Кайта келүү

Маалымдама-Негиздеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом долбооруна карата  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук 

актылары жөнүндө» 2005-жылдын 25-августунда кабыл алынган №26/5 

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

 

2017 жылдын 22 февральда кабыл алынган №6/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча "Каражаттарын жашыруун жана мүмкүн болуучу чыгымдарды жана жоготууларды жабуу үчүн камдарга салымдары тиешелүү" Жобонун жаңы толуктоолор жана өзгөртүүлөр бекитилген, ага ылайык "пролангация болгон насыялар" түшүнүгү мындан ары жараксыз кылган, жана өзгөртүүгө кредиттик келишимдин шарттары "реструкташтыруу насыя" дегенди билдирет. 

Бирок, “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун” 29-бөлүгүндөгү “Депозиттер, кредиттер жана колдонулган пайыздык чендер жөнундө отчеттогу” (мындан ары МРБО) боюнча узак карызы жөнүндө маалыматты камтыйт. Окшош маалымат “Тартылган жана жайгаштырылган акча каражаттары жана пайдалануудагы сыйакы/кошулган баалар жөнүндө отчет” исламдык банктар үчүн МБРО-нун 24-бөлүгүндө бар. 

Ушуга байланыштуу азыркы Жобого "Каражаттарын жашыруун жана мүмкүн болуучу чыгымдарды жана жоготууларды жабуу үчүн камдарга салымдары тиешелүү" МБРО-нун 29-бөлүмүн жана исламдык банктар үчүн МБРО-нун 24-бөлүмүн ылайык келтирүү керек. 

Мындан тышкары, банктырдын чет элдик валюталарды сатып-алуу операцияларды мониторинг жүргүзүүсүн жакшыртуу учун, жаңы маалыматтар менен "төлөөнүн багыты" деген МБРО-нун 26-бөлүмүн, "сатып алуу курсу" жана "сатуу курсу" - исламдык банктар үчүн МБРО-нун 22-бөлүмүн толукталсын деп сунуштайбыз.  

 

 

 

Урматтоо менен, 

ФСМБ-нын начальниги А.М. Каракожаев 

 

 

ДОЛБООР 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

20 -жылдын « » ___________ 

№___ токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна  өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 25-августунда кабыл алынган №26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

“Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет” жөнүндө жободо жогору токтому менен бекитилген:  

2-тиркемеде 

1) 26-бөлүгүндөгү

- “Чет өлкө валютасы менен операциялар тураалуу отчеттогу” Б. Бөлүкчөсүндөгү “Нак чет өлкө валютасы менен операциялар тураалуу отчеттогу” “Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын түшүүсү” деген статьяны төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

“Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен, андан башка филиалдар жана/же аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын түшүүсү”; 

- “Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын чыгымдалышы” деген статьяны төмөнкү редакцияда баяндалсын:  

“Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен, андан башка филиалдар жана/же аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын чыгымдалышы”; 

- Г.1.2 бөлүкчөсүндөгү “Коммерциялык банктардын нак эмес чет өлкө валютасы менен 100 000 доллар эквивалентинен жогору ички бүтүмдөрү жөнүндө отчеттогу” “Сатып алуу” жана “Сатуу” графаларын “Төлөөнүн багыты” деген тилке менен толукталсын; 

- Д.1.2 бөлүкчөсүндөгү “Коммерциялык банктардын нак чет өлкө валютасы менен 100 000 доллар эквивалентинен жогору ички бүтүмдөрү жөнүндө отчеттогу” “Сатып алуу” жана “Сатуу” графаларын “Төлөөнүн багыты” деген тилке менен толукталсын; 

2) 29-бөлүгүндөгү “Депозиттер, кредиттер жана колдонулган пайыздык чендер жөнундө отчеттогу” А бөлүкчөсүндөгү “Кредиттер боюнча карыз” 14-саптагы “Анын ичинде пролангацияланган кредиттерди” “Анын ичинде реструктуризацияланган кредиттерге” алмаштырылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2011-жылдын 30-мартында №20/4 кабыл алынган “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтому менен бекитилген төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жонүндө» жөнүндө жободо жогору токтому менен бекитилген: 

2-тиркемеде 

2) 22-бөлүгүндөгү

- “Чет өлкө валютасы менен операциялар тураалуу отчеттогу” Б. Бөлүкчөсүндөгү “Нак чет өлкө валютасы менен операциялар тураалуу отчеттогу” “Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын түшүүсү” деген статьяны төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

“Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен, андан башка филиалдар жана/же аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын түшүүсү”; 

- “Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын чыгымдалышы” деген статьяны төмөнкү редакцияда баяндалсын:  

“Башкы офистин филиалдар жана аманат кассалары менен, андан башка филиалдар жана/же аманат кассалары менен нак чет өлкө валютасында операцияларынан каражаттардын чыгымдалышы”; 

- Г.1.2 бөлүкчөсүндөгү “Коммерциялык банктардын нак эмес чет өлкө валютасы менен 100 000 доллар эквивалентинен жогору ички бүтүмдөрү жөнүндө отчеттогу” “Сатып алуу” жана “Сатуу” графаларын “Сатып алуу курсу”, “Сатуу курсу”,“Төлөөнүн багыты” деген тилке менен толукталсын; 

- Д.1.2 бөлүкчөсүндөгү “Коммерциялык банктардын нак чет өлкө валютасы менен 100 000 доллар эквивалентинен жогору ички бүтүмдөрү жөнүндө отчеттогу” “Сатып алуу” жана “Сатуу” графаларын “Сатып алуу курсу”, “Сатуу курсу”,“Төлөөнүн багыты” деген тилке менен толукталсын; 

2) 24-бөлүгүндөгү “Тартылган жана жайгаштырылган акча каражаттары жана пайдалануудагы сыйакы/кошулган баалар жөнүндө отчет” А. бөлүкчөсүндөгү “Мезгилдин акырына карата берилген каржылоо” 14-саптагы “Анын ичинде пролангацияланган” “Анын ичинде реструктуризацияланган” алмаштырылсын.