Кайта келүү

«Төлөм системаларынын опертаорлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Жобонун долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамын аткаруу максатында Төлөм системалары башкармалыгы тарабынан «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жана «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» Жоболору иштелип чыккан.  

Лицензиялоо процессинин жана инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан бирдей түшүнүккө ээ боло турган жеткире иштелип чыгууну талап кылган пункттары аныкталган. Ошондой эле, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банктардын иши жөнүндө» Мыйзамынын жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы» Мыйзамын киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө киришине байланыштуу бул мыйзамдарга дал келтирүү зарылчылыгы аныкталган (техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр).  

Ошондон улам Жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор сунушталган: 

- терминдер жана түшүнүктөр жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдарга дал келтирилген; 

- керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана төлөм кызматы рыногунда атаандаштыкты коргоого багытталган төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин монополияга каршы жөнгө салуу боюнча толуктоолор киргизилди; 

- төлөм уюму товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен өз ара аракеттешүү тартиби аныкталган; 

- төлөм уюмунун агенттерине кошумча талаптар киргизилген; 

- тарифтерди өзгөртүү жана жаңы продуктыларды киргизүү жөнүндө Улуттук банкка милдеттүү түрдө маалыматтоо жөнүндө талаптар киргизилген; 

- төлөм уюмдары үчүн Кыргыз Республикасыныны мыйзамдарынын талаптарына ылайык нак акча каражаттарын кабыл алуу, сактоо, берүү/которуу (инкассациялоо) боюнча талаптар киргизилген; 

- автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалына талаптар бекитилген;  

- Кыргыз Республикасынын аймагында процессинг өткөрүү жана бардык операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышы жөнүндө талаптарды камтыган, жана Улуттук банктын лицензиясын алган күндөн тартып каалаган убакыттагы каалаган транзакция тууралуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн минималдык талаптар кошулган. 

Жобонун долбоорун кабыл алгандан кийинки божомолдонгон укуктук жана социалдык-экономикалык натыйжалар: 

- банктык жана төлөм кызматтарынын керектөөчүлөрүнүн укугун корголушунун камсыз кылуу; 

- регулятор тараптан төлөм системаларынынын үстүнөн мониторинг жана көзөмөл жүргүзүү

Жобонун долбоору укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерди чектөөчү ченемдерди камтыбайт, анткени Жобонун долбоорунун сунушталып жаткан ченемдердин киргизилиши Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын оптимизациялоо жана келишкендике алып келүү, жана Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын ишин үзгүлтүксүз, эффективдүү жана коопсуз кылуу максатында төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун иши тартипке салынат. 

Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, жалпысынан республиканын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте макулдашылган эл аралык мыйзамдарынын ченемдерине каршы чыкпайт. 

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкө бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» Жободо:  

- 1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын

- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«2. Берилген “Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө жободо” (мындан ары - Жобо) кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясына ээ төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар белгиленген:  

- өз иш натыйжаcы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана жүргүзүү;  

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.»; 

- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«3. Жобонун талаптары Улуттук банк алардын оператору катары иш алып барган төлөм системаларына жана төлөмдөр менен эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды өз түзүмүндө кабыл алуу, иштеп чыгуу жана өткөрүүнү (процессинг жана клиринг) ишке ашырган ички чарбалык субъекттер системасына таркатылбайт.»; 

- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын жана Пакеттик клиринг системасынын оператору болуп саналат.» 

- 5-пунктта «төлөм системасынын коопсуздугу», сөздөрүнөн кийин «Кыргыз Республикасы» сөздөрү менен толукталсын; 

- төмөнкү мазмундагы 5-1 пункту менен толукталсын

«5-1. Төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын финансылык-каржылык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит мекемелери, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо саясаты жана негизги принциптерине ылайык ишке ашырылат.»; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«Бул Жободо терминдер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарындагы аныктамаларга ылайык колдонулат. 

Бул жобонун алкагында төмөнкү атоолор жана аныктамалар пайдаланылган:  

Автоматташтырылган система бул персоналдан, анын ишин автоматташтыруу боюнча каражаттардын аппараттык-программалык комплексинен, белгиленген функцияларды аткарууда маалымат технологияларын ишке ашырган ыкмалардан жана иш-чаралардан турган система. 

Автоматизированная система это система, состоящая из персонала, аппаратно-программного комплекса средств автоматизации его деятельности, методов и мероприятий, реализующих информационную технологию выполнения установленных функций. 

Авторизация  белгилүү бир объектке/субъектке системада аткарылып жаткан ролго ылайык кайсы бир аракеттерди аткарууга укук берүү процесси.  

Аутентификация  ал тарабынан сунушталган идентификатордун объектке/субъектке таандыгын текшерүү же аныктыгын тастыктоо. 

Аффилирленген жактар  бул:  

юридикалык жактын маанилүү катышуучулары;  

юридикалык жактар, эгер алардын ичинде бир эле юридикалык жак маанилүү катышуучу болуп эсептелсе.  

Кызмат адамдары  коллегиялык аткаруучу органдын мүчөлөрү  Башкарманын мүчөлөрү, башкы директор/техникалык директор/директор (техникалык иштөөсүнө жооп берген жетекчи), башкы директордун/техникалык директордун/директордун орун басары, башкы бухгалтер/бухгалтер, түзүүчүлөр/катышуучулар/акционерлер, жана акысыз негизде иштегендигине же сый акы алгандыгына карабастан, лицензиаттын саясатын аныктаган башка адамдар;     

Идентификация  бул идентификатордун объекттерине/субъекттерине (кайталангыс атты) ыйгарып берүү же объектин/субъектин идентификаторун ыйгарып берилген идентификатордун тизмеси менен салыштыруу процесси. 

Маалымат системасы  коюлган максаттарга жетүү кызыкчылыгында маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана аны берүү үчүн колдонулган каражаттардын, ыкмалардын жана персоналдардын өз ара байланыштуу жыйындысы. Маалымат системасы маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана аны берүү боюнча автоматташтырылган жана автоматташтырылбаган процесстерди камтыйт. 

Клиринг төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара талаптарын эсептөө процесси. Операциялык тобокелдик - бул, тышкы таасирлерден, персоналдын кетирген каталарынан жана алдамчылыкка жол берүүдөн улам операцияларда үзгүлтүккө учуроонун, ошондой эле процесстердин, жол-жоболордун же контролдоо системасынын шайкеш эмистиги же бузулушу кесепетинен уюм дуушар болушу ыктымал болгон тике же кыйыр чыгымдар тобокелдиги.  

Юридикалык жак менен байланышкан жактар:  

1) юридикалык жактын кызмат адамдары же алардын жакын туугандары;   

2) түз же бир жагынан юридикалык жактын капиталында маанилүү катышуусу бар болгон же/жана контролдоону иш жүзүнө ашырган жактар;   

3) юридикалык жактын жана анын кызмат адамдарынын маанилүүкатышуусу бар болгон же/жана контролдоону иш жүзүнө ашырган юридикалык жактар;    

4) ушул терминдин 2 жана 3 пункттарында аталган юридикалык жактардын аткаруучу органдын мүчөлөрү, жана алардын жакын туугандары;    

5) жеке адамдар - ушул терминдин 2 пунктунда аталган жакын туугандар;   

6) юридикалык жактар, эгер ушул терминдин 2 пунктунда аталган жактар маанилүү катышуусу бар болгон же/жана контролдоону иш жүзүнө ашырган болсо. 

Системалык тобокелдик - бул, төлөм системасынын катышуучуларынын биринин төлөмдөр боюнча өз милдеттенмесин аткарууга жөндөмсүздүгү, төлөм системасынын башка катышуучулары үчүн төлөө мөөнөтү келип жеткен шартта төлөм боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайдын түптөлүшү тобокелдиги. Милдеттенмелердин ушундан улам аткарылбай калышы кесепети бүтүндөй төлөм системасына, финансы рынокторуна таасир этип, төлөм жана финансы системаларынын туруктуулугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.»; 

- 8-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын.

- 9-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын.

- 3-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3-Глава. Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине карата негизги талаптар»; 

- 3-Главанын аталышынан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«§1. Төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата талаптар»; 

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«10. Төлөм системасынын оператору өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банк тарабынан берилген лицензияга ылайык ишке ашырат.»; 

- 11-пунктта «оператор» деген сөздөн кийин «төлөм системасы» сөздөрү менен толукталсын, «финансылык-кредиттик мекемелер» сөздөрү «финансылык-кредиттик уюмдар» сөздөрүнө алмашылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 12-1 пункту менен толукталсын

«12-1. Жаңы сервис/продукт/кызмат киргизүү этабында, процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштоо жана/же болбосо системаны жакшыртуу жагында ишин баштаган/токтоткон төлөм системасынын оператору, бул иштин анык башталаарына же токтотулгандыгына чейинки кеминде бир ай ичинде, иштелип чыккан сервис/продукт/кызматты баяндоосун жана/же болбосо системага киргизилүүчү болжолдуу өгөртүүлөрдү/толуктоолордун деталдуу маалыматын кошо тиркөө менен тууралуу ниетин Улуттук банкка билдиришет.»; 

- 13-пунктта «системалар жана келишимдер» сөздөрүн «төлөм системасынын иштөөсүн жана түзүлгөн келишимдер» сөздөрүнө алмашылсын; 

- 14-пунктта: 

«,улам жаңыртылып турушу керек» сөздөрү алынып салынсын; 

пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын

«Берилген эрежелер жана жол-жоболор улам каралып жана жаңыртылып турууга тийиш.»; 

- 15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«15. Төлөм системасынын оператору өзүнүн төлөм системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу, төлөмдөрдүн өз учурунда иштелип чыгышы, системада маалыматтардын толуктугун, коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. Төлөм системасынын оператору сапаттуу төлөм кызмат көрсөтүүсүн сунуштай албагандыгы же сапатсыз кызмат көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.»; 

- 17-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«17. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- колдонуудагы эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарынын сакталышына контролдук жүргүзүү, жана алардын берилген Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын талаптарына ылайык келтирүү;  

- төлөм системасынын башка катышуучуларынын төлөмдөрүн өткөрүү үчүн техникалык жана программалык каражаттарды сунуштоо;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын реестрин жүргүзүү;  

- төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү жана аларды тескөө

- маалымат иштеп чыгуу каражаттарынан коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу; 

- жагдайларды башкарууга бирдиктүү мамиле кылууну камсыздоо жана жагдайлардын реестрин жүргүзүү.»;

- төмөнкү мазмундагы 18-1 пункту менен толукталсын

«18-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды сактаган учурларда Төлөм системасынын оператору кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүп чыгаруу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайта өзгөртүү формасында) түзүлүшү мүмкүн.»; 

- төмөнкү мазмундагы 19-1 пункту менен толукталсын

«19-1. Төлөм системасынын оператору лицензия алган учурдан тартып Улуттук банкка бир жылда бир жолу бекитилген жана колдонуудагы тарифтер жөнүндө маалымат бериши керек. Төлөм системасынын оператору колдонуудагы тарифтерге өзгөртүү киргизүү тууралуу кеминде 15 күн мурда Улуттук банкка маалымдоо зарыл.»; 

- 4-главанын аталышы күчүн жоготкон катары таанылсын

- 20-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын

- 21-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«21 Төлөм системасынын оператору төмөнкү милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болгон персоналга (штаттык кызматтар) ээ болууга тийиш:  

- контролдук системасынын шайкештигине баа берүү - башкаруу түйүндөрүнө текшерүүнү ишке ашыруу, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча негиздүү сунуштарды жана иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү;  

- коопсуздукту камсыздоого баа берүү маалымат коопсуздук деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кара ниет колдонуучулардын, авариялык токтотуудан жана персоналдын каталарынын аракеттерин натыйжасында пайда болуучу жоготууларды минимизациялоо; 

- иш натыйжалуулугуна баа берүү - уюмдун бардык иш багытына эксперттик баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында негиздүү сунуштарды берүү;  

- мыйзам талаптарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин текшерүү;  

- чечим кабыл алууда колдонулган финансылык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, алардын толуктугун жана өз учурунда берилишин, ошондой эле финансылык жана регулятивдик отчетторунун түзүлүшүн камсыз кылуу;  

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо, зарылчылык келип чыккан учурда атайын аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнү демилгелөө;  

- финансылык отчеттуулуктук эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүн жана финансылык отчеттун түзүлүшүн камсыз кылуу.»; 

- төмөнкү мазмундагы 21-1 жана 21-2 пунктулары менен толукталсын

«21-1. Автоматташтырылган системаны администрлөө иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын милдеттенмелерин жана алардын жоопкерчиликтерин көрсөтүү менен түзүлгөн келишим болгон учурда, төлөм системасынын операторунун штаттык персоналы менен жүзөгө ашырылууга тийиш. 

21-2. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персонал төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- ички эрежелер жана жол-жоболор жөнгө салынган финансылык маалымат менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу нормалары жана талаптар менен таанышууга; 

- автоматташтырылган системадан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүнүн программалык-техникалык каражаттарын тескөө жана ички документтерге ылайык финансылык маалыматты иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон квалификацияга ээ болууга; 

- финансылык маалымат менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн персоналдык жоопкерчиликти тартат.»; 

- 22-пунктта «төлөм карттары менен эсептешүү системалары» сөздөрү «төлөм системасы» сөздөрүнө алмашылсын; 

- 23-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«23. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

- маалыматты үзгүлтүксүз алмашууну жана иштеп чыгууну; 

- маалыматтарды байланыш каналдары аркылуу процессинг борборуна өткөрүүдө жана маалыматтарды түзүлгөн жерге кайра жөнөтүүдө алардын толуктугун жана аныктыгын; 

- төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган система менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ техникалык персоналын идентификациялоого, авторизациялоого жана аутентификациялоого; 

- маалыматтардын сакталышын, бүтүндүгүн жана купуялуулугун сактоого; 

- автоматташтырылган системада үзгүлтүк орун алган учурда, штаттан тышкаркы жагдайларда же маалыматтардан санкциясыз пайдаланууда маалыматтарды жана жабдууларды коргоого алууга; 

- процессинг борборуна туташкан объекттердин, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын жана процессинг борборунун персоналын кошо алганда, системанын маалымат ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү сеанстарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо.»; 

- 24-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«24. Эгерде төлөм системасынын операторунун программалык камсыздоосу өз алдынча же башка уюм тарабынан иштелип чыкса, анда ал төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- программалык камсыздоо иштеп чыккан уюм менен түзүлгөн келишим; 

- кылдат иштелип чыккан техникалык тапшырма жана талаптар; 

- программалык камсыздоонун чыгыш кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматкерлердин тизмеги; 

- программалык камсыздоодон пайдалануучулар үчүн колдонмо же кошо тиркелүүчү документтер; 

- сынактан өткөрүү программасы жана методикасы; 

- ишке киргизүү актысы жана тажрыйбалык эксплуатацияны сыноодон өткөрүү журналы; 

өндүрүштүк эксплуатацияга киргизүү актысы; 

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм жана төлөм системасынын оператору тарабынан кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы.»; 

- 25-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын

- 5-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«§2. Төлөм системасынын операторунун эрежелерине коюлган талаптар»; 

- 26-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«26. Төлөм системасынын операторунун системасынын иштөө эрежелеринде жана жол-жоболорунда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- төлөм системасынын архитектурасы жана анын иштөө схемасынын баяндоосу; 

- коопсуз жана ишенимдүү байланыш каналдарын берүү

- төлөм системага кирүү жана андан чыгуу жол-жобосу; 

- катышуучуну төлөм системага туташтыруу тартиби; 

- процессингди жүргүзүү тартиби; 

- клирингди жүргүзүү тартиби; 

- процессингди жана клирингди жүргүзүү учурунда коопсуздукту сактоо тартиби жана анын талаптары (эгерде мындай кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилсе); 

- төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм системасынын операторуна өз иши жөнүндө маалыматтарды сунуштоо тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулуп жаткан моделди, иш-чаралар тизмегин жана тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында орун алган тобокелдиктерди тескөө системасы; 

- маалыматты коргоо талаптары; 

- катышуучулардын жана кардарлардын талаш маселелерин, даттанууларын чечүү тартиби; 

- төлөм системасында штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда катышуучулардын иш алып баруу тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларына билдирүү тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги; 

- тарифтер жана тарифтик саясат; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар. 

Зарылчылыкка жараша төлөм системасынын катышуучуларына сандык жана сапаттык критерийлер берилиши мүмкүн.»; 

- 27-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«27. Төлөм системасынын операторунун эрежелеринде жана жол-жоболорунда ушул жобонун 26-пунктунда келтирилген талаптардан тышкары төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- катышуучуну төлөм системага каттоо жана багыттоо; 

- карт ээсин таанууда (персонализация) коопсуздукту сактоо тартиби жана анын талаптары (эгерде мындай кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилсе); 

- карттын процессингин жана клирингин жүргүзүүдө коопсуздук тартиби жана анын талаптары (эгерде мындай кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилсе); 

- эмитенттин эмиссияны жүзөгө ашырууга карата тартиби жана анын талаптары; 

- эквайердин карттын эквайрингин жүзөгө ашырууга карата тартиби жана анын талаптары; 

- системада төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби; 

- доо коюлган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу тартиби; 

- банктар аралык комиссиялык төлөмдөр, тейлөө үчүн төлөмдөр жана башка комиссиялык төлөмдөр.»; 

- 28-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын

- 6-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«§3. Төлөм уюмунун ишине карата талаптар»; 

- 29-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«29. Төлөм уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банк тарабынан берилген лицензияга ылайык жүзөгө ашырууга тийиш.»; 

- төмөнкү мазмундагы 29-1 жана 29-2 пунктулары менен толукталсын

«29-1. Төлөм уюму, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелери жана жол-жоболору болушу керек. 

29-2. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контролдуктун эрежелерин сактоо жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу атайы кызмат адамын дайындоого тийиш.»; 

- 30-пунктта «финансылык-кредиттик мекемелер» сөздөрү «финансылык-кредиттик уюмдар» сөздөрүнө алмашылсын; 

- 31-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«31. Төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн ишмердүүлүктү, ошондой эле ишине байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү жана тиешелүү операцияларды аткара алат.»; 

- төмөнкү мазмундагы 31-1 пункту менен толукталсын

«31-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды сактаган учурларда төлөм уюму кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүп чыгаруу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайта өзгөртүү формасында) түзүлүшү мүмкүн.»; 

- 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«32. Төлөм уюмдарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын, ошондой эле келишимдик мамилелеринде алдын ала төлөө ишкердигине байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу максатында, төлөм уюмдары коммерциялык банктагы эсептерге акча каражаттарын депондоштурууга же товар/кызмат сунуштоочунун пайдасына кайтарылып алынгыс банктык гарантияны берүүгө тийиш.»; 

- төмөнкү мазмундагы 33-1 жана 33-2 пунктулары менен толукталсын

«33-1. Товар/кызмат сунуштоочу боюнча келишимдик мамилелер төлөм уюмунан алдын ала төлөө, камсыздоо депозит же болбосо банктык гарантия каралбаган учурларда, депондоштурулган сумманын, баалуу кагаздын, банктык гарантиянын өлчөмү төлөм уюмунун акыркы чейректин бир күндүк орточо жүгүртүүнүн 10 пайызын түзүүсү керек. 

33-2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм уюму акча каражаттарын (инкассациялоо) кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/ которуу боюнча талаптарды аткаруусу зарыл.»; 

- 35-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«35. Төлөм уюму анын тескөөсүндө турган жеке маалыматтардын, финансылык маалыматты жана милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон башка маалыматтардын купуялуулугун, корголушун камсыздоого милдеттүү  жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүүгө милдеттүү.»; 

- 36-пунктта «аппараттык-программалык комплекс» сөздөрүн «автоматташтырылган системасы» сөздөрүнө алмашылсын; 

- 38-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«38. Төлөм уюму Улуттук банктын лицензиясын алган учурдан тартып, суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып 1 (бир) иш күндөн ашык эмес убакытта каалаган убакыт аралыгындагы бардык транзакциялар тууралуу маалыматты берүү мүмкүнчүлүгүн камтыган бардык операциялар тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында сакталышын камсыздоо керек»; 

- 39-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«39. Төлөм уюму алты айда кеминде бир жолу протокол түзүү менен автоматташтырылган системаны ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык келүүсүнө текшерүү жүргүзүүгө тийиш. Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол менен тариздетилиши керек.»; 

- 40-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын

- 7-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«§4. Агенттерге коюлган талаптар»; 

- 43-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«43. Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн башка жактар менен агенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана агенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган базасы болууга тийиш: 

1) эгер юридикалык жак болсо уюмдун аталышы, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү  

тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, уюштуруу документтери, айкын жайгашкан дареги, байланыш телефондору, терминалдар орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси;  

2) жеке ишкер болсо ишкердин паспортунун көчүрмөсү, жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү, колдонуудагы патент, ишкердик ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (эгер иши лицензияланса), терминалдар орнотулган даректердин тизмеси жана ишин жүзөгө ашырган айкын жери.»; 

- төмөнкү мазмундагы 43-1 пункту менен толукталсын

«43-1. Төлөм уюмуна кеминде төмөнкү көрсөткүчтөргө ээ агент менен келишимдик мамилелерде ээ болууга тыюу салынат: 

- төлөм уюмунун акча каражаттарынын ар айлык жүгүртүүсүнүн 30% жана андан көбүнө ээ, бирок кеминде 1 миллион сом; 

- төлөм уюмунун агенттик жана/же терминал түйүнүнүн ар айлык санынын 30% жана андан көп;  

- төлөм уюмунун кассалык операциялар көлөмүнүн 30% жана андан көп. 

Бул көрсөткүчтөр болгон шартта агент лицензия алып, ушул жобонун талаптарына ылайык төлөм уюму катары ишин өз алдынча жүзөгө ашырууга тийиш.»; 

- 44-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«44. Төлөм уюму агенттерди алар тарабынан аткарылуучу милдеттердин алкагында системадан пайдалануу принциптерин окутуу үчүн документтерге ээ болууга тийиш. Келишим түзгөн учурда колдо болгон жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү өткөрүү жана агенттин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө талапты кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары менен тааныштыруу зарыл.»; 

- 45-пунктта «же болбосо агент» сөздөрүнөн кийин «анын төлөм кабыл алуу пунктуларын кошуп» сөздөрү менен толукталсын; 

- төмөнкү мазмундагы 45-1 пункту менен толукталсын

«45-1. Төлөм уюму агент, анын төлөм кабыл алуу пунктуларын кошуп, ушул берилген Жобонун талаптарынын аткарылышы үчүн толук жооптуу болот.»; 

- 8-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«4. Тобокелдиктерди тескөө»; 

- төмөнкү мазмундагы 46-1 пункту менен толукталсын

«46-1. Төлөм системасынын оператору төлөм системасында орун алган тобокелдиктер үчүн он-лайн мониторингди жүргүзүүгө тийиш.»;  

- 47-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«47. Төлөм системасынын катышуучулары өз милдетин аткарууга тоскоолдук жараткан система тобокелдиги аныкталган шартта төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө электрондук билдирүү же телефон чалуу аркылуу маалымдоого; 

- тобокелдиктерге дуушар болушу ыктымал болгон тарапка же тараптарга билдирүүгө

- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана төлөм системасынын катышуучулары алдында өз финансылык милдеттенмелерди аткаруу боюнча чараларды көрүүгө

- төлөм системасынын иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;  

- башка катышуучуларга өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого.»; 

- 9-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«5. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен өз ара иш алып барууда төлөм уюмуна карата талаптар»

- 65-пунктта «сунуштоочулар менен» деген сөздөн кийин «товарлар/» сөзү менен толукталсын; 

- төмөнкү мазмундагы 65-1 пункту менен толукталсын

«65-1. Төлөм уюму сунуштоочулар боюнча актуалдуу базага ээ болууга тийиш. Төлөм уюму  

менен сунуштоочунун ортосундагы агенттик келишим тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен кеминде төмөнкү маалыматты камтууга тийиш: 

- юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү

- юридикалык, айкын дареги жана байланыш маалыматтары; 

- сунуштоочу тарабынан сунушталган товарлардын аталышы же кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү;  

- кардарга товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган/сунуштабаган шартта тараптардын жоопкерчилиги; 

- келишимдин колдонуу мөөнөтү

- тараптардын банктык реквизиттери; 

төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялык төлөмдөр, сый акылар жана башкалар).»; 

- 66-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«66. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алууда чарба иштерине каралган каражаттарды сактоо жана пайдалануу, ошондой эле товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн коммерциялык банктагы өзүнчө банктык эсепти пайдаланууга милдеттүү»; 

- 10-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«6. Отчетту жана башка маалыматтарды сунуштоо »; 

- 68-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«68. Төлөм системасынын операторлору/төлөм уюму уставдык капитал өлчөмү, коллегиалдык аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар, аффилирленген жактар, акча каражаттарынын келип чыгуу булактары, айкын жана юридикалык даректери тууралуу маалыматтарды, алардын өзгөртүлүшүнө жараша, өзгөртүүлөр жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 5 (беш) жумуш күн ичинде тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен сунуштоого милдеттүү.»; 

- 69-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«69. Төлөм уюму финансылык абалы тууралуу маалыматтарды Финанасылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык отчеттун формасы боюнча Улуттук банкка чейрек сайын сунуштар турууга милдеттүү. Отчет төлөм уюму тарабынан отчеттук чейректен кийинки айдын 25 (жыйырма бешинчи) күнүнөн кечиктирбестен сунушталат. Отчет көрсөтүлгөн мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерленген версиясы) берилиши мүмкүн, кагаз түрүндөгү версиясы кийинчерээк жөнөтүлөт.»; 

- 70 жана 71-пунктуларда «оператор» деген сөзгө чейин «төлөм системасынын» сөздөрү менен толукталсын; 

- 73-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«73. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтарды келишим түзүлгөн учурдан тартып эки жумадан кечиктирбестен Улуттук банкка маалымдоого тийиш.» 

- пункт 75 төмөнкү редакцияда берилсин

«75. Ушул жобонун талаптары төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмунун тарабынан аткарылбагандыгы же талапка ылайыксыз аткарылбагандыгы үчүн Улуттук банк "Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" Жобого ылайык төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна карата таасир этүү чараларын колдонууга милдеттүү».»; 

- 76 жана 77-пунктулар төмөнкү редакцияда берилсин

«76. Улуттук банк жыл сайын Кыргыз Республикасынын төлөм системасын мониторинг кылуу негизинде Кыргыз Республикасындагы төлөм системаларды системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларын аныктайт жана жарыялайт. 

Төлөм системасынын операторлорунун системалары, системалуу мааниге ээ жана маанилүү катары аныкталган жана ошондой эле маанилүү кызматтарды көрсөтүүлөр провайдерлер деп аныкталган учурда милдетүү түрдө 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык жана информациялык системасын аудит жүргүзүүгө тийиш.  

Төлөм системасы маанилүүлүк критерийлерге туура келбеген төлөм системасынын операторлору милдетүү түрдө 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык жана информациялык системасын аудит жүргүзүүгө тийиш  

Төлөм уюмдары милдетүү түрдө 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жүргүзүүгө тийиш 

Көз карандысыз финансылык аудити жана/же болбосо информациялык системасын аудити боюнча аудитордук корутундунун көчүрмөсү Улуттук банкка ага кол коюлган учурдан тартып 1 (бир) айдан кечиктирбестен сунушталууга тийиш. Төлөм системасынын операторуна аудит эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- колдонуудагы саясатка жана жол-жоболорго баа берүүлөрдү

- төлөм системасынын коопсуздугуна баа берүүлөрдү

- тобокелдиктерди тескөө саясатына баа берүүлөрдү

77. Оператор платежной системы расчетов с использованием международных платежных карт должен проводить аудит информационных систем 1 (один) раз в 3 (три) года с привлечением аудиторов, сертифицированных по международным программам сертификации. Копия аналитического отчета по результатам аудита информационных систем должен быть предоставлен в Национальный банк не позднее 1 (одного) месяца с момента его подписания.»; 

- төмөнкү мазмундагы 7 жана 8 главалар менен толукталсын: 

 

«7-Глава. Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалына (Сash-in) карата талаптар 

 

79. Өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалы: 

- сунуштоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн түзүлүштү 

пайдалануу боюнча кыскача нускоо/малымат менен төлөөчүнүн таанышуусуна өбөлгө түзүүгө тийиш; 

- төлөм уюумунун бирдиктүү аппараттык-программалык комплекси менен түздөн-түз  

туташкан болууга, анын жайгашуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына жооп берүүгө тийиш; 

- кардар товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөгөнө чейин комиссиялар/тарифтер  

боюнча мааалымат берүүгө

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды  

тастыктоо катары чек берүү түзүлүшү менен жабдылууга тийиш. 

80. Төлөм уюму жана анын агенти өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалын жайгаштыруу үчүн аны ошол жерге орноштурууга укукту тастыктаган бардык зарыл документтерге ээ болуусу зарыл. 

81. Төлөм уюму жана анын агенти өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалы боюнча ишти колдоо жана профилактикалык техникалык иштерди жүргүзүү үчүн жооптуу адамды дайындоого тийиш. 

 

8-Глава. Процессинг борборуна карата минималдуу талаптар 

 

82. Төлөм системасынын оператору, төлөм системасынын катышуучулары тарабынан маалыматты алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана аны сунуштоо процессине тартылган төлөм системасынын бардык чөйрөлөрүндө маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бүт чараларды колдонууга тийиш. 

83. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда автоматташтырылган система аркылуу өткөрүлгөн маалыматтарга шифр белгиленишин камсыз кылууга тийиш.  

84. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттү түрдө сактоого тиешелүү жеке жана башка маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

85. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш.  

- анын тескөөсүндө турган финансылык маалыматтын сакталышын жана анын купуялуулугун камсыз кылуу жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүү

- системанын ишине орун алышы мүмкүн болгон көйгөлөрдү (калпыстыктарды) тескөө боюнча программаны иштеп чыгуу жана аны зыян келтирүүчү программалык камсыздоодон сактоо, вируска каршы программалык камсыздоону дайыма жаңыртып туруу;  

- төлөм системасынын коопсуздугун иштеп чыгуу жана аны колдоо; 

- автоматташтырылган системанын деңгээлинде бардык операциялар үчүн системалуу билдирүүлөрдүн (лог) жана анын тиркемелеринин журналын жүргүзүү (системадан /га кирүү/чыгуу, маалыматтардын өзгөрүүсү ж.б.) 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык финансылык маалыматты иштеп чыгуу боюнча маалыматтар архивин сактоо жана аны жүргүзүү

- 6 (алты) ай ичинде кеминде 1 (бир) жолу төлөм системасынын ички эрежелеринин жана жол-жоболорунун талаптарына, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келишине автоматташтырылган системанын коопсуздугуна текшерүү жүргүзүү. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча протокол түзүлүп, ага катышуулар кол коюуга тийиш.  

86. Төлөм системасынын операторунун тейлөө жайы төмөнкү негизги талаптарга дал келүүгө тийиш: 

- обочо турушу (имараттын ичинде башка бөлүмдөн өзүнчө, терезеси жок, аймакта жайгаштырылууга тийиш); 

- бекем жабылган кулпулардын болушу; 

- коргоо-өрт коопсуздугу боюнча белги берүү каражаттарынын болушу же болбосо күнүүнү коргоого алуу же байкоо жүргүзүү каражаттарынын болушу, мында, чоочун адамдардын жайга санкциясыз киришине жол берилбейт жана жайда турган ресурстардын сактоого алынышын камсыз кылат; 

- функционалдык милдеттерге ылайык персоналдын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө

- тейлөө жайына кирүүнү эсепке алуу журналынын же контролдоо системасынын жана кирүү мүмкүнчүлүгүн тескөө системасынын болушу.  

87. Төлөм системасынын оператору кайсыл болбосун мезгил ичиндеги кандай болбосун транзакция тууралуу маалыматты Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып талап келип түшкөн учурдан тартып 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө айкын убакыт ыргагында жана/же талап боюнча алуу мүмкүнчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган бардык операциялар тууралуу маалыматтын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

88. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү (жетекчиликтин деңгээлинде) боюнча ички контролдуктун эрежелерин сактоо жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу атайы кызмат адамын дайындоого тийиш. 

89. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш. 

90. Төлөмдөрдүн процессинги жана клиринги Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылышы зарыл. 

91. Процессинг борбору ушул жободо белгиленген минималдуу талаптарга дал келүүгө тийиш. 

92. Төлөм системасынын оператору автоматташтырылган система тарабынан колдонулган иш жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн техникалык регламентке ээ болууга тийиш. 

93. Төлөм системасынын оператору тарабынан колдонулган программалык камсыздоо программанын мүнөздөмөсүн, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, системанын паспортуна, ошондой эле төлөм системасын эксплуатациялоо үчүн коштомо документтерге ээ болууга тийиш.  

94. Транзакцияларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- эл аралык төлөм карттарын колдонуу менен PCI DSS сертификациясына ээ болуп, жыл сайын ага ылайык келишин тастыктап турууга; 

- улуттук же локалдык системалардын төлөм карттарын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарына ылайык келүүгө тийиш.». 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы “Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” № 19/10 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча 

Салыштырма таблицасы 

  

Колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакциясы 

1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.  

Күчүн жоготкон катары таанылсын. 

2. Жободо кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясына ээ төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар белгиленген:  

- өз иш натыйжаcы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана жүргүзүү;  

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.  

2. Берилген “Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө жободо” (мындан ары - Жобо) кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясына ээ төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар белгиленген:  

- өз иш натыйжаcы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана жүргүзүү;  

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.  

3. Жобонун талаптары Улуттук банк алардын оператору катары иш алып барган төлөм системаларына жана финансылык маалыматтарды өз түзүмүндө иштеп чыгууну ишке ашырган ички чарбалык субъекттер системасына таркатылбайт.  

3. Жобонун талаптары Улуттук банк алардын оператору катары иш алып барган төлөм системаларына жана төлөмдөр менен эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды өз түзүмүндө кабыл алуу, иштеп чыгуу жана өткөрүүнү (процессинг жана клиринг) ишке ашырган ички чарбалык субъекттер системасына таркатылбайт.  

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык системалуу мааниге ээ төлөм системасынын (Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жана Пакеттик клиринг системасы) оператору болуп саналат.  

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын жана Пакеттик клиринг системасынын оператору болуп саналат.  

5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын туруктуу, ишенимдүү жана коопсуз ишин камсыздоо үчүн төлөм системаларынын, алардын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салат жана ага көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.  

5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын туруктуу, ишенимдүү жана коопсуз ишин камсыздоо үчүн төлөм системаларынын, алардын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салат жана ага көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.  

5-1. Төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын финансылык-каржылык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит мекемелери, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо саясаты жана негизги принциптерине ылайык ишке ашырылат.  

7. Төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын оператору - бул, карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалыматтарды эсептешүүлөргө катышуучулар үчүн топтоо, иштеп чыгуу жана жөнөтүү, ошондой эле карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимде каралган башка милдеттерди аткаруу (транзакциялар процессинги) үчүн каралган аппараттык-программалык комплекстин оператору. 

7. Бул Жободо терминдер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарындагы аныктамаларга ылайык колдонулат. 

Бул жобонун алкагында төмөнкү атоолор жана аныктамалар пайдаланылган:  

Автоматташтырылган система бул персоналдан, анын ишин автоматташтыруу боюнча каражаттардын аппараттык-программалык комплексинен, белгиленген функцияларды аткарууда маалымат технологияларын ишке ашырган ыкмалардан жана иш-чаралардан турган система. 

Автоматизированная система это система, состоящая из персонала, аппаратно-программного комплекса средств автоматизации его деятельности, методов и мероприятий, реализующих информационную технологию выполнения установленных функций. 

Авторизация  белгилүү бир объектке/субъектке системада аткарылып жаткан ролго ылайык кайсы бир аракеттерди аткарууга укук берүү процесси.  

Аутентификация  ал тарабынан сунушталган идентификатордун объектке/субъектке таандыгын текшерүү же аныктыгын тастыктоо. 

Аффилирленген жактар  бул:  

юридикалык жактын маанилүү катышуучулары;  

юридикалык жактар, эгер алардын ичинде бир эле юридикалык жак маанилүү катышуучу болуп эсептелсе.  

Кызмат адамдары  коллегиялык аткаруучу органдын мүчөлөрү  Башкарманын мүчөлөрү, башкы директор/техникалык директор/директор (техникалык иштөөсүнө жооп берген жетекчи), башкы директордун/техникалык директордун/директордун орун басары, башкы бухгалтер/бухгалтер, түзүүчүлөр/катышуучулар/акционерлер, жана акысыз негизде иштегендигине же сый акы алгандыгына карабастан, лицензиаттын саясатын аныктаган башка адамдар;     

Идентификация  бул идентификатордун объекттерине/субъекттерине (кайталангыс атты) ыйгарып берүү же объектин/субъектин идентификаторун ыйгарып берилген идентификатордун тизмеси менен салыштыруу процесси. 

Маалымат системасы  коюлган максаттарга жетүү кызыкчылыгында маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана аны берүү үчүн колдонулган каражаттардын, ыкмалардын жана персоналдардын өз ара байланыштуу жыйындысы. Маалымат системасы маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана аны берүү боюнча автоматташтырылган жана автоматташтырылбаган процесстерди камтыйт. 

Клиринг төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара талаптарын эсептөө процесси. Операциялык тобокелдик - бул, тышкы таасирлерден, персоналдын кетирген каталарынан жана алдамчылыкка жол берүүдөн улам операцияларда үзгүлтүккө учуроонун, ошондой эле процесстердин, жол-жоболордун же контролдоо системасынын шайкеш эмистиги же бузулушу кесепетинен уюм дуушар болушу ыктымал болгон тике же кыйыр чыгымдар тобокелдиги.  

Юридикалык жак менен байланышкан жактар:  

1) юридикалык жактын кызмат адамдары же алардын жакын туугандары;   

2) түз же бир жагынан юридикалык жактын капиталында маанилүү катышуусу бар болгон же/жана контролдоону иш жүзүнө ашырган жактар;   

3) юридикалык жактын жана анын кызмат адамдарынын маанилүүкатышуусу бар болгон же/жана контролдоону иш жүзүнө ашырган юридикалык жактар;    

4) ушул терминдин 2 жана 3 пункттарында аталган юридикалык жактардын аткаруучу органдын мүчөлөрү, жана алардын жакын туугандары;    

5) жеке адамдар - ушул терминдин 2 пунктунда аталган жакын туугандар;   

6) юридикалык жактар, эгер ушул терминдин 2 пунктунда аталган жактар маанилүү катышуусу бар болгон же/жана контролдоону иш жүзүнө ашырган болсо. 

Системалык тобокелдик - бул, төлөм системасынын катышуучуларынын биринин төлөмдөр боюнча өз милдеттенмесин аткарууга жөндөмсүздүгү, төлөм системасынын башка катышуучулары үчүн төлөө мөөнөтү келип жеткен шартта төлөм боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайдын түптөлүшү тобокелдиги. Милдеттенмелердин ушундан улам аткарылбай калышы кесепети бүтүндөй төлөм системасына, финансы рынокторуна таасир этип, төлөм жана финансы системаларынын туруктуулугуна коркунуч жаратышы мүмкүн. 

8. Системалык тобокелдик - бул, төлөм системасынын катышуучуларынын биринин төлөмдөр боюнча өз милдеттенмесин аткарууга жөндөмсүздүгү, төлөм системасынын башка катышуучулары үчүн төлөө мөөнөтү келип жеткен шартта төлөм боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайдын түптөлүшү тобокелдиги. Милдеттенмелердин ушундан улам аткарылбай калышы кесепети бүтүндөй төлөм системасына, финансы рынокторуна таасир этип, төлөм жана финансы системаларынын туруктуулугуна коркунуч жаратышы мүмкүн. 

Күчүн жоготкон катары таанылсын. 

9. Операциялык тобокелдик - бул, тышкы таасирлерден, персоналдын кетирген каталарынан жана алдамчылыкка жол берүүдөн улам операцияларда үзгүлтүккө учуроонун, ошондой эле процесстердин, жол-жоболордун же контролдоо системасынын шайкеш эмистиги же бузулушу кесепетинен уюм дуушар болушу ыктымал болгон тике же кыйыр чыгымдар тобокелдиги. 

Күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата негизги талаптар 

3-Глава. Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине карата негизги талаптар 

§1. Төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата талаптар 

10. Төлөм системасынын оператору өз ишин Улуттук банктын лицензиясына ылайык ишке ашырат. 

10. Төлөм системасынын оператору өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банк тарабынан берилген лицензияга ылайык ишке ашырат. 

11. Оператор тиешелүү лицензияга ээ болгон шартта өз ишин төлөм уюмунун же финансы-кредит мекемесинин иши менен айкалышта алып барууга, ошондой эле алардын ишин камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка зарыл операцияларды ишке ашырууга укуктуу. Төлөм системасынын операторунун ишин уюлдук байланыш операторунун иши менен айкалышта аткарууга тыюу салынат. 

11. Төлөм системасынын оператору тиешелүү лицензияга ээ болгон шартта өз ишин төлөм уюмунун же финансы-кредит уюмунун иши менен айкалышта алып барууга, ошондой эле алардын ишин камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка зарыл операцияларды ишке ашырууга укуктуу. Төлөм системасынын операторунун ишин уюлдук байланыш операторунун иши менен айкалышта аткарууга тыюу салынат. 

12-1. Жаңы сервис/продукт/кызмат киргизүү этабында, процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштоо жана/же болбосо системаны жакшыртуу жагында ишин баштаган/токтоткон төлөм системасынын оператору, бул иштин анык башталаарына же токтотулгандыгына чейинки кеминде бир ай ичинде, иштелип чыккан сервис/продукт/кызматты баяндоосун жана/же болбосо системага киргизилүүчү болжолдуу өгөртүүлөрдү/толуктоолордун деталдуу маалыматын кошо тиркөө менен тууралуу ниетин Улуттук банкка билдиришет.  

13. Төлөм системасынын оператору иштелип чыккан эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык төлөм системасынын ишин камсыз кылат. Катышуучулар менен өз ара мамилелер системанын эрежелеринде жана келишимдерде белгиленет.  

13. Төлөм системасынын оператору иштелип чыккан эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык төлөм системасынын ишин камсыз кылат. Катышуучулар менен өз ара мамилелер төлөм системасынын иштөө эрежелеринде жана түзүлгөн келишимдерде белгиленет.  

14. Системанын эрежелери жана жол-жоболору катышуучулар үчүн системага катышуудан улам, алар дуушар болушу мүмкүн болгон финансылык тобокелдиктерге анын таасир этүүсүнө тиешелүү так түшүнүктү камтып, катышуучу тараптардын юридикалык негизин жана алар аткарган ролду айкын түшүндүрүп, системада орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди тескөөнүн улам жаңыртылып турган убакыт аралыгын жана принциптерин камтууга тийиш.  

14. Системанын эрежелери жана жол-жоболору катышуучулар үчүн системага катышуудан улам, алар дуушар болушу мүмкүн болгон финансылык тобокелдиктерге анын таасир этүүсүнө тиешелүү так түшүнүктү камтып, катышуучу тараптардын юридикалык негизин жана алар аткарган ролду айкын түшүндүрүп, системада орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди тескөөнүн убакыт аралыгын жана принциптерин камтууга тийиш. Берилген эрежелер жана жол-жоболор улам каралып жана жаңыртылып турууга тийиш. 

15. Төлөм системасынын оператору системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу, төлөмдөрдүн өз учурунда иштелип чыгышы, системада маалыматтардын толуктугун, коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. Төлөм системасынын оператору сапаттуу төлөм кызмат көрсөтүүсүн сунуштай албагандыгы же сапатсыз кызмат көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.  

15. Төлөм системасынын оператору өзүнүн төлөм системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу, төлөмдөрдүн өз учурунда иштелип чыгышы, системада маалыматтардын толуктугун, коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. Төлөм системасынын оператору сапаттуу төлөм кызмат көрсөтүүсүн сунуштай албагандыгы же сапатсыз кызмат көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.  

17. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- колдонуудагы эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарынын сакталышына контролдук жүргүзүү;  

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын башка катышуучуларынын төлөмдөрүн өткөрүү үчүн техникалык жана программалык каражаттарды сунуштоо;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын реестрин жүргүзүү;  

- төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү жана аларды тескөө.  

 

17. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- колдонуудагы эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарынын сакталышына контролдук жүргүзүү, жана алардын берилген Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын талаптарына ылайык келтирүү;  

- төлөм системасынын башка катышуучуларынын төлөмдөрүн өткөрүү үчүн техникалык жана программалык каражаттарды сунуштоо;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын реестрин жүргүзүү;  

- төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү жана аларды тескөө

- маалымат иштеп чыгуу каражаттарынан коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу; 

- жагдайларды башкарууга бирдиктүү мамиле кылууну камсыздоо жана жагдайлардын реестрин жүргүзүү

-  

18-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды сактаган учурларда Төлөм системасынын оператору кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүп чыгаруу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайта өзгөртүү формасында) түзүлүшү мүмкүн.  

-  

19-1. Төлөм системасынын оператору лицензия алган учурдан тартып Улуттук банкка бир жылда бир жолу бекитилген жана колдонуудагы тарифтер жөнүндө маалымат бериши керек. Төлөм системасынын оператору колдонуудагы тарифтерге өзгөртүү киргизүү тууралуу кеминде 15 күн мурда Улуттук банкка маалымдоо зарыл. 

4. Төлөм карттары менен эсептешүү системасынын операторуна карата талаптар 

Күчүн жоготкон катары таанылсын. 

20. Төлөм системасынын операторуна карата ушул жободо келтирилген бардык талаптар төлөм карттары менен эсептешүү системасынын операторунун ишине да таркатылат. 

Күчүн жоготкон катары таанылсын. 

21. Төлөм карттары менен эсептешүү системасынын оператору өз штаттык тизиминде төмөнкү милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болгон персоналга ээ болууга тийиш:  

- контролдук системасынын шайкештигине баа берүү - башкаруу түйүндөрүнө текшерүүнү ишке ашыруу, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча негиздүү сунуштарды жана иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү;  

- иш натыйжалуулугуна баа берүү - уюмдун бардык иш багытына эксперттик баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында негиздүү сунуштарды берүү;  

- мыйзам талаптарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин текшерүү;  

- чечим кабыл алууда колдонулган финансылык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, алардын толуктугун жана өз учурунда берилишин, ошондой эле финансылык жана регулятивдик отчетторунун түзүлүшүн камсыз кылуу;  

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо, зарылчылык келип чыккан учурда атайын аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнү демилгелөө;  

- финансылык отчеттуулуктук эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүн жана финансылык отчеттун түзүлүшүн камсыз кылуу.  

21. Төлөм системасынын оператору төмөнкү милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болгон персоналга (штаттык кызматтар) ээ болууга тийиш:  

- контролдук системасынын шайкештигине баа берүү - башкаруу түйүндөрүнө текшерүүнү ишке ашыруу, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча негиздүү сунуштарды жана иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү;  

- коопсуздукту камсыздоого баа берүү маалымат коопсуздук деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кара ниет колдонуучулардын, авариялык токтотуудан жана персоналдын каталарынын аракеттерин натыйжасында пайда болуучу жоготууларды минимизациялоо; 

- иш натыйжалуулугуна баа берүү - уюмдун бардык иш багытына эксперттик баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында негиздүү сунуштарды берүү;  

- мыйзам талаптарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин текшерүү;  

- чечим кабыл алууда колдонулган финансылык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, алардын толуктугун жана өз учурунда берилишин, ошондой эле финансылык жана регулятивдик отчетторунун түзүлүшүн камсыз кылуу;  

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо, зарылчылык келип чыккан учурда атайын аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнү демилгелөө;  

- финансылык отчеттуулуктук эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүн жана финансылык отчеттун түзүлүшүн камсыз кылуу.  

21-1. Автоматташтырылган системаны администрлөө иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын милдеттенмелерин жана алардын жоопкерчиликтерин көрсөтүү менен түзүлгөн келишим болгон учурда, төлөм системасынын операторунун штаттык персоналы менен жүзөгө ашырылууга тийиш. 

21-2. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персонал төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- ички эрежелер жана жол-жоболор жөнгө салынган финансылык маалымат менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу нормалары жана талаптар менен таанышууга; 

- автоматташтырылган системадан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүнүн программалык-техникалык каражаттарын тескөө жана ички документтерге ылайык финансылык маалыматты иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон квалификацияга ээ болууга; 

- финансылык маалымат менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн персоналдык жоопкерчиликти тартат. 

22. Төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын оператору системанын өзөктүү компоненттерин негизги жана резервдик байланыш каналдары менен камсыз кылууга тийиш.  

22. Төлөм системасынын оператору системанын өзөктүү компоненттерин негизги жана резервдик байланыш каналдары менен камсыз кылууга тийиш.  

23. Төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси төмөнкүлөрдү камсыз кылышы зарыл:  

- маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашып туруу жана иштеп чыгуу;  

- маалыматтардын демилгеленген жерден процессинг борборуна чейин жана тескерисинче, байланыш каналдары аркылуу жөнөтүү учурунда алардын бүтүндүгүн жана аныктыгын;  

- процессинг борборунун аппараттык-программалык комплекси менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар персоналын идентификациялоо;  

- маалыматтардын купуялуулугун;  

- аппараттык-программалык комплекстин иши үзгүлтүккө учураган шартта, өзгөчө жагдайларда же маалыматтардан санкциясыз пайдалануу ыктымалдыгы орун алган шартта маалыматтарды жана жабдууларды коргоону;  

- процессинг борборуна туташкан объекттердин иш жөндөмдүүлүгүнө, кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр боюнча маалыматтарды жана процессинг борборунун персоналын кошо алганда, системанын маалымат ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү аралыгына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;  

23. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

- маалыматты үзгүлтүксүз алмашууну жана иштеп чыгууну; 

- маалыматтарды байланыш каналдары аркылуу процессинг борборуна өткөрүүдө жана маалыматтарды түзүлгөн жерге кайра жөнөтүүдө алардын толуктугун жана аныктыгын; 

төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган система менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ техникалык персоналын идентификациялоого, авторизациялоого жана аутентификациялоого; 

- маалыматтардын сакталышын, бүтүндүгүн жана купуялуулугун сактоого; 

автоматташтырылган системада үзгүлтүк орун алган учурда, штаттан тышкаркы жагдайларда же маалыматтардан санкциясыз пайдаланууда маалыматтарды жана жабдууларды коргоого алууга; 

- процессинг борборуна туташкан объекттердин, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын жана процессинг борборунун персоналын кошо алганда, системанын маалымат ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү сеанстарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо; 

24. Эгерде төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын оператору өз алдынча программалык системаны иштеп чыккан болсо, анда ал төмөнкүлөр менен коштолууга тийиш:  

- так иштелип чыккан техникалык тапшырмалар жана талаптар;  

- кызмат орундарын жана атайын билим деңгээлин көрсөтүү менен программалык камсыздоону иштеп чыккан адамдардын-катышуучулардын тизмеги;  

- программа кайсы тилде иштелип чыккандыгын, интерфейс;  

- программанын кодунун жайгашкан жери;  

- программанын кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматкерлердин тизмеси;  

- программалык камсыздоону пайдалануучулар үчүн каралган колдонмо же аны коштогон адабияттар жана документтер.  

24. Эгерде төлөм системасынын операторунун программалык камсыздоосу өз алдынча же башка уюм тарабынан иштелип чыкса, анда ал төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- программалык камсыздоо иштеп чыккан уюм менен түзүлгөн келишим; 

кылдат иштелип чыккан техникалык тапшырма жана талаптар; 

программалык камсыздоонун чыгыш кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматкерлердин тизмеги; 

- программалык камсыздоодон пайдалануучулар үчүн колдонмо же кошо тиркелүүчү документтер; 

- сынактан өткөрүү программасы жана методикасы; 

- ишке киргизүү актысы жана тажрыйбалык эксплуатацияны сыноодон өткөрүү журналы; 

өндүрүштүк эксплуатацияга киргизүү актысы; 

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм жана төлөм системасынын оператору тарабынан кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы.  

25. Эгерде төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын операторунун программалык камсыздоосу башка уюм тарабынан иштелип чыккан болсо, анда ал төмөнкүлөр менен коштолууга тийиш:  

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм менен түзүлгөн келишим;  

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм тарабынан сунушталган кылдат техникалык тапшырмалар жана талаптар;  

- төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын оператору менен программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы.  

Күчүн жоготкон катары таанылсын. 

5. Төлөм системасынын операторунун эрежелери 

§2. Төлөм системасынын операторунун эрежелерине коюлган талаптар 

26. Төлөм системасынын операторунун эрежелеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- системанын архитектурасы жана алардын иш схемасы;  

- системага кирүү жана андан чыгуу жол-жобосу;  

- катышуучунун системага туташуу тартиби;  

- процессингди ишке ашыруу тартиби;  

- төлөм системасынын операторунун иши тууралуу анын катышуучуларына маалыматтарды берүү тартиби;  

- тобокелдиктерди тескөөнүн колдонулуп жаткан ыкмасын, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларын жана ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө системасы;  

- маалыматтарды коргоого карата талаптар;  

- талаш маселелерди чечүү тартиби;  

- системада адаттагындан башкача жагдай келип чыккан шартта, катышуучулардын иш алып баруу тартиби;  

- катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар.  

 

26. Төлөм системасынын операторунун системасынын иштөө эрежелеринде жана жол-жоболорунда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

төлөм системасынын архитектурасы жана анын иштөө схемасынын баяндоосу

- коопсуз жана ишенимдүү байланыш каналдарын берүү

- төлөм системага кирүү жана андан чыгуу жол-жобосу; 

- катышуучуну төлөм системага туташтыруу тартиби; 

- процессингди жүргүзүү тартиби; 

клирингди жүргүзүү тартиби; 

процессингди жана клирингди жүргүзүү учурунда коопсуздукту сактоо тартиби жана анын талаптары (эгерде мындай кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилсе); 

- төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм системасынын операторуна өз иши жөнүндө маалыматтарды сунуштоо тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулуп жаткан моделди, иш-чаралар тизмегин жана тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында орун алган тобокелдиктерди тескөө системасы; 

- маалыматты коргоо талаптары; 

- катышуучулардын жана кардарлардын талаш маселелерин, даттанууларын чечүү тартиби; 

- төлөм системасында штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда катышуучулардын иш алып баруу тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларына билдирүү тартиби; 

төлөм системасынын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги; 

- тарифтер жана тарифтик саясат; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар. 

Зарылчылыкка жараша төлөм системасынын катышуучуларына сандык жана сапаттык критерийлер берилиши мүмкүн. 

27. Төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын операторунун эрежелеринде ушул Жобонун 26-пунктунда каралган талаптардан тышкары, төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- системада катышуучуну каттоо жана аны ишке багыттоо;  

- эмитент тарабынан эмиссияны ишке ашыруу тартиби жана ага карата талаптар;  

- эквайер тарабынан эквайрингди ишке ашыруу тартиби жана ага карата талаптар;  

- системада төлөмдөрдү өткөрүү тартиби;  

- банктар аралык тарифтер, сервистик төлөмдөр жана системадагы башка комиссиялык төлөмдөр.  

27. Төлөм системасынын операторунун эрежелеринде жана жол-жоболорунда ушул жобонун 26-пунктунда келтирилген талаптардан тышкары төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- катышуучуну төлөм системага каттоо жана багыттоо; 

- карт ээсин таанууда (персонализация) коопсуздукту сактоо тартиби жана анын талаптары (эгерде мындай кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилсе); 

- карттын процессингин жана клирингин жүргүзүүдө коопсуздук тартиби жана анын талаптары (эгерде мындай кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилсе); 

- эмитенттин эмиссияны жүзөгө ашырууга карата тартиби жана анын талаптары; 

- эквайердин карттын эквайрингин жүзөгө ашырууга карата тартиби жана анын талаптары; 

- системада төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби; 

- доо коюлган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу тартиби; 

- банктар аралык комиссиялык төлөмдөр, тейлөө үчүн төлөмдөр жана башка комиссиялык төлөмдөр.  

28. Төлөм системасынын эрежелеринде төмөнкүдөй талаптарды белгилөөгө тыюу салынат:  

- төлөм системасынын катышуучуларына карата башка төлөм системаларына катышпоо жөнүндө (өзгөчө жагдайларда катышуу шарттары);  

- төлөм системасынын катышуучуларына төлөм системасынын катышуучулары ортосунда алардын жоопкерчилиги астында түзүлгөн келишимдин негизинде системанын алкагынан тышкары алардын ортосунда клирингди жана эсептешүүлөрдү ишке ашырууга чектөө (тыюу салуу) тууралуу;  

- төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөр операторлоруна карата башка төлөм системаларынын алкагында төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө чектөө (тыюу салуу) жөнүндө (өзгөчө жагдайларда төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүү шарттары);  

- төлөм системасынын катышуучуларына карата кызмат көрсөтүү наркын өз алдынча аныктоого алардын укугун чектөө жөнүндө

28. Төлөм системасынын эрежелеринде төмөнкүдөй талаптарды белгилөөгө тыюу салынат:  

- төлөм системасынын катышуучуларына карата башка төлөм системаларына катышпоо жөнүндө (өзгөчө жагдайларда катышуу шарттары);  

- төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөр операторлоруна карата башка төлөм системаларынын алкагында төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө чектөө (тыюу салуу) жөнүндө (өзгөчө жагдайларда төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүү шарттары);  

- төлөм системасынын катышуучуларына карата кызмат көрсөтүү наркын өз алдынча аныктоого алардын укугун чектөө жөнүндө

 

6. Төлөм уюму жана анын ишине карата талаптар 

§3. Төлөм уюмунун ишине карата талаптар 

29. Төлөм уюму өз ишин Улуттук банктын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырууга тийиш.  

29. Төлөм уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банк тарабынан берилген лицензияга ылайык жүзөгө ашырууга тийиш.  

29-1. Төлөм уюму, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелери жана жол-жоболору болушу керек.  

29-2. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контролдуктун эрежелерин сактоо жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу атайы кызмат адамын дайындоого тийиш. 

30. Төлөм уюму тиешелүү лицензиясы ээ болгон шартта өз ишин төлөм системасынын операторунун же финансы-кредит мекемесинин иши менен айкалышта жүзөгө ашыра алат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка операцияларды жүргүзүүгө укуктуу.  

30. Төлөм уюму тиешелүү лицензиясы ээ болгон шартта өз ишин төлөм системасынын операторунун же финансы-кредит уюмунун иши менен айкалышта жүзөгө ашыра алат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка операцияларды жүргүзүүгө укуктуу.  

31. Төлөм уюму төмөнкүлөрдү ишке ашыра алат:  

1) товарларды сатып алууга/сатууга жана төлөм уюму алар менен келишим түзгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишине байланыштуу кызматтарды көрсөтүүгө;  

2) төлөм уюмунун ишине байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого.  

31. Төлөм уюму лцензияда көрсөтүлгөн ишмердүүлүктү, ошондой эле ишине байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү жана тиешелүү операцияларды аткара алат.  

31-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды сактаган учурларда төлөм уюму кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүп чыгаруу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайта өзгөртүү формасында) түзүлүшү мүмкүн

32. Толугу менен же алардын бөлүгү мамлекеттик менчикте турган жана төлөм уюмдарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын, ошондой эле келишимдик мамилелеринде алдын ала төлөө, камсыздандыруу депозити же төлөм уюмдарынан банктык гарантиялар каралбаган бюджеттик уюмдардын ишкердигине байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу максатында, төлөм уюмдары коммерциялык банктагы эсептерге же баалуу кагаздарга акча каражаттарын депондоштурууга же Улуттук банктын пайдасына кайтарылып алынгыс банктык гарантияны берүүгө тийиш.  

32. Төлөм уюмдарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын, ошондой эле келишимдик мамилелеринде алдын ала төлөө ишкердигине байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу максатында, төлөм уюмдары коммерциялык банктагы эсептерге акча каражаттарын депондоштурууга же товар/кызмат сунуштоочунун пайдасына кайтарылып алынгыс банктык гарантияны берүүгө тийиш.  

33-1. Товар/кызмат сунуштоочу боюнча келишимдик мамилелер төлөм уюмунан алдын ала төлөө, камсыздоо депозит же болбосо банктык гарантия каралбаган учурларда, депондоштурулган сумманын, баалуу кагаздын, банктык гарантиянын өлчөмү төлөм уюмунун акыркы чейректин бир күндүк орточо жүгүртүүнүн 10 пайызын түзүүсү керек.  

33-2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм уюму акча каражаттарын (инкассациялоо) кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/ которуу боюнча талаптарды аткаруусу зарыл. 

35. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, жеке маалыматтардын жана милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон башка маалыматтардын корголушун камсыздоого милдеттүү.  

35. Төлөм уюму анын тескөөсүндө турган жеке маалыматтардын, финансылык маалыматты жана милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон башка маалыматтардын купуялуулугун, корголушун камсыздоого милдеттүү  жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүүгө милдеттүү

36. Коопсуздукту камсыздоо үчүн төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплекси жайгашкан жай төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- ишенимдүү автоматташтырылган кулпулардын болушу;  

- өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же аппараттык-программалык комплекс жайгашкан жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине бөгөт койгон жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыздаган күнүүнү коргоо жана байкоо жүргүзгөн каражаттардын болушу;  

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш.  

36. Коопсуздукту камсыздоо үчүн төлөм уюмунун автоматташтырган система жайгашкан жай төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- ишенимдүү автоматташтырылган кулпулардын болушу;  

- өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же аппараттык-программалык комплекс жайгашкан жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине бөгөт койгон жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыздаган күнүүнү коргоо жана байкоо жүргүзгөн каражаттардын болушу;  

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш.  

38. Аппараттык комплекс Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан шартта, төлөм уюму ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтар архивин Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырууга тийиш. 

38. Төлөм уюму Улуттук банктын лицензиясын алган учурдан тартып, суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып 1 (бир) иш күндөн ашык эмес убакытта каалаган убакыт аралыгындагы бардык транзакциялар тууралуу маалыматты берүү мүмкүнчүлүгүн камтыган бардык операциялар тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында сакталышын камсыздоо керек. 

39. Төлөм уюму алты айда кеминде бир жолу протокол түзүү менен аппараттык-программалык комплекстин ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык келүүсүнө текшерүү жүргүзүүгө тийиш.  

39. Төлөм уюму алты айда кеминде бир жолу протокол түзүү менен автоматташтырылган системаны ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык келүүсүнө текшерүү жүргүзүүгө тийиш. Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол менен тариздетилиши керек. 

40. Төлөм уюму өз тескөөсүндө турган финансылык маалыматтардын коргоого алынышын жана алардын купуялуулугун камсыздоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана аларды үчүнчү жактарга берүүгө тийиш.  

Күчүн жоготкон катары таанылсын. 

7. Субагенттер 

§4. Агенттерге коюлган талаптар 

43. Субагент төлөм уюму (агент) менен төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш. 

43. Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн башка жактар менен агенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана агенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган базасы болууга тийиш: 

2) эгер юридикалык жак болсо уюмдун аталышы, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү  

тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, уюштуруу документтери, айкын жайгашкан дареги, байланыш телефондору, терминалдар орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси;  

2) жеке ишкер болсо ишкердин паспортунун көчүрмөсү, жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү, колдонуудагы патент, ишкердик ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (эгер иши лицензияланса), терминалдар орнотулган даректердин тизмеси жана ишин жүзөгө ашырган айкын жери. 

43-1. Төлөм уюмуна кеминде төмөнкү көрсөткүчтөргө ээ агент менен келишимдик мамилелерде ээ болууга тыюу салынат: 

- төлөм уюмунун акча каражаттарынын ар айлык жүгүртүүсүнүн 30% жана андан көбүнө ээ, бирок кеминде 1 миллион сом; 

- төлөм уюмунун агенттик жана/же терминал түйүнүнүн ар айлык санынын 30% жана андан көп;  

- төлөм уюмунун кассалык операциялар көлөмүнүн 30% жана андан көп. 

Бул көрсөткүчтөр болгон шартта агент лицензия алып, ушул жобонун талаптарына ылайык төлөм уюму катары ишин өз алдынча жүзөгө ашырууга тийиш. 

44. Төлөм уюму субагенттерди аткарып жаткан милдеттеринин чегинде системадан пайдалануу принциптерине окутуу документтерине ээ болууга тийиш. Келишим түзүүдө субагентке колдонуудагы жол-жоболорго ылайык түшүндүрмө берилип, ал Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары, анын ичинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү мыйзам талаптары менен тааныштырылууга тийиш.  

44. Төлөм уюму агенттерди алар тарабынан аткарылуучу милдеттердин алкагында системадан пайдалануу принциптерин окутуу үчүн документтерге ээ болууга тийиш. Келишим түзгөн учурда колдо болгон жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү өткөрүү жана агенттин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө талапты кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары менен тааныштыруу зарыл. 

45. Төлөм уюму же субагент төлөмдөрдү кабыл алууда аларды кабыл алуунун ар бир пункттарында төмөнкү маалыматтардын төлөөчүлөргө сунушталышын камсыздоого тийиш:  

- төлөм уюмунун атылышы, байланышуу үчүн маалыматтар жана жайгашкан жери;  

- төлөм уюмуна берилген лицензиянын номери жана берилген күнү;  

- төлөөчү тарабынан төлөнүүчү кызмат көрсөтүү наркы;  

- даттануулар менен кайрылуу ыкмасы;  

- call-борборунун, төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча оператордун телефон номерлери.  

45. Төлөм уюму же агент, анын төлөм кабыл алуу пунктуларын кошуп, төлөмдөрдү кабыл алууда аларды кабыл алуунун ар бир пункттарында төмөнкү маалыматтардын төлөөчүлөргө сунушталышын камсыздоого тийиш:  

- төлөм уюмунун атылышы, байланышуу үчүн маалыматтар жана жайгашкан жери;  

- төлөм уюмуна берилген лицензиянын номери жана берилген күнү;  

- төлөөчү тарабынан төлөнүүчү кызмат көрсөтүү наркы;  

- даттануулар менен кайрылуу ыкмасы;  

- call-борборунун, төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча оператордун телефон номерлери.  

45-1. Төлөм уюму агент, анын төлөм кабыл алуу пунктуларын кошуп, ушул берилген Жобонун талаптарынын аткарылышы үчүн толук жооптуу болот.  

8. Тобокелдиктерди тескөө 

4-Глава. Тобокелдиктерди тескөө 

46-1. Төлөм системасынын оператору төлөм системасында орун алган тобокелдиктер үчүн он-лайн мониторингди жүргүзүүгө тийиш.  

47. Төлөм системасынын катышуучулары өз милдеттерин аткара албай калган тобокелдик аныкталган учурда, төлөм системасынын оператору жана төлөм уюмдары төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- тобокелдик аныкталган учурдан тартып 1 (бир) күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмгө электрондук билдирүү жөнөтүү же телефон чалуу аркылуу Улуттук банкка маалымдоого;  

- тобокелдикке дуушар болгон тарапка же тараптарга маалымдоого;  

- башка катышуучуларга өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого.  

47. Төлөм системасынын катышуучулары өз милдетин аткарууга тоскоолдук жараткан система тобокелдиги аныкталган шартта төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө электрондук билдирүү же телефон чалуу аркылуу маалымдоого; 

- тобокелдиктерге дуушар болушу ыктымал болгон тарапка же тараптарга билдирүүгө

- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана төлөм системасынын катышуучулары алдында өз финансылык милдеттенмелерди аткаруу боюнча чараларды көрүүгө

- төлөм системасынын иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;  

- башка катышуучуларга өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого.  

9. Төлөм уюмдары тарабынан кызмат көрсөтүү тартиби 

5-Глава. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен өз ара иш алып барууда төлөм уюмуна карата талаптар 

65. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн кызматтарды сунуштоочулар менен кызматтардан пайдалануучулардан төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, ал келишим шарттарына ылайык, төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле келишимде белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

65. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн товарларды/кызматтарды сунуштоочулар менен кызматтардан пайдалануучулардан төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, ал келишим шарттарына ылайык, төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле келишимде белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш.  

 

65-1. Төлөм уюму сунуштоочулар боюнча актуалдуу базага ээ болууга тийиш. Төлөм уюму  

менен сунуштоочунун ортосундагы агенттик келишим тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен кеминде төмөнкү маалыматты камтууга тийиш: 

- юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү

- юридикалык, айкын дареги жана байланыш маалыматтары; 

- сунуштоочу тарабынан сунушталган товарлардын аталышы же кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү;  

- кардарга товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган/сунуштабаган шартта тараптардын жоопкерчилиги; 

- келишимдин колдонуу мөөнөтү

- тараптардын банктык реквизиттери; 

- төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялык төлөмдөр, сый акылар жана башкалар). 

66. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алууда эсептешүүлөрдү ишке ашыруу үчүн атайын банктык эсепти/эсептерди пайдаланууга милдеттүү

66. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алууда чарба иштерине каралган каражаттарды сактоо жана пайдалануу, ошондой эле товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн коммерциялык банктагы өзүнчө банктык эсепти пайдаланууга милдеттүү

10. Отчетту жана башка маалыматтарды сунуштоо 

6-Глава. Отчетту жана башка маалыматтарды сунуштоо 

68. Операторлор/төлөм уюмдары айрым кызмат адамдары тууралуу маалыматтарды отчеттук жылдан кийинки жылдын 1 (биринчи) февралына чейин ар жылдык негизде сунуштоого тийиш. Айрым кызмат адамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр кабыл алынган шартта, операторлор/төлөм уюмдары өзгөртүү кабыл алынгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде маалымдоого тийиш.  

 

68. Төлөм системасынын операторлору/төлөм уюму уставдык капитал өлчөмү, коллегиалдык аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар, аффилирленген жактар, акча каражаттарынын келип чыгуу булактары, айкын жана юридикалык даректери тууралуу маалыматтарды, алардын өзгөртүлүшүнө жараша, өзгөртүүлөр жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 10 (он) жумуш күн ичинде тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен сунуштоого милдеттүү

69. Оператор/төлөм уюму финансылык абал жөнүндө маалыматтарды Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына ылайык, отчеттуулук формасы боюнча чейрек сайын сунуштап турууга милдеттүү

69. Төлөм уюму финансылык абалы тууралуу маалыматтарды Финанасылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык отчеттун формасы боюнча Улуттук банкка чейрек сайын сунуштар турууга милдеттүү. Отчет төлөм уюму тарабынан отчеттук чейректен кийинки айдын 25 (жыйырма бешинчи) күнүнөн кечиктирбестен сунушталат. Отчет көрсөтүлгөн мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерленген версиясы) берилиши мүмкүн, кагаз түрүндөгү версиясы кийинчерээк жөнөтүлөт. 

70. Оператор/төлөм уюму отчетту Улуттук банктан лицензия алган чейректен кийинки отчеттук чейректен тартып сунуштайт. 

70. Төлөм системасынын операторуөлөм уюму отчетту Улуттук банктан лицензия алган чейректен кийинки отчеттук чейректен тартып сунуштайт.  

71. Оператор/төлөм уюму тарабынан отчет, отчеттук чейректен кийинки айдын 15инен кечиктирилбестен сунушталат. Отчет белгиленген мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы) берилип, кийин кагаз бетине чыгарылган түрүндө сунушталышы мүмкүн.  

71. Төлөм системасынын операторуөлөм уюму тарабынан отчет, отчеттук чейректен кийинки айдын 15инен кечиктирилбестен сунушталат. Отчет белгиленген мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы) берилип, кийин кагаз бетине чыгарылган түрүндө сунушталышы мүмкүн.  

73. Төлөм уюму кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтарды келишим түзүлгөн учурдан тартып эки жумадан кечиктирбестен Улуттук банкка маалымдоого тийиш 

73. Төлөм системасынын операторуөлөм уюму кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтарды келишим түзүлгөн учурдан тартып эки жумадан кечиктирбестен Улуттук банкка маалымдоого тийиш 

75. Төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аткаруу органынын жетекчиси бул жобонун талаптарын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.  

75. Ушул жобонун талаптары төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмунун тарабынан аткарылбагандыгы же талапка ылайыксыз аткарылбагандыгы үчүн Улуттук банк “Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” Жобого ылайык төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна карата таасир этүү чараларын колдонууга милдеттүү

76. Төлөм системасынын оператору 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз аудиттен өтүүгө милдеттүү. Аудитордук корутундунун көчүрмөсүнө кол коюлган учурдан тартып 1 айдан кечиктирилбеген мөөнөттө ал Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Төлөм системасынын операторлоруна аудит кеминде төмөнкүлөргө баа берүү ишин камтууга тийиш:  

- саясатка жана жол-жоболорго;  

- коопсуздукка.  

76. Улуттук банк жыл сайын Кыргыз Республикасынын төлөм системасын мониторинг кылуу негизинде Кыргыз Республикасындагы төлөм системаларды системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларын аныктайт жана жарыялайт. 

Төлөм системасынын операторлорунун системалары, системалуу мааниге ээ жана маанилүү катары аныкталган жана ошондой эле маанилүү кызматтарды көрсөтүүлөр провайдерлер деп аныкталган учурда милдетүү түрдө 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык жана информациялык системасын аудит жүргүзүүгө тийиш.  

Төлөм системасы маанилүүлүк критерийлерге туура келбеген төлөм системасынын операторлору милдетүү түрдө 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык жана информациялык системасын аудит жүргүзүүгө тийиш  

Төлөм уюмдары милдетүү түрдө 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жүргүзүүгө тийиш 

Көз карандысыз финансылык аудити жана/же болбосо информациялык системасын аудити боюнча аудитордук корутундунун көчүрмөсү Улуттук банкка ага кол коюлган учурдан тартып 1 (бир) айдан кечиктирбестен сунушталууга тийиш. Төлөм системасынын операторуна аудит эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- колдонуудагы саясатка жана жол-жоболорго баа берүүлөрдү

- төлөм системасынын коопсуздугуна баа берүүлөрдү

- тобокелдиктерди тескөө саясатына баа берүүлөрдү

77. Оператор системы расчетов платежными картами должен проводить аудит аппаратно-программного комплекса с привлечением аудиторов, сертифицированных по международным программам сертификации. 

77. Оператор платежной системы расчетов с использованием международных платежных карт должен проводить аудит информационных систем 1 (один) раз в 3 (три) года с привлечением аудиторов, сертифицированных по международным программам сертификации. Копия аналитического отчета по результатам аудита информационных систем должен быть предоставлен в Национальный банк не позднее 1 (одного) месяца с момента его подписания. 

 

7-Глава. Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалына (Сash-in) карата талаптар 

 

79. Өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалы: 

- сунуштоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн түзүлүштү 

пайдалануу боюнча кыскача нускоо/малымат менен төлөөчүнүн таанышуусуна өбөлгө түзүүгө тийиш; 

- төлөм уюумунун бирдиктүү аппараттык-программалык комплекси менен түздөн-түз  

туташкан болууга, анын жайгашуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына жооп берүүгө тийиш; 

- кардар товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөгөнө чейин комиссиялар/тарифтер  

боюнча мааалымат берүүгө

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды  

тастыктоо катары чек берүү түзүлүшү менен жабдылууга тийиш. 

80. Төлөм уюму жана анын агенти өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалын жайгаштыруу үчүн аны ошол жерге орноштурууга укукту тастыктаган бардык зарыл документтерге ээ болуусу зарыл. 

81. Төлөм уюму жана анын агенти өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалы боюнча ишти колдоо жана профилактикалык техникалык иштерди жүргүзүү үчүн жооптуу адамды дайындоого тийиш. 

 

8-Глава. Процессинг борборуна карата минималдуу талаптар 

 

82. Төлөм системасынын оператору, төлөм системасынын катышуучулары тарабынан маалыматты алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана аны сунуштоо процессине тартылган төлөм системасынын бардык чөйрөлөрүндө маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бүт чараларды колдонууга тийиш. 

83. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда автоматташтырылган система аркылуу өткөрүлгөн маалыматтарга шифр белгиленишин камсыз кылууга тийиш.  

84. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттү түрдө сактоого тиешелүү жеке жана башка маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

85. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш.  

- анын тескөөсүндө турган финансылык маалыматтын сакталышын жана анын купуялуулугун камсыз кылуу жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүү

- системанын ишине орун алышы мүмкүн болгон көйгөлөрдү (калпыстыктарды) тескөө боюнча программаны иштеп чыгуу жана аны зыян келтирүүчү программалык камсыздоодон сактоо, вируска каршы программалык камсыздоону дайыма жаңыртып туруу;  

- төлөм системасынын коопсуздугун иштеп чыгуу жана аны колдоо; 

- автоматташтырылган системанын деңгээлинде бардык операциялар үчүн системалуу билдирүүлөрдүн (лог) жана анын тиркемелеринин журналын жүргүзүү (системадан /га кирүү/чыгуу, маалыматтардын өзгөрүүсү ж.б.) 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык финансылык маалыматты иштеп чыгуу боюнча маалыматтар архивин сактоо жана аны жүргүзүү

- 6 (алты) ай ичинде кеминде 1 (бир) жолу төлөм системасынын ички эрежелеринин жана жол-жоболорунун талаптарына, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келишине автоматташтырылган системанын коопсуздугуна текшерүү жүргүзүү. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча протокол түзүлүп, ага катышуулар кол коюуга тийиш.  

86. Төлөм системасынын операторунун тейлөө жайы төмөнкү негизги талаптарга дал келүүгө тийиш: 

- обочо турушу (имараттын ичинде башка бөлүмдөн өзүнчө, терезеси жок, аймакта жайгаштырылууга тийиш); 

- бекем жабылган кулпулардын болушу; 

- коргоо-өрт коопсуздугу боюнча белги берүү каражаттарынын болушу же болбосо күнүүнү коргоого алуу же байкоо жүргүзүү каражаттарынын болушу, мында, чоочун адамдардын жайга санкциясыз киришине жол берилбейт жана жайда турган ресурстардын сактоого алынышын камсыз кылат; 

- функционалдык милдеттерге ылайык персоналдын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө

- тейлөө жайына кирүүнү эсепке алуу журналынын же контролдоо системасынын жана кирүү мүмкүнчүлүгүн тескөө системасынын болушу.  

87. Төлөм системасынын оператору кайсыл болбосун мезгил ичиндеги кандай болбосун транзакция тууралуу маалыматты Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып талап келип түшкөн учурдан тартып 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө айкын убакыт ыргагында жана/же талап боюнча алуу мүмкүнчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган бардык операциялар тууралуу маалыматтын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

88. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү (жетекчиликтин деңгээлинде) боюнча ички контролдуктун эрежелерин сактоо жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу атайы кызмат адамын дайындоого тийиш. 

89. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш. 

90. Төлөмдөрдүн процессинги жана клиринги Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылышы зарыл. 

91. Процессинг борбору ушул жободо белгиленген минималдуу талаптарга дал келүүгө тийиш. 

92. Төлөм системасынын оператору автоматташтырылган система тарабынан колдонулган иш жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн техникалык регламентке ээ болууга тийиш. 

93. Төлөм системасынын оператору тарабынан колдонулган программалык камсыздоо программанын мүнөздөмөсүн, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, системанын паспортуна, ошондой эле төлөм системасын эксплуатациялоо үчүн коштомо документтерге ээ болууга тийиш.  

94. Транзакцияларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- эл аралык төлөм карттарын колдонуу менен PCI DSS сертификациясына ээ болуп, жыл сайын ага ылайык келишин тастыктап турууга; 

- улуттук же локалдык системалардын төлөм карттарын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарына ылайык келүүгө тийиш.