Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

20___-жылдын __________ ___ токтомуна карата тиркеме  

 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-апрелинде 44-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 4/1 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит мекемелери банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана кызматтардан пайдалануучулар укугун коргоо саясатына жана анын негизги принциптерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-апрелинде 44-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 4/1 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар ж.б. финансы-кредит мекемелери банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана кызматтардан пайдалануучулар укугун коргоо саясатына жана анын негизги принциптерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

1. Саясаттын аталышындагы Улуттук банк деген сөздөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы деген сөздөргө алмаштырылсын.  

2. Саясаттын бүтүндөй текстинде кездешкен Банк деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ФКМ деген сөздөргө алмаштырылсын

3. 1-бөлүктүн 1.1-пунктундагы Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө, “Кредиттик союздар жөнүндө, “Атаандаштык жөнүндө деген сөздөр менен толукталсын

4. 2-бөлүктүн 2.2-пунктундагы:  

§ 4-абзац төмөнкү редакцияда берилсин

«банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштык бул, банктар ортосундагы эркин мелдешүү. Мында алардын өз алдынча көргөн аракеттери, банктык кызмат көрсөтүү рыногунда ишкердикти жүзөгө ашыруунун жалпы шарттарына алардын ар биринин бир тараптуу таасир этүү мүмкүнчүлүгүн чектейт”

§ 5-абзац төмөнкү редакцияда берилсин

«банктык кызмат көрсөтүү рыногундагы монополиялык ишкердик бул, банктар, адамдар тобунун өзүнүн басымдуу абалынан кыянаттык менен пайдаланып, монополияга каршы мыйзамдарга каршы аракеттенүүгө макулдашып алуусу же макулдашып алып аракеттенүүсү, банктардын (адамдар тобунун) атаандашууга жол бербөөгө, чектөөгө же аны четтетүүгө багытталган аракеттери”

§ 9-абзац алынып салынсын.  

§ төмөнкү мазмундагы 9 жана 10-абзацтар менен толукталсын:  

§ «атаандаштыкка каршы макулдашуу (макулдашып алып аракеттенүү) бир документте же бир нече документтерде чагылдырылган кат жүзүндө макулдашуу, ошондой эле оозеки макулдашып алуу. Банктык кызмат көрсөтүү рыногундагы жагдайдын өзгөрүүсүнө талдап-иликтөөлөрдүн жүргүзүлүшү мунун далилинен боло алат;  

§ Банктык кызмат көрсөтүүлөргө негизсиз эле жогорулатылган/төмөндөтүлгөн баа бул, банктык кызмат көрсөтүүлөргө басымдуу абалды ээлеген банк тарабынан белгиленген, финансылык кызматтардын атаандаштык баасынан олуттуу айрымаланган жана/же банктык рынокко аралашууда башка банктарга кыйынчылык келтирген жана/же атаандаштыкка терс таасирин тийгизген баа”

5. 3-бөлүктүн 3.1-пукнту төмөнкү редакцияда берилсин

«Кыргыз Республикасынын аймагында банк тарабынан сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсыл болбосун түрү боюнча басымдуу абалды ээлөө жагдайын аныктоого болот”.  

6. 5-бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банктардын банктык кызмат көрсөтүү рыногунда атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашуусу (макулдашып алып аракеттенүүсү).  

7. 3-бөлүктүн 6.1.-пунктунда

§ 6.1.2-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин

«Банк ачууда, өзгөртүп түзүүдө (бириктирүү, башкага кошуу, өзгөртүп түзүү) жана банктардын акцияларын сатып алууда, банктык кызмат көрсөтүү рыногунда иш алып барууда, анын ичинде келишимдерди түзүп, макулдашылган аракеттерди көрүүдө монополияга каршы мыйзам талаптарынын сакталышына контролдукту жүргүзүү

§ 6.2.1.-пунктчадагы Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамы менен” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын мыйзамдары деген сөздөргө алмаштырылсын.  

7. “Улуттук банктын монополияга каршы жөнгө салуу механизми” деп аталган 8-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:  

«8.1. Улуттук банк, банктык кызмат көрсөтүү рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар укугун коргоо боюнча көзөмөлдүктү жүргүзүү процессинде, лицензиялоо, сырттан көзөмөлдүктү жүргүзүү жана жеринде барып инспекциялоо иштерин айкалышта караган ыкмаларды колдонот

8.2. Банктык кызмат көрсөтүү рыногунда ФКМдердин басымдуу абалды ээлөөсү Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы 16/5 токтому менен бекитилген “Банктык кызмат көрсөтүү рыногунда басымдуу абалды ээлөөнү аныктоо жөнүндө жобого ылайык аныкталат

8.3. Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө Улуттук банк тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөргө баа түзүүнүн жана ФКМдердин тарифтеринин иштелип чыгышынын негиздүүлүгүнө талдап-иликтөөлөр жүргүзүлүп, тиешелүү маалымат ФКМдердин ишине текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпы отчетто чагылдырылат.  

8.4. Улуттук банк текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчеттордо камтылган маалыматтардын жана сырттан көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жана лицензиялоо процессинде төмөнкүдөй кемчиликтерди камтыган маалыматтардын негизинде, ФКМ тарабынан монополияга каршы мыйзам талаптары сакталбай же атаандаштыкты өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар укугун коргоо жөнүндө башка ченемдик укуктук актылардын бузууга жол берилиши учурларын кароого алат

- монополияга каршы мыйзамдарга каршы келген бүтүмдөргө келишүүдө кемчиликке жол берүү

- баа түзүү тартибин бузууга жол берип, анын ичинде негизсиз жогорулатылган/төмөндөтүлгөн бааны белгилөө, колдоого алуу учурунда

- атаандаштыкты чектөө максатында, келишип алуулар. Банктык рынокто жагдайдын өзгөрүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү мунун далилинен болушу мүмкүн

- банктык кызматтардан пайдалануучулардын кемчиликтер орун алып жаткандыгын тастыктаган документтерди кошо тиркөө менен кат жүзүндө кайрылуусу

8.5. ФКМдер тарабынан монополияга каршы мыйзамдарды бузууга жол бергендик аныктаган учурда, ошондой эле келип түшкөн арыздарды кароодо Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, таасир этүү чараларын колдонуу жана/же белгиленген тартиптерге ылайык, планда каралбаган (комплекстүү же максаттуу) инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү чечимин кабыл алышы мүмкүн.