Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 

3-августунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 77-09 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 15-июлундагы 

N 30/6 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча 

ЭРЕЖЕЛЕР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-августундагы N 34/4, 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/10, 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 42/3, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринде (мындан ары - Эрежелер) банктар жана акча которуу системаларынын операторлору акча которуу системалары аркылуу каражаттарды которуу кызматтарын сунуштоодо аларга карата коюлуучу талаптар аныкталган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Кыргыз Республикасынын аймагында банк эсебин ачуусуз акча каражаттарын которуу (мындан ары - акча которуу), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар (мындан ары - банктар) тарабынан адистештирилген акча которуу системалары аркылуу (локалдык, эл аралык системалар) же болбосо банктардын тике корреспонденттик мамилелери боюнча (эл аралык/чек ара аркылуу акча которуулар) улуттук же чет өлкө валюталарында Кыргыз Республикасынын жеке адамдары, резиденттери жана резидент эместери тарабынан жүзөгө ашырылат.  

Кыргыз Республикасынын ичинде акча которуу системалары боюнча сом түрүндө (Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында) акча каражаттары локалдык системалар аркылуу гана которулууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.4. Кыргыз Республикасынын банктары, өлкөдө колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларга ылайык жана акча которуулардын локалдык системаларынын эрежелеринин негизинде өлкө аймагында улуттук валютада акча которууларды жүзөгө ашырышат. Республиканын банктары акча которуулардын локалдык системасынын операторлору болуп саналышат. 

1.5. Кыргыз Республикасынын банктары акча которуу системасынын оператору менен тиешелүү келишимге кол коюп, системанын эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын так сактоо менен эл аралык акча которуу системаларынын катышуучуларынан боло алышат. Тиешелүү өлкөнүн финансылык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген жана Улуттук банкта каттоодон өткөн, ишкердиктин ошол түрүн жүргүзүүгө уруксат берген документтердин негизинде иш алып барган юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси эл аралык акча которуу системасынын оператору болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.6. Банк, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык банк эмес финансы-кредит мекемелери жана банк эмес уюмдар менен акча которуу системалары аркылуу каражаттарды которуу жагында калкка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин (агенттик келишимди) түзүшү мүмкүн. Мында, акча которуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жоопкерчилиги банкка жүктөлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.7. Акча которуулар системасынын катышуучуларынын ушул Эрежеде аныкталбаган өз ара мамилелери, алардын жоопкерчиликтери, укуктары жана милдеттери тиешелүү келишимдерде же макулдашууларда чагылдырылат. 

 

2. Терминдер жана аныктамалар 

2.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2.3. Банктык эсепти ачуусуз акча которуу - бул, акча каражаттарын которуу, банк тарабынан жеке адамдан улуттук же чет өлкө валютасында акча каражаттарын кабыл алып, андан ары - Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары башка жеке адамга (алуучуга) акча которуу системасы менен жөнөтүү аркылуу ишке ашырылган банктык операция. 

"Кыргыз Республикасынын аймагынан которулган акчаны алуучу өз тандоосуна ылайык акчаны банктын кассасы же аралыкта орнотулган жабдуусу (банкомат/терминал) аркылуу нак формада, анын ичинде акча которуу системасындагы которулган акча алуучунун идентификаторун колдонуу менен нак формада алууга (эгерде ал акча которуу системасынын эрежесинде каралган болсо), же болбосо акча каражатын алуучу көрсөткөн банктык эсепке же банк тарабынан чыгарылган төлөм картка жана/же электрондук капчыкка которуу/чегерүү аркылуу нак эмес формада алууга укуктуу.  

Которулган акчаны алуучунун идентификатору банктык төлөм карты болуп саналбаган жана ошол системага туташкан бардык банктардын кассаларында же аралыкта орнотулган жабдууларында (банкомат/терминалында) которулган акча өлчөмүндөгү каражатты нак түрүндө берүү аркылуу которулган акчаны алуу үчүн гана каралган бир жолку карт түрүндө болушу мүмкүн. Мындай карттар (идентификатор) акча которулгандан кийинки 30 күндөн ашпаган мөөнөттө колдонулууга тийиш.  

Эгерде акча которуу системасынын эрежелеринде которулган акчаны бөлүп алуу шарты каралган болсо, акча каражатын алуучу которулган акчанын бир бөлүгүнүн суммасын идентификаторду колдонуу менен нак формада алууга, ал эми калган калдыкты алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган картка жана/же электрондук капчыкка чегерүүгө укуктуу.  

Которулган акчаны идентификаторду колдонуу менен банкомат аркылуу алуу учурунда нак акча каражатын алуу боюнча ар бир операция улуттук валютада же анын эквивалентиндеги чет өлкө валютасында 250 (эки жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.  

Идентификаторду пайдалануу шарттары (идентификациялоо, лимиттер жана башкалар боюнча талаптар) системанын эрежелеринде белгиленүүгө, акча которуу системасынын катышуучусу менен операторунун ортосунда түзүлгөн келишимдерде чагылдырылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.  

Акча которуу системалары боюнча каражат которуу төмөнкү учурларда жыйынтыкталган катары эсептелинет:  

1) жөнөтүүчү үчүн - акча которууга буйруу аткарууга кабыл алынгандыгынын тастыктамасы алынган учурда;  

2) алуучу үчүн - банктын кассасынан же аралыкта орнотулган жабдуусунан (банкомат/терминал) акча каражатын нак түрдө алган учурда же акча каражаты алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган төлөм картка жана/же электрондук капчыкка которулган/чегерилген учурда. 

Эсеп ачуусуз эле юридикалык жактар, ишкердик менен алектенген жарандар ортосунда акча которууларга тыюу салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-августундагы N 34/4, 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.4. Акча которуу системасынын оператору (мындан ары - оператор) - бул, тиешелүү өлкөнүн финансылык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органынын уруксат берген документтерине (лицензия, каттоодон өткөндүгүн тастыктаган сертификат ж.б.) ээ болгон, Улуттук банкта каттоодон өткөн жана акча которуу системасынын ишин камсыз кылган юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси. Оператор акча которуу системасынын инфраструктурасын жана алардын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзгөн пункттарды өнүктүрүү үчүн катышуучулар менен келишим түзөт. Оператор жана катышуучулар келишимдерге ылайык системанын эрежелери жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары боюнча банктык эсепти ачуусуз эле, акча каражатын которуу кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо боюнча ишкердикти жүзөгө ашырууга милдеттенишет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5. Жөнөтүүчү - акча каражаттарын ал көрсөткөн адамдын пайдасына жөнөтүү үчүн нак акча каражаттарын банкка берүү аркылуу, банктык эсеп ачуусуз эле акча которууну жөнөтүүнү демилгелеген, жеке адам. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-августундагы N 34/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6. Алуучу - жөнөтүүчү тарабынан банктык эсеп ачуусуз эле которулган акчаны алуучу катары көрсөтүлгөн жеке адам. Жөнөтүүчү жана алуучу бир эле адам болушу да ыктымал. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-августундагы N 34/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.7. Акча которуу системасы - бул, төлөм системасынын түрү. Мында анын катышуучусу калктан акча каражаттарын адресатка кайра төлөп берүү шартында кабыл алат. Акча которуу системасы боюнча которуулар өлкө ичинде сыяктуу эле (локалдык), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу да (эл аралык, чек ара аркылуу) ишке ашырылат. Системада ар бир которууга уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат. Система катышуучуларга которулган акчаны алуучуну жана жөнөтүүчүнү идентификациялоо менен ар бир которуу боюнча эсептин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.8. Акча которуулар системасы - акча которуу системасынын катышуучусу, акча каражаттары алуучуга башка жерде төлөнөөрү шартында жөнөтүүчүдөн аларды кабыл алган, төлөм системасынын түрү. Акча которуу системасы боюнча которуулар өлкө ичинде сыяктуу эле, улуттук чек ара аркылуу да жүзөгө ашырылат. Системадагы ар бир акча которууга өзүнчө идентификациялык номер ыйгарылат. 

2.9. Акча которуу системасынын катышуучусу (мындан ары Катышуучу) - Кыргыз Республикасынын аймагында өлкө мыйзамдарына ылайык, акча которуу боюнча кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жана акча которуу системасына катышуу тууралуу келишимге оператор менен кол койгон банк. Катышуучу, системанын эрежелеринде белгиленген, акча которуу системасына катышуу критерийлерине ылайык келүүгө тийиш. 

2.10. Электрондук тапшырма - системанын форматына ылайык, акча которуу системасында түзүлгөн жана жөнөтүүчү, алуучуга тиешелүү бардык зарыл маалыматтарды камтыган акча которуулар боюнча электрондук маалымат. 

 

3. Операторго карата талаптар 

3.1. Оператор (Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси) Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Төлөм системасынын операторлоруна Улуттук банктан каттоодон өтүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууга тыюу салынат.  

Оператор каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка төмөнкү маалыматтарды камтыган документтердин түп нускасын же талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөлөрүн сунуштоого тийиш:  

- акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн каттоодон өтүүгө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен өтүнүч катты:  

акча которуу системасынын аталышы;  

акча которуу системасынын операторунун жана ал түзүлгөн өлкөнүн аталышы;  

оператордун дареги (жайгашкан орду) тууралуу маалыматтар;  

эгерде оператор кредиттик уюм болуп саналбаса, оператордун эсептешүү банкынын аталышы;  

- тиешелүү өлкөнүн юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүк;  

- тиешелүү өлкөнүн салык органында эсепке алынгандыгын тастыктаган күбөлүк;  

- төлөм системасынын оператору каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүк, тиешелүү өлкөнүн финансылык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча которууларды жүзөгө ашыруу укугуна берилген лицензия/сертификат;  

- акча которуу системасын уюштуруучулар тарабынан бекитилген эрежелер;  

- системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишимдер, эгерде болгон болсо.  

Эгерде акча которуу системасы банкка таандык болсо, Улуттук банкка буларга кошумча төмөнкү документтердин тиешелүү негизде таризделинген көчүрмөлөрү сунушталууга тийиш:  

- тиешелүү өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан банктык операцияларды жүзөгө ашырууга берилген лицензия;  

- тиешелүү өлкөнүн юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүк;  

- тиешелүү өлкөнүн салык органында эсепке алынгандыгын тастыктаган күбөлүк.  

Бирден көп барактан турган документтин түп нускасынын ар бири бетинин мазмуну кыскача баяндалып, көктөлүп, номерленип, ага кол тамга коюлуп тиешелүү негизде күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Акча которуу системасынын оператору - резидент эмес тарабынан сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш.  

Улуттук банктын талабы боюнча документтер электрондук формада берилиши зарыл.  

Оператордун каттоодон өтүүгө өтүнүч каты жана каттоодон өтүү үчүн талап кылынган документтер Улуттук банкка келип түшкөндөн кийинки 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банк төлөм системасынын ошол операторун каттоодон өткөрүү же андан баш тартуу чечимин кабыл алууга тийиш. Документтерди кароо мөөнөтүнө оператордун документтерди жеткире иштеп чыгууга кеткен убактысы камтылбайт. Документтерди кароо мөөнөтү коюлган талаптарга жооп берген документтер Улуттук банкка келип түшкөн күндөн тартып эсептелет.  

Каттоодон өткөрүү чечими кабыл алынган шартта Улуттук банк акча которуу системасынын операторуна каттоо номерин ыйгарып, ал тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган операторлор реестрине чагылдырат жана чечим кабыл алынгандан кийинки 7 календардык күндөн кечиктирбестен ага каттоодон өткөндүгү тууралуу кат жөнөтөт. Акча которуу системасынын операторлорунун реестрин жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе жана/же документтер топтому толук сунушталбаса алар толук иштелип чыгуу үчүн кайра кайтарылат. Акча которуу системасынын оператору айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди 10 календардык күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Ушул эрежелердин талаптарына жооп бербеген же толук эмес көлөмдө сунушталган документтер экиден көп жолу тапшырылган болсо, Улуттук банк акча которуу системасынын операторун каттоодон өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу.  

Акча которуу системасынын оператору аны каттоо учурунда көрсөтүлгөн кандай болбосун маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка ал тууралуу кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтардын негизинде 3 жумуш күнү ичинде акча которуу системасынын операторлор реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш.  

Акча которуу системасынын оператору Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы тейлөөлөрдү/продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу (өркүндөтүү) баскычында ал тууралуу алдын ала Улуттук банкка маалымдоого жана системада өзгөртүүлөрдүн/толуктоолордун киргизилишин болжолдогон, жаңыдан иштелип чыккан тейлөөлөр/продукттар/кызмат көрсөтүүлөрдү чагылдырган кылдат материалдарды кошо тиркөө менен республика аймагында системанын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга Улуттук банктан уруксат алууга билдирме жөнөтүүгө тийиш.  

Акча которуу системаларынын операторлору тарабынан Улуттук банкка жөнөтүлгөн документтер кайтарылып берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Акча которуулар системасы боюнча кызматтарды сунуштаган оператор Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талабына ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. 

Эгерде оператор Кыргыз Республикасынын резидент эмеси болуп саналса, анда Кыргыз Республикасынын банктары менен акча которуулар системасына катышуу боюнча келишимдерди түзүүдө банктар жана оператор Кыргыз Республикасынын акча которуу жагындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына таянуу менен иш алып барууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. Оператор, жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымдамасын тескөө боюнча механизмдер системасында, террористердин эл аралык уюмдар тарабынан даярдалган тизмеси, ушундай эле улуттук тизме жана терроризмге катыштыгы бар деген шектенүүнү жараткандардын улуттук тизмеси боюнча кардарларды текшерүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. 

3.4. Оператор акча которуулар рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү, ачык-айкындуулукту, жеткиликтүүлүктү жана ишенимдүүлүктү камсыз кылууга багытталган, акча которууларды(1) жүзөгө ашыруунун төмөнкүдөй эл аралык жалпы принциптерине системаны шайкеш келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүшү зарыл: 

1) рыноктун ачык-айкындуулугу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо. Оператор, акча которуулар системасы боюнча сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланганга чейин эле алар тууралуу маалыматтарды (комиссиялык төлөмдү, которуулардын тездигин, алмашуу курсун , которууларды ала турган өлкөдө жана пунктта берүү шарттары, которууну кайтарып жиберүү шарттары, алдамчылык аракеттерине жол берүү тобокелдиктери ж.б. кошо алганда) акча которуучулар менен алуучулардын алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого жана керектөөчүлөрдүн шайкеш корголушун камсыздоого тийиш; 

2) төлөм системаларынын инфраструктурасы. Оператор, акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуугун арттырууга, өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү аркылуу системадан пайдалануу пункттарын кеңейтүүгө, ар кайсы өлкөлөрдүн улуттук төлөм системаларынын ортосунда чек ара аркылуу байланыштарды түптөөгө багытталган төлөм системаларынын инфраструктурасын өркүндөтүүнү колдоого алууга жана ага түрткү берүүгө тийиш; 

3) ченемдик укуктук чөйрө. Оператор, тиешелүү укуктук системалардын шартында алгылыктуу, болжолдоого боло турган, басмырлоо мүмкүнчүлүктөрү камтылбаган укуктук жана ченемдик базалардын системада болушун камсыз кылуусу зарыл. Система аркылуу акча которууларды жүзөгө ашыруу процессин жөнгө салуу, эң оболу, терроризмди каржылоого жана мыйзамсыз иштелип табылган акчаны "адалдоого" жол бербөөгө багытталуу менен "өз кардарыңды бил"(2) талаптарынын аткарылышын көздөөгө тийиш; 

4) рынок, түзүмү жана атаандаштык. Оператор, рыноктук атаандаштык үчүн шарттарды түзүүнү колдоого алуусу, анын ичинде, акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу жагында төлөм системасынын жергиликтүү инфраструктураларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуусу зарыл; 

5) тобокелдиктерди тескөө. Оператор, системанын ишинин натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу максатында тобокелдиктерди, анын ичинде финансылык, операциялык жана абройдон ажыроо тобокелдиктерин кошо алганда, аларды тескөөнүн тиешелүү механизмдерин камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.5. Оператор, өз атынан иш алып баруу менен банк эсебин ачуусуз акча которуу системасына катышуучулардын ишин координациялоосу жана төмөнкү функцияларды кошо алганда, бирок алар менен чектелип калбастан, катышуучулардын маалыматтык жана технологиялык өз ара иш алып баруусун камсыз кылуусу зарыл: 

1) системага жаңы катышуучуларды тартуу жана алар менен келишимдик мамилелерди тариздөө

2) системанын ченемдик документтерин иштеп чыгуу жана аларга толуктоолорду жана/же өзгөртүүлөрдү киргизүү

3) катышуучулардын ортосунда түзүлгөн макулдашууларды жана келишимдерди кошо алганда, системанын ченемдик документтеринин талаптарынын катышуучулар тарабынан аткарылышына контролдук; 

4) технологиялык чечимдерге, анын ичинде программалык камсыздоо иштеринин түрлөрүнө жана тартибине, системанын оператору менен катышуучунун ортосунда маалымат алмашуу протоколуна, катышуучулар тарабынан сунушталган технологиялык чечимдердин системанын талаптарына ылайык келүүсү көз карашынан текшерүүгө карата талаптарды иштеп чыгуу; 

5) процессинг (катышуучулар ортосундагы маалыматтык жана технологиялык өз ара иш алып барууну, акча которуулары боюнча жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана жөнөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу, жалпы системалык маалымдамаларды, чектөөлөрдү, реестрлерди жана башка функцияларды аткаруу); 

6) катышуучулардын күндөлүк акчалай милдеттенмелеринин суммасынын ашып кетүү ыктымалдуулугуна байланышкан системадагы тобокелдиктерди тескөө

7) эгерде оператор менен катышуучу ортосунда түзүлгөн келишимде башкача каралбаса, күндөлүк негизде өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.6. Оператор, орун алган талаш маселелерди чечүү боюнча эрежелердин жана жол-жоболордун (жаңылыш акча которуу, кайтарып берүү, акча которуудан баш тартуу ж.б.) системада жана келишимдик базада болушун камсыз кылууга тийиш. 

3.7. Ички локалдык акча которуу системасынын операторунан башка оператор, төлөм системасынын катышуучусу алдында финансылык милдеттенмелер гарантиясын камсыздоо максатында, төмөнкү шарттардын кеминде бирин аткарууну камсыз кылууга тийиш:  

1) банк-катышуучу көрсөткөн корреспонденттик эсепте бардык ишке ашырылган операциялар боюнча (макулдашуу боюнча ай ичинде/чейрек ичинде/жыл ичинде) орточо күндүк жүгүртүүнүн ордун жапкан көлөмдө милдеттүү камсыздандыруу депозитин жайгаштырууга тийиш. Эгерде оператор милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткара албай калган болсо, катышуучу камсыздандыруу депозитиндеги каражаттарды ошол милдеттенмелер боюнча талаптарды канааттандыруу үчүн пайдалана алат. Эгерде оператордун же катышуучунун демилгеси боюнча эсеп ачуусуз эле акча каражаттарын которуу кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо келишиминин аракети токтотулса, камсыздандыруу депозитиндеги каражаттар келишимдик мамилелерде каралган тартипте жана мөөнөттөрдө операторго кайтарылып берилет;  

2) инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге - Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "ВВВ" категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча "Ваа" категориясынан, же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча "ВВВ" категориясынан төмөн болбогон, же болбосо резидент эмес банк уюшулган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын улуттук рейтингдик агенттиктери тарабынан түзүлгөн тизмекке ылайык, улуттук рейтингдик агенттиктин кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлине ээ болгон жана рейтинги ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ банктан гарантияны сунуштоого тийиш. 

Банктык гарантия ошондой эле, банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияга ээ акча которуу системасынын оператору болуп саналган банк тарабынан да сунушталышы мүмкүн. Мында, гарантия берип жаткан банк, инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге - Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "ВВВ" категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча "Ваа" категориясынан же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча "ВВВ" категориясынан төмөн болбогон же болбосо резидент эмес банк уюшулган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын улуттук рейтингдик агенттиктери тарабынан түзүлгөн тизмекке ылайык, улуттук рейтингдик агенттиктин кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлине ээ болууга жана ал рейтинги ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ банктан гарантияны сунуштоого тийиш. Оператор маалымдоо тартибинде банк-гаранттын кредиттик рейтингдерин тастыктаган документтерди Улуттук банкка, ал эми катышуучуга банк-гаранттын кредиттик рейтинг деңгээли тууралуу маалыматты чейрек сайын сунуштар турууга милдеттүү. Гарантия сунуштаган банктын, гаранттын рейтинги төмөндөгөн шартта (инвестициялык деңгээлдеги кредиттик рейтингдин баштапкы деңгээлинен же кредиттөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлинен төмөн болсо) оператор 30 календардык күн ичинде гарантияны алмаштырууга же болбосо ушул пункттун 1 же 3-пунктчаларынын алкагында камсыздоону сунуштоого тийиш. 

Эгерде төлөм системасынын оператору (же эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарынын критерийлерине ылайык төлөм системасынын операторунун ишине контролдукту жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору таандык болгон топтун башкы компаниясы) инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге - Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "ВВВ" категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча "Ваа" категориясынан, же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча "ВВВ" категориясынан төмөн болбогон, же болбосо резидент эместин уюму түзүлгөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын улуттук рейтингдик агенттиктери тарабынан даярдалган тизмекке ылайык, улуттук рейтингдик агенттиктин кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлине ээ болгон жана рейтинги ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ банктан гарантияны сунуштоого тийиш. Оператор маалымдоо тартибинде банк-гаранттын кредиттик рейтингдерин тастыктаган документтерди Улуттук банкка, ал эми катышуучуга банк-гаранттын кредиттик рейтинг деңгээли тууралуу маалыматты чейрек сайын сунуштап турууга милдеттүү. Гарантия сунуштаган банктын, гаранттын рейтинги төмөндөгөн шартта (инвестициялык деңгээлдеги кредиттик рейтингдин баштапкы деңгээлинен же кредиттөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлинен төмөн болсо) төлөм системасынын оператору (же эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарынын критерийлерине ылайык төлөм системасынын операторунун ишине контролдукту жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору таандык болгон топтун башкы компаниясы 30 календардык күн ичинде гарантияны алмаштырууга же болбосо ушул пункттун 1 же 3-пунктчаларынын алкагында камсыздоону сунуштоого тийиш;  

3) Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүү аркылуу республика аймагында акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган которуулардын камсыздандырылышын камсыз кылууга тийиш, мында эгерде банк менен катышуучу ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдерде өз ара алгылыктуу шарттарда башкасы каралбаса, пайдага ээ болуучу катары банк-катышуучу саналат. Камсыздандыруу келишими ар бир катышуучу банк менен өз-өзүнчө түзүлүп, анда камсыздандыруу учуру келип жеткен учурда акча которуу системасынын операторунун финансылык милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон пайдага ээ болуучуга төлөнүп берилүүчү камсыздандыруу суммасы каралууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

4. Катышуучуга карата талаптар 

4.1. Катышуучу банк эсебин ачуусуз эле, акча которуу системасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун иштелип чыккан ички эрежелерине жана банктык эсепти ачуусуз эле, которууларды жүзөгө ашырууда иштин натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн контролдук жол-жобосуна ээ болууга тийиш. Бул жол-жоболордун Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүсү жана рынок коньюктурасына жараша өзгөртүлүп турушу зарыл. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында катышуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына таянуу менен иш алып барууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. Кыргыз Республикасынын резидент эмеси оператору болуп саналган системанын катышуучусу, акча которуулардын ошол системасына кошулуу чечими кабыл алынганга чейин, системанын эрежелеринин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, ал эми оператордун ушул эреженин талаптарына ылайык келүүсүнө ынанууга тийиш. 

4.3. Акча которуулар системасы аркылуу, банк эсебин ачуусуз эле которууларды жүзөгө ашырууда, катышуучу, "өз кардарыңды бил" принцибин сактоо боюнча ченемдерге жана талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

4.4. Банктык эсепти ачуусуз эле, ача которуу системасы аркылуу которуу кызматын сунуштаган катышуучу терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-августундагы N 34/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.5. Акча которуулар системасы аркылуу которууну жүзөгө ашырууда катышуучу, акча которуу эрежелери жөнүндө жөнөтүүчүгө жана/же алуучуга маалымдоого, акча которууну ишке ашыруу же алуу үчүн бардык зарыл документтерди берүүгө, жөнөтүүчүнүн жана/же алуучунун идентификациялык маалыматтарын текшерүүгө жана жөнөтүүчү жана/же алуучу тарабынан бардык зарыл реквизиттердин туура толтурулушун контролдоого тийиш. 

4.6. Катышуучу жөнөтүүчүгө төмөнкүлөрдү маалымдоого тийиш: 

1) акча которуунун натыйжасында, алуучуга төлөнүп берилүүчү акча каражатынын суммасы жөнүндө

2) жөнөтүүчүгө жана/же алуучуга төлөөгө каралган комиссиондук жыйымдардын суммасы жөнүндө

3) которулуучу акча каражаттарынын валютасынын алмашуу курсу тууралуу; 

4) которулган акчаны алуу күнү жана убактысы жөнүндө

5) которулган акчаны кайсы жерден алуу жөнүндө

6) алдамчылыкка баруу тобокелдиктери, которууларды ала турган өлкөдө жана пунктта аларды берүү шарттары, ошондой эле жөнөтүүчү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.7. Катышуучу жөнөтүүчүдөн акча каражаттарын алат жана акча которуу системасынын форматтарына жана эрежелерине ылайык, которууну ишке ашырат. 

4.8. Акча которуулар системасы аркылуу алынган каражаттардын алуучуга берилиши учурунда, катышуучу которуу системасында түзүлгөн электрондук тапшырманын реквизиттеринин алуучунун ким экендигин тастыктаган документтеги маалыматтар менен толук шайкеш келүүсүн текшерүүгө тийиш. Реквизиттер дал келбей калган учурда, катышуучу ал тууралуу алуучуга маалымдоо менен акча каражаттарын алуучуга берүүдөн баш тартышы зарыл. 

4.9. Катышуучу акча которуу боюнча ар бир операцияга тиешелүү эсеп жүргүзүүгө жана которууну жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу маалыматтарды (аты жөнү, туулган жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды), которуунун максатын, сумманын сан жана жазуу жүзүндө берилишин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, тиешелүү жана башка маалыматтарды сактоого тийиш. 

4.10. Катышуучу мыйзамсыз соода жүргүзүү, мыйзамсыз финансы операцияларына, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) багытталган операциялар боюнча акча которуу аракеттерине бөгөт коюушу зарыл. 

4.11. Катышуучу ушул эрежелердин 2-тиркемесине ылайык 3.7-пункттун талабынын аткарылгандыгына тиешелүү маалыматты отчеттук чейректен кийинки айдын он бешинен кечиктирбестен Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

Эгерде катышуучу оператордон банктык гарантияны ушул эрежелердин 3.7-пунктунун 2-пунктчасына ылайык кабыл алган шартта, оператор финансылык милдеттенмелердин оператор тарабынан аткарылбай калышы тобокелдигин алдын алуу үчүн банк-гаранттын рейтингине мониторинг жүргүзүүгө жана чейрек сайын, отчеттук чейректен кийинки айдын он бешинен кечиктирбестен эрежелердин 2-тиркемесине ылайык банк-гаранттын рейтингине тиешелүү маалыматты Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 42/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

5. Акча которуулар системасына катышуу боюнча келишимге карата талаптар 

5.1. Катышуучу, акча которуу системасына катышуу боюнча оператор менен келишимди түзүүдө, оператордун колунда орун алган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын уруксат берүүчү тиешелүү документтеринин бардыгын (лицензия, катталгандыгы тууралуу күбөлүк, сертификат ж.б.), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында катталгандыгын жана анын ушул Эрежелерге, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүсүн текшерүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2. Катышуучу тобокелдиктерди тескөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгуу менен аны операторго макулдашуусу жана акча которуу системасына катышуу боюнча макулдашууда тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүүнү караштыруусу зарыл. Тобокелдиктерге контролдук боюнча чараларды белгилөөдө, катышуучу тобокелдик деңгээлине баа берүүгө жана банк эсебин ачуусуз эле, акча которуу системасы аркылуу, которуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо орун алуучу тобокелдиктерден коргонуу боюнча бардык тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш. 

5.3. Кандай болбосун айыптык төлөмдөрдү же айыптык санкцияларды өндүрүү ошондой эле чыгымдардын ордун жабуу милдет эмес, ал укук чегиндеги иш болуп саналат жана тараптар келишкен макулдашууга ылайык ишке ашырылат. 

 

6. Корутунду жоболор 

6.1. Катышуучу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык, акча которуу системаларынын иши, ошондой эле ошол системалар аркылуу ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка берип турууга тийиш. 

6.2. Катышуучу, акча которуу системасы аркылуу жүргүзүлгөн операциялар боюнча маалыматтарды жана документтерди, ченемдик укуктук актыларда аныкталган төлөм документтерин сактоо мөөнөттөрүнө ылайык сактоого милдеттүү

6.3. Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга карата талаптардын аткарылбагындыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн катышуучу жана оператор, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат. 

6.4. Акча которуу системасынын катышуучулары тиешелүү макулдашуулардын шарттарынын операторлор тарабынан сакталышына, операциялардын коопсуз жүргүзүлүшүнүн камсыз кылынышына жана акча которуу эрежелеринин жөнөтүүчүлөр жана алуучулар тарабынан сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. 

6.5. Акча которуу системасы аркылуу которуулар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган катышуучулар, тиешелүү системанын эрежелеринде белгиленген параметрлер боюнча которуу операцияларына мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле туура эмес жана укукка жатпаган операцияларды токтотуу жана/же аларга бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүсү зарыл. 

6.6. Акча которуу операциялары, которууларды жөнөтүүчү жана/же алуучу (аты-жөнү, туулган жылы, үй дареги, паспортуна же инсандыгын тастыктаган башка документи боюнча маалыматтарды) тууралуу маалыматтарды, которуу максатын, которулган сумманын санын бардык тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банктын талабы боюнча сунуштап турууга тийиш.  

Оператор өз агенттеринин иш-аракети жана агенттин кассасына акча каражаттарын салуу учурунан тартып аны алуучуга берүүгө чейинки которуулардын жыйынтыкталышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

  

Эскертүү

(1) Ваnk for International Settlements. General principles for international remittance services. Consultative report. (January 2007) 

(2) Мыйзамсыз табылган акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү жагында финансылык чараларды иштеп чыгуу боюнча максаттуу топ - ФАТФ. Сунуш көрсөтмөлөрдүн 40+9 ылайык келүүсүнө баа берүү методологиясы (ФАТФ) 

  

  

  

"Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерине" карата 

1-тиркеме 

  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 14-октябрындагы № 42/3 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

  

  

  

"Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерине" карата 

2-тиркеме 

Эрежелердин 3.7-пунктунун аткарылышы жөнүндө 

МААЛЫМАТТАР(*) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

№ 

Акча которуу системасынын аталышы 

3.7-пункт боюнча камсыздоо түрү 

Келишимдин номери 

Келишимге кол коюлган күн 

Келишимди колдонуу мөөнөтү 

Акча которуу системасы боюнча орточо күндүк жүгүртүү (суммасы, валютасы) 

Келишим шарттары 

Акча которуу системасынын операторунун кредиттөө рейтинги 

Эскертүүлөр/Башкалар 

Камсыздоо суммасы (камсыздандыруу депозити, банктык гарантия, акча которууну камсыздандыруу) 

Валютасы (камсыздандыруу депозити, банктык гарантия, акча которууларды камсыздандыруу) 

Камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу шарттары 

Банктык гарантия 

% чен 

мөөнөттүүлүк 

гарантия берген банк 

гарантия номери 

берилген күнү 

гарантиянын аракеттенүү мөөнөтү 

гарантия берген банктын кредиттик рейтинги 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

(*) Маалыматтар А4 форматында сунушталууга тийиш 

  

Аткаруучу 

________________________________________________________________ 

  

маалыматтардын даярдалышы үчүн жоопкерчиликтүү кызматкердин аты-жөнү, кызматы, бөлүмү/башкармалыгы кол тамгасы 

  

  

Башкармалыктын начальниги 

________________________________________________________________ 

  

маалыматтардын даярдалышы үчүн жоопкерчиликтүү башкармалыктын начальнигинин аты-жөнү, кол тамгасы 

  

  

Төраганын орун басары 

________________________________________________________________ 

  

бул бөлүктүн ишин түздөн-түз тейлөөгө алган адамдын аты жөнү, кол тамгасы 

  

Мекеменин мөөрү, күнү