Кайта келүү

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна 

толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 25-пунктун алтынчы абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзацы менен толукталсын: 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандыруу (камсыздандыруу полиси) келишими;»; 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 29-пунктун алтынчы абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзацы менен толукталсын: 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандыруу (камсыздандыруу полиси) келишими;»; 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябры №35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 18 - пункту алтынчы пунктчасы менен толукталсын: 

«6) Эгерде кардардын турак жайды милдетүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бар болсо.». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 5.1.3.- пункту төмөнкү мазмундагы абзацы менен толукталсын: 

«- турак жайынын милдетүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бар болусу.». 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабры №52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 25- пункту алтынчы пунктчасы менен толукталсын: 

«6) турак жайынын милдетүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бар болусу.». 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы №28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелердин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинин»:  

- 2 - пункту төмөнкү абзац менен толукталсын: 

«Ушул Тартип ошондой эле банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонулган атайы терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга жана башка финансы-кредиттик мекемелерге таркатылат.»; 

- 24 - пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Күрөөгө коюлган мүлк, турак жай болуп эсептелинсе, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырууга тийиш.».