Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 

12-сентябрда каттоодон өткөн. Каттоо номери N 104-08 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2008-жылдын 30-июлунда 

N 30/6 токтому менен 

бекитилген 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын   

2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун  

редакциясына ылайык) 

 

 

 

Пакеттик клиринг системасында тике 

дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүнүн 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү 

өткөрүү процессинин негизги этаптары 

3. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү 

өткөрүүдө Системанын жана алуучунун өзара мамилелери 

4. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө 

төлөөчүнүн жана алуучунун өзара мамилелери 

5. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө 

алуучунун жана банк-алуучунун өзара мамилелери 

6. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө 

Системанын жана банк алуучунун өзара мамилелери 

7. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө 

төлөөчүнүн жана банк-төлөөчүнүн өзара мамилелери 

8. Банка-төлөөчүнүн жана системанын тике дебеттөө 

формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдөгү өзара мамилелери 

9. Эреженин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери 

1-тиркеме. Болжолдуу үлгү 

2-тиркеме. Банк-төлөөчүнүн жана төлөөчүнүн ортосунда Тике дебеттөө 

формасындагы кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө 

жалпы (типтүү) шарттар 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча эрежелерде (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын төлөм ситемасы жөнүндө”, “Электрондук цифралык кол тамга жөнүндө” мыйзамдарга жана төлөм системаларынын иши боюнча төмөндө көрсөтүлгөн башка ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн Пакеттик клиринг системасында (мындан ары Система) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү тартиби, ошондой эле төлөөчүнүн, банк-төлөөчүнүн (мындан ары биргелешип катышуучулар) жана Системанын өз ара мамилелери жана милдеттенмелери аныкталат: 

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы №420/21/4 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө” жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы №37/8 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 18-январындагы №8-06 номеринде каттодон өткөн “Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө” жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы №38/11 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында №88-07 номеринде каттоодон өткөн “Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү ишке ашыруу тартиби жөнүндө" нускоо” (мындан ары нускоо); 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы №36/5 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 3-сентябрында №82-07 номеринде каттоодон өткөн “Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө” нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/10 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 23-мартында №25-06 номеринде каттоодон өткөн “Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу эрежелери (мындан ары Форматтарды толтуруу эрежелери)”. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы N2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1.2.Тике дебеттелүүчү төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган коммерциялык банктардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) расмий сайтында жайгаштырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы N2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1.3. Бул эрежелерде пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар 1.1-пунктта көрсөтүлгөн ченемдик актыларда келтирилген терминдерге жана аныктамаларга дал келет. 

 

1.4. Бул Эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар кошумча пайдаланылат: 

- Тике дебеттөө формасындагы төлөмгө тескеме (мындан ары тескеме) - банк-төлөөчүдө төлөөчүнүн банктык эсебине карата тике дебеттөө формасындагы тапшырманы алуучунун берүүсү аркылуу кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн алуучуга төлөөчүнүн алдынала макулдук берүүсү. Тескеме кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү менен аны сунуштоочунун ортосунда түзүлө турган кызмат көрсөтүү келишиминин чегинде таризделиши мүмкүн. Тескеме кагазда таризделип, расмий документ болуп саналат; 

- төлөөчү - товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, иштер үчүн төлөмдөрдү банк-төлөөчүдө ачылган өзүнүн банктык эсебинен преавторизациялык тике дебеттөө жолу менен жүзөгө ашыруучу жеке адам же юридикалык жак; 

- алуучу - кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр боюнча төлөмдөрдү, социалдык, бюджеттик жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүдөн алынган тескеменин негизинде преавторизациялык тике дебеттөө формасын пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү жана жыйноону жүзөгө ашыруучу юридикалык жак (уюм); 

- банк-алуучу - тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү жөнүндө алуучу менен макулдашма (келишим) түзгөн акча каражаттарын алуучунун банкы; 

- банк-төлөөчү - аталган алуучудан тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтери келип түшкөндө төлөөчүнүн банк эсебинен акча каражаттарын алып салуу аркылуу тике дебеттөө формасында төлөмдөрдү өткөрүү жөнүндө төлөөчү менен макулдашма (келишим) түзгөн төлөөчүнүн эсеби ачылган банк. 

- Кара тизме (“BlackList”) тике дебеттөө келишимине ылайык төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн эсептөө күнүнө карата эсепте акча каражаттарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу шартын бузуп, тике дебеттөө боюнча четке кагылган төлөмдөр санынын параметринен ашып кетүүгө жол берген кардарлардын-системанын катышуучуларынын тизмеси. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы N2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1.5. Тескеменин негизинде төлөөчүнүн эсебин тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү процессинин максималдуу мезгил аралыгы 5 

(беш) клиринг күнүн түзөт. Бул мезгил "аралыгы тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин берген күндөн иштеп чыгуу күнүнө чейинки 3 (үч) клиринг күнүн жана тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтери боюнча иштеп чыгуу күнүнөн эсептешүү күнүнө чейинки 2 (эки) клиринг күнүн камтыйт. 

 

1.6. Системада тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү иштеп чыгууда төмөнкүдөй күндөр караштырат: 

- берүү күнү - банк-алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин жөнөткөн күн. Бул күн төлөм документтери Системага келип түшөөрү менен аларга дароо ыйгарылат (аларда белгиленет). Берүү күнү иштеп чыгуу күнүнө дал келиши жана/же андан 3 (үч) клиринг күнүнөн көп болбогон күнгө мурдараак болушу да мүмкүн; 

- иштеп чыгуу күнү - тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү төлөм документтери алдынала таза позицияларды эсептөөгө камтылган күн; 

- эсептешүү күнү - тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтери боюнча акыркы эсептешүү жүргүзүлгөн күн. Эсептешүү күнү Системага тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтери келип түшөрү менен дароо белгиленет жана иштеп чыгуу күнүнөн 2 (эки) клирингдик күнгө артта калган күндү түзөт. 

 

1.7. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алууда жана сунуштоодо катышуучулар ушул Эрежелердин жоболорунун ар бир катышуучунун милдеттенмелерин жана жоопкерчилигин караган талаптарды сактоого милдеттүү

 

2. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү 

өткөрүү процессинин негизги этаптары 

 

2.1 Алуучу тарабынан электрондук ведомостту даярдоосу 

 

2.1.1. Алуучу Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы №36/5 токтому менен бекитилген “Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө” нускоого ылайык, төлөөчүнүн банк эсебин тике дебеттөө формасындагы төлөмдөргө электрондук ведомосту Excel же Dbf форматтарында тариздейт жана аны банк-алуучуга жөнгө салынган байланыш каналдары жана маалымат жаздырылуучу каражаттар (дискеттер, флеш, CD ж.б.) аркылуу жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы N2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2.1.2. Алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөргө электрондук ведомосттогу маалыматтардын тууралыгы жана аны өз убагында түзүп, банк-алуучуга берүү үчүн жооптуу болот. 

 

2.1.3. Эгерде алуучу электрондук ведомостко төлөөчүнүн банктык эсебинен төлөнө турган тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдүн суммасын алуучунун айынан ката көрсөтүп койсо, алуучу бул тууралуу банк-алуучуга банк-алуучу төлөмдү кайтарып алуусу/жок кылуусу үчүн маалымдайт, аны Система клиринг күнүнүн регламентине ылайык берген күндөн иштеп чыгуу күнүнө чейинки мезгилде кабыл алат. 

 

2.1.4. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөн банк-алуучунун баш тарткандыгы билингенде алуучу себептерин териштирип, өзалдынча жана/же төлөөчү менен төмөнкүдөй чечим кабыл алат: төлөөчүнүн реквизиттеринин оңдолушу менен кайрадан төлөмдү демилгелөөгө жана/же башка чечим (төлөөчүнүн макулдугу боюнча). 

 

2.1.5. электрондук ведомосттогу маалымат алуучу тарабынан туура эмес көрсөтүлгөндүгүнүн натыйжасында тике дебеттөө формасындагы төлөмдүн туура эмес суммасын төлөөчүнүн банктык эсебинен төлөмдөр которулуп кеткен учурда алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө электрондук ведомостту даярдоодо төлөмдөрдүн суммасын кийинки календардык ай үчүн кайрадан эсептейт. 

 

2.2. Алуучу банктын электрондук ведомостту туура толтурушун иштеп чыгуусу жана текшерүүсү

 

2.2.1. Банк-алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөргө берилген электрондук ведомостто төлөмдөрдүн реквизиттерин текшерет жана Системанын форматтарына ылайык электрондук төлөм документтеринин (мындан ары ЭТД) файлдарын түзүп, Системага ЭТДны 3төн (үч) эрте болбогон клиринг күнү жана иштеп чыга турган күндөн кечиктирбестен өткөрүп берет. 

 

2.2.2. Туура эмес толтурулган учурда электрондук ведомость банк-алуучуга оңдоо үчүн кайтарылып берилет. Алуучу оңдоолорду киргизгенден кийин тиешелүү форматтагы электрондук ведомостту кайрадан түзүп, банк-алуучуга жөнөтөт. 

 

2.2.3. Банк-алуучу Форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык, тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин түзүп, Системага клиринг күнүнүн регламентине ылайык жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы N2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2.2.4. Банк-алуучу ката таап калса, клиринг күнүнүн регламентине жана Системанын форматтарына ылайык, Системага мурда берилген пакетти же өзүнчө төлөмдү жок кылуу аркылуу төлөмдү кайтарып алат/жок кылат. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө катасы бар электрондук төлөм документтерин кайтарып алуу "Алмаштыруу мезгили" аяктай электе, төлөм иштелип жаткан күнү жүзөгө ашырылат. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин өз убагында кайтарып алуу/жок кылуу үчүн банк-алуучу жооптуу болот. 

 

2.3. Электрондук төлөм документтерин Система тарабынан иштеп чыгышы, төлөмдөрү менен файлдарды банк-төлөөчүгө жана банк-алуучуга өткөрүп берүү

 

2.3.1. Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрү менен файлдарды Форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык келе тургандыгы, төлөөчү кара тизмеде ("Вlаск List") бар же жок экендиги боюнча текшерет. Эгерде төлөөчү кара тизмеде ("Вlаск List") болсо, Система банк-алуучуга жана банк-төлөөчүгө тиешелүү кабар берет. Эгерде банк-төлөөчү төлөөчүнүн эсебиндеги каражаттардын жетишсиздигинен улам тике дебеттөө формасындагы төлөмдөн 3 (үч) ирет баш тарткан болсо кара тизмеге ("Вlаск List" камтылат. Эгерде банк төлөөчү тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөм документтерин төлөсө жана ал боюнча эсептешүү жүргүзүлсө, төлөөчү кара тизмеден ("Вlаск List") чыгарылат. 

 

2.3.2. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө катасы бар төлөм документтерин Система аларды иштеп чыгуунун натыйжасы тууралуу тиешелүү билдирүүнүн банк алуучуга жөнөтүү менен алып салат. 

 

2.3.3. Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөм документтеринин файлдарын текшерүүдөн кийин аларды иштеп чыгууга чейинки күнгө чейин сактайт. Иштеп чыгуу күнү Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөм документтеринин файлдарын банк-төлөөчүгө жөнөтөт. 

 

2.3.4 Банк-алуучу тарабынан тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөм документтерин кайтарып алууда/жок кылууда Система банк-алуучуга тиешелүү маалыматты жөнөтөт. 

 

2.4. Төлөмдөрү менен файлдарды иштеп чыгуу күнүндө иштеп чыгуу. 

 

2.4.1. Иштеп чыгуу күнү Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөм документтеринин файлдарын банк-төлөөчүгө жөнөтөт. 

 

2.4.2. Банк-төлөөчү иштеп чыгуу күнү Системадан тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөм документтеринин файлын кабыл алат жана анда көрсөтүлгөн реквизиттердин тууралыгын жана төлөөчүнүн банк эсебинде акча каражаттарынын бар экендигин текшерет. 

 

2.4.3. Көрсөтүлгөн реквизиттер туура эмес болсо банк-төлөөчү Система аркылуу төлөөчүнүн банк эсебине карата коюлган тике дебеттөө формасындагы төлөмдөн баш тартууну билдирген тиешелүү форматтын файлын түзөт. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөн баш тартылган документтер клиринг күнүнүн регламентине ылайык банк-төлөөчү тарабынан Системага төлөмдү иштеп чыгуу күнүнөн кийинки күндөн тартып эсептешүү күнү кошо алынган күнгө чейинки мезгил ичинде жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы N2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2.4.4. Банк төлөөчүдөн келип түшкөн тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө баш тартылган төлөм документтери Системада иштелип чыгат жана банк-алуучуга тиешелүү кабар берилет. 

 

2.4.5. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүдөн баш тартууга төлөм документтерин туура жана өз убагында түзүү үчүн банк төлөөчү жооптуу болот. 

 

2.4.6. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөм документтери иштеп чыккан күндөн баштап келечектеги төлөмдөр жөнүндө маалымдоо максатында банк-төлөөчүнүн алдынала таза позицияларын эсептөөгө камтылат. 

 

2.5. Төлөмдөр менен файлдарды эсептешүү күнү иштеп чыгуу 

 

2.5.1. Система эсептешүү күнү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү жыйынтыктоочу таза позицияларды эсептөөгө камтыйт жана банк-алуучуга жана банк-төлөөчүгө алардын пакеттеринин, төлөм жүгүртмөлөрүнүн таза позицияларынын статусу тууралуу маалыматты жөнөтөт. 

 

2.5.2. Банк-төлөөчү төлөөчүнүн банк эсебинен акча каражаттарын алат жана Системадан алынган тике дебеттөө формасындагы төлөмдүн негизинде төлөм тапшырмасын белгиленген форматта, төлөөчүнүн банк эсебинен акча каражаттарын алып салуунун негизи катары басып чыгарат. 

 

2.5.3. Банк-алуучу Системадан алынган маалыматтын негизинде алуучунун банк эсебине каражаттарды чегерет жана алуучуга тике дебеттөө формасындагы төлөм боюнча каражаттарды чегергендиги тууралуу документтин көчүрмөсүн жөнөтөт. Эгерде төлөм документтери банк-алуучу менен банк-төлөөчүнүн ортосунда электрондук түрдө жүзөгө ашырылса, банк алуучу системадан алынган ЭТД файлдарынын негизинде электрондук билдирүүнү түзүп, алуучуга берет. 

 

2.5.4. Алуучу анын банк эсебине келип түшкөн тике дебеттөө формасындагы төлөмдөр жөнүндө алынган маалыматтын (электрондук түрдө же кагаз жүзүндө) негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөчүлөр (абоненттер) боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө жөнүндө маалыматты эсепке алып, сактайт. 

 

3. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү 

өткөрүүдө Системанын жана алуучунун 

өзара мамилелери 

 

3.1. Улуттук банк тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү үчүн Системада алуучуну Системанын суб-катышуучусунун сейрек номерин-кодун ыйгаруу жолу менен каттоодон өткөрөт. Каттоодон өткөрүлгөндөн кийин алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин демилгелөөгө жана Системага банк-алуучу аркылуу жөнөтүүгө ыйгарым укуктуу болот. 

 

3.2. Системада алуучуну каттоодон өткөрүү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу тууралуу банк алуучу менен алуучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде банк алуучунун суроо-талабы менен ишке ашырылат. 

 

3.3. Системада маалымат китепчеси ачылып, анда алуучунун ар бир эсеби боюнча суб-катышуучунун тиешелүү коду ыйгарылат. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү алуучунун ар бири үчүн Системада маалымат китепчеси ачылып, андан Системанын бардык коммерциялык банк-катышуучулары пайдалана алышат. 

 

3.4. Алуучу жана банк-алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөм документтеринде суб-катышуучулардын коддорунун бар экендиги жана тууралыгы үчүн жооптуу болот. Суб-катышуучунун коддорунун бар экендиги жана тууралыгы Системада текшерилет жана анын коддорунун жок болсо жана/же Системада катталган анын эсебине дал келбей калса тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө төлөм документин Система кабыл албай, банк алуучуга кайтарып берет. 

 

3.5. Улуттук банк Системада катталган жана суб-катышуучусунун кодуна ээ болгон алуучулардын тизмесин түзөт, ал Улуттук банктын мезгил-мезгили менен чыгуучу расмий басылмасында жарыяланат. 

 

4. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү 

өткөрүүдө төлөөчүнүн жана 

алуучунун өзара мамилелери 

 

4.1. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү жолу менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн төлөөчү ушул Эрежелердин ажырагыс бөлүгү болуп саналган 1-тиркемеге ылайык Тескемени тариздейт жана аны банк төлөөчүдө тастыктайт. Тескеменин түп нускасы алуучуга жөнөтүлүп, анын көчүрмөсү төлөөчүдө сакталат. 

 

4.2. Бере турган Тескемеде алуучу төлөөчү төлөө жөнүндө алдынала билдирүүнүн (счет-квитанция) мөөнөтүн, анын банк эсебине тике дебеттөө формасындагы төлөмгө төлөм тапшырмаларын берүүнүн мөөнөтүн бир төлөмдүн максималдуу суммасын жана ошол Тескеменин төлөөчү каалагандай коө ала турган аракеттенүү мөөнөтүн көрсөтөт. Тескеменин аракеттенүүсүнүн белгилүү мөөнөтү көрсөтүлбөсө, мындай Тескеме мөөнөтсүз болуп эсептелет жана анын аракети төлөөчүнүн алуучуга Тескеменин аракетин токтотууга эркин формада жазылган арызы менен токтотулушу мүмкүн. Тескеменин аракетин токтотууга берилген арыз алуучу алган учурдан тартып колдонулат. 

 

4.3. Эгерде төлөөчү башка абонентке берилген кызмат көрсөтүүлөргө тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү жолу менен төлөө ниетинде (төлөөчү жана абонент ар кандай жактар болуп саналышат) болсо, анда Тескемеде абоненттин толук реквизиттери көрсөтүлөт, ал эми ага кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө төлөөчүнүн эсебинен тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү. өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт. Мында алуучу тиешелүү документтердин тизмеги жана аларды тариздөөнүн тартиби боюнча кошумча шарттарды белгилөөгө укуктуу. Мындай кошумча шарттар тууралуу абоненттерге маалыматты алуучу билдирет. 

 

4.4. Төлөөчүнүн тиешелүү түрдө таризделген жана банк төлөөчү тарабынан тастыкталган тескемеси алуучуга жөнөтүлөт жана алуучу алган учурдан тартып колдонулат. 

 

4.5. Алуучу менен төлөөчүнүн (абоненттин) ортосунда кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тууралуу келишимге ылайык алуучу төлөөчүгө жүзөгө ашырылган кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн счет-квитанцияны ушул келиши менен белгиленген мөөнөттө жөнөтөт. 

 

4.6. Банктык реквизиттер өзгөргөндө, төлөөчү тиешелүү түрдөгү жаңы Тескемени (1-тиркеме) тариздейт жана алуучуга берет. Алуучу бул Тескемени кабыл алат жана анда көрсөтүлгөн жаңы реквизиттерди алган учурдан баштап колдонот. 

 

4.7. Эгерде алуучу жана/же төлөөчү кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырууну токтотуу чечимин кабыл алса, анда алуучу/төлөөчү мында төлөмдү токтотуу жөнүндө расмий билдирүү катын/арызды бир календардык айдан (30 күн) кечиктирбестен жөнөтөт. Мында төлөөчүнүн кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнү тике дебетте формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырууну токтотуу тууралуу алуучуга жөнөткөн арызынын көчүрмөсү банк төлөөчүгө берилет. Арыздын көчүрмөсүнүн банк төлөөчү тарабынан алынышы төлөөчүнүн банк эсебинен тике дебетте формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документин 30 күн бүткөнгө чейин төлөөдөн баш тартууга негиз болуп саналат. 

 

4.8. Төлөөчүнүн жана алуучунун ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жана ыкмалары алардын ортосунда кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тууралуу түзүлгөн келишим менен белгиленет. Талаш-тартыштар тараптардын сүйлөшүүлөрү менен чечилбесе, пикир келишпестиктерди сотко чейин жөнгө салуунун мыйзамдарда каралган жол-жоболору сакталгандан кийин, алар Кыргыз Республикасынын сот органдарынын кароосуна берилет. 

 

5. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү 

өткөрүүдө алуучунун жана банк-алуучунун 

өзара мамилелери 

 

5.1. Алуучу жана банк-алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү шарттарын алуучунун жана банк алуучунун ортосунда алуучунун банк эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишимде жана/же ага карата тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун шарттары жагында толуктоо менен аныкташат. 

 

5.2. Алуучунун жана банк алуучунун ортосунда алуучунун банк эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишимде аныктала турган негизги маселелер жана/же ага карата тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун шарттары жагында толуктоо болуп төмөндөгүлөр саналат: 

- эсептешүүгө чейинки күндөрдүн минималдуу саны, ага электрондук ведомость алуучу тарабынан банк-алуучуга жөнөтүлүүгө тийиш; 

- тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин системага банк-алуучу тарабынан жөнөтүү тууралуу алуучунун билдирүүсү/маалыматы; 

- тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө бардык төлөм документтерин Система тарабынан кабыл алынышы жана банк төлөөчүгө өткөрүлүп берилиши тууралуу банк алуучунун алуучуга билдирүүсү/маалыматы; 

- банк-алуучу тарабынан кармалып калуучу комиссиондук төлөмдүн өлчөмү, алуучунун аларды төлөө тартиби. 

 

5.3. Алуучунун жана банк алуучунун ортосунда алуучунун банк эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишимде жана/же ага карата тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун шарттары жагында толуктоодо тике дебеттөө формасындагы төлөмдөн баш тартуу/аны кайтарып алуу боюнча маалымат жана өзара милдеттенмелер боюнча башка маалымат дагы аныкталат. 

 

5.4. Алуучу жүзөгө ашырылган тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү жана/же алардын кабыл алынбай калуусун тиешелүү эсепке алууну камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү үчүн негиз болуп саналган документтердин сакталышын жана архивделишин жүзөгө ашырат. 

 

5.5. Алуучу төлөөчүнүн банк эсебине карата тике дебеттөө формасындагы төлөмдү берүүгө белгиленген талаптарга ылайык толтурулган электрондук ведомостту түзөт жана алардын ортосундагы келишимде белгиленген мөөнөттө банк-алуучуга жөнөтөт. 

 

5.6. Банк-алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү төлөөдө алуучунун эсебине каражаттарды алуучунун жана банк алуучунун ортосунда белгиленген мөөнөттө чегерет. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү төлөөдөн баш тарткан учурда банк-алуучу алуучуга билдирүүнү алуучунун жана банк-алуучунун ортосундагы келишимге ылайык мөөнөттө жөнөтөт. 

 

5.7. Алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү көрсөтүү укугуна төлөөчүнүн тескемесинин аракетин токтотууга төлөөчүнүн арызын алган учурдан тартып 30 күнгө чейинки мөөнөттүн аякташы менен ошол төлөөчүнүн банк эсеби боюнча төлөмдөргө электрондук ведомостту даярдоону жана банк алуучуга берүүнү токтотот. 

 

5.8. Алуучунун жана банк алуучунун алуучунун тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдөгү укуктары жана милдеттенмелери алуучунун банк эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишим жана/же ага карата тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун шарттары жагында толуктоо жана/же тике дебеттөө формасындагы кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тууралуу келишим менен белгиленет жана аны бекиткен учурдан тартып келип чыгат. 

 

5.9. Алуучунун жана банк-алуучунун ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жана ыкмалары алардын ортосунда түзүлгөн келишим жана/же алуучунун эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишимге карата толуктоо менен белгиленет. Талаш-тартыштар тараптардын сүйлөшүүлөрү менен чечилбесе, пикир келишпестиктерди сотко чейин жөнгө салуунун мыйзамдарда каралган жол-жоболору аткарылгандан кийин, алар Кыргыз Республикасынын сот органдарынын кароосуна берилет. 

 

6. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө 

Системанын жана банк алуучунун өзара мамилелери 

 

6.1. Банк-алуучу алуучу тарабынан берилген электрондук ведомосттун негизинде тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө ЭТД файлын түзөт жана банк-төлөөчүдө эсептешүүнү жүргүзүү үчүн Система аркылуу жөнөтөт. 

 

6.2. Система ар бир алуучу үчүн Системада белгиленген банк-алуучунун кодунун жана суб-катышуучунун кодунун тууралыгын, тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү иштеп чыгуу күнүн тууралыгын кошо алганда, форматтарды толтуруунун эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык, тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин тариздөөнүн тууралыгын текшерет. 

 

6.3. Система тике дебеттөө формасындагы төлөм документтерин берген күнү кабыл алат жана ал Системада иштеп чыгуу күнү келгенге чейин сакталат. Банк-алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин Системага иштеп чыгуу күнүнө чейинки 3 (үч) клиринг күнүнөн көбүрөөк убакта жөнөтүүдө, Система төлөм документтерин кабыл албайт, ал эми банк-алуучуга тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт. 

 

6.4. Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин кабыл алуу менен кардардын кара тизмеде ("Вlаск List") бар же жок экендиги боюнча текшерет. Эгерде төлөөчү кара тизмеде ("Вlаск List") болсо, Система банк-алуучуга жана банк-төлөөчүгө бул төлөм боюнча төлөөчү кара тизмеде экендиги тууралуу кабар берет. 

 

6.5. Эгерде банк-төлөөчү тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө ЭТД боюнча иштеп чыгуу күнүнөн кийинки күндөн тартып эсептешүү күнүнө чейинки мезгилде төлөмдөн баш тарткандыгы тууралуу Системага билдирбей, эсептешүү күнү бул төлөм төлөөчүнүн эсебинен жүргүзүлгөн болсо, анда мындай төлөөчүнү Система кара Тизмеден ("Вlаск list") алып салат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы N2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

6.6. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө ЭТДнын таризделишинин тууралыгын текшергенден кийин Система берүү күнүнөн иштеп чыгуу күнүнө чейинки мезгилде мындай төлөмдөрдү сактайт. 

 

6.7. Система иштеп чыгуу күнү тике дебеттөө формасындагы төлөмдү өткөрүүгө ЭТДны банк-төлөөчүгө жөнөтөт жана келечек төлөмдөр тууралуу маалымдоо максатында банк-төлөөчүнүн анын алдынала таза позицияларын эсептөөгө тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө ЭТДны тике дебеттөө формасындагы төлөмдү иштеп чыгуу күнүнөн эсептешүү күнүнө чейинки мезгилде камтыйт. 

 

6.8. Эсептөө күнү банк-төлөөчүнүн баш тарткандыгы билдирилбесе жана/же банк алуучу кайтарып албаса, Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө ЭТДны банк-төлөөчүнүн жыйынтыктоочу таза позициясын эсептөөгө кошот. 

 

6.9. Клиринг күнүнүн регламентине ылайык иштеп чыгуу күнүнөн кийинки күндөн тартып эсептөө күнүнө чейинки мезгилде тике дебеттөө формасындагы төлөмдөн банк-төлөөчүнүн баш тарткандыгы тууралуу маалымат алынса, Система бул маалыматты банк-алуучуга жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы N2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

6.10. Клиринг күнүнүн регламентине ылайык иштеп чыгуудан эсептөө күнүнө чейинки мезгилде банк-алуучу тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө ЭТДны кайтарып алууга /жок кылууга Системага билдирүү жөнөтө алат. 

 

6.11. Иштеп чыгуу күнү клиринг күнүнүн "ЭТД файлдарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгили" аякташы менен тике дебеттөө формасындагы төлөмдөр банк-алуучу үчүн кайтарылгыс болуп саналат жана тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө ЭТДны кайтарып алууга/жок кылууга суроо-талапты Система кабыл албайт. 

 

6.12. Банк-алуучунун жана Системанын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жана ыкмалары Пакеттик клиринг системасынын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн Электрондук төлөм документтерин колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүүнүн жалпы шарттары жана принциптери тууралуу Генералдык келишим менен белгиленет. 

 

7. Тике дебеттөө формасындагы 

төлөмдөрдү өткөрүүдө төлөөчүнүн жана 

банк-төлөөчүнүн өзара мамилелери 

 

7.1. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү үчүн төлөөчү төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырууга тийиш: 

а) банк-төлөөчүдө банк эсебин ачууга; 

б) банк-төлөөчү менен тике дебеттөө формасындагы төлөмдөргө кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тууралуу келишимди, аталган алуучудан (кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтери келип түшкөндө эсептен акча каражаттарын көрсөтүлгөн суммага алып салууга алдынала уруксат берүү тууралуу банкка арызды тиркөө менен (2-тиркеме) түзөт. 

 

7.2. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөргө кызмат көрсөтүүлөр боюнча жоболор төлөөчүнүн эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишимге камтылат жана/же жалпы шарттарга ылайык банк-төлөөчүнүн жана төлөөчүнүн ортосундагы өзүнчө келишим менен таризделет (2-тиркеме), ошондой эле келишим зарылчылыкка жараша банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул түрүн сунуштоонун шарттары боюнча башка кошумча жоболорду камтыйт. 

 

7.3. Бир нече алуучулардын пайдасына тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү үчүн төлөөчүнүн жана банк-төлөөчүнүн ортосундагы келишимде аларга төлөөчү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин анын банк эсебине карата төлөөгө көрсөтүү укугун берген алуучулардын тизмеги; банк-төлөөчүнүн мындай төлөмдөрдү кабыл алуусунун мөөнөттөрү; бир алуучунун пайдасына бир төлөмдүн максималдуу суммасы; ошондой эле алардын убагы келгенде банк-төлөөчү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү төлөөчүнүн эсебине көрсөтүлгөн төлөөдөн баш тартууга милдеттүү болгон шарттар көрсөтүлөт. Мында төлөөчү тиешелүү түрдө таризделген Тескемени (1-тиркеме) ар бир алуучунун дарегине жөнөтөт. 

 

7.4. Банк-алуучудан тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерин кайтарып алууга/жок кылууга билдирүү жана/же банк төлөөчүдөн тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартууга билдирүү болбосо, клиринг күнүнүн регламентине ылайык, эсептешүү күнү Система төлөмдөрдү банк-төлөөчүнүн жыйынтыктоочу таза позициясын эсептөөгө кошот, ал эми банк-төлөөчү менен төлөөчүнүн банктык эсебинен акча каражаттарын алып салууну жүзөгө ашырат. 

 

7.5. Банк-төлөөчү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча көчүрмөнү төлөөчүгө берет. Банк-төлөөчү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартса, төлөөчүнүн жана банк-төлөөчүнүн ортосунда тике дебеттөө формасындагы төлөмдөргө кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тууралуу келишимдин шарттарына ылайык банк-төлөөчү бул тууралуу төлөөчүгө маалымдайт. 

 

7.6. Эсептешүү күнү клиринг күнүнүн "ЭТД файлдарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгили" аякташы менен тике дебеттөө формасындагы төлөмдөр банк-алуучу үчүн кайтарылгыс болуп саналат жана төлөмдөрдөн баш тартууга суроо-талапты Система кабыл албайт. 

 

7.7. Төлөөчүнүн жана банк-төлөөчүнүн тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү жүзөгө ашыруудагы укуктары жана милдеттери тике дебеттөө кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо жөнүндө келишим жана/же төлөөчүнүн банк эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишим менен белгиленет жана аны бекиткен учурдан тартып келип чыгат. Талаш-тартыштар тараптардын сүйлөшүүлөрү менен чечилбесе, пикир келишпестиктерди сотко чейин жөнгө салуунун мыйзамдарда каралган жол-жоболору аткарылгандан кийин, алар Кыргыз Республикасынын сот органдарынын кароосуна берилет. 

 

8. Банка-төлөөчүнүн жана системанын 

тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү 

өткөрүүдөгү өзара мамилелери 

 

8.1. Иштеп чыгуу күнү Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдөр жөнүндө маалыматты камтыган отчетторду жана файлдарды түзүп, банк-төлөөчүгө жөнөтөт. 

 

8.2. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү иштеп чыгуу күнүнөн тартып эсептешүү күнүнө чейинки мезгилде Система тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө, ЭТД келечек төлөмдөр жөнүндө банк-төлөөчүгө маалымдоо максаттарында анын алдынала таза позицияларын эсептөөгө камтыйт. 

 

8.3. Система клиринг күнүнүн регламентине ылайык эсептешүү күнү банк , төлөөчүнүн жыйынтыктоочу таза позициясына тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө ЭТД боюнча тиешелүү сумманы кошот. 

 

8.4. Эгерде банк-төлөөчү баш тартуу тууралуу маалыматты клиринг күнүнүн регламентине ылайык иштеп чыгуу күнүнөн кийинки күнүнөн эсептешүү күнүнө чейин Системага бербесе, ал эми банк-алуучу Системага төлөмдү берүү күнүнөн баштап иштеп чыгуу күнүнө чейин төлөмдү кайтарып алуу/жок кылуу тууралуу билдирбесе, тике дебеттөө формасындагы мындай төлөм акыркы болуп саналат. Мында эсептешүү күнү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтерине ылайык сумма банк-төлөөчүнүн жыйынтыктоочу таза позициясына камтылууга жана демек төлөөчүнүн банк эсебинен төлөнүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы N2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

8.5. Эгерде банк-төлөөчү тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтери боюнча баш тартуу тууралуу маалыматты иштеп чыгуу күнүнөн кийинки күнүнөн эсептешүү күнүнө чейин бербесе, суммаларды жана өзара мамилелерди жөнгө салуу эки тараптуу келишимдердин/макулдашмалардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түздөн-түз төлөөчү менен алуучунун жана банк-төлөөчү менен банк-алуучунун ортосунда жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы N2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

8.6. Банк-төлөөчүнүн жана системанын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби жана ыкмалары Пакеттик клиринг системанын катышуучуларынын ортосундагы электрондук төлөм документтерин пайдалануу менен төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун жалпы шарттары жана принциптери тууралуу генералдык келишим менен белгиленет. 

 

9. Эреженин катышуучуларынын 

укуктары жана милдеттери 

 

9.1. Банк-алуучу алуучунун банк эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу алуучунун жана банк алуучунун ортосундагы келишимдин негизинде жана/же ага карата тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жагындагы толуктоо менен өзүнүн алуучуларынын ар бирине төмөнкүдөй милдетти аткарат: 

а) кайсы болбосун башка банк-алуучуда тике дебеттөө формасындагы төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусуна алуучулар үчүн чек койбойт; 

б) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча алуучунун жана банк-алуучунун тиешелүү укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат менен алуучуну камсыз кылат; 

в) эгерде болжолдуу алуучу алуучунун сейрек номерине (системанын суб-катышуучусунун кодуна) ээ эмес болсо, анда, ага мындай номердин ыйгаруу тууралуу Улуттук банкка кайрылат; 

г) Эрежелерге ылайык бардык операциялык милдеттерди аткарат; 

д) банк-төлөөчүнүн суроо-талабы боюнча алуучудан төлөөчүнүн тиешелүү тескемесинин бар экендиги жөнүндө маалыматты талап кылат; 

е) ушул Эрежелердин сакталышына дайыма контролду камсыз кылат. 

 

9.2. Эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык, банк-алуучу алуучунун банк эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу алуучунун жана банк алуучунун ортосундагы келишимдин негизинде жана/же ага карата тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жагындагы толуктоо менен өзүнүн алуучуларынын ар бирине төмөнкүдөй милдеттерди аныктайт: 

а) тескеменин ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде келтирилген формаларын пайдаланууга; 

б) Системага катышуу үчүн алуучунун (суб-катышуучунун коду) идентификациялык номерин алууга; 

в) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө төлөөчүлөрдүн жана алуучулардын укуктары жана милдеттери тууралуу толук маалыматты төлөөчүлөргө жана потенциалдуу төлөөчүлөргө берүүгө

г) төлөөчүнүн тескемеси менен белгиленген шарттарды сактоого; 

д) төлөөчүнүн тескемесине тиешелүү маалыматтарды жыйноону, иштеп чыгууну жана сактоону камсыз кылууга; 

е) төлөөчүгө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө келишимге ылайык төлөмдөр жөнүндө билдирүүнү жөнөтүүгө

ж) Эрежелердин чегинде алуучуга тиешелүү болгон бардык операциялык тапшырмаларды аткарууга; 

з) банк-алуучунун суроо-талабы боюнча тике дебеттөө формасындагы төлөмдөргө жана тескемелерге тиешелүү болгон маалыматты, ошондой эле кайсы болбосун тескеменин көчүрмөсүн дароо берүүгө

и) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөр боюнча талаш-тартыш маселелерин төлөөчү менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишимдердин чегинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, төлөөчүнүн тескемеси менен чечүүгө

 

9.3. Банк-төлөөчү тике дебеттөө кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо тууралуу келишимдин жана/же төлөөчүнүн банк эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишимдин негизинде өзүнүн төлөөчүлөрүнүн ар бирине төмөнкү милдеттерди аткарат: 

а) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча төлөөчүлөрдүн тиешелүү укуктары жана милдеттери тууралуу маалыматты төлөөчүлөргө жана потенциалдуу төлөөчүлөргө камсыз кылат; 

б) алардын эсептери боюнча тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдөн төлөөчү баш тарта ала турган мүмкүндүк берет; 

в) Эрежелерге ылайык банк-төлөөчүнүн операцияларын аткарат; 

г) тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүдө операциялык жана башка тобокелдиктерди контролдоо жана минималдаштыруу чараларын иштеп чыгып, колдонууга киргизет. 

 

9.4. Банк-төлөөчү тике дебеттөө кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо тууралуу келишимдин жана/же төлөөчүнүн банк эсебин ачуу жана тейлөө тууралуу келишимдин негизинде жана ушул Эрежелерге ылайык өзүнүн төлөөчүлөрүнүн ар бири үчүн төмөнкү милдеттерди аныктайт: 

а) тиешелүү алуучу менен тике дебеттөө формасындагы төлөмдөр боюнча талаш-тартыш маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишимдердин чегинде чечүүгө

б) төлөөчүнүн арызында каралган күнгө төлөөчүнүн эсептешүү эсебинде тиешелүү акча каражаттарын камсыз кылууга; 

а) тескеменин аракеттенүү мөөнөтү бүтөрү менен өз убагында дароо банкалуучуга жана алуучуга билдирүүгө

 

9.5. Улуттук банк төмөндөгү милдеттерди аткарат: 

а) Эреженин катышуучуларына өз убагында маалымат берет; 

б) Эреженин катышуучуларынын тизмелери өзгөргөндө жана/же толукталганда аларды колдойт жана мезгил-мезгили менен жаңыртып турат; 

в) алуучуга алуучунун уникалдуу номерин (системанын суб-катышуучусунун кодун) ыйгарууну камсыз кылат; 

г) Системада суб-катышуучулардын коддору боюнча маалымат китепчесин түзөт. 

 

 

 

 

 

Пакеттик клиринг системасында 

тике дебеттөө формасындагы 

төлөмдөрдү өткөрүү эрежелерине 

карата 1-тиркеме 

 

Болжолдуу үлгү 

 

_____________________________________________________ үчүн тескеме 

(коммуналдык уюм/ишкана) 

Абонентин (төлөөчүнүн) аты-жөнү: _________________________________ 

Дареги: __________________________________________________________ 

Өздүк эсеп: ______________________________________________________ 

Банк-төлөөчү: ____________________________________________________ 

Абоненттин (төлөөчүнүн) банктагы эсеби: __________________________ 

Банктын аталышы: _________________________________________________ 

БИК: _____________________________________________________________ 

Сизден коммуналдык кызмат көрсөтүү үчүн төлөөгө карата (толук же жарымы көрсөтүлөт) _________________ сумманы менин банк эсебимден тике дебеттөө формасында, жогоруда көрсөтүлгөн реквизиттерге ылайык, айдын ______ чейинки мөөнөттө, жашаган жер боюнча квитанцияны бир учурда жөнөтүү менен өткөрүүңүздү суранамын. 

Тескеменин аракеттенүү мөөнөтү ___________________________________ 

(зарылчылыкка жараша) 

 

200_____-жылдын "___________" _________________ 

(колтамга) 

 

 

 

 

 

 

Пакеттик клиринг 

системасында тике дебеттөө 

формасындагы төлөмдөрдү 

өткөрүү эрежелерине карата 

2-тиркеме 

 

Банк-төлөөчүнүн жана төлөөчүнүн ортосунда 

Тике дебеттөө формасындагы кызмат 

көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө жалпы 

(типтүү) шарттар 

 

Бишкек ш. 200__жылдын"_____"____________ 

Мындан ары банк деп аталуучу _________________________________________, Уставдын негизинде иш алып баруучу ________________________________________ бир тараптан жана N __________________ документ менен инсандыгы такталган, мындан ары кардар деп аталуучу, мындан ары чогуу тараптар деп аталгандар төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү

 

1. Келишимдин предмети 

 

1.1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында тике дебеттөө формасындагы төлөм каражатын пайдалануу менен кардардын төлөмүн өткөрүү боюнча банктын кызмат көрсөтүүсү ушул келишимдин предмети болуп саналат. 

1.2. Кардар тапшырма берет, ал эми банк кардардын N ____________ банк эсебинен акча каражаттарын алуучунун банк эсебине төмөнкү реквизиттер жана негиздер боюнча которууга өзүнө милдеттенме алат: 

Алуучунун Банкы __________________________________________________ 

БИК ______________________________________________________________ 

Алуучу ___________________________________________________________ 

ИСН ______________________________________________________________ 

Банк эсебинин номери _____________________________________________ 

Которуунун багыты ________________________________________________ 

банк-алуучудан банктын кардарга берилген товарлары, аткарылган иштери же сунушталган кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөөгө тескеменин алынышына жараша тике дебеттөө формасында. 

1.3. Банктык эсеп боюнча операцияларды жүзөгө ашыруудагы өзара мамилелерде банк жана кардар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик актыларына, банктын ички эрежелерине жана ушул Келишимге таянат. 

 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери. 

 

2.1. Кардар-төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү

2.1.1. Ушул Эрежелердин жалпы (типтүү) формасына ылайык (2-тиркеме) өзүнүн банк эсебин дебеттөөгө банкка жазуу жүзүндө арыз берүүгө

2.1.2. Төлөмдөрдү өткөрүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды банкка берүүгө жана өз убагында (төлөмдөрдү өткөрүүнүн кийинки күнү келгенге чейин) алардын өзгөргөндүгү тууралуу банкка кат жүзүндө маалымдоого; 

2.1.3. Өзүнүн банк эсебинде тике дебеттөө формасында өткөрүү үчүн жетиштүү болгон өлчөмдө акча каражаттарынын калдыгын камсыз кылууга; 

2.1.4. Банкка тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, ошондой эле банк эсебинен тике дебеттөөнү пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүү үчүн зарыл болгон тиешелүү реквизиттер туура эмес көрсөтүлгөндө, кардардын банк эсебинде акча каражаттары жетишсиз же жок учурунда баш тартуу, же өзүнүн демилгеси боюнча төлөмдү кабыл албоо учурунда банктын белгиленген тарифтерине ылайык төлөп берүүгө

2.2. Кардар төмөнкүлөргө укуктуу: 

2.2.1. Ушул келишимдин шарттарына ылайык тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча банктын кызмат көрсөтүүлөрүн алууга; 

2.2.2. Банктык операциялардын жүргүзүлүшүнө жараша банк эсеби боюнча көчүрмөнү банктан сурап алууга; 

2.2.3. Банкка ушул Келишимдин шарттарын аткаруу маселелерине тиешелүү суроо-талапты жөнөтүүгө

2.3. Банк төмөндөгүлөргө милдеттүү

2.3.1. Тескеме болгондо жана ушул келишимдин негизинде, банк банк-алуучудан төлөөгө тиешелүү тескемени алган учурдан тартып тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө

2.3.2. Кардарды тейлөөнүн шарттарында белгиленген мөөнөттө жана/же суроо-талап боюнча анын банк эсебинен көчүрмөнү жөнөтүү жолу менен анын банк эсеби боюнча операциялар тууралуу кардарга билдирүү

2.3.3. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү боюнча банк тарабынан кардарга сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынан банктын белгиленген тарифтерине ылайык акцептсиз тартипте кармап калууга; 

2.3.4. Төлөөгө карата электрондук ведомосттогу реквизиттер туура эмес көрсөтүлгөн учурда алуучуга андан ары берүү үчүн себептерин көрсөтүү менен төлөмдү төлөөдөн баш тартуу билдирүүсүн банк-алуучуга жөнөтүүгө

2.3.5. Банк-төлөөчүгө кардардын банк эсебинде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда алуучуга андан ары берүү үчүн себептерин көрсөтүү менен төлөмдү төлөөдөн баш тартуу билдирүүсүн жөнөтүүгө

2.3.6. Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдөн кардардын баш тартуусуна мүмкүндүк берүүгө

2.3.7. Кардар баш тартууну кат жүзүндө билдиргенде жана/же ушул келишим токтотулганда банк алуучуга себептерин көрсөтүү менен төлөмдү төлөөдөн баш тартуу билдирүүсүн жөнөтүүгө

 

3. Тараптардын жоопкерчилиги 

 

3.1. Кардар төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү болот: 

- банк эсебин тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү үчүн зарыл болгон реквизиттердин тууралыгына; 

- тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү төлөө үчүн эсептешүү эсебинде акча каражаттарынын жетиштүү болушу үчүн. 

Тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү үчүн зарыл болгон реквизиттер туура эмес көрсөтүлгөн, кардардын эсептешүү эсебинде акча каражаттары жетишсиз жана/жок учурунда же кардар төлөмдөрдү кабыл албаган учурда, кардар банкка төлөмдөрдү төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн чыгашалардын наркын төлөп берет. 

3.2. Банк төмөндөгүлөр үчүн жооптуу болот: 

- банк алуучу төлөөгө электрондук таблицаны алган учурда кардар тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өз убагында өткөрүү үчүн; 

- ушул Келишимдин 2.3.4., 2.3.5., 2.3.6.-пункттарында каралган учурларда тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартылгандыгы тууралуу маалыматты банк-алуучуга өз убагында жөнөтүүгө

3.3. Банк тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүү мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн, эсептешүү күнүн эсепке албаганда, мөөнөтү өткөрүлгөн ар бир күн үчүн суммадан _______ өлчөмүндө жооптуу болот. Төлөмдүн кармалышы банктын айынан болбосо, банк буга жооптуу болбойт. 

Тараптардын юридикалык дареги, банк реквизиттери жана колтамгалары: 

 

Банк:                                                                    Кардар:  

Аталышы:  

Аты-жөнү  

   

  

БИК:   

Ким экендигин тастыктаган документ: 

  

Дареги:  

   

Дареги:  

  

Телефон:  

Телефон:  

  

ИСН:  

   

Банк эсебинин номери:  

  

   

Банктын тарифтери менен таанышып чыктым  

  

_____________ /____________________ /  

       м.о.                           (колтамга)  

_____________ /____________________ /  

             м.о.                           (колтамга)  

   

   

 

 

 

 

 

 

 

 

Тике дебеттөө формасындагы кызмат 

көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө 

банк-төлөөчүнүн жана төлөөчүнүн 

ортосундагы жалпы (типтүү

шарттарга карата тиркеме 

 

______________________ 

(Банктын аталышы) 

Башкармасынын төрагасы 

______________________ 

(кардардын аты-жөнү

______________________ 

өлөөчүнүн дареги) 

______________________ 

Паспорт: 

______________________ 

(серия, паспорту берген 

орган, берилген күнү). 

 

АРЫЗ 

 

Сизден менин ______________ банкында ачылган N_________________________ банк эсебимен тике дебеттөө формасындагы акча каражаттарын төмөндө көрсөтүлгөн алуучунун банк реквизиттери боюнча которууңузду суранамын: 

Банк-алуучу ___________________________________________________ ж. 

БИК ______________________________________________________________ 

Алуучу ___________________________________________________________ 

ИСН ______________________________________________________________ 

Банк эсебинин номери _____________________________________________ 

Төлөмдүн багыты ____________________________________________ 

Кошумча кызмат көрсөтүүлөр: 

- Төлөмдүн суммасы ________________________________ сомдон артпайт 

(чектөө жок болбосо аны белгилөө керек); 

- Овердрафт көрсөтүлөт. 

Жогоруда көрсөтүлгөн банк эсебинен тике дебеттөө формасындагы акча каражаттарын төмөнкүдөй учурларда (тиешелүүсү көрсөтүлсүн): 

- дайыма _________________________________________________________ 

- 200"____" дан 200__"____________ " чейинки мезгилде которууга макулмун. 

Бул арызда Мен ___________________________________________________ 

(кардардын аты-жөнү

алар боюнча тике дебеттөө формасындагы акча каражаттарын которууга тиешелүү мен тарабынан берилген реквизиттердин тууралыгы үчүн толук өзүм жоопкерчиликтүү боло тургандыгым тастыкталат. Которуу коммерциялык жана/же ушул өңдүү иштер менен байланыштуу эмес. 

 

__________________________________________________________________ 

(Кардардын аты-жөнү, колтамгасы)