Кайта келүү

Тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 “Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында ислам каржылоо принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоо 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 “Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында ислам каржылоо принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, “Кыргыз Республикасында пилоттук долбоордун алкагында ислам каржылоо принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө” жобонун: 

- 2.3-главанын 3-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Банк тарабынан мурун берилген каржылоонун ордун жабууга алынган мүлк, ошондой эле башка менчик Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрокаржылоо уюмдарынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары тууралуу” жободо белгиленген талаптарды сактоо шартында Мурабаха бүтүмүнүн алкагында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.»; 

- 2.4-главанын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«Иджара бүтүмү кардардын белгилүү бир сунуштоочудан мүлктү алуу тууралуу келишимди түзүү чечимин кабыл алуу үчүн зарыл финансылык жана юридикалык документтердин жана билдирмесинин негизинде банк тарабынан түзүлөт.  

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрокаржылоо уюмдарынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары тууралуу” жободо белгиленген талаптарды сактоо шартында, банк тарабынан мурун берилген каржылоонун ордун жабууга алынган мүлк, ошондой эле башка менчик Иджара жана/же Иджара мунтахийя биттамлик бүтүмүнүн алкагында ишке ашырылышы мүмкүн». 

Иджара бүтүмүн түзүү тууралуу чечимди кабыл алуу үчүн банк ижарага берүүчүнүн ижара төлөмдөрүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүгө, ошондой эле кайрадан ижарага же аны сатууга мүмкүнчүлүгүн билүү үчүн мүлктүн ликвиддүүлүгүн баалоого тийиш.»; 

- 2.8-главанын 39-пунктундагы экинчи сүйлөмү алынып салынсын.