Кайта келүү

Тиркеме  

 

 

Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди  

түзүү жана алардын иши жөнүндө 

ЖОБО 

 

Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодон өткөртүү жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана анда микрокредиттик компанияларды (мындан ары МКК) жана микрокредиттик агенттиктерди (мындан ары МКА), анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан МКК жана МКАларды түзүү жана лицензиялоо тартиби (банктык мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган атайы терминологияны эске алуу менен), МКК жана МКАнын кызмат адамдарына карата талаптар, ошондой эле обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү, уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу алардын иш чөйрөсүн кеңейтүү тартиби аныкталган.  

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. МКК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коммерциялык уюмдун кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.  

2. МКА, саясый партиялардан, кесиптик бирликтерден жана диний уюмдардан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коммерциялык эмес уюмдун кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт. 

3. МКК/МКА юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган бирдиктүү мамлекеттик органда каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак статусуна ээ болот.  

4. “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык, МККнын уюштуруучусу (катышуучусу, акционери) жана МКАнын уюштуруучусу (катышуучусу) катары жеке адамдар жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери болушу мүмкүн.  

5. МКК/МКА өз ишин баштоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары текст боюнча Улуттук банк) каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк алууга тийиш. 

МКК/МКАнын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары аркылуу жөнгө салынат. 

Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган негиздер боюнча кайтарылып алынат. 

6. МКК/МКА өз ишин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык кабыл алынган уставдын негизинде жүзөгө ашырат.  

7. МКК/МКАнын уставында “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамдын 2-беренесинде белгиленген максатка жетүү маселелери каралган жоболор, операциялар тизмеги, негизги иш чөйрөсү; ошол эле бир адамга же байланыштуу адамдар тобуна берилүүчү микрокредиттин максималдуу өлчөмү каралууга тийиш.  

8. МККнын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 5 (беш) миллион сомдон төмөн болбоого тийиш. 

9. “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамга ылайык, МККнын уставдык капиталы уюштуруучулардын, акционерлердин, катышуучулардын акча каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана түптөлөт.  

 

 

2. КАТООДОН ӨТКӨНДҮГҮ ЖӨНҮНДӨ КҮБӨЛҮКТҮ АЛУУ ҮЧҮН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР 

 

10. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк алуу үчүн МКК/МКА Улуттук банкка жайгашкан орду боюнча төмөнкү документтерди мамлекеттик же расмий тилде сунуштайт: 

1) каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алууга өтүнүч катты (1-тиркеме); 

2) төмөнкү чечимдер камтылган МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин (бир катышуу болсо) же протоколунун (катышуучулардын саны бирден жогору болсо) түп нускасы жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн: 

- МКК/МКАны түзүү жөнүндө чечим; 

- башкаруу органынын жетекчисин (жетекчилерин) (аткаруу органынын жетекчисин жана анын орун басарын) (мындан ары текст боюнча жетекчи) шайлоо/дайындоо тууралуу чечим; 

- Шариат кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө чечим (эгерде МКК/МКА операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо); 

- башкы бухгалтерди (штаттык тизимде башкы бухгалтер кызмат орду каралбаса, башкы бухгалтердин укугу берилген бухгалтерди же келип иштеген бухгалтерди) (мындан ары текст боюнча башкы бухгалтер) дайындоо жөнүндө

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кредиттөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигин (эгерде болгон болсо), каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигин/кызматкерди дайындоо тууралуу чечим (эгерде МКК/МКА операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо);  

- МКК/МКАнын уюштуруу түзүмү тууралуу чечим; 

3) МКК/МКАны түзүү жөнүндө уюштуруу келишиминин түп нускасын жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн (катышуучулардын саны бирден жогору болсо); 

4) МКК/МКАнын уставынын түп нускасын жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн; 

5) МКК/МКАнын жетекчисинин, башкы бухгалтеринин, кредиттөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигинин (эгерде болгон болсо) анкеталарын (3-тиркеме); 

Эгерде МКК/МКА операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо, анда Шариат кеңешинин Төрагасынын, мүчөлөрүнүн жана каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигинин/кызматкеринин анкатесы да сунушталат (3-тиркеме).  

6) эгерде уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) МКК/МКАнын уставдык капиталына Улуттук банк тарабынан МКК үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн 20 пайыздан жогору суммада акча каражаттарын салганган болсо, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген төмөнкүдөй маалыматтар камтылган документтерди: 

- юридикалык жактар акча каражаттарынын келип чыгуу булактары боюнча маалыматтар катары төмөнкүлөр сунушталууга тийиш: 

а) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган финансылык отчеттун, декларациянын же финансылык абал жөнүндө башка документтердин көчүрмөлөрү

б) аудитордук корутундунун көчүрмөсү (эгерде болгон болсо же мындай талап мыйзамда белгиленген болсо); 

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер, ошондой эле белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөсү

г) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү

- жеке адамтар тарабынан төмөнкүлөр сунушталышы мүмкүн: 

а) киреше тууралуу маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, акча каражаттарын, мүлктү ж.б. мурастап калууга укук, ошондой эле белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөсү

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер, ошондой эле белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөсү

7) уюштуруучулардын/катышуучулардын жана ушул жобонун 10-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн жактардын паспортунун көчүрмөлөрү

8) уюштуруучулар/катышуучулар жана юридикалык жактар тууралуу маалыматтар (уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү). 

11. МКК/МКАнын документтери: 

- Бишкек шаарында жана Чүй областында жайгашкан МКК/МКАнын документтери Улуттук банктын борбордук аппаратына; 

- Чүй областынан тышкары, Кыргыз Республикасынын башка областтарында жайгашкан МКК/МКАнын документтери Улуттук банктын областтык башкармалыктарына;  

- Баткен областында жайгашкан МКК/МКАнын документтери Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө сунушталат.  

12. Улуттук банк ушул жобонун 10-пунктунун 6-пунктчасында белгиленген документтер менен бирге уставдык капиталга салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган кошумча маалыматтарды (документтерди) талап кылуу укугуна ээ. 

13. Уюштуруу келишимине МКК/МКАнын бардык катышуучулары кол коюуга тийиш. Бир адам тарабынан уюштурулган МКК/МКАны уюштуруу документинен болуп устав саналат.  

14. Улуттук банктын кароосуна сунушталуучу МКК/МКАны түзүү боюнча бир барактан жогоруну түзгөн ар бир уюштуруу документи ушул жобого ылайык өз-өзүнчө көктөлүп, номерленип, уюштуруучулар жыйынында ага ыйгарым укук чегерилгендигин тастыктаган тиешелүү документти сунуштоо менен ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюулууга тийиш. Юридикалык жак - уюштуруучунун өкүлүнөн болгон ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталууга тийиш. Документтин көчүрмөлөрү ушул жобо белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

15. Улуттук банк МКК/МКАнын каттоодон өткөртүү жөнүндө күбөлүк алууга өтүнүчүн жана ага кошо тиркелген документтер топтомун алар сунушталган күндөн кийинки 30 (отуз) календарлык күн ичинде кароого алат.  

 

16. Документтер топтому толук көлөмдө тапшырылбаса же уюштуруу документтери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, Улуттук банк каттоодон өткөртүү жөнүндө күбөлүк берүүгө өтүнүчүн кароого берилген мөөнөт ичинде кат жүзүндө себептерин көрсөтүү менен документтерди жеткире иштеп чыгууга кайтарып берет. 

17. Эгерде каттоодон өткөртүү жөнүндө күбөлүк алууга документтер ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе же болбосо эгерде каттоодон өткөртүү жөнүндө күбөлүк алууга сунушталган өтүнүч кароого алынып жаткан мезгил ичинде жетишсиз болгон кошумча документтер сунушталса, өтүнүчтү кароо мөөнөтү ушул жобонун талаптарына жооп берген кошумча документтер сунушталган күндөн тартып кайра эсептелет. 

18. Документтер топтому толук көлөмдө сунушталып, алар белгиленген талаптарга жооп берген шартта Улуттук банк ушул жобонун 10-пунктунун 2-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин бирден түп нускаларын тиркөө менен МКК/МКАны мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук берүү катын сунуштайт. 

19. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк алууга документтер Улуттук банкка сунушталып, ал кароого алынып жаткан учурда МКК/МКАнын аталышы, жайгашкан орду, уюштуруучулары/катышуучулары (акционерлери) ж.б. маалыматтар өзгөрүп, уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү талап кылынса, өтүнүч ээси мындай чечим кабыл алынгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ал тууралуу Улуттук банкка маалымдап, өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген уюштуруу документтерин сунуштоого тийиш.  

 

 

3. ЖЕТЕКЧИГЕ, БАШКЫ БУХГАЛТЕРГЕ КАРАТА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР 

 

20. МКК/МКАнын (анын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн)) жетекчиси жана башкы бухгалтери кызмат ордуна талапкерлер төмөнкүдөй минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жетекчи үчүн: 

а) жогорку билиминин жана банктарда же микрофинансылык уюмдарда 2 (эки) жыл иш тажрыйбасынын болушу (орто-кесиптик билими болгон учурда); 

б) Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдардын ишине тиешелүү мыйзамдарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүүсү

в) Улуттук банктын бир же бир нече төмөнкүдөй чечиминин жок болушу: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, банктык жана микрофинансылык ишти жөнгө салган мыйзам талаптарын бузууга жол берген катары таанылып, ал Улуттук банктын финансы-кредит мекемесине карата таасир этүү чарасын колдонууга, анын ичинде каттоодон өткөндүгү жөнүндө лицензиясын жана/же күбөлүгүн кайтарып алууга, убактылуу жетекчилик же акыркы 3 (үч) жыл ичинде консервация режимин киргизүүгө алып келген чечимдин; 

- алгылыксыз банктык же финансылык тажрыйба катары классификацияланган иштерге катыштыгын тааныган чечимдин; 

г) Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын талапкердин алгылыксыз ишкердик аброюна ээ экендигин тастыктаган кат жүзүндөгү маалыматтын жоктугу; 

д) Кыргыз Республикасынын жөнгө салуучу органдарынын талапкер жооптуу болгон иш чөйрөсүндө финансылык же административдик проблемалар орун алгандыгын тастыктаган текшерүү материалдарынын жоктугу; 

е) соттун ишкердиктин бул түрү менен алектенүүгө тыюу салган чечиминин жоктугу; 

ж) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МКК/МКАнын жетекчиси үчүн тиешелүү сертификаттар же документтер менен тастыкталган ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө билиминин болушу; 

2) башкы бухгалтер үчүн: 

а) жогорку билиминин же бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндө 1 (бир) жылдык иш тажрыйбасынын болушу (орто-кесиптик билими болсо); 

б) бухгалтердик эсепке алуу боюнча окутуудан өткөндүгүн тастыктаган документтин болушу; 

г) Улуттук банктын төмөнкүдөй чечимдеринин жок болушу: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, банктык жана микрофинансылык ишти жөнгө салган мыйзам талаптарын бузууга жол берген катары таанылып, ал Улуттук банктын финансы-кредит мекемесине карата таасир этүү чарасын колдонууга, анын ичинде каттоодон өткөндүгү жөнүндө лицензиясын жана/же күбөлүгүн кайтарып алууга, убактылуу жетекчилик же акыркы 3 (үч) жыл ичинде консервация режимин киргизүүгө алып келген чечимдин; 

- алгылыксыз банктык же финансылык тажрыйба катары классификацияланган иштерге катыштыгын тааныган чечимдин; 

д) Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын талапкердин алгылыксыз ишкердик аброюна ээ экендигин тастыктаган кат жүзүндөгү маалыматтын жоктугу; 

е) Кыргыз Республикасынын жөнгө салуучу органдарынын талапкер жооптуу болгон иш чөйрөсүндө финансылык же административдик проблемалар орун алгандыгын тастыктаган текшерүү материалдарынын жоктугу; 

ж) соттун ишкердиктин бул түрү менен алектенүүгө тыюу салган чечиминин жоктугу; 

з) AAOIFI стандарттары чөйрөсүндө билиминин болушу (операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган МКК/МКАнын башкы бухгалтери үчүн). 

21. Жетекчини, башкы бухгалтерди, кредиттөө боюнча бөлүмдүн (эгер болгон болсо) начальнигин, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн начальнигин/кызматкерин, Шариат кеңешинин Төрагасын жана мүчөлөрүн (эгерде МКК/МКА ислам банк ишин жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырса) шайлоодо/дайындоодо (кайра шайлоодо) МКК/МКА 10 (он) календардык күн ичинде шайланган/дайындалган (кара шайланган) адамдардын анкетасын жана алардын ушул жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп бергендигин тастыктаган маалыматтарды жана документтерди кошо тиркөө менен МКК/МКАнын мөөрү жана кол тамгасы менен тастыкталган анын башкармасынын ыйгарым укуктуу органынын чечиминин (бир уюштуруучу болсо) же протоколунун (катышуучулардын саны бирден жогору болсо) түп нускасын Улуттук банкка берет (3-тиркеме). 

22. “Акционердик коом” уюштуруу-укуктук формасына ээ МКК/МКАнын Шариат кеңешинин Төрагасын, анын мүчөлөрүн жана Башкармасынын мүчөлөрүн дайындоо тууралуу чечим Директорлор кеңеши тарабынан (эгерде болгон болсо), ал эми Директорлор кеңеши жок болгон учурда - уюштуруучу/акционер (уюштуруучулар/акционерлер) тарабынан кабыл алынат. 

23. Жетекчи, башкы бухгалтер, кредиттөө боюнча бөлүмдүн (эгерде болгон болсо) начальниги, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн начальниги/кызматкери, Шариат кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү (эгерде МКК/МКА ислам банк ишин жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган болсо) ушул жобонун жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе Улуттук банк аларды алмаштырууну талап кылууга укуктуу. 

 

4. ШАРИАТ КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛӨРҮНӨ КАРАТА ТАЛАПТАР 

 

24. Каржылоо операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган МКК/МКАда кеминде 3 (үч) адамдан турган Шариат кеңеши түзүлүүгө тийиш. 

25. Шариат кеңешинин мүчөлөрү төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билими тууралуу дипломго ээ болууга; 

2) Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзам чөйрөсүндө билими болууга; 

3) ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө билимге жана аны ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган документке ээ болууга; 

4) Шариат кеңешинин төрагасы Шариат чөйрөсүндө укук жана/же финансылык ишкердик боюнча жогорку билими тууралуу дипломго ээ болууга (жалпы таанылган жогорку окуу жайынын) жана операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган финансы-кредит мекемесинин Шариат кеңешинде кеминде 1 (бир) жылдык иш тажрыйбасы болууга тийиш. 

26. МКК/МКА микрофинансылык уюмдар/кредиттик союздар ассоциациясы (бирикмелери) тарабынан түзүлгөн Шариат кеңешинин кызмат көрсөтүүлөрүнөн ошол Шарит кеңешинин мүчөлөрү ушул жобонун талаптарына ылайык келген шартта пайдаланууга укуктуу.  

5. КАТТООДОН ӨТКӨНДҮГҮ ЖӨНҮНДӨ КҮБӨЛҮКТҮ БЕРҮҮ ТАРТИБИ  

27. Мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин МКК/МКА каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн мамлекеттик же расмий тилде төмөнкү документтерди Улуттук банкка сунуштайт: 

1) каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк алууга өтүнүч кат (2-тиркеме); 

2) мамлекеттик каттоодон өткөндөндүгү белгиси коюлган МКК/МКАнын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

3) МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган анын мамлекеттик каттоодон өткөндөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

4) МКК үчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылган топтолмо эсепке ушул жобонун 8-пунктуна ылайык минималдуу уставдык капитал өлчөмүндөгү акча каражаттарынын өтүнүч кат сунушталган күнү салынгадыгын тастыктаган документ. 

Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алганга чейин уюштуруучуларга (катышуучуларга/акционерлерге) топтолмо эсепте жайгаштырылган каражаттарды кандайдыр бир максаттарда пайдаланууга жол берилбейт.  

28. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, ушул жобонун 27-пунктуна ылайык каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн талап кылынган документтер (4-тиркеме) Улуттук банкка сунушталган күндөн тартып 10 (он) календардык күн ичинде берилет.  

29. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, инсандыгын тастыктаган документти сунуштаган шартта МКК/МКАнын жетекчисине же МКК/МКАнын ишеним катынын негизинде ыйгарым укуктуу адамга берилет.  

30. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктө камтылган маалымат Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн МКК/МКА реестрине киргизилет.  

31. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы жоголгон шартта, МКК/МКА ал боюнча түшүндүрмө берип, анын жоголгондугун тастыктаган документтерди кошо тиркөө менен дубликат берүүгө өтүнүч кат сунуштайт. 

32. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн дубликаты Улуттук банкка тиешелүү өтүнүч кат сунушталган күндөн кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде берилет.  

Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы табылган учурда, МКК/МКА 3 (үч) жумуш күнү ичинде түшүндүрмөлөрдү кошо тиркөө менен күбөлүктүн түп нускасын Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

6. ФИЛИАЛДАРДЫ (ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮ) АЧУУ ТАРТИБИ  

33. МКК/МКА Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана МКК/МКА тарабынан бекитилген филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө жобонун негизинде иш алып барган өз обочолонгон бөлүмдөрүн филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) ачууга укуктуу.  

34. Филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) ачуу МКК/МКАнын уставы аркылуу ыйгарым укук чегерилген башкаруу органынын чечими боюнча ишке ашырылат. МКК/МКАнын уюштуруу документтеринде филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалымат камтылууга тийиш. 

35. Филиал (өкүлчүлүк) ачуу үчүн МКК/МКА Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) филиал (өкүлчүлүк) ачуу тууралуу билдирме (5-тиркеме); 

2) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган, филиал (өкүлчүлүк) ачуу жана МКК/МКАнын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө МКК/МКАнын ыйгарым укук чегерилген башкаруу органынын чечиминин (бир уюштуруучу болгон шартта) же протоколунун (катышуучулардын саны бирден жогору болсо) көчүрмөсү

3) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган, ачылып жаткан филиал (өкүлчүлүк) тууралуу маалымат камтылган уставдын жаңы редакциясынын түп нускасы жана көчүрмөсү

4) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган, МКК/МКАнын филиалы (өкүлчүлүгү) жөнүндө жобонун түп нускасы жана көчүрмөсү

5) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган, МКК/МКАнын филиалынын (өкүлчүлүгүнүн) жетекчисин, башкы бухгалтерин жана кредиттөө бөлүмүнүн начальнигин (эгерде болгон болсо) дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү

6) МКК/МКАнын филиалынын (өкүлчүлүгүнүн) жетекчисинин, башкы бухгалтеринин жана кредиттөө бөлүмүнүн начальнигинин (эгерде болгон болсо) анкетасы (3-тиркеме). 

36. МКК/МКАнын филиалы (өкүлчүлүгү) жөнүндө жободо төмөнкү маалымат камтылууга тийиш: 

1) филиалдын (өкүлчүлүктүн) аталышы жана ал жайгашкан орду; 

2) филиал (өкүлчүлүк) ачкан МКК/МКАнын аталышы жана жайгашкан орду; 

3) филиалдын (өкүлчүлүктүн) иш алып баруу мөөнөтү

4) филиалдын (өкүлчүлүктүн) иш максаты жана ыйгарым укуктары; 

5) филиалды (өкүлчүлүктү) башкаруу тартиби; 

6) филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисинин ыйгарым укуктары; 

7) филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин токтотуу шарттары.  

Филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө жобо устав аркылуу ыйгарым укук чегерилген МКК/МКАнын башкаруу органы тарабынан бекитилет жана ага МКК/МКАнын жетекчиси тарабынан кол коюлат.  

37. Улуттук банк филиал (өкүлчүлүк) ачуу тууралуу билдирмени жана кошо тиркелген документтер топтомун алар Улуттук банкка сунушталган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алат.  

38. Документтер топтому толук көлөмдө тапшырылбаса же уюштуруу документтери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, Улуттук банк филиал (өкүлчүлүк) ачуу жөнүндө билдирмени кароого берилген мөөнөт ичинде кат жүзүндө себептерин көрсөтүү менен документтерди жеткире иштеп чыгууга кайтарып берет.  

39. Документтер топтому толук көлөмдө сунушталып, алар белгиленген талаптарга жооп берген шартта Улуттук банк ушул жобонун 35-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин ар биринин түп нускаларын тиркөө менен филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө макулдук берүү катын сунуштайт. 

40. Эгерде документтер филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө макулдук алуу үчүн ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе же болбосо эгерде филиалды (өкүлчүлүктү) ачууга сунушталган билдирмени кароо учурунда жетишсиз болгон документтер кошумча сунушталган болсо, билдирмени кароо мөөнөтү ушул жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтер сунушталган күндөн тартып кайра эсептелет.  

41. МКК/МКА, филиалды (өкүлчүлүктү) жана аны ачууга тиешелүү уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде төмөнкү документтерди тиркөө менен тиешелүү билдирме-катты Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү

1) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган МКК/МКАнын уставынын көчүрмөсү

2) МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган, МКК/МКАнын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

3) МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

4) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган Филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө жобонун көчүрмөсү

42. МКК/МКАнын филиалдары алардан башка жерде жайгашкан жана айрым бир милдеттерди аткарган түзүмдүк бөлүмдөргө (маалымат топтоо, мирокредит алууга келип түшкөн билдирмелерди топтоо жана аларды иштеп чыгуу, микрокредиттөө боюнча операцияларды кассалык тейлөө) ээ болушу мүмкүн. Бул түзүмдүк бөлүмдөр өз ишин МКК/МКАнын филиалынын атынан гана жүргүзүшү мүмкүн. МКК/МКА түзүмдүк бөлүмдөр ачылган күндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде ал тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.  

7. УСТАВГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА/ЖЕ ТОЛУКТООЛОРДУ КИРГИЗҮҮ ЖАНА МККА/МКАны МАМЛЕКЕТТИК КАЙРА КАТТООДОН ӨТКӨРТҮҮ 

43. МКК/МКАнын уюштуруу документтерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. МКК/МКАнын аталышын өзгөртүү Улуттук банк менен алдын ала макулдашылгандан кийин гана жүзөгө ашырылат.  

44. Уюштуруу документтерине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду макулдашуу үчүн МКК/МКА Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө билдирме (6-тиркеме); 

2) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган, уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө МКК/МКАнын ыйгарым укук чегерилген башкаруу органынын чечиминин (бир уюштуруучу болгон шартта) жана протоколунун (катышуучулардын саны бирден жогору болсо) көчүрмөсү

3) уюштуруу келишиминин (катышуучулар/уюштуруучулар курамы өзгөргөн шартта) жана уставдын жаңы редакциясынын түп нускасы, ошондой эле алардын МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган көчүрмөлөрү

4) уставдык капиталын көбөйткөн шартта документ сунуштаган күнү уставдык капиталды көбөйтүүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы эсепке толук өлчөмдө акча каражаттарынын салынгандыгын тастыктаган документ (банктын эсептешүү эсебинен көчүрмө). 

Мында, уставдык капиталды көбөйтүү эсебине багытталган акча каражаттарынын суммасы кошумча капитал эсебинде эсепке алынууга тийиш жана ал МКК/МКА тарабынан толугу менен кайра каттоодон өткөнгө чейин негизги уставдык максаттарда гана (кредиттөө) пайдаланылышы мүмкүн.  

Эгерде капитал: 

- уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) тарабынан салынган кошумча капиталдын эсебинен көбөйтүлсө акча каражаттарын кошумча капитал катары салуу жөнүндө келишим/макулдашуу жана ошол акча каражаттары салынгандыгы жөнүндө коммерциялык банктагы эсептешүү эсебинен көчүрмө сунушталат; 

- бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен көбөйтүлсө - уюштуруучулардын/катышуучулардын (акционерлердин) жалпы жыйынын пайданы бөлүштүрүү жөнүндө чечими сунушталат; 

5) ушул жобонун 10-пунктунун 6-пунктчасында белгиленген документтер тизмегине ылайык, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалымат камтылган документтер; 

6) уставдык капиталды азайтууда аны азайткандан кийин МКК/МКАнын финансылык абалы тууралуу болжолдуу эсептөөлөр (финансылык абал тууралуу болжолдуу отчет).  

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалыматтар.  

45. Макулдашуу үчүн зарыл документтер МКК/МКА тарабынан уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү чечими кабыл алынгандан кийинки 20 (жыйырма) календардык күн ичинде Улуттук банкка сунушталат.  

46. Улуттук банк мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүү үчүн МКК/МКАнын уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө билдирмесин жана кошо тиркелген документтер топтомун алар сунушталгандан кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алат.  

47. Улуттук банк сунушталган документтердин колдонуудагы мыйзамдарга жана Улуттук банктын талаптарына ылайык келишин кароого алып, мыйзамдарда каралган зарыл учурларда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык монополияга каршы экспертиза жүргүзөт.  

48. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билдирме менен кайрылган жактан башка зарыл документтерди кошумча талап кылууга укуктуу. 

49. МКК/МКА мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен тиешелүү билдирме-катты сунуштоого милдеттүү

1) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган, мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган МКК/МКАнын уставынын көчүрмөсү

2) МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган, МКК/МКАнын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

50. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн маалымат өзгөргөн шартта (аталышы, жайгашкан орду өзгөргөндө), МКК/МКА күбөлүктү кайра тариздетүүгө милдеттүү. МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу органы тиешелүү чечим кабыл алгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде МКК/МКА Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайра тариздетүүгө өтүнүч кат сунуштайт: 

1) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган, мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган МКК/МКАнын уставынын көчүрмөсү (мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүдө); 

2) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган, МКК/МКАнын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү (мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүдө); 

3) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган, каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүккө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө МКК/МКАнын ыйгарым укук чегерилген башкаруу органынын чечиминин (бир уюштуруучу болгон шартта) жана протоколунун (катышуучулардын саны бирден көп болсо) көчүрмөсү

4) юридикалык жактарды каттоодон өткөртүүнү жүзөгө ашырган бирдиктүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тастыктоочу билдирмеси (жайгашкан орду өзгөргөн учурда); 

5) МКК/МКАга буга чейин берилген каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн түп нускасы.  

51. Документтер толук көлөмдө сунушталса жана алар белгиленген талаптарга жооп берген учурда Улуттук банкка бардык зарыл документтер сунушталгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банк МКК/МКАнын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн кайра тариздетет.  

52. Эгерде документтер каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү тариздетүү үчүн ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, билдирмени кароо мөөнөтү ушул жобонун талаптарына жооп берген кошумча документтер сунушталган күндөн тартып кайра эсептелет. 

53. МКК/МКАнын жайгашкан орду анын мамлекеттик каттоодон өткөн орду боюнча аныкталат. МКК/МКА кайра тариздетилген күбөлүктү алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде аталышынын жана/же жайгашкан ордунун өзгөргөндүгү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымдоого милдеттүү.  

 

 

8. “ИСЛАМ ТЕРЕЗЕСИН” АЧУУ ТАРТИБИ  

 

54. МКК/МКА ушул жобонун талаптарына ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин негизинде микрокредиттөөнү жүзөгө ашыруу үчүн “ислам терезесин” ача алат.  

55. МКК/МКА “ислам терезесин” ачуу үчүн төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш: 

1) МКК/МКА катары ишин кеминде 1 (бир) жыл жүзөгө ашырууга; 

2) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген уставдык капитал боюнча талаптарды сактоого; 

3) “Ислам терезесин” ачуу жөнүндө өтүнүч катты Улуттук банкка берген күнүнө чейин анын ишинде акыркы 12 (он эки) ай аралыгында Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары жана санкциялар колдонулбашы. 

56. МКК/МКА “ислам терезеси” аркылуу микрокредиттөөнү жүзөгө ашыруу үчүн ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүү укугуна “ислам терезеси” аркылуу каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алууга тийиш. 

57. МКК/МКАнын “ислам терезесин” ачуу МКК/МКАнын уюштуруучуларынын/катышуучуларынын (акционерлеринин) чечими боюнча жүзөгө ашырылат.  

58. МКК/МКА “ислам терезеси” аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүү укугуна каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) “ислам терезесин” ачуу жөнүндө өтүнүч кат (1-тиркеме); 

2) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган, төмөнкү чечимди камтыган МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин көчүрмөсүн (бир уюштуруучу болгон шартта) же протоколун (катышуучулардын саны бирден жогору болгон шартта): 

- «ислам терезесин» ачуу жөнүндө

- МКК/МКАнын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;  

- Шариат кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө

- “ислам терезесинин” жетекчисин / ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо үчүн жооптуу бөлүмдүн жетекчисин (кызматкерин) дайындоо/шайлоо жөнүндө

3) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн “ислам терезеси” жөнүндө жобонун көчүрмөсүн; 

4) МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн Шариат кеңеши жөнүндө жобонун көчүрмөсүн; 

5) жетекчинин кол тамгасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн Төраганы шайлоо жөнүндө Шариат кеңешинин чечиминин көчүрмөсүн; 

6) Шариат кеңешинин Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлердин анкетасын (3-тиркеме); 

7) жетекчинин, Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн, персоналынын (каржылоо боюнча адис) биринде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча квалификациясынын бар экендигин тастыктаган документтерди (квалификациясы тиешелүү билим берүү окутуулардан/лекциялардан/семинарлардан өткөндүгү жөнүндө сертификат, күбөлүк же кат менен тастыкталат); 

8) каржылоо көлөмү жана кардарлардын саны боюнча болжолдуу балансын келтирүү менен болжолдонуп жаткан операциялардын болжолдонгон эсептөөлөрүн, “ислам терезесин” ачуу менен коштолгон тобокелдиктердин идентификациясын; 

9) ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча бөлүмдөрдү киргизүү менен МКК/МКАнын уюштуруу түзүмүн; 

10) МКК/МКА ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзүүгө ниеттенген операциялар тизмесин камтыган МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган МКК/МКАнын уставынын түп нускасын жана көчүрмөсүн; 

11) Шариат кеңеши тарабынан жактырылган жана уюштуруучулардын/акционерлердин жыйыны менен бекитилген, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүнүн натыйжасында МКК/МКА дуушар болгон бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана минималдаштыруу боюнча чаралар каралган МКК/МКАнын каржылоо боюнча саясатын, операциялык, жана башка негизги саясаттарын;  

12) МКК/МКАнын микрофинансылык уюмдар/кредиттик союздар ассоциациясы менен МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен тастыкталган, аталган ассоциация алдында иш алып барган (эгерде болгон болсо) Шариат кеңеши тарабынан кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдин көчүрмөсүн. 

59. Улуттук банк “ислам терезесин” ачуу жөнүндө өтүнүч катын жана талаптагыдай таризделген документтердин тиркелген топтомун Улуттук банкка берүү күнүнөн тартып 30 (отуз) күн ичинде кароого алат, МКК/МКА тарабынан берилген документтер ушул жобонун талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келген шартта, МКК/МКАнын “ислам терезесин” ачууга макулдук бериши мүмкүн (4-тиркеме).  

60. Берилген документтер толук сунушталып, белгиленген талаптарга ылайык келген учурда Улуттук банк “ислам терезесинин” ачылышына байланыштуу МКК/МКАнын мамлекеттик кайра каттоодон өтүшү үчүн макулдук берүү жөнүндө катты ушул жобонун 58-пунктунун талаптарына ылайык сунушталган уставдын түп нускасын кошо тиркөө менен берет.  

61. МКК/МКА мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийин 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен тиешелүү билдирүү-катын берүүгө милдеттүү

1) “ислам терезесин” ачуу үчүн каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүү жөнүндө өтүнүч катты (2-тиркеме); 

2) жетекчинин кол тамгасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги менен МКК/МКАнын уставынын көчүрмөсүн; 

3) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн. 

62. МКК/МКАнын “ислам терезесин” ачуу укугуна каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк талаптагыдай таризделген документтерди Улуттук банкка бергенден кийин жана Кыргыз Республиикасынынын мыйзамдарына бардык белгиленген “ислам терезесин” ачууга күбөлүктү алуу үчүн талаптар МКК/МКА тарабынан сакталгандан кийин 10 (он) календардык күн ичинде берилет.  

 

 

9. МКК/МКАны ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИНЕ ЫЛАЙЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРГАН МКК/МКАга КАЙРА ӨЗГӨРТҮП ТҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

 

63. МКК/МКА ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКАга, аталган МКК/МКАда “ислам терезеси”, кайра өзгөртүп түзүүгө өтүнүч катты берүү күнүнө чейин ислам финансы кызмат көрсөтүүлөр рыногунда кеминде 1 (бир) жыл иш тажрыйбасы жана ушул жобонун 55-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларынын талаптары сакталган шартта гана кайра өзгөртүлүп түзүлүшү мүмкүн.  

64. Кайра өзгөртүп түзүү болжолдонгон күнгө чейин кеминде 6 (алты) ай ичинде МКК/МКА, кредиторлоруна, ошондой эле Улуттук банкка маалымдоо менен МКК/МКАнын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МКК/МКАга кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечимин (бир уюштуруучу болгон шартта) же протоколун (катышуучулардын саны бирден ашык болсо) ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечими (бир уюштуруучу болгон шартта) же протоколу (катышуучулардын саны бирден ашык болсо) бекитилген жана МКК/МКАнын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган кайра өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралар планын кошо тиркөө менен сунуштоосу зарыл. 

65. МКК/МКА ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКАга кайра өзгөртүлүп түзүлгөндүгү тууралуу Улуттук банкка маалымдагандан кийин Улуттук банк зарылчылык келип чыккан шартта, МКК/МКАга максаттуу инспектордук текшерүү жүргүзөт же болбосо МКК/МКА ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКАга кайра өзгөртүлүп түзүлгөндүгү тууралуу Улуттук банкка маалымдалганга чейинки акыркы 6 (алты) ай ичинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары эске алынышы мүмкүн. 

66. МКК/МКАны операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган МКК/МКАга кайра өзгөртүп түзүү тууралуу Улуттук банкка маалымдалгандан 6 (алты) ай өткөндөн кийин МКК/МКА ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык финансылык кызматтарды көрсөтүү укугуна каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык финансылык кызматтарды көрсөтүү укугуна каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алууга өтүнүч кат (1-тиркеме); 

2) МКК/МКА кайра өзгөртүлүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу МКК/МКАнын кайра каралып чыккан уюштуруу түзүмү

3) жетекчинин кол тамгасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу маселелерин камтыган МКК/МКАнын уставынын түп нускасы жана көчүрмөсү

4) каржылоо көлөмү жана МКК/МКАнын кардарларынын саны боюнча болжолдуу балансты келтирүү менен болжолдуу эсептөөлөр; 

5) жетекчинин кол тамгасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган, болжолдонгон операцияларга жана алардын МКК/МКАнын ишине тийгизген таасирине ар тараптуу талдап-иликтөөлөр жүргүзүлгөндүгү жана уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) тарабынан кайра өзгөртүп түзүү менен коштолгон тобокелдиктер идентификациялангандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин (бир уюштуруучу болгон шартта) же протоколунун көчүрмөсү (катышуучулардын саны бирден ашык болгон шартта); 

6) персонал ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча квалификацияга ээ экендигин тастыктаган документтер; 

7) МКК/МКАнын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКАга кайра өзгөртүп түзүү боюнча ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечими (бир уюштуруучу болгон шартта) же протоколу (катышуучулардын саны бирден көп болгон шартта) менен бекитилген жана МКК/МКАнын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган иш-чаралар планы. Иш-чаралар планында аны аткаруу мөөнөттөрү, Шариат стандарттарына ылайык келбеген активдердин жана милдеттенмелердин калдыктарын жабуу, персоналды окутуу талаптары камтылууга, бирок муну менен чектелип калбоого тийиш.  

67. Ушул жобонун 66-пунктунда көрсөтүлгөн ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык финансылык кызматтарды көрсөтүү укугуна каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн сунушталуучу документтер белгиленген талаптарга ылайык келиши максатында, Улуттук банк МКК/МКА негизги бузууларды жана кемчиликтерди четтеткенге чейин максаттуу инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча документтерди тапшыруу мөөнөттөрүн жылдырышы мүмкүн. 

68. Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунуштоо укугуна каттоодон өткөндүгү жөнүндө өтүнүч катты жана аларды Улуттук банкка берген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде документтердин тиркелген топтомун кароого алат. Сунушталган документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына алардын ылайык келүү предметине кароого алгандан кийин, Улуттук банк кайра өзгөртүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдук берүү менен МКК/МКАнын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКАга кайра өзгөртүп түзүүгө макулдук бериши мүмкүн.  

69. МКК/МКА мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин Улуттук банкка төмөнкүлөрдү берет: 

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык финансылык кызматтарды сунуштоого каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүү тууралуу өтүнүч катын (2-тиркеме); 

2) жетекчинин кол тамгасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги менен МКК/МКАнын көчүрмөсүн; 

3) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн МКК/МКАнын кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн. 

70. МКК/МКАны ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКАга кайра өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралар планы аяктаган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде МКК/МКА, тышкы аудитордук компания тарабынан тастыкталган акыркы отчеттук күнгө карата абал боюнча МКК/МКАны кайра өзгөртүп түзүү жана финансылык отчет боюнча иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө отчетту тиркөө менен расмий билдирүү-катын Улуттук банкка берет.  

71. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүү укугуна каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү МКК/МКАга берүү чечими ушул жобонун 69-пунктунун талаптарына ылайык, документтердин талаптагыдай таризделген топтомун Улуттук банкка берүү күнүнөн тартып 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банк тарабынан кабыл алынат (4-тиркеме).  

72. Сунуш кылынган документтер ушул жобонун 69-пунктунун талаптарына ылайык келбеген шартта Улуттук банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүгө каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүүдөн баш тартууга укуктуу.  

73. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган, ислам банк иши жана каржылоо принциптери багытында окутуудан өткөндүгү жөнүндө сертификатка ээ болбогон МКК/МКАнын аткаруу органынын мүчөлөрү МКК/МКАны ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКАга кайра өзгөртүп түзүү ниети тууралуу Улуттук банкка маалымдаган күндөн тартып 1 (бир) календардык жыл ичинде тиешелүү билим берүү курстарынан өтүүгө жана аны тастыктоочу документтерди Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

 

 

10. МКК/МКАнын УЮШТУРУУ ДОКУМЕНТТЕРИН КАРООГО АЛУУДАН ЖАНА АНЫН КАТТООДОН ӨТКӨНДҮГҮ ЖӨНҮНДӨ КҮБӨЛҮКТҮ БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТУУ  

 

74. Төмөнкү учурларда МКК/МКАнын уюштуруу документтерин кароого алуудан жана мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук берүү менен каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүүдөн баш тартылышы мүмкүн: 

1) МКК/МКА “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берсе; 

2) каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн сунушталган уюштуруу же башка документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга, ошондой эле белгиленген стандарттарга ылайык келбесе (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКА үчүн); 

3) жетекчи жана/же башкы бухгалтер, кредиттөө боюнча бөлүмдүн начальниги (эгерде болгон болсо), ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн начальниги, Шариат кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКА үчүн) белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келбеген учурда; 

4) акча каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматты камтыган документтерди толук көлөмдө сунуштабаса. 

75. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүүдөн баш тарткан учурда Улуттук банк өтүнүч ээсине кат жүзүндө жүйөлүү себептерин чагылдыруу менен жооп кайтарат.  

76. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүүдөн баш тартылган учурда уюштуруу документтеринин бир түп нускасы күбөлүк берилүүчү мөөнөт ичинде өтүнүч ээсине кайтарылып берилет, ал эми күбөлүктү алуу үчүн сунушталган документтин экинчи нускасы кайтарылбайт. 

77. Каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүүдөн баш тартуу чечими МКК/МКАга расмий маалымдалгандан кийинки 5 (беш) жумушчу күн ичинде ал документтерди кароого алган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басарына даттануу укугуна ээ.  

 

 

11. МККны ЛИЦЕНЗИЯЛОО ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ 

 

78. Эгерде бул операциялар МККга берилген лицензияда көрсөтүлгөн болсо ал төмөнкү банктык операцияларды кошумча жүзөгө ашырышы мүмкүн: 

1) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана аны кийинчерээк сатуу (факторинг); 

2) банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр - микрокредиттик компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле; 

3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну. 

79. МКК лицензия алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) лицензияны берүү жөнүндө өтүнүч катты (7, 10-тиркеме); 

2) киргизилген өзгөртүүлөрү жана/же толуктоолору менен уставдын эки түп нускасын; 

3) төмөнкүлөрдү камтыган бизнес-план: 

а) ушул жобонун 78-пунктунда каралган операцияларды жүргүзүүдө МКК көздөгөн максаттардын аныктамасы; 

б) бул операцияларды жүргүзүүдөн улам күтүлүп жаткан экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсеби; 

4) лицензия алууда жыйым/төлөм төлөнгөндүгүн тастыктаган документ. 

80. Ушул жобонун 78-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия МККнын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алгандан кийин 1 (бир) жылдан кийин гана берилиши мүмкүн.  

81. Лицензияны алууга өтүнүч кат жана документтердин тиркелген топтому алар Улуттук банкка берилген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде Улуттук банк тарабынан кароого алынат. Документтер толук сунушталып, алар белгиленген талаптарга жооп берген шартта, Улуттук банк банктык операцияларды кошумча жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны МККга бериши мүмкүн (8, 9-тиркеме). Документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган орун басары тарабынан 10 күнгө узартылышы мүмкүн.  

82. МККга төмөнкү учурларда банктык операцияларды кошумча жүргүзүү укугуна лицензия берүүдөн баш тартылышы мүмкүн: 

1) эгерде, лицензия алууга берилген документтерде толук эмес, такталбаган маалыматтар камтылса жана/же алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

2) МККнын финансылык абалында көйгөйлөр орун алган болсо; 

3) факторинг боюнча операцияларды жүргүзүүгө, банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды сунуштоо - МККда кардарлардын эсебин ачуусуз эле, чет өлкө валютасын өз атынан сатып алууга жана сатуу укугуна лицензия алуу үчүн жеткиликтүү экономикалык негизди камтыбаган бизнес-пландын сунушталышы. 

83. МККнын банктык операцияларды кошумча жүргүзүү укугуна лицензия Улуттук банк тарабынан төмөнкү учурларда кайтарылып алынышы мүмкүн: 

1) бул операцияларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берилсе; 

2) Улуттук банктын ушул операцияларга тиешелүү сунуш-көрсөтмөлөрү, эскертүүлөрү, нускоолору же башка талаптары аткарылбаса; 

3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, маалыматтар берилбесе же такталбаган, толук эмес маалыматтар берилген болсо. 

84. МКК алардын лицензиясы кайтарылып алынгандыгы тууралуу билдирүү алгандан кийинки 3 (үч) күн ичинде Улуттук банкка лицензияны тапшырууга жана лицензияда каралган операцияларды жүргүзүүнү токтотууга тийиш. 

 

12. МКК/МКАны КАЙРА ӨЗГӨРТҮП ТҮЗҮҮ ЖАНА ЖОЮУ 

 

85. МКК/МКА, анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же ошол уюштуруу документтерине ылайык ыйгарым укуктуу чегерилген юридикалык жактын органынын чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрадан өзгөртүлүп түзүлүшү (биригиши, өзгөртүп түзүлүшү, кошулушу, бөлүнүшү, бөлүнүп чыгышы) мүмкүн. 

86. МКК/МКА анын катышуучуларынын (акционерлеринин) чечими боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу мүмкүн. 

87. Эгерде МКК/МКА кредиторлор, анын ичинде финансы-кредит мекемелери астында бардык милдеттенмелерин аткарбаса, анын өз эрки боюнча жоюу чечимин кабыл алууга жол берилбейт. 

88. Жоюу жөнүндө чечим кабыл алууда МКК/МКА чечим кабыл алынгандан кийинки 10 (он) күн ичинде лицензиянын жана/же каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын кабыл алынган мындай чечимдин түп нускасын кошо тиркөө менен Улуттук банкка тапшырууга милдеттүү.  

89. Жоюу чечими кабыл алынган учурдан тартып МКК/МКА лицензияда жана/же каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктө каралган операцияларды жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш. Юридикалык жакты жоюу процесси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат, мында уюмду жоюу, анын ичинде МКК/МКАнын лицензиясын же күбөлүгүн кайтарып алуу боюнча милдеттер анын катышуучуларына (акционерлерине) же болбосо төлөөгө жөндөмсүздүк (банкроттук) жагдайларын эске албаганда, уюмдун уставы боюнча жоюуга ыйгарым укук чегерилген башкаруу органына жүктөлөт.  

 

“Микрокредиттик компанияларды жана  

микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана  

алардын иши жөнүндө” жобого карата  

1-тиркеме  

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

ЖОЛДОМО 

 

_____________________________________________________________________________  

(толук аталышы жана юридикалык дареги) 

 

микрокредиттик компанияга/микрокредиттик агенттикке; ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компанияга/микрокредиттик агенттикке; “ислам терезесинин” алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттикке каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өтүүгө макулдук катын) берүүнү өтүнөт. 

 

_______________________________________________________________________  

_______________________________________________________________________  

Жетекчинин кол тамгасы  

201__ -жылдын «____» _____________  

 

 

“Микрокредиттик компанияларды жана  

микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана  

алардын иши жөнүндө” жобого карата  

2-тиркеме  

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

 

_____________________________________________________________________________  

(толук аталышы жана юридикалык дареги) 

 

микрокредиттик компанияга/микрокредиттик агенттикке; ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компанияга/микрокредиттик агенттикке; “ислам терезесинин” алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттикке каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүүнү өтүнөт. 

_______________________________________________________________________  

_______________________________________________________________________  

Жетекчинин кол тамгасы  

201__ -жылдын «____» _____________  

 

 

 

 

 

 

“Микрокредиттик компанияларды жана  

микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана  

алардын иши жөнүндө” жобого карата  

3-тиркеме  

 

 

АНКЕТА үрөт үчүн) 

 

1. Аты-жөнү 

1. Кызмат орду 

1. Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин аталышы 

1. Туулган жылы, айы, күнү жана жери  

1. Паспортунун сериясы, номери, ким тарабынан берилген, берилген күнү 

1. Жарандыгы 

1. Документ боюнча үй дареги, телефон номери 

1. Учурда айкын жашап жаткан үй дареги, телефон номери 

1. Электрондук дареги 

1. Үй-бүлөлүк абалы 

1. Төмөнкүлөр боюнча билиминин болушу: 

- микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдар боюнча; 

- бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчетту түзүү жагында; 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптери, анын ичинде AAOIFI тарабынан белгиленген Шариат стандарттары боюнча; 

- Ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудитти ууюштуруу стандарттары (AAOIFI) боюнча; 

- ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши (IFSB) жагында.  

 

1. Билими (жогорку, толук эмес жогорку, орто кесиптик, орто)  

(керектүүсүнүн астын сызгыла) 

Окуу жайдын аталышы (шаары, өлкөсү

Факультети же бөлүмү 

Окууга тапшырган/  

аны аяктаган жылы 

Алган дипломго ылайык адистиги 

  

  

  

  

  

  

  

  

13. Курстарда окутуудан өтүү 

Семинардын же курстардын темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери (шаары, өлкөсү

Окутуудан өткөн күнү (жыл) 

Финансылык отчеттун эл аралык стандарты, аудит жана AAOIFI стандарты боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу сертификаттын болушу 

  

  

  

  

(бар, жок) 

14. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарылган иштер: 

Жалпы эмгек стажы _______, анын ичинде финансылык же экономикалык чөйрөдө 

Жумушка кабыл алынган күн (жылы, айы) 

Жумуштан бошонгон күн 

Ээлеген кызматы 

Уюмдун аталышы, жайгашкан жери (шаар, өлкө

Жумуштан бошонуу себеби 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

15. Кошумча маалыматтар 

Сизге ушул иштин түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими барбы? 

Ооба _____ Жок _____ 

Банкрот процессинде турган же банкрот болгондугуна байланыштуу өз ишин токтоткон банкка же башка финансы-кредит мекемелерине тиешеңиз барбы? 

Ооба _____ Жок _____ 

Тиешеңиз бар болсо, банктын же финансы-кредит мекемесинин аталышын, ээлеген кызматыңызды көрсөтүңүз, өз жоопкерчилигиңизге толук түшүндүрмө бериңиз  

_________________________________________________________________ 

Сизге карата Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары жана санкциялар колдонулду беле? 

Ооба _____ Жок _____ 

Эгерде "Ооба" деген жооп берилсе, качан жана кандай бyзyyларга жол берилгендигин көрсөтүңүз  

_________________________________________________________________ 

Мен, ______________________________________________________ (аты-жөнү) жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана мындан ары бардык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттенем. Мен тараптан жол берилген калпыстыктар жана ката кетирүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мага жана микрокредиттик компанияга (микрокредиттик агенттикке) карата таасир этүү чараларынын жана санкциялардын колдонулушуна алып келээрин түшүнөм. 

_____________________ 20__-жылдын "___" _____________ 

(кол тамгасы)  

 

 

 

 

 

 

“Микрокредиттик компанияларды жана  

микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана  

алардын иши жөнүндө” жобого карата  

4-тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын бланкында 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул аркылуу,  _____________________________________________________________________________ (шаардын, райондун, калктуу пункттун, көчөнүн аталышы, үйдүн, телефондун номерлери) юридикалык дареги боюнча жайгашкан ___________________________________________ 

(микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттиктин толук аталышы) 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жакырчылыкты кыскартуу, калкты иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу, ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана калкка социалдык колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган ______________________________________________________________ микрокредиттик компания/ микрокредиттик агенттик экендигин (микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттик; ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттик; “ислам терезесинин” алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттик) тастыктайт. 

 

20__-жылдын "____" _________ ________ номеринде каттоодон өткөн. 

Башкармалыктын начальниги 

(Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги) 

 

 

 

“Микрокредиттик компанияларды жана  

микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана  

алардын иши жөнүндө” жобого карата 5-тиркеме 

 

Филиал (өкүлчүлүк) ачуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ 

(мекеменин фирмалык бланкында)  

 

_________________________________________________________________ ушул аркылуу  

(МКК/МКАнын аталышы) 

_____________________________________________________________________________  

_____________________________________________________________чечимине ылайык,  

(уставга ылайык, филиалды (өкүлчүлүктү) ачуу тууралуу чечимди кабыл алган МКК/МКАнын башкаруу органынын аталышы) 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________   

(калктуу пункттун аталышы, почта дареги)  

дареги боюнча жайгашкан филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик катоодон өткөртүүгө макулдук-кат берүүнү өтүнөт. 

Бул филиалга (өкүлчүлүккө) төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашырууга ыйгарым укук чегерилет: 

- ________________________________________________________________  

- ________________________________________________________________  

(МКК/МКА тарабынан кабыл алынган жобого ылайык филиалга (өкүлчүлүккө) жүзөгө ашыруу укугу ыйгарылып берилген бардык операциялар жана бүтүмдөр көрсөтүлөт). 

Филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери катары төмөнкүлөр дайындалат: 

__________________________________________________________________  

__________________________________________________________________  

(аты-жөнү

 

Мөөрү 20___-жылдын “____” ______________ 

МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы 

 

 

 

 

 

“Микрокредиттик компанияларды жана  

микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана  

алардын иши жөнүндө” жобого карата 6-тиркеме 

 

Уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ 

(мекеменин фирмалык бланкында)  

 

_________________________________________________________________ ушул аркылуу  

(МКК/МКАнын аталышы) 

_____________________________________________________________________________  

_____________________________________________________________чечимине ылайык,  

(уставга ылайык, уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү чечимин кабыл алган МКК/МКАнын башкаруу органынын аталышы) 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________   

(калктуу пункттун аталышы, почта дареги)  

дареги боюнча жайгашкан микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин уставын мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук-кат берүүнү өтүнөт. 

 

 

Мөөрү 201_ -жылдын «____» ______________ 

МКК/МКА жетекчисинин кол тамгасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

“Микрокредиттик компанияларды жана  

микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана  

алардын иши жөнүндө” жобого карата 7-тиркеме 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

ЖОЛДОМО 

 

 

_______________________________________________________________________  

_______________________________________________________________________  

(толук аталышы жана юридикалык дареги) 

микрокредиттик компаниясына төмөнкү операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүүнү өтүнөт: 

- ________________________________________________________________  

- ________________________________________________________________  

(«Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамга ылайык микрокредиттик компанияларга жүзөгө ашыруу укугу берилген операциялар көрсөтүлөт). 

Уюштуруу документтерине сунушталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат:  

_______________________________________________________________________  

_______________________________________________________________________  

_______________________________________________________________________  

   

_______________________________________________________________________  

Микрокредиттик компаниянын жетекчисинин аты-жөнү  

   

Жетекчинин кол тамгасы 20___-жылдын "____" ______________ 

 

 

 

 

 

“Микрокредиттик компанияларды жана  

микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана  

алардын иши жөнүндө” жобого карата 8-тиркеме 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

N _____ЛИЦЕНЗИЯ  

 

Кыргыз Республикасында жакырчылыкты кыскартуу, калкты иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу, ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана калкка социалдык колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн 

_______________________________________________________________________  

_______________________________________________________________________  

(микрокредиттик компаниянын толук аталышы) 

_______________________________________________________________________  

(кыскартылган аталышы) 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, төмөндө келтирилген операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1. Карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг); 

2. Банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча микрокредиттик компанияда кардарларга эсеп ачуусуз чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо.  

3. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, өз атынан чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу. 

Лицензия ага кол койгондон күндөн тартып күчүнө кирет. 

Бул лицензия, анда көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырууга укук чегерет.  

Лицензия ажыратылгыс (жеке өзүмдүк) болуп эсептелет. Ушул лицензияда белгиленген укуктарды үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө жол берилбейт. 

Лицензия 201_ -жылдын “____”______________каттоодон өткөртүлгөн. 

 

Мөөрү 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары  

 

 

 

“Микрокредиттик компанияларды жана  

микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана  

алардын иши жөнүндө” жобого карата 9-тиркеме 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

N _____ЛИЦЕНЗИЯ 

 

 

Кыргыз Республикасында жакырчылыкты кыскартуу, калкты иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу, ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана калкка социалдык колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн 

_______________________________________________________________________  

_______________________________________________________________________  

(микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттик, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттик; “ислам терезесинин”алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттик) 

 

_______________________________________________________________________  

(кыскартылган аталышы) 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, төмөндө келтирилген операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1. төмөнкү бүтүмдөр боюнча каржылоону жүзөгө ашырууга: 

Мудараба; 

Шарика/Мушарака жана шарика/мушарака мунтахийа биттамлик; 

Мурабаха; 

Иджара жана иджара мунтахийя биттамлик; 

Салам; 

2. Банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча микрокредиттик компанияда кардарларга эсеп ачуусуз чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр; 

3. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык өз атынан чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу. 

Лицензия ага кол койгондон учурдан тартып күчүнө кирет. Бул лицензия, анда көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырууга укук чегерет. Лицензия ажыратылгыс (жеке өзүмдүк) болуп эсептелет. Ушул лицензияда белгиленген укуктарды үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө жол берилбейт. 

Лицензия 201_ -жылдын “____”______________каттоодон өткөртүлгөн. 

 

Мөөрү 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары  

 

 

 

“Микрокредиттик компанияларды жана  

микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана  

алардын иши жөнүндө” жобого карата 10-тиркеме 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

ЖОЛДОМО 

 

_______________________________________________________________________  

_______________________________________________________________________  

(толук аталышы жана юридикалык дареги) 

микрокредиттик компанияга төмөнкү операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүүнү өтүнөт: 

- ________________________________________________________________  

- ________________________________________________________________  

(«Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамга ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялар; “ислам терезесинин” алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялар жүзөгө ашыруу укугуна ээ операциялар көрсөтүлөт).  

Уюштуруу документтерине сунушталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат:  

_______________________________________________________________________  

_______________________________________________________________________  

_______________________________________________________________________  

   

_______________________________________________________________________  

Микрокредиттик компаниянын жетекчисинин аты-жөнү  

   

Жетекчинин кол тамгасы 20___-жылдын "____" ______________