердик коом формасында иш алып барган, электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясына ээ жана Интернет, мобилдик жана байланыштын башка каражаттары аркылуу товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө ыңгайлашкан тиешелүү инфраструктурага ээ финансы-кредит мекемелери же банктык эмес уюм.  

2.2.7 Электрондук акчаларды алып жүрүүчү акчанын наркы анда электрондук түрдө сакталып турган программа-техникалык каражат (алдынала төлөнгөн карт, компңютердин диски «катуу»).  

2.2.8 Электрондук акчалардын төлөм системасынын оператору - акционердик коом формасында иш алып барган, электрондук акчалар менен операциялардын процессингин камсыз кылган жана системанын катышуучуларына төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган финансы-кредит мекемелери же башка банктык эмес уюм. 

2.2.9 Ордун жабуу (төлөө) электрондук акчаны кармап туруучу тарабынан эмитентке же анын дистрибңюторуна берилген электрондук акчаларды алардын электрондук акчаларынын сакталган суммасынын калдыгына барабар болгон накталай же нак эмес акча каражаттарына алмашуу операциясы. 

2.2.10 Функционалдык мүмкүнчүлүгү чектелген алдынала төлөнгөн карттар карт кармап туруучуларга кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча инфраструктурасы чектелген жана так белгиленген функционалдык мүмкүнчүлүккө ээ алдынала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчалар. 

2.2.11 Алдынала төлөнгөн көп максаттуу карт ушул жобонун чегинде аны кармап туруучулар тарабынан алдынала төлөнгөн сумманын чегинде электрондук түйүндүк жабдуулар жана коммуникациялар аркылуу акцептанттардын ири сандагы товарларын/кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн каралган, алдынала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчалар. Ал карт кармап туруучунун эмитентке карата анын милдеттенмелери боюнча талап коюу укугун тастыктайт. 

2.2.12 Процессинг - эмитентке, эквайерге жана эсептешүү агентине электрондук акчалар менен жүргүзүлгөн операцияларга тиешелүү маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана жөнөтүүнү, ошондой эле электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучуларынын ортосунда тиешелүү макулдашууларда каралган башка функцияларды аткарууну өзүнө камтыган иш чөйрөсү. 

2.2.13 Провайдер Интернет аркылуу электрондук акчалар менен жүргүзүлгөн операцияларды жүзөгө ашыруучу атайы программалык камсыздоону жана аппараттык, түйүндүк жабдууларды орноткон, бирок электрондук акчалардын эмитенти болуп саналбаган оператор.  

2.2.14 Эсептешүү агенти электрондук акчалардын төлөм системасынын катышуучуларынын ортосундагы жыйынтыктап өзара чегеришүүлөрдү ишке ашырган банк.  

2.2.15 Эсептешүү банкы Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан коммерциялык банк же анын филиалы, анда эмитент электрондук акчалар менен жүргүзүлгөн операцияларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебин ачат жана анда электрондук акчалар боюнча каражаттардын жүгүртүлүшү жана калдыктары тууралуу маалыматты сактоо үчүн маалымат базасын түзөт.  

2.2.16 Электрондук акчаларды таркатуу электрондук акчаларды ордун жабуу (төлөө) мүмкүнчүлүгү менен накталай же нак эмес акча каражаттарына алмаштырып берүү боюнча дистрибңютордун (таркатуу) жана/же эмитенттин (сатуу) иши.  

2.2.17 Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы электрондук акчалардын жүгүртүлүшүн камсыз кылуучу банктык жана башка институттардын тутуму, эрежелер жана жол-жоболор жыйындысы. Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

· Электрондук акчалар менен операцияларды жүргүзүүнүн коопсуздугун; 

· Системанын катышуучуларынын ортосундагы эрежелер, жол-жоболор жана өзара мамилелер жөнүндө ченемдик укуктук базанын болушун; 

· Системанын катышуучуларынын электрондук акчаларды пайдалануунун алгылыктуулугу (баасынын жеткиликтүү жана пайдалануудагы ыңгайлуулук); 

· Системада тобокелдиктерди минималдаштырууну. 

2.2.18 Электрондук акчаларды идентификациялоо (аттестациялоо) системасы төлөм системасында электрондук акчаларды кармап туруучуларды алардын паспорттук маалыматтарын каттоодон өткөртүү аркылуу идентификациялоону камсыз кылган атайын эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысы. 

2.2.19 Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсеби эмитент тарабынан эсеп ачуу жана тейлөө келишимине ылайык, коммерциялык банкта ачылган жана бардык эмитирленген электрондук карттар боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасына барабар акча каражаттарынын суммасын чегерүү боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн гана каралган эсептешүү эсеби. Бул эсептен акча каражаттарын алып салуу чектелген жана электрондук акчалар түрүндө алардын ээлеринен кызмат көрсөтүүлөр/товарлар үчүн төлөмдөрдү кабыл алган акцептанттардын эсебине гана ишке ашырылат. 

2.2.20 Мүмкүнчүлүк түзгөн жабдуу электрондук төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган персоналдык компңютер, мобилдик телефон же башка жабдуу.  

2.2.21 Электрондук акчалар системасынын катышуучулары электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүү процессинин катышуучулары эмитент, дистрибңютор, оператор, акцептант, карт кармап туруучу, эквайер, эсептешүү банкы.  

2.2.22 Эквайер акцептанттын товарларын, кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алууда электрондук акчаларды кармап туруучулар тарабынан, электрондук акчаларды пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча эсептешүүлөрдү камсыз кылуу жагында эмитент, соода уюмдары жана акцептанттар менен келишимдик мамилелерди камтыган иш чөйрөсүн жүзөгө ашырган финансы-кредит мекемеси. 

2.2.23 Электрондук акчалар программалык-техникалык каражатта (карттардын базасында же түйүндөгү электрондук акчалар) электрондук түрдө сакталган, эмитент болбогон уюмдардын (акцептанттардын) товарлары/ кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөм каражаттары катары кабыл алынган, операцияларды жүргүзүүдө банктын түздөн-түз катышуусуз, бирок алдынала төлөнгөн каражат катары каралган жана кармап туруучулардын алдында электрондук акчалардын ордун жабуу (төлөө) боюнча эмитенттин милдеттенмелеринин суммасын туюндурган акча наркы. 

2.2.24 Электрондук акчалардын эмиссиясы ордун жабуу мүмкүнчүлүгү менен накталай же нак эмес акча каражаттарына аларды алмаштыруу аркылуу жүгүртүүгө электрондук акчаларды чыгаруу боюнча эмитенттин иш чөйрөсү. 

2.2.25 Электрондук акчалардын эмитенти - акционердик коом формасында түзүлгөн, электрондук акчалардын эмиссиясын жүзөгө ашырган жана электрондук акчаны кармап туруучулар тарабынан электрондук акчалар төлөөгө сунушталган учурда алардын ордун жабуу боюнча шартсыз жана кайтарылып алынгыс милдеттенмелерди өзүнө алган финансы-кредит мекемелери же башка банктык эмес уюм. 

 

3. Электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүнү сунуштоо боюнча иш чөйрөсү жана анын тартиби 

3.1 Электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо боюнча иш чөйрөсү өзүндө электрондук акчалардын эмиссиясын, аларды таркатууну, ордун жабууну (төлөөнү) камтыйт. 

3.2 Эмитент, дистрибңютор, оператор, акцептант, карт кармап туруучу, эквайер, эсептешүү банкы электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүү процессинин катышуучулары болуп саналышат. 

 

Электрондук акчалардын эмиссиясы 

3.3 Электрондук акчалардын эмиссиясы эмитент тарабынан электрондук акчалардын эмиссиясы тууралуу кабыл алынган чечимдин жана даярдатуу боюнча даярдоочу уюм менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылат.  

3.4 Электрондук акчалардын эмиссиясын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү талаптарына жооп берген жана электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүнү сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон финансы-кредит мекемелери же башка банктык эмес уюмдар гана жүзөгө ашырышат. 

3.5 Эмитент ушул жобого тиркелген формага (1-тиркеме) ылайык, эмиссиянын башталган учурунан тартып, бир айдан кеч эмес мөөнөттө электрондук акчалардын эмиссиясы тууралуу билдирүүнү Улуттук банкка жөнөтүүгө тийиш.  

3.6 Электрондук акчалардын эмитенти электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин, аларды кардарларга сунуштоо шарттарын жана мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргонуу ыкмаларын өзалдынча аныктайт. 

3.7 Эмитент акцептанттардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөргө төлөөнү камсыз кылууга электрондук акчаларды кабыл алуу жөнүндө акцептанттар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде, электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөр тизмесин аныктайт. Электрондук акчаларды кармап туруучулар тарабынан төлөмдөрдү өткөрүүнүн натыйжасында келип чыгкан, эмитент менен акцептанттын ортосундагы өзара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун ыкмалары жана мөөнөттөрү да алардын ортосундагы келишимде белгиленет.  

3.8 Эмитент электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм системасынын операторунун функциясын өзалдынча аткара алат жана электрондук акчалар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча процессингди ишке ашырып, же болбосо, электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын талаптарына ылайык процессинг функциясын аткарууга оператор менен келишим түзөт.  

3.9 Эмитент келишимде электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдүн айрым түрлөрүн гана аткарууга кармап туруучу үчүн чектөөлөрдү белгилей алат.  

3.10 Эмитент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык, өзүнүн маалымат системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн жана төлөмдөрдү өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ички эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгат жана бекитет.  

 

Электрондук акчалардын эсебин жүргүзүү 

 

3.11 Электрондук акчаларды пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча акча каражаттарын эсепке алуу эмитент тарабынан банкта ачылган бардык эмитирленген электрондук акчалар боюнча жана электрондук акчаларды эсепке алуу үчүн гана каралган өзүнчө эсептешүү эсептеринде жүргүзүлөт. Электрондук акчалардын эмиссиясы учурунда кармап туруучулардан келип түшкөн акча каражаттары электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсептеринде эсепке алынат. Бул эсептеги акча каражаттарына пайыздар чегерилбейт.  

3.12 Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебине чегерүү операциялары электрондук акчалардын эмиссиясына жана алардын даярдатылышына жараша даярдалган электрондук акчалардын номиналдарынын суммасына барабар акча каражаттарынын суммасынын эмитент тарабынан чегерилишин гана карайт. Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебине акча каражаттарын чегерүү электрондук акчаларды даярдоо күнүнөн кийинки 3 жумуш күнү ичинде эмитент тарабынан жүргүзүлөт.  

3.13 Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебинен алып салуу операциялары эсептешүү банкынын маалымат базасында катталган жана сунушталган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө катары электрондук акчаларды кабыл алуу жөнүндө эмитент менен келишим түзгөн акцептанттын эсептешүү эсебине акча каражаттарын максаттуу эсептен алып салуу гана каралат. 

3.14 Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебинен эмитент банктык эмес мекеме тарабынан акча каражаттарын чегеришине жана максаттуу пайдаланылышына контролдук эсептешүү банкы тарабынан жүзөгө ашырылат. Эсептешүү эсебинен максатсыз пайдалануу боюнча акча каражаттарын алып салууга тапшырма эсептешүү банкы тарабынан эмитентке кайтарылып берилет.  

3.15 Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебинен эмитент финансы-кредит мекемеси тарабынан акча каражаттарын чегериши жана максаттуу пайдаланылышына контролдук инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө Улуттук банк тарабынан, ошондой эле Улуттук банкка мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттордун негизинде ишке ашырылат.  

3.16 Эмитент жана эсептешүү банкы Улуттук банкка отчеттордун берилишин камсыз кылышат. Отчет берүүнүн формасы жана регламенти Улуттук банктын өзүнчө ченемдик укуктук актыларында аныкталат. Отчеттун тактыгына жана өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик отчет берүүчү уюмдун жетекчисине жана башкы бухгалтерине жүктөлөт.  

 

Электрондук акчалардын таркатылышы 

3.17 Даярдатылган электрондук акчаларды таркатууну Эмитент жүзөгө ашырат. Эмитент башка юридикалык жактар - электрондук акчалардын дистрибңютерлери менен электрондук акчаларды таркатуу жөнүндө келишим түзүшү мүмкүн. 

3.18 Электрондук акчалардын дистрибңютору (эмитент, дистрибутивдик агент) кармап туруучунун жана эмитенттин укуктары жана милдеттери, алар тарабынан таркатылуучу электрондук акчалардын мүнөздөмөлөрү жана кардардан электрондук акча менен алдынала төлөөнү алганга чейинки кызмат көрсөтүү тарифтери менен кардарларды тааныштырууга милдеттүү. 

3.19 Электрондук акчаларды таркатуу үчүн дистрибңютор эмитент тарабынан берилүүчү электрондук акчалардын номиналынын суммасына барабар акча каражаттарын эмитентке которот. 

 

Электрондук акчаларды пайдалануу 

3.20 Электрондук акчалар менен жүргүзүлгөн операциялар аларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларында белгиленген эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынаылайык, катышуучулар ортосунда түзүлгөн келишимдердин шарттары боюнча процесстин бардык катышуучулары тарабынан жүзөгө ашырылат. 

3.21 Электрондук акчалар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча маалымат берүүнүн тартиби төлөм ишке ашырылган системанын эрежелери жана/же бул системанын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдерде белгиленет. 

3.22 Электрондук акчаларды кармап туруучу аларды пайдалануу менен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алат жана накталай акча каражаттарын атайы жабдууларда (терминалдарда, банкоматтарда) алалат. 

3.23 Эквайер соода түйүндөрүнүн эсептери боюнча электрондук акчаларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялардын эсебин жана анын маркетингин жүргүзөт, электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды сатып алууда соода түйүндөрүнө жардам көрсөтөт.  

3.24 Электрондук акчаларды пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча соода түйүндөрүнө суммаларды кайра кайтарып берүү Келишимде белгиленген мөөнөттөргө ылайык эквайер тарабынан ишке ашырылат. Келишимге ылайык, соода түйүндөрү өзүнүн эквайерине алар тарабынан кабыл алынган электрондук акчалардын суммасына карата талап коюуга укуктуу. 

3.25 Алдынала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчаларды тейлөө үчүн каралган жабдуулар мүмкүнчүлүгүнө жараша банктык төлөм карттары менен операцияларды жүргүзүү үчүн да пайдаланылышы мүмкүн.  

3.26 Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системаларында колдонулган программалык жана техникалык каражаттар маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Улуттук банктын талаптарына жана ачык системалардын стандарттарына ылайык келүүгө тийиш.  

 

Ордун жабуу (төлөө) 

3.27 Эмитент эмитирленген электрондук акчалардын ордун аларды накталай акча каражаттарына алмаштыруу же болбосо, көрсөтүүчүнүн банк эсебине нак эмес каражаттарды которуу аркылуу ордун жабууга милдеттүү.  

3.28 Электрондук акчалардын ордун жабуу (төлөө) эмитент сыяктуу эле, эмитент менен келишим түзгөн электрондук акчалардын дистрибңютору тарабынан да жүргүзүлүшү мүмкүн.  

3.29 Электрондук акчалардын ордун жабууда (төлөөдө) бериле турган акча каражаттарынын суммасы эмитентке же дистрибңюторго ордун жабуу (төлөө) үчүн берилген электрондук акчалардын суммасына ылайык келүүгө тийиш. Мында, Эмитент жана дистрибңютор, эгер ал акча каражаттарын которуу боюнча кеткен чыгашалардын ордун жабууга зарылчылыгына байланыштуу болсо, электрондук акчалардын ордун жабууда (төлөөдө) акча каражаттарынын төлөнүп жаткан суммасынан сыйакынын суммасын кармап калууга укуктуу. 

3.30 Акцептанттар тарабынан эмитентке электрондук акчаларды сунуштоо тартиби алардын ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталат. 

 

4. Лицензия алуу үчүн эмитентке карата коюлган негизги талаптар 

 

4.1 Оффшордук аймактарда катталган уюмдар Кыргыз Республикасында кандай гана түрдө болбосун, электрондук акчалар менен байланыштуу ишкердикти жүргүзүүгө укугу жок. 

4.2 Электрондук акчалардын эмитенттери, эгерде бул уюмдар алар тарабынан эмитирленген электрондук акчаларга тиешелүү операциялык же кошумча функцияларды аткарган учурдан тышкары, башка уюмдардын ишкердик ишине катышууга тийиш эмес. 

4.3 Эмитент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, терроризмди каржылоого жана мыйзамсыз алынган акчаларды адалдоого каршы аракеттенүү боюнча коюлган талаптарды сактоого тийиш. 

4.4 Алдынала төлөнгөн бир карттагы акча каражаттарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы 30 (отуз) эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпоого тийиш. 

4.5 Электрондук акчалардын эмитенти, ошондой эле анын дистрибутивдик агенти электрондук акчалардын колдонуу мөөнөтү аралыгында каалаган учурунда, аларды кармап туруучулардын талабы боюнча электрондук акчалардын ордун жабууну (төлөөнү) ишке ашырууга милдеттүү. 

4.6 Электрондук акчалардын ордун жабуу үчүн төлөм ошол операцияны жүзөгө ашыруу үчүн операциялык чыгашалардын суммасынан ашпоого тийиш. 

4.7 Электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган банктык эмес уюмдардын иши төмөнкүлөр менен чектелүүгө тийиш: 

4.7.1 алдынала төлөнгөн карт формасында электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо; 

4.7.2 кредиттин кайсы болбосун формасынын берилишин жокко чыгарган, алдынала төлөнгөн карттарды жана алардын эмиссиясын тейлөөгө байланыштуу финансылык жана финансылык эмес кызмат көрсөтүүлөр; 

4.7.3 электрондук акчалар тууралуу маалыматтарды сактоо жана электрондук акчаларга тиешелүү маалыматтарды катышуучу тараптарга жана Улуттук банкка берүү. 

4.8 Электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган банктык эмес уюмдардын иши төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

4.8.1 уставдык капиталдын 5 млн. сом минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды милдеттүү түрдө аткаруу; 

4.8.2 өздүк каражаттардын өлчөмүнө коюлган талаптар, алар бардык чыгарылган электрондук акчалар боюнча милдеттенмелердин 20% төмөн болбоого тийиш; 

4.8.3 мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана жоготууларга кам (резерв) катары каралган, электрондук акчалар боюнча өзүнүн бардык финансылык милдеттенмелеринин суммасынын тең жарымынан кем болбогон өлчөмдө коммерциялык банкта аманаттын болушу. 

4.9 Эмитент электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебиндеги акча каражаттарын, электрондук акчаларды кармап туруучуларынын атынан жана алардын тапшыруусу боюнча алар менен келишим түзүлгөн акцептанттардын пайдасына алардын милдеттенмелери боюнча товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөнү жүзөгө ашыруудан тышкары, башка максаттарда пайдалануу укугуна ээ эмес.  

4.10 Эмитент алдынала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчаларды даярдатуу күнүнөн кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка карт даярдоочу уюм менен келишимдин көчүрмөсүн, ал эми эсептешүү агентине бул келишимдин көчүрмөсүн тиркөө менен электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебине бардык эмитирленген карттар боюнча электрондук акчалардын жалпы суммасына барабар суммадагы акча каражаттарынын чегерилгендиги жөнүндө тастыктаманы берүүгө тийиш. Ошондой эле, эмитент мүмкүн болгон тобокелдиктердин жана жоготуулардын ордун жабууга каралган камдын сакталышы боюнча банктык аманат жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн да берүүгө тийиш.  

4.11 Улуттук банктын талабы боюнча эсептешүү банкы акцептанттар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган, электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсептеринде каражаттардын жылышы жөнүндө маалыматтарды берүүгө тийиш.  

4.12 Эмитент эсептешүү банкы аркылуу ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын онуна чейин Улуттук банкка электрондук акчалар боюнча операциялар тууралуу маалыматтарды берет.  

4.13 Электрондук акчалар менен эсептешүүлөр боюнча төлөм системасынын катышуучулары тиешелүү төлөм системалары үчүн белгиленген эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык, банктар аралык өзара эсептешүүлөр боюнча коопсуздук талаптарын сактоого тийиш.  

4.14 Электрондук акчаларды кармап туруучулардын талабы боюнча эмитент каражаттардын жылышы жана электрондук акчалардын калдыгы жөнүндө маалыматты берүүсү зарыл. 

4.15 Электрондук акча менен жүргүзүлгөн кандай болбосун операция, акы төлөнгөндүгү тууралуу чек же системанын эрежелерине ылайык, бардык зарыл реквизиттерди камтыган, акы төлөнгөндүгүн далилдеген башка документ менен тастыкталууга тийиш. 

4.16 Эмитент электрондук акчаларды кармап туруучулар жана электрондук акчаларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш. Электрондук акчаларды кармап туруучулар жана электрондук акчаларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык гана берилет. 

 

5. Тараптардын өзара мамилелери 

 

5.1 Төлөм системасына электрондук акчалар менен эсептешүүлөр боюнча катышкан тараптар ортосундагы өзара мамилелер келишимдер менен жөнгө салынат.  

5.2 Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебин ачуу жана тейлөөгө тиешелүү эмитент менен эсептешүү банкынын ортосундагы эки тараптуу келишим негизги шарттардын курамында, төмөнкүлөр каралган милдеттүү шарттарды камтууга тийиш: 

5.2.1 эмитенттин эсептешүү банкына төмөнкүлөр менен түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрүн берүүсү: 

· Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгүн камсыздоо катары электрондук акчаларды кабыл ала турган акцептанттар менен. Анда акцептант менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсүн эсептешүү банкына өз убагында бербегендиги себебинде төлөмдөрдүн төлөнүшүн кечиктиргендиги үчүн эмитенттин жоопкерчилиги көрсөтүлөт. 

· Электрондук акчаларды даярдоочу уюм менен электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебине бардык эмитирленген алдынала төлөнгөн карттар боюнча электрондук акчалардын жалпы суммасына барабар суммадагы акча каражаттарын чегерүү жөнүндө тапшыруу менен бирге, электрондук акчаларды даярдоодон кийинки 3 жумуш күнү ичинде даярдалышы тууралуу билдирүү менен; 

5.2.2 эмитенттен акцептант менен келишимдин көчүрмөсүнүн алынышына жараша, ошол акцептанты тиешелүү маалымат базасында каттоонун эсептешүү банкы тарабынан жүргүзүлүшү; 

5.2.3 электрондук түрдөгү акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жана анын калдыгы тууралуу маалыматтардын эмитент тарабынан эсептешүү банкына айына кеминде бир жолу берилип турушу; 

5.2.4 эмитенттен электрондук акчалардын жүгүртүлүшү жана анын калдыгы тууралуу маалыматтарды кабыл алуу, маалымат базасынын коопсуздугун жана ишенимдүү сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле маалыматтардын Улуттук банкка берилиши үчүн эсептешүү банкынын жоопкерчилиги; 

5.2.5 электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсептеринде жүргүзүлгөн операцияларды чектөө. 

5.3 Алдынала төлөнгөн карттарды даярдатуу тууралуу эмитент менен даярдоочу уюмдун ортосундагы келишимде милдеттүү түрдө төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

5.3.1 мыйзамсыз жасоодон коргоо жана маалыматтарды көчүрүү/ өзгөртүүдөн сактоо боюнча карттарга коюлган талаптар; 

5.3.2 даярдалып жаткан карттардын номиналдык суммасы; 

5.3.3 карттар даярдалган күн. 

5.4 Эквайер менен соода түйүнүнүн ортосундагы келишимде милдеттүү түрдө төмөнкү шарттар камтылууга тийиш: 

5.4.1 электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө боюнча соода түйүнүнүн жана эквайердин укуктары жана милдеттери, ошондой эле мыйзам бузуулар аныкталган учурда алардын жоопкерчилиги; 

5.4.2 соода түйүнү тарабынан милдеттүү тейлөөгө кабыл алынган электрондук акчалардын түрлөрү жана аларды тейлөө үчүн комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү; 

5.4.3 соода түйүнү тарабынан коопсуздукту сактоо боюнча негизги талаптар; 

5.4.4 тиешелүү система тарабынан кабыл алынбаган, жүргүзүлгөн операциялар боюнча сумманы кайтарып берүүнүн тартиби. 

5.5 Келишимдерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына каршы келбеген башка шарттар да белгилениши мүмкүн.  

 

6. Лицензия берүүнүн тартиби 

 

6.1 Лицензия алуу үчүн арыз берүүчү Улуттук банкка кыргыз жана/же орус тилдеринде төмөнкү документтерди эки нускада берүүгө тийиш: 

6.1.1 ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн 2-тиркемеге ылайык лицензия алууга өтүнүч кат; 

6.1.2 мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлгөн уставдын түп нускасы жана нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү; 

6.1.3 мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; 

6.1.4 документтерди берген учурда анын бюджет алдында карызынын жоктугу тууралуу салык органдарынан маалымат кат; 

6.1.5 электрондук акчалар менен операцияларды сактоо, максаттуу пайдалануу жана эсепке алуу боюнча эсептешүү эсептерин ачууга банк менен келишимдин көчүрмөсү (банк болуп саналбаган юридикалык жактар үчүн); 

6.1.6 төмөнкүлөрдү камтыган бизнес планды

· маалымат системасынын түшүндүрмөсү (Улуттук банктын маалымат коопсуздугунун талаптарына ылайык электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебин тейлөөчү банкта алардын эсептеринде акча каражаттарын чегерүү ишке ашырылууга тийиш болгон акцептанттар тууралуу, электрондук акчалардагы акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жана анын калдыктары, бул маалыматты банкка жөнөтүүнү камсыз кылуучу инфраструктура тууралуу маалыматтар базасын түзүү); 

· маалымат системасы дуушар болгон бардык мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерген негизинде мониторинг жүргүзүү, контролдук кылуу, аныктоо, өлчөө саясаты жана аларга бөгөт коюу боюнча чаралар; 

6.1.7 арыз берүүчүнүн башкаруу органдарынын жетекчилеринин, анын ичинде башкы бухгалтердин ар бири тууралуу толук маалыматтарды камтыган тизмеси (3-тиркеме); 

6.1.8 электрондук акчаларды даярдоочу уюм менен аларды даярдатууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү; 

6.1.9 банк болуп саналбаган юридикалык жактар үчүн, мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана жоготууларга камды (резервди) сактоо боюнча банктык аманат жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн; 

6.1.10 электрондук акчалар боюнча жүгүртүүлөр жана анын калдыктары тууралуу маалымат базасын алуу, күн сайын жаңылап туруу жана аны сактоо үчүн программалык камсыздоону эсептешүү банкында орнотуу актысынын көчүрмөсү; 

6.1.11 лицензия алуу үчүн берилген документтерди кароо жана лицензия берүү үчүн төлөмдүн төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ

6.1.12 Лицензия алууга берилген ишеним кат

 

6.2 Улуттук банк арыз берүүчүдөн бардык зарыл болгон документтерди кабыл алган күндөн кийинки 30 календардык күн ичинде берилген документтердин ушул Жобонун талаптарына ылайык келишин текшерет жана лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. 

6.3 Кароого алынып жаткан мезгил аралыгында берилген документтердин ушул Жобонун белгиленген талаптарына ылайык келбестиги аныкталган учурда, алар жеткире иштеп чыгуу үчүн арыз берүүчүгө кайтарылып берилет. Мында, документтерди карап чыгуу мөөнөтүнө арыз берүүчүнүн документтерди кайра иштеп чыгууга же болбосо, аларга оңдоолорду киргизип жана кайрадан кароого коюуга кеткен убакыт кирбейт. Бул учурда документтерди карап чыгуу мөөнөтү аларды акыркы берген учурдан тартып эсептелет.  

6.4 Эмитентке иштин төмөнкү түрлөрүн гана аткарууга лицензия берилет: 

6.4.1 электрондук акчалардын эмиссиясы, таркатылышы жана алардын ордун жабуу (төлөө); 

6.4.2 электрондук акчаларды кармап туруучудан Интернет, мобилдик жана башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен эмитентке берилүүчү, товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдү ишке ашырууга тапшырмаларды кабыл алуу; 

6.4.3 төлөмдөр жөнүндө маалыматтарды жалпылоо жана эсепке алуу, электрондук акчалардын кармап туруучулардын талабы боюнча төлөм жана электрондук акча каражаттарынын жылышы тууралуу маалымат берүү; 

6.4.4 алар менен келишим түзүлгөн акцептанттар менен карт кармап туруучулардын атынан жана алардын тапшыруусу боюнча системада иштелип чыккан төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү ишке ашыруу. 

6.5 Лицензия берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним каттын жана ыйгарым укуктуу адамдын же болбосо жетекчинин ким экендигин тастыктоочу документтин негизинде жүзөгө ашырылат. Лицензия мөөнөтсүз болуп саналат. Лицензия каттоодон өткөн күн, ал анык берилген күн болуп эсептелет. 

6.6 Лицензия ажырагыс болуп саналат, аны үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. Ушул пунктун талабын бузууга жол берүү лицензиянын кайра кайтарылып алынышына алып келет.  

6.7 Финансы-кредит мекемесине жана башка юридикалык жактарга лицензиянын берилиши жөнүндө маалымат каттоо журналында катар номерин ыйгаруу менен Улуттук банк тарабынан берилген, лицензияларды эсепке алуу реестринде чагылдырылат. 

6.8 Лицензиянын бланктары өзгөчө отчеттулукту талап кылган документ болуп саналат. Лицензия бланктарын эсепке алуу Улуттук банк тарабынан жүргүзүлөт. (Лицензия бланктарынын форматтары 4-тиркемеде келтирилген). 

6.9 Лицензиянын түп нускасы жоголгон учурда, ошондой эле лицензиянын бланкынын жараксыз болгон учурда эмитент үч күндүк мөөнөттө лицензиянын дубликатын (көчүрмөсүн) алууга арыз берүүгө милдеттүү. өтүнүч катта жоголгон (жараксыз) бланктын бардык реквизиттери жана жоготуунун (жараксыз болуунун) себептери көрсөтүлүүгө тийиш. Көчүрмө Улуттук банктагы документтердин негизинде берилет. Берилген лицензияга «Дубликат (Көчүрмө)» белгиси коюлууга тийиш, ал эми лицензиянын түп нускасы жөнүндө жазууга кошумча лицензияларды эсепке алуу реестринин китебинде белгиленет. эмитент Лицензиянын жоголгон нускасын таап алган учурда, ал аны жок кылуу үчүн Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.  

6.10 Уставга эмитетнттин аталышы, жайгашкан ордуна тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген учурунда, ал ушул Жобонун талаптарына ылайык жаңы лицензия алуу үчүн 10 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка тиешелүү тастыктоочу документтерди бериши зарыл.  

6.11 Лицензия төмөнкү учурларда берилбейт: 

6.11.1 арыз берүүчү так эмес маалыматтарды берген, же болбосо ушул Жободо талап кылынган документтерди бербеген учурда. Арыз берүүчү тарабынан орун алган тоскоолдуктар четтетилген шартта, арыз жалпы негиздерде каралат; 

6.11.2 мыйзам актыларында бул категориядагы субүекттер үчүн иштин бул түрүн ишке ашырууга тыюу салынган болсо; 

6.11.3 Арыз берүүчүнүн иши уставда каралган иштерге ылайык келбегенде; 

6.11.4 Арыз берүүчүнүн иштин ушул түрүн жүзөгө ашыруусуна тыюу салган соттун чечими болсо. 

6.12 Лицензия берүүдөн баш тартуу кат жүзүндө таризделет жана 5 күн ичинде жөнөтүлөт, мында карап чыгууга берилген документтер кайтарылып берилбейт. Лицензия берүүдөн баш тартуу чечими боюнча Улуттук банктын Төрагасына белгиленген тартипте даттанууга болот. 

 

7. Лицензиянын аракетин токтотуп туруунун, кайтарып алуунун жана токтотуунун тартиби 

 

7.1 Эмитент тарабынан ушул Жободо, мыйзамдарда, ченемдик актыларында көрсөтүлгөн талаптарды канчалык деңгээлде бузууга жол берилгендигине жараша, Улуттук банк төмөнкүдөй эскертүү чараларын жана санкцияларды колдоно алат: 

7.1.1 эскертүү; 

7.1.2 ниеттер жөнүндө протокол формасындагы кат жүзүндөгү макулдашуу; 

7.1.3 жазма буйрук (предписание); 

7.1.4 Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген негиздеринде акчалай айып салуу же өндүрүү; 

7.1.5 электрондук акчалар менен кызмат көрсөтүүнү сунуштоо боюнча ишти аткарууга лицензиянын аракетин токтотуп коюу же кайтарып алуу. 

7.2 Улуттук банк лицензиянын аракеттенүү мөөнөтүн эскертүү чараларын жана санкцияларды аткарбагандыгы үчүн 3 айлык мөөнөткө чейин токтотуп коюуга укуктуу.  

7.3 Лицензия алардын негизинде анын аракети токтотулган себептер четтетилгенден кийин лицензия калыбына келтирилет.  

7.4 Улуттук банк төмөнкү учурларда лицензияны кайтарып алууга укуктуу: 

7.4.1 эмитент тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталбаган учурда; 

7.4.2 лицензияны үчүнчү жактарга берүү учурунда; 

7.4.3 электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебинен каражаттарды максатсыз пайдалануу учурунда; 

7.4.4 отчетту өз учурунда бербей койгон, же анын катары менен эки же андан көп жолу берилбей калышы, же такталбаган отчеттордун берилиши учурунда;  

7.4.5 эмитентке иштин ушул түрүн жүзөгө ашыруусуна тыюу салган соттун чечими болсо; 

7.4.6 лицензия алардын негизинде берилген такталбаган маалыматтар дын аныкталышы, же болбосо эмитенттин документтеринде так эмес маалыматтар табылышы учурунда; 

7.4.7 лицензия берилген ишкердиктин катары менен 3 календардык айдан көбүрөөк убакытка жүргүзүлбөшү учурунда; 

7.4.8 ишке Улуттук банк тарабынан текшерүүнүн жүргүзүлүшүнө тоскоолдук кылган учурларда; 

7.4.9 кармап туруучулардын, эсептешүү банкынын, акцептанттардын же даярдоочу уюмдун даттанууларында баяндалган фактылар тастыкталганда; 

7.4.10 эки же андан көп жолу Улуттук банк талап кылган маалыматтарды бербегенде; 

7.4.11 ал боюнча мурда эскертүү же аларды четтетүү тууралуу жазма буйрук жөнөтүлгөн, же болбосо алар үчүн мурда айып санкциялары салынган кемчиликтер кайталанган учурунда; 

7.4.12 эмитент тарабынан анын аталышын же жайгашкан ордун Улуттук банкка эскертүүсүз өзгөрткөндө жана лицензияны кайра тариздегенде; 

7.4.13 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

7.5 Улуттук банк эмитенттин ишине жүргүзгөн текшерүүнүн негизинде, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы жана эмитент тарабынан кол коюлган Лицензияны кайтарып алуу жөнүндө акт түзүүгө укуктуу. 

7.6 Лицензияны кайтарып алуу жөнүндө акт түзүүдө лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алуу же эмитентке санкциянын башка түрлөрүн колдонуу үчүн анын аракети 7 жумуш күнүнө чейинки мөөнөткө токтотулуп турат. 

7.7 Лицензияны кайтарып алуу жана башка эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонуу жөнүндө сунушту четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, лицензия эмитентке кайтарылат. 

7.8 Лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда анын аракети лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечим чыгарылган учурдан тартып токтотулат. 

7.9 Лицензия берүүдөн же лицензияны кайтарып алуудан баш тарткан учурунда арыз берүүчү негизделген даттануу даярдоого жана аны Улуттук банктын Төрагасынын кароосуна коюуга укуктуу. Даттанууну 30 календардык күн ичинде кароого алынат.  

7.10 Лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат: 

7.10.1 лицензия кайтарылып алынганда; 

7.10.2 арыз берүүчүнүн бул ишти токтотуусунда, төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн кесепетинен иштин токтотулушунда, жоюлганда, кайра өзгөртүп түзүлгөндө; 

7.10.3 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

7.11 Лицензия кайтарып алынган учурда, же болбосо анын аракети токтотулганда, арыздануучу 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка лицензиянын түпнускасын өткөрүп берүүгө жана өзүнүн жабылгандыгы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя берүүгө жана ал тууралуу эсептешүү банкына билдирүүгө милдеттүү. 

 

8. Корутунду жоболор 

 

8.1 Улуттук банк электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөр системасына мониторинг, талдоо, жөнгө салууну жана көзөмөл жүргүзөт. 

8.2 Электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашырган финансы-кредит мекемелери жана банктык эмес уюмдар алар тарабынан чыгарылган жана тейленип жаткан электрондук акчалар жөнүндө, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик документтеринде (Кыргыз Республикасынын Төлөм системасына көзөмөл боюнча саясат Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы №7/8 токтому менен бекитилген, Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 28-апрелинде №48-06 номеринде катталган) белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык, алар боюнча акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалыматты Улуттук банкка беришет. 

8.3 Электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган финансы-кредит мекемелери жана банктык эмес уюмдар кармап туруучулардын тиешелүү келишимдердин шарттарын, операцияларды жүргүзүүнүн коопсуздугун жана электрондук акчалардын тиешелүү түрлөрүн пайдалануунун эрежелерин сактоосуна контролдукту ишке ашырууга милдеттүү. 

8.4 Электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган финансы-кредит мекемелери жана банктык эмес уюмдар тиешелүү системанын эрежелери менен белгиленген көрсөткүчтөр (параметрлер) боюнча жүргүзүлгөн операциялардын мониторингин жүзөгө ашырууга, ошондой эле ката жана ыйгарым укуксуз операцияларды токтотуу жана/же бөгөт коюу (болтурбоо) үчүн иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.  

Алдынала төлөнгөн карттар формасындагы  

электрондук акчаларды пайдалануу менен  

төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча  

ишти лицензиялоо жөнүндө жобого 1-тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Националңный банк Кыргызской Республики 

 

 

 

БИЛДИРүү 

УВЕДОМЛЕНИЕ 

(мекеменин бланкында/на фирменном бланке учреждения

 

____________________________________________________________ Сизге 

(юридикалык жактын аталышы) 

электрондук акчалардын жүргүзүлгөн эмиссиясы жөнүндө билдиребиз, ал боюнча милдеттенмелердин суммасы _______ ( жазуу менен ) сомду түзөт. 

 

Настоящим_________________________________________________________  

(наименование юридического лица) 

уведомляет о произведенной эмиссии электронных денег, сумма обязателңств по которым составляет ________( прописңю ________ ) сомов.  

 

Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет/ К уведомлению прилагается: 

1. Электрондук акчалардын эмиссиясы тууралуу чечимдин көчүрмөсү/ Копия решения об эмисии электронных денег; 

2. Электрондук акчаларды даярдоочу уюм менен аларды даярдатуу жөнүндө келишимдин көчүрмөсү/ Копия договора с организацией - изготовителем электронных денег об их изготовлении; 

3. Электрондук акчалар менен жүргүзүлгөн операцияларды сактоо, максаттуу пайдалануу жана аларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсебин ачуу тууралуу банк менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү/ Копия договора с банком об открытии расчетного счета по хранению, целевому исполңзованию и учету операций с электронными денңгами; 

4. Мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана жоготууларга камды сактоо үчүн депозиттик салым ачуу тууралуу банк менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү/ Копия договора с банком об открытии депозитного вклада для хранения резерва на случай потерң и рисков. 

 

___________________________________ _______________________ ________________ 

(Жетекчинин аты-жөнү/ (колтамга / подписң) (күнү/дата)  

Ф.И.О.руководителя)  

 

 

Мөөр / Печатң 

Алдынала төлөнгөн карттар формасындагы  

электрондук акчаларды пайдалануу менен  

төлөм кызматтарын көрсөтүү боюнча ишти  

лицензиялоо жөнүндө жобого 2-тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы/ 

Председателю Правления НБКР 

_________________________________ 

(Фамилиясы, аты / Ф.И.О.)  

от_________________________________ 

(уюмдун жетекчисинин аты-жөнү

Ф.И.О. руководителя организации) 

_________________________________ 

(уюмдун аталышы/наименование организации) 

 

өТүНүЧ КАТ 

З А Я В Л Е Н И Е 

 

Алдынала төлөнгөн карттар формасындагы электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна ( бекитилген уставга ылайык уюмдун толук аталышы ) лицензия берүүңүздү өтүнөм. 

Прошу выдатң лицензию (полное наименование организации в соответствии с утвержденным уставом) на право осуществления деятелңности по предоставлению платежных услуг с исполңзованием электронных денег в форме предоплаченных карт. 

 

өтүнүч катка төмөнкүлөр тиркелет/ К заявлению прилагается: 

1. Устав (түп нускасы жана нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү/подлинник и нотариалңно заверенная копия); 

2. Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү/ 

Копия свидетелңства о государственной регистрации; 

3. Документтерди берген учурда анын бюджет алдында карызынын жоктугу тууралуу салык органдарынан маалымат кат/  

Справка от налоговых органов об отсутствии задолженности перед бюджетом на момент подачи документов;  

4. Электрондук акчалар менен болгон операцияларды сактоо, максаттуу пайдалануу жана эсепке алуу боюнча эсептешүү эсептерин ачуу тууралуу банк менен болгон келишимдин көчүрмөсү/  

Копия договора с банком об открытии расчетного счета по хранению, целевому исполңзованию и учету операций с электронными денңгами; 

5. Бизнес-план; 

6. Арыз берүүчүнүн башкаруу органдарынын жетекчилеринин, анын ичинде башкы бухгалтердин ар бири тууралуу толук маалыматтарды камтыган тизме/ Список руководителей органов управления заявителя, в том числе главного бухгалтера, содержащий полные сведения о каждом лице; 

7. Электрондук акчаларды даярдоочу уюм менен аларды даярдатуу жөнүндө түзүлгөн келишиминин көчүрмөсү/  

Копия договора с организацией - изготовителем электронных денег об их изготовлении; 

8. Мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана жоготууларга камды сактоо үчүн депозиттик салым ачуу жөнүндө банк менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү/ Копия договора с банком об открытии депозитного вклада для хранения резерва на случай потерң и рисков; 

9. Электрондук акчалар боюнча жүгүртүүлөр жана калдыктар тууралуу маалымат базасын алуу, күн сайын жаңылап туруу жана сактоо үчүн программалык камсыздоону эсептешүү банкында орнотуу актысынын көчүрмөсү/  

Копия акта установки в расчетном банке программного обеспечения для получения, ежедневного обновления и хранения базы данных об оборотах и остатках по электронным денңгам; 

10. Лицензияны берүүнү карап чыгуу жана аны берүү үчүн төлөмдүн төлөнгөндүгүн тастыктаган документ/  

Документ, подтверждающий внесение платы за рассмотрение и выдачу лицензии. 

11. Лицензия алууга берилген (ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү) ишеним кат/ Доверенностң выданная (ФИО уполномоченного лица) на получение лицензии. 

 

___________________________________ _______________________ ________________ 

(Жетекчинин аты-жөнү/ (колтамгасы / подписң) (күнү/дата)  

Ф.И.О.руководителя)  

 

 

Мөөр / Печатң 

Алдынала төлөнгөн карттар формасындагы  

электрондук акчаларды пайдалануу менен  

төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча  

ишти лицензиялоо жөнүндө жобого 3-тиркеме 

 

АНКЕТА 

 

кандидата на ____________________________________________________  

(сунушталган кызмат / предлагаемая должностң) _______________________________________________ ________________ (для фото) 

_______________________________________________________ талапкер  

(уюмдун аталышы / наименование организации)  

 

1. Ф.И.О. _____________________________________________________________________ 

Туулган жери жана күнү/Дата и место рождения _________________________________ 

______________________________________________________________________________ 

Паспорт серия ________________ номер __________________________________________ 

ким тарабынан берилген/ кем выдан ____________________________________________ 

берилген күнү/ дата выдачи ____________________________________________________ 

Жарандыгы/ Гражданство ____________________________________________________ 

үй дареги, документ б-ча телефон №/  

Домашний адрес, N телефона по документам ______________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

үй дареги, учурда анык жашаган жеринин телефон №/  

Домашний адрес, N телефона реалңного места проживания в данный момент _________ _____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

2. үй-бүлөлүк абалы/Семейное положение ______________________________________ 

3. Билими/Образование _______________________________________________________ 

(жогорку, толук эмес жогорку / высшее, неоконченное высшее, 

_____________________________________________________________________________ 

атайын орто, орто / средне-специалңное, среднее) 

диплом N ______________________ берилген күнү/дата выдачи _____________________ 

ким тараб-н берилген/ кем выдан _______________________________________________ 

4. Маалымат технологиялары жагындагы билими/  

Образование в области информационных технологий ______________________________________________________________________________ 

______________________________________________________________________________ 

---------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

Окуу жайынын аталышы, жайгашкан жери/ Название учебного заведения и его место нахождения 

Факулңтети же бөлүмү/ 

Факулңтет или отделение 

Тапшырган жылы / Год поступления 

Бүтүргөн жылы / Год окончания 

Эгер бүтүрбөсө, канча курс окуган/ Если не окончил, то, сколңко курсов отучился 

Алынган дипломго ылайык адистиги/ Специалңностң согласно полученному диплому  

 

 

 

 

 

 

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

Электрондук акчалар жаагындагы окууну кошо алганда, курстардагы окуу/  

Обучение на курсах, включая обучение в области электронных денег 

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

Семинардын же курстардын темасы/ Тема семинара или курсов  

Семинардын уюштуруучусу/ Организатор семинара 

өткөрүлгөн жери/ Место прохождения 

өткөрүлгөн күнү/ Дата прохождения 

Сертификаттын болуусу/ Наличие сертификата 

 

 

 

 

 

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

5. Эмгек жолу башталгандан бери аткарган иши/ Выполняемая работа с начала трудовой деятелңности: 

Жалпы эмгек стажы/Общий трудовой стаж работы ________________________________ 

анын ичинде финансы же экономика чөйрөсүндө/в том числе в финансовой или экономической сфере __________________________________________________________ 

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

 

Ишке орношкон күнү/ Дата поступления на работу  

Иштен чыккан күнү/  

Дата ухода 

Ээлеген кызматы/ Занимаемая должностң 

Уюмдун аталышы, жайгашкан жери/ Название учреждения, место нахождения  

Кетүүнүн себеби/ Причина ухода 

 

 

 

 

 

--------------------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

6. Сиз анын кызматкери же мүчөсү болгон башка бардык уюмдарды, ассоциацияларды, юридикалык жактардын уюмдарын көрсөтүңүз/  

Укажите все другие организации, ассоциации, учреждения юридических лиц, сотрудником или членом которых Вы являетесң. 

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------- 

Уюмдун аталышы/ Название организации  

Уюмдун жайгашкан жери/ Место нахождения организации  

Ээлеген кызматы/ Занимаемая должностң 

 

 

 

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------7. Сизге карата иштин бул түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими барбы/ Имеете ли Вы решение суда, запрещающее занятие данным видом деятелңности__________________________________________________________________ 

8. Сиздин банкроттук процессинде турган же ага байланыштуу өз ишин токтоткон банка же башка финансы-кредит мекемесине тиешеңиз барбы/ Имеете ли Вы отношение к банку или иному финансово-кредитным учреждениям, находящимся в процессе банкротства или прекратившим свою деятелңностң в связи с банкротством__________________________________________________________________  

(эгер болсо, ал банк. же финансы-кредит мекеме-н аталышы, ээлеген кызматыңыз/  

______________________________________________________________________________ 

если да, то укажите наименование банка или ФКУ, должностң которую вы занимали) 

9. Сизге карата Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары ж-а санкциялары колдонулганбы/ Применялисң ли к Вам предупредителңные меры и санкции со стороны НБКР _______________________________________________________________________  

______________________________________________________________________________ 

Мен, / Я, _____________________________________________________________________, 

(фамилиясы, аты, атасынын аты/ фамилия, имя, отчество) 

жогоруда берилген маалымат так жана толук экендигин тастыктайм жана мындан ары болуп өткөн бардык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты Улуттук банкка берүүгө милдеттенем. Мен тараптан бурмалоолор ж-а калтыруулар болгон учурда, алар сунушталган кызматка бекитүүдө баш тартуунун негизи болорун, о.э. мага жана мен сунуштаган компанияга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санкция колдонууга алып келерин толук түшүнөм/  

подтверждаю, что выше представленная информация является достоверной и полной, и обязуюсң в далңнейшем представлятң в НБКР сведения обо всех изменениях, произошедших в ней. Признаю, что в случае допущения с моей стороны искажений и упущений, это может послужитң основанием для отказа в утверждении на рекомендуемую должностң, а также повлечң за собой далңнейшее применение санкций в отношении меня и представляемой мной компанией в соответствии с законодателңством Кыргызской Республики. 

 

_________________________  

(колтамгасы/ подписң) «___» _________200_-ж./ г.  

Алдынала төлөнгөн карттар формасындагы  

электрондук акчаларды пайдалануу менен  

төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти  

лицензиялоо жөнүндө жобого 4-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

НАЦИОНАЛңНЫЙ БАНК КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 

 

Алдынала төлөнгөн карттар формасындагы электрондук акчаларды  

пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүргүзүү укугуна 

ЛИЦЕНЗИЯ N _______  

на право проведения деятелңности 

по предоставлению платежных услуг с исполңзованием  

электронных денег в форме предоплаченных карт 

 

Берилди / Выдана __________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы/ полное наименование юридического лица) 

______________________________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын кыскартылган аталышы/ сокращенное наименование юридического лица) ________________________________________________________________________________________________________ 

(жайгашкан жери: өлкө, облус, калктуу пункт, көчө, үй, квартира, телефон/  

местонахождение: страна, областң, населенный пункт, улица, дом, квартира, телефон) 

Мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк/  

Свидетелңство о государственной регистрации _____________________________________________________ 

(серия, номер) 

берилди/ выдано ___________________________________________ Идентификация коду: _________________ 

(күнү, ким тарабынан/ дата выдачи, кем выдано) 

 

Бул лицензия, финансы-кредит мекемеси болуп саналбаган/ Настоящая лицензия дает право ___________________________________________________________________ , алдынала 

(юридикалык жактын кыскартылган аты/ сокращенное наименование юридического лица)  

төлөнгөн карттар формасындагы электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүргүзүүгө укук берет. / не являющейся финансово-кредитным учреждением, осуществлятң деятелңностң по предоставлению платежных услуг с исполңзованием электронных денег в форме предоплаченных карт. 

 

Алдынала төлөнгөн карттар формасындагы электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча иш өзүндө электрондук акчаларды чыгарууну, таркатууну, ага төлөөнү камтыйт.  

Бул лицензия ажырагыс (аталма). Бул лицензиядан келип чыккан укуктар үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес. Эгер берилсе, бул лицензияда көрсөтүлгөн ишке тыюу салуу менен лицензия кайтарылып алынат.  

Лицензиянын колдонуу мөөнөтү чектелбейт. 

Лицензиянын көчүрмөсү жараксыз. 

Бул лицензияга кол коюлган учурдан баштап, ал күчүнө кирет/ 

 

Деятелңностң по предоставлению платежных услуг с исполңзованием электронных денег в форме предоплаченных карт включает в себя эмиссию, распространение, погашение электронных денег. 

Настоящая лицензия является неотчуждаемой (именной). Права, вытекающие из настоящей лицензии, не подлежат передаче третңим лицам. Такая передача ведет к изүятию лицензии с запрещением деятелңности, указанной в настоящей лицензии.  

Срок действия лицензии неограничен. 

Копии лицензии являются недействителңными. 

Настоящая лицензия вступает в силу с момента ее подписания. 

 

Лицензия катталды (күнү, айы, жылы)/ Лицензия зарегистрирована (дата, месяц, год). 

 

N ____________ бланк сериясы/ серия бланка ______________ 

________________________________________ ________________ ___________________ 

(Улуттук банк. кызмат адамы/Должностное лицо НБКР) (колтамгасы/подписң) (Аты-жөнү/Ф.И.О.) 

 

Мөөр / Печатң  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

НАЦИОНАЛңНЫЙ БАНК КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 

 

Алдынала төлөнгөн карттар формасындагы электрондук акчаларды  

пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүргүзүү укугуна 

ЛИЦЕНЗИЯ N ______/____  

на право проведения деятелңности 

по предоставлению платежных услуг с исполңзованием  

электронных денег в форме предоплаченных карт 

 

 

 

_______________________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы/ полное наименование юридического лица) 

________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын кыскартылган аталышы/ сокращенное наименование юридического лица) 

________________________________________________________________________ 

(жайгашкан жери/ местонахождение) 

 

Бул лицензия финансы-кредит мекемесине алдынала төлөнгөн карттар формасындагы электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүргүзүүгө укук берет.  

Алдынала төлөнгөн карттар формасындагы электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча иш өзүндө электрондук акчаларды чыгарууну, таркатууну, ага төлөөнү камтыйт.  

Бул лицензияга кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.  

Лицензия ажырагыс болуп саналат жана мөөнөтү чектелүү эмес. 

 

Настоящая лицензия дает право финансово-кредитной организации осуществлятң деятелңностң по предоставлению платежных услуг с исполңзованием электронных денег в форме предоплаченных карт. 

Деятелңностң по предоставлению платежных услуг с исполңзованием электронных денег в форме предоплаченных карт включает в себя эмиссию, распространение, погашение электронных денег. 

Настоящая лицензия вступает в силу с момента ее подписания. 

Лицензия является неотчуждаемой, бессрочной. 

 

 

Лицензия катталды (күнү, айы, жылы)/ Лицензия зарегистрирована (дата, месяц, год). 

 

 

N ____________ бланк сериясы/ серия бланка ___________ 

 

___________________________________ ________________ ___________________ 

(Улуттук банк. кызмат адамы/Должностное лицо НБКР) (колтамгасы/подписң) (Аты-жөнү/Ф.И.О.) 

 

Мөөр / Печатң