Кайта келүү

Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына күрөөнү милдетүү түрдө камсыздандырууга карата талаптарды белгилөө жагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына күрөөнү милдетүү түрдө камсыздандырууга карата талаптарды белгилөө жагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу токтом долбоору Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын 20 жана 68-беренелерине жана 2015-жылдын 31-июлундагы № 209 «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдын күчүнө киришинен улам иштелип чыккан. Өрттүн чыгышы жана башка бөөдө кырсыктардын кесепетинен турак жайлардын жараксыз абалда калышы же жок кылынышына байланыштуу жоготуу ордун толуктап берүү үчүн экономикалык шарттарды түзүү аталган мыйзамдын максатынан болуп саналат. 

Мындан тышкары, мыйзамдын алкагында тиешелүү иш-чаралар бекитилип, ага ылайык турак жай күрөөлүк камсыздоо катары сунушталган кредиттөө ишинде ошол турак жайларды ар кандай бөөдө кырсыктардан милдеттүү түрдө камсыздандыруу шартын жайылтуу маселесин кароого алуу зарыл. 

Кийинки учурларда табияттагы ар кандай өзгөрүүлөрөрүнөн улам, турак жайлардын бузулууга дуушар болуп жатышы көп кездешип жаткандыктан, бул финансы-кредит уюмдарындагы (мындан ары ФКУ) күрөөлүк камсыздоону жоготууга алып келишин, кредиттик тобокелдиктерди басаңдатуу максатында Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоору даярдалган. 

Долбоордо коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан кредиттөө учурунда турак-жай күрөө катары сунушталган болсо, ошол турак-жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу келишиминин болушу талабын белгилөө каралган. 

Бул жерде, долбоордун кабыл алынышы ФКУларга күрөө түрүндө өткөрүлгөн турак жайларды ар кандай бөөдө кырсыктардан коргоо кепилдигин камсыз кыла тургандыгын да белгилеп кетүү зарыл. Камсыздандыруу жагдайы келип чыккан шартта турак жайга келтирилген чыгым орду камсыздандыруу суммасынын чегинде төлөнүп берилет. Ошентип, бөөдө кырсыктардан жабыркаган жарандардын финансылык чыгымдарынын ордунун толукталыпп берилиши камсыз кылынат. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын “____”  ________  

№____ токтомуна карата  

тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна 

толуктоолор жана өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 25-пунктун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- күрөөгө коюлган мүлктү тизмеси, менчик укугун тастыктаган документтер (күрөөгө/кыймылсыз мүлк кыймылдуу болсо), жана пайдаланууга укук берүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жай (камсыздандыруу полисинде) милдеттүү камсыздандыруу келишими (турак жай кыймылсыз мүлк күрөөгө коюлган учурда) жана башка банктын ички документтерине ылайык;». 

1-тиркеменин:  

- II бөлүкчөсүн төмөнкү мазмунундагы 25.2 пункту менен толукталсын: 

«25.2. Эгерде турак жай камсыздандыруунун предмети болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардын турак жайды милдетүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полисин) бар болусу.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 29-пунктун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- рыноктук наркын, баа берүү күнүн, ким тарабынан баа берилгендигин, каттоодон өткөндүгүнүн далилдерин, күрөөнүн жайгашкан ордун, ээлик кылууну тастыктаган документтерди (эгерде кыймылдуу/кыймылсыз мүлк күрөө болуп саналса), пайдалануу укугун тастыктаган документтерди, эгерде күрөөгө кыймылсыз мүлк коюлган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандыруу (камсыздандыруу полиси) келишими жана банктын ички документтерине ылайык, башка документтерди көрсөтүү менен күрөөгө коюлган мүлктүн описин (болгон болсо);»; 

1-тиркеменин:  

- II бөлүкчөсүн төмөнкү мазмунундагы 30 пункту менен толукталсын: 

«30. Эгерде турак жай камсыздандыруунун предмети болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардын турак жайды милдетүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полисин) бар болусу.». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябры №35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 18 - пункту 6 пунктчасы менен толукталсын: 

«6) эгерде турак жай камсыздандыруунун предмети болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардын турак жайды милдетүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) бар болуусу тийиш.»;  

1-тиркеменин:  

- 2- пунктун 4 пунктчасы төмөнкү мазмундагы берилсин: 

«4) күрөөгө коюлган мүлккө жүргүзүлгөн описи (эгер болгон болсо).»; 

- II бөлүкчөсү төмөнкү мазмунундагы 20-пункту менен толуктансын: 

«20. Эгерде турак жай камсыздандыруунун предмети болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардын турак жайды милдетүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полисин) көчүрмөсү бар болусу.». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 5.1. пунктун 5.1.3.- пунктчасы төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«- эгерде турак жай камсыздандыруунун предмети болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардын турак жайды милдетүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) бар болусу.»; 

1-тиркеменин:  

- II бөлүкчөсүн төмөнкү мазмунундагы 8 пункту менен толукталсын: 

«8. Эгерде турак жай камсыздандыруунун предмети болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардын турак жайды милдетүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси.». 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 25- пункту 6 пунктчасы менен толукталсын: 

«6) Эгерде турак жай камсыздандыруунун предмети болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардын турак жайды милдетүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) бар болусу.»; 

1-тиркеменин:  

- II бөлүкчөсү төмөнкү мазмунундагы 21.1.-пункту менен толуктансын: 

«21.1. Эгерде күрөөгө кыймылсыз мүлк коюлган учурда, милдеттүү камсыздандыруу (камсыздандыруу полиси) келишими.». 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы №28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен 

иштөө тартибинин»:  

- 2 - пункту төмөнкү абзац менен толукталсын: 

«Ушул Тартип ошондой эле банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонулган атайы терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга жана башка финансы-кредиттик мекемелерге таркатылат.»; 

- 24 - пункту төмөнкү мазмунундагы биринчи абзацы менен толуктансын: 

«Күрөөгө коюлган мүлк, турак жай болуп эсептелинсе, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырууга тийиш.». 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор кирилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 14 бөлүмү төмөнкү мазмунундагы 94 пункту менен толукталсын: 

«94. Башка тобокелдиктерге камсыздандыруу компаниясы менен агенттик келишим түзүү аркылуу, коопсуздук кызматтары менен байланышкан тобокелдиктер кирет. Коммерциялык банктар камсыздандыруу агенти катары камсыздандыруу кызматтарын камсыз кылуу үчүн уруксат берилет, эгерде: 

- мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы менен агенттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир гана милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полистерин берүү үчүн кызматтын көрсөтүү

- камсыздандыруу окуяларда банктын жоопкерчилиги алып таштоо, бул банк жана камсыздандыруу компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимде чагылдырыш керек.».