Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына төлөм системасына тиешелүү маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү жана тоолуктоолорду киргизүү жөнүндө токтом долбооруна карата 

Салыштырма таблица 

Учурда колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакциясы 

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жобо 

POS (point-of-sale)-терминал - соода-сервис ишканасында орнотулган терминал. 

POS (point-of-sale)-терминал - соода тейлөө ишканасында төлөм карттарын төлөөгө кабыл алуу үчүн орнотулган банк жабдуусу

Соода тейлөө ишканасы - эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, карттар менен операциялар ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди түзүү менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө карттарды кабыл алган юридикалык жак же жеке ишкер

Соода тейлөө ишканасы юридикалык жак же эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, карттар менен операциялар ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди түзүү менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө карттарды кабыл алган юридикалык жак же жеке ишкер. Соода тейлөө ишканасы коммерциялык банктар менен түзүлгөн келишимдин негизинде гана, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген лимиттерге ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ПОД/ФТ боюнча мыйзам талаптарын карт ээсин жеңилдетилген идентификациялоо жана верификациялоо жагында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү боюнча сактоо менен банктык карттардан акча каражаттарын нак акчага айландыра алат.  

Күн мурунтан чыгарылган карт - картка анын ээсинин аты-жөнүн көрсөтпөстөн банктын бөлүмүндө дароо берилүүчү, кардарга акча которууларды алуу, аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу акча каражаттарын нак акчага айландыруу, соода түйүндөрүндө сатып алууларды нак эмес түрдө төлөө, интернет аркылуу операцияларды жүргүзүү  үчүн ачылган жана белгилүү бир эсептен пайдалана алуусун камсыз кылган карт. 

Күн мурунтан чыгарылган карт - картка анын ээсинин аты-жөнүн көрсөтпөстөн банктын бөлүмүндө же банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңейтилген спектринин агентинде дароо берилүүчү, кардарга акча которууларды алуу, аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу акча каражаттарын нак акчага айландыруу, соода түйүндөрүндө сатып алууларды нак эмес түрдө төлөө, интернет аркылуу операцияларды жүргүзүү  үчүн ачылган жана белгилүү бир эсептен пайдалана алуусун камсыз кылган карт. 

15.Карт ээси эмитент менен түзүлгөн келишимге ылайык, соода-тейлөө ишканаларында сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн карт аркылуу төлөп, банкоматтан/тиешелүү пункттардан нак акча каражаттарын алып, cash-in/банкоматтан/тиешелүү пункттардан банк эсептерин толуктоо менен өз банктык эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайсыл болбосун башка эсепке акча которууну жүзөгө ашыра алат. 

15. Карт ээси эмитент менен түзүлгөн келишимге ылайык: 

- соода тейлөө ишканасында сатып алынган товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө

- банкоматтан/ нак акча каражатын кабыл алуу жана/же берүү пунктунан жана банк менен түзүлгөн келишим шарттарына ылайык акча каражаттарын нак акчага айландыруу укугуна ээ болгон банктын агенттеринен нак акча каражаттарын ала алат; 

- ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсебинен алуучунун эсебине акча каражаттарын которо алат. 

15-1. 

15-1. Карт ээсинин банк менен агенттик келишим түзгөн соода тейлөө ишканасы аркылуу акча каражаттарын нак акчага айландыруудагы лимиттери 150 эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпоого тийиш. 

«Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө» жобо 

5. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана ишке ашыруу; 

- акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүзөгө ашыруу;  

- бланктарды берүү жана кабыл алуу жана аларды овердрафт кредиттерин тариздөө үчүн банкка берүү;  

- кредиттердин ордун жабуу;  

- банктык эсепти толуктоо;  

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу. 

5. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана ишке ашыруу; 

- акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүзөгө ашыруу;  

- бланктарды берүү жана кабыл алуу жана аларды овердрафт кредиттерин тариздөө үчүн банкка берүү;  

- кредиттердин ордун жабуу;  

- банктык эсепти толуктоо;  

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу; 

- күн мурунтан чыгарылган карттарды сактоо жана таркатуу; 

- выдача наличных денежных средств с банковских карт; 

- төлөмдөрдү бюджетке кабыл алуу (айыптык төлөмдөр, салык, бажы жыйымдары).  

6. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана ишке ашыруу,  

- кредиттердин ордун жабуу;  

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу. 

 

6. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана ишке ашыруу,  

- кредиттердин ордун жабуу;  

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу. 

- төлөмдөрдү бюджетке кабыл алуу (айыптык төлөмдөр, салык, бажы жыйымдары). 

- банктык карттардан нак акча каражаттарын берүү

8. Офистен тышкаркы банкинг (branchless banking) - банк менен чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин ортосунда түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде уюштурулган, банк жайларынан тышкары кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого банкка мүмкүндүк берген чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн банктын атынан сунуштоо ыкмасы. 

….