Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 42/8«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- аталышынын акырындагы тырмакча белгиси алынып салынсын; 

- 23-пунктунун он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча каржыланган активдерди эске албаганда, башка финансы-кредит мекемелеринде кайсы болбосун башка активдер боюнча орду жабылбаган карызы болсо. Эскертүү: ушул абзацта белгиленген талап (белги) эмгек акы долбоорунун алкагында овердрафтка таркатылбайт;». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/3«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 16-пунктунун он төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча каржыланган эске албаганда, башка финансы-кредит мекемелеринде орду жабылбаган карызы болсо. Эскертүү: ушул абзацта белгиленген талап (белги) эмгек акы долбоорунун алкагында овердрафтка таркатылбайт;».