Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 “Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин” бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 “Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин” бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1.1. Бул Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринде (мындан ары Эрежелер) банктар жана акча которуу системаларынын операторлору акча которуу системалары аркылуу каражаттарды которуу кызматтарын сунуштоодо аларга карата коюлуучу талаптар аныкталган.”; 

- 1.3-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3.4-пункттун 1-пунктчасында «алмашуу курсун» деген сөздөрдөн кийин  

«, ала турган өлкөдөгү жана пункттагы акча берүүнүн шарттары, кайтарып берүү шарттары, алдамчылык тобокелдиктер» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.7-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча «Baa» категориясынан, же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон, же болбосо резидент эместин банкы жайгашып турган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын улуттук рейтингдик агенттиктери тарабынан түзүлгөн тизмекке ылайык, улуттук рейтингдик агенттиктин кредиттөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлине ээ жана резидент эместин банкы жайгашып турган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарында аккредитацияланган жана ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ банктан гарантия сунуштоого тийиш.  

Банктык гарантия ошондой эле, банк операцияларын жүргүзүү лицензиясына ээ акча которуу системасынын оператору болуп саналган банк тарабынан да сунушталышы мүмкүн. Мында, гарантия берип жаткан банк, инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча «Baa» категориясынан, же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон, же болбосо резидент эместин банкы жайгашып турган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын улуттук рейтингдик агенттиктери тарабынан түзүлгөн тизмекке ылайык, улуттук рейтингдик агенттиктин кредиттөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлине ээ жана резидент эместин уюму жайгашып турган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарында аккредитация алган жана анын рейтинги ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ болууга тийиш. Оператор маалымдоо тартибинде банк-гаранттын кредиттик рейтингдерин тастыктаган документтерди Улуттук банкка, ал эми катышуучуга чейрек сайын банк-гаранттын кредиттик рейтинг деңгээли тууралуу маалыматты сунуштоого милдеттүү. Гарантия сунуштаган банктын, гаранттын рейтинги төмөндөгөн шартта (инвестициялык деңгээлдеги кредиттик рейтингдин баштапкы деңгээлинен же кредиттөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлинен төмөн болсо) оператор 30 календардык күн ичинде гарантияны алмаштырууга, же болбосо ушул пункттун 1 же 3-пунктчаларынын чегинде камсыздоону сунуштоого тийиш;  

Эгерде төлөм системасынын оператору (же эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарынын критерийлерине ылайык, төлөм системасынын операторунун ишине контролдукту жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору таандык болгон топтун башкы компаниясы) инвестициялык деңгээлдеги эл аралык кредиттик рейтингге Standard & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан, же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча «Baa» категориясынан, же Fitch-IBCA (АКШ) боюнча «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон, же болбосо резидент эместин уюму жайгашып турган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын улуттук рейтингдик агенттиктери тарабынан түзүлгөн тизмекке ылайык, улуттук рейтингдик агенттиктин кредиттөө жөндөмдүүлүгү рейтингдеринин минималдуу деңгээлине ээ жана резидент эместин уюму жайгашып турган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарында аккредитация алган жана анын рейтинги ошол өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган рейтингге ээ болсо банк банктык гарантияны талап кылбайт. Оператор маалымдоо тартибинде тиешелүү деңгээлдеги кредиттик рейтингге ээ экендигин тастыктаган документтерди Улуттук банкка, ал эми катышуучуга чейрек сайын банк-гаранттын кредиттик рейтинг деңгээли тууралуу маалыматты сунуштоого тийиш. Төлөм системасынын операторунун (же эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарынын критерийлерине ылайык, төлөм системасынын операторунун ишине контролдукту жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору таандык болгон топтун башкы компаниясынын) рейтинги төмөндөп кеткен шартта (инвестициялык деңгээлдеги кредиттик рейтингдин баштапкы деңгээлинен же кредиттөө жөндөмдүүлүгү рейтингинин минималдуу деңгээлинен төмөн болсо), оператор (же эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарынын критерийлерине ылайык, төлөм системасынын операторунун ишине контролдукту жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору таандык болгон топтун башкы компаниясы) 30 календардык күн ичинде гарантияны алмаштырууга же болбосо ушул пункттун 1 же 3-пунктчаларынын чегинде камсыздоону сунуштоого тийиш;»; 

- 4.6-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй мазмунда берилсин: 

«6) алдамчылык тобокелдиктер, ала турган өлкөдөгү жана пункттагы акча берүүнүн шарттары жана жөнөтүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.».