Кайта келүү

Финансылык «мышык-чычкан» оюндары 

 

 

Опубликовано: 7 марта 2014 г., 17:01  

(обновлено: 8 марта 2014 г., 15:07)  

Автор: Бакыт Толканов, Назира Жусупова  

 

Бала кезде ар бир бала көптөгөн оюндарды билишет, алардын эӊ белгилүүсү «мышык-чычкан» болот эмеспи, мында бир команданын милдети экинчисин кубалап жетүү, алардыкы болсо, тескерисинче, туткунга түшпөй качып кетүү. Иш жүзүндө, көптөгөн балдар, чоӊойгондо да, ушул эле оюнду дайыма ойноого артыкчылык беришет экен, албетте, мында утуш бир топ чоӊ нерсени түшүндүрөт. 

 

Бүгүн, 7-мартта Кыргызстандын Улуттук банкы банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин инспекциялоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин катаал турмушун көрсөтүүнү чечишти. Расмий маалыматтарга ылайык, КРда 331 алмашуу пункту иштейт, бирок алардын реалдуу саны бир топ эле айырмаланат. 

 

Биринчи кезекте, Улуттук банктын жана журналисттердин десанты биздин сыймыгыбыз болгон «Дордой» базарына «конду», чындыгында сыймыктана турган эч нерсе жок экен бул жакта. 100дөн ашуун алмаштыруу жайларынын болгон 10-12си гана Улуттук банктын лицензияларына ээ экен. «Лицензиялуулугун» текшерүү операциясынын алдында план түзүлдү, курчоону эки тараптан баштоо пландаштырылып жатты, классикалык блицкриг жасоо үчүн. Бирок рейддин ийгилиги жубатаарлык болгон жок, топтордун бири гана «Шу» алмашуу пунктунун ээсин Гүлнур Шайдуллаеваны таба алды, ал өз пунктун жакында эле ачып, лицензия алганга үлгүрбөй жаткандыгын айтты. Коӊшусу, эсте кала турган «333» аты бар алмашуу бюросу өзүнө көӊүлдү доллардын курсу менен бурду, ал долларына 60 сом экен, бирок анын ээси, азыркы заман реалийи менен жашабаса дагы, өзгөчө шамдагайлыгын көрсөтүп, текшерүүчүлөрдүн көз алдынан кайым болду. 

 

Калган алмаштыргычтарды дагы чоюлгандар деп жемелөөгө болбойт, 5 минута өтпөй эле бардык жайлар жабык болуп калды, ал эми бир топторунун ээлери болсо жөн-жай кишилерди туурап, текшерүүгө комментарийлерди берип жатышты колдорунан келишинче, таӊ калтырганы, негатив болгон жок. Балким, алар рейдди кадимки көндүмгө айланган оюн катары кабыл алып жатыштыбы. 

 

Аталган инспекция бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Сулайманбекова айткандай, текшерүүлөр дайыма болуп турганына карабастан, ал проблемалуу, анткени алмашуу пункттарынын ээлери аларды текшерүү маалында жаап коюшат, натыйжалары анча деле чагылгандуу болбой булут таркап кеткен кезде кайра ачып алыш үчүн. 

 

«Биз болгону айып гана сала алабыз 1,5 миӊ сом, булар үчүн ал тыйын эле», деп белгиледи ал. 

 

Лицензиялардын жок болушунун башкы себеби, алмаштыруучулардын пикири боюнча, юридикалык жактын статусун алуу менен байланышкан проблемалар. 

 

«Алар юржактын статусун алуу үчүн убакыт жетпейт деп даттанышат», деди Ж. Сулайманбекова. 

 

Ал эми бишкек Уолл-стритинин Моссоветтин алмаштыргычтары урушка жакшы туруштук бере тургандардан болуп чыгышты. Улуттук банктын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен биргелешкен пейди жүргүзүлдү, ал гана эмес атайын отряд да ишке тартылды, бирок менин дилетанттык көз карашымда, алардан пайда анча делеболгон жок, мен ойлогондой, эшиктери чапталган алмашуу бюролору деле болгон жок. Текшерүүнү бардык катышуучулары үч топко болүнүштү, «Дордойдогудай» фокус кайталанып кетпеши үчүн. 

 

Рейддин башында инспекторлор менен экономикалык кылмышкар каршы күрөшүүчүлөрдүн тобу аларга кошулган журналистер менен бирдикте Байтик баатыр көчөсүн бойлой марш-бросокко чыкты. Андан кийин бир топ Бөкөнбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада жайгашкан алмашуу пунктуна чейин чуркап жетип, стендде сандарды алмаштырып жаткан эркекти кокусунан кармап алышты. Катуу суракка карабастан, бул адам эч нерсени билбеймге өттү

 

«Мен таксистмин, мени отура турчу дешкен эле», дей берди ал кайра-кайра. «Финполчунун»: «Мен үчүн отура тур десемчи?» деген кычыткылуу суроосуна, бул адам дароо макулдук менен баш ийкеди. 

 

Башка лицензиясын бир аз мурун токтотуп койгон чекитте, бир адам кароолчу катары тааныштырды өзүн, анан бул жерде акча алмаштырбай эле турушканына ынандыра баштады. 

 

Андан кийин бир катар алмаштыруучулар Улуттук банктын кызматкерлеринин жанына келип, сөз менен кайым айтышуу башталды. Активисттердин бири, маморган айтканына караганда тартип бузгандыгы үчүн лицензиясы токтотулган Данияр Серкебаев көзөмөлдөө органынын кредиттик-акча саясатына нааразычылыгын билдире баштады. 

 

Д. Серкебаевдин айтуулары боюнча, Улуттук банк рынокто интервенцияны чанда гана жүргүзөт, акча алмаштыруучуларга чет өлкө валютасы жетишпейт, анын ичинде доллар дагы. Өз активдүүлүгү үчүн ал журналистерден жана кесиптештеринен тамашалуу атты «теле жылдызын» алды. 

 

Ошондой эле суроо пайда болду, чындап эле лицензия көп жагынан мамлекетке эле, салык алуу үчүн керекпи деген, бирок жөнөкөй жарандарга уруксат берүү кагазынан ысык да, суук да эмес да, бардык жерде доллар бипбирдей, сомдор дагы жасалма эмес да. 

 

«Алмашуу пункттарында валютаны „сындырып“ алышы мүмкүн. Мисалга, алмашуу жүрүп жатат, кардар 1 миӊ доллар алышы керек, ага 900 беришет, санап жатканда ал жетпей калганын билет, алмаштырып жаткан адам дагы кайра санайт, жетпей жаткан акчаны кошот, бирок ал байкатпай бир нече жүздү алып коет. Ошондуктан, алмашуу бюросунда лицензиясы бар болгон учурда, кардар Улуттук банкка кайрыла алат, ал чара көрөт», деп түшүндүрдү профилдик инспециянын башкы инспектору Равшан Мурзалиев. 

 

Жогоруда айтылганга резюме берип жатып, бул лицензиясыз жайлар менен күрөшүү үчүн мыйзамсыз жеке ишкердиги жана лицензиясыз иштеп жаткандыгы үчүн мыйзамдарды күчөтүү керек деп айтууга болот, бирок, Улуттук банктын жасаган аракеттери суу кечпей калган, Жогорку Кеӊеш бул чараларга каршы чыгууда.