Кайта келүү

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барып жаткан микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармаcынын 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 “Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барып жаткан микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барып жаткан микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 7.8-пунктунун 7.8.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.8.1. Микрокредиттик агенттик тарабынан ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү 500 миң сомдон жогору эмес өлчөмдө аныкталууга тийиш. 

Мында, ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу жактар тобуна 100 миң сомдон ашпаган өлчөмдө берилген микрокредиттер микрокредиттик агенттиктин жалпы кредит портфелинин 30 пайызын түзүүсү зарыл.  

Микрокредиттик агенттик тарабынан берилген микрокредиттер боюнча эффективдүү пайыздык чен кредит берүү учурунда Улуттук банктын эсептик ченинин 5 пайыздык пунктунан ашпоого тийиш.» .