Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбооруна 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Улуттук банк Шариат стандарттарына ылайык келтирүү максатында ижара, гарантия жана салам бүтүмдөрү боюнча, ошондой эле кайрымдуулук максаттарында кошумча төлөм суммасын чегерүү жана каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо милдетин Шариат кеңешине жүктөө тууралуу Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбоорун (мындан ары Долбоор) иштеп чыкты.  

Долбоордо төмөнку токтомдорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган: 

- 2013-жылдын 23-октябрындагы №39/9 “Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө”; 

- 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 “Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу”; 

- 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 “Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобо тууралуу”; 

- 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге карата талаптар жөнүндө” жобо тууралуу”; 

- 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”. 

Чыгымдарды сандык баалоо мүмкүн эмес. Бул долбоорду ишке ашыруу Улуттук банк жана финансы кредиттик мекемелер тарабынан кандайдыр бир түз же кайыр турүндө чыгашаларды алып келбейт. 

 

 

 

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы №39/9 “Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө

жобонун: 

- 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“33. Мурабаха келишиминде келишим предмети үчүн төлөө кыска жана узак мөөнөттүү негизде үзгүлтүксүз төлөө аркылуу жүргүзүлө тургандыгы каралышы мүмкүн. Эгерде кардар кийин төлөп берүү шартында сатылган күрөө предмети үчүн кезектеги төлөмдү белгиленген мөөнөт ичинде ишке ашырбаса, кардар тараптар ортосунда макулдашылган өлчөмдө кошумча төлөм төлөйт, мында бүтүндөй келишимди колдонуу мезгили ичинде чегерилген кошумча төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Кошумча төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Кошумча төлөм чегерүү жана төлөө тартиби жана акча каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдук финансы-кредит мекемесинин Шариат кеңеши тарабынан жактырылган жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички ченемдик документтерине ылайык ишке ашырылат.”; 

- 55-пункттагы экинчи сүйлөм алынып салынсын; 

- 1-тиркеменин 7.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“7.2. Ушул келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузууга жол берген шартта Мудариб, каржылоо суммасынан ______% өлчөмдө кошумча төлөм төлөйт, мында бүтүндөй келишимди колдонуу мезгили ичинде чегерилген кошумча төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Кошумча төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Кошумча төлөм чегерүү жана төлөө тартиби жана акча каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдук финансы-кредит мекемесинин Шариат кеңеши тарабынан жактырылган жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички ченемдик документтерине ылайык ишке ашырылат.”; 

- 2-тиркеменин 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

“11. Кардар кийин төлөп берүү шартында сатылган товар үчүн кезектеги төлөмдү графикте белгиленген мөөнөт ичинде ишке ашырбаса, кардар каржылоо суммасынан ______% өлчөмдө кошумча төлөм төлөйт, мында бүтүндөй келишимди колдонуу мезгили ичинде чегерилген кошумча төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Кошумча төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Кошумча төлөм чегерүү жана төлөө тартиби жана акча каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдук финансы-кредит мекемесинин Шариат кеңеши тарабынан жактырылган жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички ченемдик документтерине ылайык ишке ашырылат.”; 

- 4-тиркеменин 1.4-пунктундагы “товарды берүү күнүнө чейин төлөмдөр графигине ылайык” деген сөздөр алынып салынсын. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 “Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө” жобонун: 

- 65-пунктундагы “кардардын билдирмеси боюнча” деген сөздөр “же болбосо кардар кайрылган учурда ФКМдин менчигинде турган” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 67-пункттагы “белгилүү бир берүүчүдөн мүлктү сатып алуу жөнүндөгү” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 153-пункттагы экинчи сүйлөм алынып салынсын. 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы №32/2 “Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө" жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында алгачкы долбоордун алкагында ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө” жобонун: 

- 2.7-главасынын: 

7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“7. Кардар банкка негизги карыз боюнча компенсацияны төлөгөн шартта гана, банк негизги карыз суммасына кардардын финансылык милдеттенмелери боюнча гарантияны сунуштайт”; 

21-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“21. Гарантиялык катты сунуштоо үчүн комиссиялык жыйым алынбайт. Банк, мындай сарптоолор адатта кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу комиссиялык жыйымдан ашпаган шартта, банктын бекитилген ички документтеринде көрсөтүлгөн гарантиялык катты сунуштоо үчүн өтүнүч ээсинен административдик сарптоолорду төлөөнү өтүнүүгө укуктуу.”.  

4. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы №39/4 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге карата талаптар жөнүндө” жобо тууралуу” токтомго төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге карата талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 1-тиркемесинин: 

7.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“7.2. Мудариб ушул келишимдин 2.7 жана 3.5-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузууга жол берген шартта, каржылоо суммасынан ______% өлчөмдө кошумча төлөм төлөйт, мында бүтүндөй келишимди колдонуу мезгили ичинде чегерилген кошумча төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Кошумча төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Кошумча төлөм чегерүү жана төлөө тартиби жана акча каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдук финансы-кредит мекемесинин Шариат кеңеши тарабынан жактырылган жана Директорлор кеңиши тарабынан бекитилген ички ченемдик документтерине ылайык ишке ашырылат.”; 

9.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“9.3. Мударибдин демилгеси боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда токтоткондугу үчүн мудариб ушул келишимдин 2.1, 2.2 жана 2.5-пункттарын эске алуу менен аны токтотуу учуруна карата банк тарабынан инвестицияланган сумманы банкка кайтарып берет жана ________________ сом өлчөмүндө кошумча төлөм төлөйт, мында бүтүндөй келишимди колдонуу мезгили ичинде чегерилген кошумча төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Кошумча төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Кошумча төлөм чегерүү жана төлөө тартиби жана акча каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдук финансы-кредит мекемесинин Шариат кеңеши тарабынан жактырылган жана Директорлор кеңиши тарабынан бекитилген ички ченемдик документтерине ылайык ишке ашырылат.”; 

- 2-тиркеменин 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“11. Кардар кийин төлөп берүү шартында сатылган товар үчүн кезектеги төлөмдү графикте белгиленген мөөнөт ичинде ишке ашырбаса, кардар каржылоо суммасынан ______% өлчөмдө кошумча төлөм төлөйт, мында бүтүндөй келишимди колдонуу мезгили ичинде чегерилген кошумча төлөм өлчөмү каржылоо суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Кошумча төлөм түрүндө алынган акча каражаттары кайрымдуулук максаттарына багытталат. Кошумча төлөм чегерүү жана төлөө тартиби жана акча каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдук финансы-кредит мекемесинин Шариат кеңеши тарабынан жактырылган жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички ченемдик документтерине ылайык ишке ашырылат.”; 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө” жобонун: 

- 2.4.1-пунктундагы “кардардын билдирмеси боюнча мүлктүн” деген сөздөр “же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.4.3-пунктундагы “белгилүү бир берүүчүдөн мүлктү сатып алуу жөнүндөгү” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 2.7.21-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2.7.21. Гарантиялык катты сунуштоо үчүн комиссиялык жыйым алынбайт. Банк, мындай сарптоолор адатта кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу комиссиялык жыйымдан ашпаган шартта, банктын бекитилген ички документтеринде көрсөтүлгөн гарантиялык катты сунуштоо үчүн өтүнүч ээсинен административдик сарптоолорду төлөөнү өтүнүүгө укуктуу.”; 

- 2.8.39-пункттагы экинчи сүйлөм алынып салынсын.