Кайта келүү

Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы №39/9 "Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна  

толуктоолор жана өзгөртүүлөр  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы №39/9 “Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген жобонун: 

1. 19-пунктунун бешинчи абзацындагы жана 45-пунктунун экинчи абзацындагы “Типтүү келишимдин үлгүсү” деген сөздөр “Типтүү келишим” дегенге алмаштырылсын.  

2. 1 жана 2-тиркемелердин аталышындагы “үлгү” деген сөздөр алынып салынсын.  

3. Жобо төмөнкү мазмундагы 3-параграф менен толукталсын:  

 

«§3. Салам келишими 

 

46. Салам келишими ФКМ менен кардар ортосунда түзүлөт. Салам жана катар салам келишимдеринин алкагында ФКМ сатып алуучу сыяктуу эле, сатуучу катары да иш алып бара алат.  

47. мында, чет өлкө валютасы, баалуу металлдар келишим предметинен боло албайт.  

48. Салам келишими таразалоого, өлчөп көрүүгө же эсептөөгө мүмкүн болгон товарларга түзүлөт.  

49. ФКМ салам келишими боюнча товарларды сатып алууну жана билдирменин негизиндеси аларды төлөөгө жөндөмдүү кардарга сатууну ишке ашырат.  

50. Төмөндө келтирилгендер келишимдин маанилүү шартынан болуп саналат: 

а) ташып келүүнү кийинкиге калтыруу менен белгилүү бир товарды сатуу; 

б) келишим түзүлгөн учурда товардын наркын төлөө. Сатып алуучу Сатуучунун макулдугу боюнча келишим түзүлгөндөн кийинки үч күн ичинде төлөөнү ишке ашыра алат.  

51. Кардардын салам келишими боюнча милдеттенмелерди талаптагыдай аткарышын камсыз кылуу үчүн ФКМ кардардан күрөө, кепилдик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган камсыздоонун башка түрүн талап кыла алат.  

52. Тараптардын укуктары жана милдеттери: 

1) тараптар товарларды берүүнүн айкын бир күнүн, ошондой эле товарларды ар башка күнү жеткирип берүү, партия менен жеткирип берүүнү келишимди баштапкы түзүү учурунда аларга төлөнгөн шартта белгилей алат; 

2) менчик укугу ага толук өтмөйүнчө сатып алуучуга товарларды сатууга уруксат берилбейт;  

3) келишим түзүлүп, анын шарттарына ылайык ага төлөнгөн учурдан тартып товарга менчик укугу сатып алуучуга өтөт;  

4) эгерде тараптар ага макул болсо, товар наркынын ордун толук жабуу аркылуу салам келишимин толугу менен жокко чыгарууга уруксат берилет. Ошондой эле анын бир бөлүгүн, башкача айтканда, келишим наркынын бир бөлүгүнүн ордун жабуу аркылуу товарлардын бөлүгүн берүүнү жокко чыгарууга уруксат берилет; 

5) Сатуучу келишим шарттарына ылайык белгиленген күнү, тиешелүү мүнөздөмөлөргө (товардын түрү, сорту, саны жана сапаты) ээ, аныкталган сандагы товарларды сатып алуучуга жеткирип берүүгө милдеттүү. Эгерде товарлар келишимде каралган талаптарга жооп берсе, Сатып алуучу аларды кабыл алууга тийиш;  

6) эгерде Сатуучу өз милдеттенмелерин аткара албаса же анын колунда белгиленген күнгө карата бүтүндөй товарлар же анын бөлүгү жок болсо, Сатып алуучу төмөнкүлөрдү ишке ашыра алат: 

а) талап кылынган товарлар келип түшкөнгө чейин күтүп турууга же товарлардын жеткирилип берилиши үчүн бир кыйла узагыраак убакытты берүүгө

б) келишимди токтотууга жана төлөнгөн каражаттарды өндүрүп алууга; 

7) келишим боюнча милдеттенмелердин талаптагыдай аткарылбашы/өз учурунда аткарылбашы үчүн тараптардын жоопкерчилиги да келишимде каралууга тийиш. Сатып алуучу/ФКМ Сатуучуга келишимде каралган өлчөмдө жана мөөнөттөрдө каражаттарды төлөп берүү милдеттенмесин аткара албай калган учурда, Сатуучу Сатып алуучу/ФКМге ал тууралуу кат жүзүндө билдирүү менен өз милдеттенмелерине аткаруудан баш тартып, келишимди бир тараптуу негизде токтото алат. 

53. Салам келишими үчүн белгиленген бардык эрежелер катар салам келишимине да колдонулат.  

54. Келишимде форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурдагы шарттар да каралууга тийиш.  

55. Катар салам келишими боюнча ФКМ сатуучунун ролунда иш алып барат, ал эми келишим шарттары боюнча төлөөлөр төлөө графигине ылайык, бөлүп төлөө менен ишке ашырылышы мүмкүн. Мындай график келишимге кошо тиркелет.  

56. Салам/катар салам келишимдеринин аракеттенүү мөөнөтү аларга кол койгон учурдан тартып башталат.  

Салам жана катар салам типтүү келишимдери ушул Жобого карата 3 жана 4-тиркемеде келтирилген. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4. Жобо төмөнкү мазмундагы 3 жана 4-тиркемелер менен толукталсын: 

 

Микрофинансылык уюмдардын жана  

кредиттик союздардын ислам банк иши 

жана каржылоо принциптерине ылайык  

түзүлгөн типтүү келишимдерине карата 

минималдуу талаптар жөнүндө”  

жобого карата 3-тиркеме 

 

Салам келишими   

   

Бишкек шаары   

20_____-жылдын   «____» ________________  

   

   

Мындан ары "Сатып алуучу/ФКМ" деп аталуучунун атынан ______________________ негизинде иш алып барган _____________________________ _________________________ бир тараптан жана мындан ары “Сатуучу" деп аталуучунун атынан, ________________________________ негизинде иш алып барган _________________________________________________________ _______________________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар, төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү

 

1. Келишим предмети 

 

1.1. Сатуучу тарабынан келечекте сунушталуучу, мындан ары “Товар” деп аталуучу _____________________товарлар Салам келишиминин предмети болуп саналат (товардын аталышы) 

 

1.2. Сатып алуучу/ФКМ төмөнкү баа боюнча ________________________________ товарга төлөйт: (сапаты жана критерийлери)  

__________________ товардын __________ килограммы үчүн _____ сом баасында. 

(товардын аталышы) 

1.3. Келишимде бүтүндөй товардын жалпы суммасы __________ сомду түзөт.  

1.4. Товар үчүн төлөө _______________________________________________________ жүргүзүлөт. (келишим түзүлгөн учурда/сатуучунун макулдугу менен үч күн ичинде) 

 

1.5. Сатуучунун макулдугу боюнча Сатып алуучу/ФКМ келишим түзүлгөндөн кийинки үч күн ичинде төлөнү ишке ашыра алат.  

1.6. Сатуучунун ушул келишим боюнча милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусу ушул келишим тараптары ортосунда түзүлгөн _____________________ №____ күрөө келишими (мындан ары текст боюнча “күрөө жөнүндө келишим”) менен камсыз кылынат.  

1.7.  Сатуучу ушул келишимде каралган милдеттенмелерин аткара албай же талаптагыдай аткара албай калган учурда Сатып алуучу/ФКМ күрөө жөнүндө келишимде каралган тартипте күрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу.    

1.8. Бул келишим, тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Тараптар келишимди түзүп, ага ылайык толук төлөнгөн учурдан тартып товарга менчик укугу Сатуучудан Сатып алуучуга/ФКМге өтөт.  

1.9. Сатуучу товарларды 20___-жылдын «______» __________ берүүнү ишке ашырат.  

1.10. Товарлар__________________________________________________  

(темир жол, суу, аба ж.б.у.с. жолдору аркылуу) 

аркылуу Сатып алуучуга/ФКМге жөнөтүлөт.  

1.11. Ажыратып алынган товарлар Сатуучудан Сатып алуучуга/ФКМге белгиленген күнү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлөт.  

 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттенмелери  

 

2.1. Сатуучунун укуктары жана милдеттенмелери: 

2.1.1. Сатуучу Товарды ушул келишимде каралган тартипте жана шарттарда берүүгө милдеттенет.  

2.1.2. Сатып алуучу/ФКМ Сатуучуга келишимде каралган өлчөмдө жана мөөнөттөрдө каражаттарды төлөп берүү милдеттенмесин аткара албай калган учурда, ал Сатуучуга /ФКМге ал тууралуу кат жүзүндө билдирүү менен өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартып, келишимди бир тараптуу негизде токтото алат. 

2.1.3. Сатуучу, эгерде Товар ушул келишимде каралган талаптарга жооп берсе, аны ушул келишимде каралган мөөнөттөн мурда сунуштоого укуктуу.  

2.1.4. Сатуучу Сатып алуучуга/ФКМге Товарды жөнөтүп жаткандыгы тууралуу ________________________________________________________________  

(каттар, факс-билдирүүлөр ж.б.) 

аркылуу маалымдоого милдеттенет. 

 

2.2. Сатып алуучунун/ФКМдин укуктары жана милдеттенмелери: 

2.2.1. Сатып алуучу/ФКМ 1.4-пунктчасына ылайык Товар үчүн төлөйт.  

2.2.2. Сатып алуучу/ФКМ Товар үчүн нак эмес/накталай түрдө же бирин-бири алмаштырган товарлар менен төлөөнү ишке ашырат.  

2.2.3. Сатып алуучу/ФКМ ушул келишимдин шарттарына жооп берген товарды алууга милдеттенет.  

2.2.4. Товар белгиленген мүнөздөмөлөргө ылайык келбей калган шартта, Сатып алуучу/ФКМ Товардан баш тартууга же тараптардын макулдугу боюнча ал Товарды төмөндөтүлгөн баада кабыл алууга укуктуу.  

2.2.5. Эгерде, Сатуучу келишимде көрсөтүлгөндөн кыйла жогорку сапаттагы Товарды сунуштаган болсо, Сатып алуучу/ФКМ Сатуучу жогорку сапат үчүн андан жогорулатылган бааны талап кылбаса, Товарды кабыл алууга тийиш.  

2.2.6. Эгерде Сатуучу өз милдеттенмелерин аткара албаса же анын колунда белгиленген күнгө карата бүтүндөй товарлар же анын бөлүгү жок болсо, Сатып алуучу/ФКМ төмөнкүлөрдү ишке ашыра алат: 

а) талап кылынган товарлар келип түшкөнгө чейин күтүп турууга же товарлардын жеткирилип берилиши үчүн бир кыйла узагыраак убакытты берүүгө (Сатып алуучунун/ФКМдин кат жүзүндөгү макулдугу); 

б) келишимди токтотууга жана төлөнгөн каражаттарды өндүрүп алууга.  

 

3. Тараптардын жоопкерчилиги жана талаш маселелерди чечүү тартиби  

 

3.1. Эгерде келишим боюнча кайсы бир милдеттенмелер аткарылбай калса же өз убагында аткарылбаса, Тараптар жоопкерчиликтен бошотулат жана көрсөтүлгөн милдеттенмелердин аткарылбай калышы же өз убагында аткарылбашы күтүлбөгөн жагдайлар менен (форс-мажор) шартталган болсо жана алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик же административдик органдар тарабынан кат жүзүндө тастыкталcа, келип чыккан чыгымдардын ордун толтурулуп берилишин же болбосо алынбай калган кирешелер үчүн компенсацияларды талап кылууга укугу жок. 

Форс мажордук жагдайлар бул суу ташкыны, өрттүн чыгышы, жердин силкиниши жана башка бөөдө кырсыктар, тиешелүү аймакта согуштук абалдын киргизилиши, жалпы башаламандык.  

3.2. Ушул келишимди аткарылышынын жүрүшүндө келип чыгышы мүмкүн талаш маселелер жана кайчы пикирлер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилүүгө тийиш. 

3.3. Ушул келишим тараптары ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун пикир келишпестиктер жана ушул келишимден келип чыккан, тараптардын макулдашуусу аркылуу жөнгө салынбаган бир тараптын экинчи тарапка кине коюусу, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш. 

3.4. Эгерде эки тарап макул болсо, анын наркын толук жабуу аркылуу Салам келишимин толук жокко чыгарууга болот. 

3.5. Тараптар Салам келишиминин бир бөлүгүн жокко чыгара алат, башкача айтканда, келишимдин наркынын тиешелүү бөлүгүнүн орду жабуу менен товарлардын бир бөлүгүн берүүнү жокко чыгарат. Келишим шарттарына киргизилген өзгөртүүлөр документ түрүндө тариздетилүүгө тийиш.  

3.6. Ушул келишимге кандай болбосун өзгөртүүлөр жана толуктоолор кат жүзүндө толтурулуп, ага тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон учурда гана. ал анык болуп саналат. Ушул келишимге карата тиркемелер анын ажырагыс бөлүгүн түзөт.  

3.7. Тараптар бул келишимде каралбаган башка учурларда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына таянуу менен иш алып барат.  

 

4. Корутунду жоболор 

 

 

4.1. Келишим Тараптардын ар бири үчүн бирден, 2 (эки) нускада _________ тилде түзүлгөн. Келишимдин Тараптар кол койгон нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ.  

4.2. Ушул аркылуу Тараптар келишим шарттары менен таанышкандыгын жана аларга макул экендиги тастыкташат.  

4.3. Ушул келишим талабына ылайык, өз милдеттенмелерин толук аткаргандан кийин Тараптар бири-бирине эч кандай кине коюшпайт.  

 

Тараптар: 

   

Сатуучу:   

   

Сатып алуучу/ФКМ:  

 

____________________________ 

Аты-жөнү 

____________________________  

Дареги: 

____________________________   

(кол тамгасы, мөөрү)   

   

   

____________________________ 

Аты-жөнү 

____________________________ 

Дареги:    

____________________________    

(кол тамгасы, мөөрү)   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Микрофинансылык уюмдардын жана  

кредиттик союздардын ислам банк иши 

жана каржылоо принциптерине ылайык  

түзүлгөн типтүү келишимдерине карата 

минималдуу талаптар жөнүндө”  

жобого карата 4-тиркеме 

  

 

Катар салам келишими  

   

   

Бишкек шаары   

20_____-жылдын   «____» ________________  

   

   

Мындан ары "Сатуучу/ФКМ" деп аталуучунун атынан, ______________________ негизинде иш алып барган _____________________________ _________________________ бир тарап, мындан ары “Сатып алуучу" деп аталуучунун атынан, ________________________________ негизинде иш алып барган _________________________________________________________ _______________________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар, төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү

 

1. Келишим предмети 

 

1.1. Сатуучу/ФКМ тарабынан келечекте сунушталуучу, мындан ары “Товар” деп аталуучу_______________________________ товарлар келишимдин предмети болуп саналат: (товардын аталышы) 

 

 

1.2. Сатып алуучу төмөнкү баа боюнча ________________________ товарга төлөйт:  

үнөздөмөлөрү

 

_______________ товардын __________ килограммы үчүн _____ сом баасында. 

(товардын аталышы)  

 

1.3. Келишимде бүтүндөй товардын жалпы суммасы _____________ сомду түзөт.  

1.4. Товар үчүн төлөө _________________________________________________________  

(келишим түзүлгөн учурда/сатуучунун макулдугу боюнча үч күндүн ичинде/товарды  

___________________________________________________ жүргүзүлөт.  

берүү күнүнө чейин төлөмдөр графигине ылайык) 

1.5. Сатуучу/ФКМ товарларды 20___-жылдын «______» ___________________ берүүнү ишке ашырат.  

1.6. Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ага кол койгондон тартып башталат.  

1.7. Товарлар ___________________________________ аркылуу Сатып алуучуга жөнөтүлөт. (темир жол, суу, аба ж.б.у.с) 

 

1.8. Ажыратып алынган товарлар Сатуучудан/ФКМден Сатып алуучуга белгиленген күнү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлөт.  

 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттенмелери  

 

2.1. Сатуучунун укуктары жана милдеттенмелери: 

2.1.1. Сатуучу/ФКМ Товарды ушул келишимде каралган тартипте жана шарттарда берүүгө милдеттенет.  

2.1.2. Сатуучу/ФКМ, эгерде Товар ушул келишимде каралган талаптарга жооп берсе, аны ушул келишимде каралган мөөнөттөн мурда сунуштоого укуктуу.  

2.1.3. Сатуучу/ФКМ Сатып алуучуга Товарды жөнөтүп жаткандыгы тууралуу ___________________________________________________________ аркылуу  

(каттар, факс-билдирүүлөр ж.б.) 

маалымдоого милдеттенет. 

 

2.2. Сатып алуучунун укуктары жана милдеттенмелери: 

2.2.1. Сатып алуучу Товар үчүн төлөөнү 1.4-пунктчасына ылайык жүргүзөт. 

2.2.2. Сатып алуучу Товар үчүн нак эмес/накталай түрдө же бирин-бири алмаштырган товарлар менен төлөөнү ишке ашырат . 

2.2.3. Сатып алуучу ушул келишимдин шарттарына жооп берген товарды алууга милдеттенет.  

2.2.4. Товар белгиленген мүнөздөмөлөргө ылайык келбей калган шартта, Сатып алуучу Товардан баш тартууга же тараптардын макулдугу боюнча Товарды төмөндөтүлгөн баада кабыл алууга укуктуу.  

2.2.5. Эгерде, Сатуучу/ФКМ келишимде көрсөтүлгөндөн кыйла жогорку сапаттагы Товарды сунуштаган болсо, Сатуучу/ФКМ жогорку сапат үчүн андан жогорулатылган бааны талап кылбаса, Сатып алуучу Товарды кабыл алууга тийиш.  

2.2.6. Эгерде Сатуучу/ФКМ өз милдеттенмелерин аткара албаса же анын колунда белгиленген күнгө карата бүтүндөй товарлар же анын бөлүгү жок болсо, Сатып алуучу төмөнкүлөрдү ишке ашыра алат:  

а) талап кылынган товарлар келип түшкөнгө чейин күтүп турууга же товарлардын жеткирилип берилиши үчүн бир кыйла узагыраак убакытты берүүгө (Сатып алуучунун кат жүзүндөгү макулдугу); 

б) келишимди токтотууга жана төлөнгөн каражаттарды өндүрүп алууга.  

 

3. Тараптардын жоопкерчилиги жана талаш маселелерин чечүү тартиби  

 

3.1. Эгерде келишим боюнча кайсы бир милдеттенмелер аткарылбай калса же өз убагында аткарылбаса, Тараптар жоопкерчиликтен бошотулат жана көрсөтүлгөн милдеттенмелердин аткарылбай калышы же өз убагында аткарылбашы күтүлбөгөн жагдайлар менен (форс-мажор) шартталган болсо жана алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик же административдик органдар тарабынан кат жүзүндө тастыкталса, келип чыккан чыгымдардын ордун толтурулуп берилишин же болбосо алынбай калган кирешелер үчүн компенсацияларды талап кылууга укугу жок. 

Форс мажордук жагдайлар бул суу ташкыны, өрттүн чыгыш, жердин силкиниши жана башка бөөдө кырсыктар, тиешелүү аймакта согуштук абалдык киргизилиши, жалпы башаламандык.  

3.2. Ушул келишимдин аткарылышынын жүрүшүндө келип чыгышы мүмкүн талаш маселелер жана кайчы пикирлер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилүүгө тийиш. 

3.3. Ушул келишим тараптар ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун пикир келишпестиктер жана ушул келишимден келип чыккан, тараптардын макулдашуусу аркылуу жөнгө салынбаган бир тараптын экинчи тарапка кине коюусу, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш. 

3.4. Эгерде эки тарап макул болсо, анын наркын толук жабуу аркылуу Салам келишимин толук жокко чыгарууга болот . 

3.5. Тараптар Салам келишимин жарым-жартылай жокко чыгара алат, башкача айтканда, келишимдин наркынын тиешелүү бөлүгүнүн ордун жабуу менен товарлардын бир бир бөлүгүн берүүнү жокко чыгарат. Келишим шарттарына киргизилген өзгөртүүлөр документ түрүндө тариздетилүүгө тийиш. 

3.6. Ушул келишимге кандай болбосун өзгөртүүлөр жана толуктоолор кат жүзүндө толтурулуп, ага тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон учурда гана анык болуп эсептелет. Ушул келишимге карата тиркемелер анын ажырагыс бөлүгүнөн болот. 

3.7. Тараптар ушул келишим менен каралбаган башка учурларда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына таянуу менен иш алып барат. 

 

4. Корутунду жоболор 

 

4.1. Келишим Тараптардын ар бири үчүн бирден, 2 (эки) нускада _________ тилде түзүлгөн. Келишимдин Тараптарынын кол койгон нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ. 

4.2. Ушул аркылуу Тараптар келишим шарттары менен таанышкандыгын жана ага макул экендигин тастыкташат. 

4.3. Ушул келишим талабына ылайык өз милдеттенмелерин толук аткаргандан кийин Тараптар бири-бирине эч кандай кине коюшпайт.  

 

Тараптар: 

   

Сатуучу/ФКМ:   

   

Сатып алуучу:  

  

____________________________ 

Аты-жөнү 

____________________________  

Дареги: 

____________________________   

(кол тамгасы, мөөрү)   

   

   

____________________________ 

Аты-жөнү 

____________________________ 

Дареги:    

____________________________    

(кол тамгасы, мөөрү)