Кайта келүү

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов пресс-конференциянын жүрүшүндө эсептик  

чендин өлчөмүн 10 пайыздан 8 пайызга  

төмөндөтүү чечими кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдады 

Улуттук банк Башкармасы 2016-жылдын 28-мартында эсептик чен өлчөмүн 200 базистик пунктка, 10 пайыздан 8,00 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта, пресс-конференциянын жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымдады.  

Толкунбек Абдыгуловдун сөзүнө караганда, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн алдын алуу жана учурдагы кырдаалды баалоонун негизинде Улуттук банк ушундай чечимге келген. 18-мартка карата баалардын жалпы деңгээли 0,71 пайызга төмөндөп, жылдык мааниде алганда инфляция деңгээли 0,8 пайыз чегинде катталган. Инфляциялык фактордун төмөндөшүнө эң башкысы өлкөдө азык-түлүк товарларынын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын наркынын дүйнөлүк рынокто төмөндөшү себеп болуп жатат.  

2016-жылдын алгачкы эки айында 7,8 пайыз Кыргызстандын экономикасында төмөндөө болуп, ал негизинен “Кумтор” алтын кениндеги өндүрүштүн басандашы менен байланыштуу болгон; эгерде “Кумтордогу” өндүрүштү эсепке албай турган болсок, анда ИДП өсүмүнүн темпинин төмөндөөсү 0,1 пайызга барабар. 

Улуттук банктын башчысы валюта рыногундагы абалга комментарий берип жатып, азыркы абал жалпысынан туруктуу экенин билдирди. 2016-жылдын башынан бери сомдун курсу америкалык долларга карата 6,7 пайызга бекемделип, бүгүн 1 АКШ доллары 70.84 сомду түздү

Мындан сырткары, Толкунбек Абдыгулов долларлык ипотекалык кредиттерди сомго которуу боюнча аягына чыгып калган программага оң баа берип, токтолуп кетти. “Биз чынында эле муктаж болуп турган калктын катмарына колдоо көрсөтө алдык. Мындай жардам материалдык гана эмес, моралдык жактан дагы колдоо катары көрсөтүлдү. Бир айдын ичинде жалпы ипотекалык кредиттин 60 пайызы же 2 миң 397 кредит конвертацияланды. Бул жерден белгилей кетүүчү нерсе, конвертация жарандардын ыктыяры менен ишке ашырылып, эч ким эч кимди мажбурлаган жок. Керек болсо, айрым жарандарыбыз конвертациядан баш тартышты”, - деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.