Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 25-мартындагы 

№ 19/10 токтомуна карата  

тиркеме 

 

өлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө

ЖОБО  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы  

2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1. Жалпы жоболор  

 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)  

2. Берилген «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө жободо» (мындан ары Жобо) кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясына ээ төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар белгиленген:  

өз иш натыйжаcы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана жүргүзүү;  

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Жобонун талаптары Улуттук банк алардын оператору катары иш алып барган төлөм системаларына жана төлөмдөр менен эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды өз түзүмүндө кабыл алуу, иштеп чыгуу жана өткөрүүнү (процессинг жана клиринг) ишке ашырган ички чарбалык субъекттер системасына таркатылбайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын жана Пакеттик клиринг системасынын оператору болуп саналат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын туруктуу, ишенимдүү жана коопсуз ишин камсыздоо үчүн төлөм системаларынын, алардын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салат жана ага көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5-1. Төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын финансылык-каржылык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит мекемелери, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо саясаты жана негизги принциптерине ылайык ишке ашырылат

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Ушул Жобонун талаптарын бузууга жол берилген учурда Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана төлөм системасынын катышуучуларына карата тиешелүү чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу.  

 

2. Жободо камтылган түшүнүктөр 

 

7. Бул Жободо терминдер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарындагы аныктамаларга ылайык колдонулат. 

Бул жобонун алкагында төмөнкү атоолор жана аныктамалар пайдаланылган:  

Автоматташтырылган система бул персоналдан, анын ишин автоматташтыруу боюнча каражаттардын аппараттык-программалык комплексинен, белгиленген функцияларды аткарууда маалымат технологияларын ишке ашырган ыкмалардан жана иш-чаралардан турган система. 

Авторизация  белгилүү бир объектке/субъектке системада аткарылып жаткан ролго ылайык кайсы бир аракеттерди аткарууга укук берүү процесси.  

Аутентификация  ал тарабынан сунушталган идентификатордун объектке/субъектке таандыгын текшерүү же аныктыгын тастыктоо. 

Кызмат адамдары  коллегиялык аткаруучу органдын мүчөлөрү  Башкарманын мүчөлөрү, башкы директор/техникалык директор/директор (техникалык иштөөсүнө жооп берген жетекчи), башкы директордун/техникалык директордун/директордун орун басары, башкы бухгалтер/бухгалтер, уюштуруучулар/катышуучулар/акционерлер. 

Идентификация  бул идентификатордун объекттерине/субъекттерине (кайталангыс атты) ыйгарып берүү же объектин/субъектин идентификаторун ыйгарып берилген идентификатордун тизмеси менен салыштыруу процесси. 

Маалымат системасы  коюлган максаттарга жетүү кызыкчылыгында маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана аны берүү үчүн колдонулган каражаттардын, ыкмалардын жана персоналдардын өз ара байланыштуу жыйындысы. Маалымат системасы маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана аны берүү боюнча автоматташтырылган жана автоматташтырылбаган процесстерди камтыйт. 

Клиринг төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси.  

Операциялык тобокелдик - бул, тышкы таасирлерден, персоналдын кетирген каталарынан жана алдамчылыкка жол берүүдөн улам операцияларда үзгүлтүккө учуроонун, ошондой эле процесстердин, жол-жоболордун же контролдоо системасынын шайкеш эмистиги же бузулушу кесепетинен уюм дуушар болушу ыктымал болгон тике же кыйыр чыгымдар тобокелдиги.  

Юридикалык жак менен байланышкан жактар:  

1) ошол юридикалык жактын кызмат адамдары же алардын жакын туугандары;   

2) юридикалык жактын капиталына тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан же/жана контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык же жеке адамдар;   

3) ошол юридикалык жак жана анын кызмат адамдары олуттуу катышуучудан болгон же/жана контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар;    

4) 2 жана 3-пункттарда көрсөтүлгөн башка юридикалык жактардын аткаруучу органынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары;    

5) жеке адамдар 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандар;   

6) 2-пунктчада көрсөтүлгөн, олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган жактар кирген башка юридикалык жактар

Системалык тобокелдик - бул, төлөм системасынын катышуучуларынын биринин төлөмдөр боюнча өз милдеттенмесин аткарууга жөндөмсүздүгү, төлөм системасынын башка катышуучулары үчүн төлөө мөөнөтү келип жеткен шартта төлөм боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайдын түптөлүшү тобокелдиги. Милдеттенмелердин ушундан улам аткарылбай калышы кесепети бүтүндөй төлөм системасына, финансы рынокторуна таасир этип, төлөм жана финансы системаларынын туруктуулугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

9. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

 

3 Глава. Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине карата негизги талаптар 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы  

2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

10. Төлөм системасынын оператору өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банк тарабынан берилген лицензияга ылайык ишке ашырат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн иштин ошол түрлөрүн жүргүзүп, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап, анын ишине байланыштуу башка зарыл операцияларды ишке ашыра алат.  

Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

12-1. Жаңы сервис/продукт/кызмат киргизүү этабында, процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштоо жана/же болбосо системаны жакшыртуу жагында ишин баштаган/токтоткон төлөм системасынын оператору, бул иштин анык башталаарына же токтотулгандыгына чейинки кеминде 15 (он беш) жумуш күн мурда, иштелип чыккан сервис/продукт/кызматты баяндоосун жана/же болбосо системага киргизилүүчү болжолдуу өгөртүүлөрдү/толуктоолордун деталдуу маалыматын кошо тиркөө менен тууралуу ниетин Улуттук банкка билдиришет. 

13. Төлөм системасынын оператору иштелип чыккан эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык төлөм системасынын ишин камсыз кылат. Катышуучулар менен өз ара мамилелер төлөм системасынын иштөөсүнүн эрежелеринде жана түзүлгөн келишимдерде белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Системанын эрежелери жана жол-жоболору катышуучулар үчүн системага катышуудан улам, алар дуушар болушу мүмкүн болгон финансылык тобокелдиктерге анын таасир этүүсүнө тиешелүү так түшүнүктү камтып, катышуучу тараптардын юридикалык негизин жана алар аткарган ролду айкын түшүндүрүп, системада орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди тескөөнүн улам жаңыртылып турган убакыт аралыгын жана принциптерин камтууга тийиш.  

Берилген эрежелер жана жол-жоболор улам каралып жана зарыл болгон учурларда жаңыртылып турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

15. Төлөм системасынын оператору өзүнүн төлөм системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу, төлөмдөрдүн өз учурунда иштелип чыгышы, системада маалыматтардын толуктугун, коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. Төлөм системасынын оператору сапаттуу төлөм кызмат көрсөтүүсүн сунуштай албагандыгы же сапатсыз кызмат көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Оператор, эгерде келишимде башкасы каралбаса, системанын иши үчүнчү жактардын күнөөсү боюнча үзгүлтүккө учурагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

17. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- колдонуудагы эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарынын сакталышына контролдук жүргүзүү, жана алардын берилген Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын талаптарына ылайык келтирүү;  

- төлөм системасынын башка катышуучуларынын төлөмдөрүн өткөрүү үчүн зарыл болгон техникалык жана программалык каражаттарга талаптарды сунуштоо;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын реестрин жүргүзүү;  

- төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү жана аларды тескөө

- маалымат иштеп чыгуу каражаттарынан коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу; 

- жагдайларды башкарууга бирдиктүү мамиле кылууну камсыздоо жана жагдайлардын реестрин жүргүзүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туунду ишканага ээ боло алат жана ал тууралуу маалыматты Улуттук банкка милдеттүү түрдө берип турууга тийиш.  

18-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды сактаган учурларда Төлөм системасынын оператору кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүп чыгаруу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайта өзгөртүү формасында) түзүлүшү мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Улуттук банк, эгерде оператор Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берген болсо гана, төлөм системасынын оператору тарабынан тарифтердин түзүлүшүнө чектөөлөрдү белгилей алат.  

19-1. Төлөм системасынын оператору лицензия алган учурдан тартып Улуттук банкка бир жылда бир жолу бекитилген жана колдонуудагы тарифтер жөнүндө маалымат бериши керек. Төлөм системасынын оператору колдонуудагы тарифтерге өзгөртүү киргизүү тууралуу кеминде 10 (он) күн мурда Улуттук банкка маалымдоо зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

 

21. Төлөм системасынын оператору төмөнкү милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болгон персоналга (штаттык кызматтар) ээ болууга тийиш:  

- контролдук системасынын шайкештигине баа берүү башкаруу түйүндөрүнө текшерүүнү ишке ашыруу, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча негиздүү сунуштарды жана иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү;  

- коопсуздукту камсыздоого баа берүү маалымат коопсуздук деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кара ниет колдонуучулардын, авариялык токтотуудан жана персоналдын каталарынын аракеттерин натыйжасында пайда болуучу жоготууларды минимизациялоо; 

- иш натыйжалуулугуна баа берүү уюмдун бардык иш багытына эксперттик баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында негиздүү сунуштарды берүү;  

- мыйзам талаптарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин текшерүү;  

- чечим кабыл алууда колдонулган финансылык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, алардын толуктугун жана өз учурунда берилишин, ошондой эле финансылык жана регулятивдик отчетторунун түзүлүшүн камсыз кылуу;  

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо, зарылчылык келип чыккан учурда атайын аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнү демилгелөө;  

- финансылык отчеттуулуктук эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүн жана финансылык отчеттун түзүлүшүн камсыз кылуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

21-1. Автоматташтырылган системаны администрлөө иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын милдеттенмелерин жана алардын жоопкерчиликтерин көрсөтүү менен түзүлгөн келишим болгон учурда, төлөм системасынын операторунун штаттык персоналы менен жүзөгө ашырылууга тийиш. 

21-2. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персонал төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- ички эрежелер жана жол-жоболор жөнгө салынган финансылык маалымат менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу нормалары жана талаптар менен таанышууга; 

- автоматташтырылган системадан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүнүн программалык-техникалык каражаттарын тескөө жана ички документтерге ылайык финансылык маалыматты иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон квалификацияга ээ болууга; 

- финансылык маалымат менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн персоналдык жоопкерчиликти тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

22. Төлөм системасынын оператору системанын өзөктүү компоненттерин негизги жана резервдик байланыш каналдары менен камсыз кылууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

- системанын үзгүлтүксүз иштөөсүнүн критерийлерине ылайык маалыматты үзгүлтүксүз алмашууну жана иштеп чыгууну; 

- маалыматтарды байланыш каналдары аркылуу процессинг борборуна өткөрүүдө жана маалыматтарды түзүлгөн жерге кайра жөнөтүүдө алардын толуктугун жана аныктыгын; 

- төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган система менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ техникалык персоналын идентификациялоого, авторизациялоого жана аутентификациялоого; 

- маалыматтардын сакталышын, бүтүндүгүн жана купуялуулугун сактоого; 

- автоматташтырылган системада үзгүлтүк орун алган учурда, штаттан тышкаркы жагдайларда же маалыматтардан санкциясыз пайдаланууда маалыматтарды жана жабдууларды коргоого алууга; 

- процессинг борборуна туташкан объекттердин, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын жана процессинг борборунун персоналын кошо алганда, системанын маалымат ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү сеанстарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

24. Эгерде төлөм системасынын операторунун программалык камсыздоосу өз алдынча же башка уюм тарабынан иштелип чыкса, анда ал төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- программалык камсыздоо иштеп чыккан уюм же болбосо программалык камсыздоо иштеп чыккан уюм тарабынан өкүлдүк берилген уюм менен түзүлгөн келишим; 

- кылдат иштелип чыккан техникалык тапшырма жана талаптар; 

- программалык камсыздоонун чыгыш кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматкерлердин тизмеги; 

- программалык камсыздоодон пайдалануучулар үчүн колдонмо же кошо тиркелүүчү документтер; 

- сынактан өткөрүү программасы жана методикасы; 

- ишке киргизүү актысы жана тажрыйбалык эксплуатацияны сыноодон өткөрүү журналы; 

өндүрүштүк эксплуатацияга киргизүү актысы; 

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же болбосо программалык камсыздоо иштеп чыккан уюм тарабынан өкүлдүк берилген уюм жана төлөм системасынын оператору тарабынан кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

 

§2. Төлөм системасынын операторунун эрежелерине коюлган талаптар 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

26. Төлөм системасынын операторунун системасынын иштөө эрежелеринде жана жол-жоболорунда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- төлөм системасынын архитектурасы жана анын иштөө схемасынын баяндоосу; 

- коопсуз жана ишенимдүү байланыш каналдарын берүү

- төлөм системага кирүү жана андан чыгуу жол-жобосу; 

- катышуучуну төлөм системага туташтыруу тартиби; 

- процессингди жүргүзүү тартиби; 

- клирингди жүргүзүү тартиби; 

- процессингди жана клирингди жүргүзүү учурунда коопсуздукту сактоо тартиби жана анын талаптары (эгерде мындай кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилсе); 

- системанын үзгүлтүксүз иштөөсүнүн критерийлери; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм системасынын операторуна өз иши жөнүндө маалыматтарды сунуштоо тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулуп жаткан моделди, иш-чаралар тизмегин жана тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында орун алган тобокелдиктерди тескөө системасы; 

- маалыматты коргоо талаптары; 

- катышуучулардын жана кардарлардын талаш маселелерин, даттанууларын чечүү тартиби; 

- төлөм системасында штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда катышуучулардын иш алып баруу тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларына билдирүү тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги; 

- тарифтик саясат; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар. 

Зарылчылыкка жараша төлөм системасынын катышуучуларына сандык жана сапаттык критерийлер берилиши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

27. Карттарды процессинг жүргүзгөн төлөм системасынын операторунун эрежелеринде жана жол-жоболорунда ушул жобонун 26-пунктунда келтирилген талаптардан тышкары төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- катышуучуну төлөм системага каттоо жана багыттоо; 

- карт ээсин таанууда (персонализация) коопсуздукту сактоо тартиби жана анын талаптары (эгерде мындай кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилсе); 

- карттын процессингин жана клирингин жүргүзүүдө коопсуздук тартиби жана анын талаптары (эгерде мындай кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилсе); 

- эмитенттин эмиссияны жүзөгө ашырууга карата тартиби жана анын талаптары; 

- эквайердин карттын эквайрингин жүзөгө ашырууга карата тартиби жана анын талаптары; 

- системада төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби; 

- доо коюлган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу тартиби; 

- банктар аралык комиссиялык төлөмдөр, тейлөө үчүн төлөмдөр жана башка комиссиялык төлөмдөр. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

28. Төлөм системасынын эрежелеринде төмөнкүдөй талаптарды белгилөөгө тыюу салынат:  

- төлөм системасынын катышуучуларына карата башка төлөм системаларына катышпоо жөнүндө (өзгөчө жагдайларда катышуу шарттары);  

- төлөм системасынын катышуучуларына карата кызмат көрсөтүү наркын өз алдынча аныктоого алардын укугун чектөө жөнүндө.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

§3. Төлөм уюмунун ишине карата талаптар 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

29. Төлөм уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банк тарабынан берилген лицензияга ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

29-1. Төлөм уюму, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелери жана жол-жоболору болушу керек. 

29-2. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контролдуктун эрежелерин сактоо жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу атайы кызмат адамын дайындоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

30. Төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштин ошол түрлөрүн жүргүзүп, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап, анын ишине байланыштуу башка зарыл операцияларды ишке ашыра алат.  

Төлөм уюму өз ишин төлөм системасынын операторунун иши менен гана айкалыштыра алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

32. Төлөм уюмдарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын, ошондой эле келишимдик мамилелеринде алдын ала төлөө ишкердигине байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу максатында, төлөм уюмдары коммерциялык банктагы эсептерге акча каражаттарын депондоштурууга же товар/кызмат сунуштоочунун пайдасына кайтарылып алынгыс банктык гарантияны берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

33. Депондоштурулган сумманын, баалуу кагаздын, банктык гарантиянын өлчөмү, келишимдик мамилелерде алдын ала төлөө, камсыздандыруу депозити же төлөм уюмунан банктык гарантия каралбаган, толугу менен же анын бир бөлүгү мамлекеттин жана бюджеттик уюмдардын менчигинде турган кызматтарды сунуштоочулар боюнча төлөм уюмунун акыркы чейреги ичиндеги орточо күндүк жүгүртүү суммасынын 20% түзүүгө тийиш.  

33-1. Товар/кызмат сунуштоочу боюнча келишимдик мамилелер төлөм уюмунан алдын ала төлөө, камсыздоо депозит же болбосо банктык гарантия каралбаган учурларда, депондоштурулган сумманын, камсыздоо депозиттин, банктык гарантиянын өлчөмү төлөм уюмунун акыркы чейректин бир күндүк орточо жүгүртүүнүн 10 пайызын түзүүсү керек. 

33-2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм уюму акча каражаттарын (инкассациялоо) кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/ которуу боюнча талаптарды аткаруусу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Төлөм уюму акча каражаттарынын бүтүндөй төлөөчүдөн алуучуга өткөрүп берүү процессинин контролдукка алынышын камсыздоого милдеттүү.  

35. Төлөм уюму анын тескөөсүндө турган жеке маалыматтардын, финансылык маалыматты жана милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон башка маалыматтардын купуялуулугун, корголушун камсыздоого милдеттүү жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

36. Коопсуздукту камсыздоо үчүн төлөм уюмунун автоматташтырылган системасы жайгашкан жай төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- ишенимдүү автоматташтырылган кулпулардын болушу;  

- өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же аппараттык-программалык комплекс жайгашкан жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине бөгөт койгон жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыздаган күнүүнү коргоо жана байкоо жүргүзгөн каражаттардын болушу;  

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Аппараттык комплекс Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан шартта төлөм уюму, уюмдун - аппараттык комплекстин ээсинин атынан ушул Жобонун 36-пунктунда келтирилген талаптардын аткарылгандыгын тастыктаган документти сунуштоого тийиш.  

38. Төлөм уюму Улуттук банктын лицензиясын алган учурдан тартып, суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып 1 (бир) иш күндөн ашык эмес убакытта каалаган убакыт аралыгындагы бардык транзакциялар тууралуу маалыматты берүү мүмкүнчүлүгүн камтыган бардык операциялар тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында сакталышын камсыздоо керек 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Төлөм уюму алты айда кеминде бир жолу протокол түзүү менен автоматташтырылган системаны ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык келүүсүнө текшерүү жүргүзүүгө тийиш. Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол менен тариздетилиши керек

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

40. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

41. Төлөм уюму иштелип чыккан финансылык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында төлөм документтерин сактоо үчүн белгиленген мөөнөттөргө ылайык архивде сактоого алынышын жана анын жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.  

42. Төлөм уюму төлөөчүдөн өндүрүлүүчү комиссиялык төлөм өлчөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча белгилөө укугуна ээ.  

 

§4. Агенттерге коюлган талаптар 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

43. Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн башка жактар менен агенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана агенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган базасы болууга тийиш: 

1) эгер юридикалык жак болсо уюмдун аталышы, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, уюштуруу документтери, айкын жайгашкан дареги, байланыш телефондору, терминалдар орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси;  

2) жеке ишкер болсо ишкердин паспортунун көчүрмөсү, жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү, колдонуудагы патент, ишкердик ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (эгер иши лицензияланса), терминалдар орнотулган даректердин тизмеси жана ишин жүзөгө ашырган айкын жери. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

44. Төлөм уюму агенттерди алар тарабынан аткарылуучу милдеттердин алкагында системадан пайдалануу принциптерин окутуу үчүн документтерге ээ болууга тийиш. Келишим түзгөн учурда колдо болгон жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү өткөрүү жана агенттин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө талапты кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары менен тааныштыруу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

45. Төлөм уюму же болбосо агент анын төлөм кабыл алуу пунктуларын кошуп, төлөмдөрдү кабыл алууда аларды кабыл алуунун ар бир пункттарында төмөнкү маалыматтардын төлөөчүлөргө сунушталышын камсыздоого тийиш:  

- төлөм уюмунун атылышы, байланышуу үчүн маалыматтар жана жайгашкан жери;  

- төлөм уюмуна берилген лицензиянын номери жана берилген күнү;  

- төлөөчү тарабынан төлөнүүчү кызмат көрсөтүү наркы;  

- даттануулар менен кайрылуу ыкмасы;  

- call-борборунун, төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча оператордун телефон номерлери. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

45-1. Төлөм уюму агент, анын төлөм кабыл алуу пунктуларын кошуп, ушул берилген Жобонун талаптарынын аткарылышы үчүн толук жооптуу болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

4-Глава. Тобокелдиктерди тескөө  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

46. Төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун төлөм системасына катышуу келишиминде, орун алышы мүмкүн болгон форс-мажордук жагдайларды (аскердик кагылышуулар, жаратылыш кырсыктары ж.б.) кошо алганда, штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан шартта тобокелдиктерди тескөөгө тиешелүү бөлүк каралууга тийиш.  

46-1. Төлөм системасынын оператору төлөм системасында орун алган тобокелдиктер үчүн он-лайн мониторингди жүргүзүүгө тийиш

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

47. Төлөм системасынын катышуучулары өз милдетин аткарууга тоскоолдук жараткан система тобокелдиги аныкталган шартта төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө электрондук билдирүү же телефон чалуу аркылуу маалымдоого; 

- тобокелдиктерге дуушар болушу ыктымал болгон тарапка же тараптарга билдирүүгө

- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана төлөм системасынын катышуучулары алдында өз финансылык милдеттенмелерди аткаруу боюнча чараларды көрүүгө

- төлөм системасынын иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;  

- башка катышуучуларга өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

48. Төлөм системасынын оператору, төлөм уюмдары лицензияга ээ байланыш операторлору тарабынан сунушталуучу коопсуз жана ишенимдүү байланыш каражаттары менен камсыздоого, утурлама төлөмдөрдүн кабыл алынышын, катышуучулар ортосунда милдеттердин аныкталышын жана катышуучулар менен агенттерге маалымдалышын камсыздоого тийиш.  

49. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси жайгашкан жай төлөм системасынын иши боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу бардык бизнес-процесстердин ишенимдүү ишин камсыздоого жана төмөнкү негизги талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

- өзүнчө жайгашууга (имараттын ичинде, бирок курулманын бөлмөлөрүнөн өзүнчө бөлүнүп, кирүү мүмкүнчүлүгү өзүнчө болууга);  

- ишенимдүү автоматташтырылган кулпулардын болушу;  

- өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же аппараттык-программалык комплекс жайгашкан жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине бөгөт койгон жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыздаган күнүүнү коргоо жана байкоо жүргүзгөн каражаттардын болушу;  

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш.  

50. Эгерде төлөм системасынын оператору аппараттык комплексти колдонуу үчүн ижарага алынган жайды пайдаланса, анда ижара келишиминин мөөнөтү белгиленип, кеминде бир жылды түзүүгө тийиш.  

51. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып барууга уруксаты бар персонал төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- финансылык маалыматтар менен иш алып барууда ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген коопсуздукту жана купуялуулукту сактоо нормалары жана талаптары менен таанышып чыгууга;  

- процессинг борборунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып барууда программалык-техникалык каражаттарды тескөө жана ички документтерге ылайык, финансылык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн зарыл квалификацияга ээ болууга;  

- финансылык маалыматтар менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыздоо жагында талаптарды бузууга жол бергендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартууга.  

52. Төлөм системасынын оператору аппараттык-программалык комплекстин үзгүлтүксүз ишин камсыздоо максатында, альтернативалуу электр энергия булактары менен жабдууга тийиш.  

53. Үзгүлтүккө учуроолор орун алган шартта, төлөм системасынын оператору кепилдик берүү менен программалык комплекстеги маалыматтардын толук сакталышын камсыздоого тийиш.  

54. Төлөм системасынын оператору операциялык системанын, прикладдык программалык камсыздоонун, программалык камсыздоо системасынын, маалыматтар базасынын жана негизги компоненттердин резервдик көчүрмөсүн түзүү жана калыбына келтирүү механизми менен камсыздоого тийиш.  

55. Төлөм системасынын оператору пайдаланылып жаткан аппараттык-программалык комплекстин техникалык камсыздоосун жөнгө салган документтерге ээ болууга тийиш.  

56. Төлөм системасынын оператору тарабынан пайдаланып жаткан программалык камсыздоодо, программа боюнча так маалыматтарды, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, зарыл коштомо документтердин, ошондой эле пайдалануу учурунда зарыл болушу мүмкүн башка документтердин болушун камсыз кылууга тийиш.  

57. Маалымат коопсуздугун камсыздоо ишинде, маалымат алуу, аларды иштеп чыгуу, сактоо жана сунуштоо боюнча процесстерге тартылган, уюмдун тескөөсүндө турган бардык иш чөйрөлөр камтылууга тийиш.  

58. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон жеке маалыматтардын жана башка маалыматтардын коргоого алынышын камсыздоого тийиш.  

59. Төлөм системасынын оператору алты айда кеминде бир жолу протокол түзүү менен аппараттык-программалык комплекстин төлөм системасынын ички эрежелерине жана жол-жоболоруна, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүнө текшерүү жүргүзүүгө тийиш.  

60. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү ишке ашырууда төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси аркылуу берилип жаткан маалыматтардын чечмеленишин камсыздоого тийиш.  

61. Төлөм системасынын оператору өз тескөөсүндө турган финансылык маалыматтардын коргоого алынышын жана купуялуулугун камсыздоого, аларды үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана берүүгө тийиш.  

62. Төлөм системасынын оператору системалуу билдирүүлөр (лог) журналынын система жана тиркемелер деңгээлинде бардык операциялар үчүн жүргүзүлүшүн камсыздоого тийиш (пайдалануучунун системага кирүүсү/системадан чыгуусу, маалыматтарды өзгөртүүсү ж.б.).  

63. Төлөм системасынын оператору иштелип чыккан финансылык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында төлөм документтерин сактоо үчүн белгиленген мөөнөттөргө ылайык архивде сактоого алынышын жана анын жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.  

64. Төлөм системасынын оператору системанын негизги компоненттерин негизги жана резервдик байланыш түйүндөрү менен камсыздоого тийиш.  

 

5 Глава . Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен өз ара иш алып барууда төлөм уюмуна карата талаптар 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы 

2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

65. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн товарларды/кызматтарды сунуштоочулар менен кызматтардан пайдалануучулардан төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, ал келишим шарттарына ылайык, төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле келишимде белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

65-1. Төлөм уюму сунуштоочулар боюнча актуалдуу базага ээ болууга тийиш. Төлөм уюму менен сунуштоочунун ортосундагы агенттик келишим тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен кеминде төмөнкү маалыматты камтууга тийиш: 

- юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү

- юридикалык, айкын дареги жана байланыш маалыматтары; 

- сунуштоочу тарабынан сунушталган товарлардын аталышы же кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү;  

- кардарга товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган/сунуштабаган шартта тараптардын жоопкерчилиги; 

- келишимдин колдонуу мөөнөтү

- тараптардын банктык реквизиттери; 

- төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялык төлөмдөр, сый акылар жана башкалар). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

66. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алууда чарба иштерине каралган каражаттарды сактоо жана пайдалануу, ошондой эле товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн коммерциялык банктагы өзүнчө банктык эсепти пайдаланууга милдеттүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

6 Глава. Отчетту жана башка маалыматтарды сунуштоо 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

67. Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттардын финансылык агымына жана алар боюнча маалыматтарга контролдук жүргүзүү үчүн төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары Кыргыз Республикасында маалыматтык, финансылык төлөм кызматтары боюнча маалыматтарды ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формага жана жобонун 1, 2, 3, 4-отчеттук формаларына ылайык сунуштоого тийиш.  

68. Төлөм системасынын операторлору/төлөм уюму уставдык капитал өлчөмү, коллегиалдык аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар, аффилирленген жактар, акча каражаттарынын келип чыгуу булактары, айкын жана юридикалык даректери тууралуу маалыматтарды, алардын өзгөртүлүшүнө жараша, өзгөртүүлөр жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 5 (беш) жумуш күн ичинде тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен сунуштоого милдеттүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

69. Төлөм уюму финансылык абалы тууралуу маалыматтарды Финанасылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык отчеттун формасы боюнча Улуттук банкка чейрек сайын сунуштар турууга милдеттүү. Отчет төлөм уюму тарабынан отчеттук чейректен кийинки айдын 25 (жыйырма бешинчи) күнүнөн кечиктирбестен сунушталат. Отчет көрсөтүлгөн мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерленген версиясы) берилиши мүмкүн, кагаз түрүндөгү версиясы кийинчерээк жөнөтүлөт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

70. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму отчетту Улуттук банктан лицензия алган чейректен кийинки отчеттук чейректен тартып сунуштайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

71. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тарабынан отчет, отчеттук чейректен кийинки айдын 25инен кечиктирилбестен сунушталат. Отчет белгиленген мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы) берилип, кийин кагаз бетине чыгарылган түрүндө сунушталышы мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

72. Эгерде акыркы отчет берүү күнү эс алуу күнүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу белгиленген майрам күнүнө туура келсе, отчет берүүнүн акыркы мөөнөтү андан кийинки жумуш күнүнө которулат.  

73. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтарды келишим түзүлгөн учурдан тартып эки жумадан кечиктирбестен Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

74. Улуттук банк, төлөм системасынын операторлорунан жана төлөм уюмдарынан алардын ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматтарды кайсыл болбосун убакытта талап кылууга, ошондой эле инспектордук текшерүүлөрдү жеринде барып жүргүзүүгө укуктуу.  

75. Ушул жобонун талаптары төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмунун тарабынан аткарылбагандыгы же талапка ылайыксыз аткарылбагандыгы үчүн Улуттук банк «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» Жобого ылайык төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна карата таасир этүү чараларын колдонууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

76. Улуттук банк жыл сайын Кыргыз Республикасынын төлөм системасын мониторинг кылуу негизинде Кыргыз Республикасындагы төлөм системаларды системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларын аныктайт жана жарыялайт. 

Төлөм системасынын операторлорунун системалары, системалуу мааниге ээ жана маанилүү катары аныкталган жана ошондой эле маанилүү кызматтарды көрсөтүүлөр провайдерлер деп аныкталган учурда милдетүү түрдө 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык жана информациялык системасын аудит жүргүзүүгө тийиш.  

Төлөм системасы маанилүүлүк критерийлерге туура келбеген төлөм системасынын операторлору милдетүү түрдө 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык жана информациялык системасын аудит жүргүзүүгө тийиш  

Төлөм уюмдары милдетүү түрдө 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жүргүзүүгө тийиш 

Көз карандысыз финансылык аудити жана/же болбосо информациялык системасын аудити боюнча аудитордук корутундунун көчүрмөсү Улуттук банкка ага кол коюлган учурдан тартып 1 (бир) айдан кечиктирбестен сунушталууга тийиш. Төлөм системасынын операторуна аудит эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- колдонуудагы саясатка жана жол-жоболорго баа берүүлөрдү

- төлөм системасынын коопсуздугуна баа берүүлөрдү

- тобокелдиктерди тескөө саясатына баа берүүлөрдү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

77. Төлөм карттары менен эсептешүүлөр боюнча системасынын оператору эл аралык төлөм карттарын колдонуу менен сертификат берүүнүн эл аралык программасы боюнча маалымат системасынын аудити сертификатка ээ аудиторлорду ишке тартуу менен 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу жүргүзүүгө тийиш. Маалымат системасынын аудитинин жыйынтыгы боюнча Аналитикалык каттын көчүрмөсү Улуттук банкка ага кол коюлган учурдан тартып 1 (бир) айдан кечиктирбестен сунушталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

78. Улуттук банкка сунушталуучу бардык отчеттор ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык, компаниянын расмий барагына таризделип, жетекчинин жана башкы бухгалтердин кол тамгалары коюлуп, сунушталууга тийиш.  

 

7-ГЛАВА.  

Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалына (Сash-in) карата талаптар 

 

79. Өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалы: 

сунуштоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн түзүлүштү пайдалануу боюнча кыскача нускоо/малымат менен төлөөчүнүн таанышуусуна өбөлгө түзүүгө тийиш; 

- төлөм уюумунун бирдиктүү аппараттык-программалык комплекси менен түздөн-түз туташкан болууга, анын жайгашуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына жооп берүүгө тийиш; 

- кардар товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөгөнө чейин комиссиялар/тарифтер боюнча мааалымат берүүгө

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды тастыктоо катары чек берүү түзүлүшү менен жабдылууга тийиш. 

80. Төлөм уюму жана анын агенти өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалын жайгаштыруу үчүн аны ошол жерге орноштурууга укукту тастыктаган бардык зарыл документтерге ээ болуусу зарыл. 

81. Төлөм уюму жана анын агенти өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалы боюнча ишти колдоо жана профилактикалык техникалык иштерди жүргүзүү үчүн жооптуу адамды дайындоого тийиш. 

 

8-ГЛАВА.  

Процессинг борборуна карата минималдуу талаптар 

 

82. Төлөм системасынын оператору, төлөм системасынын катышуучулары тарабынан маалыматты алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана аны сунуштоо процессине тартылган төлөм системасынын бардык чөйрөлөрүндө маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бүт чараларды колдонууга тийиш. 

83. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда автоматташтырылган система аркылуу өткөрүлгөн маалыматтарга шифр белгиленишин камсыз кылууга тийиш.  

84. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттү түрдө сактоого тиешелүү жеке жана башка маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

85. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш.  

- анын тескөөсүндө турган финансылык маалыматтын сакталышын жана анын купуялуулугун камсыз кылуу жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүү

- системанын ишине орун алышы мүмкүн болгон көйгөлөрдү (калпыстыктарды) тескөө боюнча программаны иштеп чыгуу жана аны зыян келтирүүчү программалык камсыздоодон сактоо, вируска каршы программалык камсыздоону дайыма жаңыртып туруу;  

- төлөм системасынын коопсуздугун иштеп чыгуу жана аны колдоо; 

- автоматташтырылган системанын деңгээлинде бардык операциялар үчүн системалуу билдирүүлөрдүн (лог) жана анын тиркемелеринин журналын жүргүзүү (системадан /га кирүү/чыгуу, маалыматтардын өзгөрүүсү ж.б.) 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык финансылык маалыматты иштеп чыгуу боюнча маалыматтар архивин сактоо жана аны жүргүзүү

- 6 (алты) ай ичинде кеминде 1 (бир) жолу төлөм системасынын ички эрежелеринин жана жол-жоболорунун талаптарына, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келишине автоматташтырылган системанын коопсуздугуна текшерүү жүргүзүү. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча протокол түзүлүп, ага катышуулар кол коюуга тийиш.  

86. Төлөм системасынын операторунун же болбосо төлөм системасынын оператору тарабынан ижарага алынган тейлөө жайы төмөнкү негизги талаптарга дал келүүгө тийиш: 

- обочо турушу (имараттын ичинде башка бөлүмдөн өзүнчө, терезеси жок, аймакта жайгаштырылууга тийиш); 

- бекем жабылган кулпулардын болушу; 

- коргоо-өрт коопсуздугу боюнча белги берүү каражаттарынын болушу же болбосо күнүүнү коргоого алуу же байкоо жүргүзүү каражаттарынын болушу, мында, чоочун адамдардын жайга санкциясыз киришине жол берилбейт жана жайда турган ресурстардын сактоого алынышын камсыз кылат; 

- функционалдык милдеттерге ылайык персоналдын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө

- тейлөө жайына кирүүнү эсепке алуу журналынын же контролдоо системасынын жана кирүү мүмкүнчүлүгүн тескөө системасынын болушу.  

87. Төлөм системасынын оператору кайсыл болбосун мезгил ичиндеги кандай болбосун транзакция тууралуу маалыматты Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып талап келип түшкөн учурдан тартып 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө айкын убакыт ыргагында жана/же талап боюнча алуу мүмкүнчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган бардык операциялар тууралуу маалыматтын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

88. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү (жетекчиликтин деңгээлинде) боюнча ички контролдуктун эрежелерин сактоо жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу атайы кызмат адамын дайындоого тийиш. 

89. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш. 

90. Төлөмдөрдүн процессинги жана клиринги Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылышы зарыл. 

91. Процессинг борбору ушул жободо белгиленген минималдуу талаптарга дал келүүгө тийиш. 

92. Төлөм системасынын оператору автоматташтырылган система тарабынан колдонулган иш жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн техникалык регламентке ээ болууга тийиш. 

93. Төлөм системасынын оператору тарабынан колдонулган программалык камсыздоо программанын мүнөздөмөсүн, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, системанын паспортуна, ошондой эле төлөм системасын эксплуатациялоо үчүн коштомо документтерге ээ болууга тийиш.  

94. Транзакцияларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- эл аралык төлөм карттарын колдонуу менен PCI DSS сертификациясына ээ болуп, жыл сайын ага ылайык келишин тастыктап турууга; 

- улуттук же локалдык системалардын төлөм карттарын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

  

 

 

 

 

  

  

"Кыргыз Республикасында төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

  

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгы  

 

Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталуучу отчеттун титулдук барагы  

 

Ушул аркылуу, Улуттук банктын № _________ лицензиясынын негизинде иш алып барган ____________________________________ (ЖЧК, ААК, ЖАК д.у.с.) (оператордун/төлөм уюмунун аталышы) 201__-жылдын "__" __________ үчүн төлөм системасы боюнча отчетту сунуштайт.  

  

Тиркемелер:  

№ 1 отчеттук форманын аталышы  

№ 2 отчеттук форманын аталышы  

№ 3 отчеттук форманын аталышы  

  

Жетекчи 

(жетекчинин орун басары) 

__________________ 

(өздүк кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

 

 

Аткаруучу 

__________________ 

(өздүк кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

Мөөрү  

Телефон номери  

  

 

№ 1 отчеттук форма  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

 

Төлөм системаларынын оператору/төлөм уюму жөнүндө маалымат 

20___-жылдын ______________ чейреги үчүн  

 

Уюмдун аталышы 

Банктын аталышы (ачылган гарантиялык эсеп жана эсептешүү эсеби) (+ /-) 

Кызмат көрсөтүү түрлөрү (лицензияга ээ) 

Келишимдин негизинде кызмат көрсөтүүлөр түрү 

Терминалдар саны 

Pos - терминалдар саны 

Төлөм системасынын катышуучуларынын саны 

Субагенттердин саны 

  

Аткаруучу 

__________________ 

(өздүк кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

 

 

№ 2 отчеттук форма  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

 

Төлөм системасында төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө отчет __________ төлөмдөрдүн көлөмү (миң сом) 

20_____-жылдын ______________ чейреги үчүн 

 

№ 

Төлөм түрү 

Төлөмдөр саны 

Төлөмдөр көлөмү (миң сом) 

Уюлдук байланыш 

 

 

Катталган телефон байланышы 

 

 

Интернет 

 

 

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр 

 

 

Салык жыйымдары 

 

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматына айыптык төлөмдөр 

 

 

Мамлекет бюджетине башка төлөмдөр 

 

 

Банктык эсепти толуктоо 

 

 

Финансы-кредит мекемесинен алынган кредит үчүн төлөө 

 

 

10 

Башка банктык кызмат көрсөтүүлөр 

 

 

11 

Электрондук капчыкты толуктоо 

 

 

12 

Интернет-дүкөндөр 

 

 

13 

Социалдык тармактар 

 

 

14 

Интернет оюндар 

 

 

15 

Эсепти башка интернет тиркемелеринен толуктоо 

 

 

16 

Такси кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө 

 

 

17 

Букмекердик чендер 

 

 

18 

Жарнама кызмат көрсөтүүлөрү 

 

 

19 

Кулактандыруу 

 

 

20 

Кайрымдуулук 

 

 

21 

Билим берүү 

 

 

22 

Туристтик кыдыруу 

 

 

23 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы 

 

 

24 

Башка төлөмдөр 

 

 

  

Бардыгы болуп ай ичинде: 

Январь 

Февраль 

Март 

Апрель 

Май 

Июнь 

Июль 

Август 

Сентябрь 

Октябрь 

Ноябрь 

Декабрь 

Жыйынтыгында жыл ичинде 

Жалпы саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жалпы көлөмү 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

№ 3 отчеттук форма  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

  

Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун эрежелердин талаптарын бузууга жол берүүгө байланыштуу аныкталган кемчиликтер жөнүндө маалыматтар 

Кемчиликтердин саны ____________________ 

 

Сабынын номери 

Кемчилик аныкталган күнү 

Төлөм системасынын катышуучусунун аталышы (агенттер/субагенттер) 

Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тарабынан берилген төлөм системасынын катышуучуларынын (агенттер/субагенттер) каттоодон өткөн номерлери 

Кемчиликтердин кесепеттери 

Маалымат инфраструктурасынын объекттери 

Кабыл алынган иш-аракеттерди четтетүү боюнча көрүлгөн иш-аракеттер 

Укук коргоо органдарына кайрылуу фактылары 

Кемчиликке жол берилген аймак/жери/кызмат көрсөтүү түрү 

  

Аткаруучу 

__________________ 

(өздүк кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

 

 

№ 4 отчеттук форма  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

Бул отчет келишим түзүлгөн учурда сунушталат. 

 

Төлөм инфраструктурасынын эл аралык операторлору менен түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалыматтар 

 

Оператордун/төлөм уюмунун аталышы 

Процессинг борборунун аталышы (таандык өлкөсү

Эл аралык процессинг борбору менен түзүлгөн келишимдин номери 

Эл аралык процессинг борбору аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган катышуучулардын саны 

  

Аткаруучу 

__________________ 

(өздүк кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү