Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө 

ЖОБО 

1. Жалпы жоболор 

1. "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобо (мындан ары жобо) бардык коммерциялык банктарга (мындан ары банктар) жана ошондой эле, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик банкына да таркатылат 

Банктарда эффективдүү корпоративдик башкаруу айрым банктардын жана бүтүндөй банк тутумунун туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуунун олуттуу шарттарынын бири болуп саналат. 

2. Корпоративдик башкарууну банк Башкармасы, Директорлор кеңеши жана акционерлер тарабынан төмөндөгүлөр боюнча жүзөгө ашырылуучу банк ишине жалпы жетекчиликти түшүнүүгө болот: 

- банк ишинин стратегиялык максаттарын, аларга жетүү жолдорун жана бул максаттарга жетүү үчүн контролдукту аныктоо; 

- банктын башкаруу органдары жана кызматкерлери тарабынан банк ишинин стратегиялык максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон бардык аракеттердин аткарылышын камсыз кылуучу эмгек ыргагына түрткү берүү

- аманатчыларды кошо алганда, банк акционерлеринин жана анын кредиторлорунун кызыкчылыктарынын балансына жетишүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле банктын ички документтеринин талаптарын сактоону камсыз кылуу;  

3. Банктарда эффективдүү корпоративдик башкаруунун негизги компоненттери болуп төмөндөгүлөр саналат:  

- банктын башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды, компетенция маселелерин жана отчеттуулукту бөлүштүрүү, Директорлор кеңешинин, банк Башкармасынын натыйжалуу иштешин уюштуруу; 

- банктын иш-аракетинин өнүгүү стратегиясын аныктоо жана бекитүү, ошондой эле анын жүзөгө ашышына контролдук; 

- кызыкчылыктар боюнча конфликттердин алдын алуу; 

- кесиптик этика стандарттарын аныктоо жана сактоо; 

- банктын иш-аракеттин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу. 

Банктарда жана банктык топтордо эффективдүү корпоративдик башкаруунун методологиялык негизи болуп Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин сунуш-көрсөтмөлөрү саналат. Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин "Банктык уюмдарда корпоративдик башкарууну бекемдөө" документи www.bis.org электрондук дареги боюнча Банктын эларалык эсептешүүлөр сайтында (Швейцария) англис тилинде жайгаштырылган, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (ОЭСР) Корпоратавдик башкаруу принциптерин да караңыз, дареги www.oecd.org. 

4. Банкта эффективдүү корпоративдик башкарууну жүзөгө ашырууга багытталган жана бул жобого каршы келбеген ички документтер иштелип чыгышы мүмкүн. 

2. Акционерлердин жалпы жыйыны 

5. Банктын жогорку башкаруу органы болуп акционерлердин жалпы жыйыны саналат. 

6. Банктын акционерлеринин жылдык жыйынынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү болгон маселелер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" жана «Акционердик коом жөнүндө» Мыйзамдарында аныкталган. 

7. Акционерлердин жалпы жылдык жыйынынын өзгөчө компетенциясына тиешелүү болгон маселелер, башка башкаруу органына берилиши мүмкүн эмес. 

8. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык, банктын акционерлери банк кардарларынын кызыкчылыктарына доо кетире тургандай аракеттерди жасабоого тийиш. 

9. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун ыйгарым укуктары банкта Убактылуу администрация режиминин киргизилген убаккытта Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нормативдик укукутук актыларынын негизинде жүргузүлөт.  

3. Банктын директорлор кеңеши 

10. Директорлор кеңеши, директорлор кеӊешинин ички жол-жобосуна ылайык, банкты жана анын финансылык абалын башкарууга контролдукту жүзөгө ашырат жана банктын акционерлеринин жалпы жыйынында отчет берет. 

11. Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына жана жоопкерчилигине тиешелүү болгон маселелер мыйзамда аныкталган жана банктын стратегияларынын жана саясаттарынын аныкталышын камтыйт. 

12. Эффективдүү корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында Директорлор кеңеши төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруусу зарыл: 

- банктын уюштуруу түзүмүнүн чегинде ыйгарым укуктар, жоопкерчиликтер жана отчеттуулук деңгээлинин так белгиленишин; 

- ички контролдуктун эффективдүү системасын жана банктын ишин жүрүшүн түзүү үчүн, өлчөмүнүн шайкештигине, иш-аракеттин татаалдыгына, тобокелдик түзүмүнө жана профилине ылайык келишин камсыз кылат. Тобокелдик профиль бул негизги маалымат катары чогулуп, анализденип жана системалаштырылган банктын тобокелдик көрсөтмөлөрүнүн айкалыштыгы, түзүлгөн артыкчылыкты эске алып банктын тобокелдигин кабылууга багытталган иш-аракеттерин мүнөздөйт.  

Тиешелүү ички контролдукту уюштуруу максатында банктар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) сунуш-көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алышат;  

- тобокелдиктерди тескөөнүн Улуттук банк тарабынан белгиленген тиешелүү системасын камсыз кылууну; 

- банктын стратегиялык максаттары жөнүндө маалыматты банктын уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлине тааныштыруу боюнча чараларды көрүүнү

- банктын өнүгүү стратегиясынын, бизнес планынын, банктын иш-аракетинин бардык негизги түрлөрү боюнча саясатынын банктын күндөлүк иш-аракетине, финансылык абалына жана тышкы экономикалык шарттарга шайкеш келүүсүнө мезгил мезгили менен (жылына бир жолудан кем эмес) баа берүүнү

- банктын күндөлүк иш-аракетин жана финансылык натыйжаларын банктын стратегиялык максаттарына жана бизнес планынын болжолдуу көрсөткүчтөрүнө жетүү көзкарашынан мезгил мезгили менен (чейректе бир жолудан кем эмес) баа берүүнү

- банктын жана анын башкаруу органдарынын иш-аракетинин Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу; 

- тышкы, ички аудиторлордун жана банктык көзөмөл органдарынын текшерүүлөрүнүн натыйжаларын карап чыгуу жана жыйынтыктары боюнча чараларды көрүүнү

- объективдүү жана компетенттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн жетиштүү жана так маалыматка ээ болуу жана Банк Башкармасынын, башка башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын көрсөтмөлөрү жана сунуштары негиздүү экендигине жана банк мүдөөлөрүнө жооп бере тургандыгына ынанууну; 

- алгылыксыз учурларды аныктоо жана түзөтө турган тиешелүү аракеттерди көрүү менен өз иш-аракетине мезгил-мезгили менен баа берүүнү

- банктын корпоративдик маданиятына, контролдук элементтерине, ошондой эле узак мөөнөттүү маселе жана банктын стратегиясына ылайык тартиптүү сыйакы төлөмүндөрүн шайкештик эрежелерин камсыздоо менен.  

13. Ички жана тышкы аудиторлордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана аудиттин эларалык стандарттарына ылайыктуу болгон иш-аракети банкты эффективдүү корпоративдик башкарууга жетүү үчүн зарыл. Аудиттин милдети төмөндөгүлөр менен да күчөтүлүшү мүмкүн: 

- уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлдеринде аудиторлордун ишинин банктын финансылык абалынын туруктуулугу жана стратегиялык максаттарга жетишүүсү үчүн зарыл жана маанилүү экендигин таануулары; 

- ички аудиттин көзкарандысыздыгын жана шайкештигин бекемдеген чараларды кабыл алуу; 

- Директорлор кеңеши тарабынан тышкы жана ички аудиторлордун отчетторуна жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө банктын иш-аракетине көзкарандысыз баа берүү максаттарында жогорку деңгээлде көңүл буруу; 

- аудиторлор тарабынан аныкталган көйгөйлөргө карата өз убагында түзөтүү чараларын көрүү

14. Тышкы аудиторлорду акционерлердин жалпы жыйынына көрсөтүү үчүн тандап алууда Директорлор кеңешинин аудит жүргүзүүгө каралган сарптоолор менен тышкы аудиттин тиешелүү сапатын камсыз кылуу зарылчылыгынын ортосундагы баланстын сакталышын эске алуусу зарыл. 

15. Өзүнүн контролдук милдеттерин бекемдөө максатында Директорлор кеңеши тышкы аудиторлор менен (жылына бир жолудан кем эмес) жана ички аудиторлор менен (чейректе бир жолудан кем эмес) туруктуу жолугушууну өткөрүү туруулары максатка ылайыктуу; 

16. Директорлор кеңеши банктын структуралык бөлүмдөрүнүн, түзүлгөн комитеттеринин жана кызмат адамдарынын иш-аракеттерин текшерүү үчүн аудиторлорду тартууга укуктуу. 

17. Директорлор кеӊеши милдеттүү түрдө төмөнкүдөй комитеттерди түзөт: 

1) Банк өзүнө кабыл алуу менен, тобокелдикти башкаруу суроолорун банктын Башкармалыгынын иш-аракеттерин көзөмөлүн камсыздоо, Тобокелдикти башкаруу боюнча комитет;  

2) Аудит боюнча комитет;  

3) Дайындоолор жана сый акы боюнча комитет. 

Банкта Жаңы продуктылар боюнча комитет, Комплаенс-контроль боюнча комитет жана башка комитеттер түзүлүшү мүмкүн. 

Директорлор кеӊешинин комитеттердин иш-аракети Улуттук банктын талаптарына жана банктын ички документтерине ылайык келүүгө тийиш. 

18. Директорлор кеңеши банкта корпоративдик башкарууну күчөтүү максатында башка комитеттерди түзүүгө укуктуу, атап айтканда: 

- Банк Башкармасынын иш-аракетине банк өзүнө кабыл алган тобокелдиктерди тескөө маселелериндеги контролдукту камсыз кыла турган Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитет; 

- Банктын активдерин жана пассивдерин тескөө боюнча комитет, банктын балансынын жалпы түзүмүнө контролдукту, активдердин жана пассивдердин түзүмүнө мониторингди жүзөгө ашырат, ошондой эле активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген саясаттын сакталышын камсыз кылат. 

Банктагы бардык комитеттер, комиттертердин төрагалары менен башкарылат. 

19. Банкта түзүлгөн бардык комитеттердин иш-аракеттерин жөнгө салуучу 

банктын ички документтеринде төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

- комитетти түзүү жана иш максаты, 

- комитеттин ыйгарым укуктары, 

- отурумдарды өткөрүү тартиби, 

- отчеттуулук тартиби, 

- комитеттин ар бир мүчөсүнүн алар тарабынан кабыл алынган жана кол коюлган чечимдерге жоопкерчилиги. 

Мындан тышкары, бул документтерде, комитеттин отурумунда катышкан жана чечим кабыл алган ар бир мүчөсүнө карата төмөнкүдөй талаптар белгиленүүгө тийиш: 

- каралып жаткан маселенин маңызын билүү

- ал кабыл алган чечимдин банк ишине тийгизген таасирин түшүнүү

- тобокелдиктин келип чыгышы мүмкүнчүлүгүнө жана ал тарабынан кабыл алынган чечимдин натыйжалуулугуна баа берүүгө

Комитеттин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго, отурумга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу таанышуулары тийиш. 

20. Директорлор кеңешинин жоопкерчиликтеринин жогорку деңгээлде жана ыйгарым укуктарынын кеңири болушу, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн банктын иш-аракеттеринин негизги түрлөрү тууралуу жетиштүү билимге, банктын башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын пикиринен көзкаранды болбогон пикирлерди айта алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууларын болжолдойт. Чечимдерди кабыл алууда, Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү объективдүү болуп, жеке кызыкчылыктары же банктын айрым акционерлеринин жана кызмат адамдарынын кызыкчылыктары үчүн эмес, банктын кызыкчылыктарын ишке ашыруу аракетин көздөөгө тийиш. Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго жана Директорлор кеңешинин отурумунун стенографиялык отчетуна, отурумда катышкан Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен макулдашуудан кийин (кол койгондон) Кеңештин төрагалык кылуучусу жана катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Директорлор кеңешинин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу таанышуулары тийиш. 

21. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

22. Компетенттүүлүктү, объективдүүлүктү жана көзкарандысыздыкты камсыз кылуу максатында Директорлор кеңешинде тиешелүү абройго ээ, экономикалык, финансылык, монетардык жана юридикалык билимдер боюнча кесиптик тажрыйбага ээ адис-эксперттердин шайлануусу мүмкүн. Мыйзамга ылайык Директорлор кеңешинин минимум бир мүчөсү акционер же уюштуруучу болуп саналбаган жана Улуттук банк белгилеген талаптарга жооп берген адис-эксперти болууга тийиш. 

23. Директорлор кеңеши банктагы бардык денгээлдеги ишкердиктин кызыкчылыктары жөнүндө толук маалыматтарды идентификациялоого жана кызыкчылык болбогоо бардык иш аракеттерди жасоо керек. 

24. Директорлор кеңеши банктын мыкты таламында ак ниеттүү жана акылга сыярлык иштөөгө милдеттүү, бул алар тарабынан төмөнкү талаптардын сакталышын болжолдойт: 

1) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын жана банктын уставынын талаптарын сактоо менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аракеттенүү

2) берилген ыйгарым укуктарды алар көздөп берилген максаттарда колдонуу; 

3) алгылыктуу мөөнөттөрдө жеткиликтүү маалыматтарды алуу үчүн мүмкүн болушунча күч-аракеттерди жумшагандан кийин жеке квалификациясынын жана иш-тажрыйбасынын негизинде ойлонулган чечимдерди кабыл алуу; 

4) таламдардын кагылышына жол бербөө боюнча талаптарды сактоо, таламдардын кагылышы келип чыккандыгы тууралуу банктын башкаруу органдарына өз учурунда билдирүү

5) бир акционердин таламын башкалардын таламынан жогору койбостон акционерлерге карата теңдештик принциптерин сактоо; 

6) бардык белгилүү болгон банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч келтирген инциденттер жөнүндө банктын башкаруу органдарына билдирүү

25. Директорлор кеңеши аналитикалык, справкалуу, маалыматты жана алардын ишинде колдоно турган сунуштарды камтыган суроолор боюнча материалдарды даярдоого кеңешчи (специалист, консультант, эксперт жана ошу сыякутуу) алуугу укуктуу. Кеңешчи өз ишин берилген ыйгарым укуктарды ал көздөп берилген максаттарда алып барат. 

Кеңешчилер өз иши анан берилген милдеттердин же кызмат көрсөтүү тууралуу түзүлгө келишимдин негизинде ишин ишке ашырат. 

Кеңешчилер банкта кызмат ордун ээлебестен жана банктагы операциондук ишине килигишпестен ишин ишке ашырат. Кенешчилердин кортундусу сунуш мүнөздө берилинт, Директорлор кеңеши жана банк Башкармасы кабыл алынган чечимдер боюнча жоопкерчилик алып барышат. 

4. Банк Башкармасы 

26. Банк Башкармасы банктын күндөлүк иш-аракетине жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана банктыгы ичкы банк Башкармасы тууралуу жоболго ылайык жүзөгө ашырат, Директорлор кеңешине отчет берет. 

27. Башкарманын жоопкерчилигине тиешелүү маселелер банктар жөнүндө мыйзамда аныкталган жана Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган стратегияларды жана саясаттарды жүзөгө ашырууну камтыйт. 

28. Эффективдүү корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында Банк Башкармасы төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруусу зарыл: 

- банктын структуралык бөлүмдөрүнүн, кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жоопкерчиликтерин, ыйгарым укуктарын жана отчет берүүчүлүгүнүн так бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу; 

- Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген саясаттардын, жол-жоболордун жана кызматтык нускоолордун уюштуруу түзүмүнүн бардык аткаруу деңгээлдеринде сакталышына мониторингдин эффективдүү системасын белгилөө жана бул системалардын шайкештигине мезгил-мезгили менен баа берүү

- ишенимдүү маалымат системаларын түзүү, алар башкаруу чечимин кабыл алуу үчүн зарыл маалыматтын тиешелүү даярдалышын жана өз убагында берилишин (финансылык, рынок окуялары жана шарттары жөнүндө анализ, ж.б.); 

- Директорлор кеңешине учурдагы иш-аракет жөнүндө банктын бизнес-планынын жана өнүктүрүү стратегиясынын болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына баа берүүгө мүмкүндүк берген финансылык жана операциялык иштин иш жүзүндөгү жыйынтыктарын камтуучу мазмундуу жана жана так отчетту өз убагында берүү

- Директорлор кеңешине банктын ички контролдук системасынын шайкештигине, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер маселелери боюнча кылдаттык менен берилген баалоону, ошондой эле ички контролдук системасын өркүндөтүү жагындагы сунуш-көрсөтмөлөрдү (жылына кеминде бир жолу) берүү

- Директорлор кеңешине тобокелдиктерди тескөө боюнча отчетторду жана сунуш-көрсөтмөлөрдү мезгили-мезгили менен берүү, алар тобокелдиктерди тескөөнүн үзгүлтүксүз процессинин эффективдүүлүгүн жана шайкештигин камсыз кылат; 

- банктын экономикалык абалындагы кандай болбосун начарлоолор же мындай жагдайдын келип чыгышын шарттай турган кооптонуулар жөнүндө Директорлор кеңешине дароо маалымдоо; 

- Директорлор кеңешине мыйзамдарды, Улуттук банктын ченемдик актыларын, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички саясаттарды бузуу жагында аныкталган бардык аракеттер тууралуу маалымдоо. 

29. Башкарма мүчөлөрү Улуттук банк белгилеген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

30. Башкарма мүчөлөрү өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда объективдүү болууга жана ишенимдүү жана коопсуз банктык тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн бардык күчтү жумшоо менен жеке кызыкчылыктарын жана банктын айрым акционерлеринин жана кызмат адамдарынын кызыкчылыктарын эмес, адегенде банктын кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу аракетинде болууга тийиш. Башкарма мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго жана Башкармалыктын отурумунун стенографиялык отчетуна, отурумда катышкан банк Башкармасынын мүчөлөрү менен макулдашуудан кийин (кол койгондон) банк Башкармасынын төрагалык кылуучусу жана катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Банк Башкармасынын отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу танышуулары тийиш. 

31. Башкаруу иши тажрыйбасында төмөндөгүлөргө жол берилүүгө мүмкүн эмес: 

- чечимдердин кабыл алынышына Башкарманын тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болбогон мүчөлөрүнүн катышуусуна; 

- Башкарма мүчөлөрү алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү квалификацияга жана көндүмдөргө жана билимдерге ээ болбосо; 

- Башкарма мүчөлөрү банктын орчундуу, банк үчүн алардын иши зор мааниге ээ болгон кызматкерлерин контролдой албай калган учурда (кирешелерди генерирлөө, жаңы банктык продуктыларды колдонууга киргизүү ж.б. көзкарашынан алганда). 

32. Башкарма мүчөлөрү банктын мыкты таламында ак ниеттүү жана акылга сыярлык иштөөгө милдеттүү, бул алар тарабынан төмөнкү талаптардын сакталышын болжолдойт: 

1) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын жана банктын уставынын талаптарын сактоо менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аракеттенүү

2) берилген ыйгарым укуктарды алар көздөп берилген максаттарда колдонуу; 

3) алгылыктуу мөөнөттөрдө жеткиликтүү маалыматтарды алуу үчүн мүмкүн болушунча күч-аракеттерди жумшагандан кийин жеке квалификациясынын жана иш-тажрыйбасынын негизинде ойлонулган чечимдерди кабыл алуу; 

4) таламдардын кагылышына жол бербөө боюнча талаптарды сактоо, таламдардын кагылышы келип чыккандыгы тууралуу банктын башкаруу органдарына өз учурунда билдирүү

5) бир акционердин таламын башкалардын таламынан жогору койбостон акционерлерге карата теңдештик принциптерин сактоо; 

6) бардык белгилүү болгон банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч келтирген инциденттер жөнүндө банктын башкаруу органдарына билдирүү

5. Дайындоолор жана сый акылар боюнча комитеттин негизги талаптары  

33. Банктын жүзөгө ашыруу түрүнө карабастан, Директорлор кеӊешинин иш аракеттерин эффективдүү түрдө жогорулатууга жана оптималдуу түрдө чечимдерин кабыл алуу үчүн, Дайындоолор жана сый акылар боюнча комитети түзүлөт. Директорлор кеӊешинин мүчөлөрүн, Башкармалыктын (ички аудит, тобокелдик менеджментинин жана комплаенс-контролдоо/офицер кызматтарынын жетекчилерин) жана Банктын негизги жетекчилик кызматкерлерин дайындоолорду жана сый акыларды контролдоону күчөтүү үчүн Комитет көздөлгөн. 

34. Банкка компетенттүү жана квалификацияга ээ болгон жарандарды аныктоого, жетиштүү түрдө кызыктырып, умтулууга жана кармап калууга, Дайындоолор жана сый акылар боюнча комитети сый акыларды төлөй турган көлөмдөрдү аныктайт. 

35. Комитеттин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана Комитеттин ички жобосу менен башкарылат жана банктын Директорлор кеӊеши тарабынан бекитилет 

36. Комитет Директорлор кеӊешинин үч мүчөсүнөн туруп, жана алардын көпчүлүгү көз карандысыз болушу зарыл. 

Директорлор кеӊешинин көз карандысыз мүчөсү милдеттүү түрдө Комитеттин төрагасы катары шайланууга тийиш. 

37. Директорлор кеӊешинин мүчөлүгүнө, Башкармалыктын (ички аудит, тобокелдик менеджментинин жана комплаенс-контролдоо/офицер кызматтарынын жетекчилерин) жана негизги жетекчилик кызматкерлерине талапкерлерди, Комитет Улуттук банк тарабынан аныкталган талаптарды эске алып Директорлор кеӊешине кепилдеме берет.  

38. Комитет Корпоративдик катчынын кызмат ордуна болгон талапкерлерди, белгиленген талаптарга шайкеш келээрин баалап, Директорлор кеӊешине өзүнүн кепилдемесин көрсөтөт. 

39. Директорлор кеӊешинин мүчөлөрүнө, Башкармалыктын (ички аудит, тобокелдик менеджментинин жана комплаенс-контролдоо/офицер кызматтарынын жетекчилерин) жана банктын негизги жетекчилик кызматкерлерине сый акыларды төлөп берүү банкта кабыл алынган саясатка ылайык төлөнүп берилиш керек. 

Банктагы сый акы төлөө саясаты сый акылар боюнча комитети тарабынан иштелип чыгат жана Директорлор кеӊеши бекитет. Директорлор кеӊеши сый акы комитетинин колдоосу менен банктагы сый акы саясатын киргизүү боюнча көзөмөлдөөнү камсыздайт, зарыл болгон учурларда кайра карап өзгөртүү киргизет. 

40. Директорлор кеӊешинин мүчөлөрүнө, Башкармалыктын ички аудит, тобокелдик менеджментинин жана комплаенс-контролдоо/офицер кызматтарынын жетекчилерин жана банктын негизги жетекчилик кызматкерлерине банк тарабынан берилген сый акы деӊгээлдери, компетенттүү жана квалификациялуу адистерди жетиштүү түрдө умтулууну түзүп, алардын эффективдүү иштешине жана банкка кызыктырууга жана кармап турууга мүмкүнчүлүк берүү

Директорлор кеӊешинин мүчөлүгү үчүн жалпы сый акыны аныктоо, банктын ишмердигинин натыйжаларын, финансылык жылдын жыйынтыгында жана Директорлор кеӊешинде Директорлор кеӊешинин мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнүн эффективдүү катышуусун эсепке алып кабыл алынышы керек. 

41. Сый акы төлөө системасы банкттын бизнес-статегиясына, төбокелдике багытталган статегияга, банкттын максатына, иштин баалуулугуна жана банктын алдыга койгон кызыкчылыгына дал келиши керек. Ошондой эле, ак ниеттүү жана акылга сыярлык иштөөгө багытталган милдеттерди эске алуу менен дал келиши керек. Түрткүү берүү программалары банктын кабыл алынган тобокелдикти аныктоого багытталган маданиятынын ишке ашуусуна түрткү бешиши керек, жана ошондой эле кабыл алуу маселелери банктын кызыкчылыгын ишке ашыруу кызматкерлерге сыйлап кызыктыруу критерийлерге дал келүүсү (кардарлардын кызыкчылыгын эске алуу менен), жана жеке кызыкчылыктарды гана эске албастан баардык түзумдүк бөлумдүн кызыкчылыгы менен бирге каралышы керек. Түрткүү берүү программалары жана бонустар, кызматкерлерге өтө оор тобокелдиктерди кабыл алууга кызыкчылык алып келбеши крек.  

42. Сый акы өлчөмдөрү түздөн түз тобокел менен натыйжанын байланышынан көз каранды болуш керек. Сый акы төлөө ыкмалары келээрки кирешелерди, мөөнөттөрдү, мүмкүнчүлүктөр аныкталбаган мезгилде эсепке алуу менен, кылдаттык түрдө сапаттуулугу жана көлөмдөрү каралат. Сый акы системасы бүт тобокелдиктерди эске алуу менен кошумча сый акынын өлчөмүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн колдонуу менен, тобокел-табиттерин, ички процедураларын же регуляторлук талаптарынын чектөөлөрүн колдонуп.  

43. Банк професионалдык тобокелдиктерге же тобокелдиктер боюнча чечим кабыл алган кызматкерлерге сый акылар жобосун кабыл алышы керек. Сый акы төлөп берүү бир нече жылга алдын ала боло турган тобокелдиктерди эске алуу менен төлөнүп берилиши керек. Жеткилең тобокелдиктер боюнча чечим кабыл алган кызматкерлер үчүн, сый акынын эң негизги төлөп берилүүчү бөлүгү, тобокелдиктер боюнча жыйынтык болгон мезгилге чейин төлөнүп берилүү маселеси камтылуу керек. Ошондой эле, тобокелдиктерди азайтуу же тобокелдик көбөйүп кетиши бонча чара колонуунун жыйынтыктарын эске алуу менен бирге сый акынын өлчөмү азайып же жоюлуп салынуусы мүмкүн. Мындай учурларда банк тез арада сый акыны кайтаруу боюнча чечим кабыл алышы керек.  

44. Банктын кызматкерине кошумча сый акысы (бонус), Банктын бир жылдык иш аракеттеринин жыйынтыгы, Директорлор кеӊешинин чечиминин жана тобокел комитетинин макулдашуусу жүзөгө ашырылганда төлөнөт. 

 

6. Жаңы продуктылар боюнча комитеттин негизги талаптары 

 

45. Жаңы продуктылар боюнча комитет, мыйзамдын талаптарына ылайык банкта зарыл чечим кабыл алууга жаӊы банктык продуктыны жаратууга, банктын кызмат рыногуна жаӊы продуктыны киргизүүгө, ошондой эле банктардын жаӊы жаратылган продуктыларынын рыногуна банктын кирүү процессин контролдоо үчүн түзүлөт. 

46. Болгон ресурстук чектөөлөрдүн негизинде эффективдүү, максатка багытталган жана баштапкы баалоо процессин контролдондоп, кийинки иштеп чыгууну, тестирлөө жана банктык продуктыны же кызматтарын киргизүүгө жаӊы продуктыларды кабыл алуу үчүн комитет чечим камсыздоого ыйгарым укуктуу. 

47. Комитет тигил же башка банктын бөлүнүштөрү Банктын Жаңы продуктыларын жаратуу процессинин үндөө даражасын аныктай алат. 

48. Жаңы банктык продуктыларын жаратып жана киргизип жатканда, Комитет жаңы банктык продуктыларын тобокелдикке баалап, азайтуу (минимизациялоо) жолун сунуштайт. 

49. Комитеттин иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен жана директорлор кеӊеши тарабынан бекитилген Комитеттин жобосу менен жөнгө салынат. 

50. Комитет банктын акционерлеринин жалпы жыйынында дайындалган директорлор кеӊешинин үч мүчөсүнөн турат, алардын бирөөсү көз карандысыз болушу керек. 

51. Комитет жаӊы банктык продуктыны жаратуу жана киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууда өзүнүн ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талптарына жана ченемдик актыларына баш ийиши керек.  

 

7. Банктын корпоративдик катчысы 

 

52. Жалпы акционерлердин чогулушун жана банктын директорлор кеӊешинин ишин банктын корпоративдик катчысы камсыз кылат жана уюштурат. 

53. Банктын корпоративдик катчысы банктын кызматкер адамы болуп саналат, кызмат ордунан директорлор кеӊешинин чечими менен дайындалат жана бошотулат. 

54. Банктын корпоративдик катчысы өзүнүн ишин Мыйзамга, Улуттук банктын ченемдик-укук актыларына, банктын Уставына жана ички ченемдик актыларга, ошондой эле акционерлердин жалпы жыйынынын жана директорлор кеӊешинин чечимдерине ылайык жүзөгө ашырат. 

55. Банктын директорлор кеӊешинин макулдугу менен гана, Банктын корпоративдик катчысы банктагы бөлөк милдеттерди аткаруу үчүн өз алдынча кызмат ордун айкалыштыралат. 

56. Банк өз алдынча Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана ички ченемдик актыларына ылайык, Банктын корпоративдик катчысынын функционалдык милдеттенмесин камсыздайт. 

57. Банктын корпоративдик катчысы Банктын эӊ жакшы кызыкчылыгынын негизинде максатка ылайык ак ниеттүү аткарууга, фидуциардык милдеттенмени төмөнкүдөй сактоону талап кылат: 

1) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдардын, банктын уставын жана ички ченемдик актылардын талаптарын эске алып, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга; 

2) Берилген ыйгарым укуктарын колдонууга; 

3) Акционерлерге жана директорлор кеӊешинин мүчөлөрүнө теӊдик принцибин колдонулган мамиле; 

4) Кыргыз Ремпубликасынын мыйзамдарына ылайык кемчиликсиз ишкердик бедел талаптарына ылайык келүү

58. Банктын корпоративдик катчысы директорлор кеӊешинин отурумундагы стенографиялык протоколду (талкуулоо протоколу) милдеттүү түрдө алып барууну, натыйжаларга ылайык жүзөгө ашырууну, ошондой эле сыртынан добуш берүү даярдайт. 

 

8. Кесиптик этика жана кызыкчылыктар боюнча конфликттердин алдын алуу 

 

59. Банктын стратегиялык максаттарга жетүүсүнүн маанилүү факторлору болуп Директорлор кеңешинин жана Башкарманын кесиптик этика стандарттарын белгилөөгө багытталган иш-аракети саналат, алар корпоративдик башкаруунун төмөндөгүдөй аспекттеринин олуттуулугун аныктайт: 

- банктын уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлинде, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер маселелери боюнча дагы эффективдүү ички контролдук системасын камсыз кылуу; 

- чың жана коопсуз банк тажрыйбасын жүргүзүү

- банк кызыкчылыктарын банктын акционерлеринин, кызмат адамдарынын жана банк ишине таасир эте ала турган башка адамдардын жөнсүз жана мыйзамсыз аракеттеринен коргоо; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана банктын ички документтеринин талаптарын сактоо; 

- кызыкчылыктар боюнча конфликттердин алдын алуу жана кызыкчылыктар боюнча конфликттер келип чыга турган жагдайларды жана иш чөйрөсүн аныктоо; 

- банк ишинин жыйынтыктарын эске алуу менен эле эмес, банктын стратегиялык максаттарына жана кесиптик этика стандарттарынын сакталышына ылайык кызматкерлерге эмгек акыларды, сыйакыларды жана кызыктыруу акыларын белгилөө

- банк кызматкерлерине жана кызмат адамдарына кредит берүүдө банктык коопсуздук жана ишенимдүүлүк талаптарын сактоо; 

- кызматкерлерге жетекчиликтин мыйзамсыз, этикага жатпаган же шектүү аракеттери тууралуу кооптонууларын жана жетекчилик тарабынан мүмкүн болуучу терс аракеттерден коргонууну камсыз кылуу ниеттерин билдире алуу механизмдеринин болушу. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

60. Банкты корпоративдик башкаруунун бардык деңгээлине оң таасир этүү максатында кесиптик этика стандарттары, Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда, банктын бардык кызматкерлерине тааныштырылууга жана уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлинде сакталууга тийиш. 

61. Банкта кызыкчылыктар боюнча конфликттердин алдын алуу жана банктын инсайдерлери жана аффилирленген жактары менен операцияларды жөнгө салуу боюнча мыйзам жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоону камсыз кылуу механизмдери иштелип чыгууга тийиш. 

62. Корпоративдик башкаруу кадр саясаты жагында төмөндөгүлөргө тиешелүү

- ички документтердин болушун жана сакталышын болжолдойт: 

- кызматкерлерди (банктын жетекчилигин кошо алганда) жумушка кабыл алуу жана бошотууга; 

- кадрдык жылышуу жана карьералык өсүшкө

- Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда, эмгек акы, сыйакылар, кызыктыруу акылары, социалдык төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди берүүгө

- кызматкерлерди (Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда) окутууга; 

- квалификациялуу жана компетенттүү персоналды (жетекчиликти кошо алганда) сактап калуу үчүн чаралар системасына; 

- банктын кызматкерлеринин (Директорлор кеңешин жана Башкарманы кошо алганда) өз милдеттерин шайкеш аткарбагандыктары, банк кабыл алган кесиптик этика стандарттарын бузгандыгы үчүн чараларды көрүүгө

 

9. Банкты башкаруунун ачык-айкындуулугу 

 

63. Банкты башкаруунун ачык-айкындуулугу банктын акционерлерине, аманатчыларына жана башка кредиторлоруна башкаруу органынын иш-аракетине мониторингди жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет, ошондой эле банктын эффективдүү корпоративдик башкарууну жүзөгө ашыруу катары аброюн колдойт. Бул жаңы кардарларды, инвесторлорду жана иш боюнча өнөктөштөрдү тартууга шарт түзөт. 

64. Банктын иш-аракети жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген талаптарга кошумча, корпоративдик башкаруу төмөндөгү маалыматтын ачып көрсөтүлүшүн болжолдойт: 

- банктын башкаруу органынын түзүмү (курамы, квалификациясы жана тажрыйбасы, ыйгарым укуктары, милдети, жетекчиликке алуучу чөйрөсү, иш регламенти жана комитеттерге мүчөлүгү, ж.б.); 

- банк менчигинин түзүмү (банктын олуттуу акционерлери, банктын акционердик капиталындагы четөлкө инвесторлорунун үлүшү, ж.б.); 

- банктын уюштуруу түзүмү, бар болсо, банктык топтун түзүмү

- банктын аффилирленген жактары жана инсайдерлери менен операциялардын түрлөрү, шарттары жана көлөмү

- кесиптик этика стандарттары; 

- банктын кызыкчылыктар боюнча конфликттерге карата саясаты. 

65. Банкты корпоративдик башкарууну мүнөздөгөн, анын ичинде бул жобонун 64 пунктунда келтирилген маалымат банктын веб-сайтында жайгаштырылган жана анын жылсайынкы жана мезгилдүү отчетторунда жарыяланган. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын ____________ №___ 

токтомуна карата тиркеме 

 

2012-жылдын 29-августунун №36/2 Улуттук банкынын Башкармасынын «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү 

 

1. 2012-жылдын 29-августунун №36/2 Улуттук банкынын Башкармасынын «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун: 

- бардык текст боюнча «инсайдерлер/аффилирленген жактар» деген сөздөр ар кандай жөндөмөлөрдө «аффилирленген/банк менен байланыштуу жактар» деген сөздөргө ар кандай жөндөмөлөрдө алмаштырылсын; 

- 1 пункт күчүн жоготкон деп таанылсын; 

- 3 пунктун бешинчи абзацындагы «башка кыймылсыз мүлкү» деген сөздөр «банктын карамагына өткөн башка активдер» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 4 пункт күчүн жоготкон деп таанылсын; 

- 6 пункта: 

«а» пунктучасы кийинки редакцияда берилсин: 

«а) банк тарабынан мурда берилген кредиттердин ордун жабуунун эсебине алынган кыймылсыз мүлккө менчикке укук, өтмө укук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күндөн тартып;» 

- 31 пунктунун «а» пунктучасындагы «инсайдерлери» деген сөзү «банк менен байланыштуу жактары» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

 

 

 

 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосундагы пикир келишпестиктерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө 

ЖОБО 

Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана даттанууларды кошо алганда, банктар же башка финансы-кредиттик уюмдар ошондой эле башка юридикалык жак (алмашуу бюро, насыялык бюро, төлөм системанын оператору жана төлөм уюму) же жеке адам тарабынан болгон, анын ичинде Улуттук банктын ыйгарым укуктуу жактары (түзүмдүк бөлүмдөр) тарабынан лицензиялоо суроолор боюнча кабыл алынган чечимдери, Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Комитет) тарабынан кабыл алынган таасир этүү жана/же айып салуу чараларын (мындан ары - таасир этүү чаралары), эскертүү чараларын жана санкцияларын кабыл алуу жөнүндө чечимдери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, сотко чейинки даттануулардын тартибин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын каралган компетенциясынын чектеринде жөнгө салат. 

Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу милдеттүү болуп саналат.  

Улуттук банктын Башкармалыгынын сотко даттанылуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын ар кандай чечимдерине сотко чейинки даттанууга болот. 

Сотко чейинки даттануу Улуттук банктын чечиминин күчүн токтото албайт. 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Бул Жобо качан банк, юридикалык жак же жеке адам ушул Жобого ылайык, таасир этүү чарасын жана жазапулдарды салууну колдонууга тиешелүү Комитеттин же Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн чечими боюнча даттануу ниетинде болгон бардык учурларда колдонулат. 

1.2. Ушул Жобонун маанисинде: 

"Териштирүүнү жүзөгө ашыруучу жактары же органы" - Улуттук банктын Башкармасы, Төрагасы, Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү

"Апеллянт" - ыйгарым укуктуу жагынын (түзүмдүк бөлүмдөр) Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн же Комитеттин чечимине же болбосо Улуттук банк Башкармасынын чечимине ушул жободо белгиленген тартипке ылайык даттанууну ишке ашырган банк же башка юридикалык жак же жеке адам. 

"Банк" - Улуттук банктан лицензия алышкан жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк тараптан көзөмөлдөнүүгө таандык болгон коммерциялык банк же башка финансы-кредиттик уюму (ФКУ). 

"Юридикалык жак" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Улуттук банк тараптан көзөмөлдөнүүгө таандык болгон банк жана башка финансы-кредиттик уюму болуп саналбаган алмашуу бюро, насыялык бюро, төлөм системанын оператору жана төлөм уюму.  

"Улуттук банк" - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы. 

"Улуттук банктын жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмү" - апеллянттын иши боюнча маселенин кароого алынышын демилгелешкен ушул Жобого ылайык Улуттук банкынын буйругу боюнча белгиленген жана даттануунун предмети болуп келүүсү мүмкүн компетенциясына Улуттук банктын чечимдерин кабыл алуусу кирген Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмү

"Ыйгарым укуктуу жак" (түзүмдүк бөлүмдөр) Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги же ушул Жобого ылайык даттанылышы мүмкүн болгон Улуттук банктын чечимдерин кабыл алуу компетенциясына кирген Улуттук банктын башка ыйгарым укуктуу жак. 

"Улуттук банктын чечими" - ыйгарым укуктуу жак (түзүмдүк бөлүм), Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү же Комитеттин чечими тарабынан банкка, башка юридикалык жакка же жеке адамга карата Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен караштырылган компетенциясына ылайык кабыл алынган документ, ал айып салуу жөнүндө чечимди жана лицензиялоо менен жөнгө салуу боюнча чечимдерди кошо алганда, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө органы катарында Улуттук банктын функциялардан жана ыйгарым укуктардан келип чыккан таасир этүү чараларын жана/же милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон белгилүү бир аракеттерди аныктайт. 

"Териштирүү" - ушул Жобого ылайык, Улуттук банктын чечимине карата каршылыктарды билдирген катты кароо процесси. 

"Тараптар" - ушул Жобого ылайык аппеляциялык арыздануучу банк жана/же башка юридикалык жак же жеке адам жана Улуттук банктын өкүлдөрү

3. Териштирүүнү жүргүзгөн Улуттук банктын органы же жагы апелляция жөнүндө арызды арыз берилген күндөн баштап 30 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө каралышы керек. 

Териштирүүнү жүргүзгөн органы же жагы апелляция жөнүндө арызынын кароосун 30 календардык күндөн ашырбай мөөнөтүн узарта алышат. 

4. Улуттук банктын ага карата чечими кабыл алынган кайсы болбосун адам, териштирүүнү жүргүзгөн жактын же органдын алдында ушул Жободо белгиленген тартипте чыгарылган ал боюнча даттанууга укуктуу. 

 

2. Териштирүүнү жүзөгө ашыруучу органдын же жактын ыйгарым укуктары 

5. Териштирүү Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, Төрагасы же Башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат. 

6. Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Улуттук банктын ыйгарым укуктуу жактын (түзүмдүк бөлүмдүн) чечимине берген апелляция жөнүндө арызды карап ал боюнча чечим кылат.  

Ыйгарым укуктуу жактын (түзүмдүк бөлүмдүн) чечимине берген апелляция жөнүндө арызынын негизинде Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынган чечими ушул Жобого ылайык Улуттук банктын Төрагасына даттанылат. 

7. Улуттук банктын Төрагасы ыйгарым укуктуу жактын (түзүмдүк бөлүмдүн) чечимине берген апелляция жөнүндө арызынын негизинде Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынган чечимдерди карап, алар боюнча чечим кылат. 

Улуттук банктын Төрагасы өз каалоосу боюнча аппеляция жөнүндө арызды Улуттук банктын Башкармасынын кароосуна берүүгө укуктуу. 

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынган чечими ушул Жобого ылайык сотко даттанылат. 

8. Улуттук банк Башкармасы төмөнкү чечимдерине берилген апелляция жөнүндө арыздарды карап, алар боюнча чечим кылат: 

- Көзөмөлдөө жана жөнгө салуу органы карата Улуттук банктын функциялардан жана ыйгарым укуктардан келип чыккан Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынган чечими; 

- Ыйгарым укуктуу жактын (түзүмдүк бөлүмдүн) чечимине берген апелляция жөнүндө арызынын негизинде Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан ушул Жобого ылайык кабыл алынган жана Улуттук банктын Төрагасы тарабынан Улуттук банк Башкармасына кароого берилген чечими; 

- Комитеттин чечими. 

Териштирүү боюнча чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болсо, Башкарманын Төрагасынын (Төрагасынын м.а.) добушу чечүүчү добуш болуп саналат. 

Улуттук банктын Башкармасы тарабынан кабыл алынган чечими ушул Жобого ылайык сотко даттанылат. 

9. Териштирүүлөрдү жүргүзгөн жак же орган төмөндөгүлөргө укуктуу: 

а) Улуттук банктын пикири боюнча, териштирүүнүн пердметине карата тиешелүү деген тараптарды чакырууга жана алардан документтерди алууга; 

б) Улуттук банктын пикири боюнча, териштирүүнүн пердмети боюнча маалыматты бере алуучу кайсы болбосун адамды чакырууга; 

в) териштирүүнүн максаттарына жетүүгө көмөктөшүүчү чечимдерди кабыл алууга же аракеттерди көрүүгө

 

3. Апелляция жөнүндө арызды берүүнүн тартиби 

3.1. Териштирүүнүн жол-жобосу апелляция жөнүндө кат жүзүндөгү арызды алуудан башталат. Апелляция жөнүндө арыз Улуттук банктын чечимин алгандан кийинки 20 иш күнүнүн ичинде берилүүгө тийиш. 

3.2. Апелляция жөнүндө арыз төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

а) банктын аталышын жана дарегин же башка юридикалык жактын; 

б) эгерде ал жеке адам болсо, апеллянттын аты-жөнүн, иштеген жерин, кызматын, жашаган жерин; 

в) териштирүү учурунда тиешелүү түрдө тариздетилген ишеним каттын негизинде (ишеним каттын копиясы арызга кошо тиркелет, ишеним каттын оригиналы териштирүүлөрдү жүргүзгөн жагына же органга берилет) апеллянттын таламын колдогон адамдын аты-жөнү, жумушунун дареги жана телефон номери; 

г) чечимге даттанууга карата көрсөтмө

д) жарым-жартылай же толугу менен макул болбоого жана даттанууга себеп болгон жагдайлардын жана жүйөдалилинин таржымалын; 

е) чечиминин маанисинин айкын же юридикалык жактан негизделишине апеллянттын кайсы болбосун каршы болуусу/макул болбоогону; 

ж) ар бир күбөнүн аты-жөнүн жана дарегин жана ар бир адамдын күтүлүүдөгү жүйөдалилинин кыскача жалпыланышын кошо алганда, отурумда түшүнүк берүү үчүн чакыруу зарыл болгон адамдардын толук тизмеси; 

з) апеллянттын кол тамгасы (эгерде апеллянт банк болсо, апелляцияга Башкарманын Төрагасы же Директорлор кеңешинин төрагасы, ал эми алар жок учурда - банктын атынан кол коюу укугуна ээ алардын орун басарлары; эгерде банк-резидент эместин филиалы болсо - филиалдын жетекчиси, ал жок учурда - филиалдын атынан кол коюу укугуна ээ анын орун басары; эгерде юридикалык жак болсо - анын жетекчиси, ал жок учурда юридикалык жактын атынан кол коюу укугуна ээ жетекчинин орун басары кол коюуга укуктуу). 

12. Апелляция жөнүндө арызды алгандан кийинки 10 календардык күнүнүн ичинде Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Башкармасынын мүчөсү же Улуттук банктын Төрагасы (ал жок учурунда анын милдетин аткаруучу), апелляцияны кароо боюнча отурумду өткөрүүнүн датасын апелляция жөнүндө арызды алуу учурунан тартып, 30 (отуз) календардык күндөн кечикпестен мөөнөткө аныктайт.  

Улуттук банктын Башкармасынын кароосуна тийиш болгон апелляция жөнүндө арызды бергенде кийинки күндөн кечикпестен Улуттук банк Башкармасынын катчылыгы апелляция жөнүндө арыздын көчүрмөсүн Улуттук банктын Төрагасынын орун басарына/ Улуттук банк Башкарманын мүчөсүнө же Комитетке жана тиешелүү структуралык бөлүмдөргө жөнөтөт жана тараптарга отурумду өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө билдирет. 

Улуттук банктын Төрагасы тарабынан апелляция жөнүндө арызды каралган кезинде ыйгарым укуктуу жак (түзүмдүк бөлүм) кийинки күндөн кечикпестен апелляция жөнүндө арыздын көчүрмөсүн Улуттук банктын Төрагасынын орун басарына/ Улуттук банк Башкарманын мүчөсүнө жана тиешелүү структуралык бөлүмдөргө жөнөтөт жана тараптарга отурумду өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө билдирет. 

Улуттук банктын Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/ Улуттук банк Башкарманын мүчөсү тарабынан апелляция жөнүндө арызды каралган кезинде ыйгарым укуктуу жак (түзүмдүк бөлүм) кийинки күндөн кечикпестен апелляция жөнүндө арыздын көчүрмөсүн тиешелүү структуралык бөлүмдөргө жөнөтөт жана тараптарга отурумду өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө билдирет. 

 

4. Териштирүү процессинде документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартиби 

13. Териштирүүнүн предметтери менен байланыштуу болгон кат жүзүндөгү маалымат жана/же документтер териштирүүнү жүзөгө ашырган жакка же органга жана териштирүүнүн бардык тараптарына (же алардын Улуттук банк тарабынан мурда билдирилген өкүлдөрүнө) бир учурда берилет. 

14. Кат жүзүндөгү билдирүүнү жана документтерди жөнөтүүчү адамдын колунда билдирүүлөрдү жөнөткөндүгүнүн фактысы боюнча далили болуш керек.  

15. Териштирүүнү жүзөгө ашырган жакка же органга кошумча берилген бардык маалыматтар жана документтер аларды берген адамдын аты-жөнүн, дарегин жана телефон номерин, териштирүүнүн мазмунун камтууга тийиш. 

 

5. Аппелляция жөнүндө арызды кароо боюнча отурумга карата даярдык 

16. Ушул Жобонун 11-пунктуна ылайык сунушталган апелляция жөнүндө кат жүзүндөгү арыздын көчүрмөсүн алгандан кийинки 15 иш күнүнүн ичинде жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмү жана Улуттук банктын Юридика башкармалыгы териштирүүнү жүзөгө ашырган жакка же органга алынган апелляция жөнүндө арыз боюнча пикирди билдирет.  

Жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмүнүн жана Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын пикири Улуттук банктын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү менен макулдашып төмөндөгүнү сунуштайт: 

а) өзүнүн позициясы жөнүндө кат жүзүндөгү негиздемени; 

б) алардын кызмат ордуларын тиркөө менен териштирүүнүн предмети боюнча жүйдалилдерди берүүнү каалаган адамдардын тизмесин; 

в) териштирүүгө берилүүчү далилдердин тизмелерин жана көчүрмөлөрүн. 

Жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмүнүн жана Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын пикири Улуттук банктын орун басарына/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө, Төрагасына, Улуттук банктын Башкармасына жана ар бир башка тарапка теришитрүүнүн башталышына үч күнгө жетпей калган убакыттан кечтирбей ушул пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөтүндө берилиши милдеттүү

17. Жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүм ушул Жобосунун 12 пунктуна ылайык апелляция жөнүндө арызын кароо боюнча Улуттук банктын Төрагасы тарабынан отурумунун өткөрүүнүн убактысындан кечтирбей 10 күндүн ичинде апелляция жөнүндө арызын ушул Жобосунун 11 пунктунун талаптарына ылайыктыгын текшерүүгө милдетүү. Апелляция жөнүндө арыз ушул Жобосунун 11 пунктунун талаптарына ылайык келбексе, ал кыймылсыз калынат. Бул учурда Улуттук банк шарты келген мөөнөттө кемчиликтерди көрсөтүп даттанууга берилген жалпы мөөнөтүнүн чегинде аларды жоюү үчүн апеллянтка мүмкүнчүлүк берет. Териштирүүнү жүзөгө ашырган жак же орган тарабынан териштирүүнүн убакыты белгилинген учурда апеллянт териштирүүнүн убакытысана чейин 10 күндөн кем эмес учурда ачып көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюуга милдетүү

Улуттук банк тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетилбеген учурда апелляция жөнүндө арыз жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. 

18. Үчүнчү тараптар эгерде, алар ушул жобонун 11 пунктуна ылайык билдирилбеген болсо, териштирүүнү жүзөгө ашырган жактан же органдан уруксаты жок болсо жүйөдалилдерди жана далилдерди (документтерди) бере алышпайт. 

 

6. Апелляция жөнүндө арызды кароо боюнча отурумду өткөрүү 

19. Апелляциялоо жөнүндө арызды кароо боюнча отурум (мындан ары - отурум), тиешелүү талаш маселелерди адилет жана ыкчам чечүү максатында өткөрүлөт. Ар бир тарап оозеки жүйөөлүү далилдери жана тиешелүү документтер аркылуу өз позицияларын билдирүүгө, ошондой эле кайсы болбосун тарап сунуштаган фактылар боюнча күбөлөргө суроо берүүгө укуктуу. 

20. Тараптар отурумуна катышууга жана өздөрүнүн жүйөдалилдерин көрсөтүүгө укуктуу. Апелляция жөнүндө арызды кароо боюнча отурум эгерде, алар ушул Жобонун 12 пунктуна ылайык билдирилген болсо, тараптардын жок болушунда деле өткөрүлүшү мүмкүн. 

21. Теришитирүүнү жүзөгө ашырган жак же органы териштирүү менен байланыштуу болгон бардык жол-жобо маселелерин аныктайт. 

22. Отурум боюнча протокол жазылат, отурумдун протоколунун көчүрмөсү териштирүүнүн бардык тараптарына берилет. 

23. Апеллянт иш боюнча өзүнүн позициясын биринчи болуп көрсөтөт. Улуттук банктын өкүлдөрү өздөрүнүн жүйдалилдерин апеллянт иш боюнча өзүнүн позициясын көрсөткөндөн кийин көрсөтөт. 

24. Тараптар жана алардын өкүлдөрү өздөрүнүн позицияларын түшүндүрүү жана далилдөө максатында схема, график, жазуулар түрүндөгү сүрөттүү материалдарды жө жүөйдалилдерди көрсөтүүнү жалпылоо, далилдөө же жөнөкөйлөтүү үчүн башкаларды пайдалана алышат. Мындай материалдар Улуттук банктын каалоосу боюнча аларды териштирүүнүн протоколуна киргизүү менен же киргизүүсүз пайдаланылышы мүмкүн. 

25. Акыркы чечимди кабыл алууда, теришитирүүнү жүзөгө ашырган жак же органы мындай консультацияны алууда банктык сырды таркатуу орун албай турган шартта териштирүүнүн тараптары болуп саналбаган кайсы болбосун тараптар же адамдар менен консультация алуулары мүмкүн. Мында кайсы болбосун мындай консультациялар жалпыланууга жана териштирүүнүн материалдарына камтылышы мүмкүн. 

26. Ар бир тарапка өз позициясына карата фактылардын негизинде, акыркы жалпылоону жүргүзүүгө, фактыларга карата кайсы болбосун колдонуудагы мыйзамдарды, ченемдик актыларды, саясаттарды, жетекчиликтер жана тараптар жетише ала турган чечимдерди негиздөөчү кайсы болбосун тиешелүү материалдарды колдонууга мүмкүндүк берилет. 

27. Териштирүүнү негизсиз токтотуу же ага кедерги болуу максатында аракеттенүүчү же териштирүүнүн кайсы болбосун этабында мазактоо менен аракеттенген тараптарга же тараптардын өкүлдөрүнө теришитирүүнү жүзөгө ашырган жак же органы тарабынан териштирүүлөргө андан ары катышууга жол берилбейт. 

 

7. Теришитирүүнү жүзөгө ашырган жак же органдын чечими 

 

28. Теришитирүүнү жүзөгө ашырган жак же органдын чечиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

1) чечимдин кабыл алуу датасы жана номери; 

2) апелляция жөнүндө арызды берген жагынын же анын өкүлүнүн аты-жөнү же жана аталышы; 

3) даттануулаган чечиминин мазмунунун кыскача баяндамасы; 

4) чечимдин маанисинин айкын же юридикалык жактан негизделишине апеллянттын кайсы болбосун каршы болуусу; 

5) даттанууну караган органдын тыянактарына негизделген иштин белгиленген жагдайлары жана далилдери, ошонун ичинде Улуттук банктын Юридикалык башкармалыгынын пикиринин кыскача баяндамасы; 

6) апелляция жөнүндө арызды карап чыгуунун натыйжалары боюнча тыянактар, ошонун ичинде зарыл болгон учурда теришитирүүнү жүзөгө ашырган жак же органы кайсы мыйзамдар жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарына колдонмо кылып алган боюнча маалымат. 

29. Улуттук банк Башкармасы чечимди токтом түрүндө кабыл алат. Улуттук банк Башкармасы: 

1) апелляциялык арызды толук же жарым-жартылай канааттандырып, ушуга байланыштуу Комитеттин, Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсу кабыл алган чечимдерин алып салат жө өзгөртө алат; 

2) апелляциялык арыз четтетилсин жана Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/ Улуттук банк Башкармасынын мүчөсунүн же Комитеттин чечими күчүндө калтыра алат. 

30. Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын же Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсунүн чечимди кабыл алып: 

1) апелляциялык арызды толук же жарым-жартылай канааттандырып, ушуга байланыштуу ыйгарым укуктуу жактын (түзүмдүк бөлүмдүн) кабыл алган чечимдерин алып салат жө өзгөртө алат; 

2) апелляциялык арыз четтетилсин жана ыйгарым укуктуу жактын (түзүмдүк бөлүмдүн) чечими күчүндө калтыра алат. 

31. Теришитирүүнү жүзөгө ашырган жак же органдын чечиминин көчүрмөсү чечим чыккан учурдан таратып 3 иш күнүнүн ичинде териштирүүлөрдүн ар бир тарабына кол койдуруу менен берилет. 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын “____”____________ 

№_____ токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12 “Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу”; 

- 1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“1. Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү (тиркелет)”;  

жогоруда белгиленген токтом аркылуу бекитилген банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндөгү нускоодо: 

- “аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен” аталышындагы сөздөр “банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен” деген сөздөргө алмаштырылсын;  

- бүтүндөй текст боюнча “аманат (депозит)” деген сөздөр бардык жөндөмөлүк формаларын тийиштүү жөндөмөдө жана сандык мааниде “банктык аманат (депозит)” деген сөздөргөү алмаштырылсын;  

- преамбула төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Аталган Нускоо жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын (мындан ары - кардарлар) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан лицензияланган коммерциялык банктарда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансы компанияларда, кредиттик союздарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар) банктык эсептерди, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартибин аныктайт. Аталган Нускоонун талаптары Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары тууралуу” Мыйзамынын 16-статьясына ылайык бекитилген чектөөлөрүн эске алуу менен депозиттерди кабыл алуучу микрофинансы компанияларга, Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын кредиттик союздары тууралуу” Мыйзамынын 4-статьясына ылайык белгиленген чектөөлөрүн эске алуу менен депозиттерди кабыл алуучу кредиттик союздарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тууралуу” Мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрүн эске алуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына тиешелүү.”;   

- 1-пункттагы биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк ишмердүүлүгү тууралуу”, Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдар тууралуу” жана “Кредиттик союздары” тууралуу Мыйзамдарына ылайык Улуттук банктын лицензиясына ээ банктардын негизги операцияларынын бири - юридикалык жана жеке жактардан аманаттарды жана башка акча каражаттарын кабыл алуу.”;  

- 11-пунктта: 

экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Банктык аманат (депозит) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 749-статьясында белгиленген маанисинде кабылданат.”;  

төмөнкү мазмун төртүнчү абзац менен толукталсын:  

“Нак эмес эсеп Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын төлөмдүк системасы тууралуу" Мыйзамынын 2-статьясында белгиленген маанисинде кабылданат";  

- 13-пункт төртүнчү абзацтагы төмөнкү мазмун менен толукталсын:  

“- атайын эсептер - бул тийиштүү эсептерди жана операцияларды ишке ашыруу үчүн юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан бекитилген учурларда жана эрежелерде банкта ачылуучу эсептер.”;  

- 15-пунктта: 

биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Эсептешүүлөр (кезектеги) эсеби - бул Нускоонун талаптарына ылайык банктык эсеп келишими боюнча, банктардан тышкары, юридикалык жактар жана банктык эсеп келишими боюнча жеке ишкерлер, ошондой эле жеке жактар (резиденттер) - айыл чарба өндүрүшчүлөрү тарабынан банктык төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлүүчү эсептешүүлөрдү камтыган акча каражаттарын сактоо жана күнүмдүк эсептешүүлөрдү (кабылдоолор, төлөп берүүлөр, жеке же юридикалык жактар ортосундагы эсептешүүлөр, башка каржылык-кредиттик мекемелерге которуулар) ишке ашырууга багытталган эсеп.” ;  

үчүнчү абзацтагы “09.09.2005-жылдагы №420/21/4” деген сөздөр “2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4” сөздөр менен алмаштырылсын;   

төртүнчү абзацтагы төртүнчү сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Кредитти максатка ылайык пайдаланууда негизги бөлүгү нак эмес жол аркылуу ишке ашырылышы керек. Ошону менен бирге эле, кредит боюнча төлөмдөр нак жана нак эмес формада төлөнүшү мүмкүн";  

- 16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“16. Банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер каражаттарды сактоого жана топтоого, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган. Банктык аманаттар (депозиттер) пайыздык жана пайызсыз болушу мүмкүн. Банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептик келишимдин шартына жараша төмөнкүдөй бөлүнөт:  

- талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер;  

- мөөнөттүк банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер;  

- кайтаруунун башка шарттарындагы аманаттар боюнча эсептер.”;  

- 17-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“17. Талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсеп - бул жеке же юридикалык жактын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн, ошондой эле төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулуучу эсеп.  

Банкка жана аманатчы-жеке тарапка карата талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча банктык эсеп келишиминин эрежелери колдонулат (эгер банктык аманат (депозит) келишиминин мазмунунда башка нерсе каралбаса). Ошол эле учурда, жеке тараптардын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсебине айлык акысы, автордук гонорары, пенсиясы, алименттери, социалдык көмөк пулдары, башка банктык эсептеги каражаттары, мураска байланыштуу төлөмдөрү, эсептин ээсине тиешелүү жеке мүлктү сатуудагы төлөм акча, акча которуулар жана башка кирешелер менен төлөмдөрдү которуп турса болот. Жеке тараптын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсебинен жеке мүнөздөгү төлөмдөр, анын ичинде өзүнүн жеке колдонуусу үчүн алынган товарларды сатып алуудагы төлөмдөр (кызмат көрсөтүүлөр), коммуналдык жана башка ушул сыяктуу жеке мүнөздөгү төлөмдөр ишке ашырылышы мүмкүн.”;  

- 18-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“18. Мөөнөттүк банктык аманат (депозит) боюнча эсеп - бул жеке жана юридикалык тараптар мөөнөттүк банктык аманат келишими боюнча белгилүү убакыт ичинде үстөк пайыздар боюнча киреше алып келүүчү акча каражаттарын сактоочу эсеп.  

Мөөнөттүк банктык аманат (депозит) боюнча эсеп акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн пайдаланат, ал үчүнчү тараптын эсептешүүлөрдү жүргүзүүсү үчүн багытталган эмес.  

Мөөнөттүк банктык аманат (депозит) суммасынын пайыздары мөөнөттүк банктык аманат (депозит) келишиминин шарттарына ылайык кардардын талабы боюнча төлөнүп берилет же анын талабы боюнча башка эсепке которулат.  

Мөөнөттүк банктык аманат (депозит) мөөнөт аяктаганга чейин же келишимде белгиленген башка жагдайларга ылайык кардардын талабы боюнча ага кайтарылып берилсе, анын пайыздары эгер келишимде жогорку пайыздык өлчөм каралбаган болсо, мөөнөттүк банктык аманат (депозит) боюнча банк тарабынан төлөнүп берилүүчү пайыздардын өлчөмүнө туура келүүчү көлөмдө төлөнүп берилет. Мөөнөттүк банктык аманат (депозит) боюнча банктык аманаттын (депозиттин) негизги суммасына айрым взносторду салууга жана банктык аманаттан (депозиттен) банктык аманаттык келишимге ылайык негизги сумманы алууга болот.  

Мөөнөттүк банктык аманат (депозит) мөөнөтү аяктагандан кийин же келишимде каралган жагдайга ылайык кайтаруунун башка шарттарында салынган мөөнөттүк банктык аманаттын (депозиттин) суммасы кардар тарабынан талап кылынбаган болсо, башка келишим түзүлбөсө, келишим мурунку шарттардын негизинде улантыла берет.  

Мөөнөттүк банктык аманаттын (депозиттин) мөөнөтү аяктаган соӊ кардар аны жаӊы мөөнөткө кайрадан түзүүгө укуктуу. Банктык аманат (депозит) жаӊы мөөнөткө кайрадан түзүлгөндө, мөөнөттүк банктык аманаттын (депозиттин) суммасы көбөйтүлүшү же азайтылышы мүмкүн.  

Банк аманатчынын суроосу боюнча анын эсеби тууралуу маалыматты беш жумушчу күндүн аралыгында бериши керек.”;  

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 18-1-пункту менен толукталсын:  

“18-1. Банк жана кардар аманат келишимин кайтаруунун башка шарттарына ылайык түзүүсү мүмкүн.”;  

- 22-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“22. Банк кардарга эсеп ачууга, эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүгө төмөнкү учурларда жол бербейт:   

- эсеп ачууга жана ал боюнча операцияларды жүргүзүүгө карата талаптарды аткаруу үчүн кардарды идентификациялоочу жана бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоодо зарыл болгон тийиштүү документтер берилбесе;  

- ачык аныкталбаган документтер берилсе;   

- кардарга жана/же бенефициардык менчик ээсине (пайда алуучуга) карата террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүккө же массалык жок кылуучу куралдарды таркатууга катышкандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдык нормаларына ылайык маалымат алынган болсо.   

Банк акча каражаттары же мүлк кылмыштуулуктун кирешеси экендигинен же террористтик же экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо менен байланышкандыгынан, же ушул максатта пайдаланаары тууралуу күмөн санаган болсо, бул учурда ал мамлекеттик ыйгарым органдарга тийиштүү билдирүү (өзүнүн күмөн санаган оюн түшүндүрүү менен) жибериши керек.”; 

- 35-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“35. Эсепти арестке коюу сот тарабынан гана ишке ашырылат.   

 Эсепти арестке алууда банк эсеп боюнча бардык чыгымдык операцияларды токтотуусу зарыл. Эсептеги акча каражатынын белгилүү гана бөлүгү арестке алынган учурда аталган сумманын көлөмүндөгү төмөндөбөөчү калдыктын чегиндеги бардык чыгымдык операциялар токтотулат.  

Эсептеги акча каражаттарын конфискацялоо соттун чечиминин мыйзамдуу күчкө киришинин негизинде гана жүргүзүлөт.”;  

- Нускоо төмөнкү мазмундагы 45-1-пункту менен толукталсын:  

“45-1. Атайын эсеп ачуу үчүн банкка банктык эсеп ачуу үчүн керек болгон документтер талап кылынат. Атайын эсептин иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган.”;  

- 50-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

“Юридикалык жакты кайра түзүүгө (биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүнүп чыгуу жана жаӊылануу) байланыштуу эсепти кайра түзүүдө эсептин ээси юридикалык жак жаӊы эсеп ачууда бере турган документтерди даярдайт.”;  

- 51-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“51. Эсепти жоюу үчүн аны кайрадан түзүү керек болгон учурда банкка төмөнкүлөр талап кылынат:  

- юридикалык жактын жогорку башкаруу органынын же анын ыйгарым органынын чечими, ал эми банкрот болгон учурда - кредиторлордун жыйынынын чечими (соттон тышкары банкрот деп жарыяланганда) же атайын администратордун (жоюучунун) аты-жөнү толук көрсөтүлгөн соттун чечими;  

- кол тамгалардын жана мөөрдүн оттискисинин нотариалдык бекемделген карточкасы.”;  

- 52-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзацы менен толукталсын:  

“Банк кардардын акыркы белгилүү болгон дареги боюнча акча каражатынын калдыктарын алуу зарылдыгы тууралуу билдирүү жиберет, ал эми кардар жок болгон учурда акча каражаттарынын калдыктары банктын системалык эсепке алуусунда (баланста) сакталып турат. Бул учурда акча каражаттары талап кылынганга чейинки банктык аманттар (депозиттер) тобундагы өз алдынча жыйынтыктоочу эсепте (депозиттерди кабылдоочу микрокаржылык компаниялар, кредиттик бирикмелер үчүн - депозиттер тобунда) эсепке алынуусу зарыл.”;  

- 53-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“53. Банк бир тараптуу банктык эсеп же банктык аманат (депозит) келишимин бузууга, бул шартты милдеттүү түрдө келишимде бекитүү менен эсепти жабуу тууралуу бир календарлык ай мурун кардарга кабар берүүгө укугу бар, эгер:  

- кардардын эсебиндеги акча каражатынын суммасы бактык эсеп келишиминде каралган минималдык өлчөмдөн төмөн болсо;  

- келишимде белгиленген мөөнөт аралыгында кардардын эсебине акча каражаты келбесе, же ал эсепте кардардын каалоосу менен эч кандай операциялар жасалбаса;  

- кардарды идентификациялоодо жана верификациялоодо жана бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоодо эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон тийиштүү документтер кардар тарабынан берилбесе;  

- эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн иштелип жаткан операциялардын экономикалык максаттуулугун жана кардардын реалдуу экономикалык ишмердүүлүгүн ишке ашыруусунун чындыгын тастыктоодо кардар тарабынан зарыл болгон тийиштүү документтер берилбесе;  

- туура эмес документтер берилсе.  

Эгер кардардын террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүккө же массалык жок кылуу куралдарын жайылтууга катыштыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдык нормаларына ылайык алынган маалымат бар болсо, банк кардарга эч кандай кабар бербестен эле операцияны (бүтүмдөр) токтотууга жана/же ал кардардын каражаттарын үч жумушчу күнгө чейин жаап салууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартибинде белгиленген кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишмердүүлүккө каршылык көрсөтүүчү ыйгарымдуу мамлекеттик органдарга билдирүү жасоосу керек.  

Токтотулган операцияны андан ары жүргүзүү же каражаттарды тосууларды алып салуу кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик ишмердүүлүккө каршылык көрсөтүүчү ыйгарымдуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде ишке ашырылат.”;  

- 54-пункт күчүн жоготту деп табылсын;  

- 1-Тиркемедеги 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“5. Жеке адамдарды аныктоо үчүн төмөнкү документтер кабыл алынат:  

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:  

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта); 

- жалпы жарандык паспортунда дипломатиялык өкүлчүлүктүн же Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинин консулдук каттоого алынгандыгы тууралуу же туруктуу жашаган жери жана келген мамлекетинде жашай тургандыгы, ошондой эле үй-бүлөлүк абалы тууралуу белгиси болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет элдик паспорт);  

- туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (жашы жете электердин пайдасына эсеп ачууда);  

- офицердин, прапощиктин жеке күбөлүгү же мөөнөттүк кызматтын аскер кызматкеринин аскердик билети;  

2) чет элдик жарандар үчүн:  

- чет элдик жарандын паспорту же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген же эл аралык макулдашууларга ылайык табылган инсанды күбөлөндүрүүчү башка документ;  

- чет элдик жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында жүрүүгө (жашоого) укугун тастыктоочу документ: өлкөгө келгендиги, убактылуу жашоого берилген уруксаты, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипке ылайык берилген виза же башка документ.”;  

- 3-Тиркемедеги 3-пункттагы “Көзөмөл боюнча базелдик комитет” деген сөздөр “Банктык көзөмөл боюнча базелдик комитет” деген сөздөргө алмаштырылсын.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу” №37/2 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин баалуулуктарды сактоо үчүн кардарларга берилиши боюнча нускоонун: 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

“28. Сейфте сакталган буюмдарга арест коюу сот тарабынан гана жүргүзүлөт.  

Банкта сакталып турган буюмдарга арест коюуда буюмдарды которуу боюнча бардык чыгымдык операциялар токтотулат.  

Сейфте сакталган буюмдарды ачуу, тинтүү, карап чыгуу, алып чыгуу жана башка тергөө аракеттери соттук актылардын негизинде козголгон кылмыш иштери боюнча гана тергөө органдары тарабынан жүргүзүлөт.  

Сейфте сакталган буюмдарды ачуу, тинтүү же алып чыгуу, ошондой эле аларды арестке алуу банк тарабынан төмөнкүлөрдүн катышуусу менен ишке ашырылат:   

- Банк Башкармасынын Төрагасы жана/же сейфте сакталган буюмдарды ачуу, тинтүү же алып чыгуу, ошондой эле аларды арестке алуу жүргүзүлгөн банктын бөлүмүнүн/филиалынын жетекчиси;  

- сейфтеги буюмдардын эсебин алуу үчүн опись жүргүзүүгө тийиш болгон банктын ыйгарым укуктуу кызматкери. Бул описке банктын кызматкери болуп саналышкан катышуучулар кол коюулары зарыл;   

- видео тасмага түшүрө турган банктын ыйгарым укуктуу кызматкери.”.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын “____”  ________  

№____ токтомуна карата  

тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна 

толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтомдун 1 пунктунда «финансы-кредит мекемелер» деген сөздөр «финансы-кредит уюмдар» дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- Жобонун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө»; 

- буткул текст боюнча «финансы-кредит мекемелер» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө «финансы-кредит уюмдар» дегенге алмаштырылсын;  

- Жобонун бүткүл тексти боюнча «инсайдер» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө «банк менен байланышы бар жак» дегенге алмаштырылсын; 

- 1 пунктунда: 

биринчи суйлөм алынып салынсын; 

экинчи суйлөмдө «Жобо» деген сөз «Бул Жобо» дегенге алмаштырылсын; 

- 7 пункт төмөнкү абзац менен толукталсын:  

«Банктын кредиттик саясаты ошондой эле төмөнкү жоопкерчиликтүү насыялоо принциптеринде негизделиши керек: ак ниеттүүлүк, ачык-айкындык, ишенимдүүлүк, зайымчыларга карата шериктик мамиле, алардын экономикалык таламдарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу.»; 

- 8 пунктунда:  

8.1. подпунктчасынын 13 абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- күрөөлөрдүн наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлерин, анын ичинде эгерде күрөө предмети карыз алуучунун жана/же күрөө коюучунун бирден-бир турак-жайы болуп саналган кыймылсыз мүлкү же болбосо өндуруу учурунда ошондой жагдайга туш келгенине байланыштуу тобокелидктерди балоону эске алуу менен»;  

пункт төмөнкү мазмундагы 8.8. подпунктчасы менен толукталсын:  

«Кайра кредитөөнү жокко чыгарууга багытталган баалоо жана отчеттук тутумун иштеп чыгып киргизүү талаптарын камтыган жоопкерчиликтүү кредиттөө стандарттары.»; 

- 12 пунктунда: 

1 абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банктын Директорлор кеңеши кредиттик саясатты шайкештигине, лимиттер тутумуна, кредиттик тобокелдикти башкаруу куралдарына жана процедураларына, кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча ички аудит тутумуна карап чыгууга милдеттүү. Ошондой эле, зарылчылыкка жараша банктын профилиндеги, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы өзгөрүүлөргө, банктын уюштуруу түзүмүндөгү жана кадрдык курамындагы банк операцияларынын кредиттөө процессине таасирин тийгизүүчү татаалдыгына жараша, ошондой эле банктын кредиттөө процесстерине таасирин тийгизген өнөктөрү жана кардарлары бар республиканын жана өлкөлөрдүн экономикасында жүргөн өзгөрүүлөргө жараша, бирок жылына кеминде бир кайра карап чыгууга милдеттүү.»; 

төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:  

«Банкта кредиттик тобокелдиктерди башкаруу боюнча иштелип чыккан ички тобокелдиктер рейтингдер тутуму бар болуш керек. Ички тобокелдиктер рейтинги банк тараптан ишке ашырылып жаткан операцияларынын  

жаратылышына, көлөмүнө жана татаалдыгына ылайык болуш керек. Мындан тышкары, банк кредит берилип жатканда стандарттуу эмес чечим кабыл алынган (индивидуалдык насыялык чендер, курөөнун түзүлүшу жана башка) кредиттер боюнча маалымат базасынын жана кредиттерди эсепке алуу журналын алып барууга тийиш. 

Банктын ички саясаттарында, өндүрүү учурунда күрөө предмети карыз алуучунун жана/же күрөө коюучунун бирден-бир турак-жайы болуп саналган кыймылсыз мүлкү болгонун далилдеген фактыларды текшерүү боюнча талаптар болуусу тийиш. Эгерде, өндүрүү учурунда күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк карыз алуучунун жана/же күрөө коюучунун бирден-бир турак-жайы болсо, күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

- 12-2 пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлердин банкта киргизилген карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгү боюнча саясатынын негизинде карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн анализдоо жана баалоо маселелери, проблемалуу кредиттөө маселеси жана башка кредитөө боюнча маселелер боюнча, ошондой эле кардарлар менен байланыш боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптери боюнча мезгил-мезгили менен окутуудан өтүшүн камсыз кылууга тийиш.»; 

- 25 пунктунда: 

1 абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

«25. Кредитти берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн жана карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн анализдөө үчүн банк карыз алуучудан төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш:»; 

төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Банкта кардарларлар туралуу маалымат менен иш алып баруучу, анын ичинде маалыматты сактоо жана коргоо маселелерин камтыган ички процедуралар болуусу тийиш. Банктын кызматкерлери кардарлар туралуу маалыматты чогултуп жатканда жана кардарлар менен сүйлөшүүдө, алар туралуу маадымат мыйзамдарга ылайык кайсыл учурда колдонула тургандыгы жөнүндө так түшүндүрмө берүүгө тийиш.  

Кардардын (лардын) сүрөтү бар болгон сүрөттөрдү же видеожазууларды, аудиожазууларды жана алар туралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик жана башка публикалык максатта колдонуу учун, кардардын (лардын) жазуу түрүндөгү макулдугу керек.»; 

- 26 пунктунун 2 абзацы төмөнкү мазмунда берилсин: 

«- кардардын кредиттик келишимге кол коюлгандан же болбосо лизинг боюнча мүлккө төлөө убагынан тартып, акча каражаттарын алганга чейин кредит алуудан кайтарымсыз баш тартуу (кардардын билдирмесин кароо үчүн белгиленген тарифте банк тарабынан комиссиялык төлөм өндүрүлүп алынган учурларды эске албаганда) укугу; »; 

- 29 пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Банк, кредитти берүүгө байланыштуу тобокелдикти өзүнө алуу менен кредитти берүү мөөнөтүнө чейин сыяктуу эле, андан ары банктын каражаттарынын толук кайтарылышына чейин кардарлар тарабынан сунушталган маалыматынын, анын ичинде документалдуу түрдө камсыздандырылбаган кирешелер боюнча маалыматтын тактыгын текшерүүгө тийиш.»; 

- 30 пунктунун 3 абзацынын акыркы сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мындан тышкары, мыйзамга ылайык кардардын макулдугунун негизинде карыз алуучу жана карыз алуучу менен байланышы бар жактар туралуу бир же бир нече кредиттик бюролордон маалыматты (кредиттик отчетту) суроого тийиш.»; 

- 31 пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Мындан тышкары банк карыз алычуунун кол жазуусу менен кредиттик келишимдин негизинде анын өзүнө алган милдеттенмелери ылайыктуу же ылайыксыз аткаруунун таасирлерин түшүндүрүүгө тийиш.»; 

- 38 пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Кардарга кредит берүү жөнүндө алгылыктуу чечим кабыл алынгандан жана аны менен бардык шарттарды талкуулоодон кийин, карыз алуучу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берген кредиттик келишим түзүү зарыл.»; 

- 39 пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Келишим жана ага кошо тиркелген укуктардын, банктын кардарынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмеси, ошондой эле банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн, банктын келишимдери кардар менен макулдашуунун негизинде мамлекеттик жана расмий тилдерде (зарылчылык болсо келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн) түзүлөт, мында кредиттик келишимдин тексти карыз алуучунун кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн так жана жеткиликтүү болууга тийиш. Кардардын кредиттик келишим шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүктө чагылдырылууга тийиш. Бардык тиркемелер менен кошо кредиттик келишимде колдонулган тамга келишимдин бүтүндөй тексти боюнча бирдей болушу зарыл. Тамганын өлчөмү кеминде 12.»; 

- 40 пунктунун 1 сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Кредиттик келишим түзүү учурунда, келечекте аны кайтарып алууда проблемалардын келип чыгышына жол бербөө үчүн бардык кредит берүү жана аны төлөө шарттарын сүйлөшүү зарыл, ошону менен бирге карыз алуучунун абалын начарлаткан же болбосо милдеттерин көбөйткөн, кредиттик келишимде кардарга маалымдоо мөөнөтүн (кеминде 30 күн мурда) белгилөө менен, ошондой эле өзгөртүүнүн так статьялары, шарттары жана максималдуу/минималдуу чектери тизмегин көрсөтүү менен сүйлөшүлгөн учурларды эске албаганда, кредиттик келишимде алгач белгиленген шарттарды бир тараптуу негизде өзгөртүүгө банктын укугу жок.»; 

- 41 пунктунун 8 абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«кредиттик бюрого маалыматты берүү шарттары, ошондой эле мыйзамдарга ылайык кардар туралуу маалыматты колдонуу башка учурлары;»; 

- 42 пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«42. Банк кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын тизмеги 6-тиркемеге ылайык таблица формасында түзүлгөн, банк менен карызгердин ортосундагы кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

Кредиттик келишимге 6 тиркемеге ылайык банк тараптан көрсөтүлгөн жана коюлган төлөмдөрдон тышкары, карыз алуучу менен макулдашуудан көз карандысыз, кошумча төлөмдөрдү, комиссиондук жана башка төлөмдөрдү киргизүүгө тыюу салынат. 

Банк кардарды жогоруда көрсөтүлгөн тизме менен тааныштырууга, зарыл учурда кредитти эсептөө тартиби, туумдар, айыптык төлөмдөр, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен кредит алуу/төлөө тартиби жана эгерде киреше (же анын бөлүгү) улуттук валютадагы күтүлүп жатса, ал эми кредит чет өлкө валютасында сунушталган болсо, чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун өсүшүнөн улам келип чыгуучу тобокелдиктер, төлөөгө жөндөмсүздүк жана башка кесепеттер тууралуу түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле кардардын колтамгасы менен тастыкталган анын уруксатын алууга тийиш.  

Кредит боюнча негизги сумманын пайыздары же болбосо негизги сумманын төлөө мөөнөтү кечиктирилсе, айыптык төлөмдөр, туумдар мөөнөтү кечиктирилген карыздын суммасына жана кечиктирилген төлөөнүн накта мөөнөтүнө чегерилиши керек. 

Банк, кредиттик келишимге жана ички жол-жоболоруна ылайык, кредиттин берилишине, өздөштүрүлүшүнө жана кайтарылышына байланыштуу өз кардарларынын бардык чыгашаларын көрсөтүүгө тийиш. Банк кардарларына маалым болушу үчүн үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча чыгашалар наркын (камсыздандыруу, нотариус ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр) бул чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүнө шилтеме келтирүү менен үчүнчү жактардын келишим түзгөн күнгө карата колдонулган тарифтерин чагылдырат.  

Мындан тышкары, кредиттик келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын кредиттерин кошо алганда, кардардын-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин башка финансы-кредит мекемесинде кредиттеринин бардыгы, ошол кредиттер боюнча кредиттик тартипти сактагандыгы жөнүндө маалыматтарды кеминде жарым жылда бир жолу берип турууга милдеттүүлүгү;  

- банктардын, карызгердин талабы боюнча анын кредит алгандыгы жана ошол кредит боюнча кредиттик тартипти сактагандыгы жөнүндө маалыматты, башка финансы-кредит мекемесине берүүсү үчүн 3 жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүүлүгү, ошондой эле карызгердин эсеби туралуу так маалымат (эсеп боюнча көчүрмөлөр, балансынын абалы, кредит боюнча төлөмдү ырастоо жана башка керек маалыматты) берип турууга милдеттүүлүгү

- күрөө предметине карата бир гана соттук тартипте өндүрүү милдеттүүлүгү, эгерде  күрөө предмети: тарыхый, көркөм жана маданияттык баалуулугу болсо, жана физикалык жактын менчик укугунун негизинде жалгыз турак-жайы болсо; 

- кардарлардан келип түшкөн акча каражаттары, алардардын алдында болгон карызды толугу менен төлөгөө жетпей калган кезде, биринчи болуп карыздын эң биринчи пландагы карыздардын төлөө гафигинде көрсөтүлгөн, карыздын негизги суммаларын биринчилерден болуп төлөө биринчиликке чыгарылат, ал эми карызды колдонуу үчүн каралган пайыздык чендер кийинки мезгилге берилет. Ошентип, карыз төлөө графигинде көрсөтүлгөн пландык төлөөлөр толугу менен төлөнуп бүткөн мезгилге чейин төлөнөт. Планда көрсөтүлгөн төлөнүн графиги боюнча карыздар толугу менен төлөнүп бүткөн мезгилден кийин гана, кардардын кредиттик келишиминде көрсөтүлгөн эсептелинген штрафттык санкциялар жана өсүүлөр төлөнөт, кардар жека адам же жеке ишкер болгон мезгилде мындай төлөө каралбайт, кийинки төлөөлөр макулдашылган график боюнча төлөнөт.  

Жеке адамдын же жеке ишкердин карызы боюнча эсептелинген бардык штрафттык санкциялар жана/же өсүүлөр, карыздын негизги суммасы жана пайдалануу боюнча алынган пайыздык чендери толугу менен/бардыгы төлөнүп беригенден кийин гана төлөнөт.  

Эгерде, карызгердин төлөө мөөнөтүнөн кечиктирилиши 90 күндөн ашса, төлөө тартиби ушул Жобонун 62 пунктуна ылайык аныкталат.  

- 61 пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Бланктык кредиттерден исключение катары суммасы 150 000 сомго тен же андан аз болгон, аннуитеттик төлөө графиги менен жана мөөнөту 24 айдан ашпаган кредиттер эсептелинет. Мындай кредиттин суммасы карызгердин жылдык таза төлөмдүүлүгүнөн ашпаш керек (карызгердин бардык кирешелери жана чыгашалары). 

Бланкттык кредиттерден чыгарылган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу көрсөткүчү бланктык кредиттердин 20 % ашпоого тийиш.»; 

- 61-1 пунктунун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган топтук кредиттөө боюнча саясатты (кредиттик саясаттын курамдык бөлүгү болушу мүмкүн) жана башка ченемдик укуктук актылары (билдирүүлөрдү кароо/жактыруу/баш тартуу жол-жоболору, топтук кредиттөө процесси, мониторинг, топтук кредиттерди классификациялоо, топтун мүчөлөрүн кредитти берүү жана төлөө датасы боюнча маалымат менен иш алып барууну үйрөтүү, эсептердин балансы жана кредитти төлөө боюнча проблемалар туралуу).»; 

- 69 пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Эгерде кредитти төлөө боюнча проблемалар чыкса, карызгерлер банктын проблемалуу кредиттер менен иш алып баруу саясаты туралуу маалымданышы керек, ошондой эле кредитти реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгү туралуу билүүсү зарыл. 

Банк кеңитилген мониторинг аркылуу проблемалуу карызгерлерге колдонулган чаралардын, реструктуризациялоо (кайра каржылоо) ийигиликтүүлүгүн анализдөөгө тийиш (карызды тейлөө боюнча колдонулуп жатакан каражаттарынын жетиштүүлүгү).»; 

- 62 пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде, карызды төлөө графиги бонча кредиттик карызды төлөө 90-күндөн ашса жана карыз боюнча төлөнүүчү төлөм карыз алуучунун төлөй турган карызын толугу менен жабууга жетпей жатса, биринчилерден болуп, карыздын негизги суммасы төлөнөт, андан кийин гана анан пайдалануу боюнча алынган пайыздык чендери төлөнөт. Ошентип, карыз төлөө графигинде көрсөтүлгөн пландык төлөөлөр толугу менен төлөнуп бүткөн мезгилге чейин төлөнөт. Планда көрсөтүлгөн төлөнүн графиги боюнча карыздар толугу менен төлөнүп бүткөн мезгилден кийин гана, кардардын кредиттик келишиминде көрсөтүлгөн эсептелинген штрафттык санкциялар жана өсүүлөр төлөнөт, кардар жека адам же жеке ишкер болгон мезгилде мындай төлөө каралбайт, кийинки төлөөлөр макулдашылган график боюнча төлөнөт.  

Жека адамдын же жеке ишкердин карызы боюнча эсептелинген бардык штрафттык санкциялар жана/же өсүүлөр, карыздын негизги суммасы жана пайдалануу боюнча алынган пайыздык чендери толугу менен/бардыгы төлөнүп беригенден кийин гана төлөнөт.»; 

- 70 пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Көйгөйлүү кредиттер менен иштөөдө, жолугушуу жана сүйлөшүү өткөрүүдө, банктын кызматкерлери иш жүзүндө алган жана профессионалдуу банктын ички саясатында каттуу регламенттиштирилген адепти сактоо менен жүргүзүлүшү керек.». 

- 74 пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«74. Кредитти "проблемалуу" деп тааныган учурда банктын кредиттин кайтарылып алынышына багытталган, өзүнө төмөндөгүдөй бир катар иш-чараларды камтыган аракеттердин планын иштеп чыгуу зарыл. Ошону менен бирге Банк карызгердин финансылык абалын кеңитилген мониторинг аркылуу колдонулуп жаткан каражаттар боюнча изилдөөгө тийиш.» 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1.1. пункту күчү жок деп билдирилсин; 

- 3.1. пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Кредиттик союздун кредиттик саясатында кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлердин банкта киргизилген карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгү боюнча саясатынын негизинде карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн анализдоо жана баалоо маселелери, проблемалуу кредиттөө маселеси жана башка кредитөө боюнча маселелер боюнча, ошондой эле кардарлар менен байланыш боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптери боюнча мезгил-мезгили менен окутуудан өтүшүн камсыз кылууга тийиш.»;  

- 5.1.3 пунктунда: 

биринчи сүйлөм төмөнкү мазмунда берилсин: 

«Жалпысында, кредит алууга ар бир арыздын анализи кредиттик союздун саясатына таянышы керек жана карыз алуучунун төлөмдүгүнө анализ жүргүзүүгө кийинки негизги факторлорго концентрациялоонушу керек:»; 

үчүнчү абзацтын акыркы сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кошумча, бир же бир нече кредиттик бюролородон, мыйзамга ылайык макулдашуу алуу менен карыз алуучу жөнүндө, карыз алуучу менен байланыш жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) суроо керек.» 

- 5.1.4 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.1.4. Эгерде, карыз алуучуга кредит берүү суроосу жактырылса, анда алынган документтерден карыз алуучу боюнча кредиттик досье түзүлөт. 

Маалыматтардын сактоосун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды камтыган, кредиттик союзда маалыматтар менен иштөө ички процедуралары иштелип чыгышы керек. Кардар боюнча маалыматтар кандай учурда мыйзамдын негизинде колдоно тургандыгын кардар менен жолугушууда маалыматтарды жыйндоодо кызматкер ачык түшүндүрүшү керек. 

Кардардын сүрөтүн жарнама, маркетинг материалы, аудио жазуу, видео жазуу же сүрөтүн жана башка эл алдында жарыялоо максатында колдонуу үчүн кардардын жазма макулдугун алуу менен гана жүргүзүлөт. Кредит берүүгө баш тартылгандан кийин, кредиттик союз катышууга жазма түрдө баш тартуунун себебин негиздеп кабарландырылышы керек.»;  

- 5.2.6 пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

Ошондой эле, кредиттик келишимде кредиттик союздун милдеттери көрсөтүлөт, кардарлардан келип түшкөн акча каражаттары, алардардын алдында болгон карызды толугу менен төлөгөө жетпей калган кезде, биринчи болуп карыздын эң биринчи пландагы карыздардын төлөө гафигинде көрсөтүлгөн, карыздын негизги суммаларын биринчилерден болуп төлөө биринчиликке чыгарылат, ал эми карызды колдонуу үчүн каралган пайыздык чендер кийинки мезгилге берилет. Ошентип, карыз төлөө графигинде көрсөтүлгөн пландык төлөөлөр толугу менен төлөнуп бүткөн мезгилге чейин төлөнөт. Планда көрсөтүлгөн төлөнүн графиги боюнча карыздар толугу менен төлөнүп бүткөн мезгилден кийин гана, кардардын кредиттик келишиминде көрсөтүлгөн эсептелинген штрафттык санкциялар жана өсүүлөр төлөнөт, кардар жека адам же жеке ишкер болгон мезгилде мындай төлөө каралбайт, кийинки төлөөлөр макулдашылган график боюнча төлөнөт.  

Жеке адамдын же жеке ишкердин карызы боюнча эсептелинген бардык штрафттык санкциялар жана/же өсүүлөр, карыздын негизги суммасы жана пайдалануу боюнча алынган пайыздык чендери толугу менен/бардыгы төлөнүп беригенден кийин гана төлөнөт.  

Эгерде, карызды төлөө графиги бонча кредиттик карызды төлөө 90-күндөн ашса жана карыз боюнча төлөнүүчү төлөм карыз алуучунун төлөй турган карызын толугу менен жабууга жетпей жатса, биринчилерден болуп, карыздын негизги суммасы төлөнөт, андан кийин гана анан пайдалануу боюнча алынган пайыздык чендери төлөнөт. Ошентип, карыз төлөө графигинде көрсөтүлгөн пландык төлөөлөр толугу менен төлөнуп бүткөн мезгилге чейин төлөнөт. Планда көрсөтүлгөн төлөнүн графиги боюнча карыздар толугу менен төлөнүп бүткөн мезгилден кийин гана, кардардын кредиттик келишиминде көрсөтүлгөн эсептелинген штрафттык санкциялар жана өсүүлөр төлөнөт, кардар жека адам же жеке ишкер болгон мезгилде мындай төлөө каралбайт, кийинки төлөөлөр макулдашылган график боюнча төлөнөт.  

Жека адамдын же жеке ишкердин карызы боюнча эсептелинген бардык штрафттык санкциялар жана/же өсүүлөр, карыздын негизги суммасы жана пайдалануу боюнча алынган пайыздык чендери толугу менен/бардыгы төлөнүп беригенден кийин гана төлөнөт.»; 

- 7.3.2 пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Көйгөйлүү кредиттер менен иштөөдө, жолугушуу жана сүйлөшүү өткөрүүдө, кредиттик союздардын кызматкерлери иш жүзүндө алган жана профессионалдуу адепти сактоо менен жүргүзүлүшү керек.».  

3. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1 пункт төмөнкү мазмунда берилсин: 

«Бул жобонун талаптары аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык компанияларга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан жана "ислам терезесине ээ" микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге, атайы терминологияны эске алуу менен таркатылат. 

- 3 пункттагы «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы пункт менен толукталсын: 

- 5-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамында жана Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш алып барган МФУлардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларында камтылган терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.»; 

- 12 пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Кредиттөө жана мониторинг процесстерине катышкан, МФУга киргизе турган көйгөйлүү кредиттер менен иштеген, карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн баало саясатын, кардарлар менен коммуникацияларын кошо алганда жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жоопкерчиликтүү кредиттеринин принциптерине ылайык келген МФУ мезгил-мезгилде өзүнүн кызматкерлерин окуутуусун камсыздаш керек.»; 

- 13 пунктун 3 пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Карыз алуучулар, керек болгондо МФУнун көйгөйлүү кредиттер менен иштөө, кредиттерди реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө саясаты боюнча кабарланышы керек. 

«Көйгөйлүү кредиттер менен иштөөдө, жолугушуу жана сүйлөшүү өткөрүүдө, МФУнун кызматкерлери иш жүзүндө алган жана профессионалдуу адепти сактоо менен жүргүзүлүшү керек.». 

- 19 пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

Маалыматтардын сактоосун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды камтыган, МФУда маалыматтар менен иштөө ички процедуралары иштелип чыгышы керек. Кардар боюнча маалыматтар кандай учурда мыйзамдын негизинде колдоно тургандыгын кардар менен жолугушууда маалыматтарды жыйндоодо кызматкер ачык түшүндүрүшү керек. 

Кардардын сүрөтүн жарнама, маркетинг материалы, аудио жазуу, видео жазуу же сүрөтүн жана башка эл алдында жарыялоо максатында колдонуу үчүн кардардын жазма макулдугун алуу менен гана жүргүзүлөт.»;  

- 20 пунктта: 

2-1 пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«карыз алуучунун макулдугу боюнча бир же бир нече кредиттик бюродон карыз алуучунун аны менен байланышы бар адамдар тууралуу маалыматты (кредиттик отчетту) мыйзамдын негизинде талап кылууга;»; 

- 5 пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктоочу акча каражат булактарына баа берүү, ошондой эле формалдуу эмес акча каражат булактары бар кардарлар тууралуу;»; 

- 34 пунк төмөнкү мазмундагу абзацтар менен толукталсын: 

«Ошондой эле, кредиттик келишимде МФУнун милдеттери көрсөтүлөт, кардарлардан келип түшкөн акча каражаттары, алардардын МФУнун алдында болгон карызды толугу менен төлөгөө жетпей калган кезде, биринчи болуп карыздын эң биринчи пландагы карыздардын төлөө гафигинде көрсөтүлгөн, карыздын негизги суммаларын биринчилерден болуп төлөө биринчиликке чыгарылат, ал эми карызды колдонуу үчүн каралган пайыздык чендер кийинки мезгилге берилет. Ошентип, карыз төлөө графигинде көрсөтүлгөн пландык төлөөлөр толугу менен төлөнуп бүткөн мезгилге чейин төлөнөт. Планда көрсөтүлгөн төлөнүн графиги боюнча карыздар толугу менен төлөнүп бүткөн мезгилден кийин гана, кардардын кредиттик келишиминде көрсөтүлгөн эсептелинген штрафттык санкциялар жана өсүүлөр төлөнөт, кардар жека адам же жеке ишкер болгон мезгилде мындай төлөө каралбайт, кийинки төлөөлөр макулдашылган график боюнча төлөнөт.  

Жека адамдын же жеке ишкердин карызы боюнча эсептелинген бардык штрафттык санкциялар жана/же өсүүлөр, карыздын негизги суммасы жана пайдалануу боюнча алынган пайыздык чендери толугу менен/бардыгы төлөнүп беригенден кийин гана төлөнөт.  

Эгерде, карызды төлөө графиги бонча кредиттик карызды төлөө 90-күндөн ашса жана карыз боюнча төлөнүүчү төлөм карыз алуучунун төлөй турган карызын толугу менен жабууга жетпей жатса, биринчилерден болуп, карыздын негизги суммасы төлөнөт, андан кийин гана анан пайдалануу боюнча алынган пайыздык чендери төлөнөт. Ошентип, карыз төлөө графигинде көрсөтүлгөн пландык төлөөлөр толугу менен төлөнуп бүткөн мезгилге чейин төлөнөт. Планда көрсөтүлгөн төлөнүн графиги боюнча карыздар толугу менен төлөнүп бүткөн мезгилден кийин гана, кардардын кредиттик келишиминде көрсөтүлгөн эсептелинген штрафттык санкциялар жана өсүүлөр төлөнөт, кардар жека адам же жеке ишкер болгон мезгилде мындай төлөө каралбайт, кийинки төлөөлөр макулдашылган график боюнча төлөнөт.  

Жека адамдын же жеке ишкердин карызы боюнча эсептелинген бардык штрафттык санкциялар жана/же өсүүлөр, карыздын негизги суммасы жана пайдалануу боюнча алынган пайыздык чендери толугу менен/бардыгы төлөнүп беригенден кийин гана төлөнөт.»; 

- 36 пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Карыз алуучунун эсептөөлөрү (эсептөө счетуннун көчүрмөлөрү, чектери, балансттын жагдайы, карызы толөнгөндүгүу тууралуу маалымат) боюнча маалыматты толугу менен берүүгө МФУ берүү керек.»; 

- 52 пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

« Финансылоо боюнча саясатында чогуу жоопкерчиликтүү топту финансылоогоо мүмкундүк берген операциялардын тизмеси жана башка жоопкерчиликтүү топту финансылоо суроолору каралыш керек. Ошондой эле, чогуу жоопкерчиликтүү топтун жетектичесин топтун катышуучулары тууралу маалыматты кантип колдону, аманат эсептеринин баланстары тууралуу , кредиттин берилген күнү жана карызды төлөй албаган көйгөйлөр тууралуу маалыматтарды өзгөчө басым менен окутуу каралышы керек.»; 

- төмөнкү мазмундагы 9 бөлум менен толукталсын: 

«9. Көйгөйлүү» кредиттер менен иштөө

53. Кредиттин абалынын начарлоосуна эскертүү белгисин туюндурган белгилерге негизинен төмөндөгүлөр таандык болот: 

- карыз алуучулардын банк менен байланышуудан кетенчиктеши; 

- финансылык абал жөнүндө маалыматтардын убагында берилбеши, толук эмес жана аргасыз берилиши, ошондой эле берилүүчү маалыматтардын мүмкүн болуучу так эместиги жөнүндө күмөн саноо; 

- карыз алуучунун финансылык абалынын начарлоосу; 

- негизги сумманы же пайыздарды убагында төлөбөө

- реструктуризациялоо жөнүндө өтүнүч; 

- менчикти берүү жана сатуу; 

- кардар жөнүндө кайсы бир булактардан алынган терс маалыматтар; 

- экономикалык, саясий жана кардар карыздык каражаттарды жайгаштырган башка чөйрөлөрдөгү (алгылыксыз жагына болбосо дагы) өзгөрүүлөр; 

- карыз алуучу ишкананын ичинде пикир келишпестиктердин курчушунун белгилери; 

- карыз алуучу ишканалардын жетекчилерин алмаштыруу; 

- орчундуу проблемалар жөнүндө айгинелей турган дагы башка нерселер. 

МФУнун тиешелүү ички ченемдик документтеринде (саясатында, жол-жоболорунда ж.б.) проблемалуу кредиттерди жөнгө салуу тартиби, анын ичинде кредиттерди реструктуризациялоо жана карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө кошумча талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү тартиби, ошондой эле зарыл учурларда, эгерде ал карыз алуучунун укуктарына жана милдеттенмелерине тоскоолдуктарды жаратпаса (мисалы, кредит боюнча карызды төлөөгө минималдуу бир жолку төлөм, карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтердин ал тарабынан сунушталышы, кошумча камсыздоо ж.б.) кредитти реструктуризациялоо үчүн алдын ала шарттар чагылдырылууга тийиш. Банкка аффилирленген жактарды жана инсайдерлерди жыл ичинде экиден көп жолу реструктуризациялоого тыюу салынат.  

54. Жогоруда аталган эскертүүчү белгилердин кайсыл болбосун биринин бети ачылганда МФУ, алардын келип чыгуу себептерин тактоосу зарыл. Эгерде, бул себеп кредиттин абалынын олуттуу түрдө начарлап кетүү мүмкүнчүлүгүнүн бар экендигин бир аз эле камтый турган болсо, МФУ мындай кредитти өзгөчө контролдукка алуу жана өз таламдарын коргоону камсыз кылуу үчүн төмөндөгүлөр сыяктуу бардык тиешелүү чараларды кабыл алууга тийиш: 

- күрөөнүн бар экендигин жана аны күтүүнүн шарттарын кошумча текшерүү

- кошумча камсыз кылууну тартуу; 

- эскертүү сүйлөшүүлөрү

- кредиттик линия боюнча кезектеги төлөмдөрдү кырдаалдын толук айкын болушуна чейин токтото туруу; 

- карыз алуучуну жана алынган каражаттардын ал тарабына жайгаштырылган тармактын абалын дааналап системалаштырып окуп үйрөнүү

- коргоонун башка чаралары; 

- кредиттерди классификациялоо; 

- камдарды көбөйтүү

55. Кредит менен иш алып барууда кардар менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн, жолугушуулардын кыскача мазмунун журналга жазууну, аны менен жүргүзүлгөн баарлашуулардын протоколун, алар менен түзүлгөн келишимдерди ж.б. кошо алганда, бардык иш-чараларды документтештирүү жана эсепке алуу зарыл. Айрыкча, мындай эсепке алуу иштерин «проблемалуу» кредиттер менен иштөөдө жүргүзүү мааниге ээ. 

56. Кредиттерди туруктуу мониторингдөөнүн жана кредиттик портфелге көз карандысыз баа берүүнүн максаты болуп, "проблемалуу" кредиттердин бетин ачуу саналат. 

57. Банктын проблемалуу карыз алуучуга карата каатчылыктан чыгуусуна жана карыз алуучунун МФУ алдындагы милдеттенмелерин өбөлгө түзгөн уюштуруучулук, финансылык жана башка жардамдар боюнча иш-чаралар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- карыз алуучу (карыз алуучунун жетекчиси) менен проблемалардын бетин ачуу жана аларды чечүүнүн жолдорун издөө боюнча иштерди; 

- карыз алуучу МФУ атынан ишкана менен иштөөсү үчүн башкармалардын, консультанттардын дайындалышын; 

- компаниянын өздүк капиталын ээлик кылуучулардын жана башка тараптардын эсебинен көбөйтүүгө көмөктөшүүнү

- кошумча күрөөлөрдү жана гарантияларды ж.б. алууну; 

- зарылчылык келип чыккан учурда, карыздын түзүмүн өзгөртүү программасын иштеп чыгуу (кредитти кайтаруу жана ал боюнча проценттерди төлөө боюнча төлөмдөр графигин кайрадан карап чыгуу, кредиттөө формаларын өзгөртүү ж.б.). 

58. Ушул иш-чаралар менен катар эле, кардар менен бирге төмөнкүлөрдү камтыган туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл: 

- ал келишим шарттарын бузуп жаткандыгы, кредиттин төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана ага байланыштуу проблемалар келип чыгышы мүмкүндүгү тууралуу кардарга жазуу жөнүндө кабарлоону жөнөтүү

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- кардарды банкка чакыруу; 

- эгерде бул кредиттик келишимде каралган болсо, зарылчылыкка жараша, кайдыгер караган карызгер жөнүндө маалыматты мезгилдүү басма сөздө жарыялоо ж.б. 

59. Кредиттин түздөн-түз кайтарылышын камсыз кылуу максатында, мүмкүн болушунча кыска мөөнөт ичинде төмөнкү чаралар ишке ашырылышы зарыл: 

- күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү

- карыз алуучунун карызын үчүнчү тарапка сатуу; 

- гарант жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу; 

- сотко кайрылуу; 

- башка чаралар. 

60. МФУ, карыз алуучу - жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин "көйгөйлүү кредиттери" боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо тууралуу билдирмени жөнөткөндөн 15 күн өткөндөн кийин айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотууга тийиш. 

80. Эгерде ушул МФУнун иш-аракети алгылыктуу натыйжага алып келбесе, МФУ карызды мажбурлап өндүрүү максатында сотко кайрылууга милдеттүү. Мындай чара аркылуу карыздын ордунун жабылышын камсыз кылуу мүмкүн болбосо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук процесси демилгеленет. 

МФУ Башкармасы же болбосо Кредиттик комитет тарабынан (өткөрүлүп берилген сумманын чегинде) төмөнкү жагдайларда жеке адамдарды, жеке ишкерлерди жана/же Кошо жоопкерчиликтүү топту кредит боюнча соттук тартипте/бейтараптык негизде териштирүү аркылуу өндүрүүнү жүргүзүүсүз эле, кредит боюнча карызды эсептен алып салуу чечими кабыл алынышы мүмкүн: 

- МФУ кардарынын көзү өтүп кетсе, айыккыс илдетке чалдыккан болсо, бизнесин жана/же мүлкүн бөөдө кырсыктардын, өрттүн чыгышы кесепетинен ажырап калган шартта; 

- МФУнун каржылоо боюнча карызын сот тартибинде/бейтараптык негизде териштирүү жүргүзүү аркылуу өндүрүүгө байланыштуу чыгашалар каржылоо боюнча карыз калдыгынан ашып кеткен жагдайды кошо алганда, ошол каржылоо боюнча карызды кайтарып алуунун экономикалык көз караштан максатка ылайыксыздыгы келип чыккан шартта. 

- Жобонун «Карыз алуучунун кредиттик досьесине карата минималдуу талаптар» 1- тиркемесин төмөнкү редакцияда берилсин:  

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат 

1. Жеке адамдан талап кылынуучу документтер: 

1) кредит алууга МФУ тарабынан белгиленген формадагы, кардар кол койгон билдирме (топ менен кредит алууда - ага топтун ар бир катышуучусу кол коюуга тийиш); 

2) МФУга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде ошол МФУдан жана башка финансы-кредит мекемелеринен мурда алынган/төлөнгөн/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу берген кат жүзүндөгү маалыматка же башка документке ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредит алууга билдирмеси); 

3) кредиттик бюродон ошол карыз алуучунун кредити боюнча отчет; 

4) кардардын кредити боюнча отчеттун берилишине анын макулдугу (ал кредит алуу билдирмесинде көрсөтүлүшү мүмкүн); 

5) МФУ кардарын идентификациялоого мүмкүн болгон, анын ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү

6) кардардын айкын жашап турган жери тууралуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген маалымкат; 

7) кардардын кирешеси жөнүндө маалымат; 

8) күрөөгө коюлуп жаткан мүлктүн описи (болгон болсо); 

9) кардардын жубайынын кредит алууга макулдугу (бир карыз алуучуга берилүүчү кредиттин суммасы 50000 сомдон ашса жана ошол учурда ал башка кредит төлөп жаткан болсо). Ал эми кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларын кредиттөөдө - документтин түп нускасын кийинчерээк берүү шартында катышуучулардын жубайларынын макулдугун тастыктаган, факсимиль, электрондук почта жана башка байланыш түрү аркылуу алынган документ. 

2. Юридикалык жакты түзүүсүз ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдардан жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары төмөнкүлөр талап кылынат: 

1) юридикалык жакты түзүүсүз ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (болгон шартта); 

2) салык органынан, социалдык органдан маалымкат (болгон шартта); 

3) патенттин көчүрмөсү (болгон шартта). 

3. Юридикалык жактан талап кылынуучу документтер: 

1) кредит алууга МФУ тарабынан белгиленген формадагы, кардар кол койгон билдирме (топ менен кредит алууда - ага топтун ар бир катышуучусу кол коюуга тийиш); 

2) МФУга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде ошол МФУдан жана башка финансы-кредит мекемелеринен мурда алынган/төлөнгөн/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу берген кат жүзүндөгү маалыматка же башка документке ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредит алууга билдирмеси); 

3) юридикалык жактын жетекчисинин каражаттарды тескөөгө ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин көчүрмөсү

4) кол коюуга ыйгарым укуктуу жактардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар; 

5) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү

6) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

7) эгерде юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүндө салык төлөөчүнүн идентификациялык номери көрсөтүлбөсө, салык органы тарабынан берилген каттоо карточкасынын көчүрмөсү

8) күрөөгө коюлган мүлк описи. 

4. Кошо жоопкерчиликтүү топ мүчөлөрүнүн кредиттик каражаттарды алгандыгы тууралуу ведомосту же акча каражаттарды кошо жоопкерчиликтүү мүчөлөрүнө которуу же алгандыгы тууралуу башка документ - топту кредиттөөдө

5. Кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган, акча каражаттары алынган булактарга баа берүү

6. Мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим тиркемелери менен кошо, ошондой эле кредитти реструктуризациялоо же пролонгациялоо, талап кылуу укугун ыйгарып берүү шартында кардар менен түзүлгөн кошумча келишим. 

7. МФУнун тиешелүү органынын кредит берүү, ошондой эле аны пролонгациялоо же реструктуризациялоо (орун алган болсо) чечими. 

8. Карыз алуучу менен кат алышуулар (бардык кат-кабарларды кошо тиркөө менен). 

9. Юридикалык документтер (карыз алуучунун ишине тиешелүү документтердин, мисалы, накладнойлордун, эсеп-фактуралардын, өнөктөштөр менен келишимдердин ж.б. көчүрмөсү). 

10. Кредиттин максаттуу пайдаланылып жатышын текшерүү боюнча отчет. 

11. Кардардын, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга), террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабына ылайык келген типтүү формада түзүлгөн анкетасы. 

12. Кепилдик берүүчүнүн кирешеси боюнча маалымат. 

13. Кредиттик бюродон кепилдик берүүчүнүн иши отчет. 

II. Күрөөлүк документтер 

14. Күрөө келишими/Кепилдик келишими. 

15. Күрөөлүк мүлк боюнча сертификаттардын, күбөлүктөрдүн жана башка квалификациялык документтердин көчүрмөлөрү (болгон болсо). 

16. Күрөөлүк мүлккө менчик укугун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү. Күрөөлүк мүлккө менчик укугун тастыктаган документтердин түп нускасы сейфте сакталууга тийиш. 

17. Күрөө келишими каттоодон өткөртүлгөндүгүн тастыктаган документтер (эгерде күрөө мыйзам талаптарына ылайык катталууга тийиш болсо). 

18. Карыз алуучунун тиешелүү органынын күрөөнү сунуштоо чечими (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо). 

19. Кепилдик берүүчүнүн жубайынын (болгон болсо) кепилдик берүүгө макулдугу. 

4. 2012-жылдын 4 июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомуну төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктолор киргизилсин: 

жогорууда айтылган токтомдун атылышында «финансы-кредит мекемелердин» сөздөр «финансы-кредит уюмдарын» сөздөргө алмаштырынсын; 

жогорудагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелердин күрөөгө коюлган мүлк менен Иштөө тартибинде: 

- Тартибинин атылышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелердин күрөөгө коюлган мүлк менен Иштөө тартиби» 

«финансы-кредит мекемелердин» сөздөр бүткүл тексти боюнча ылайыктуу тиешелүү жөндөмөлөрдө «финансы-кредит уюмдарын» сөздөргө алмаштырынсын, ушундай эле «ФКМ» аббревиатураны «ФКУ» аббревиатурасына өзгөртүлсүн; 

-16 пункттун 9 абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Эгерде күрөөгө коюлган мүлк мыйзамдарда белгиленген тартипте тарыхый, көркөм же коом үчүн башка маданий баалуулукка ээ болгон мүлккө киргизилген учурда, ошондой эле эгерде күрөө предмети жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналган болсо күрөөлүк мүлктү алып коюу жана сатып өткөрүү тартиби. ». 

 

 

 

 

 

 

   

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын  

2017 жылдын _____ №  

токтомуна тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кээ бир токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  

 

 

1. Кырыгыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын №2/2 “Инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча нускоосун бекитүү” туралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

Айтылган токтом менен бекитилген Инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча нускоого: 

- 1.1 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Банк тутумунун туруктуулугун колдоо үчүн, аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн таламдарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мында ары Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык банктардын иштерине көзөмөлдү жана жөнгө салуу ишин ашырып, ошондой эле жөнгө салуучу ченемдерди чыгаруу аркылуу ишке ашырат. 

Улуттук банктын банктан, банктын акционерлеринен, жана башка банктык группанын катышуучусунан же банк менен бирге кызыкчылыга бар жактардан тиешелүү документтерди жана маалыматтарды суратууга укуктуу.”; 

-  1.1-1 пункту жокко чыыгарылсын; 

- нускоонун бүтүндөй тексти боюнча “финансылык-кредиттик мекемелер” деген сөздөр “финансылык-кредиттик уюмдар” деген сөздөргө туура жөндөмдөрдө алмаштырылсын; 

- нускоонун бүтүндөй тексти боюнча “НБКР” деген аббревиатураны “Улуттук банк” деген туура жөндөмдөгү сөздөргө алмаштырылсын; 

- нускоонун бүтүндөй тексти боюнча “капиталдын шайкештиги” деген сөздөрдү капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик)” деген туура жөндөмдөгү сөздөргө алмаштырылсын; 

- 1.7. пунктун төмөнкү редакциядагы эскертүү менен толукталсын: 

«(1) Бул нускоо боюнча операцияларды жана келишимдерди текшерүү деп жөн гана ички доукменттерди банктар тарбынан берилиген регулятивдик отчеторду текерүү болуп саналбастан, башка дагы текшерүү иштерин камтыйт, мисалы айтканда, кээ бир ьерилген кредиттердин жана ивестициялардын сапатын текшеруу болушу мүмкүн.»; 

- 2.1. пунктун төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1. Инспекциялык текшерүүлөрдү жүгзүү негизинен төмөнкү максаттарда ишке ашырылат: 

- банктын финансылык абалына, башкаруу сапатына жана натыйжалуулугуна; 

- банктын туруктуулугуна жана коопсуз ишине таасир этүүчү банк ишине мүнөздүү тобокелдиктерге; 

- банктын финансылык жана жөнгө салуучу отчеттуулугунун ишенимдүүлүгүнө

- Улуттук банктын эскертүүлөрүнүн, талаптарынын жана сунуштамаларынын банк тарабынан аткарылышына; 

- Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдеринин банк тарабынан сакталышына; 

- Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында белгиленген башка милдеттердин жана талаптардын банк тарабынан аткарылышына.»; 

- VII. Главасындагы «Эскертүү чаралыры жана санкциялар” деген сөздөрдү “Эскертүү чаралары жана таасир этүү чаралары” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 7.1. пунктундагы «санкция» деген сөз «таасир этүү чаралар» деген сөздөргө алмаштырлысын; 

- 7.2. пунктунда санкция» деген сөз «таасир этүү чаралар» деген сөздөргө алмаштырлысын; 

- 8.1. пунктундагы «30» дегенсан «45 деген санга алмаштырылсын»; 

- 10.3 пунктунда: 

төртүнчү абзацындагы “санкция” деген сөз «таасир этүү чаралар» деген сөздөргө алмаштырлысын; 

алтынчы абзацындагы “санкция” деген сөз «таасир этүү чаралар» деген сөздөргө алмаштырлысын;  

- 10.4. пунктундагы биринчи абзацтагы “санкция” деген сөз «таасир этүү чаралар» деген сөздөргө алмаштырлысын;  

- 11.2. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«11.2. Инспекциялык отчеттун негизинде даярдалган жазма буйруга же жазма буйруларга сотко чейинки даттануу жүргүзүү боюнча Улуттук бакнтын ченемдик укуктук актыларына таянуу менен ишке ашырылат.»; 

-11.2, 11.3, 11.4, 11.5, 11.6. пунктулары жокко чыгарылсын;  

- 5 Тиркемедиги төмөнкү абзацтар жокко чыгарылсын: 

«Эскертүү

(1) Бул нускоо боюнча операцияларды жана келишимдерди текшерүү деп жөн гана ички доукменттерди банктар тарбынан берилиген регулятивдик отчеторду текерүү болуп саналбастан, башка дагы текшерүү иштерин камтыйт, мисалы айтканда, кээ бир ьерилген кредиттердин жана ивестициялардын сапатын текшеруу болушу мүмкүн. 

(2) Зарыл учурларда берилген тизмеге кошумчалар кошулушу мүмкүн»; 

- нускоон 6 Тиркеме менен толкталсын.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2007 жылдын №13/13 “Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоо» жөнүндө токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

айтылган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоого”: 

- 1.1. пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" деген сөздөрдү “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 4.2. пунктундагы “башка кызматкерлери” деген сөздөр “башка жетекчилерди” деген сөздөргө алмаштырылсын”; 

- 5.6. пунктун төмөндөгүдөй эскертүү менен толукталсын:  

«(1) Олуттуулук критерии финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык белгиленет.»;  

- 10.1. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«10.1. Инспекциялык текшерүүнүн негизиндеги отчет даттанууга жатпайт»; 

- 10.1.1, 10.1.2, 10.1.3. пунктары жокко чыгарылсын; 

- 10.2. пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10.2. Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечимдери сотко чейин даттануу жүргүзүү боюнча Улуттук банктын укуктук актыларына ыйлайык жүргүзүлөт”; 

- 10.3, 10.4, 10.5, 10.6 пунктулары жокко чыгарылсын;  

- төмөнкү редакциядагы эскертуу жокко чыгарылсын:  

«(1) Олуттуулук критерии финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык белгиленет».  

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006 жылдын №7/5 “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө 

жобону бекитүү” тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилчин: 

айтылган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө 

жобого”: 

- 1.1. пункту жокко чыгарылсын; 

- пункт 2.1. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.1. Бул Жободо кредиттик союзга карата колдонулуучу төмөнкү таасир зтүү чаралары каралган:  

а) бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктар: 

6) кыйла жогорулатылган экономикалык ченемдерди колдонуу; 

в) Улуттук банк тарабынан тике көзөмөлдүктүн киргизилиши; 

г) кредиттик союздун бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу же убактылуу четтетүү жөнүндө талап коюу; 

д) кредиттик союздун айрым операцияларды жүргүзүүнү убактылуу токтотуу же чектөө

е) убактылуу админисрация киргизүү

ж) кредиттик союзга жана анын кызмат адамдарына айыптык төлөм салуу; 

з) кредиттик союздун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотуу;  

и) кредиттик союздун лицензиясын кайтарып алуу.»; 

- 2.5. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.5. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин компетенциясына кредиттик союзга карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечимдерди кабыл алуу кирет: 

- кыйла олуттуу экономикалык ченемдерди киргизүү

- Улуттук банк тарабынан тике көзөмөлдүктү киргизүү

- кредиттик союздардын ишин башкаруу боюнча убактылуу админисрацияна киргизүү

- айрым операцияларды жүргүзүүнү убактылуу токтотуу же чектөөлөрдү киргизүү

- кызмат адамдардын баарын же айрымдарын алмаштыруу жөнүндө талап коюу; 

- кредиттик союзга жана анын кызмат адамдарына айыптык төлөм салуу; 

- лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу; 

- лицензияны кайтарып алуу.»; 

- 3.3. пунктундагы “тикелей көзөмөл” деген сөздөр “тикелей банктык көзөмөл” деген сөздөргө алмаштырылсын”; 

- 3.6. пунтундагы “жетекчилик” деген сөздөр “администрация” деген сөзгө алмаштырылсын;  

- нускоо төмөнкү редакциядагы 3.6.-1., 3.6.-2. пункттары менен толукталсын:  

«3.6.-1. Кредиттик союзга айыптык төлөм салуу. 

Кредиттик союзга айыптык төлөм банктык мыйзамдарды, аны ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларны бузгандыгы, Улуттук банктын жазма буйруларын аткарбагандыгы же системалык түрдө өз иши боюнча отчетторду тапшырбагандыгы же отчетторду так эмес маалымат бергендиги үчүн Улуттук банктын Көзөмөл боюнча клмитетинин чечими менен баланстагы активдерини 10 пайызанан ашпаган өлчөмдө салынат. 

Кредиттик союз салынган айыпык төлөмдү чечим кабыл алынгадан тартып бир айдын ичинде төлөшү керек.  

3.6.-2. Кредиттик союздун кызмат адамдарына айыптык төлөм салуу. Наложение штрафа на должностных лиц кредитного союза.  

Кредиттик союздун кызмат адамдарына айыптык төлөм банктык мыйзамдарды, аны ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларны бузгандыгы, Улуттук банктын жазма буйруларын аткарбагандыгы же системалык түрдө өз иши боюнча отчетторду тапшырбагандыгы же отчетторду так эмес маалымат бергендиги үчүн Улуттук банктын Көзөмөл боюнча клмитетинин чечими менен төлөөлөрдүн бардык түрүн (эмгек маяна, сый акыларды, бонустарды ж.б.) кошкондо, орточо жылдык сый акыдан ашпаган өлчөмдө салынат.»; 

- 3.13. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3.13. Төлөөгө жөндөмсүз учурунда катышуучуларынан депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө мыйзамына жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык жоюлууга тийиш.»;  

- 4.1. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«4.1. Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечимдери сотко чейинки даттануу боюнча жобого ылаыйк ишке ашырылыш мүмкүн”; 

- 4.2, 4.3 пункттары жокко чыгарылсын.  

4. Улуттук банк Башкармасынын 2005 жылдын 19 майындагы №16/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө 

жобону бекитүү” туралуу токтомго төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Микрофинасылык уюмдарга карата таасир этүү чараларын колдонуу боюнча жобону бектитүү” туралуу”; 

- токтомдун преамбуласы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк жөнүндө мыйзамынын 7 и 43 беренелерине ылайык Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:”; 

- токтомдун 1 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Микрофинасылык уюмдарга карата таасир этүү чараларын колдонуу боюнча жобо (кошо тиркелет) бектилсин»; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө 

жобого: 

жобонун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Микрофинасылык уюмдарга карата таасир этүү чараларын колдонуу боюнча жобо”; 

- 1.1. пункту жокко чыгарылсын; 

- жобонун бүтүндой тексти боюнча “эскертүү чаралары жана санкциялар” деген сөздөр “таасир этүү чаралары” деген туура жөндөмдөгү сөздөргө алмаштырылсын;  

- жобонун бүтүндой тексти боюнча «инсайдер» деген сөз “банк менен байланыштуу жак” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 2.1. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.1. Бул Жободо МКА жана МККларга, алардын кызмат адамдарына карата колдонулуучу төмөнкүдөй эскертүү чаралары жана санкциялар аныкталган: 

- бузууларды четтетүү жөнүндө, ишти шайкеш келтирүү же айрым иштерди аткаруу жөнүндө жөнүндө жазма буйруктар; 

- МКА жана МККларга жана алардын кызмат адамдарынан акчалай айыптык төлөм өндүрүү

- банктын мүлктөрүн жана/же акча каражаттарын тескөөгө/пайданы бөлүштүрүү жана/же сыйакыларды төлөөгө/инвестицияларды жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жана башка бүтүмдөрдү жүргүзүүгө/ банктык операциялардын айрым түрлөрүн ишке ашырууга чектөө салуу;  

- кызмат адамдарын иштен четтетүүгө же бошотууга, башкаруу органдарын алмаштырууга 

- каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайтарып алуу.”; 

- 2.2. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.2. Ушул Жободо микрофинансылык компанияларга (мындан ары текст боюнча - "МФК") карата колдонулуучу төмөнкүдөй таасир этүү чаралары аныкталган: 

- бузууларды четтетүү жөнүндө, ишти шайкеш келтирүү же айрым иштерди аткаруу жөнүндө жөнүндө жазма буйруктар; 

- МФК жана алардын кызмат адамдарынан акчалай айыптык төлөм өндүрүү;  

- бир кыйла жогорулатылган экономикалык ченемдерди киргизүү

- МФКны финансылык жактан чыңдоо кайра түзүмдөштүрүү жана/же кайра уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө; МФКга кайталап/атайын тышкы аудит жүргүзүү жөнүндө; административдик чыгымдарды кыскартуу жөнүндө; МФКнын уюштуруучулук түзүмүн өзгөртүү жөнүндө; саясатын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү жөнүндө

- төмөнкүлөргө чек коюу же тыюу салуу: акча каражаттарын тескөөгө; пайданы бөлүштүрүү жана/же сыйакыларды төлөөгө; инвестицияларды жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жана башка бүтүмдөрдү жүргүзүүгө; операциялардын айрым түрлөрүн ишке ашырууга; туунду компанияларын, филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүүгө;  

- кызмат адамдарын иштен четтетүүгө же бошотууга, башкаруу органдарын алмаштырууга; 

- убактылуу администрацияны киргизүү

- лицензияны кайтарып алуу»; 

- 2.6. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2.6. Улуттук банк МФК/МКА/МКК тарабынан өз ыктыяры менен кетирген кемчилиткерди ондоо боюнча чараларын ишке ашыруу боюнча мумкунчулуктөрдү берүүгө укуктуу.  

Мындай өз ыктытыяры менен аткарылуучу чаралар МКА/МКК/МФК жетекчилиги тарабынан Улуттук банк менен биргеликте кызматташууга даярдыгы көрсөтүлүп эффективдүү түрдө кетирген кемчиликтерди ондоого максатташтырылат. Төмөнкү өз ыктыяры менен кемчилитерди ондоо боюнча чаралары колдонуусу мүмкүн: 

1) кетирген кемчилитерди көзөмөл жүргүүзүнүн учурунда ондоо; 

2) милдеттенме катты кол коюу;  

3) жазуу түрүндөгү келишим кабыл алуу. 

Милдеттенме-катда аларды аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен МФКнын ишиндеги жетишпестикти четтетүү боюнча анын Директорлор кеңеши жана аткаруу органы тарабынан көрүлүүчү аракеттер камтылат. Милдеттенме-кат МФК тарабынан даярдалып, макулдашуу үчүн Улуттук банкка жөнөтүлөт, ага бир тараптан МФКнын Директорлор кеңеши, экинчи тараптан - Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кол коюшат. Милдеттенме-катта МФКнын орун алган кемчиликтерди четтетүү жана финансылык абалды жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы камтылууга тийиш. Милдеттенме-катка кол коюу менен МФК анын шарттарын аткаруу боюнча милдеттемени өзүнө алат. 

Письмо-обязательство предоставляется МКА/МКК/МФК, в деятельности которого имеют место недостатки и нарушения, не вызывающие значительную обеспокоенность надзорного органа. Письмо-обязательство должно содержать конкретные меры по устранению недостатков, которые будут предприняты и руководством МКА/МКК/МФК, с установлением сроков и целевых показателей. Письмо-обязательство готовится структурным подразделением надзорного блока Национального банка, обнаружившим факт нарушения, и подписывается Советом директоров банка. 

МФК менен Улуттук банктын ортосундагы милдеттенме-катка МФКнын ишинде кемчиликтер орун алган учурда гана кол коюлат, бирок ошол эле учурда: 

1) МФК Шайкеш капитализацияланган; 

2) МФКнын Директорлор кеңеши жана Башкармасы орун алган проблемаларды жакшы түшүнүү менен аларды четтеттүү боюнча айкын чараларды көрүүгө даяр; 

3) орун алган жетишпестиктер жана кемчиликтер МФКнын финансылык абалына доо кетирген кесепеттерге деле алып келбейт.»; 

- 3.1 пункту жокко чыгарылсын; 

- 3.2. пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3.2. Төмөнкүдөй эскертүү чараларын жана санкцияларын колдонуу боюнча чечимдерди кабыл алуу, Көзөмөл боюнча комитеттин компетенциясына кирет: 

- МКА жана МККларга жана алардын кызмат адамдарынан акчалай айыптык төлөм өндүрүү

- банктын мүлктөрүн жана/же акча каражаттарын тескөөгө/пайданы бөлүштүрүү жана/же сыйакыларды төлөөгө/инвестицияларды жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жана башка бүтүмдөрдү жүргүзүүгө/ банктык операциялардын айрым түрлөрүн ишке ашырууга чектөө салуу;  

- кызмат адамдарын иштен четтетүүгө же бошотууга, башкаруу органдарын алмаштырууга 

- каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайтарып алуу.»;  

- 3.4. пункту жокко чыгарылсын;.».  

5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабырындагы №52/6 “Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоону бекитүү” туралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоодо: 

- 1 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул, Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоо (мындан ары - нускоо) депозиттерди тартпаган микрофинансылык компаниялар (мындан ары - МФК), микрокредиттик компанияларга (мындан ары - МКК), микрокредиттик агенттиктерге (мындан ары - МКА), ошондой эле адистештирилген финансы-кредит мекемелерине жана кредиттик бюролорго таркатылат.»; 

- нускоонун бүтүндөй тексти боюнча “адистештирилген финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр “адистештирилген финансы мекемелери” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 41 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Инспекциялык отчеттун негизинде даярдалган жазма буйруга же жазма буйруларга сотко чейинки даттануу жүргүзүү боюнча Улуттук бакнтын ченемдик укуктук актыларына таянуу менен ишке ашырылат.»; 

- 42, 43, 44 пункттары жокко чыгарылсын.  

6. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16 мартындагы №12/4 “Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу боюнча эрежелерин бекитүү” туралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

бүтүндөй тексти боюнча “адистештирилген финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр “адистештирилген финансы мекемелери” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

айтылган токтом менен бектилген Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу боюнча эрежелерине:  

- эрежелердин талышындагы “адистештирилген финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр “адистештирилген финансы мекемелери” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 1 пункту жокко чыгарылсын; 

- бүтүндөй текст боюнча “адистештирилген финансы-кредит мекемелери” деген сөздөр “адистештирилген финансы мекемелери” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 42 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечимдерин адистештирилген финансы мекемелери андай чечимдерди сотко чейинки даттануу жүргүзүү брюнча укуктук актыларга ылайык даттануу берүүгө укуктуу.»; 

- 43, 44, 45, 46, 47, 48 пункттары жокко чыгарылсын.  

7. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябырындагы №40/5 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу боюнча эрежелерин бекитүү” туралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

айтылган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу боюнча эрежелерине:  

- 1 пункту жокко чыгарылсын;  

- 78 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«78. Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечимдерин кредиттик бюролору андай чечимдерди сотко чейинки даттануу жүргүзүү брюнча укуктук актыларга ылайык даттануу берүүгө укуктуу.»; 

- 79, 80, 81, 82, 83, 84 пункттары жокко чыгарылсын.  

 

 

 

 

 

ДОЛБООР 

 

 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогорудагы токтом менен бекитилген «Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

 

- текст боюнча “ФКУ” деген сөздөр «ФКО» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

“1. Бул жобо керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо максатында Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - ФКУ) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын карап чыгуу боюнча ишине карата минималдуу талаптар белгиленген, ошондой эле Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагындагы компетенциясы жана ФКУ менен ушул багытта өз ара иш алып баруу тартиби аныкталган”. 

 

- 2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3-пунктунда: 

4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

4) керектөөчү финансылык-банктык кызматтардан пайдаланган, пайдаланып жаткан же пайдаланууга ниеттенген кайсы болбосун юридикалык жактар, жеке жактар, жеке ишкерлер 

5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“5) кайрылуу - керектөөчүнүн финансылык банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча ФКУге оозеки же кат жүзүндө даттанууларын жана арыздарын (талаштарын) кайрылуусу.”  

-  10-пунктунун биринчи сүйлөмүндө “жана керектөөчүлөрдүн жагдайын жакшыртуу шарттарына” деген сөздөр алынып салынсын; 

“отуз календардык күн мурда” деген сөздөр «он жумуш күнүнөн кечиктирбестен» дегенге алмаштырылсын; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

“11. Керектөөчүлөр менен түзүлгөн келишимдер Кыргыз Республикасынын банктык жана башка мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык кардарлар менен түзүлүүчү келишимдер Шариат стандарттарына да ылайык келүүгө тийиш.” 

 

- 15-пунктунда «оозеки» деген сөз алынып салынсын; 

- 15-пунктунда 8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

“8) маалыматты берген күнгө карата абал боюнча насыянын абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде насыянын негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык жыйымдарды жана келишимди түзүүгө жана аны аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө бөлүп көрсөтүү менен кардарга берүүгө милдеттүү.” 

- 21-пунктунда: 

- 1-пунктчасы «декларацияланган (жарыяланган)» деген сөздөн кийин «номиналдуу жана натыйжалуу» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 4-пунктчасы «карыз алуучуга» деген сөздөн кийин « кол койдуруу менен» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 6-пунктчасы  «же лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү ишке ашырганга» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 10-пунктчасы «өзгөртүүгө» деген сөздөн кийин «жана толуктоого» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

- 11-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11) эгерде күрөө предметинен өндүрүп алууну жүргүзүү процессинде тараптардын келишиминде сатып өткөрүүнүн башка ыкмасы каралбаса, турак-жай түрүндөгү күрөөдө турган кыймылсыз мүлк ачык тоорук аркылуу гана сатылат” 

 

- 42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

“42. ФКМдин дарегине келип түшкөн кайрылуулар, отуз календардык күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндө жооп берүү менен каралууга тийиш. Кардарлардын каралган даттанууларынын жана арыздарынын (талаштарынын) натыйжалары боюнча документтер белгиленген тартипте кеминде үч жыл сакталууга тийиш.”