Кайта келүү

Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча» Кыргыз Республикасын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

2016-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» (мындан ары Мыйзам) Кыргыз Республикасынын № 207 Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайыкка келтирүү жөнүндө 7-беренесинин аткаруу максатында «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» Жобосуна өзгөртүүлөр киргизилди (мындан ары Жобонун долбоору). 

Төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында, Жобонун долбооруна төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу түрдө бузуу жана мыйзам бузуунун дэңгеелине жараша буйруу түрүндө таасир этүү чара колдонуу каралган. Бул чара кичине мыйзам бузууга жол берген учурда, айрым төлөмдөрдү кабыл алууну чектөө же болбосо лицензиянын аракетин токтотуу сыяктуу катуу чараларын колдонбостон төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берет.  

Кошумча Жобонун долбоорунун текстине жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык техникалык өзгөртүүлөр киргизилген. 

 

 

Урматто менен, 

ТСБ начальниги Э. В. Лелевкина  

 

 

 

 

ДОЛБООР 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

20___-жылдын «____» _______ 

№___ токтомуна карата 

тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы №51/1 «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

 

- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-пунктунда Жобо деген сөздөн кийн «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары» (мындан ары Жобо) деген сөз менен толукталсын, кашаа ичиндеги «финансы-кредит мекемелери» деген сөздөр «финансы-кредит уюмдары» дегенге алмаштырылсын. 

- 10-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузуу.». 

- 12-пунктундагы экинчи абзацындагы «системалуу түрдө» деген сөз (12 (он эки) ырааттуу календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) деген сөздөр менен толукталсын»; 

-28-пунктундагы. 

«28. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ортосундагы талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого» деген сөздөр «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы №10/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосундагы талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө” жобого” дегенге алмаштырылсын; 

- 29-пунктундагы. 

- «башка финансы-кредит мекемеси» деген сөздөр «башка финансы-кредит уюму» дегенге алмаштырылсын.».