Кайта келүү

Долбоор 

  

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

  

1-статья

«Кредиттик союздар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

  

1. Төмөнкүдөй мазмундагы преамбула менен толукталсын:  

«Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды түзүүнүн жана алардын ишмердигин укуктук жана экономикалык негиздери аныкталат». 

  

2. 1 - статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:  

«1 - статья. Кредиттик союз түшүнүгү 

Кредиттик союз бул кредиттик союздун катышуучуларынын өздүк топтоолорун бириктирүү жана аларды өз ара кредиттөө үчүн пайдалануу жолу менен өзүлөрүнүн катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам берүү, ошондой эле башка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында кооператив түрүндө түзүлүүчү финансы-кредиттик уюм

Кредиттик союздардын ишмердиги ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. Башка мыйзамдарда камтылган жана кредиттик союздардын ишмердигине байланышкан маселелерге тиешелүү нормалар ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш. Кредиттик союздардын ишмердигинин маселелерин жөнгө салуучу башка мыйзамдарда камтылган нормалар ушул Мыйзамдын нормалары менен карама-каршы келген учурда ушул Мыйзамдын нормалары колдонулат.». 

3. 2-статьяда

үчүнчү абзацта «бардык» деген сөз алынып салынсын

- төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

«сактык пай (пай төлөмү) кредиттик союздун катышуучусу тарабынан капиталга салынган жана кредиттик союздун тескөөсүндө турган акча каражаттарынын суммасы». 

  

4. 3-статьянын 2-пункту «кредиттик союздун ишмердиги» деген сөздөрдөн кийин «анын мүчөлөрүнүн биргелешкен ишмердиги, тең укуктуулугу» деген сөздөр менен толукталсын.».  

  

5. 4-статьяда:  

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:  

«4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптары аткарылган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кошумча лицензия алынган шартта, кредиттик союздар төмөнкүдөй кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) жүзөгө ашыра алышат

1)                кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу

2)                кредиттик союздун катышуучулары менен лизинг операцияларын жүзөгө ашыруу

3)                банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимге ылайык кредиттик союздун катышуучуларынын тапшырмасы боюнча, кредиттик союзда эсептерди ачпай эле, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу

- төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын

«5. Кредиттик союз лицензияда көрсөтүлгөн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү гана жүзөгө ашырууга укуктуу.». 

  

6. төмөнкү мазмундагы 4-1-статьясы менен толукталсын

«4-1-статья. Кредиттик союздун ишмердигин чектөөлөр.  

Кредиттик союз төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укуксуз

1)    кредиттик союздун мүчөсү болуп саналбаган жактарга финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга

2)    өзүнүн мүчөлөрүнүн жана үчүнчү жактардын милдеттенмелери боюнча  кепил болууга жана гарантия берүүгө

3)    өзүнүн менчик баалуу кагаздарын чыгарууга.». 

  

7. 6-статьяда

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:  

«2. Кредиттик союздар ишмердиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу адистештирилген мекемелерди: анын ичинде борбордук кредиттик институтту, депозиттерди камсыздандыруу фондун, стабилдештирүү фондун түзө алышат же аларга ээлик кылууга жана /же аларды башкарууга катыша алышат.». 

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-6 пункттар менен толукталсын

«3. Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институту - борбордук кредиттик союздун катышуучулары болуп саналган кредиттик союздарды кредиттөө жана алардын ликвиддүүлүгүн колдоо милдетин аткарган адистештирилген финансы-кредит мекемеси

        Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институту Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына жооп берген шартта төмөнкүдөй операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу

1)    борбордук кредиттик институттун катышуучуларына-кредиттик союздарга кредиттерди берүү

2)    борбордук кредиттик институттун катышуучуларына-кредиттик союздарга эсептерди ачуу жана жүргүзүү

3)    борбордук кредиттик институттун катышуучуларынын-кредиттик союздардын тапшырмалары боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу

4)    Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чектөөлөрүн эске алуу менен башка операцияларды

  

Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институтунун ишмердиги, уюштуруу, башкаруу, каржылоо, кредиттерди берүү, эсептерди жүргүзүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу маселелерин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынат жана лицензияланат. Мында борбордук кредиттик институт катышуучулары кредиттик союздар болуп саналышкан жана катышуучулардын жалпы жыйынында добуш берүү «бир катышуучу - бир добуш» принциби боюнча жүзөгө ашырылган борбордук кредиттик союз түрүндө уюштурулушу мүмкүн

4. Кредиттик союздардын депозиттерин камсыздандыруу фонду кредиттик союздун катышуучуларынын аманаттары (депозиттери) боюнча төлөмдөрдү кредиттик союздардын депозиттерин камсыздандыруу фондунун активдерин башкаруу, кредиттик союздар төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда алардын катышуучуларынын депозиттери боюнча компенсациялоо аркылуу гарантиялоо милдетин аткаруучу адистештирилген фонд

Кредиттик союздардын депозиттерин камсыздандыруу фондунун ишмердиги, аны түзүү, уюштуруу, башкаруу, каржылоо, депозиттер боюнча компенсацияларды төлөө тартиби, жөнгө салуу маселелерин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары менен аныкталат

5. Кредиттик союздардын стабилдештирүү фонду - төлөөгө жөндөмсүз абалга дуушар болгон кредиттик союздардын финансылык абалын жакшыртууну камсыз кылуу үчүн түзүлүүчү фонд. Стабилдештирүү фонду өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн кредиттик союздарга акыркы инстанциянын кредитин берүүгө, ошондой эле кредиттик союздар үчүн консулңтацияларды, окууларды өткөрүүгө, мониторинг жүргүзүүгө укуктуу

Кредиттик союздардын стабилдештирүү фондунун ишмердиги, аны түзүү, уюштуруу, башкаруу, каржылоо, акыркы инстанциянын кредитин берүү тартиби, жөнгө салуу маселелерин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары менен аныкталат

6. Кредиттик союздардын борбордук кредиттик институтунун, кредиттик союздардын депозиттерди камсыздандыруу фондунун, кредиттик союздардын стабилдештирүү фондунун ишмердиги жыл сайын көзкарандысыз аудитордук текшерүүдөн өткөрүлөт

  

8. 7-статья

-1-пунктта: 

- биринчи абзацтагы «жеке жактардан» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын жеке жактары - резиденттери тарабынан» деген сөздөр менен алмаштырылсын

- 2- пунктчадагы «пункттарда» деген сөздөн кийин «же бир райондо» деген сөздөр менен толукталсын.». 

  

9. 8-статьянын 2-пунктунун 1-пунктчасы алынып салынсын

  

10.         9-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын» «Кредиттик союздун аталышы «кредиттик союз» деген сөздөрдү камтууга тийиш». 

  

11. 10-статьяда

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин

«2. Кредиттик союздун капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптар  жана аны түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет

Эгерде кредиттик союздун катышуучуларына сактык пайларды төлөөнүн натыйжасында анын сактык пайларынын жалпы суммасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген сактык пайлардын жалпы суммасынын минималдуу өлчөмүнөн аз болуп калса, кредиттик союз ушул мыйзамга ылайык жоюлууга тийиш.»;  

- төмөнкүдөй мазмундагы 3- пункт менен толукталсын

«3. Кредиттик союздун капиталы катышуучулардын акча каражаттарынын эсебинен түзүлүүгө тийиш. Кредиттик союздун капиталын, негизги каражаттарды, баалуу кагаздарды жана материалдык эмес активдерди кошо алганда, башка активдер менен түзүүгө жол берилбейт.». 

  

12.             11-статьяда

- 1-пунктта «жеке жактар» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын жеке жактары- резиденттери» деген сөздөр менен алмаштырылсын»; 

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин

«2. Кредиттик союздун катышуучусунун жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрү (жакын туугандары), эгерде үй-бүлөнүн ар бир мындай мүчөсү ушул Мыйзамдын 20-статьясына ылайык белгиленген, кредиттик союзга катышууга укук берген өлчөмдө сактык пайын өз алдынча сатып алган болсо, 14 жашынан баштап эле кредиттик союздун катышуучусу боло алат. Мында жашы жете элек катышуучулар кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында чечимдерди кабыл алууда добуш берүү укугуна, ошондой эле кредиттик союздун башкармасына, кредиттик комитетине, текшерүү комиссиясына жана башка комитеттерине жана комиссияларына шайлануу укугуна ээ боло албайт.»; 

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2 пункттары менен толукталсын:  

«3-1. Жеке жактардан тышкары, Кыргыз Республикасынын дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактары- резиденттери кредиттик союздун катышуучулары болушу мүмкүн. Дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактардын кредиттик союзга катышуусу кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу катышуучуларынын жалпы санынын отуз пайызынан жогору болбошу керек.  

3-2. Дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактардын кредиттик союзга катышуусу (мүчө болуусу) юридикалык ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу жүзөгө ашырылат. өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишеним берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.»;  

- 5-пункт «кредиттик союз» деген сөздөрдөн кийин «катышуучулардын кимиси бул кредиттик союзга мүчө болгон дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактардын катышуучусу болуп санала тургандыгы жөнүндө маалыматты кошо алганда» деген сөздөр менен толукталсын».  

  

13.             12-статьяда

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин

«1. Кредиттик союздун башкармасы жазуу жүзүндө берилген арыздын негизинде кредиттик союзга кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү карап, бир айдан ашпаган мөөнөт ичинде ал боюнча чечим чыгарат

Дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактар кредиттик союзга кирүү учурунда арыз менен бирге өзүнүн уставынын, уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрүн жана өз катышуучуларынын тизмесин нотариалдык тастыкталган түрдө берет». 

14.             14- статьяда

- 1-пункттун үчүнчү абзацы «текшерүү комиссиясынын» деген сөздөрдөн кийин «добуш берүүгө укуктуу» деген сөздөр менен толукталсын

- 4-пункт «боюнча» деген сөздөн кийин «кредиттик союздун башкармасы тарабынан» деген сөздөр менен толукталсын

15.             15-статьяда

-  1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин

«1. Жалпы жыйын эгерде ага, кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу болгон мүчөлөрүнүн кеминде элүү пайызынын добушуна жетишилген болсо, укук ченемдүү болуп саналат. Кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында добуш берүүгө жашы жеткен жеке адамдар - катышуучулар жана дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактардын- катышуучулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү укуктуу.»; 

- 2-пункттун биринчи абзацы «кредиттик союздун» деген сөздөрдөн мурда «Ушул статьянын 1-пунктунун шарттарына ылайык келген» деген сөздөр менен толукталсын

- 2-пункттун экинчи абзацы алып салынсын

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 пункт менен толукталсын

«2-1. Кредиттик союздун ушул статьянын 1-пунктунун шарттарына ылайык келген жеке жактары - катышуучулары ишеним берилген адамдар аркылуу, аларда нотариалдык тастыкталган ишеним каты болгон учурда жалпы жыйынында добуш бере алышат. Ишеним берилген адам кредиттик союздун кайсы бир башкаруу органынын (башкарма, кредиттик комитет, текшерүү комиссиясы же башка комитет) мүчөсү болууга тийиш эмес. Ишеним берилген адам кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу 2 ден көп болбогон башка жеке жактары - катышуучулары үчүн добуш бере алат.»; 

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин

«3. Кредиттик союздун башкармасынын, кредиттик комитетинин, текшерүү комиссиясынын жана башка комитеттеринин мүчөлөрүн кайта чакыртып алууга тиешелүү, жыйынга катышып жаткан жана добуш берүүгө укуктуу катышуучулардын кеминде 2/3 добушун талап кылган маселелерди эске албаганда, жалпы жыйында чечимдер ага катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.».  

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин

«4. Жалпы жыйында кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, бекитүү, кредиттик союзду кайра өзгөртүп түзүү жана/же жоюу маселелери боюнча чечимдер, кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу катышуучуларынын жалпы санынын элүү пайыздан кем болбогону добуш берген болсо кабыл алынат». 

  

16.             16-статьянын 4-пунктунун экинчи сүйлөмү «чогулушуна катышып отурган» сөздөрүнөн кийин «жана добуш берүүгө укуктуусөздөр менен толукталсын

  

17. Төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-статьясы менен толукталсын

«16-1-статья. Кредиттик союздун байкоочу кеңеши  

1.                 Кредиттик союзда жүздөн ашык катышуучу болгон учурда устав тарабынан кредиттик союзда катышуучулардын жалпы жыйынында шайлануучу байкоочу кеңешти (комитетти) түзүү каралышы мүмкүн. Байкоочу кеңеш кредиттик союздун катышуучуларынын ичинен так санда, бирок үч адамдан кем эмес, анын мүчөлөрүнө экинчи жолу шайлануу мүмкүндүгүн берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат.  

2.                 Байкоочу кеңештин ыйгарым укуктары

1)  кредиттик союздун башкармасынын жана кредиттик комитетинин ишмердигин уставдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, кредиттик союздун пландарына жана программаларына шайкештигине байкоо жүргүзүү

2)  кредиттик союздун башкармасынын, кредиттик комитетинин жана текшерүү комиссиясынын ишмердиги тууралуу даттанууларды жана сунуштарды кароо

3)  башкарманын жана кредиттик комитеттин иш планын бекитүү жана алардын аткарылышы боюнча отчетторду кароо

4)  кредиттик союздун жылдык финансы планынын аткарылышына контролдук жүргүзүү

5)  башкарманын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиясынын ишмердигин жакшыртуу боюнча сунуштарды кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын кароосуна коюу

6)  башкарманын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу сунуштарды кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын кароосуна коюу

7)  кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар

3.                 Байкоочу кеңештин чечимдери, кворум байкоочу кеңештин добуш берүүчү мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3 нен кем болбогон учурда, байкоочу кеңештин катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат

4.                 Байкоочу кеңеш жыл сайын өз ишмердиги тууралуу кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында отчет берип турат.» 

  

18. Төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-статьясы менен толукталсын

«18-1-статья. Кызыкчылыктар боюнча пикир келишпестик 

1.                 Кредиттик союздун башкаруу органдарынын башка мүчөлөрү менен жакын туугандыгы бар адамдар бир мезгилде кредиттик союздун башкаруу органынын (башкарма, кредиттик комитет, текшерүү комиссиясы, байкоо кеңеши) мүчөлөрү боло алышпайт.  

2.      Кредиттик союздун башкаруу органдарынын бир да мүчөсү анын жеке  

мүлктүк кызыкчылыгына же жакын тууганынын, же анын ишмердигинде башкаруу органынын ушул мүчөсү түз же кыйыр мүлктүк кызыкчылыкка ээ болгон башка адамдын кызыкчылыгына байланыштуу маселелердин чечилишине эч кандай жол менен таасир эте албайт. Мындай маселелерде кредитти берүү же төлөө, сактык пайын, депозитти салуу же алуу, уюмдардын капиталына жана негизги каражаттарына инвестициялар, лизинг операцияларын жана эсептешүүлөрдү ишке ашыруу, ошондой эле башка операциялар кирет

Кредиттик союздун башкаруу органдарынын мүчөлөрү кызыкчылыктар боюнча пикир келишпестик орун алгандыгы тууралуу маалыматты алдын ала кредиттик союздун башкармасына билдирүүлөрү керек, башкарма бул маалыматты кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынына билдирүүгө милдеттүү

3.                 Кредиттик союздун дыйкан (фермердик) чарба же кооператив түрүндөгү юридикалык жактардын катышуучулары болуп эсептелген, ушул кредиттик союзда мүчө болгон катышуучулары бул тууралуу дароо башкармага билдирүүлөрү керек, башкарма бул маалымат менен кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында тааныштырууга милдеттүү

4.                 Кызыкчылыктар боюнча орун алган пикир келишпестиктер жана катышуучулардын байланышы тууралуу маалымат кредиттик союздун бардык катышуучуларына белгилүү болууга тийиш.» 

  

19. 20-статьянын 3-пункту «үчүнчү жакка» сөздөрүнөн кийин «, анын ичинде, кредиттик союздан кетип жаткан катышуучу макулдугу менен сактык пайларын кредиттик союздун башка катышуучусуна өткөрүп берсе, катышуучулардын кредиттик союздан чыгып кеткен учурларын эске албаганда, кредиттик союздун башка катышуучуларына» сөздөрү менен толукталсын

  

20. 22-статьяда

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин

«1. Каражаттар сактык пайлар катары салынган учурда кредиттик союздун катышуучусуна кредиттик союздун катышуучусунун акча каражаттарын салгандыгын же алгандыгын тастыктаган жана төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган пай китепчеси берилет

1) жеке жак үчүн - аты-жөнү, туулган күнү жана жашаган дареги, юридикалык жак үчүн толук аталышы, юридикалык дареги жана каттоодон өткөрүлгөн күнү, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнү жана жашаган дареги

2) салынган жана алынган сактык пайлардын суммасы жана аларды салуу жана алуу күнү

3) кредиттик союздан чыгып жаткан убакта башка катышуучудан/га кайра таризделген сактык пайлардын суммасы жана алардын кайра таризделген күнү

4) төлөнгөн дивиденддердин суммасы аларды төлөө күнүн көрсөтүү менен

Катышуучунун сактык пайлары боюнча бардык операциялар жана юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн операцияларынын өзгөрүүлөрү тууралуу маалымат пай китепчесинде кредиттик союздун башкармасынын төрагасынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.»; 

2-пункттун төртүнчү абзацы алынып салынсын

  

21. 25-статьяда

2-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«Устав бир карыз алуучуга же өзара байланыштары бар карыз алуучуларга, банктык мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуу талаптарын эске алуу менен берилүүгө тийиш болгон кредиттин максималдуу өлчөмүн камтууга тийиш.» 

4-пункттун экинчи абзацы алынып салынсын

  

22. 26-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы алынып салынсын

  

23. 27-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасындагы «гарантияларды кошо алганда» сөздөрү алынып салынсын, ошондой эле «берилген» сөзү «берилгендердин» деген сөзү менен алмаштырылсын

  

24. 30-статьяда

2-пункттун экинчи абзацында «өзү ыйгарым укук берген органга  тапшырышы» сөздөрүнөн кийин «же ушул ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте көзөмөлдү ишке ашырышы» деген сөздөр менен толукталсын

3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын

«11. кредиттик союздун кызмат адамдарына мыйзам жоболорун бузгандыгы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы же отчетторду бербегендиги же так эмес маалымат отчет бергендиги үчүн айып салуу.». 

  

25. 32-статьяда

2-пункт күчүн жоготту деп табылсын

3-пунктта «жана финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча төлөнүүүчү сактык пайлары боюнча дивиденддерди» деген сөздөр алынып салынсын

  

26. 33-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:  

«. 33-статья. Кредиттик союздарды кайра өзгөртүп түзүү жана/же жоюу 

1. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен кайра өзгөртүп түзүлүшү (биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүп алуу) мүмкүн.  

2. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык жана анын макулдугу менен жоопкерчилиги чектелген коом же акционердик коом түрүндөгү финансы-кредит мекемеси болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.  

3. Кредиттик союз өз ыктыяры менен жоюла алат. Кредиттик союздардын өзүн жоюусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат

кредиттик союз лицензиянын түп нускасын (кошумча лицензиялары менен бирге) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүн жоюу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып, үч күн ичинде тапшырууга тийиш

кредиттик союз кредиттерди берүүнү, уюмдун капиталына жана негизги каражаттарына инвестициялоону, сактык пайларды жана депозиттерди кабыл алууну өзүн жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып токтотууга тийиш;  

кредиттик союз кредиторлордун жана катышуучулардын алдындагы бардык милдеттенмелерди аткарууга тийиш

4. Кредиттик союздун уставында ал ыктыярдуу жоюлган учурда бардык милдеттенмелер канааттандырылгандан кийин, анын төлөнгөн сактык пайлардын жалпы суммасынан ашып калган активдери, кредиттик союздун уставында каралган шарттарга ылайык, бардык катышуучулар ортосунда бөлүштүрүлө тургандыгы каралууга тийиш.  

5. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиясы кайтарылып алынган төмөнкү учурларда жоюлууга тийиш

        кредиттик союздун добуш берүү укугуна ээ болгон жеке жактарынын - катышуучуларынын саны ондон кем болгондо

кредиттик союз ушул Мыйзам талаптарына ылайык сактык пайлардын жалпы суммасынын минималдык өлчөмүн сактоого тиешелүү шарттарды аткарбаса

кредиттик союз системалуу түрдө (б.а. катар 12 календардык ай ичинде эки же андан көп жолу) мыйзам жоболорун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларын, көрсөтмөлөрүн жана/же кредиттик союздун уставын бузса, анын натыйжасында кредиттик союздун ишмердиги кооптуу же финансылык жактан ишенимсиз болгондугу же болушу мүмкүн болсо

кредиттик союз мыйзамга ылайык төлөөгө жөндөмсүз деп таанылса

6. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки үч күн ичинде лицензиянын түп нускасын (кошумча лицензиялары менен бирге) Улуттук банкка тапшырууга, бир ай ичинде соттон тышкаркы тартипте жоюлуу жол-жобосун баштоого тийиш

7. Кредиттик союзду жоюу боюнча милдеттер анын катышуучуларына же кредиттик союздун уставында көрсөтүлгөн жоюуга ыйгарым укуктуу башкаруу органына жүктөлөт

8. Кредиттик союз төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда кудуретсиздик (банкроттук) жөнүндө мыйзамга ылайык жоюулууга тийиш. Мында кооперативдерди кудуретсиздиккке чыгаруу процессинин өзгөчөлүктөрү кредиттик союздарга карата колдонулбайт

9. Төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда өз катышуучуларынан депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союз банктарды косервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө мыйзамга ылайык жоюлууга тийиш.». 

  

2-статңя

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

  

1. 152-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац бөлүк толукталсын

«Кредиттөө жана башка банктык операциялар боюнча ишмердикти жүзөгө ашыруучу финансылык кооперативдердин (кредиттик союздардын) укуктук абалы кредиттик союздар жөнүндө мыйзамдарда белгиленет.». 

  

2. 153-статьянын экинчи бөлүгү «мүчөлөрүнүн саны» деген сөздөрдөн кийин «, эгер кооперативдердин адистештирилген ишинин негизинде мыйзамдарда башка аныкталбаса» деген сөздөр менен толукталсын

  

3-статңя. «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2004-жыл, 10, 436-статья) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

  

Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 статья менен толукталсын

«3-1-статья. Финансылык кооперативдерди (кредиттик союздарды) түзүүнүн жана алардын ишмердиктеринин өзгөчөлүктөрү  

  

Кредиттөө боюнча ишмердикти жана башка банктык операцияларды жүзөгө ашыруучу финансылык кооперативдердин (кредиттик союздардын), ошондой эле алардын мүчөлөрүнүн укуктук жоболору, аларды түзүү жана алардын ишмердиги кредиттик союздар жөнүндө мыйзамда белгиленет». 

 

  

4-статья. 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

  

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Президенти