Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» (мындан ары Жобонун долбоору) жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Евразия кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо жана терроризмди каржылоо боюнча тобунун 17-сунуш-көрсөтмөсүнүн 17.1-критерийин сактоо максатында иштелип чыккан.  

Евразия кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо жана терроризмди каржылоо боюнча тобу тарабынан жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча улуттук системасына өз ара баа берүү боюнча 2-раундунун алкагында ФАТФнын «Үчүнчү тарапка таянуу мүмкүнчүлүгү» деген 17-сунуш-көрсөтмөсүнүн 17.1-критерийи боюнча төмөн рейтинг ыйгарылган («Ылайык келбейт»). Ушуга байланыштуу, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр тизмегинен банктын агенттери аркылуу банк эсебин ачууга бланктарды сунуштоо кызматтарын алып салуу жагында жобонун долбоору иштелип чыккан. 

Чектелген жана кеңири банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр тизмегине корректировкалар киргизилген. Келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди азайтуу максатында чектелген банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр тизмегине өзгөртүүлөр киргизилген. Мындан тышкары, банк агенттери аркылуу банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр боюнча отчетторду сунуштоо иши өркүндөтүлгөн. 

Жобонун долбоорун кабыл алуудан улам болжолдуу укуктук жана социалдык-экономикалык натыйжалар. 

-  Евразиялык комиссиясын 17-сунуш-көрсөтмөнү сактоо; 

- «ФАТФнын көмүскө тизмегине» кирип калуусуна жол бербөө

- керектөөчүлөр укугун коргоо. 

Долбоордо укук коргоону чектеген, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келген ченемдер камтылбайт. 

Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, бүтүндөй республиканын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзамдар ченемдерине каршы келбейт. 

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттин бюджетинен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт.  

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоору 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы №36/7 «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«4. Ушул жобонун талаптарына ылайык банк юридикалык жакты, жеке ишкерди жана почта байланышы ишканасын чекене агент катары ишке тартышы мүмкүн. Чекене агенттер кеңири же чектелген банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр түрлөрүн сунушташы ыктымал. Мында, агенттердин келишимде каралган өз милдеттенмелерин аткаруу жоопкерчилиги банкка жүктөлөт.»; 

 

- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Кеңири банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр түрлөрүнө төмөнкү банктык операциялар кирет: бюджетке төлөмдөрдү кабыл алуу жана коммуналдык кызматтарга төлөмдөр, банк тиешелүү лицензияга ээ болгон шартта улуттук/чет өлкө валюталарында акча которууларды жүзөгө ашыруу; билдирмелерди кабыл алуу жана аларды овердрафт кредиттерин тариздөө үчүн банкка өткөрүп берүү жана тиешелүү POS-терминалга ээ болгон учурда ушул кредит түрү боюнча нак акча каражаттарын берүү, электрондук акчаны жайылтуу жана алардын ордун жабуу, алган кредитинин ордун жабуунун эсебинен банк кардарларынан төлөмдөрдү кабыл алуу, банк кардарларына аманат (депозит) эсептеринен нак акча каражаттарын берүү, нак акча берүү терминалы болгон шартта банктык төлөм карттары боюнча операцияларды жүргүзүү, банк тиешелүү лицензияга ээ болгон учурда нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү.»; 

 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Чектелген банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр түрлөрүнө банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган банктык операциялар кирет: товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу/төлөө жана карттагы каражаттарды нак акчага айландыруу/акча каражаттарын которуу.»;  

 

- 6-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6-1. Банк электрондук акчан жайылтуу жана орун жабуу үчүн чекене агентти ишке тартууда, Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жободо белгиленген Улуттук банктын талаптарын так сактоого тийиш. Жобонун талаптары сакталбаган шартта Улуттук банк дароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.». 

- 10-пунктунун:  

- биринчи абзацындагы «же адистешкен чекене кызмат көрсөтүүчү формасында түзүлгөн юридикалык жак» деген сөздөрдөгү «же» деген сөз алынып салынсын жана «ошондой эле почта байланыш ишканасы» деген сөздөр менен толукталсын; 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Чектелген банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр түрүн сунуштаган агент катары юридикалык жак, жеке ишкер, ошондой эле кеңири банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр түрүн сунуштоо укугуна ээ эмес почта байланыш мекемеси саналат.». 

 

- 17-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17-1. Соода-сервистик ишкана эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө банктык төлөм карттарын кабыл алган юридикалык жак же жеке ишкер.».  

 

- 25-пунктунун: 

- 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) Чектелген банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр түрүн сунуштоо боюнча агенттер катары юридикалык жактар/жеке ишкерлер жана почта байланышы ишканалары болушу мүмкүн.»; 

- 64-пункттагы «кардарга» деген сөздүн алдындагы «агент аркылуу банк эсебин ачуу учурунда» деген сөздөр жана «баркоддорду сканерлөө жабдуулары болгон» деген сөздөрдөн кийинки «видеокамерасы менен» деген сөздөр алынып салынсын.  

- «Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

  

Коммерциялык банктын аталышы 

________________________________ 

20___-жылдын ______________ чейреги үчүн 

 

 

Банктын атынан калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлɵрдү 

сунуштоо боюнча чекене агенттерди тартуу боюнча 

ОТЧЕТ 

 

 

А. Кеңири кызмат көрсөтүүлөр түрүн сунуштаган чекене агенттер  

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Сунушталуучу кызмат  

көрсөтүү түрү 

  

  

  

  

 

Б. Чектелген кызмат көрсөтүүлөр түрүн сунуштаган чекене агенттер 

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Сунушталуучу кызмат  

көрсөтүү түрү 

  

  

  

  

 

 

Аткаруучу ____________________ ____________________________ 

(кол тамгасы)             (аты-жөнү