Кайта келүү

ДОЛБООР 

 

Төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу жөнүндө 

ЖОБО  

1. Жалпы жоболор  

 

1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө", "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жонундө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.  

2. Жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары Улуттук банк) өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана өткөрүү кызмат көрсөтүүсүн маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына сунуштоо иш багытына лицензия берүү жана аны жөнгө салуу тартибин аныктайт. 

3. Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензия мөөнөтсүз, ажыратылгыс болуп саналат жана ал үчүнчү жактарга берилбейт.   

4. Улуттук банк өтүнүч ээсинин/лицензиаттын жана анын уюштуруучуларынын ишине тиешелүү кайсы болбосун маалыматты, алардын кызмат адамдары, аффилирленген жактары, субагенттер, ошондой эле төлөм уюмунун аффилирленген жактарынын пайдасына ишке ашырылган операциялар боюнча маалыматты жана башка маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Өтүнүч ээси/лицензиат талап кылынган маалыматты Улуттук банк белгилеген мөөнөттөрдө сунуштоого милдеттүү

5. Жобонун талаптарын бузууга жол берилген шартта, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм уюмуна карата таасир этүү чараларын көрүүгө укуктуу. 

 

2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

 

6. Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар агенти (мындан ары-агент) бул, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен жеке адамдардын жана юридикалык жактардын (кардарлардын) төлөмдөрүн товарларды жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун атынан жеке кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу боюнча агенттик келишим түзгөн лицензиат; 

Агенттик келишим агент (лицензиат) менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун ортосунда лицензиаттын Жободо көрсөтүлгөн сунуштоочунун атынан кызматтарды сунуштоосу жөнүндө келишим. Агенттик келишим боюнча бир тарап (агент- лицензиат) экинчи тараптын (сунуштоочу- принципал) тапшыруусу боюнча юридикалык жана башка аракеттерди өз атынан, бирок сунуштоочунун эсебинен, же сунуштоочунун эсебинен жана анын атынан сый акыга аткарууга милдеттенет. Мында кардарларга товарларды жана кызматтарды сунуштоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышына сунуштоочу жооп берет. Агент (лицензиат) жободо көрсөтүлгөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча иштин камсыз болушуна кардар алдында жооп берет;  

Кызмат адамдары коомдун күндөлүк ишине жетекчиликти жүзөгө ашырган коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрү (Башкарманын мүчөлөрү - башкы директор, техникалык директор, башкы бухгалтер, уюштуруучулар), ошондой эле бул адамдар туруктуу негизде иштегендигине же акыга эле иштээрине көз карандысыз лицензиаттын саясатын аныктаган башка адамдар;  

Өтүнүч ээси төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алууга Улуттук банкка кайрылган юридикалык жак; 

Кардар төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына ишке ашырууда төлөм уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланган жак;  

Лицензиат иш алып баруу укугунаУлуттук банктын лицензиясын алган төлөм уюму; 

Төлөм уюму төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар ортосунда түзүлгөн келишимге, ошондой эле төлөм уюму менен банк ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн келишимге ылайык төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөр кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясына ээ юридикалык жак.  

Төлөм нак же нак эмес акча каражаттарын пайдалануу менен акчалай милдеттенмелерди аткаруу; 

Товарларды/кызматтарды сунуштоочу (мындан ары сунуштоочу) сатылган товарлар (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн кардардан акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер; 

Субагент жеке адамдардан жана юридикалык жактардан төлөмдөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө агент менен субагенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер. Субагент үчүнчү жактар менен агенттик келишим боюнча сунуштоочу болуп саналган адамдын атынан бүтүмдөргө келишүүгө укугу жок; 

Субагенттик келишим агенттик келишимди аткаруу максатында, агент (лицензиат) менен субагенттин ортосунда ушул жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишим. Мында сунуштоочу алдында субагенттин аракеттери үчүн агент (лицензиат) жоопкерчиликтүү болот;  

Аффилирленген жак чечимди тике же кыйыр түрдө аныктоо же төлөм уюму тарабынан, анын ичинде келишимдин (оозеки келишимди кошо алганда) же башка бүтүмдүн натыйжасында кабыл алынган чечимге таасирин тийгизүү укугуна ээ кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак, ошондой эле аларга карата бул аффилирленген жак ушундай укуктарга ээ болгон кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак. Төлөм уюмунун аффилирленген жагы катары ошондой эле анын кызмат адамдары (коллегиалдык башкаруу органы), акционерлер (катышуучулар) же анын добуш берүүчү акцияларынын беш жана андан ашык пайыздарына ээ болгон кайсы болбосун ишкана да таанылат. 

Автоматташтырылган система (АС) бул персоналдан, анын ишин автоматташтыруучу каражат топтомунан (аппараттык-программалык комплекс), белгиленген функцияларды аткаруунун маалымат технологиясын ишке ашыруучу ыкмалардан жана иш-чаралардын турган система. 

 

3-глава. Лицензиялоо тартиби  

§ 1. Лицензияны алуу үчүн зарыл документтер  

 

7. Ушул жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси ишин ушул жобонун талаптарына ылайык келтирет жана Улуттук банкка төмөнкү документтерди мамлекеттик же расмий тилдерде бир нускада сунуштайт:  

1) ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык белгиленген форма боюнча түзүлгөн, юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензияны берүү жөнүндө өтүнүч кат;  

2) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;   

3) өтүнүч ээсинин, ошондой эле өтүнүч ээси юридикалык жактардын уюштуруучуларынын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жакты түзүү жөнүндө, уставдык капитал өлчөмү жөнүндө, коллегиалдуу башкаруу органынын шайлоо жөнүндө жетекчинин кол тамгасы жана өтүнүч ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, чечим; 

4) документтерди тапшыруу учурунда салык органдарынан салыктык карызынын жок экендигин тастыктаган маалымкат;  

5) төлөм уюмунун иш стратегиясын, багытын жана масштабын ачып көрсөткөн бизнес-план. Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:    

1. уюмду түзүүнүн экономикалык негизин жана түзүлүп жаткан төлөм уюмунун ишинин финансылык келечектерин (бюджет, болжолдонуучу: баланстык отчет, капиталдын шайкештигин эсептөө, киреше жана чыгаша); 

2. башкаруу жана контролдоо системасынын түзүмүн; 

3. төлөм уюмунун үзгүлтүксүздүгүн жана төлөм уюмунун иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу саясатын, ошондой эле тобокелдиктерди тескөө саясатын жана төлөм системасынын ишине мониторинг жүргүзүү жана контролдоо механизмин сүрөттөөнү

4. терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) байланыштуу операциялардан коргоонун болжолдонгон механизмин; 

5. кардарларды тартуу планы; 

6. төлөм уюмунун кадр саясатын; 

7. активдерди жана пассивдерди тескөө планы; 

 

6) чарба ишине тиешелүү каражаттарды сактоо жана пайдалануу жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына сунуштоо үчүн калктан жана өз субагенттеринен түшкөн акча каражаттарын колдонуу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебинен ачууга түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү;  

7) сунуштоочуга акча каражаттардын өткөрүлүп берилишин же алардын сатып алуучуга кайтарылып берилишинин гарантиясын камсыз кылган төмөнкү келишимдердин биринин көчүрмөсү:  

- мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана жоготуулар үчүн каралган камды сактоо боюнча банктык аманат жөнүндө келишимдер;  

- сунуштоочуну алдын ала төлөө формасында тейлөө каралган келишимдер;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мүмкүн болуучу тобокелдиктердин жана жоготуулардын ордунун жабылышын камсыз кылган банктык гарантия же башка келишимдер;  

8) коммерциялык банктагы эсепке каражаттардын 100% уставдык капитал (1000000 (бир миллион) сомдон кем эмес) катары салынгандыгын тастыктаган документ. Уставдык капиталды түзүү максатында салынган акча каражаттарын лицензия берүү/берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин пайдаланууга тыюу салынат. Уставдык капитал уюштуруучулардын акча каражаттарынын эсебинен улуттук валютада гана топтолот жана өтүнүч ээсинин/лицензиаттын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн кызмат кылат. Уставдык капиталды негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана заемдук (насыялык) каражаттардын эсебинен топтоого тыюу салынат.  

9) уюштуруучулардын уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого өбөлгө түзгөн, тастыктаган тиешелүү документтерди кошо тиркөө менен маалыматтар: 

а) юридикалык жактар тарабынан төмөнкүлөр сунушталышы мүмкүн:  

- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган финансылык отчеттун, салык декларацияларынын же финансылык абал жөнүндө башка документтердин көчүрмөлөрү

- аудитордук корутундунун көчүрмөсү (эгерде болгон болсо же мындай талап мыйзамда белгиленген болсо); 

- уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер же алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

- юридикалык жактын ал тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү

б) жеке адамдар тарабынан төмөнкүлөр сунушталышы мүмкүн: 

- киреше тууралуу маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, акча каражаттарын, мүлктү ж.б. мурастап калууга укук жана алардын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

- уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер же алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;  

10)  системада жөнөтүүчүлөр менен алуучулардын маалымдаманы башкаруу боюнча механизмдердин болушу тууралуу чагылдырууну, кардарларды эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган террористтер тизмеси, террористтердин улуттук тизмеси, терроризмге катыштыгы бардыгы жагында шектенүүнү жараткандардын улуттук тизмеси боюнча текшерүүнү кошо алганда, юридикалык жактын жетекчиси тарабынан бекитилген терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелерин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөлөрү

11) акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоодо жана ташууда алардын сакталышын камсыз кылуу тартибин жөнгө салган юридикалык жактын жетекчиси тарабынан бекитилген ички документтердин көчүрмөлөрү;  

12) ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык, коллегиалдык органдын мүчөлөрү жана уюштуруучулар-жеке адамдар тарабынан толтурулган жана кол коюлган анкета, төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен:  

- инсандыгын тастыктаган документтерди;   

- ушул жобонун 4-главасында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келишин тастыктаган документтерди;  

13) компаниянын аффилирленген жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, аффилирленишин тастыктаган документтер, уюштуруу документтери жана башкалар).  

14) өтүнүч ээсинин атынан анын өкүлү ишеним каттын негизинде иш алып барган учурда, анын өкүлүнө лицензияны алууга берилген ишеним кат; 

15) лицензия алуу үчүн төлөмдү тастыктаган документ. 

 

§2. Документтерди экспертизадан өткөрүү жана лицензия берүү  

 

8. Лицензия алуу үчүн документтер Улуттук банкка, анын областтык башкармалыктарына жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө (өтүнүч ээсинин жайгашкан жери боюнча) сунушталышы мүмкүн.  

9. Улуттук банк тарабынан документтерди кароо мөөнөтү 30 (отуз) жумуш күнүн түзөт.  

10. Улуттук банкка ушул Жобого ылайык сунушталуучу жана бир барактан ашкан бардык документтердин ар бир барагы бирден сыпатталууга жана жетекчинин кол тамгасы коюлуп, өтүнүч кат ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши мүмкүн.  

11. Эгер документтер ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, өтүнүч ээси кошумча/жеткире иштеп чыккан документтерди талап алган учурдан кийинки 20 (жыйырма) жумуш күндөн кечиктирбестен берүүсү зарыл. Өтүнүч каттарды жана документтерди кароого алуу мөөнөтүн ушул жобонун талаптарын канааттандырган кошумча/жеткире иштелип чыккан документтер алынган күндөн тартып кайрадан эсептеле баштайт.   

12. Документтер топтомун кароого алууда Улуттук банк өтүнүч ээсинин лицензияга чейинки текшерүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.  

13. Лицензияга чейинки текшерүү аппараттык-программалык комплексинин иш жөндөмдүүлүгүн жана өтүнүч ээсинин ишинин ушул жобонун талаптарына ылайык келишин текшерүүнү камтыйт.  

14. Лицензияга чейинки текшерүүнүн натыйжасында өтүнүч ээсинин ишин лицензияга чейинки текшерүү жөнүндө акт түзүлөт. Өтүнүч ээсинин ишине байланыштуу маселелер жаралган учурда, өтүнүч катты кароо мөөнөтү узартылышы мүмкүн.  

15. Лицензияны алууга өтүнүч кат жана документтер кайтарып алынган учурда же болбосо лицензиялоодон баш тартууда же ушул жобонун алкагында мурда алынган лицензия кайтарып алынганда Улуттук банкка сунушталган документтер жана лицензияны алуу үчүн төлөм өтүнүч ээсине кайтарылып берилбейт.  

16. Лицензия эки нускада таризделет. Биринчи нускасы өтүнүч ээсине берилет, ал эми экинчи нускасы Улуттук банкта сакталат.  

17. Лицензияны берүү өтүнүч ээсинин же анын ыйгарым укуктуу адамынын инсандыгын тастыктаган документти көрсөткөн учурда жүзөгө ашырылат. Лицензияны берүүдө аны алууга ишеним көрсөтүлгөн адам лицензия берүү журналында лицензияны алгандыгын тастыктаган кол тамгасын коёт.   

18. Лицензияны берүү жөнүндө маалыматтар Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн реестрге киргизилет.   

 

§ 3. Лицензия берүүдөн баш тартуу  

  

19. Лицензияны берүүдөн баш тартууга негиз катары төмөнкүлөр саналат:   

1) лицензияны алуу үчүн тапшырылган документтер ушул жобонун же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келбесе;   

2) Улуттук банкка лицензия алуу үчүн такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар берилсе;  

3) өтүнүч кат ээсине иштин ушул түрү менен иш алып барууга тыюу салынган соттун чечими болсо; 

4) өтүнүч ээсинин ишинин ушул жобонун талаптарына ылайык келбешин тастыктаган лицензияга чейинки текшерүүнүн натыйжалары; 

5) лицензия алуу үчүн төлөм төлөбөсөөлөөдөн баш тартса;  

6) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка талаптарга ылайык келбесе.  

20. Лицензияны берүүдөн баш тартылган учурда Улуттук банк, баш тартуу себептерин көрсөтүү менен кат жүзүндө корутунду жөнөтөт. Өтүнүч кат ээси кабыл алынган чечимге макул эместигин негиздеп, аны кайра кароо өтүнүчү менен Улуттук банктын Төрагасынын атына даттануу жөнөтүүгө укуктуу. Даттануу, кабыл алынган чечим жөнүндө расмий жооп алган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күнү ичинде сунушталат. Чечим менен макул эместигин билдирген өтүнүч катты карап чыгуунун жыйынтыгында Улуттук банк 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензияны берүү чечимин кошо тиркөө менен даттануу канааттандырылгандыгы тууралуу же даттанууну канааттандыруудан баш тартуу тууралуу кат жүзүндө жооп берет.  

 

§ 4. Лицензияны кайра тариздөө 

 

21. Төмөнкүлөр лицензияны кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналат:  

- юридикалык жакты кайра уюштуруу;  

- юридикалык жактын аталышынын өзгөрүшү.  

22. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиз келип чыккан учурда, лицензиат өтүнүч кат менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.  

23. Тиешелүү өзгөрүүлөрдү тастыктаган, документтерди кошо тиркөө менен кайра тариздөөгө негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч кат кайра тариздөө негиздери келип чыккан күндөн кийинки 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен берилет.  

24. Лицензияны кайра тариздөө тиешелүү өтүнүч кат алгандан кийинки 5 (беш) жумуш күн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензияны кайра тариздөөдө Улуттук банк тиешелүү өзгөртүүлөрдү реестрге киргизет.  

 

§ 5. Лицензиянын дубликатын берүү  

 

25. Лицензиянын түп нускасы жоголгон же бузулган шартта, лицензиат документтин бузулгандыгын же жоголгондугун тастыктаган документтерди (массалык маалымат каражаттарына жарыялоо, "жоголгон буюмдар боюнча маалымат алуучу жайдан" маалымкат) кошо тиркөө менен жоголгондугу жана бузулгандыгы аныкталган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен дубликат берүү жөнүндө өтүнүч катты Улуттук банкка берет. Лицензия бузулган шартта, өтүнүч катка лицензиянын бузулган бланкы да кошо тиркелет.  

26. Лицензиянын жоголгон же бузулган бланктары лицензиат өтүнүч кат берген күндөн тартып анык эмес деп эсептелинет.  

27. Улуттук банк өтүнүч катты берген күндөн кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде жогорку оң бурчуна "Дубликат" деп жазылган лицензиянын дубликатын берет же баш тартуу себептерин көрсөтүү менен лицензиянын дубликатын берүүдөн баш тартууну жөнөтөт.   

28. Лицензиат Улуттук банктын лицензиянын дубликатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.  

 

§6. Төлөм уюмун кайра уюштуруу жана/же жоюу  

 

29. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарын сактоо менен кайра уюштурулушу (биригиши, кошулушу, бөлүнүшү, бөлүнүп чыгышы, кайра өзгөртүлүп түзүлүшү) мүмкүн.  

30. Төлөм уюму өз эрки менен жоюлушу мүмкүн. Төлөм уюмун жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

31. Улуттук банк тарабынан берилген лицензия, өз аракетин төмөнкү учурларда токтотот:  

1) төлөм уюмунун ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотуу;  

2) төлөм уюмунан лицензияны кайтарып алуу;  

3) лицензия алуучу тарабынан иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруу ыктыярдуу токтотулган учурда; 

4) юридикалык жакты жоюу; 

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган башка учурларда.  

32. Төлөм уюму жоюу/ишин ыктыярдуу токтотуу себептерин чагылдыруу менен кат жүзүндөгү өтүнүч катты берүүгө жана лицензияны жоюу жөнүндө кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде Улуттук банкка тапшырууга тийиш.  

33. Төлөм уюму төлөм системасынын катышуучулары менен келишим шарттарын аткарууга жана ишин лицензияга ылайык токтотууга тийиш. 

34. Лицензияны кайтарып алуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат. 

  

4-глава. Төлөм уюмуна карата негизги талаптар  

§ 1. Төлөм уюмунун кызмат адамдарына карата талаптар  

 

35. Төлөм уюмунун штаттык түзүмү төраганын (жетекчинин), техникалык директордун, башкы бухгалтердин кызмат орду каралууга жана булар коллегиалдык башкаруу органынын курамына кирүүгө тийиш. Зарылчылыкка жараша төраганын жана техникалык директордун кызматын бириктирүүгө болот.   

36. Төрага төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

- жогорку билиминин болушу;  

- акыркы 10 (он) жыл ичинде экономикалык жана/же юридикалык жана/же техникалык чөйрөдө иш алып барган компаниянын жетекчиси кызматында кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасынын болушу;  

- сот жообуна тартылбаган болушу.  

37. Техникалык директор төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

- жогорку техникалык билиминин болушу;  

өз кесиби боюнча кеминде 3 (үч) жыл иш тажрыйбасынын болушу;  

- сот жообуна тартылбаган болушу.  

38. Башкы бухгалтер төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

- жогорку же орто кесиптик билиминин болушу;  

- өз кесиби боюнча кеминде 3 (үч) жыл иш тажрыйбасынын болушу;  

- бухгалтердик эсепке алуу жагында жана финансылык отчетту эл аралык стандарттарга ылайык түзүү чөйрөсүндө билиминин болушу, жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча курсту аяктагандыгын (экзамен/тестти ж.б. тапшыргандыгын) же квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган, акыркы 5 (беш) жыл ичинде алган сертификаттын же башка документтердин болушу;  

- сот жообуна тартылбаган болушу.  

 

§ 2. Төлөм уюмунун ишине карата талаптар  

 

39. Төлөм уюму өз ишин Улуттук банктын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. 

40. Төлөм уюму Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу боюнча кызматтарды сунуштоо жагында иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелери жана жол-жоболору болууга тийиш.  

41. Төлөм уюму өз ишин төлөм системасынын же финансы-кредит мекемесинин операторунун иши менен тиешелүү лицензиясы болгон шартта бириктире алат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл башка операцияларды ишке ашырууга укуктуу. 

42. Төлөм уюмунун укуктары:  

1) төлөм системасынын оператору алар менен келишим түзгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишине байланыштуу товарларды сатып алууга/сатууга жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштай алат;  

2) төлөм уюмунун ишине байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызматтарды сунуштай алат. 

43. Төлөм уюмунун уставдык капиталы кеминде 1000 000 ( бир миллион) сомду түзүүгө тийиш. 

44. Төлөм уюмдарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын, ошондой эле келишимдик мамилелеринде алдын ала төлөө каралбаган төлөм уюмунун ишкердигине байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу максатында, төлөм уюму коммерциялык банктагы эсептерге акча каражаттарын, камсыздандыруу депозитин депондоштурууга же товарларды/кызматтарды сунуштоочунун пайдасына кайтарылып алынгыс банктык гарантияны берүүгө тийиш. 

45. Депондоштурулган сумманын, баалуу кагаздын, банктык гарантиянын өлчөмү, келишимдик мамилелерде алдын ала төлөө, камсыздандыруу депозити же төлөм уюмунан банктык гарантия каралбаган, толугу менен же анын бир бөлүгү кызматтарды сунуштоочулар боюнча төлөм уюмунун акыркы чейреги ичиндеги орточо күндүк жүгүртүү суммасынын 20% түзүүгө тийиш.   

46. Төлөм уюму акча каражаттарынын бүтүндөй төлөөчүдөн алуучуга өткөрүп берүү процессинин контролдукка алынышын камсыз кылууга милдеттүү

47. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, жеке маалыматтардын жана милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон башка маалыматтардын корголушун камсыз кылууга милдеттүү

48. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын аймагында бардык операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышын кайсы болбосун мезгил ичинде кайсы болбосун транзакция боюнча маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү менен Улуттук банктын лицензиясын алган учурдан тартып, системанын администратору тарабынан талапты инициациялоодон кийинки эки сааттан ашпаган мезгил ичинде жүзөгө ашырууга тийиш. 

49. Төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн кызматты Улуттук банктын лицензиясына ээ эмес үчүнчү жактарга аутсорсингге өткөрүп берүүгө тыюу салынат.  

50. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплекси жайгашкан жай төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- ишенимдүү автоматташтырылган кулпулардын болушу; 

- өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине бөгөт койгон жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыз кылган күнүүнү коргоо жана байкоо жүргүзгөн каражаттардын болушу; 

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш; 

51. Төлөм уюму өз тескөөсүндө турган төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтардын коргоого алынышын жана алардын купуялуулугун камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана аларды үчүнчү жактарга берүүгө тийиш. 

52. Төлөм уюму иштелип чыккан финансылык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында төлөм документтерин сактоо үчүн белгиленген мөөнөттөргө ылайык архивде сактоого алынышын жана анын жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

53. Төлөм уюму автоматташтырылган системанын коопсуздугун ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык келишине алты айда кеминде бир жолу текшерип турууга тийиш. Текшерүүнүн натыйжалары протокол менен таризделүүгө тийиш.  

 

§ 3. Субагенттерге карата талаптар  

 

54. Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн башка жактар менен субагенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана төмөнкүлөргө милдеттүү

1) төлөм уюмунун кызматкерлери үчүн кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражаттарын кабыл алууга, сактоого, берүүгө/которууга (инкассациялоого) карата ушул жобонун талаптарын аткаруу бөлүгүндө жол-жоболорду субагент тарабынан аткарылышын камсыз кылуу; 

2) субагенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган базанын болушу:  

- эгер юридикалык жак болсо уюмдун аталышы, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, уюштуруу документтери, иш жүзүндөгү дареги, байланыш телефондору;  

- жеке ишкер болсо ишкердин паспортунун көчүрмөсү, жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү, колдонуудагы патент, ишкердик ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (эгер иши лицензияланса). 

55. Төлөм уюму же субагент төлөмдөрдү кабыл алууда ар бир кабыл алуу пунктунда төлөөчүлөргө төмөнкү маалыматтарды берүүгө милдеттүү

- төлөм уюмунун аталышы, байланыш маалыматтары жана жайгашкан жери; 

- төлөм уюмунун лицензиясынын номери жана берилген күнү

- төлөөчү тарабынан төлөнүүчү кызматтын наркы;  

- даттануулар менен кайрылуу ыкмалары; 

- call-борборунун, төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча сунуштоочулардын телефон номерлери. 

56. Төлөм уюмуна субагент менен кеминде төмөнкү көрсөткүчтөргө ээ келишимдик мамилелерге ээ болууга тыюу салынат: 

- төлөм уюмунун акча каражаттарынын ар айлык жүгүртүүсүнүн 30% жана андан көп, бирок кеминде 1 миллион сом; 

- төлөм уюмунун субагенттик жана/же терминал түйүнүнүн ар айлык санынын 30% жана андан көп;  

- төлөм уюмунун кассалык операциялар көлөмүнүн 30% жана андан көп. 

Бул көрсөткүчтөр болгон шартта субагент лицензия алып, ушул жобонун талаптарына ылайык төлөм уюму катары ишин өз алдынча жүзөгө ашырууга тийиш. 

57. Төлөм уюму субагент тарабынан ушул жобонун талаптарынын аткарылышы үчүн толук жооптуу болот.  

58. Төлөм уюму субагенттерди алар тарабынан аткарылуучу милдеттердин алкагында системадан пайдалануу принциптерин окутуу үчүн документтерге ээ болууга тийиш. Келишим түзгөн учурда колдо болгон жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү өткөрүү жана субагенттин терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө талапты кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары менен тааныштыруу зарыл. 

 

§ 4. Товарлады/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен өз ара иш алып барууда төлөм уюмуна карата талаптар  

 

59. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн товарларды/кызматтарды сунуштоочулар менен кызматтардан пайдалануучулардан төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, ал келишим шарттарына ылайык, төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле келишимде белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш.  

60. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алууда чарба иштерине каралган каражаттарды сактоо жана пайдалануу, ошондой эле товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн атайы банктык эсепти пайдаланууга милдеттүү

61. Төлөм уюму сунуштоочулар боюнча актуалдуу базага ээ болууга тийиш. Төлөм уюму менен сунуштоочунун ортосундагы агенттик келишим жок дегенде төмөнкү маалыматты тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен камтууга тийиш: 

1) юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү

2) юридикалык, айкын дареги жана байланыш маалыматтары; 

3) сунуштоочу тарабынан сунушталган товарлардын аталышы же кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү;  

4) кардарга товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган/сунуштабаган шартта тараптардын жоопкерчилиги; 

5) келишимдин колдонуу мөөнөтү

6) тараптардын банктык реквизиттери; 

7) төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялык төлөмдөр, сый акылар жана башкалар). 

 

5-глава. Отчетту жана башка маалыматтарды сунуштоо  

 

62. Төлөм уюму отчетту Улуттук банктан лицензия алган чейректен кийинки отчеттук чейректен тартып сунуштайт.  

63. Төлөм уюму уставдык капитал өлчөмү, коллегиалдык аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар, аффилирленген жактар, акча каражаттарынын келип чыгуу булактары, айкын жана юридикалык даректери тууралуу маалыматтарды отчеттук жылдан кийинки жылдын 1 (биринчи) февралына чейин ар жылдык негизде сунуштоого тийиш.  

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн шартта төлөм уюму маалыматтарды өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийинки 10 (он) жумуш күн ичинде Улуттук банкка тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен сунуштоого милдеттүү

64. Төлөм уюму финансылык абалы тууралуу маалыматтарды Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык, отчет берүү формалары боюнча отчеттук чейректен кийинки айдын 25нен кечиктирбестен чейрек сайын сунуштап турууга милдеттүү.  

65. Төлөм уюму кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн келишимдер боюнча маалыматтарды 4-тиркемеге ылайык келишим түзүлгөндөн кийинки эки жумадан кечиктирбестен, Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү.  

66. Эгерде отчет берүүнүн акыркы күнү эс алуу күнүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу белгиленген майрам күнүнө туура келсе, отчет берүүнүн акыркы мөөнөтү андан кийинки жумуш күнүнө которулат. 

67. Улуттук банк, төлөм уюмдарынан алардын ишине тиешелүү кайсы болбосун маалыматты кайсы болбосун убакытта талап кылууга, ошондой эле инспектордук текшерүүлөрдү жеринде барып жүргүзүүгө укуктуу. 

68. Төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчиси бул жобонун талаптарын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. 

69. Улуттук банкка сунушталуучу бардык отчеттор ушул жобонун 4-тиркемесине ылайык, компаниянын расмий барактарында таризделип, жетекчинин жана башкы бухгалтердин кол тамгалары коюлуп, сунушталууга тийиш. 

“Төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жана 

жөнгө салуу жөнүндө” жобого карата 

1-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Төлөм системалары башкармалыгы 

  

ӨТҮНҮЧ КАТ 

(______________________________________________________________________ ________________________________________________________________________________) 

(толук аталышы, юридикалык дареги, айкын дареги, телефон номери ) 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана өткөрүү кызмат көрсөтүүсүн маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына сунуштоо жагында иш алып баруу үчүн лицензия берүүнү өтүнөм. 

Ушул өтүнүч катты толтуруу менен мен, өтүнүч кат ээсинин жетекчиси катары, Улуттук банктын төлөм системалары боюнча ченемдик укуктук актылары менен таанышкандыгымды тастыктайм жана жогоруда белгиленген ишкердик түрлөрү үчүн талап кылынган бардык маалыматтарды жана документтерди, тактап айтканда төмөнкүлөрдү сунуштаймын: 

 1.  Уюштуруучулар тууралуу маалымат:    

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________   

Башкарманын коллегиалдык башкаруу органынын курамы (Төраганын, техникалык директордун, башкы бухгалтердин аты-жөнү):  ______________________________________________________________ ________________________________________________________________________________ 

   2. Документтер:  

2.1. Коллегиалдык аткаруу органынын Төрагасынын анкетасы   

2.2. Техникалык директордун анкетасы  

2.3. Башкы бухгалтердин анкетасы  

2.4. Уюштуруучу-жеке адамдын анкетасы  

 

Жетекчинин кол тамгасы жана уюмдун мөөрү     

20__-жылдын   "____" _____________  

 

 

 

 

 

 

 

“Төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жана 

жөнгө салуу жөнүндө” жобого карата 

2-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Төлөм системалары башкармалыгы 

 

АНКЕТА 

 

 

үрөт үчүн)    

_________________________________________________________________________________ (төлөм уюмунун аталышы) 

  Аты-жөнү, кызматы:_______________________________________________________________ _________________________________________________________________________________    

Туулган күнү жана жери: __________________________________________________________  

 

Паспортунун сериясы __________ № ________ Ким тарабынан берилген:_____________ Берилген күнү: __________    

 

Жарандыгы: ____________________________________________________________________   

 

Байланыш маалыматтары (катталган жери боюнча дареги): ___________________________________ _________________________________________________________________________________    

Байланыш маалыматтары (анкетаны толтуруу учурунда айкын жашаган жеринин дареги, телефон номери (шаардык, уюлдук), электрондук почта дареги):______________________ _________________________________________________________________________________ 

 

Үй-бүлөлүк абалы: ______________________________________________________________  

 

Билими______________________________________________________________________  

Диплом № ______________ Берилген күнү: _______________ Ким тарабынан берилген: ____________________  

 

Билими тууралуу маалымат: 

Окуу жайынын аталышы жана анын жайгашкан жери 

Факультет  же бөлүм 

Тапшырган жылы  

Аяктаган жылы 

Алынган диплом боюнча адистиги  

Диплом (номер, берилген күнү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Квалификацияны жогорулатуу (курстар жана семинарлар):     

Темасы 

Уюштуруучу 

Жайгашкан жери 

Өткөргөн күндөр 

Сертификаттын болушу 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Иш башталгандан берки аткарылуучу иштер:    

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери 

Ээлеген кызматы 

Ишке кирүү күнү 

Иштен кеткен күнү 

Иштен кетүү себеби 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сиз анын кызматкери же мүчөсү болгон юридикалык жактардын бардык башка уюмдарын, ассоциацияларын, мекемелерин көрсөтүңүз: 

Уюмдун аталышы, жайгашкан жери  

Ээлеген кызматы 

Кирген күнү 

 

 

 

 

 

 

    

Төлөм системасынын операторунун кызматкерлери менен аффилирленген байланышын жана азыркы учурдагы туугандык байланышты көрсөтүңүз: 

Юридикалык жактын аталышы же жеке адамдын аты-жөнү  

Канчалык деңгээлде байланыштуу (таасир этүү/туугандык деңгээли) 

Аффилирленүү мезгили  

 

 

 

 

 

 

  

Акырына чыгарылбаган сот иши же сизге иштин кайсыл бир түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими барбы:  __________________________________________________________ _________________________________________________________________________________ 

    

Сизге Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулганбы: _________________________________________________________________________________ 

    

Мен, ______________________________________________________________________________  

(аты-жөнү

жогоруда берилген маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана бардык өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды мындан ары Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттенем. Мен тараптан бурмалоолорго жана калпыстыктарга жол берген учурда, мага, төлөм системасынын операторуна жана төлөм уюмуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, санкциялар колдонула тургандыгын түшүнөм.    

20__-жылдын   «____» ___________  

 

________________________________   

(жетекчинин кол тамгасы)    

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

“Төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жана 

жөнгө салуу жөнүндө” жобого карата 

3-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Төлөм системалары башкармалыгы 

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

  

№ _____________ лицензия 

 

Бул лицензия __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________  

(жайгашкан жери) 

 

юридикалык дареги боюнча катталган ____________________________________________ 

_________________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________ берилген, 

өлөм уюмунун толук аталышы),  

 

ал төлөм уюму катары иш алып барууга жана операциялардын төмөнкү түрлөрүн жүргүзүүгө укук берет: 

 

Өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана өткөрүү кызмат көрсөтүүсүн маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына сунуштоо. 

 

Лицензия ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Лицензия ажыратылгыс жана мөөнөтсүз болуп саналат. 

 

 

Лицензия берилген күн: 20__-жылдын «____» ___________.    

    

  

Төраганын орун басары (кол тамга жана мөөрдүн оттискасы) _______________________ (аты-жөнү

 

 

 

 

“Төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жана 

жөнгө салуу жөнүндө” жобого карата 

4-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Төлөм системалары башкармалыгы 

 

 

 

Бул отчет келишим түзүлгөн учурда берилет. 

 

 

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтар  

_____________________________________________  

өлөм уюмунун аталышы) 

 

Төлөм уюмунун аталышы 

Оператордун аталышы  

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын аталышы  

Сунуштоочу тарабынан сунушталган товардын аталышы/кызматынын түрү  

 

 

 

Аткаруучу ___________________ ___________________ 

(жеке кол тамгасы) (аты-жөнү

 

Жетекчи _____________ __________________ 

(жеке кол тамгасы) (аты-жөнү