Кайта келүү

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн  

арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган  

МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММА 

(үчүнчү баскыч) 

 

Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн 2018-2022-жылдар аралыгында арттыруу боюнча мамлекеттик программа (мындан ары - мамлекеттик программа) Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарда туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны, 2018-2023-жылдарга карай «Жаңы доорго кырк кадам» стратегиясын, Кыргыз Республикасын 2018-2022-жылдары өнүктүрүү программасын, «Таза коом улуттук программа санарипке трансформациялануу 2040 программасы» концепциясынын алкагында, инновациялык санарип технологияларды пайдалануу менен нак эмес эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү, Кыргыз Республикасында нак жана нак эмес акча жүгүртүлүшүнүн оптималдуу катышын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.  

Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн  

2018-2022-жылдар аралыгында арттыруу боюнча мамлекеттик программа Улуттук банк жана Өкмөт тарабынан 2002-жылы демилгеленип, анын эки өнүктүрүү баскычы жүзөгө ашырылды. 

Мамлекеттик программанын биринчи баскычы 2003-2008-жылдар аралыгында ишке ашырылган. Бул мезгил ичинде Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын төлөм системасын реформалоону жүргүзүп, учурда республикада төмөнкүлөр өз ишин жүзөгө ашырууда: 

1. Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (мындан ары СПК) аталган система банктар аралык майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдү иштеп чыгуу үчүн каралган. Системада төлөмдөр жана эсептешүүлөр система катышуучуларынын милдеттенмелерин өз ара чегеришүүсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Бул система 2006-жылдын октябрь айында ишке киргизилген.  

2. Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (ЕМПЦ) Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын бирден бир оператору болуп саналат. Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакцияларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча өнүккөн инфраструктурага ээ (банкоматтар, POS-терминалдар). Аталган система чекене кызмат көрсөтүүлөр рыногунда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле эмгек акы долбоорлорун ишке ашырууга багытталган, бул нак эсептешүү керектөөсүн кыскартууга, калктын анча жогору эмес киреше алган кеңири катмарынын «Элкарт» улуттук төлөм карттарын пайдалануу менен банктык кызматтардан (нак акча алуу, төлөмдөрдү ишке ашыруу, кыска мөөнөттүү кредиттер) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүгө тийиш. Бул системага республиканын бардык коммерциялык банктары туташтырылган. Ал 2006-жылдын декабрь айында ишке киргизилген. 

3. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү өткөрүү үчүн айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (мындан ары ГСРРВ) бул система финансы рынокторунда бүтүмдөр жана башка ири төлөмдөр боюнча тез жана жыйынтык эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган. Система, катышуучулардын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик (күндөлүк) эсептериндеги акча каражаттарын эсептен алуу жана чегерүү аркылуу ар бир өзүнчө төлөм боюнча жыйынтык эсептешүүнүн дароо жүргүзүлүшүн камсыз кылат. Бул система 2008-жылы ишке киргизилген. 

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктар менен биргеликте жаңы кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жалпы мамлекеттик масштабда нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн заманбап түрлөрүнүн кеңири жайылышын камсыз кылган.  

Мамлекеттик программанын экинчи баскычы, Өкмөт менен Улуттук банктын  

2011-жылдын 25-апрелиндеги №189/11/4 биргелешкен токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тарабынан демилгеленген. Мамлекеттик программанын биринчи баскычына жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча ишке тартылган түзүмдүк бөлүмдөрдүн өз ара иш алып баруусун арттыруу, мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар менен биргелешкен иш-чараларды аткарууну күчөтүү, Мамлекеттик программанын биринчи баскычын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын, пенсияларды, жөлөк пулдарды, салыктарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка өлкө бюджетине/бюджетинен төлөөлөрдү коммерциялык банктардагы эсептерге/эсептер аркылуу которуу боюнча милдеттерди улантуу жана акырына чыгаруу зарылчылыгы белгиленген.  

Мамлекеттик программанын 2012-2017-жылдарга каралган экинчи баскычы министрликтер, ведомстволор, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук акимиаттар, жеке ишкерлер, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары жана эл аралык донорлор менен биргеликте жүзөгө ашырылган. 

Мындан тышкары, бул баскычтын алкагында «Пенсионердин карты», «Бюджеттик каражаттарды алуучунун карты», «Банктык карттарда социалдык төлөөлөр», салык/бажы алымдарын, айыптык төлөмдөрдү жана башка мамлекеттик төлөөлөрдү бюджетке нак эмес формада төлөө сыяктуу долбоорлор ишке ашырылган. Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун жана бюджеттик каражаттардын төлөнүшүн камсыз кылуу максатында, бардык бюджеттик уюмдардын эмгек акыларын, пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөөлөрдү төлөө «Элкарт» улуттук төлөм карттарына өткөрүлгөн. Эмгек акысын эл аралык карттар аркылуу алган бардык бюджеттик уюмдар да (100%) «Элкарт» улуттук төлөм карттарына өткөн. 

Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын көрсөткүчтөрүнүн өсүш динамикасы байкалган.  

2003-жылдын баш жагынан тартып нак акча көлөмүнүн олуттуу өсүшү байкалган. 2017-жылдын апрель айынын акырына карата абал боюнча банктардан тышкаркы акча массасынын көлөмү 2003-жылдын баш жагынан бери 10,1 эсеге жогорулап, 69,5 млрд сом чегинде калыптанган. Мында, кароого алынган мезгил ичинде кеңири мааниде колдонулуучу акча массасынын түзүмүндө алардын үлүшү 62,5 пайыздан 41,4 пайызга чейин төмөндөгөн. Бул, акыркы жылдарда калктын банктарга карата ишениминин жогорулоо тенденциясы байкалгандыгын түшүндүрөт, бул, нак эмес төлөмдөр, банктык эсептерди ачуу санынын көбөйүшүнө таасирин тийгизет. Ошентип, 2017-жылдын  

1-январына карата абал боюнча банктык эсептердин саны төмөнкүнү түзгөн: юридикалык жактардын эсептери 2012-жылга салыштырмалуу 82,3 пайызга өсүп - 207,5 миңди, ал эми жеке адамдардын эсептери 2012-жылга салыштырмалуу 3,1 эсеге өсүп, 2,9 млн чегинде калыптанган.  

2017-жылдын 1-январына карата абал боюнча жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 75,5 млрд сомду түзгөн, мында банктар аралык төлөм системалары (ГСРРВ жана СПК) аркылуу 5 206,7 млрд. сом жалпы суммасына 4 109,2 миң төлөм өткөрүлгөн.  

2003-жылга салыштырмалуу төлөмдөр көлөмү 53,6 эсеге жогорулаган. Банктар аралык төлөмдөр көлөмүнүн жогорулоосу, эң башкысы, банктык операциялар (баалуу кагаздар, чет өлкө валютасы менен операциялар, кредиттик операциялар жана банктык төлөм карттары, электрондук акча менен операциялар) боюнча төлөмдөр көлөмүнүн көбөйүүсүнөн улам келип чыккан.  

 

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору долбоорун жана «Элкарт» улуттук төлөм карттарын ишке киргизүүгө чейин товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес формада төлөө «Алай кард» («Золотая Корона»), «Демир-24», жана эл аралык «Visa» жана «Master card» локалдык банктык төлөм карттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылып келген. 2003-жылдын баш жагынан тартып Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттарын өнүктүрүү жагында алгылыктуу тенденция байкалган. 2007-жылдын баш жагынан бери «Элкарт» улуттук карттары жигердүү чыгарыла баштаган, ал эми  

2013-жылы коммерциялык банктар тарабынан «Сhina Union Pay» эл аралык системасынын карттары жана «Элкарт/Union Pay» кобэйджинг карттары чыгарылган. 2003-жылдан тартып 2016-жылдын акырына чейин банктык төлөм карттарынын саны 208,3 эсеге жогорулаган (2003-жылы 7 755 карт, 2016-жылы 1,6 млн карт чыгарылган). 

Банктык карттардын өсүшү, эң башкысы, эмгек акы долбоорунун алкагында карттардын санынын көбөйүшү менен шартталып, төлөм карттарын пайдалануу менен 24,8 млн операция ишке ашырылган, бул 2003-жылдагы көрсөткүчтөн 102,8 эсеге көп (241 176 операция). 2016-жыл ичинде карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган операциялардын чогуу алгандагы көлөмү 120,5 млрд сомду түзүү менен 2003-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 160,4 эсеге өскөн (751,5 млн сом). Бул, коммерциялык банктардын Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруунун алкагында банктык төлөм карттар рыногунда жигердүү ишин тастыктайт, бул калктын акча каражаттарын карттан картка которуу, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө сыяктуу банктык продукттарды жигердүү пайдалануусуна алып келген.  

 

1-таблица. Жүгүртүүдөгү карттардын саны областтар боюнча (2017-жылдын 

1-январына карата абал боюнча). 

 

 

2017-жылдын 1-январына карата абал боюнча республиканын бүтүндөй аймагында  

Региондун аталышы 

Visa 

MasterCard 

Золотая Корона 

Элкарт 

UPI 

Элкарт-UPI 

Бардыгы 

(миң

Үлүш 

(%) 

Бишкек ш. 

317 955 

4 732 

149 297 

189 458 

8 964 

4 874 

675 280 

39,9 

Чүй областы 

18 703 

2 252 

63 886 

61 984 

1 205 

1 490 

149 520 

8,8 

Ысык-Көл областы 

19 132 

837 

50 258 

52 167 

506 

2 914 

125 814 

7,4 

Нарын областы 

6 483 

717 

38 580 

42 103 

985 

88 868 

5,2 

Талас областы 

9 606 

626 

18 676 

26 757 

466 

1 942 

58 073 

3,4 

Жалал-Абад областы 

25 332 

2 396 

99 903 

102 200 

442 

1 653 

231 926 

13,7 

Ош областы 

47 009 

2 978 

101 411 

119 032 

425 

2 850 

273 705 

16,2 

Баткен областы 

8 423 

1 191 

36 770 

41 451 

173 

1 488 

89 496 

5,3 

Жалпы 

452 643 

15 729 

558 781 

635 152 

12 181 

18 196 

1 692 682 

100,0 

 

жайгашкан 1 300 банкомат жана 7 101 терминал аркылуу банктык төлөм карттары тейлөөгө алынган (2003-жылга салыштырганда банкоматтардын саны 98,6 эсеге же 1 282 даанага, ал эми терминалдардын саны 96,8 эсеге же 6 877 даанага өскөн). 

 

2-таблица. Аралыкта орнотулган жабдуулардын саны областтар боюнча  

Соода-сервис  

 

Региондун аталышы 

Банкоматтар 

Пос-терминалдар: 

Төлөм терминалдар 

соода ишканаларында 

банктарда 

Бишкек ш. 

613 

4420 

449 

372 

Чүй областы 

106 

539 

134 

90 

Ысык-Көл областы 

118 

391 

118 

104 

Нарын областы 

48 

52 

49 

35 

Талас областы 

45 

44 

44 

40 

Жалал-Абад областы 

148 

219 

201 

81 

Ош областы 

189 

316 

294 

138 

Баткен областы 

52 

33 

80 

41 

Бардыгы 

1 319 

6 014 

1 369 

901 

 

ишканаларында орнотулган терминалдар аркылуу ишке ашырылган операциялардын саны 2017-жылдын баш жагына карата 2 615 миң транзакцияны түзгөн (ишке ашырылган операциялардын бүтүндөй санынын 10,4 пайызы), бул 2003-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 49,5 эсеге көп. 

Мындан тышкары, мамлекеттик программанын алкагында төмөнкү долбоорлор ишке ашырылган: 

-  «Пенсионердин карты» долбоору. Бул долбоор 2012-жылы ишке киргизилген. 2012-жылы пенсионерлердин саны 565,8 миң адам чегинде катталган, алардын ичинен «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын филиалдары аркылуу 428,3 миң адам (75,7%), «Пенсионердин карты» боюнча банктар аркылуу 137,5 миң адам (24,3%) алган. 2017-жылдын баш жагына карата коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу пенсияны 264,4 миң адам алышкан, бул пенсионерлердин жалпы санынын 43,0 пайызын түзөт, алардын саны 2,1 эсеге жогорулаган.  

- «Социалдык төлөөлөрдү алуучунун карты» долбоору. Аталган долбоор 2013-жылы колдонууга киргизилген. 2017-жылдын баш жагына карата абал боюнча банктык төлөм карттарын пайдалануу менен социалдык төлөөлөрдү 59,1 миң адам алышкан (алуучулардын жалпы санынын 13,0 пайызы).  

- «Бюджетке төлөөлөр» долбоору. Бул долбоор 2003-жылы колдонууга киргизилген. 2013-жылдан тартып бюджетке төлөөлөрдүн 80% төлөөчүлөрдүн банктык эсептеринен которуу аркылуу ишке ашырылган (бажы-салык төлөөлөр, Социалдык фондго төлөөлөр ж.б.). 2017-жылдын 1-январына карата абал боюнча аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу кабыл алынган салыктык төлөмдөрдүн жалпы саны 139 миң төлөмдү түзгөн, анын суммасы 171,7 млн сом чегинде катталган.  

- «Жолдо жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптык төлөм төлөө» долбоору. Бул долбоор 2013-жылдын декабрь айында ишке киргизилген. Жол-кайгуул кызматынын 254 автоунаасында айыптык төлөм төлөө үчүн пос-терминалдар орнотулган. 2017-жылдын баш жагына карата абал боюнча автоунааларда орнотулган пос-терминалдардын жалпы саны 590 даанага чейин жеткен. Алынган айыптык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 6,6 млн сом чегинде түптөлгөн, бул 2013-жылдан 4,7 эсеге көп.  

- «Бюджеттик каражаттарды алуучунун карты» долбоору (ПБС). Долбоор 2013-жылдын октябрь айында ишке киргизилген, ал чек китепчелерин алмаштырып, колго иштеп чыгууну автоматтык түрдө эсебин жүргүзүүгө алмаштырган. 2014-жылы ушул долбоордун алкагында 92 карт жана 32,0 млн сом суммасына 365 операция ишке ашырылган. 2016-жылы бюджеттик уюмдар үчүн бюджеттик каражаттарды алуучунун 1 296 карты чыгарылган. Мындай карттар боюнча транзакциялардын саны 3 254 даанага жетип, транзакциялардын көлөмү 670,5 млн  сомду түзүү менен 2014-жылдагыга караганда 20,9 эсеге жогорулаган. 

Мындан тышкары, калктын финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында Улуттук банк 2015-жылдын апрель айынан тартып төмөнкү ишкердик түрлөрүн лицензиялоо жана жөнгө салуу ишин жүзөгө ашыра баштаган:  

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларын жана электрондук каражаттарды пайдаланууга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды сунуштоо; 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аны төлөм системасынын катышуучуларына сунуштоо. 

Төлөм системасынын жаңы катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук база иштелип чыккан, төлөм системасынын операторлоруна  

21 лицензия жана төлөм уюмдарына 20 лицензия берилген. 2017-жылдын 1-январына карата абал боюнча төлөм уюмдары жана алардын субагенттер тармагы аркылуу  

23,8 млрд. сом жалпы суммасына 200,1 даанада төлөм ишке ашырылган. 

Мамлекеттик программанын биринчи жана экинчи баскычынын жыйынтыгы боюнча коммуналдык ишканалардын ички кассалары жабылып, төлөмдөрдүн көпчүлүк бөлүгү нак акча каражаттарды банктардын, почта бөлүмдөрүнүн кассалары жана төлөм системасынын операторлорунун кабыл алуу пункттары аркылуу салуу менен жүзөгө ашырылган, мында коммерциялык банктар 20%, төлөм системасынын операторлору 22%, банк агенттери/почта бөлүмдөрү 60% түзгөн. 

Мындан тышкары, Мамлекеттик программанын экинчи баскычында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу планына ылайык, нак эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү максатында, 2012-2017-жылдарга карата төмөнкүдөй Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бекитилген:  

- «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө», чарба жүргүзүүчү субъекттердин нак эмес эсептешүүнү колдонуусун демилгелөө максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 271-беренеси төмөнкү мазмундагы 8-пункт менен толукталган: «Сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС, отчеттук салык алуу мезгил ичинде алардын наркы 300,0 миң сом сумманы түзгөн, нак акчага сатылып алынган материалдык ресурстарга чегерилүүгө тийиш эмес»; 

- «Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу», анда юридикалык жактын эсептешүү эсебинен Социалдык фонддун эсептешүү эсептерине каражаттарды чегерүү аркылуу гана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүү талаптарды белгилөө каралган; 

- «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө», ал коммерциялык банктар региондордо инфраструктураны арттыруусуна түрткү берүү максатында 2017-жылдын акырына чейин алынып келинген банктык жабдууларды КНСтен бошотууга багытталган; 

- «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», ал төлөмдөрдү нак эмес формада интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдик банкинг, төлөм инструменттери, банктык төлөм карттары, электрондук капчык аркылуу өткөрүүнүн инновациялык ыкмаларын, агенттик тармакты өнүктүрүүнү жана үчүнчү жактардын пайдасына кызматтарды сунуштоо үчүн төлөм системасынын жаңы катышуучуларын ишке тартууну жана финансылык маалыматты топтоону, иштеп чыгуу боюнча кызматтарды сунуштоону жөнгө салат; 

- «Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөр укугун коргоо жөнүндө» мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу», анда сатуучу сатып алуучунун товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак же нак эмес формада төлөөсүн чектөөгө укугу жок. Алсак, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июлундагы №188 «Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөр укугун коргоо жөнүндө» мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзамынын 2-беренесин аткаруу максатында, Өкмөт тарабынан 2015-жылдын  

23-декабрында №869 «Керектөөчүлөр укугун коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтом кабыл алынып, анда республиканын соода-сервистик ишканалары үчүн милдеттүү түрдө товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес формада төлөөнү кабыл алуу үчүн POS-терминалдарды орнотуу боюнча тизмек жана критерийлер каралган; 

- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (№ 235), мында 319-беренеде нак эмес формада төлөнгөн, КНС алынуучу жана/же КНСтен бошотулган товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууда белгиленүүчү салык чени 0 пайыз өлчөмүндө белгиленгендиги (нак формада 2 пайыз) каралган. Буга чейин сатуудан салык чени 4% түзгөн.  

- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекси») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», ал «Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө» мыйзамынын үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү жүргүзүү жана финансылык маалыматты топтоо жана иштеп чыгуу боюнча ишкердикке лицензия алуу бөлүгүнө ылайык келтирилген. Мындан тышкары, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске айыптык төлөмдү нак эмес формада укук бузууга жол берилген орду боюнча төлөө мүмкүнчүлүгүн берген нормалар киргизилген. 

Жогоруда белгиленгендердин негизинде, нак эмес төлөмдөргө баскычтар боюнча өтүү, мамлекеттик мекемелердин, коммерциялык банктардын жана калктын даярдыгына жараша жүргүзүлгөндүгүн белгилеп кетүү зарыл. Мамлекеттик программанын иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу менен республика калкынын кеңири маалымат алуусуна, нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөрдүн маанисин жана ыңгайлуулугун түшүнүүсүнө жетишилген. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдар базасын өркүндөтүүнүн алкагында төлөм системасынын жаңы катышуучулары төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштай баштаган. Электрондук жабдууларды (мобилдик телефон, планшет, сааттар ж.б.) өнүктүрүү менен төлөмдөрдүн электрондук капчык аркылуу ишке ашырылышына жетишилген, алар төлөм инструменттеринин бири болуп саналат, ошондой эле белгилүү бир суроо-талапка ээ жана республикада нак эмес төлөмдөр үлүшүн арттырууга таасирин тийгизүүдө. Бирок мында, жалпы акча массасын жүгүртүү көлөмүндө нак эмес төлөмдөр деңгээли ал көрсөткүч 80%-90% жеткен өнүккөн өлкөлөргө караганда кыйла төмөн экендигин белгилеп кетүү зарыл. Бул, мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары жана Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугу алдында турган маанилүү милдеттердин жана проблемалардын бири болуп саналат. Ушундан улам, Мамлекеттик программанын стратегиялык максатынан болуп, мурдагыдай эле, нак эмес төлөмдөр үлүшүн андан ары арттыруу саналат, анткени бул транзакциялык чыгымдарды, нак акчаны чыгарууга жана сактоого чыгашаларды кыскартууга өбөлгө түзөт, салык топтоону жеңилдетет, экономикада коррупция деңгээлин жана көмүскө сектор үлүшүн төмөндөтөт, акча жүгүртүлүшүн тездетет.  

Ушуну менен бирге республикада нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттырууга, мурдагыдай эле, төмөнкү проблемалар таасирин тийгизүүдө

1. министрликтер жана администартивдик ведомстволордун, нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча бюджеттик уюмдардын жигердүү ишкердкити жүргүзбөөсү жана аткаруу тартибинин начардыгы; 

2. нак эмес төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча инфраструктуранын анчалык өнүкпөшү, коммерциялык банктар тарабынан сунушталган банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү боюнча натыйжа бербеген тариф саясаты. Мурдагыдай эле, ири шаарларга салыштырганда айыл жергесинде инфраструктуранын жетишерлик жайгаштырылбашы; чекене төлөмдөр инфраструктурасынын функционалдык-технологиялык жактан начар жабдылышы, жабдуулардын жана байланыш каналдарынын жетишерлик деңгээлде туруктуу иштебеши, банкоматтардын жана төлөм терминалдарынын наркынын жогору болушу дале сакталууда; 

3. чарба жүргүзгөн субүекттер үчүн төлөмдөрдү нак эмес формада кабыл алуу жана жүргүзүүгө тиешелүү мыйзамдуу милдеттердин белгиленбеши; 

4. алдамчылыкка жол берүү фактылары, бул Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына финансылык чөйрөдө кылмыш ишине жол бергендерди жоопкерчиликке тартууга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат; 

5. калктын финансылык сабаттуулугунун төмөндүгү.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, жогоруда белгиленген проблемаларды, ошондой эле өлкөдө келечекте жаңы санарип кызмат көрсөтүүлөргө өтүү, өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ шаарларды түзүү боюнча экономикалык реформаларды жүргүзүүнү, республиканын 20 шаарында инфраструктураны өнүктүрүүнү эске алуу менен санарип технологияларды, электрондук өкмөттүү, банк жана төлөм инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүнү, жаңы тейлөө чөйрөлөрүнө төлөм инструменттерин колдонууга киргизүүнү, мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүүнү, ошондой эле нак эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чараларды контролдоо жана аларга мониторинг жүргүзүүнү улантат. 

Ушуга байланыштуу Өкмөт жана Улуттук банк, Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программанын мөөнөтүн беш жылга узартууну, анда Ведомстволор аралык комиссиянын катышуусун жана Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программада белгиленген максаттарды жана милдеттерди аткаруу максатында, координацияланган иштерди андан ары улантууну демилгелейт.  

 

Максаттар жана милдеттер 

 

2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программанын башкы максатынан болуп нак жана нак эмес акча жүгүртүүнүн оптималдуу жана тең салмактуу катышына жетишүү, нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү үчүн чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү аркылуу банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн аралашуу деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле инфраструктураны арттыруу, Кыргыз Республикасында чекене жана дароо төлөмдөрдү жүргүзүүдө инновациялык төлөм инструменттерин жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу саналат.  

Негизги милдеттер: 

1. финансылык агымдардын ачык-айкындуулугунун, бюджеттик төлөмдөр системасына контролдукту жогорулатуунун жана коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу бюджетке салыктык жана башка акча каражаттардын өз убагында келип түшүүсүнүн эсебинен республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн натыйжалуу пландаштырылышын камсыз кылуу боюнча чараларды жүргүзүү. Жүгүртүүдөгү акча каражатарга контролдукту күчөтүү, көмүскө нак акча жүгүртүлүшүн кыскартуу.  

2. Коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүдө жеңилдиктерди жана жөлөк пулдарды сунуштоо процессин башкаруунун эсебинен калты социалдык тейлөө деңгээлин жогорулатуу. 

3. Калктын улуттук валютада бюджеттик, чекене жана утурумдук төлөмдөрүн жүргүзүүдө нак эмес эсептешүү инфраструктурасын кеңейтүү жана төлөм карттарын, электрондук капчыктарды жана башка инновациялык технологияларды пайдалануу аркылуу реалдуу сектордо ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү

4. Коммерциялык банктар тарабынан сунушталган төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр спектрин арттыруу, атаандаштык шарттарда филиалдык түйүндү өнүктүрүү. Эсептер санын көбөйтүүнүн, калктын акча каражаттарын тартуунун жана экономиканын реалдуу секторуна инвестиция жумшоо үчүн финансылык каражаттардын олуттуу көлөмүн топтоштуруунун эсебинен депозит базасын көбөйтүү.  

5. Бизнес түзүмдөрдү төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү нак эмес формада жүргүзүүгө тартуу. 

6. Киберкылмыштуулуктун келип чыгуу тобокелдиктерине жол бербөөгө, ошондой эле банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө укукка жатпаган алдамчылык иштерди жүргүзгөн кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу чараларын иштеп чыгууга багытталган иш-чараларды өткөрүү

7. Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү

8. Банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтик баа саясатын оптималдаштыруу. 

9. Калкка төлөмдөрдү инновациялык инструменттер аркылуу жүргүзүү ыкмалары жана аларды коопсуз колдонуу чаралары жөнүндө кеңири маалымат берүү

2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программада каралган милдеттерди жүзөгө ашыруу министрликтердин, мамлекеттик кызматтардын, ведомстволордун, шаар жана райондук администарциялардын, коммерциялык банктардын, ошондой эле башка уюмдардын жана жеке ишкерлердин, бизнес-коомчулуктардын биргелешип катышуусунда ишке ашырылууга тийиш. 

Мамлекеттик программа, мамлекеттин финансылык колдоосу астында жүзөгө ашырылган жана өлкөнүн башка социалдык-экономикалык жана улуттук программаларында жана стратегияларында макулдашылган, ар бир мамлекеттик мекеменин кылдат иш-аракеттер программасын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат. 

Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларды эске алуу менен корректировкаланышы мүмкүн. 

Мамлекеттик программанын катышуучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылат: 

- иш-чаралар планын, өнүктүрүү программасын даярдоо жана жүзөгө ашыруу; 

- бул чараларды финансылык жактан колдоо шарттарын жана механизмдерин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; 

- нак эмес эсептешүүлөр системасынын катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын аймагында өз ара иш алып баруусун жөнгө салган ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

- долбоорлорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча колдоо көрсөтүү

- учурда жүргүзүлүп жаткан жана пилоттук долбоорлордун жүзөгө ашырылышына күндөлүк онтролдукту/мониторинг жүргүзүү.  

2018-2022-жылдарга мамлекеттик программада, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча чаралар топтому каралган, алар чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүүгө жана нак эмес төлөмдөр инфраструктурасын кеңейтүүгө багытталган: 

1. Бардык бажы жана салык төлөмдөрүнүн нак эмес формада инновациялык технологияларды пайдалануу менен (анын ичинде банктык төлөм карттарды, электрондук капчыкты, мобилдүү банкингди ж.б) кабыл алынышын камсыз кылуу. 

2. Региондордо калктын инновациялык технологияларды (анын ичинде банктык төлөм карттарды, электрондук капчыкты, мобилдүү банкингди ж.б) пайдалануу менен утурумдук төлөмдөрдү коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу өткөрүү көлөмүн арттыруу.  

3. Чакан соода-тейлөө ишканаларында постерминалдарды орнотуу, электрондук капчыктарды кабыл алуу жана тейлөө

4. Мындан ары пенсияларды, жөлөк пулдарды, акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептеринен алуучулардын коммерциялык банктардагы жеке эсептерине төлөө.  

5. Жогорку жана орто атайын окуу жайларынын студенттерине стипендиялардын коммерциялык банктардагы эсептерге которулушун камсыз кылуу. 

6. Бардык мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерге эмгек акыны коммерциялык банктардагы эсептери аркылуу төлөөгө өтүшүн камсыз кылуу.  

7. Алымдардын, айыптардын, транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана башкалардын мамлекет кирешесине нак эмес формада төлөнүшүн камсыз кылуу. 

8. Жумасына 7 күн, суткасына 24 саат иш ыргагында аралыктан банктык тейлөө системасын (интернет-банкинг, Мобилдүү банкинг, мобилдүү төлөмдөр ж.б) өнүктүрүү. Улуттук валютада эсептешүүлөрдү нак эмес формада жүргүзүү үчүн банктык төлөм карттарды, электрондук капчыктарды жана башка инновациялык технологияларды тейлөө инфраструктурасын кеңейтүү.  

9. Улуттук валютада эсептешүүлөрдү нак эмес формада жүргүзүү үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн, электрондук/мобилдик капчыктардын жана башка инновациялык технологиялардын пайдаланышына өбөлгө түзүү максатында, пайдалануучуну/төлөөчүнү аралыктан идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган иш-чараларга катышуу. 

10. Нак эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү максатында электрондук/мобилдик капчыктар аркылуу, кредиттөөнү кошо алганда, онлайн режиминде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү

 

 

Мамлекеттик программанын үчүнчү баскычы боюнча күтүлүп жаткан натыйжалар 

 

2018-2022-жылдарга Мамлекеттик программада каралган иш-чаралардын ишке ашышы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга өбөлгө түзөт:   

· Мамлекетте жана экономикада:  

- нак акчанын өсүш арымын кыскартууга, нак акчалардын көмүскө жүгүртүлүшүн азайтууга; 

- мамлекеттин салык-бюджет саясатын жүргүзүүдө ачык-айкындуулукту арттырууга; 

- нак акчалардын жүгүртүлүшүн (эмиссиясын) колдоого байланыштуу чыгашаларды кыскартууга; 

- бюджет чөйрөсүндө финансылык тескөөнүн инновациялык ыкмаларына; 

- бюджеттин түздөн-түз толукталышына; 

- калктын финансылык сабаттулугун жогорулатууга. 

· коммерциялык банктарда:  

- жаңы кардарларды тартууга, депозиттик базаны көбөйтүүгө жана экономиканын реалдуу секторуна инвестициялоо үчүн акча каражаттарын топтоого; 

- региондордо чекене агенттер түйүнүн өнүктүрүүгө

- кардарларды аралыктан тейлөө спектрин кеңейтүүгө

- эмиссия-кассалык ишке байланыштуу (инкассация, иштеп чыгуу, акчаны сактоо) чыгымдарды кыскартууга. 

· уюмдарда жана ишканаларда:  

өздүк корпоративдик ички системаларды түзүүгө чыгашаларды кыскартууга; 

- нак акча каражаттары менен ишке (кабыл алуу, сактоо жана ташуу) чыгашаларды азайтууга; 

- кыйла так эсепке алууну, финансылык контролдукту жана пландаштырууну жүргүзүүгө

- тике социалдык чегерүүлөр.  

· калайык-калкта:  

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн жөнөкөй, кеңири, ишенимдүү жана коопсуз пайдалануу, төлөөнүн кыйла жеңил жана ыкчам ыкмаларына жетишүү

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн алуу үчүн банктарды жана алардын агенттерин кеңири тандоо; 

- банктарга жана аймактык жайгашуусуна көз карандысыз, төлөмдөрдү жана акча которууларды жүзөгө ашыруунун мурдатан келаткан жана инновациялык инструменттерин жана ыкмаларынын кеңири түрүн пайдалануу. 

 

Болжолдуу көрсөткүчтөр 

 

№ 

 

Божомол 

2018 

Божомол 

2019 

Божомол 

2020 

Божомол 

2021 

Божомол 2022  

Карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы 

 

Жылдын акырына карата эмитирленген карттардын саны (миң даана.).  

1 920,8 

2 112,8 

2 324,1 

2 556,5 

2 812,2 

Банктык төлөм карттардын 1 адамга эсептелиши боюнча жайылтылышы (даана) 

0,46 

0,50 

0,55 

0,6 

0,7 

Төлөм карттарын пайдалануу менен аткарылган операциялардын саны (миң даана) 

26 327 

27 644 

29 026 

30 477 

35 121 

1 миң адамга эсептелиши боюнча операциялардын орточо саны (даана) 

4 311 

4 459 

4 613 

4 772 

8 248 

1 адамга эсептелиши боюнча операциялардын орточо саны 

6,37 

6,59 

6,82 

7,05 

8,01 

Төлөм карттары боюнча аткарылган төлөмдөрдүн көлөмү (млн сом.) 

148 148 

155 555 

163 333 

171 500 

180 075 

Калктын 1 адамына эсептелиши боюнча карт менен операциялардын орточо көлөмү (сом)  

35 846 

37 082 

38 361 

39 684 

41 052 

 

Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы 

11 

Пайдалануучулардын саны (Электрондук капчыктардын саны) (бирдик ) 

433 910 

455 606 

478 386 

502 306 

527 421 

12 

Электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялардын жалпы саны (бирдик) 

5 062 

5 316 

5 581 

5 861 

6 154 

13 

Электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялардын жалпы көлөмү (бирдик) 

3 203 746 

3 363 933 

3 532 130 

3 708 736 

3 894173 

14 

Республиканын аймагында жашаган калк (миң адам) 

4 132,9 

4 194,8 

4 257,8 

4 321,6 

4 386,5 

Банктык жана төлөм инфраструктурасы 

 

Банкоматтардын саны (даана) 

1 385 

1 454 

1 527 

1 603 

1683 

 

POS-терминалдардын саны (даана) 

7 752 

8 140 

8 547 

8 974 

9 423 

 

Орнотулган төлөм (сash-in) терминалдардын саны 

3 585 

3 600 

3680 

3 760 

3 840 

Соода (тейлөө) уюмдарында, коомдук транспорттордо ж.б контактсыз карточкаларды кабыл алуу функциясы менен төлөм терминалдарынын саны.  

QR-коддору жана НСE (даана). 

20 

30 

50 

80 

 

 

100 

 

 

Республиканын туруктуу калкынын саны 2016-жылы 120,7 миң адамга же 2,0 пайызга көбөйгөн жана 2017-жылдын 1-январына карата 6 млн 140 миң адамды түзгөн, алардын ичинен ишке жарамдуусу 3 585,7 миң адам. 1-июлга карата абал боюнча картка ээлик кылуучулар боюнча 1 772,6 миң адам катталган. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу алкагында 2022-жылга чейин өлкөнүн ишке жарамдуу калкын төлөмдөрдү нак эмес формада өткөрүүгө тартуу жана санын көбөйтүү

 

 

 

Финансылык камсыз кылуу (каржылоо көлөмү жана булактары) 

 

2018-2022-жылдарга каралган Мамлекеттик программанын милдеттерин ишке ашыруу каржылоо булактарын түзүү маселелерин комплекстүү чечүүнү талап кылат. Негизги долбоорлорду каржылоо булагы катары эл аралык уюмдардын кредиттерин, мамлекеттик бюджеттин, Улуттук банктын каражаттарын, ошондой эле коммерциялык банктардын жана башка кызыкдар уюмдардын инвестицияларын колдонууга болот.  

Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн  

арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 

 

  

Иш-чаралар 

Аткаруу мөөнөтү 

Жооптуу аткаруучу 

Аткаруу формасы  

1. Нак эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүү системасын уюштуруу-укуктук жана усулдук камсыз кылууну иштеп чыгуу 

1.1.  

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга мамлекеттик үлүшкө ээ коммерциялык банктарды банктык жабдууларды (банкоматтарды, төлөм терминалдарын, күркөлөрдү жана POS-терминалдарды) сатып алуу/орнотуу, ошондой эле банктык жабдууларды орнотуу үчүн жайларды ижарага алуу жагында мыйзам талабын аткаруудан бошотуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү

2018 2020 -жылдар 

ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ, Финансы министрлиги, Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар 

ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоо.  

1.2.  

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине банк жана төлөм системаларында алдамчылыкка жол берүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү

2018-2020 -жылдар 

ИИМ жана башка мамлекеттик органдар 

жумушчу тобун түзүү жана сунуштарды даярдоо 

1.3. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздоо жөнүндө» мыйзамына медициналык камсыздоону нак эмес формада жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин банктык эсептеринен чегерүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү.  

2018-2022 -жылдар 

милдеттүү медициналык камсыздоо фонду, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Социалдык фонд жана коммерциялык банктар  

Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төлөмдөрүн которуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу 

1.4.  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына өлкөнүн алыскы аймактарында нак эмес төлөмдөрдү көбөйтүүгө багытталган, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн банк ишинин жана төлөм системасынын жаңы катышуучуларын жөнгө салуу жагында Улуттук банктын ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.  

2018-2022 -жылдар  

Улуттук банк, коммерциялык банктар, ОП, байланыш операторлору ассоциациясы. 

Ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоо 

1.5. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы №4732-V «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» алынып келинген банктык терминал жабдууларын Мамлекеттик программанын 3-баскычы мезгилинде салыктан бошотуу тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу. 

2018 жыл. 

Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, коммерциялык банктар жана «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмеси 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун бекитүү 

1.6.  

Соода (тейлөө) уюмдарын кошо алганда, менчиктин бардык формасындагы чарба жүргүзүүчү субъектилердин кызматкерлеринин эмгек акыларынын коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу төлөнүшүн камсыз кылуу» 

2018-2022 -жылдар 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнн Аппараты, Улуттук банк, коммерциялык банктар жана Соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү бизнес-ассоциациялар  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Соода (тейлөө) уюмдарын кошо алганда, менчиктин бардык формасындагы чарба жүргүзүүчү субъектилердин кызматкерлеринин эмгек акыларынын коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу төлөнүшүн камсыз кылуу жөнүндө» токтомуна түрткү берүү, кабыл алуу жана ишке ашыруу  

1.7. 

Соода-тейлөө ишканаларынын тизмесин, ошондой эле бул ишканалар банктык төлөм карттарды кабыл алуу жана тейлөө үчүн өзүндө POS-терминалдарды милдеттүү түрдө орнотууга тийиш болгон критерийлерди кайра карап чыгуу.  

2018-жыл 

Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агентти, Улуттук банк, бизнес-ассоциациялар 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алуу.

1.8 

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатууда эскроу эсеп келишимин пайдалануу боюнча мыйзам базасына өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018 жыл 

Улуттук банк, Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 

Мыйзам долбоорун жылдыруу 

1. 9. 

Мыйзамдын өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана эскроу эсеп келишимин колдонуу маселелери боюнча аткарылышын талдап-иликтөө.  

2019-2022-жылдар 

 

 

 

 

2021-2022-жылдар 

Экономика министрлиги, Улуттук банк, коммерциялык банктар, Мамлекеттик каттоо кызматы жана риэлтордук кызмат көрсөтүлөр чөйрөсүндөгү бизнес ассоциациялар.  

 

Мамлекеттик каттоо кызматы, Улуттук банк, Экономика министрлиги риэлтордук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү бизнес-ассоциациялар.  

Жумушчу топ түзүү жана рынок менен керектөөчүнү иликтөө 

1.10. 

Тобокелдиктердин орун алуу ыктымалдуулугун төмөндөтүү боюнча чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзам базасына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына кибер чабуулдардын жасалгандыгы, алдамчылык фактылары, мындай жагдайларга жол берүү ыкмалары тууралуу ыкчам маалымат алмашуу жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү

2018-2019-жылдар 

Укук коргоо органдары, Улуттук банк, БПБ ЖАК, коммерциялык банктар, ТС операторлору. 

 

2. Калайык-калк арасында нак эмес формада эсептешүүлөрдү жайылтуу 

 

 

 

Жарандардын товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) төлөө үчүн электрондук төлөм инструменттерин жана төлөм каражаттарын, аралыктан тейлөө системаларын колдонуусуна өбөлгө түзүүчү чараларды көрүү 

2018-2022 -жылдар 

«Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмеси (макулдашуунун негизинде), коммерциялык банктар (макулдашуунун негизинде), төлөм уюмдары (макулдашуунун негизинде), бизнес-ассоциациялар (макулдашуунун негизинде), Улуттук банк (макулдашуунун негизинде) 

«Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмеси, Улуттук банк, банктар, эл аралык жана локалдык төлөм системаларынын ортосунда калк арасында нак эмес формада эсептешүүлөрдү жайылтуу жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жөнүндө келиишмдерди даярдоо, иш-чаралар планын бекитүү, акцияларды өткөрүү

2.2 

Калайык-калкка заманбап электрондук төлөм инструменттерин жана төлөм каражаттарын, аралыктан тейлөө системасын колдонуунун артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдоо 

2018-2022 -жылдар 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, «Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмеси (макулдашуунун негизинде), коммерциялык банктар (макулдашуунун негизинде), төлөм уюмдары (макулдашуунун негизинде), бизнесассоциациялар (макулдашуунун негизинде), Улуттук банк (макулдашуунун негизинде) 

Статьяларды, видео- жана аудиороликтерди даярдоо жана аларды ЖМКларда жана интернет сайттарда жайгаштыруу, ошондой эле маалыматтык материалдарды (китепчелерди, плакаттарды ж.б) даярдоо жана акалк арасына жайылтуу 

2.3. 

Улуттук валютада нак эмес формада эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн, электрондук/мобилдик капчыктардын жана башка инновациялык технологиялардын колдонулушу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү

2018 -ж 

Улуттук банк, коммерциялык банктар, төлөм системалары операторлорунун ассоциациялары 

ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2.4. 

Нак эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөтүү максатында, кредиттөөнү кошо алганда, кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн режиминде сунуштоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү

2018 -ж 

Улуттук банк, коммерциялык банктар, төлөм системалары операторлорунун ассоциациялары 

ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү 

3. Соода (тейлөө) уюдарына төлөмдөрдү нак эмес формада кабыл алуусуна түрткү берүү 

3.1 

Салыктарды нак эмес формада төлөө жана алыскы аймактарды төлөм терминалдары менен камсыз кылуу боюнча долбоорлордун иштөө чөйрөсүн кеңейтүү

2018-2022 -жылдар 

Улуттук банк, коммерциялык банктар, Мамлекеттик салык кызматы. 

салык жана монополияга каршы органдын бул багытта телефон менен маалымат берүү ишин дарядоо, маалымат берүү жана уюштуруу, калайык-калкка маалымдоо ж.б 

 

Салык төлөөчүлөр жана калк менен салыктарды нак эмес формада төлөөнүн жаңы ыкмаларын колдонуу жана ченемдик укуктук актылар боюнча түшүндүрмө иштерди уюштуруу. Төлөм терминалдарынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.  

2018-ж 

коммерциялык банктар, Мамлекеттик салык кызматы, Экономика министрлиги, Улуттук банк 

 

3.2 

Соода уюмдарын калкты нак эмес формада тейлөөгө өткөрүү боюнча чараларды көрүү 

2018-2020-жылдар  

коммерциялык банктар, Мамлекеттик салык кызматы, Бишкек шаарынын мэриясы ж.б.  

Иш-чаралар планын даярдоо.  

3.3. 

Бардык социалдык төлөөлөрдү, пенсияларды жана жөлөк пулдарды Элкарт улуттук картына которуу 

2019- 2020 -жылдар 

Социалдык фонд, коммерциялык банктар жана «Кыргыз почтасы» МИ 

«Кыргызпочтасы» МИ менен банктык жана чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин түзүү жана баспаган пенсионерлерди тейлөө үчүн (өз алдынча баса албаган, дайыма жардамга муктаж болгон пенсионерлер үчүн) почта кызматкерлерин көчмө пос-терминалдар менен камсыз кылуу  

3.4. 

Алдын ала төлөнгөн кредиттик жана дебеттик карт линияларын, анын ичинде кардарлардын конкреттүү категориялары үчүн да (мектеп окуучулары, студенттер, адамдар, мигрант карталары ж.б). 

2019-2020 -жылдар 

коммерциялык банктар, министрликтер жана ведомстволор  

«Элкарт» улуттук төлөм картынын базасында иштеп чыгуу 

3.5. 

Республиканын региондорунда банктык жана төлөм жабдууларын орнотуу, банктардын агенттик түйүндөрүн өнүктүрүү.  

Туруктуу негизде контролдук жана мониторинг  

коммерциялык банктар, «Кыргыз почтасы» МИ, төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар жана жеке ишкерлер  

банкоматтарды, терминалдарды жана cash-in терминалдарды орнотуу жана агенттик түйүндү өнүктүрүү 

3.6. 

Кыргыз Республикасынын 20 шаарын «Smart city» долбоорунун алкагында банктык жабдуу менен камсыз кылуу. 

2018-2019-жылдар 

Бишкек шаарынын мэриясы, коммерциялык банктар, төлөм уюмдары жана Улуттук банк  

банктык жана төлөм инфраструктурасы менен камсыз кылуу үчүн шаарлардын тизмесин сунуштоо 

 

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдү нак эмес/электрондук жана контактсыз формада кабыл алууну камсыз кылуу.  

(TRANS PAY, алдын ала төлөнгөн карттар, HCE жана QR-код, NFС - технологиялар) 

2018-2020 -жылдар 

Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлиги, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясы, Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитети, коммерциялык банктар, «БПБ» ЖАК жана жеке автотранспорт тейлөөлөрү

транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөлөрдү нак эмес формада кабыл алуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу 

4. Баа саясатын өркүндөтүү 

 

4.1 

Банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын банктык төлөм карттарды жана башка инновациялык технологияларды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу операциялар боюнча тарифтик саясатын өркүндөтүү  

2018-2020 -жылдар 

«Кыргыз банктар бирлиги» юридикалык жактар бирикмеси, коммерциялык банктар, Төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы, Улуттук банктын төлөм уюмдары, ОМСУ (макулдашуунун негизинде) 

банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тарифтик саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү,  

5. Төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн жана коопсуздугун, картка ээлик кылуучулар үчүн өз алдынча тейлөө* жабдууларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу 

5.1.  

Ченемдик укуктук актыларга өз алдынча тейлөө жабдууларын орнотуу үчүн документтерди макулдашуу жол-жоболорун жеңилдетүү жагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аларда төмөнкүлөр каралат: 

2018-2022 -жылдар 

Бишкек башкы архитектурасы, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясы, коммерциялык банктар  

Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо 

 

банктык жабдууларды ички пайдалануу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуусуз орнотуу 

 

имараттын негизги конструкциясына тиешеси жок, тышкы пайдалануудагы банктык жабдууларды долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуусуз орнотуу 

 

тышкы пайдалануудагы өз алдынча тейлөө жабдуулары үчүн маалымат көрсөткүчтөрүн жана (же) коргоо түзүлүштөрүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуусуз орнотуу. 

5.2. 

Соода (тейлөө) уюмдарында орнотулган төлөм терминалдары жана банктык жабдуулар үчүн байланыш сапатын төмөнкүлөр аркылуу жогорулатуу: 

2018-2022 -жылдар 

Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги, коммерциялык банктар жана төлөм системаларынын операторлору 

карточкаларды пайдалануу менен опеарцияларды иштеп чыгуу тездигин жогорулатууну, нак эмес формадагы эсептешүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. 

 

төлөм терминалдарын туташтыруу үчүн электр байланыштын кеңири каналдарын колдонуу. 

2019-2022 -жылдар 

Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги, төлөм уюмдары 

төлөм терминалдарынын бардык байланыш каналдарын кароо жана иш-чаралар планын иштеп чыгуу.  

 

төлөм терминалдарын, өз алдынча тейлөө жабдууларын бөлүнгөн абоненттик линиялар боюнча туташтыруу. 

2019-2022 -жылдар 

Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги, коммерциялык банктар, төлөм уюмдары 

төлөм терминалдарынын абоненттик линияларынын эсебин жүргүзүү

 

товарларга жана кызмат көрсөтүлөргө нак акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм терминалдарын банктык төлөм карттарды жана электрондук капчыктарды тейлөө программасын иштеп чыгуу боюнча модификациялоо. 

2021 -2022 -жылдар  

коммерциялык банктар, төлөм уюмдары, Улуттук банк  

керектөөчүлөр кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү 

6. Программалык-техникалык инфраструктуралар 

6.1. 

Калктын эсептешүүлөрдү нак эмес формада жүргүзүүсүндө контактсыз технологияларды жайылтуу маселесин иштеп чыгуу (транспорт/ири чекене/дүң рыноктор, коомдук тамактануу пункттары ж.б). 

2018-2022 -жылдар 

коммерциялык банктар, Улуттук банк, Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитети, Бишкек шаарынын мэриясы 

кызыкдар тараптардын пилоттук долбоорлорду даяроону уюштурууга катышуу 

6.2. 

мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өз алдынча тейлөө жабдууларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо максатында, шайкеш технологияларды жайылтуу 

2021-2022 -жылдар 

коммерциялык банктар, төлөм уюмдары, Улуттук банк ж.б 

пилоттук долбоорду ишке ашыруу 

1. Квалификацияларды жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу.  

7.1. 

IT коопсуздук, киберкоопсуздук, IT- аудит тармагында квалификацияны жогорулатуу. 

2019 2020 -жылдар 

Билим берүү министрлиги жана Улуттук банк  

сунуштарды иштеп чыгуу 

7.2. 

Улуттук банктын, укук коргоо органдарынын жана коммерциялык банктардын кызматкерлерин кибер чабуулга чара көрүү, төлөм системасында кибер кылмыштуулуктун азаюусун аныктоого окутуу. 

2018-2019-жылдар 

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы, ИИМ, Улуттук банк, коммерциялык банктар. 

эл аралык донорлорду тартуу 

7. 3.  

Финансы-кредиттик жана банктык эмес уюмдарга кибер чабуулдарды, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда алдамчылыктардын орун алышын маалымдоо жана ыкчам чара көрүү.  

2019-2022-жылдар  

коммерциялык банктар, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана ИИМ  

зарылчылыкка жараша укук коргоо органдары. 

––––––––––––––––––––– 

* Соода (тейлөө) уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын ведомстволук караштуулугуна көз карандысыз азык-түлүк (азык-түлүктөн башка) товарларын сатууну жүзөгө ашырышкан, иштердин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар кандай түрлөрүн аткарган уюмдар. 

HCE (Host-based Card Emulation) уюлдук түзүлүштө микропроцессор менен карточкаларды эмуляциялоо технологиясы, ал NFC (Near field communication) технологиясы менен биргеликте карточканы пайдалануусуз мобилдүү контактсыз төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт.  

QR-код кайсы болбосун символдордон турган, код коюлган маалымат менен эки өлчөмдүү штрихкод, ал бул маалыматты мобилдик түзүлүштөр аркылуу автоматтык түрдө салыштырып окууга өбөлгө түзөт.