Кайта келүү

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 

«Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

жөнүндө долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Сунушталган Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордү киргизүү жөнүндө токтом долбоору эмки зарылдык боюнча иштелип чыккан: (мындан ары токтом долбоору). 

- «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» Жобонун  

74-пунктчасын кирүү мөнөтүүн узартуу боюнча;  

- Банктар кредитик картты, банктык эмес финансы-кредит уюмдарга чыгаруу жана таратуу. 

 

1. «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» Жобонун  

74-пунктчасын ички мамлекеттик операциялар боюнча акыркы эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) өтүүгө тийиш боюнча талапы 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүгө тийиш. 

Бирок, ички мамлекеттик операциялар боюнча акыркы эсептешүүлөр Кыргыз Республикасында өтүүгө тийш боюнча «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүлөр киргизүү жөнүндө долбоорунда, ушул талап  

2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ушуга байланыштуу, Жобонун  

74-пунктчасы 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүү боюнча узартысын токтом долбооруна өзгөртүү киргизүү боюнча сунушталат.  

2. Ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программасынын жана 2018-2021-жылдарга микрокаржылоо секторунун өнүгүүсүнүн негизги багыттары жөнүндө иш чараларын ишке ашыруу максатында, нак эмес төлөмдөрдүн инструментин банктык эмес финансы-кредит уюмдар аркалуу кредиттерди кредиттик карталар менен тараттуу боюнча. 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» (мындан ары Жобо долбоору) токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. 

Жобо долбооруна «кредиттик карта» жана анын эсептерин жүргүзүү боюнча банктарга кошумча талап киргизилди. Банк кредиттик карталарды банктык эмес финансы-кредит уюмдарга чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар жана аларды өз кардарларына таратуу (карыз-алуучу), бирок банктык эмес финансы-кредит уюмдар кредит берүү боюнча Улуттук банкынын лицензия/күбөлүгү болуш керек. Бул кызматты көрсөтүү боюнча ал өз насыяларын өз кардар 

Жобонун долбоорун кабыл алуудан улам болжолдуу укуктук жана социалдык-экономикалык натыйжалар. 

- накталай эмес төлөмдөрдү артыруу; 

- банктык кызматын кеңейтүү жана калкка жеткирүү

- банктык инфраструктурасын кеңейтүү

- финансылык сабаттуулугун жогорулатуу. 

Долбоордо укук коргоону чектеген, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келген ченемдер камтылбайт. Бул иштөө нормалары Мамлекеттик программасын жана микрокаржылоо секторунун өнүгүүсүнүн негизги багыттары жөнүндө иш чараларын ишке ашыруу максатында киргизилген.  

Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, бүтүндөй республиканын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзамдар ченемдерине каршы келбейт. 

Бул Жобо долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттин бюджетинен жана Улуттук банкынын кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт.  

 

 

ТСБ начальниги Э.В. Лелевкина 

 

 

Долбоор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарылангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана эл аралык электрондук акча системаларын тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо төлөм системалары боюнча маселелерди тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.  

 

Төрага Т. Абдыгулов  

Башкарманын мүчөлөрү: Т. Джусупов 

Н. Жениш 

М. Момункулова 

Н. Сагындыков 

А. Сыдыков 

А. Тезекбаева 

 

 

Тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- 4-пунктундагы «2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет» деген сөздөр «2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет» дегенге алмаштырылсын;  

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

- 5-пункту төмөнкү мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: 

«Кредиттик карт бул, карт ээсинин операцияларды ишке ашыруусу үчүн дайындалган төлөм карты, ал боюнча эсептешүүлөр кредит берүү боюнча банк операцияларын жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына/күбөлүгүнө ээ банк же банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан берилген акча каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 26-1-пункт менен толукталсын: 

«26-1. Банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн кредиттик карттар ушул Жобонун 35-1-пунктуна ылайык банк тарабынан чыгарылат.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын: 

«35-1. Кредиттик карттар банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн чыгарылган учурда, банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан берилген кредиттик лимиттин алкагында карттан чыгарылган акча каражаттары андан ары тейленген банкта ачылган банк эмес финансы-кредит уюмунун эсептешүү эсебинен банктын кредиттик карттарын эмиссиялоо жана жайылтуу боюнча келишимдин шарттарына ылайык дебеттелет. Банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан кредиттин жактырылган суммасына кредиттик лимитти ачуунун өзү кардардын банктык эсебин колдонуусуз кредиттик картка кредиттин келип түшүүсүн тастыктайт. Кредиттин ордун нак эмес формада жабуу банк эмес финансы-кредит уюму менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык ишке ашырылат.»; 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 2-1-тиркеме менен толукталсын: 

 

  

  

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого карата  

2-1-тиркеме 

 

Банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн кредиттик 

карттардын эмиссиясы жөнүндө 

билдирме 

Ушул аркылуу __________________________________________________ (банктын толук аталышы) банк эмес финансы-кредит уюмдары ___________________________________________ (банк эмес финансы-кредит уюмунун толук аталышы) үчүн кредиттик карттарды ____ санда чыгаруу жөнүндө билдирет. 

  

Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү

  

Кол тамганын чечмелениши». 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76\8 

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

 

Учурда колдонуудагы редакциясы 

Сунушталган редакциясы 

4. Бул токтом, "Кыргыз Республикасындагы банктык карттар жөнүндө" жобонун 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүгө тийиш болгон 74-пунктун эске албаганда, расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Бул токтом, «Кыргыз Республикасындагы банктык карттар жөнүндө» жобонун 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүгө тийиш болгон 74-пунктун эске албаганда, расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

Кредиттик карт-бул, карт ээсинин операцияларды ишке ашыруусу үчүн дайындалган төлөм карты, ал боюнча эсептешүүлөр кредит берүү боюнча банк операцияларын жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясына/күбөлүгүнө ээ банк же банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан берилген акча каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат 

 

26-1. Банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн кредиттик карттар ушул Жобонун 35-1-пунктуна ылайык банк тарабынан чыгарылат.»; 

 

Кредиттик карттар банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн чыгарылган учурда, банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан берилген кредиттик лимиттин алкагында карттан чыгарылган акча каражаттары андан ары тейленген банкта ачылган банк эмес финансы-кредит уюмунун эсептешүү эсебинен банктын кредиттик карттарын эмиссиялоо жана жайылтуу боюнча келишимдин шарттарына ылайык дебеттелет. Банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан кредиттин жактырылган суммасына кредиттик лимитти ачуунун өзү кардардын банктык эсебин колдонуусуз кредиттик картка кредиттин келип түшүүсүн тастыктайт. Кредиттин ордун нак эмес формада жабуу банк эмес финансы-кредит уюму менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык ишке ашырылат 

 

  

  

«Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого карата 2-1-тиркеме 

 

Банк эмес финансы-кредит уюмдары үчүн кредиттик  

карттардын эмиссиясы жөнүндө  

билдирме  

 

Ушул аркылуу __________________________________________________ (банктын толук аталышы) банк эмес финансы-кредит уюмдары ___________________________________________ (банк эмес финансы-кредит уюмунун толук аталышы) үчүн кредиттик карттарды ____ санда чыгаруу жөнүндө билдирет. 

  

Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү

  

Кол тамганын чечмелениши». 

 

 

 

 

ТСБ начальниги Э.В. Лелевкина