Кайта келүү

1000 сом номиналындагы банкноттор 

Номинал 

(сом

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы 

өлчөмү 

(мм

өңү 

1000 

01.12.2010 

150 х 71 

Бозомук 

1000 

28.08.2000 

165 х 78 

Бозомук жашыл 

2010-жылы чыгарылган 1000 сом наркындагы банкнот 150 х 71 мм. өлчөмүндөгү ак кагазда даярдалган. Банкнотто бозомук түс басымдуулук кылат. Банкноттун кагазында түзсүз була камтылган, УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган көк жана кызыл түстөгү булалар көрүнөт. Кагаз, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу  суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине  ээ. Анда "1000 СОМ" деген майда сөздөрдүн  катар тыгыз  берилишинен  турган  көзөнөкчө түрүндөгү  коргоо тилкеси түшүрүлгөн. Банкноттун четтери ак купондук тилкеден  турат. Банкноттун алдыңкы бетиндеги портрет, "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "МИң СОМ" деген жазуулар,  "1000" деген сан, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы релңефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн.  

Банкнот өзгөчө дизайнга жана  өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ

 

Банкноттун алдынкы бетинин жогору жагында төөнүн майда сүрөттөлүшүнөн турган "1000" деген сан, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу, банкноттун кызыл түстө берилген сериялык номери жайгаштырылган. Банкноттун сол жагында орто кылымдын белгилүү ойчулу жана акыны, Жусуп Баласагындын элеси жана "ЖУСУП БАЛАСАГЫН (XIк.)" деген жазуу берилген. Чоңойтуп кароодо портрет "Жусуп Баласагын" деген жазуунун кайталанган жыштыгынан турган майда тамгалардан турат. Портреттин сол жагында Жусуп Баласагындын түспөлдүк элеси, жана номиналдын саны түстүү чагылдырылган голографиялык тилкеде жайгашкан. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо Жусуп Баласагындын элеси анын “Кут алчу билим” чыгармасынын аталышына өзгөрөт. Портреттин оң жагында жайгашкан тилкеде чоңойтуп кароодо "Кыргыз Банкы" деген кайталанып турган жазуу көрүнөт. Портреттин алдында "МИң СОМ" деген текст жазылган

Портреттин оң тарабындагы ак купондо кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери, жогорудан төмөн карай тигинен жайгаштырылган

Коргоо тилкенин оң жагында банкнотто түшүрүлгөн бозомук түстөгү айлананын фонунда күндүн түспөлүнүн сүрөттөлүшү релңефтүү берилген. 

Суу белгисинин ак тилкесинде жайгашкан, бир-бирине дал келген сүрөттөлүш, жарыкка салып кароодо "сом" деген сөздү чагылдырат

Банкноттун төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийимдин релңефин камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "1000" деген цифралык номинал даана көрүнөт. Банкноттун төмөнкү ички оң бурчтарында "1000" деген сан түшүрүлгөн

  

Банкноттун арткы бетинде Кыргызстандын көк тиреген бийик тоолорунун алкагында архитектуралык эстелик - Тахти Сулаймандын сүрөттөлүшү берилген. Манастын күмбөсүнүн сүрөттөлүшү берилген. Банкноттун жогорку жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу жана "1000" сом деген сан түшүрүлгөн

Банкноттун чок ортосунда седеп түстүү боек менен аткарылган тилке “1000”  деген сан, “МИң СОМ” жазуу жүзүндө иридесценттик элемент берилген. Банкноттун төмөн жагында “1000” деген сан, жазуу жүзүндөМИң СОМ”  жана банкноттун “2010” деген чыгарылган жылы түшүрүлгөн

 

2000-жылдагы чыгарылган 1000 сом номиналындагы банкноттор 165х78 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто бозомук жашыл түс басымдуурак кылат. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдынкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске жана банкноттун номиналы түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкнот көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган "1000" деген микротексттүү коргоо тилкесине жана оюм-чийимге ээ. Тилкелүү код банкоттун чет жактары боюнча оң жана сол тараптарында берилген.   

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; көзү начар көргөн адамдар үчүн кыйгачынан жайгаштырылган беш штрихтик белги жана "1000" деген үзгүлтүксүз микрошрифтти камтыган "1000" деген цифра жогорулатылган релңефтүү ыкмада; ошондой эле кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери берилген. Анын жанында улуттук оюм-чийим түрүндөгү голограмма орун алган. Голограмманын борбордук элементи "1000" деген цифралык номиналдан жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын логотибинен турат.  

Чок ортосунда, оюм-чийимдин ичинде чегилип аткарылган "1000" номиналынын чагылышы; айлана формасындагы өтмө регистр; орто кылымдын белгилүү ойчулу жана акыны, Баласагын шаарынын кулуну Жусуп Баласагындын элеси жана "ЖУСУП БАЛАСАГЫН 11к." деген текст жайгаштырылган. Ак купондук тилкеде көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку релңефте аткарылган шарттуу белги берилген. Төмөнкү тарабында "1000" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "1000" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "МИң СОМ" деген текст камтылган. Оң тарабында кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери (цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өсөт), ошондой эле тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. Төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийимдин релңефтик сүрөттөлүшүн камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "1000" деген цифралык номинал даана көрүнөт

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана номиналды билдирген "1000" деген цифралык микрошрифтти камтыган "1000" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда Сулайман тоосунун элесинде илгерки архитектуралык эстелик - Тахти Сулаймандын сүрөттөлүшү берилген. Банкноттор Кыргызстандын Ош шаарынын 3000 жылдыгына арналып чыгарылган, муну банкноттун сол жак бөлүгүндөгү "Ошко үч миң жыл" деген жазуу тастыктап турат. Оң тарабында айлана түрүндөгү өтмө регистр орун алган. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийменин оң тарабында банкноттун номиналын көрсөткөн "МИң СОМ" деген микрошрифт камтылган. Төмөнкү тарабында "1000" деген цифралык номинал жана банкноттун чыгарылган жылы "2000" берилген. Банкноттун сол жак бөлүгүндө улуттук оюм-чийим жана иридесценттик боек менен аткарылган "1000" деген цифралык номинал орун алган