Кайта келүү

«Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна  

толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбоорго карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Улуттук банк, банктардын активдерин классификациялоо жана кредиттерди реструктуризациялоо боюнча «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбоорун (мындан ары долбоор) иштеп чыкты.  

Долбоордо төмөнкү токтомдорго толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:  

- 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу»;  

- 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу»;  

- 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;  

- 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;  

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

Долбоор, анын натыйжасында пролонгацияланган кредиттер түшүнүгү жоюлууга тийиш болгон реструктуризацияланган кредиттерди классификациялоо тартибин аныктоо зарылчылыгынан улам иштелип чыккан. Долбоордо Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына активдерди кайра каржылоо түшүнүгүн, активдерди классификацияланган категориядан классификацияланбаган категорияга кайтаруу шарттарын жана башка менчикти сатуу мөөнөтүн токтотуп туруу мүмкүнчүлүгүн киргизүү каралган. Өзгөртүүлөр ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктарга да таркатылат. 

Аталган долбоор 2016-жылдын 23-июлунда өткөн тегерек столдо банк секторунун жана «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмесинин сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкты. 

Долбоордо төмөнкүлөр каралган: 

- реструктуризацияланган жана кайра каржыланган активдер түшүнүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү

- анда классификацияланган активдер категориясын колдонуу зарыл болгон мөөнөттүүндөрдүн санын) узартуу; 

- активдерди классификацияланган активдер категориясынан классификацияланбагандар категориясына кайтаруу шарттары; 

- алар боюнча пайыздык чен төмөндөтүлгөн шартта, банктар чет өлкө валютасында сунуштаган кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам өлчөмүн төмөндөтүү

- банктын башка менчигине сот тарабынан арест коюлган учурда, мүлк ээсинин өтүнүчү боюнча сот процессинин чегинде башка менчикти сатуу мөөнөтүн 2 жылга токтотуп туруу мүмкүнчүлүгү

- башка толуктоолор жана өзгөртүүлөр. 

Долбоор  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016 жылдын _______№ ___ 

токтомуна карата тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 2.3-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- төмөнкү мазмундагы пункт менен толукталсын: 

«4.2.3.-1. Эгерде кредит берүү учурунда эффективдүү пайыздык чен, Улуттук банк тарабынан жарыяланган, чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча орточо алынган пайыздык ченден 5 пунктка төмөн болсо, Банк карыз алуучунун киреше түзүмүнөн көз крандысыз, чет өлкө валютасындагы кредит боюнча 1% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш.». 

- 4.3.2-пунктчасынын: 

экинчи абзацындагы «күрөө менен» деген сөз алынып салынсын; 

төртүнчү жана тогузунчу абзацтар алынып салынсын; 

жетинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«- реструктуризациялоо күнүнө карата классификацияланган активдердин белгисине ээ, реструктуризацияланган актив; 

- Жобонун 7.6-пунктунун шарттарына туура келген, классификацияланган активдерди реструктуризациялоо;»; 

- 5.1.2-пунктчасынын.: 

экинчи абзацындагы «60» саны «90» санына алмаштырылсын; 

үчүнчү, сегизинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтар алынып салынсын. 

- төмөнкү мазмундагы 5.1.4-абзац менен толукталсын: 

«5.1.4. Актив төлөө мөөнөттү 90 күн өткөрүлгөн шартта, «субстандарттык» катары классификацияланууга тийиш, мында бул активдин сапаттык белгилери анын классификациялоосун жакшыртууга колдонулбайт; 

- 5.2.2-пунктчасынын: 

экинчи абзацындагы «60 дан 90го чейин» деген сөздөр «90 дон 180ге чейин» дегенге алмаштырылсын; 

үчүнчү абзац алынып салынсын; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«- карыздын төлөнүшү негизинен күрөөнүн сатып өткөрүлүшүнө жараша болот. Мында күрөө банкка карыздын негизги суммасын, келишимге ылайык бардык пайыздарды жана күрөө укугун сатып өткөрүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык чыгашаларды төлөө үчүн жеткиликтүү өлчөмдө сатып өткөрүүгө боло турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө болууга тийиш. Күрөө төмөнкү мөөнөттөрдө сатып өткөрүлүүгө тийиш: 

а) кыймылсыз мүлк - 365 күндөн кечиктирилбестен; 

б) кыймылдуу мүлк - 120 күндөн кечиктирилбестен;»; 

- төмөнкү мазмундагы 5.2.2.-1-пунктча менен толукталсын: 

«5.2.2.-1. Эгерде «байкоо алдындагы актив катары» классификацияланган реструктуризацияланган актив боюнча төлөө мөөнөтү 30 күндөн кечиктирилсе же бул актив кайрадан реструктуризацияланган болсо, анда мындай актив «шектүү» катары классификацияланууга тийиш»; 

- төмөнкү мазмундагы 5.2.2.-2-пунктча менен толукталсын: 

«5.2.2.-2. Актив төлөө мөөнөтү 180 күндөн ашып кеткен учурда «шектүү» катары классификацияланууга тийиш, мында бул активдин сапаттык белгилери анын классификациялоосун жакшыртууга колдонулбайт.». 

-  5.3.2-пунктчанын: 

экинчи абзацындагы «90 күндөн ашык» деген сөздөр «180 ден 360 күнгө чейин» дегенге алмаштырылсын; 

үчүнчү, тогузунчу абзац алынып салынсын. 

- төмөнкү мазмундагы 5.3.2.-1 абзац менен толукталсын: 

«5.3.2.-1. Актив төлөө мөөнөтү 360 күндөн ашып кеткен учурда «жоготуу» катары классификацияланууга тийиш, мында бул активдин сапаттык белгилери аны классификациялоодо колдонулбайт.». 

- 7-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.  Реструктуризацияланган кредиттерди классификациялоо 

7.1. Реструктуризацияланган кредиттер - бул, ал боюнча банк кардарга банктын кадимки кредиттөө тажрыйбасынан айырмаланган, келишимдин шарттарын өзгөртүү аркылуу (милдеттүү түрдө жаңы келишим түзүү же кредиттик келишимге кошумча келишим түзүү аркылуу) жеке тартипте жеңилдик берилген кредиттер. Мында негизги карыздын/пайыздын суммасы төлөнгөнгө чейин пайыздык чендин жана/же кредиттин мөөнөтүнүн өзгөртүлүшү келечекте күтүлүүчү акча агымдарынын өзгөрүшүнө алып келет.  

Реструктуризация дегенден улам, төмөнкүлөрдү түшүнүүгө болот: 

- кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу, ага кредит төлөө жагында банк тажрыйбасынан айырмаланган кыйла ыңгайлуу шарттарды сунуштоо аркылуу колдонуудагы кредиттик келишим боюнча шарттарды өзгөртүү

- карыз алуучу банк тарабынан берилген кредитти башка кредитти (ал боюнча негизги суммасы же пайыздары боюнча карызды) төлөө үчүн пайдаланган шартта, активди толугу менен же жарым жартылай кайра каржылоо, эгер карызгер финансылык кыйынчылыкты башынан кечирип жаткан болсо; 

- келишимдин карызды жарым жыртылай же толугу менен эсептен алып салуу шартын өзгөртүү

Кредит боюнча келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү жана анын кайра каржыланшы жана бул кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланышпаса, кредитти реструктуризациялоо болуп саналбайт (мисалы, кредит валютасын чет өлкө валютасынан улуттук же башка валютага которуу). 

7.2. Төмөнкү учурларда банк тарабынан кошумча мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш болгон реструктуризация болуп саналат, эгерде: 

- реструктуризация жүргүзүлгөн жана ал боюнча толугу менен төлөнбөгөн же акыркы үч ай ичинде кеминде 1 жолу, төлөө мөөнөтү 10 күндөн ашып кеткен классификацияланбаган кредит, же; 

- кардар ушул банктагы параллель кредит боюнча негизги сумманы же пайыздарды төлөгөн учурларда кайра каржыланган кредит боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн кредит кайра каржыланганга чейин акыркы 3 ай ичинде толугу менен төлөнбөгөн же кеминде 1 жолу жарым жартылай төлөө мөөнөтү 10 күндөн ашып кетсе 

7.3. Реструктуризация классификацияланган сыяктуу эле, классификацияланбаган активдерге да колдонулат. 

7.4. Классификацияланган реструктуризацияланган актив жана/же классификацияланган актив Жобонун 7.6.-пунктунун шарттары аткарылганга чейин классификацияланган кредиттерге кирүүгө тийиш. 

7.5. Кредиттик келишимге ушул кредит боюнча күрөөгө коюлган мүлктү сатып өткөрүүнүн эсебинен кредит боюнча карыздын жарымын төлөө болжолдонгон өзгөртүүлөрдү киргизүү кредитти реструктуризациялоо катары каралууга тийиш.  

7.6. Банк классификацияланган активди мурда жүргүзүлгөн реструктуризациядан кийин, төмөнкү бардык шарттар аткарылса, «байкоо алдындагы активге» которо алат: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалар жок; 

- карыз алуучу акыркы 3 төлөмдү графиктин негизинде өз убагында жана толук көлөмдө төлөдү

- карызгер өзүнүн реструктуризациялоо шарттарын сактоо боюнча жөндөмдүүлүгүн көрсөттү»; 

-  13.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13.4. Улуттук банк РППУга активдер боюнча чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт: 

Жалпы камдар 

Атайын камдар 

Нормалдуу 

0% 

Субстандарттык 

25%; 

Канааттандырарлык  

1/2/2,5% 

Шектүү 

50%; 

Байкоо алдындагы активдер 

5/10/15% 

Жоготуулар 

100%. 

Банк «Канааттандырарлык» активдер боюнча 2% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш, мында РППУ өлчөмү 2,5 түзүүгө тийиш болгон, ушул Жобонун 4.2-пунктунун 4.2.3-пунктчасында, ошондой эле РППУ өлчөмү 1% түзүгө тийиш болгон 4,2-пунктунун 4.2.3.- 1-пунктчасында көрсөтүлгөн активдер эске алынбайт. 

Банк «Байкоо алдындагы» активдер боюнча 5% өлчөмдө РППУ түзүүгө тийиш, мында РППУ өлчөмү 10% түзүүгө тийиш болгон, ушул Жобонун 4.3-пунктунун 4.2.4-пунктчасында көрсөтүлгөн активдер эске алынбайт. 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү банкы РППУну «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамына ылайык түзөт жана чегерет. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун 

5-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толуктасын: 

«Сот тарабынан мүлктүн мурдагы ээсинин өтүнүчү боюнча банктын башка менчигине арест коюлган шартта, жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт сот арестти алып салганга чейин токтотулат.». 

31-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банк тарабынан Жобонун 31-пунктунун б) пп аткарылган шартта, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык, банк өзүнүн жана башка менчигин банктын балансында “кредит” катары эсепке ала алат, мында бул кыймылсыз мүлккө менчик укугу банкта калат. Бул учурда банк “Активдерди классификациялоо жана потенцияалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык актив боюнча РППУну классификациялайт жана түзө алат.  

Жобонун 31-пунктунун а) пп. жогоруда көрсөтүлгөн кредит боюнча талаптары аткарылган шартта, банк Жобонун 31-пунктунун в) пп. талаптарын аткарууга тийиш, бул кыймылсыз мүлккө менчик укугу банктын кардарына өткөрүп берилсин жана ал боюнча күрөө жөнүндө келишим таризделсин дегенди түшүндүрөт»; 

- төмөнкү мазмундагы 31-1 пункту менен толукталсын: 

«31-1. Банк мүлктү банктын балансына кредит боюнча карыздын эсебине кабыл алуу учурунда ошол мүлктүн ээси болуп саналган адам менен финансылык ижара келишимин/ кийин төлөп берүү аркылуу кыймылсыз мүлктү сатуу келишимин же ушу сыяктуу башка келишимдерди түзүүдө бул активди (жана башка менчик) 25% өлчөмдө РППУ түзүү менен «субстандарттык» катары классификациялай алат. Жаңы түзүлгөн келишим боюнча төлөө графигине ылайык төлөөлөрдүн мөөнөтү өткөрүлгөн шартта, классификация Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. 

- төмөнкү мазмундагы 31-2.-пункту менен толукталсын: 

«31-2. Банк кыймылсыз мүлктү банктын балансына кабыл алууга жана аны ыйгарып берүү жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн, мурда берилген кредитти төлөө эсебине «жана башка менчик» катары эсепке алууга укуктуу. Мында ыйгарып берүү жөнүндө келишимде банктын бул мүлктү мурда берилген кредитти төлөөнүн эсебине кабыл алынган кыймылсыз мүлктүн ээсине банк менен күрөө коюучунун ортосунда аныкталган мөөнөттө жана ыйгарып берүү жөнүндө келишимде каралууга тийиш болгон күрөө коючунун жана/же карыз алуучунун милдеттенмелеринин суммасында сатуу милдеттенмеси камтылууга тийиш. 

Эгерде ыйгарып берүү жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө банктын жана башка менчиги сатып өткөрүлбөсө, жана/же финансылык ижара келишими же кыймылсыз мүлктү кийин төлөп берүү аркылуу сатуу келишими же ушу сыяктуу башка келишим шарттары бузулган учурда банк жана башка менчикке көз карандысыз баа берүүнү жүргүзүүгө жана аны Жобого ылайык эсепке алууга тийиш.». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, Улуттук банктан лицензия алышкан, коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 3.-1-пункт менен толукталсын: 

«3-1. Кайра каржылоо бул колдонуудагы активди толугу менен же жарым жартылай төлөө үчүн тиешелүү жаңы келишим түзүү.». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобонун: 

- 12-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- жобо төмөнкү мазмундагы 22-2-пункт менен толукталсын: 

“22-2. Каржылоо учурунда эффективдүү пайыздык чен Улуттук банк тарабынан жарыяланган чет өлкө валютасындагы кредит боюнча орточо салмактанган пайыздык ченден 5-пунктка төмөн болгон шартта, банк клиенттин кирешесинин түзүмүнө карабастан чет өлкө валютасындагы каржылоо боюнча 1% өлчөмүндө РППУ түзүүгө тийиш.”; 

- 23-пункттун: 

он экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

он биринчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзац кошулсун: 

“- реструктуризациялоо күнүнө карата классификацияланган активдер белгисине ээ эмес реструктуризацияланган актив; 

- жобонун 34-4-пунктунун шарттарына кирген классификацияланган активдерди реструктуризациялоо;”; 

- 24-пункттун үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтарындагы “60 күн” деген сөздөр “90 күн” дегенге алмаштырылсын; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 24-2-пункт менен толукталсын: 

“24-2. 90 күндөн жогору мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз белгиленген шартта ал актив “субстандарттык” катары классификацияланууга тийиш. Мында активдин сапат белгилери анын классификация категориясын жакшырта албайт.”; 

- 25-пункттун үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтарындагы “60 күндөн 90 күнгө чейин” деген сөздөр “90 күндөн 180 күнгө чейин” дегенге алмаштырылсын; 

- 25-пункт төмөнкү мазмундагы он төртүнчү, он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын: 

“- карызды төлөө, негизинен, күрөөнү сатууга жараша болот. Мында күрөө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк формасында сатып өткөрүлүүчү, банкка келишимге ылайык карыздын негизги суммасын, кошуп эсептелинген бааны жана күрөөлүк укукту сатууга байланыштуу мүмкүн болуучу чыгымдарды төлөө үчүн жетиштүү өлчөмдө болууга тийиш. Мында күрөөнү төмөнкү мөөнөттөр ичинде сатуу болжолдонгон:  

а) кыймылсыз мүлк 365 күндөн кечиктирбестен;  

б) кыймылдуу мүлк - 120 күндөн кечиктирбестен;”; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 25-1-пункт менен толукталсын: 

“25-1. Эгерде “байкоого алынган актив” катары классификацияланган реструктуризацияланган актив боюнча 30 күндөн жогору мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөр келип чыкса же ал актив кайталап реструктуризацияланган болсо, мындай актив “шектүү” актив катары классификацияланууга тийиш.”; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 25-2-пункт менен толукталсын: 

“25-2. 180 күндөн жогору мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз белгиленген шартта ал актив “шектүү” катары классификацияланууга тийиш. Мында активдин сапат белгилери анын классификация категориясын жакшырта албайт.”; 

- 26-пункттун үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтарындагы “90 күн жана андан жогору” деген сөздөр “180 күндөн 360 күнгө чейин” дегенге алмаштырылсын; 

- 26-пункттун он үчүнчү жана он бешинчи абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 26-пункт төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын: 

“- кардардын бизнеси токтосо же ал банкрот катары жарыяланса;”; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 26-1-пункт менен толукталсын: 

“26-1. 360 күндөн жогору мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз белгиленген шартта ал актив “жоготуу” катары классификацияланууга тийиш, мында активди классификациялоодо анын сапат белгиси эске алынбайт.”; 

- 8-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

“8. Реструктуризацияланган активдерди классификациялоо 

33. Реструктуризацияланган активдер бул, ал боюнча банк келишим шарттарын өзгөртүү аркылуу (милдеттүү түрдө жаңы келишим же каржылоо келишимине карата кошумча келишим түзүү менен) банктын кадимки каржылоо тажрыйбасынан айырмаланган жеке тартипте кардарга преференцияларды (жеңилдиктерди) сунуштаган актив. Мында, негизги карыз суммасын/кошуп эсептелинген бааны төлөөгө чейин кошуп эсептелинген бааны жана/же каржылоо мөөнөтүн өзгөртүү келечекте күтүлүп жаткан акча агымдарынын өзгөрүүсүнө алып келет. 

Реструктуризациялоо бул: 

- кардардын финансылык абалы начарлагандыгына байланыштуу, банк тажрыйбасынан айырмаланган каржылоонун ордун жабуу боюнча кыйла ыңгайлуу шарттарды сунуштоо аркылуу колдонуудагы каржылоо келишиминин шарттарын өзгөртүү

- карыздын бөлүгүн же толугу менен эсептен алуу аркылуу келишим шарттарын өзгөртүү

Кардардын финансылык абалынын начарлашынан башка себептер боюнча каржылоо келишиминин баштапкы шарттарын өзгөртүү жана аны кайра каржылоо активди реструктуризациялоо болуп саналбайт (мисалы, кредит валютасын чет өлкө валютасынан улуттук валютага которуу ж.б.).  

34. Банк тарабынан кошумча мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш болгон төмөнкү учурлар да реструктуризация катары саналат:  

- ал боюнча реструктуризациялоо жүргүзүлгөн жана акыркы 3 ай ичинде кеминде 1 жолу 10 күндөн жогору толугу менен же анын бир бөлүгү мөөнөтүндө төлөнбөгөн классификацияланбаган актив же; 

-  кайра каржыланган актив, кардар ошол банкта параллель актив боюнча негизги сумманы же кошуп эсептелинген бааны жогоруда белгиленген активди кайра каржылоого чейинки акыркы 3 ай ичинде кеминде 1 жолу 10 күндөн жогору толугу менен же анын бир бөлүгүн төлөөнү мөөнөтүнөн кечиктирсе. 

34-1. Реструктуризациялоо классификацияланган сыяктуу эле, классификацияланбаган активдерге да карата колдонулушу мүмкүн.  

34-2. Классификацияланган реструктуризацияланган актив жана/же классификацияланган актив жобонун 34-4-пунктунун шарттарын аткарганга чейин классификацияланган активдерге чегерилүүгө тийиш. 

34-3. Каржылоо келишимине карызды ошол каржылоо боюнча күрөөлүк камсыздоону сатып өткөрүүнүн эсебинен бөлүп төлөө каралган өзгөртүүлөрдү киргизүү активдерди реструктуризациялоо катары кароого алынууга тийиш.  

34-4. Банк төмөнкү бардык шарттар аткарылгандан кийин буга чейин жүргүзүлгөн реструктуризациялоодон кийин классификацияланган активди “байкоого алынган актив” категориясына өткөрүшү мүмкүн: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма жок болсо; 

- кардар акыркы 3 төлөмдү графикке ылайык өз убагында жана толук көлөмдө төлөсө

- кардар реструктуризациялоо шарттарын так сактоо жөндөмдүү экендигин көрсөтсө.”; 

- 47-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“47. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилеген: 

 

Жалпы камдар 

Атайы камдар 

Нормалдуу 

0% 

Субстандарттык 

25%; 

Канааттандырарлык 

1/2/2,5% 

Шектүү 

50%; 

Байкоого алынган активдер 

5/10% 

Жоготуулар 

100%. 

Ушул жобонун 22-1-пунктунда көрсөтүлгөн жана алар боюнча РППУ өлчөмү 2,5% түзүүгө тийиш болгон, ошондой эле 22-2-пунктта көрсөтүлгөн жана алар боюнча РППУ өлчөмү 1% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, банк “канааттандырарлык” активдер боюнча РППУну 2% өлчөмүндө түзүүгө тийиш.  

Ушул жобонун 23-2-пунктунда көрсөтүлгөн жана алар боюнча РППУ өлчөмү 10% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, банк “байкоого алынган активдер” боюнча РППУну 5% өлчөмүндө түзүүгө тийиш.”. 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү туралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: 

“3-1. Кайра каржылоо бул, колдонуудагы активдин ордун толугу менен же анын бир бөлүгүнүн ордун жабуу үчүн тиешелүү жаңы келишим түзүү.”.