Кайта келүү

Долбоор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы 24/8 «Микрофинансылык компаниялар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- 1-пунктундагы «микрофинансылык компаниялар» деген сөздөр: 

«, анын ичинде Шариат стандарттарынын талаптарын жана банк операцияларын жүзөгө ашырууда алар колдонгон атайы терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган» деген сүйлөм менен толукталсын; 

- 2-пункт төмөнкү сүйлөм менен толукталсын:  

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МФК ишинде Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму (AAOIFI) тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына да таянууга тийиш.»;  

15- пункт төмөнкү сүйлөм менен толукталсын:  

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МФК «ислам терезеси» алкагында ачык валюта позициялары боюнча төмөнкү отчетторду сунуштоого тийиш: ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардан айырмаланган операциялар боюнча; МФКнын чет өлкө валютасындагы бардык операциялары боюнча жыйынтыкталган отчетту.»; 

- 16-пункт төмөнкү сүйлөм менен толукталсын:  

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МФК «ислам терезеси» алкагында ачык валюта позициялары боюнча төмөнкү отчетторду сунуштоого тийиш: ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардан айырмаланган операциялар боюнча; МФКнын бардык операциялары боюнча жыйынтыкталган отчетту.»; 

Нускоо «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МФКнын валюталык операцияларынын өзгөчөлүгү» деп аталган 7-бөлүк менен толукталсын: 

«24. МФК, алар төмөнкү Шариат стандарттарына ылайык келген шартта гана чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдү ишке ашырууга укуктуу:  

- алмаштырууну ишке ашыруу алдында эки тараптын тең колунда башкасына алмаштырылууга тийш болгон валюта болушу зарыл;  

- алмаштырылуучу валюта бирдиги, эгерде алардын бири банкнота, экинчиси бир өлкөнүн монетасы болсо да, бирдей суммада болууга тийиш;  

- валюта контрактысында алмаштыруу бирдигинин бирин же экөөсүн өткөрүп берүү маселесин кийинкиге жылдыруу шарты же шилтемеси камтылууга тийиш эмес;  

- валюта операциялары фьючерстик жана форварддык рыноктордо ишке ашырылууга тийиш эмес.  

25. Валюталарды сатып алууну жана сатууну бир учурда, катар ишке ашырууга уруксат берилбейт, анткени анда төмөнкү факторлор камтылган:  

- эки сатылып алынган жана сатылган валюталарды өткөрүп берүү жана алуу ишке ашырылган эмес, бул контрактыда валюталарды сатуунун кийинкиге жылдырылышына алып келет;  

- валютаны сатуу келишими валютаны сатуу жөнүндө башка контрактыдан көз каранды болуп калат;  

- эки тарапты валюта алмаштырууга мажбурлаган милдеттенмеге алып келет, буга өзүнөн-өзү жол берилбейт. 

26. МФКнын чет өлкө валютасы менен операцияларды жүзөгө ашыруу саясаты, жол-жоболору жана типтүү контрактылары Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы 24/9 «Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоонун: 

- 1-пунктундагы «кредиттик союздардын ишиндеги» деген сөздөр: 

«, анын ичинде Шариат стандарттарынын талаптарын жана банк операцияларын жүзөгө ашырууда алар колдонгон атайы терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган» деген сүйлөм менен толукталсын; 

- 2-пункт төмөнкү сүйлөм менен толукталсын:  

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар өз ишинде Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму (AAOIFI) тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына да таянууга тийиш.»;  

- 15- пункт төмөнкү сүйлөм менен толукталсын:  

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союз «ислам терезеси» алкагында ачык валюта позициялары боюнча төмөнкү отчетторду сунуштоого тийиш: ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардан айырмаланган операциялар боюнча; кредиттик союздун чет өлкө валютасындагы бардык операциялары боюнча жыйынтыкталган отчетту.»; 

Нускоо «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын валюталык операцияларынын өзгөчөлүгү» деп аталган 7-бөлүк менен толукталсын: 

«24. Кредиттик союз, алар төмөнкү Шариат стандарттарына ылайык келген шартта гана чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдү ишке ашырууга укуктуу:  

- алмаштырууну ишке ашыруу алдында эки тараптын тең колунда башкасына алмаштырылууга тийш болгон валюта болушу зарыл;  

- алмаштырылуучу валюта бирдиги, эгерде алардын бири банкнота, экинчиси бир өлкөнүн монетасы болсо да, бирдей суммада болууга тийиш;  

- валюта контрактысында алмаштыруу бирдигинин бирин же экөөсүн өткөрүп берүү маселесин кийинкиге жылдыруу шарты же шилтемеси камтылууга тийиш эмес;  

- валюта операциялары фьючерстик жана форварддык рыноктордо ишке ашырылууга тийиш эмес.  

25. Валюталарды сатып алууну жана сатууну бир учурда, катар ишке ашырууга уруксат берилбейт, анткени анда төмөнкү факторлор камтылган:  

- эки сатылып алынган жана сатылган валюталарды өткөрүп берүү жана алуу ишке ашырылган эмес, бул контрактыда валюталарды сатуунун кийинкиге жылдырылышына алып келет;  

- валютаны сатуу келишими валютаны сатуу жөнүндө башка контрактыдан көз каранды болуп калат;  

- эки тарапты валюта алмаштырууга мажбурлаган милдеттенмеге алып келет, буга өзүнөн-өзү жол берилбейт. 

26. Кредиттик союздун чет өлкө валютасы менен операцияларды жүзөгө ашыруу саясаты, жол-жоболору жана типтүү контрактылары Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.».