Кайта келүү

 

 

 

 

Коммерциялык банктардын капиталынын түзүмүн өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктардын капиталынын түзүмун өзгөртүү боюнча “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө” долбоорун иштеп чыкты (мындан ары-Долбоор). 

Долбоор банктардын капиталынын түзүмун Банктык көзөмөл боюнча комитетинин эл аралык стандарттарына ылайык келтируу максатында иштелип чыккан, тактап айтканда Базель 3 стандартына жана капиталдын (шайкештиги) жетиштүүлүгүнүн коэффицентин эсептөөдө банктардын капиталынын түзүмун өзгөртүүгө багытталган.  

Мындан тышкары, долбоор Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун (мындан ары МРБО) формасына, анын ичинде капиталдын шайкештиги боюнча формаларга, ошондой эле көзөмөлдөө максаттары үчүн өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү камтыйт.  

Долбоорго ылайык, МРБО, 18.И. «Банктын тобокелдик-жагдайлары жөнүндө маалымат» деген жаңы бөлүк менен толукталууда, бөлуктө каралгандай маалымат электрондук форматта коммерциялык банкттар тарабынан Улуттук банкка жиберишет.  

Добоор андан сырткары коммерциялык банктардагы корпоративдик башкаруу боюнча өзгөртүүлөрду камтыйт.  

Ошентип, долбоор төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүлөрду жана толуктоолорду камтыйт: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы №19/12 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобого. 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын “___”___________ 

№______________________ токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аныктоо жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аныктоо жөнүндө нускоонун: 

- 2.1-пунктунун 2.1.2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1.2. Өздүк (регулятивдик) капитал Биринчи деңгээлдеги капитал болуп саналат.»; 

- 2.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Баланстык активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча салмактоого негизденген капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттери. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) капитал шайкештигинин коэффициенттеринин минималдуу өлчөмүн Улуттук банк тарабынан банкта жүргүзүлгөн тобокелдиктерге баа берүү жыйынтыгына жараша көбөйтүүгө укуктуу.  

а) суммардык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (К2.1) 12% төмөн болбоого тийиш. Ал таза Суммардык капиталдын тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасына карата катышы катары аныкталат. Таза Суммардык капитал Биринчи деңгээлдеги капитал жана Экинчи деңгээлдеги капитал суммасы катары аныкталат.  

б) Биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (К2.2) 6% төмөн болбоого тийиш. Ал Биринчи деңгээлдеги капиталдын тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасына карата катышы катары аныкталат. Биринчи деңгээлдеги капитал ушул нускоонун 3.6-пунктуна ылайык аныкталат.  

в) Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (К2.3) 4,5% төмөн болбоого тийиш. Ал Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасына карата катышы катары аныкталат.”; 

- 2.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.3. Левераж (К2.4) 8% төмөн болбоого тийиш.” 

- 3-глава төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Капитал түзүмү 

3.1. Капитал негизин банктын толугу менен төлөнгөн уставдык капиталы түзөт. Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарына ылайык, уставдык капитал бул “бардык өлкөлөрдө банк тутуму үчүн жалпы, капиталдын негизги элементи; ал банктар тарабынан жарыяланган отчеттордо так көрүнөт жана капиталдын шайкештигине рыноктук баа берүү негизденген база болуп саналат; ал банктын пайда алуу жана атаандашууга жөндөмдүүлүк көрсөткүчүн аныктоо үчүн чечүүчү мааниге ээ”.  

3.2. Капиталдын курамына ал боюнча банк акционерлери тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенмелер жок уставдык капитал (жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар) гана кирет. Бул каражаттарды акционерлер, акцияларды үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу аркылуу гана алышы мүмкүн. 

3.3. Банк өздүк акцияларды күрөө катары кабыл алууга укугу жок.  

3.4. Банктык көзөмөл максаттарында капиталды түзүүчүлөрдүн айырмалоочу белгиси катары анын банкта иш процессинде келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү саналат. Ушул себептен капитал шайкештигине баа берүүдө капитал курамына айрым “капиталдык эмес” бухгалтердик эсептер камтылат (мисалы, “Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жалпы кам” жана “Субординацияланган облигациялар жана башка карыздык милдеттенмелер”). 

3.5. Банктык капитал капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттерин эсептөө максатында Биринчи деңгээлдеги капиталга жана Экинчи деңгээлдеги капиталга бөлүнөт.  

3.6. Биринчи деңгээлдеги капитал банктын күндөлүк ишинде чыгымдардын ордун жабууну камсыздоо үчүн зарыл. 

Биринчи деңгээлдеги капитал төмөнкү элементтерден турат: 

- Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал; 

- Биринчи деңгээлдеги Кошумча капитал. 

3.7. Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын түзүмү төмөнкү элементтерден турат: 

1) “жөнөкөй акциялар” мыйзам талаптарында белгиленген шарттарды, ошондой эле 3.7-1-пунктта көрсөтүлгөн критерийлерди канааттандырган, банктын чыгарылган жана толугу менен төлөнгөн жөнөкөй акциялары; 

2) “артыкчылыктуу кумулятивдик эмес акциялары” - мыйзам талаптарында белгиленген шарттарды, ошондой эле 3.7-1-пунктта көрсөтүлгөн критерийлерди канааттандырган, банктын чыгарылган жана толугу менен төлөнгөн артыкчылыктуу акциялары. 

Эгерде артыкчылыктуу акциялар 3.7-1-пунктта көрсөтүлгөн критерийлерге жооп бербесе, алар Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталда же болбосо Экинчи деңгээлдеги капиталда эске алынууга тийиш; 

3) «номиналдан үстөк салынган капитал” - Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталда камтылган жөнөкөй жана артыкчылыктуу акцияларды сатуу баасы менен алардын эмиссия жыйынтыгы боюнча номиналдык наркы ортосундагы айырма. 

Номиналдан үстөк салынган капитал акционерлерге дивиденд түрүндө бөлүштүрүлбөйт жана ал банкта калат. 

Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугу боюнча номиналдан үстөк салынган капитал уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талапты сактоо максатында гана уставдык капиталды көбөйтүүдө пйдаланылышы мүмкүн. 

4) “банктын келечекте керектөөсү үчүн кам” келечекте жана/же күтүүсүз жагдайларга каралган, салык төлөөдөн кийин пайданын эсебинен түзүлгөн кам; 

5) “өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы (чыгымы)” жарыяланган дивиденддер эсептен чыгарылып, башка капиталдык эсептерге бөлүштүрүлүп, салык төлөнгөндөн кийин калган таза пайда (чыгым); 

6) “өтүп жаткан жылдын пайдасы (чыгымы) - өтүп жаткан жылы алынган, салык төлөнгөндөн кийин калган пайда (чыгым); 

7) “баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдар” сатууга жарактуу баалуу кагаздарды кайра баалоонун жыйынтыгы боюнча алынбай калган пайда (чыгым); 

8) “консолидациялоодо чет өлкө валютасын кайра эсептеп чыгуу боюнча камдар” валюта курсунун өзгөрүшүнүн натыйжасында банктын чет өлкөлүк туунду финансылык мекемелеринин отчетторун кайра эсептөөдөн улам келип чыккан алынбай калган пайда (чыгым). 

3.8. Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталдын түзүмүнө төмөнкү элементтер кирет: 

1) “жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал” - жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан төлөнгөн уставдык капиталдан үстөк салынган каражаттар. Мындай каражаттарды салуу зарылчылыгы, банк Улуттук банктын өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же экономикалык ченемдер боюнча талаптарын аткарбаган учурда гана келип чыгат. Бул каражаттар банк жеке адамдар жана юридикалык жактар менен каражаттарды банк акцияларын кайтарылып алынгыс (кандай болбосун жагдайларда), мөөнөтсүз шарттарда, ошондой эле банк банкроттукка учураган шартта ошол каражаттар боюнча талаптар банк акционерлеринин талабы сыяктуу эле, кезектүүлүктө канааттандырылууга тийиш болгон шарттарда сатып алуунун эсебинен каражаттарды салуу жөнүндө келишими болгон учурда гана чегерилет. Кошумча капитал өлчөмү, банк ушул талаптар жана ченемдер боюнча минималдуу маанини аткаруусу үчүн жетиштүү болууга тийиш. Кийинчерээк, жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан кошумча салынган каражаттар жөнөкөй жана/же артыкчылыктуу акцияларга өзгөртүлүп, ал эми ошол адамдарга чыгарылган акцияларды сунушталган каражаттардын суммасына талашсыз сатып алуу укугу берилүүгө тийиш; 

2) “Капиталдын башка инструменттери” капиталдын сыяктуу эле, карыздык милдеттенмелердин белгилерине ээ инструменттер. Аларга төмөнкүлөр кирет:  

а) Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталдын критерийлерине ылайык келген, бирок Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталга дал келбеген артыкчылыктуу акциялар. Бул статьяда артыкчылыктуу акциялар алардын сатуу баасы менен номиналдык наркы ортосунда айырманы эске алуу менен көрсөтүлөт; 

б) мөөнөтсүз субординацияланган карыз - мөөнөтсүз субординацияланган карыз инструменттери. 

Банк тарабынан чыгарылган Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталдын инструменттери аларга карата белгиленген критерийлерге ылайык келүүсү зарыл.  

3.8-1. Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталдын инструменттерине карата критерийлер: 

1) чыгарылган жана төлөнгөн болууга; 

2) аманатчыларга, негизги кредиторлорго жана банктын субординацияланган карызына карата субординацияланган болууга тийиш; 

3) инструмент банктын/байланыштуу жактардын милдеттенмелери боюнча камсыздоосу же гарантиясы катары кызмат кылууга, ошондой эле банкты укуктук же экономикалык чөйрөдө төлөм талабын биринчи кезекте канааттандырууга милдеттендириши мүмкүн болгон кандайдыр бир талаптар коюулууга тийиш эмес; 

4) мөөнөтсүз, б.а. төлөө күнү белгиленбөөгө, ошондой эле көбөйтүлүүгө же сатылып алынууга тийиш эмес; 

5) эмитент тарабынан анын демилгеси боюнча кеминде беш жылды түзгөн минималдуу мөөнөт өткөндөн кийин гана сатылып алынышы мүмкүн: 

а) банк акцияларды чыгарууда ошол инструменттин кайра сатылып алынышын күтүү менен кандайдыр бир иш-аракеттерди көрүүгө тийиш эмес; 

б) төмөнкү учурларда гана сатып алууда: 

- сатылып алынып жаткан инструментти ушул эле түрдөгү же кыйла жогору сапаттагы инструментке алмаштырууга, мындай инструментти алмаштыруу банк капиталы үчүн ишенимдүү болгон шарттарда жүзөгө ашырылат; 

- Улуттук банктын капитал боюнча минималдуу талаптары бузууга жол берилбейт. 

6) негизги сумманын ордун кандай болбосун ыкмада жабуу (мисалы, сатып алуу же төлөп берүү менен) Улуттук банктын алдын ала жактыруусунун негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш жана банктар Улуттук банк тарабынан жактырылышынан улам рыноктук күтүүлөрдү болжолдоого же түзүүгө тийиш эмес. 

7) дивиденддерди/пайыздарды төлөөгө карата тандоо укугу: 

а) банк кандай болбосун учурда дивиденддерди/пайыздарды төлөөнү жокко чыгаруу укугуна ээ болуусу зарыл; 

б) өз алдынча төлөмдөрдү жокко чыгаруу милдеттенмелердин аткарылбай калышы сыяктуу каралууга тийиш эмес; 

в) аларды аткаруу мөөнөтү келип жеткенде төлөнбөгөн дивиденддердин эсебинен милдеттенмелерди аткаруу мүмкүнчүлүгү

г) жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди эске албаганда дивиденддерди/төлөмдөрдү төлөөнү жокко чыгаруу банкка карата чектөөлөрдүн белгиленишине алып келбөөгө тийиш; 

8) инструмент кредитке таасирин тийгизиши мүмкүн болгон дивиденддин өзгөчөлүктөрүнө ээ боло албайт, б.а. ал мезгил-мезгили менен банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жараша (бөлүп төлөө же толугу менен) нөлгө айландырылган дивиденддерди/пайыздарды төлөө

9) эгерде милдеттенмелердин мындай жогорулоосу мыйзам талаптарына ылайык төлөөгө жөндөмсүздүк белгиси болуп саналса, инструмент милдеттенмелердин активдерден ашкан бөлүгүнүн ордун жабуу үчүн пайдаланылууга тийиш эмес; 

10) эгерде банктын Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталынын коэффициенти 5,125% чейин төмөндөсө, банк ошол инструменттерди жөнөкөй акцияларга конвертациялоо же алар боюнча чыгымды бөлүштүрүү аркылуу ошол инструменттерди эсептен чыгаруу укугуна ээ болууга тийиш.  

Эсептен чыгарууда төмөнкүдөй эффекттер белгиленет: 

a) банкты жоюуда талаптарды төмөндөтүү

б) инструментти сатып алууда төлөнүүчү сумманы төмөндөтүү

в) пайыздар/дивиденддер боюнча төлөмдөрдүн бөлүгүн же толугу менен азайтуу. 

11) банк да, ошондой эле аны банк контролдогон же олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон байланыштуу жак да инструментти сатып ала албайт, ошондой эле банк түздөн-түз же кыйыр түрдө белгиленген инструментти сатып алууну каржылай албайт. 

3.9. Экинчи деңгээлдеги капитал банкты жоюуда чыгымдын ордунун жабылышын камсыз кылуу үчүн зарыл. 

Экинчи деңгээлдеги Капиталдын түзүмүн төмөнкү элементтер түзөт: 

1) “жалпы камдар”: 

а) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга “жалпы” камдар; 

б) кредиттерден тышкары башка активдерден потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга “жалпы” камдар; 

Экинчи деңгээлдеги Капиталга камтууга укуктуу ушул камдар, кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча салмактанган активдер наркынан максимум 1,25 пайыз чегинде чектелет.  

2) Экинчи деңгээлдеги Капиталга камтуу үчүн банктын Директорлор кеңешинин кат жүзүндөгү өтүнүчү боюнча Улуттук банк тарабынан жактырылган капитал инструменттеринин жана карыздык инструменттердин бөлүгү

3) Эмиссия жыйынтыгы боюнча экинчи деңгээлдеги Капиталга камтылган акцияларды сатуу баасы (Биринчи деңгээлдеги Капиталга камтылбаган) менен алардын номиналдык наркы ортосунда айырмасы. 

Бул инструменттер төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш: 

1) Чыгарылган жана төлөнгөн; 

2) Банктын аманатчыларына жана негизги кредиторлоруна карата субординацияланган болууга; 

3) инструмент банктын/байланыштуу жактардын милдеттенмелери боюнча камсыздоосу же гарантиясы катары кызмат кылууга, ошондой эле банкты укуктук же экономикалык чөйрөдө төлөм талабын биринчи кезекте канааттандырууга милдеттендириши мүмкүн болгон кандайдыр бир талаптар коюулууга тийиш эмес; 

4) ордун жабуу мөөнөтү

а) минималдуу баштапкы ордун жабуу мөөнөтү кеминде беш жылды түзүүгө тийиш; 

б) капитал инструменттерин амортизациялоо төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейин калган беш жыл үчүн бирдей чегерүү ыкмасынын негизинде жүзөгө ашырылат; 

в) сатып алууга себептер жок болсо. 

5) эмитенттин демилгеси боюнча беш жылды түзгөн минималдуу мөөнөт өткөндөн кийин гана жана Улуттук банк тарабынан алдын ала жактырылгандан кийин гана сатылып алынышы мүмкүн. Мында: 

а) банк акцияларды чыгарууда ошол инструменттин кайра сатылып алынышын күтүү менен кандайдыр бир иш-аракеттерди көрүүгө тийиш эмес; 

б) банк төмөнкү учурларда гана сатып алышы мүмкүн: 

- сатылып алынып жаткан инструментти ошол сыяктуу же кыйла жогору сапаттагы инструментке алмаштыруу банктын капиталы үчүн ишенимдүү болгон шарттарда ишке ашырылат; 

- Улуттук банктын капитал боюнча минималдуу талаптары бузууга жол берилбесе.  

6) инвестор банкроттук жана жоюу учурларын эске албаганда, келечекте пландаштырылган төлөмдөрдүн (облигация боюнча пайыздык киреше же негизги капитал) төлөнүшүн тездетүүгө укугу жок; 

7) инструмент кредиттен көз каранды дивиденддин, башкача айтканда банктын кредиттөө жөндөмдүлүгүнө толугу менен же анын бөлүгүнө негизденүү менен мезгил-мезгили менен нөлгө айландырылуучу дивиденддин/купондун өзгөчөлүгүнө ээ боло албайт; 

8) банк анын ишин контролдукка алган же олуттуу таасирин тийгизген банк да, байланыштуу жак да инструментти сатып ала албайт, анын ичинде банк ошол инструментти сатып алууну түздөн-түз же кыйыр түрдө каржылоого алышы мүмкүн эмес. 

3.10. Таза суммардык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги), Биринчи деңгээлдеги капиталдын, Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттери жана Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын Левераж коэффициентин эсептөөгө чейин төмөнкү элементтер эсептен чыгарылат: 

- аларды бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен жабууга мүмкүн болгон өтүп жаткан жыл ичиндеги жана өткөн жылдар ичиндеги таза пайда суммасы; 

- материалдык эмес активдер; 

- башка консолидацияланбаган банктарга жана финансы-кредит уюмдарына, ошондой эле финансылык эмес уюмдарга инвестициялар (акциялар же капиталда үлүштүк катышуу түрүндө). Эгерде банк ошол уюмдарга Биринчи деңгээлдеги кошумча капиталды же Экинчи деңгээлдеги Капиталды инвестицияласа алар тиешелүү капиталдан алынып салынат; 

- убакыт айырмасына байланыштуу кийинкиге калтырылган салыктык активдерди эске албаганда, келечекте алынуучу кирешеден көз каранды, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС) 12 негизинде эсептелген бардык кийинкиге калтырылган салыктык активдер. 

Кийинкиге калтырылган салыктык активдер ФОЭС 12 шарттары аткарылган учурда кийинкиге калтырылган салыктык милдеттенмелер менен бирге эске алынышы мүмкүн: 

- өздүк акцияларга түздөн-түз же кыйыр инвестициялар. Банк өздүк акцияларды, андан ары кыйла жогору баада сатуу үчүн акцияларды сатып алгандан кийин аларды кайра сатуу үчүн алдын ала келишим түзгөн учурда гана жана өздүк акцияларды сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алганга чейинки беш жыл ичинде банк иши чыгым тартуусуз ишке ашырылган шартта гана сатып алууга укуктуу. Банк акциялар сатылып бүткөнгө чейин аларды эсептен чыгарып турат. 

Банктар бирдей ыкманы колдонуу менен Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталды эсептөөдө өздүк Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталга инвестицияларын алып салууга жана өздүк Экинчи деңгээлдеги Капиталды эсептөөдө өздүк Экинчи деңгээлдеги Капиталга инвестицияларды алып салууга тийиш. 

Банктын капиталдык позициясынын жасалма жогорулашына алып келген капиталга өз ара кайчылаш ээлик кылуу толук көлөмдө эсептен чыгарылууга тийиш. Банктар башка банктардын, башка финансылык жана камсыздандыруу уюмдарынын капиталына мындай инвестицияларды жүзөгө ашыруу үчүн “алып салууга карата тиешелүү ыкманы” колдонууга тийиш. Бул, ал үчүн капитал банк өзү чыгарган сыяктуу эле квалификацияланган ошол эле капитал компонентине карата эсептен чыгаруу колдонулууга тийиш дегенди билдирет. 

3.11. Өздүк (регулятивдик) капиталдын, Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана таза Суммардык капиталдын отчеттук мезгилден кийинки айдын 1ине карата абал боюнча мааниси Улуттук банк тарабынан белгиленген капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын жана башка экономикалык ченемдерин жана талаптарын эсептөө үчүн колдонулат. Алардын мааниси отчеттук мезгил ичинде күндөлүк же ар жумалык негизде аныкталган экономикалык ченемдерди эсептөөдө отчеттук айдын 1ине карата абал боюнча банктын таза суммардык капиталынын суммардык мааниси жана ал юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан белгиленген тартипте сунушталган учурда отчет түзүү күнүнө карата кошумча капитал пайдаланылат.”; 

- Нускоого тиркемеде:  

Капитал жана капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенттери” бөлүмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

КАПИТАЛ ЖАНА КАПИТАЛ ЖЕТИШТҮҮЛҮГҮНҮН (ШАЙКЕШТИГИНИН) КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ 

 (миң сом) 

Статьялар 

Суммасы 

  

Биринчи деңгээлдеги Капитал 

  

 

Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал 

 

710 

Жөнөкөй акциялар 

  

720 

Артыкчылыктуу кумулятивдик эмес акциялар (Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталга камтуу үчүн артыкчылыктуу) 

  

730 

Номиналдан үстөк салынган капитал  

  

740 

Банктын келечекте керектөөсү үчүн камдар 

750 

Өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы (чыгымы) 

0  

760 

(-) Өтүп жаткан жылдын чыгымы 

 0 

770 

(-) Материалдык эмес активдер (430.1-ст.) 

780 

(-) Консолидацияланбаган банктар, финансы-кредит уюмдары жана финансылык эмес уюмдарга инвестицялар (200.1 - 230.1-ст, 390-ст., 400-ст.) 

790 

(-) Кийинкиге калтырылган салыктык активдер 

800 

(-) Банктын өздүк капиталдарына тике же кыйыр инвестициялар 

810 

Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал бардыгы болуп (710-800-ст. суммасы) 

 

Биринчи деңгээлдеги Кошумча капитал 

 

820 

Жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал  

830 

Артыкчылыктуу акциялар (Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталга камтуу үчүн артыкчылыктуу эмес) жана алардын номиналдык наркынан жогору салынган сумма 

840 

Капиталдын башка инструменттери (ст.630 плюс ст.820) 

850 

(-) Өздүк Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталга тике же кыйыр инвестициялар  

860 

(-) Консолидацияланбаган банктардын, финансы-кредит уюмдарынын жана финансылык эмес уюмдардын Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталына инвестициялар 

870 

Биринчи деңгээлдеги Кошумча капитал бардыгы болуп (ст.820-860 суммасы) 

880 

Биринчи деңгээлдеги капитал бардыгы болуп (ст.810 и ст. 870 суммасы) 

 

Экинчи деңгээлдеги капитал 

 

890 

Өтүп жаткан жылдын пайдасы (чыгымы) 

900 

Жалпы камдар (камтуу үчүн артыкчылыктуу) 

910 

Баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдар 

920 

Консолидациялоо учурунда чет өлкө валютасын кайра эсептеп чыгуу боюнча камдар 

930 

Экинчи деңгээлдеги капиталга камтуу Улуттук банк тарабынан жактырылган капитал бөлүгү 

940 

Экинчи деңгээлдеги капиталга камтылган (Биринчи деңгээлдеги капиталга камтылбаган) акциялардын сатуу баасы менен алардын эмиссия жыйынтыгы боюнча номиналдык наркы ортосунда айырмасы 

 0 

950 

(-) Өздүк Экинчи деңгээлдеги капиталга тике же кыйыр инвестициялар  

960 

(-) Консолидацияланбаган банктардын, финансы-кредит уюмдарынын жана финансылык эмес уюмдардын Экинчи деңгээлдеги капиталына инвестициялар 

970 

Экинчи деңгээлдеги капитал бардыгы болуп (ст.890-960 суммасы)  

980 

Суммардык капитал бардыгы болуп (ст.880 и ст. 970 суммасы) 

990 

Бардыгы болуп таза суммардык капитал (ст.880 и ст. 970 суммасы) 

1000 

Суммардык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (ст. 990/ст.620) 

 

1010 

Биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (ст.880/ст.620) 

 

1020 

Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (ст.810/ст.620) 

 

». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“3.2. Тобокелдик деңгээли боюча салмактанган активдерге жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерге негизденген капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттери: 

- суммардык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттери (К2.1) 12% төмөн эмес; 

- Биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттери (К2.2) 6% төмөн эмес; 

- Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттери (К2.3) 4,5% төмөн эмес.”; 

- 3.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“3.3. Левераж (К2.4) - 8% төмөн эмес.»; 

- “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобого карата 1-тиркеменин: 

биринчи таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы, банк капиталынын кошумча запасы ("капиталдын буфери" индекси)  

Белгилениши 

Банктын ченемин жана капиталынын кошумча запасын эсептөө ("капиталдын буфери" индекси)   

Банктын ченеминин жана капиталынын кошумча запасынын айкын мааниси ("капиталдын буфери" индекси)   

Банктын ченеминин жана капиталынын кошумча запасынын белгиленген мааниси ("капиталдын буфери" индекси)   

Банктын белгиленген ченеминен жана капиталынын кошумча запасынан четтөө ("капиталдын буфери" индекси)   

Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулардын тобуна карата тобокелдиктердин максималдуу өлчөмү 

К1.1 

СЗ 

------ ---- 

ЧСК 

  

20% ашпаган  

  

К1.2 

СЗ 

----- ---- 

ЧСК 

  

15% ашпаган  

  

К1.3 

СЗ 

----- ---- 

ЧСК 

  

30% ашпаган  

  

К1.4 

СЗ 

----- ---- 

ЧСК 

  

15% ашпаган 

  

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми  

К2.1 

ЧСК 

----- ---- 

ЧРА  

  

12%  кем эмес 

  

К2.2 

КПУ 

------ ---- 

ЧРА  

  

6% кем эмес  

  

К2.4 

ЧСК 

----- ---- 

СА 

  

8% кем эмес  

  

Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)  

К3.1 

ЛА 

----- ---- 

ОБ  

  

45% кем эмес 

  

Банк капиталынын кошумча запасы («капитал буфери индекси») 

 

  

ЧСК 

----- ---- 

ЧРА  

  

__% кем эмес (мааниси көрсөтүлсүн) 

 

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми  

К2.3 

БКПУ 

------ ---- 

ЧРА 

 

4,5% кем эмес 

 

»; 

 

- “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобого карата 2-тиркеменин 

сегизинчи сабы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

Левераж (К2.4) 

8% кем эмес 

 

»; 

- “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобого карата 2-тиркеме төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын: 

« 

Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (К2.3) 

4,5% кем эмес 

 

»; 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен беиктилген “Мезгил-мезгили менен берилүүчү банктык регулятивдик отчет жөнүндө” жобонун: 

- 2-тиркемесинин: 

 

- 9.А-1, 9.Б, 9.Б-1, 14 жана 14.В. бөлүктөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

 

 

 

20___ -жылдын «___» _______ 

карата Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет  

 

 

 

9.А-1-бөлүк. 15 ири каржылоо булактары боюнча маалыматтар, анын ичинде ФКУ жана мамлекеттик мекемелер (Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, ж.б.)  

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

(миң сом) 

№ 

Аманатчынын*/кредитордун аталышы 

 

аманатчынын /кредитордун 

ИНН 

кредит/депозит суммасы** 

 

Кирешелүүлүктүн пайыздык чени/үстөк баасы/нормасы  

Келишим түзүлгөн күн  

Келишим мөөнөтү бүткөн күн *** 

Эскертүү (милдеттенмелердин жүктөлүшү, ислам каржылоо принциптери, ж.б.) 

Кредит 

Эсептешүү эсеби  

Мөөнөттүү депозит 

Талап боюнча төлөнүүчү депозит  

Валюта 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

… 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

15 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп 

0,0 

0,0 

0,0 

0,0 

 

 

 

 

 

 

 

15 ири каржылоо булактары боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасы  

 

 

 

0,0 

 

 

 

*каржылоо боюнча камсыздоо болуп саналган депозиттер, бул таблицада камтылбайт 

 

** отчеттук күнгө карата (депозиттер боюнча талап боюнча, эсептешүү жана мөөнөттүү болуп бөлүнөт) каржылоо же депозит боюнча калдыгы көрсөтүлөт  

  

 

*** талап боюнча төлөнүүчү депозиттер жана эсептешүү эсептери боюнча ячейка бош бойдон калтырылат  

 

 

Аткаруучу: ___________________________ Кол тамгасы: ____________________________ 

 

 

 

  

  

 9.Б. БӨЛҮК. БАНК-КОРРЕСПОНДЕНТТЕР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ  

  

  

  

20__-жылдын «___» ____ карата Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет  

 

  

  

  

 

 

 

 

№ п/п 

Банктын 11 белгиден турган SWIFT-коду/Идентификациялык коду (банк эмес уюмдар үчүн ) 

Банктын аталышы / Юридикалык жактын аталышы (банк эмес уюмдар үчүн

Топ  

Таандык өлкөсү  

Рейтинг агенттигинин аталышы  

Ыйгарылган рейтинги (эгерде, болсо) 

Рейтинг берилген күнү  

Валютасы 

  

Бардыгы болуп 

РППУ 

номиналында 

Сом түрүндө 

номиналында 

сом түрүндө 

10 

11 

12 

13 

1. 

 

Банк 1 

  

 

  

 

  

  

 

 

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

2. 

  

Банк 2 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

Аткаруучу: ___________________________ Кол тамгасы: _______________________________________ 

Аты-жөнү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

20__-жылдын «___» ____ карата 

Мезгил-мезгили менен берилүүчү 

регулятивдик банктык отчет 

 

9.Б-1 бөлүк. Депозиттик эсептерде жайгаштырылган каражаттар боюнча маалыматтар  

  

  

 

  

  

  

 

 

 

(миң сом) 

 

 

Катар №  

Банктын аталышы  

Таандык өлкөсү 

Рейтингдер 

Депозиттин жалпы суммасы  

Валютасы 

Анын ичинде 

Келишим түзүлгөн күн  

Келишим мөөнөтү бүткөн күн  

Кирешелүүлүктүн пайыздык чени/нормасы  

Ченемди (көрсөткүч) эсептөөгө камтылган депозиттер К1.3  

Ченемди (көрсөткүч) эсептөөгө камтылган депозиттер К1.4 

Агенттиктин аталышы  

Ыйгарылган рейтинги  

 

 

номиналында 

Сом түрүндө 

 

 

10 

11 

12 

13 

14 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

… 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

100 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аткаруучу : ___________________________ Кол тамгасы : ________________ 

Аты-жөнү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

20__-жылдын «___» ____ карата  

Мезгил-мезгили менен берилүүчү 

регулятивдик банктык отчет  

 

 

 

«14өлүк 

«ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕРДИН САКТАЛЫШЫ ЖАНА БАНК КАПИТАЛЫНЫН КОШУМЧА ЗАПАСЫНЫН (“КАПИТАЛ БУФЕРИ” КӨРСӨТКҮЧҮ) КОЛДООГО АЛЫНЫШЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы, банк капиталынын кошумча запасы ("капиталдын буфери" индекси)  

Белгилениши 

Банктын ченемин жана капиталынын кошумча запасын эсептөө ("капиталдын буфери" индекси)   

Банктын ченеминин жана капиталынын кошумча запасынын айкын мааниси ("капиталдын буфери" индекси)   

Банктын ченеминин жана капиталынын кошумча запасынын белгиленген мааниси ("капиталдын буфери" индекси)   

Банктын белгиленген ченеминен жана капиталынын кошумча запасынан четтөө ("капиталдын буфери" индекси)   

Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулардын тобуна карата тобокелдиктердин максималдуу өлчөмү 

К1.1 

СЗ 

------ ---- 

ЧСК 

  

20% ашпаган  

  

К1.2 

СЗ 

----- ---- 

ЧСК 

  

15% ашпаган  

  

К1.3 

СЗ 

----- ---- 

ЧСК 

  

30% ашпаган  

  

К1.4 

СЗ 

----- ---- 

ЧСК 

  

15% ашпаган 

  

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми  

К2.1 

ЧСК 

----- ---- 

ЧРА  

  

12%  кем эмес 

  

К2.2 

КПУ 

------ ---- 

ЧРА  

  

6% кем эмес  

  

К2.4 

ЧСК 

----- ---- 

СА 

  

8% кем эмес  

  

Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)  

К3.1 

ЛА 

----- ---- 

ОБ  

  

45% кем эмес 

  

Банк капиталынын кошумча запасы («капитал буфери индекси») 

 

  

ЧСК 

----- ---- 

ЧРА  

  

__% кем эмес (мааниси көрсөтүлсүн) 

 

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми  

К2.3 

БКПУ 

------ ---- 

ЧРА 

 

4,5% кем эмес 

 

»; 

 

  

Отчеттук мезгил үчүн орточо маани  

1-жума  

2-жума  

3-жума  

4-жума  

5-жума  

6-жума  

Бардыгы болуп 

ЛА - Ликвидүү активдер 

  

  

  

  

  

  

 

 

ОБ банктын милдеттенмелери 

  

  

  

  

  

  

 

 

К3 ченеми = ЛА/ОБ 

  

  

  

  

  

  

 

 

КПУ Биринчи деңгээлдеги Капитал  

 

 

 

 

 

 

 

 

БКПУ Биринчи деңгээлдеги Базалык Капитал 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

14.В. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы тууралуу отчет  

 

  

  

  

  

 

  

  

Белгилениши  

Айкын мааниси 

Белгиленген маани 

Айкын мааниси (шарттуу бирдик менен) 

Күрөө менен камсыз болбогон кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

  

ЧСКнын 50% ашпаган 

 

Банк менен аффилирленген жана байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

  

ЧСКнын 60 % ашпаган 

 

Ар бир банк эмес уюмга кайсы болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү  

  

Өздүк (регулятивдик) капиталдын 60% ашпаган ) 

 

Банктык жайларга инвестициялардын максималдуу өлчөмү (негизги каражаттар) 

  

Төлөнгөн уставдык капиталдын 100% ашпаган 

 

Өкмөттүн жана башка мамлекеттердин борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестициялардын максималдуу өлчөмү  

 

ЧСК өлчөмүнүн 100% ашпаган  

 

Мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга банк инвестицияларынын максималдуу өлчөмү  

 

ЧСК өлчөмүнүн 50% ашпаган  

 

  

  

 

  

  

  

  

 Аткаруучу: ______ Кол тамгасы: __________ Аты-жөнү___________________ 

 

 

- «Кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттердин көлөмү жөнүндө маалымат» деген 14-бөлүк төмөнкү мазмундагы 14 «Е» бөлүгү менен толукталсын:  

 

« 

14.Е. Кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттердин көлөмү жөнүндө маалымат  

 

Белгилениши  

Айкын мааниси (%) 

Айкын мааниси  

(шарттуу бирдиктерде) 

Кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттердин көлөмү  

 

  

 

»; 

 

  

 

 

- 15.7 «Капитал жана капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенттери» төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«15.7-БӨЛҮК 

КАПИТАЛ ЖАНА КАПИТАЛ ЖЕТИШТҮҮЛҮГҮНҮН (ШАЙКЕШТИГИНИН) КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ 

Статьялар 

Суммасы 

  

Биринчи деңгээлдеги Капитал 

  

 

Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал 

 

710 

Жөнөкөй акциялар 

  

720 

Артыкчылыктуу кумулятивдик эмес акциялар (Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталга камтуу үчүн артыкчылыктуу) 

  

730 

Номиналдан үстөк салынган капитал  

  

740 

Банктын келечекте керектөөсү үчүн камдар 

750 

Өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы (чыгымы) 

0  

760 

(-) Өтүп жаткан жылдын чыгымы 

 0 

770 

(-) Материалдык эмес активдер (430.1-ст.) 

780 

(-) Консолидацияланбаган банктар, финансы-кредит уюмдары жана финансылык эмес уюмдарга инвестицялар (200.1 - 230.1-ст, 390-ст., 400-ст.) 

790 

(-) Кийинкиге калтырылган салыктык активдер 

800 

(-) Банктын өздүк капиталдарына тике же кыйыр инвестициялар 

810 

Биринчи деңгээлдеги Базалык капитал бардыгы болуп (710-800-ст. суммасы) 

 

Биринчи деңгээлдеги Кошумча капитал 

 

820 

Жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал  

830 

Артыкчылыктуу акциялар (Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталга камтуу үчүн артыкчылыктуу эмес) жана алардын номиналдык наркынан жогору салынган сумма 

840 

Капиталдын башка инструменттери (ст.630 плюс ст.820) 

850 

(-) Өздүк Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталга тике же кыйыр инвестициялар  

860 

(-) Консолидацияланбаган банктардын, финансы-кредит уюмдарынын жана финансылык эмес уюмдардын Биринчи деңгээлдеги Кошумча капиталына инвестициялар 

870 

Биринчи деңгээлдеги Кошумча капитал бардыгы болуп (ст.820-860 суммасы) 

880 

Биринчи деңгээлдеги капитал бардыгы болуп (ст.810 и ст. 870 суммасы) 

 

Экинчи деңгээлдеги капитал 

 

890 

Өтүп жаткан жылдын пайдасы (чыгымы) 

900 

Жалпы камдар (камтуу үчүн артыкчылыктуу) 

910 

Баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдар 

920 

Консолидациялоо учурунда чет өлкө валютасын кайра эсептеп чыгуу боюнча камдар 

930 

Экинчи деңгээлдеги капиталга камтуу Улуттук банк тарабынан жактырылган капитал бөлүгү 

940 

Экинчи деңгээлдеги капиталга камтылган (Биринчи деңгээлдеги капиталга камтылбаган) акциялардын сатуу баасы менен алардын эмиссия жыйынтыгы боюнча номиналдык наркы ортосунда айырмасы 

 0 

950 

(-) Өздүк Экинчи деңгээлдеги капиталга тике же кыйыр инвестициялар  

960 

(-) Консолидацияланбаган банктардын, финансы-кредит уюмдарынын жана финансылык эмес уюмдардын Экинчи деңгээлдеги капиталына инвестициялар 

970 

Экинчи деңгээлдеги капитал бардыгы болуп (ст.890-960 суммасы)  

980 

Суммардык капитал бардыгы болуп (ст.880 и ст. 970 суммасы) 

990 

Бардыгы болуп таза суммардык капитал (ст.880 и ст. 970 суммасы) 

1000 

Суммардык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (ст. 990/ст.620) 

 

1010 

Биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (ст.880/ст.620) 

 

1020 

Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенти (ст.810/ст.620) 

 

»; 

- «Башка маалыматтар» деген 18-бөлүк төмөнкү мазмундагы 18 «И» бөлүгү менен толукталсын: 

«18.И. «Банктын тобокелдик-жагдайлары жөнүндө маалымат» 

 

 

№ п/п 

Тобокелдик-жагдайы катталган/орун алган\келип чыккан күн  

Тобокелдик-жагдайы аныкталган күн  

Тобокелдик-жагдайы четтетилген күн  

Башкы бөлүмдүн/ филиалдын /түзүмдүк бөлүмдүн аталышы / №АТМ / тейлөө түйүндөрүнүн /соода-тейлөө ишканаларынын аталышы  

Үзгүлтүктөр келип чыккан бизнес-процесс/иш  

Тобокелдик-жагдайын чагылдыруу  

Тобокелдиктердин келип чыгуу себептери  

Тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча кабыл алынган чечимдер\сунуштар  

Контролдук чаралары / иш-чаралар  

Тобокелдиктер деңгээли (таасири / жоготуулар) 

Эскертүү  

банктын ишине  

аброюна на  

финансыга 

Тобокелдик деңгээлинин шкаласы  

Сумма 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

1.Ички алдамчлык, б.а. банк кызматкеринин кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануусу же укукка жатпаган аракеттер 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

2. Тышкы алдамчылык, б.а. банкка тиешеси жок адамдардын укукка жатпаган аракеттери  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

3. Ишке кабыл алуу тажрыйбасы, банктык, эмгек жана башка мыйзамдарынын талаптарынын, кызматкерлердин эмгек коопсуздук жана алардын ден-соолугуна кам көрүү шарттарынын бузулушу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

4.Банк тарабынан банк кардарларынын жана үчүнчү жактардын алдындагы келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылбай калышы, банк кардарлары тууралуу маалыматтын кыянаттык менен пайдаланылышы, операциялардын тиешелүү деңгээлде ишке ашырылбай калышы же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатсыз сунушталышы, иш жүргүзүү эрежелеринин сакталбай калышы, монополияга каршы күрөшүү мыйзамдарынын бузулушу, кардарларды иликтөө боюнча талаптардын сакталбай калышы.  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

5. Банктын материалдык активдерине зыян келтирүү (мисалы, өрт, табигый кырсыктар, терроризм актылары, вандализм, ж.б. натыйжасында).  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

6. Банктын маалымат жана башка системаларынын, жабдууларынын, коммуникацияларынын ишинде орун алган үзгүлтүк же алардын иштебей калуусу  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

7. Ички процесстер жана маалымат агымдары тиешелүү деңгээлде уюштурулбай калышы  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

Аткаруучу: ______ Кол тамгасы: __________ Аты-жөнү___________________ 

 

 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобонун: 

- 3 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“3. Банкта натыйжалуу корпоративдик башкаруунун негизги компоненттеринен болуп төмөнкүлөр саналат:  

- банктын башкаруу органдары ортосунда ыйгарым укуктарды, компетенцияларды жана отчет берүүнү аныктоо, Директорлор кеңешинин жана банк Башкармасынын натыйжалуу иш алып баруусун уюштуруу;  

- банк ишин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле анын жүзөгө ашырылышын контролдоо;  

таламдардын каршы келишине жол бербөө системаларын түзүү

- банктын жетекчилигине жана кызматкерлерине сый акы берүү саясатын бекитүү

- кесиптик этика стандарттарын аныктоо жана сактоо;  

- банк ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу.  

Банктарда жана банктык топтордо натыйжалуу корпоративдик башкаруунун методологиялык негизи катары Эл аралык эсептешүүлөр банкынын (Швейцария) www.bis.org сайтында жайгаштырылган Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин сунуш-көрсөтмөлөрү, ошондой эле www.oecd.org сайтында жайгаштырылган Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун корпоративдик башкаруу принциптери саналат.”; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: 

“3-1. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы аларга жүктөлгөн милдеттерге тиешелүү маселелер боюнча аналитикалык, маалымат берүү, маалымдоо материалдарын жана сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо үчүн кеңешчилерди (адистерди, консультанттарды, эксперттерди ж.б.) ишке тартууга укуктуу.  

Кеңешчинин иши кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө кызматтык нускоолордун/келишимдердин алкагында жүзөгө ашырылууга тийиш.  

Кеңешчилер банктын кызмат адамы болуп саналбайт жана банктын операциялык ишине (кредиттик ж.б.) катыша алышпайт. Кеңешчилердин корутундусу сунуш-көрсөтмө берүү мүнөзүнө ээ жана Директорлор кеңеши, банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган бардык чечимдер үчүн жоопкерчилик аталган органдарга жүктөлөт.”; 

-10-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

“Банктын Директорлор кеңеши банкты стратегиялык жактан башкарат, банкта тобокелдиктерди башкаруу жана ички контролдоо системасын уюштуруунун негизги принциптерин жана ыкмаларын аныктайт, банктын аткаруу органдарынын ишин контролдойт, ошондой эле Директорлор кеңешинин компетенциясынын алкагында башка негизги функцияларды жүзөгө ашырат.”; 

- 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Директорлор кеңешинин гана компетенциясына жана жоопкерчилигине кирген маселелер Мыйзамда аныкталган жана анда банктын стратегияларын жана саясаттарын аныктоо, ошондой эле натыйжалуу аткаруу органдарынын калыптанышын жана алардын иш-аракеттерин контролдоону камсыз кылуу милдети каралган.»; 

- 12-пунктунун: 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык, тобокелдикти натыйжалуу тескөө системасын уюштуруунун негизги принциптерин жана ыкмаларын аныктоо;»; 

- төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«- банктын ишинин узак мөөнөткө каралган негизги багыттарын жана алардын көрсөткүчтөрүн белгилөө.»; 

- он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Өз ишине, Директорлор кеңешинин ишине жана алардын мүчөлөрүнүн ишине баа берүүнүн негизинде өз ишинин натыйжалуулук деңгээлин, банкты өнүктүрүүнүн муктаждыктарына (натыйжалуу башкаруунун кемчиликтерин аныктоо жана тиешелүү түзөтүүчү иш-аракеттерди кабыл алуу) алардын дал келүүсүн мезгил-мезгили менен (жыл ичинде бир жолудан кем эмес) аныктоо»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын: 

«12-1. Банктын Директорлор кеңеши таламдардын ички каршы келүүсүн, анын ичинде аткаруу органдарынын жана банктын кызматкерлеринин ортосундагы таламдардын каршы келүүсүн алдын алуучу, аныктоочу жана жөнгө салуучү ролду ойноого тийиш. Банктын Директорлор кеңеши таламдардын ички каршы келүүсүнө жол бербөө, банктын ишинин ачык-айкындуулугун, маалыматтын өз убагында жана толук берилишин, ошондой эле банктын акционерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документтерден тоскоолдуксуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн жооптуу болуп саналат; 

- 18 -пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Банк корпоративдик башкарууну күчөтүү максатында башка комитеттерди түзүүгө тийиш, атап айтканда: 

- Кредиттик комитет кредит, гарантия, милдеттенме, кепилдик берүүгө, ошондой эле кредиттик операция болуп саналган жана өзүндө кредиттик жоготуу тобокелдигин камтыган башка активдерге жана милдеттенмелерге тиешелүү бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.  

- Банктын активдерин жана пассивдерин тескөө комитети - банктын балансынын жалпы түзүмүн контролдойт, активдер жана пассивдер түзүмүнө мониторинг жүргүзөт, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген активдерди жана пассивдерди тескөө саясатынын талаптарынын сакталышын камсыз кылат.  

Аталган комитеттердин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген комитеттер тууралуу ички жоболорго ылайык жөнгө салынат.  

Банктагы бардык комитеттерде аталган комитеттердин төрагалары башчылык кылат. Комитеттердин төрагалары комитеттин иши жөнүндө дайыма Директорлор кеңешине жана анын төрагасына маалымдап турууга тийиш. 

Комитетттердин курамын алдын ала каралуучу маселени ар кыл пикирлерди эске алуу менен ар тараптан талкууга алууга мүмкүндүк бергендей курамда аныктоо сунушталат.”;  

- 23-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“23. Директорлор кеңеши, алып барган иши тобокелдиктерди контролдоо жана чараларды кабыл алуу менен байланышкан банктын негизги кызматкерлеринин тизмесин аныктайт. 

Банктын негизги кызматкерлерине банк Башкармасынын мүчөлөрү, түзүмдүк бөлүмдөрдун жетекчилери (иштин багыты боюнча) жана банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялар менен бүтүмдөрдү ишке ашырууга катышкан түзүмдүк бөлүмдөрдүн башка кызматкерлери кирет.”; 

- 25-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 33- пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Комитеттин иши банктын негизги кызматкерлерин дайындоо жана аларга сый акы төлөө боюнча контролду күчөтүүгө багытталууга тийиш.”; 

- 36-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“36. Комитет Директорлор кеңешинин кеминде үч мүчөсүнөн турууга жана алардын бири көз карандысыз мүчө болууга тийиш.”; 

- 37-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“37. Комитет, Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарды эске алуу менен банктын негизги кызматкерлеринин курамына киргизүү үчүн талапкерлер боюнча Директорлор кеңешине сунуш-көрсөтмөлөрдү берет.”; 

- 39-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

“39. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана негизги кызматкерлерине сый акы төлөө банкта кабыл алынган ички ченемдик актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.”; 

- 40-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

“40. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана негизги кызматкерлерине берилүүчү сый акынын өлчөмү алардын натыйжалуу иш алып баруусу үчүн жетиштүү дем берген жана банкка компетенттүү, квалификациялуу адистерди тартууга жана кармап калууга мүмкүнчүлүк берген деңгээлде түзүлүүгө тийиш. 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө кошумча сый акы өлчөмү финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча банк ишинин натыйжаларын, Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн аталган кеңештин ишине натыйжалуу катышуусун эске алуу менен акционерлердин жалпы жыйынында чечим кабыл алуу менен белгиленет.”; 

Жобо төмөнкү мазмундагы 40-1-пункту менен толукталсын:  

«40-1. Сый акы төлөө системасы, банк ишинин натыйжаларына жана кызматкердин ошол натыйжаларга жетүүгө кошкон жеке салымына карата сый акынын негиздүү деңгээлин камсыз кылган катышта аныкталууга тийиш.  

Банк тарабынан сый акы боюнча лимит каралуусу зарыл. Лимиттин түзүмү банктын ар кандай деңгээлдеги кызмат адамдарына сый акы өлчөмүн пропорционалдуу теңдештирүүнү кароого тийиш.»; 

- 42-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Сый акы өлчөмү кызматкердин милдеттеринин көлөмүнө, ошондой эле натыйжага карата тобокелдиктин катышына түздөн-түз көз каранды болууга тийиш.”; 

- 43-пунктунун:  

үчүнчү абзацындагы “төлөө критерийлеринин системасын” деген сөздөрдөн мурда “ачык айкын” деген сөздөр менен толукталсын;  

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

“- сый акылардын (бонус) өлчөмүн, ошондой эле алардын лимиттерин;”; 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“- сый акыларды (бонус) төлөө мүмкүнчүлүгү үчүн сый акылардын банктын кирешелүүгүнө көз каранды болуусун.”; 

- 6-главанын аталышындагы “комитетке” деген сөз “Комитетке” деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 51-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«51. Банктын корпоративдик катчысы банк акционерлеринин жалпы жыйынын ишин жана Директорлор кеңешинин күндөлүк өз ара натыйжалуу иш алып баруусун камсыз кылат жана уюштурат (отурумдарды өткөрүү жана иш кагаздарын жүргүзүү), ошондой эле акционерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча банктын ишин координациялайт.”; 

- 53-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:  

«Корпоративдик катчы жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жетиштүү билим деңгээлине, тажрыйбага жана квалификацияга ээ болууга тийиш. Корпоративдик катчы коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл ыйгарым укуктар жана ресурстар менен камсыз болууга тийиш.”; 

- 56-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

“4) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берүүгө.”; 

-61-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү “жана алар так сакталууга тийиш” деген сөздөр “жана алардын сакталышы камсыздалууга тийиш” деген сөздөргө алмаштырылсын.