Кайта келүү

Тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 “Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 “Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө”, “Кредиттик союздар жөнүндө”, “Чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу”, “Банктык сыр жөнүндө”, “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.”. 

- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“4. Банк ушул Жобонун талаптарына ылайык чекене агент катары юридикалык жакты же жеке ишкерди ишке тарта алат. Мында, агент тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы үчүн жоопкеричилик банкка жүктөлөт.”. 

- 5-пункттагы “акча которууларды жүзөгө ашыруу” деген сөздөр “банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта, улуттук/чет өлкө валюталарында сыяктуу эле; билдирмелерди кабыл алуу жана овердрафт кредитин тариздөө үчүн аларды банкка өткөрүп берүү жана тиешелүү терминалы болгон шартта кредиттин ушул түрү боюнча нак акча каражаттарын берүү, электрондук акчаны жайылтуу жана нак акчага айландыруу, төлөөлөрдү кабыл алуу жана электрондук капчыктарды тейлөө,” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 6-пункттагы “аларды банкка өткөрүп берүү” деген сөздөр “, электрондук акчаны жайылтуу жана нак акчага айландыруу, төлөөлөрдү кабыл алуу жана электрондук капчыктарды тейлөө.” деген сөздөр менен толукталсын; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын: 

“6-1. Электрондук акчаны, капчыктарды жайылтуу, тейлөө, толуктоо жана нак акчага айландыруу боюнча банктык чекене агенттердин иши Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы №27/8 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө” жобо аркылуу жөнгө салынат.”; 

- 7-пункттагы “кардар тарабынан” деген сөз “агент тарабынан” дегенге алмаштырылсын; 

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“10. Чекене агент юридикалык жак же банк менен анын атынан чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо, анын ичинде чекене агент түйүндөрү аркылуу сунуштоо боюнча агенттик келишимге кол койгон жеке ишкер. Чекене агенттер кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрмөгүн сунуштаган агенттерге жана банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген түрүн сунуштаган агенттерге бөлүнөт.  

Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрмөгүн сунуштаган агент бул, Улуттук банктын ченемдик актыларынын талабына ылайык банктык/төлөм кызматтарын жана алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясына ээ юридикалык жак. Бул агент эгерде ушул жобонун 34-пунктунун талабына ылайык техникалык жактан жабдуу талаптарына жооп бере албаса, кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген гана түрүн сунуштайт. 

Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген түрүн сунуштаган агент бул, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн толук топтомун сунуштоого укугу жок юридикалык жак же жеке ишкер.”; 

- 17-пункттагы “Интернет түйүнүндө” деген сөздөр “, башкы процессинг менен байланышты жөнгө салууга, билдирүүлөрдү топтоп, аларды банктын төлөм системасынын түйүнүнө жөнөтүүгө жана андан келип түшкөн билдирүүлөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берген” деген сөздөр менен толукталсын; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 17-1-пункт менен толукталсын: 

«17-1. Соода-сервистик ишкана (ССИ) юридикалык жак же жеке ишкер, ал/алар эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө карттарды, электрондук акчаны кабыл алып, мындай операциялар ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди тариздөө менен нак акча каражаттарын берет.”; 

- 22-пункттагы “кардарды кылдат идентификациялоо аркылуу” деген сөздөр “же маалыматтардын коопсуз өткөрүлүп берилишин камсыз кылган башка ыкмалар аркылуу” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 23-пункт төмөнкүдөй жаңы редакцияда берилсин: 

“23. Электрондук банктык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук санарип кол тамганы пайдалануусуз жана кардарды кылдат идентификациялоосуз, банктын ички эрежелеринде жана агенттик келишимде белгиленген коопсуздук жол-жоболорун колдонуунун негизинде, телефон жана/же башка жабдуулар (ар кандай түрдөгү терминалдар) аркылуу сунуштоого жол берилет”.  

- 24-пункттун 4-пунктчасындагы “виртуалдык кызмат көрсөтүүлөр” деген сөздөр “аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо” дегенге алмаштырылсын; 

- 25-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«25. Банк стратегиянын негизинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, тобокелдиктерди жана маалымат системаларын тескөө эрежелерине таянуу менен агенттердин төмөнкү категорияларынын негизинде чекене агентти тандоо критерийлерин иштеп чыгууга тийиш: 

1) Улуттук банктан төмөнкү ишкердик түрлөрүнүн бирин жүзөгө ашырууга лицензия алган юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын резиденттери банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрмөгүн сунуштаган агенттен болушу мүмкүн:  

а) микрофинансылык уюмдарга мүнөздүү, калктан каражаттарды аманат катары тартуу жана кредиттерди берүү операцияларын жүзөгө ашырууга; 

б) кредиттик союздарга мүнөздүү операцияларды жүзөгө ашырууга;  

в) өз иш натыйжасынан болбогон, маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды сунуштоого; 

г) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө

2) Төмөнкү талаптарга жооп берген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер, Кыргыз Республикасынын резиденттери банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген түрүн сунуштаган агенттен болушу мүмкүн:  

а) электрондук акчаны жайылтуу жана нак акчага айландыруу укугуна ээ; 

б) же болбосо соода-сервистик тейлөөнү жүзөгө ашырган жана алардын кассаларында банктардын банктык төлөм карттарды жана электрондук капчыктарды тейлөөгө алган POSтерминалдары орнотулган башка юридикалык жактар/жеке ишкерлер; 

в) же болбосо белгиленген лимиттердин чегинде төлөмдөрдү кабыл алуу, өткөрүү жана кредиттин ордун жабуу укугуна ээ. 

Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген түрүн сунуштаган агенттер товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алууну/төлөөнү, банктык карттан/электрондук капчыктан төлөөлөрдү/толуктоону ишке ашырууну жана нак акчага айландырууну жүзөгө ашырат. Мында аларга кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрмөгүн сунуштоого тыюу салынат.”; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 25-1-пункт менен толукталсын: 

“25-1. Банк чекене агентти тандоодо төмөнкү параметрлерди эске алууга тийиш: 

1) кардарлардын агентке карата ишениминин болушуна жана банк ошол банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого ниеттенген рынок сегментинде анын ишинин туруктуулугуна; 

2) чекене агенттин жайгашкан жери, квалификациялуу персоналдын, техникалык жактан камсыздалган жайлардын болушу көз карашынан кардарлардын банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн ыңгайлуулугуна; 

3) банк тарабынан чекене агентке карата ишенимдин болушуна, кредиттик таржымалынын текшерүүгө алынышына, чарба иши боюнча эсепке алуу саясатынын жүргүзүлүшүнө, кассалык операциялардын сапаттуу жүзөгө ашырылышына жана чекене агенттин нак акча каражаттары менен операцияларды ишке ашыруусуна контролдуктун жүргүзүлүшүнө

4) чекене агенттин банктык эсебинин, маалымат технологиялары менен иш алып барган квалификациялуу персоналынын болушуна, банк менен өз ара иш алып баруу үчүн зарыл коммуникациялык байланыш каналдарынын болушуна же аны уюштуруу жөндөмдүүлүгүнө, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу түйүнүнөн пайдалануу үчүн талапка жооп берген жайдын болушуна; 

5) банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү чекене агенттин негизги иши менен айкалышта жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн болушуна, өз ишин банк менен жана банктын атынан кобрэндингдин алкагында жүзөгө ашыруу ниетинин болушуна, ошондой эле агенттин бизнес көлөмүн кеңейтүүгө даярдыгы жана жөндөмдүүлүгүнө.”; 

- 26-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“26. Банк чекене агент менен агенттик келишим түзөт жана зарыл учурда банк менен чекене агент ортосунда түзүлгөн агенттик келишимдин шарттарына ылайык, кардарлар тарабынан жүргүзүлгөн операциялар боюнча нак жана нак эмес акча каражаттары менен ишке ашырылган операцияларды чагылдыруу үчүн чекене агенттин эсептешүү эсебин ачат. Агенттик келишимдин шарттарында, банк жана агент ортосунда кол коюлган келишимге ылайык өз чекене агенттеринин аракеттери үчүн банк кардар алдында жоопкерчилик тартаары сөзсүз түрдө белгиленүүгө тийиш.”; 

- 27-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«27. Чекене агенттер аркылуу акча каражаттарын банктык төлөм карттары аркылуу нак акчага айландыруу лимиттери 150 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.”. 

- 33-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«33. Банк чекене агенттин келишим шарттарын аткаруусуна жана чекене агент аркылуу сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына ички контролдукту жана системалуу түрдө текшерүүнү жүзөгө ашырууга тийиш. Банк чекене агент тарабынан жол берилген алдамчылык, калпыстыктар үчүн кардар алдында жоопкерчилик тартат. Банк агент менен түзүлгөн келишимдин чегинде жана ага ылайык, кардарлардын даттанууларын жана банктык агенттик түйүн аркылуу жүзөгө ашырылган операциялар боюнча талаш маселелерди кароо үчүн банктын жоопкерчиликтүү адамын/түзүмдү дайындайт.”;  

- 34-пункт төмөнкү редакцияда берилсин. 

«34. Банк, банктык чекене кызматтардын кеңири түрмөгүн сунуштоодо чекене агентти тандоо учурунда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2010-жылдын 11-февралындагы №97/24-0 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында финансы-кредит мекемелеринин техникалык жактан камсыздалышы жана алардын коргоого алынышы боюнча бирдиктүү талаптар жөнүндө” нускоого ылайык, 5-топ боюнча белгиленген, жабдууга тиешелүү техникалык талаптарга таянууга тийиш. Агенттин ушул нускоонун талаптарын сактоо шарттары банк менен агент ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленүүгө тийиш. Бул талаптар, ушул нускоонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген түрүн сунуштаган агенттерге таркатылбайт.”; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 34-1-пункт менен толукталсын:  

”34-1. Банк, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген түрүн сунуштоодо чекене агентти тандоо менен кеминде төмөнкүлөрдү эске алууга тийиш:  

- ишкердикти жүзөгө ашырууга патентинин болушуна; 

- агентти банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр жагында окутуудан өткөрүү

- соода-сервистик ишканаларда агенттер үчүн белгиленген лимиттерге жараша сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүнө негизденүү менен тиешелүү коопсуздук чараларын караштыруу; 

- эгерде агент кызмат көрсөтүүлөрдү нак эмес формада гана сунуштаса, техникалык жактан жабдуу жана коопсуздук чараларын камсыз кылуунун башка чараларын караштыруу талап кылынбайт.”; 

- 38-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“38. Чекене агент банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде, өз атынан жана банктын атынан, банктын эсебинен жана/же өз эсебинен, агенттик түйүн аркылуу кардарларга банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоону жүзөгө ашырат”.  

- 41-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 44-пункттун 3, 5, 8-пунктчалары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 45-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“45. Чекене агент нак акча каражаттарын кабыл алуу/берүү учурунда төлөөчүнүн талабы боюнча операциялардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жүзөгө ашырылгандыгынын тастыктамасы катары кассалык чекти сунуштайт. Кардар жүзөгө ашырылган операция боюнча кассалык чекти алуудан баш тартууга укуктуу.”; 

- 49-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“49. Төлөөчүлөрдөн алардын пайдасына акча каражаттары келип түшкөн алуучулар менен кардарлардын төлөмдөрү боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу, банк менен чекене агент ортосунда түзүлгөн агенттик келишимде белгиленген мөөнөттөрдө чекене агенттин эсептешүү эсебинен банкка акча каражаттарын которуу аркылуу жүргүзүлөт. Өз кезегинде банк алуучу менен түзүлгөн келишимде белгиленген мөөнөттөрдө алуучуларга акча каражаттарын чегерүүгө милдеттенет”. 

- 51-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“51. Кабыл алынган төлөмдөр тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөт ичинде банктын жана/же чекене агенттин аппараттык программалык комплексинде жана электрондук маалымат топтоо каражаттарында сакталат. 

- 55-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“55. Банктык агенттик түйүн аркылуу өтүүчү кардардын кандай болбосун операциясы электрондук түрдө банктын сыяктуу эле, чекене агенттин системасында да катталууга жана агенттин банктагы эсептешүү эсебинде чагылдырылууга тийиш.”; 

- 62-пункттун 6 жана 7-пунктчаралары күчүн жоготкон катары таанылсын.  

- 66-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“66. Кабыл алынган төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, чекене агент банктык маалыматты купуя сактоо талаптарын так аткарууга, ошондой эле банк тарабынан берилген кардарларды тейлөө боюнча техникалык каражаттардын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн четтетүүгө тийиш”. 

- 70-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

”70. Банк кеминде төмөнкү маалыматтар камтылган өз агенттери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүүгө тийиш: агенттин юридикалык аталышы, агенттин айкын дареги, телефон номери жана сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги, тизмек Улуттук банктын талабы боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын төлөм системасына контролдукту жана көзөмөлдүктү жүргүзүүнүн алкагында, текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууда сунушталат.”