Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Акча агымынын олуттуулугу жана акча которууга болгон кызыгуунун артышы, банктык карттар түйүнү жана аралыкта орнотулган инфраструктуранын улам өнүгүп жатышы бир жагынан алдамчылыкка баруу ыктымалдуулугун күчөтүп, терс жагдайларды шарттоодо. 

Улуттук банктын банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулар укугун коргоо жагында жүргүзүп жаткан иш алкагында ушул иш багытында укуктук жактан баа берүү өтүнүчү менен көптөгөн кайрылуулар келип түшкөн. 

Бул, Кыргыз Республикасынын банктары тобокелдиктерди мүмкүн болушунча басаңдатууга аракет көрүп жаткандыгын, бул көйгөй айрыкча керектөөчүлөр банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн акча табуу максатында колдонгон алдамчыларга туш болгон жагдайларда айкын байкалууда. Жарандардын скимминг операциялары жана интернет аркылуу ишке ашырылган операциялар боюнча арыздары канааттандырылбай келүүдө

Банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоодо колдонулган технологиялардын жана иш ыкмаларынын бара-бара колдонуудан калышы жана эскириши жеке маалыматтардын жетиштүү деңгээлде сакталышын камсыздай албашы төлөөчүнүн эсебинен акча каражатын санкциясыз алып коюу тобокелдгин шарттоодо. Мындай алгылыксыз жагдайлар, ошондой эле рынок катышуучуларынын ортосунда жоопкерчиликтин так чектелбегендиги, керектөөчүлөрдүн жетиштүү деңгээлде корголбогондугу, акча каражатын кайтарып алуунун таасирдүү ыкмасынын жоктугу тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгын талап кылууда. 

 

 

Кыргыз Республикасын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/8 “Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө” жобонун:  

- 5-пунктунун: 

12 жана 36-абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын, ошондой эле төмөнкү аныктамалар менен толукталсын: 

«Аутентификация бул, идентификатор сунуштагандарды (ПИН-код, логин ж.б.) текшерүү аркылуу алардын аныктыгын тастыктоо. 

Көп фактордон турган аутентификация бул, өркүндөтүлгөн аутентификация, мында маалымат менен таанышуу үчүн пайдалануучунун бир нече идентификаторду сунуштоосун талап кылган контролдук ыкмасы.»; 

- 15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Карт ээси эмитент менен түзүлгөн келишимге ылайык сатылып алынган товарлар жана соода тейлөө ишканаларында сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөп, банкоматта/ нак акча каражатын берүүчү пункттарда төлөмдөрдү жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык өз банктык эсебинен башка эсепке акча каражаттарын которо алат.»; 

- 16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16. Соода тейлөө ишканасы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөнү карт аркылуу кабыл алып, ошол ишкана тарабынан аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу эквайер менен маалымат алмашып, милдеттүү түрдө электрондук авторизациялоону ишке ашырат. Микропроцессор камтылган карттар үчүн электрондук авторизациялоо банк-эмитенттин системасына түздөн-түз туташуусуз эле ишке ашырылышы мүмкүн.»; 

- 17-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Карт ээси тарабынан аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу карт аркылуу ишке ашырылган төлөм, электрондук төлөм документ статусуна ээ жана төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылган карт-чекти тариздөө менен тастыкталат:  

- документтин номери, операция ишке ашырылган күн жана убактысы;  

- соода түйүнүн/банкомат жана эквайердин аталышы (коду);  

- төлөм суммасы;  

- төлөм валютасы;  

- операциянын авторизацияланышын тастыктаган код;  

- комиссиялык төлөм же жеңилдиктер өлчөмү (системанын тарифтерине ылайык);  

- төлөм системасынын коопсуздук эрежелерине ылайык, төлөм картынын реквизиттери;  

- карт ээсинин кол тамгасы (Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык нак акча каражаттарын чыгаруу пункттары же соода тейлөө ишканалары аркылуу операцияларды жүргүзүү учурунда). Операция ПИН-кодду чагылдыруу менен ишке ашырылса, анда карт-чекте тиешелүү маалымат камтылып, карт ээсинин кол тамгасы талап кылынбайт. 

- жабдууларды тейлөө борборунун байланыш маалыматтары. 

Эгерде бул тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган болсо, карт-чек кошумча реквизиттерди да камтышы мүмкүн.  

Бул талап электрондук коммерциялык операцияларга таркатылбайт.»; 

- 18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Эквайер банктык карттагы маалыматтардын сакталышын камсыз кыла албаса (микорпроцессор камтылган картты тейлөө, көп фактордон турган аутентификация, аралыкта орнотулган жабдуулардын коргоо каражаттарын колдонуу ж.б.), анда ал эквайер жабдуусунда карттагы маалыматтардын ачыкка чыгып кетиши кесепетинен карт эмитенти дуушар болгон чыгымдын ордун толуктап берүүгө милдеттүү. Эгерде банктык карт эмитенти кошумча коргоо каражаттары менен камсыздалбаган болсо жана эквайердин иш-аракетинен эч кандай алдамчылык белгилери байкалбаса, эквайер эмитентке ал тууралуу маалымдаган учурдан тартып келип чыккан чыгым үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. 

Карт ээси алдында корголбогон транзакциялар боюнча жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.»; 

- 19-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү «эгерде карт ээси менен түзүлгөн келишимде башкасы каралбаса,» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 33-пункттун 15-абзацындагы: 

«башка» деген сөз «кошумча» дегенге алмаштырылсын; 

төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Эмитент тарабынан системанын эрежелерине ылайык акча каражаттарын кайтарып алуу мүмкүн болбогон жана/же кине коюу каралбаган, жогорку деңгээлде тобокелдиктерди камтыган операциялар аныкталууга тийиш. Мындай операцияларды жүргүзүүгө дароо бөгөт коюлуп, аларга карт-ээсинин талабы боюнча гана мүмкүнчүлүк берилиши зарыл.»; 

- 42-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«42. Карттын жоголгондугу, уурдалып кеткендиги же андан санкциясыз пайдаланылгандыгы тууралуу карт ээсинин эмитентке маалымдоо жана өтүнүч кат берүү мөөнөтү жана ыкмалары, ошондой эле ошол билдирүүнүн күчүнө кирүү мөөнөтү келишимдин шарттарында белгиленет жана алар карт ээлеринин укуктарына жана таламдарына каршы келбөөгө тийиш. Өтүнүч каттын өз учурунда берилиши үчүн карт ээси жоопкерчиликтүү. Өтүнүч катты берген учурдан тартып жоголгон же уурдалып кеткен банктык картты пайдалануу менен бардык операциялар боюнча жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.»;  

- 43-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Эмитент төмөнкү учурларда карт ээси алдында жоопкерчилик тартпайт:  

- карт ээси ПИН-кодду пайдалануу боюнча алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде белгиленген эрежелерди жана жол-жоболорду бузууга жол берген болсо;  

- карт ээси укукка жатпаган иш-аракеттерге жол берсе.  

Бул талап магниттик тилкелүү карт аркылуу ишке ашырылган операцияларга жана көп фактордон турган аутентификация менен корголбогон интернеттеги операцияларга таркатылбайт.»;  

Эмитент кандай болбосун талаш маселени жараткан жагдайлар келип чыккан учурда, карт ээсинин талабы боюнча толук маалыматты, анын ичинде карт ээсинин эсебинен эсептеп алып коюуга укукту тастыктоо үчүн өткөрүлгөн транзакциялар боюнча төлөм системасынын процессинг борборунан алынган маалыматтарды сунуштоого тийиш.”;  

- 53-пунктагы «соода-тейлөө ишканаларында карттарды тейлөө сапатына, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлине, терминалдарды күтүү шарттарына жана алардын иштешине, чектердин (слиптердин) сакталышына текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби;» деген сүйлөмдөгү «(слиптердин)» деген сөз алынып салынсын. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин: 

- 3.4-пунктунун 1-пунктчасындагы «алмашуу курсун» деген сөздөр «, ошол өлкөнүн жана нак акча каражаттарын берүү пунктарында которулган акчаны берүү шарттары» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.6-пункттун 6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) алдамчылык тобокелдиктери, өлкөдө жана акча берүү пункттарында которулган акча берүү шарттары, ошондой эле жөнөтүүчү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.».