Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынЧенемдик актылары”» 

журналынын 2007 жылдын 4 саны 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-февралында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 12-07 

 

Бишкек шаары 

2006-жылдын 26-декабры N 43/6 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы 

N 22/1 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын 

Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 

101-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында 

жана финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуунун 

эсептер планына карата Тиркемеге өзгөртүүлөрдү жана 

толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 29-ноябрындагы N 37/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы мөөнөттүү депозиттик эсепке коммерциялык банктардан каражаттарды тартуу жөнүндөгү" токтомунун кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуунун эсептер планына карата Тиркемеге сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы N 22/1 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 101-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуунун эсептер планына карата Тиркемеге сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүшүп, расмий жарыяланышын камсыз кылышсын. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 

Төрагасынын милдетин аткаруучу М.Ишенбаев 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 12-февралында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 19-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 17-январы N 2/1 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Банкроттук процессинде турган банктарды 

реабилитациялоо жана реструктуризациялоо 

жөнүндөгү" Убактылуу Жобонун долбоору тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы "Банкроттук процессинде турган банктарды реабилитациялоо жана реструктуризациялоо жөнүндөгү" Убактылуу Жобонун долбоорун карап көрүү менен токтом кылат: 

1. Кароого сунуш кылынган "Банкроттук процессинде турган банктарды реабилитациялоо жана реструктуризациялоо жөнүндөгү" Убактылуу Жобонун долбоору (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N 32/3 "Банкроттук процессинде турган банктарды реабилитациялоо жана реструктуризациялоо жөнүндөгү" Убактылуу Жобонун долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банктын 

Төрагасынын милдетин аткаруучу М.Ишенбаев 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 12-февралында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 19-07 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын 

2007-жылдын 17-январындагы 

N 2/1 токтому менен 

бекитилген 

 

Банкроттук процессинде турган 

банктарды реабилитациялоо жөнүндө 

УБАКТЫЛУУ ЖОБО 

 

I. Жалпы жоболор 

II. Карызгер банкты реабилитациялоо жол-жобосун козгоо 

III. Карызгер банкты реабилитациялоо планын бекитүү 

IV. Карызгер банкты реабилитациялоо планы 

V. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны калыбына 

келтирүү 

 

Бул Убактылуу жобо "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Банкроттуулук жөнүндө" Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана банкроттук процессинде турган карызгер банкты реабилитациялоо жол-жобосун козгоо жана жүргүзүү тартибин аныктайт. 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1.1. Реабилитация - банктын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү максатында банкроттук процессинде колдонулуучу жол-жобо. 

1.2. Карызгер банкты реабилитациялоо жол-жобосу соттук жана соттук эмес тартипте жүргүзүлөт. 

 

II. Карызгер банкты реабилитациялоо жол-жобосун козгоо 

 

2.1. Карызгер банкты реабилитациялоо жол-жобосу атайын администратор же кредиторлор тобу тарабынан козголушу мүмкүн. 

2.2. Реабилитациялоо жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан анын өткөрүлүшүнүн алдынала жактырылышы менен колдонулат. Ошону менен атайын администратор карызгер банкты реабилитациялоону жүргүзүүгө алдынала жактырууну алуу үчүн Улуттук банкка кайрылат жана тиешелүү документтерди берет. 

2.3. Реабилитациялоо жол-жобосун алдынала жактырууну алуу үчүн атайын администратордун Улуттук банкка кайрылуусунда, Улуттук банк үч айдан ашык эмес мөөнөттө берилген документтерди карап чыгууга милдеттүү

Атайын администратордун кайрылуусуна төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш: 

1) реабилитациялоо планын карап чыгуу жөнүндө сунуш-көрсөтмө

2) банктын кредиторлорунун даректери жана карызынын суммасы көрсөтүлгөн тизме; 

3) акча каражаттарын банк-банкроттун капиталына жана анын милдеттенмелери боюнча карыздарын жабууга инвестициялоо жөнүндө адамдардын милдеттенмелери; 

4) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, банк-банкроттун капиталына акча каражаттарын инвестициялоочу адамдардын финансылык абалы жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү, ишенимдүүлүк даражасы жөнүндө маалымат; 

5) банктын капиталын Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирүү боюнча план; 

6) Банктын ишин Улуттук банкка ай сайын түзүлүүчү отчетторду берүү жөнүндө милдеттүү көрсөтмө менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча иш-чаралардын планы; 

7) Мөөнөттөрүн белгилөө менен кредиторлордун алдында карыздарын жабуу боюнча план жана баштапкы документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен отчетторду ай сайын Улуттук банкка берүү. Андыктан бардык милдеттенмелердин ордун толтуруу мөөнөтү 12 айдан ашпоого тийиш; 

8) Акыркы отчеттук күнгө баланс; 

9) Көзкарандысыз баа берүүчүлөр тарабынан активдерге баа берүү актылары; 

10) Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык банкроттуулук процессинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун аныктамасы. 

2.4. Улуттук банк тарабынан реабилитациялоону өткөрүү алдынала жактырылганда, карызгер банк Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамынын 19-3 жана 19-4-статьяларына ылайык иш-чараларды жүргүзөт. 

 

III. Карызгер банкты реабилитациялоо планын бекитүү 

 

3.1. Реабилитациялоо планын соттук тартипте бекитүү

3.1.1. Кредиторлордун жыйыны менен реабилитациялоонун планын кабыл алгандан кийин атайын администратор 5 күндүк мөөнөттө сотко реабилитациялоо планын бекитүү жөнүндө өтүнүч кат берет. 

3.1.2. Өтүнүч катка төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш: 

1) ушул Жобонун IV бөлүгүнүн талаптарына ылайык даярдалган реабилитациялоо планы; 

2) реабилитациялоо планын бекитүү тууралуу кредиторлордун жыйынынын протоколу; 

3) акыркы отчеттук күнгө баланс; 

4) толук аталышын (юридикалык жактар үчүн), фамилиясын, атын, атасынын атын (жеке адамдар үчүн), карыздын суммасын, балансты берүү күнүнө карата жайгашкан ордунун, жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен кредиторлордун тизмеси; 

5) добуш берүүгө катышпаган же реабилитациялоо планын кабыл алууга каршы добуш берген (эгер алар болсо) кредиторлордун жазуу жүзүндөгү каршы пикири; 

6) акча каражаттарын банк-банкроттун капиталына жана анын милдеттенмелери боюнча карыздарын жабууга инвестициялоо жөнүндө адамдардын милдеттенмелери; 

7) көзкарандысыз баа берүүчүлөр тарабынан активдерге баа берүү актылары; 

8) соттун Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык банкроттуулук процессинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө аныктамасы; 

9) Карызгер банкты реабилитациялоону алдынала жактыруу жөнүндө Улуттук банктын каты. 

Ошону менен бирге, карызгер банкка карата акционерлердин укуктарына тиешелүү маселелер реабилитациялоо планын бекиткенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынууга тийиш. 

3.1.3. Сот өтүнүчтүн сотко келип түшкөн учурунан тартып 10 күндүн ичинде өтүнүчтү карап чыгат. 

3.1.4. Реабилитация планын карап чыгуу күнү жөнүндө сот карызгер банкка, кредиторлорго жана реабилитациялоого катышуучу үчүнчү жактарга билдирет. 

3.1.5. Сот Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамдын 19-6-статьясынын 1-пунктуна ылайык, карызгер банктын реабилитациялоо планын бекитүүдөн баш тарта алат. 

3.1.6. Сот тарабынан реабилитациялоо планы бекитилген учурунда, атайын администратор карызгер банкка банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч катты Улуттук банкка жөнөтөт. 

3.2. Реабилитациялоо планын соттон тышкары тартипте бекитүү

3.2.1. Атайын администратор карызгер банктын реабилитациялоо жол-жобосун Улуттук банкка кайрылуу жолу менен сунуштай алат. 

3.2.2. Атайын администратордун Улуттук банкка карызгер банктын реабилитациялоо планы менен кайрылган учурунда, Улуттук банк документтер берилген учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө берилген документтерди карап чыгат. 

3.2.3. Берилген документтер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

1) бул Жобонун IV бөлүмүнүн талаптарына ылайык даярдалган реабилитациялоонун планын; 

2) реабилитациялоо планын бекитүү жөнүндө кредиторлор жыйынынын протоколу; 

3) акыркы отчеттук датага баланс; 

4) толук аталышын (юридикалык жактар үчүн), фамилиясын, атын, атасынын атын (жеке адамдар үчүн), карыздын суммасын, балансты берүү күнүнө карата жайгашкан ордунун, жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен кредиторлордун тизмеси; 

5) добуш берүүгө катышпаган же реабилитациялоо планын кабыл алууга каршы добуш берген (эгер алар болсо) кредиторлордун жазуу жүзүндөгү каршы пикири; 

6) акча каражаттарын банк-банкроттун капиталына жана анын милдеттенмелери боюнча карыздарын жабууга инвестициялоо жөнүндө адамдардын милдеттенмелери; 

7) көзкарандысыз баалоочулардын активдерге баа берүүсүнүн акты; 

8) соттун Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык банкроттуулук процессинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө аныктамасы; 

9) карызгер банкты реабилитациялоону алдынала жактыруу жөнүндө Улуттук банктын каты. 

Ошону менен бирге, карызгер банкка карата акционерлердин укуктарына тиешелүү маселелер реабилитациялоо планын бекиткенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынууга тийиш. 

3.2.4 Эгер берилген документтер жана реабилитациялоо планы бул Жобонун талаптарын канааттандырса, Улуттук банк планды жактырат жана карызгер банкка банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны калыбына келтирет. 

3.2.5 Эгер берилген документтер бул Жобонун талаптарын канааттандырбаса, Улуттук банк документтер берилген учурдан тартып 30 күндүн ичинде карызгер банктын реабилитациялоо планын бекитүүдөн баш тартат. 

 

IV. Карызгер банкты реабилитациялоо планы 

 

4.1. Карызгер банкты реабилитациялоо планы аны жоюуну болтурбоо максатында, карызгер банктын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган кайсыл болбосун кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу-чарбалык, финансы-экономикалык, укуктук, техникалык, инвестициялык чараларды, анын ичинде төмөнкүлөрдү караштыра алат: 

1) карызгер банк тарабынан активдердин бардыгын же анын бөлүгүн сактап калышын; 

2) карызгер банктын активдеринин кайсыл болбосун бөлүгүн сатууну (ээликтен ажыратууну) же бөлүштүрүүнү

3) мыйзамдарга ылайык карызгер банкты кайра өзгөртүп түзүү

4) пайыздык ченди өзгөртүүнү кошо алганда, карызгер банк менен мурда түзүлгөн келишимдердин шарттарын карап чыгуу

5) башкарууну (менежментти) өзгөртүүнү

6) карызды, өтмө укук акысынын төлөнүшүн кечүү, милдеттенмелердин жаңыланышы же болбосо милдеттенмелердин аткарылышын кийинкиге калтыруу же мөөнөтүн узартуу, карыз жеңилдиктери же жарандык мыйзамдарда каралган дагы башка ыкмалар аркылуу карызгер банктын милдеттенмелерин токтотууну; 

7) карызгер банктын милдеттенмелерин үчүнчү жактардын аткарышын; 

8) иштеп жаткан карызгер банктарга карата колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдерин 12 айдын аралыгында карызгер банктын аткарышы боюнча милдеттенмени; 

9) мыйзамдарга карама-каршы келбей турган дагы башка чараларды. 

Реабилитациялоо планы карызгер банктын акцияларынын жаңы чыгарылышын атайын администратор тарабынан демилгеге алынышы жана алардын Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан коммерциялык банктары үчүн белгиленген капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча Улуттук банктын талаптарына ылайык келген суммада катталышы жана карызгер банктын милдеттенмелеринин аткарылышы жөнүндө меселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карызгер банктын акционерлери менен өзара мамилени жөнгө салуу маселелерин караштыра алат. 

4.2. Реабилитациялоо планына төмөнкү документтер тиркелиши керек: 

4.2.1. Карызгер банктын жеке капиталы, уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча Улуттук банктын мыйзамдарынын жана ченемдик документтеринин талаптарын аткаруу план. 

4.2.2. Отчеттордун мөөнөттөрүн жана Улуттук банкка ай сайын берүү мөөнөттөрүн белгилөө менен тиешелүү түрдө тастыкталган, кредиторлордун алдындагы карызды төлөө боюнча план. Ошону менен бирге бардык милдеттенмелердин ордун жабуунун мөөнөтү 12 айдан ашоого тийиш. 

4.2.3. Иштеп жаткан банктарга карата колдонулуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык документтерди Улуттук банкка макулдашууга даярдоо жана берүү боюнча план: 

1) акционерлердин жалпы жыйынынын протоколунун эки нускадагы көчүрмөсү (акционерлер - юридикалык жактардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн колтамгалары юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталат, ал эми акционер - жеке адамдын колтамгасы нотариус тарабынан тастыкталат) - нотариалдык жактан тастыкталат жана төмөнкү чечимдерди камтыйт: 

а) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо жөнүндө

б) Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо жөнүндө

в) мыйзамдарга ылайык келтирилген уставдын жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө

г) башкарма мүчөлөрүн, башкарма төрагасын жана анын орунбасарларын дайындоо, башкы бухгалтерди, ички аудит бөлүмүнүн начальнигин, кредиттик бөлүмдүн начальнигин бекитүү жөнүндө

д) банктын уюштуруу түзүмүн, лицензияны алгандан кийин биринчи үч жылдагы ишиндеги божомолдоо балансы жана кирешелердин, кеткен чыгашалардын жана түшкөн пайданын планы менен бизнес-планын бекитүү жөнүндө

2) банктын уставынын эки түп нускасы. 

3) Банктын так уюштуруу түзүмү

4) Банкты реабилитациялоонун экономикалык негиздемесин камтыган, банк ишинин максаттарын жана аларга жетүүнүн ыкмаларын жарыялаган жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 15-статьясынын жана Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы N 5/7 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Банктардын ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө

Жобонун 3.5. пунктунун (мындан ары текст боюнча - "Лицензиялоо жөнүндө жобо") талаптарын эске алуу менен түзүлгөн бизнес-план (эки нускада); 

5) Лицензиялоо жөнүндө жобонун 4- жана 5-тиркемелеринин формасы боюнча Директорлор кеңешинин төрагасы тарабынан кол коюлган, акционерлердин эки нускадагы тизмеси; 

6) Төмөнкүлөрдү кошо алганда, жаңы акционерлерге тиешелүү маалыматтар: 

а) банк капиталында ар бир акционердин катышуу өлчөмү

б) Лицензиялоо жөнүндө жобонун III бөлүгүнө ылайык, банктын бардык акционерлеринин башка маалыматтары жана документтери; 

7) эгер банк банктык топтун бөлүгү болгон учурда, Лицензиялоо жөнүндө жобонун III бөлүгүнө ылайык, кошумча маалыматтар жана документтер берилиши керек; 

8) Төраганын жана анын орунбасарларынын фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси жана Лицензиялоо жөнүндө жобонун IV бөлүгүнө ылайык келген маалыматтар; 

9) Төраганын жана анын орунбасарларынын фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн тизмеси жана Лицензиялоо жөнүндө жобонун IV бөлүгүнө ылайык келген маалыматтар; 

10) Лицензиялоо жөнүндө жобонун IV бөлүгүнө ылайык, Башкарма төрагасынын, башкарма төрагасынын орунбасарларынын, башкарма мүчөлөрүнүн, башкы бухгалтердин, банктын ички аудит кызматынын (бөлүмүнүн) жетекчисинин, кредиттик бөлүмдүн жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө маалымат; 

11) Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржылоого каршы аракет жөнүндө саясаттар жана жол-жоболор; 

12) Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана төмөнкүлөр каралган, банктын кредиттик, валюталык жана башка негизги саясаттар: 

а) банк дуушар болгон бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди табуу, өлчөө, иликтөө, контролдоо жана мониторинги боюнча жол-жоболор; 

б) туруктуу негизде бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди минимализациялоо боюнча контролдук ишчаралар; 

в) бекитилген саясатка ылайык маалыматтар системасынын, тобокелдиктерди башкаруу системасынын жана ички контролдоо системасынын сүрөттөлүшү

13) карызгер банктын милдеттенмелерин үчүнчү жактар тарабынан төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алууда, Лицензиялоо жөнүндө жобонун III бөлүгүнө ылайык маалыматтарды берүү зарыл. 

14) Банк иши боюнча ишчаралардын так планы; 

15) эгер акционер акцияларды сатып алууда банктын олуттуу катышуучусу болуп калган учурунда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 44-статьясынын жана Лицензиялоо жөнүндө жобонун III бөлүгүнүн талаптарына ылайык тиешелүү документтерди тиркөө менен акцияларды сатып алууга өтүнмө берүү менен Улуттук банктан алдынала макулдук алышы керек. 

4.2.3.1. Бизнес-план банктын толук лицензия алгандан кийин биринчи үч жыл ичиндеги ишинин стратегиясын, багыттарын жана масштабдарын ачып бериши жана төмөнкүлөргө баа берүүгө мүмкүндүк бериши керек: 

а) банктын финансылык туруктуулукту камсыздоого, экономикалык ченемдерди, милдеттүү камдык талаптарды аткаруу, мыйзамдардын талаптарын сактоо жөндөмдүүлүгү

б) пайда алуучу финансы уюму катары узак мөөнөттүү иштөөсүнө банктын жөндөмдүүлүгү

в) банк тарабынан кабыл алынган тобокелдикти тескөө системасынын шайкештиги. 

Бизнес-план төмөнкүлөрдү эске алуу менен түзүлүшү керек: 

1) эсептөөлөр жана божомолдоолор банк иштей турган рыноктун сегменттеринин реалдуу экономикалык шарттарын эске алуу менен түзүлүшү керек; 

2) инвестициялардын суммасын көрсөтүү менен, өлкөнүн экономикасына кредиттерди кошо алганда, региондун же өлкөнүн экономикасын жакшыртууга банк операцияларынын таасиринин сүрөттөлүшү келтирилиши керек. Ошону менен бирге, банктын активдеринин негизги суммасы Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияланышы керек; 

3) өбөлгөлөр жана божомолдоолор реалдуу болуп, сапаттуу жана текшерилген маалыматтын негизинде түзүлүшү керек; 

4) бизнес-план убакыттын акылга сыярлык мөөнөттөрүндө банктын жетиштүү кирешелүүлүгүн чагылдырышы керек; 

5) банктын капиталынын шайкештиги Улуттук банк тарабынан белгиленген капиталдын шайкештигинин стандарттарынын минималдуу талаптарына ылайык келиши керек жана активдердин болжолдонуп жаткан өсүшүн колдоо жана банк ишин уюштуруу менен байланыштуу баштапкы чыгашаларды колдоо үчүн жетиштүү болушу керек. Бул, банктын ишин уюштуруу жана ачуу боюнча бардык чыгашаларды жана жоготууларды эсептен чыгаргандан кийин, капиталдын деңгээли Улуттук банк белгилеген өлчөмдөн төмөн болбошу керектигин түшүндүрөт. 

4.3 4.2. пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек. 

4.4. Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн, башкарма мүчөлөрүнүн, башкы бухгалтердин, кредиттик бөлүмдүн начальнигинин кызмат ордуна сунушталган талапкерлер Лицензиялоо жөнүндө жободо белгиленген талаптарга ылайык келүүгө жана реабилитациялоо планынын аякташында Улуттук банкта макулдашуудан өтүүгө тийиш. 

4.5. Реабилитациялоо планында ишчаралардын аткарылыш мөөнөттөрү, ишчаралардын аткарылышын тастыктоочу, баштапкы документтердин тиешелүү түрдө тастыкталган көчүрмөлөрүнүн тиркемелери менен отчетторду Улуттук банкка ай сайын (ар бир айдын 15не чейин) берүүнүн мөөнөттөрү көрсөтүлүшү керек. 

 

V. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна 

лицензияны калыбына келтирүү 

 

5.1. Реабилитациялоо планын бекиткен учурда, Улуттук банк 10 күндүк мөөнөттө Улуттук банк Башкармасынын отурумунда карызгер банкка банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны, аны кайтарып алуу учуруна чейин карызгер банкта болгон лицензияны калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алат. 

5.2 Соттук эмес тартипте реабилитациялоону жүргүзүү учурунда, Улуттук банк документтер берилген учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө карап чыгат жана берилген план бул жобонун талаптарын канааттандырса, аны жактырат жана карызгер банкка банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны калыбына келтирет. 

5.3. Эгерде берилген документтер коюлган талаптарды канааттандырбаса, анда Улуттук банк документтер берилген учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө атайын администраторго жүйөөлүү баш тартууну жөнөтөт. 

5.4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү менен бирге реабилитациялоо планында каралган бардык талаптарды карызкор банк аткарганга чейин бул лицензиянын колдонулушун токтото туруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. 

5.5. Реабилитациялоо планында каралган бардык талаптар карызгер банк тарабынан аткарылгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аталган банкка банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны 10 календарлык күндүн ичинде берет же андан ар кандай чектөөлөрдү алып салууга милдеттүү

5.6. Бул жобонун IV бөлүгүндө каралган реабилитациялоо планынын талаптарынын карызгер банк тарабынан аткарылышы атайын администратордун отчетун берүү менен тастыкталат. 

5.7. Реабилитациялоо ишин жүргүзүүнүн жүрүшүндө атайын администратор ар декадалык негизде (декада аяктаганда 2 жумушчу күндөн кеч эмес) реабилитациялоо жол-жобосун жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө отчетту Улуттук банкка берүүгө милдеттүү. Бул отчет тиешелүү түрдө тастыкталган баштапкы документтердин тиркелиши менен реабилитациялоо планында каралган ишчараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты, ошондой эле Улуттук банктын талабы боюнча башка кайсыл болбосун маалыматты камтышы керек. 

5.8. Соттук эмес тартипте реабилитациялоодо карызгер банк тастыктоочу жана тиешелүү түрдө тастыкталган документтердин тиркелиши менен реабилитациялоо планында каралган бардык ишчараларды аткаруу жөнүндө акыркы отчетту Улуттук банкка берет. 

5.9. Соттук тартипте реабилитациялоодо карызгер банк сот тарабынан бекитилген, тастыктоочу жана тиешелүү түрдө тастыкталган документтердин тиркелиши менен реабилитациялоо планында каралган бардык ишчараларды аткаруу жөнүндө акыркы отчетту Улуттук банкка берет. 

5.10. Акыркы отчет Улуттук банк тарабынан аны берген күндөн тартып, бир айдын ичинде каралат. 

5.11. Атайын администратордун акыркы отчетун Улуттук банк жактырган учурда, карызгер банк лицензия берүү же андан кайсыл болбосун чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө өтүнүч катты Улуттук банкка жөнөтөт. 

5.12. Улуттук банк Башкармасынын токтому менен Улуттук банк толук лицензия берүү же андан кайсыл болбосун чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө чечимди мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө кабыл алат. 

5.13. Реабилитациялоо жол-жобосу реабилитациялоо планында каралган бардык ишчаралардын аткарылышынан жана атайын администратордун отчетун жактыргандан кийин же карызгер менен бардык кредиторлордун ортосундагы макулдашуу боюнча аткарылган деп эсептелет. 

5.14. Реабилитациялоо планында каралган иш-чаралардын аткарылбаган учурунда же реабилитациялоо планын аткаруу жөнүндө отчетторду бербегенде Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: (а) сотко (соттук тартипте) карызгер банктын реабилитациялоо жол-жобосун токтотуу жөнүндө сунуш-көрсөтмөнү жөнөтүүгө; (б) Башкарманын чечими менен (соттук эмес тартипте) карызгер банктын реабилитациялоо жол-жобосун токтотууга. 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 12-февралында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 19-07 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын 

2007-жылдын 17-январындагы 

N 2/1 токтому менен 

бекитилген 

 

Банкроттук процессинде турган 

банктарды реабилитациялоо жөнүндө 

УБАКТЫЛУУ ЖОБО 

 

I. Жалпы жоболор 

II. Карызгер банкты реабилитациялоо жол-жобосун козгоо 

III. Карызгер банкты реабилитациялоо планын бекитүү 

IV. Карызгер банкты реабилитациялоо планы 

V. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны калыбына 

келтирүү 

 

Бул Убактылуу жобо "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Банкроттуулук жөнүндө" Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана банкроттук процессинде турган карызгер банкты реабилитациялоо жол-жобосун козгоо жана жүргүзүү тартибин аныктайт. 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1.1. Реабилитация - банктын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү максатында банкроттук процессинде колдонулуучу жол-жобо. 

1.2. Карызгер банкты реабилитациялоо жол-жобосу соттук жана соттук эмес тартипте жүргүзүлөт. 

 

II. Карызгер банкты реабилитациялоо жол-жобосун козгоо 

 

2.1. Карызгер банкты реабилитациялоо жол-жобосу атайын администратор же кредиторлор тобу тарабынан козголушу мүмкүн. 

2.2. Реабилитациялоо жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан анын өткөрүлүшүнүн алдынала жактырылышы менен колдонулат. Ошону менен атайын администратор карызгер банкты реабилитациялоону жүргүзүүгө алдынала жактырууну алуу үчүн Улуттук банкка кайрылат жана тиешелүү документтерди берет. 

2.3. Реабилитациялоо жол-жобосун алдынала жактырууну алуу үчүн атайын администратордун Улуттук банкка кайрылуусунда, Улуттук банк үч айдан ашык эмес мөөнөттө берилген документтерди карап чыгууга милдеттүү

Атайын администратордун кайрылуусуна төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш: 

1) реабилитациялоо планын карап чыгуу жөнүндө сунуш-көрсөтмө

2) банктын кредиторлорунун даректери жана карызынын суммасы көрсөтүлгөн тизме; 

3) акча каражаттарын банк-банкроттун капиталына жана анын милдеттенмелери боюнча карыздарын жабууга инвестициялоо жөнүндө адамдардын милдеттенмелери; 

4) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, банк-банкроттун капиталына акча каражаттарын инвестициялоочу адамдардын финансылык абалы жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү, ишенимдүүлүк даражасы жөнүндө маалымат; 

5) банктын капиталын Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирүү боюнча план; 

6) Банктын ишин Улуттук банкка ай сайын түзүлүүчү отчетторду берүү жөнүндө милдеттүү көрсөтмө менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча иш-чаралардын планы; 

7) Мөөнөттөрүн белгилөө менен кредиторлордун алдында карыздарын жабуу боюнча план жана баштапкы документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен отчетторду ай сайын Улуттук банкка берүү. Андыктан бардык милдеттенмелердин ордун толтуруу мөөнөтү 12 айдан ашпоого тийиш; 

8) Акыркы отчеттук күнгө баланс; 

9) Көзкарандысыз баа берүүчүлөр тарабынан активдерге баа берүү актылары; 

10) Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык банкроттуулук процессинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун аныктамасы. 

2.4. Улуттук банк тарабынан реабилитациялоону өткөрүү алдынала жактырылганда, карызгер банк Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамынын 19-3 жана 19-4-статьяларына ылайык иш-чараларды жүргүзөт. 

 

III. Карызгер банкты реабилитациялоо планын бекитүү 

 

3.1. Реабилитациялоо планын соттук тартипте бекитүү

3.1.1. Кредиторлордун жыйыны менен реабилитациялоонун планын кабыл алгандан кийин атайын администратор 5 күндүк мөөнөттө сотко реабилитациялоо планын бекитүү жөнүндө өтүнүч кат берет. 

3.1.2. Өтүнүч катка төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш: 

1) ушул Жобонун IV бөлүгүнүн талаптарына ылайык даярдалган реабилитациялоо планы; 

2) реабилитациялоо планын бекитүү тууралуу кредиторлордун жыйынынын протоколу; 

3) акыркы отчеттук күнгө баланс; 

4) толук аталышын (юридикалык жактар үчүн), фамилиясын, атын, атасынын атын (жеке адамдар үчүн), карыздын суммасын, балансты берүү күнүнө карата жайгашкан ордунун, жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен кредиторлордун тизмеси; 

5) добуш берүүгө катышпаган же реабилитациялоо планын кабыл алууга каршы добуш берген (эгер алар болсо) кредиторлордун жазуу жүзүндөгү каршы пикири; 

6) акча каражаттарын банк-банкроттун капиталына жана анын милдеттенмелери боюнча карыздарын жабууга инвестициялоо жөнүндө адамдардын милдеттенмелери; 

7) көзкарандысыз баа берүүчүлөр тарабынан активдерге баа берүү актылары; 

8) соттун Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык банкроттуулук процессинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө аныктамасы; 

9) Карызгер банкты реабилитациялоону алдынала жактыруу жөнүндө Улуттук банктын каты. 

Ошону менен бирге, карызгер банкка карата акционерлердин укуктарына тиешелүү маселелер реабилитациялоо планын бекиткенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынууга тийиш. 

3.1.3. Сот өтүнүчтүн сотко келип түшкөн учурунан тартып 10 күндүн ичинде өтүнүчтү карап чыгат. 

3.1.4. Реабилитация планын карап чыгуу күнү жөнүндө сот карызгер банкка, кредиторлорго жана реабилитациялоого катышуучу үчүнчү жактарга билдирет. 

3.1.5. Сот Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамдын 19-6-статьясынын 1-пунктуна ылайык, карызгер банктын реабилитациялоо планын бекитүүдөн баш тарта алат. 

3.1.6. Сот тарабынан реабилитациялоо планы бекитилген учурунда, атайын администратор карызгер банкка банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч катты Улуттук банкка жөнөтөт. 

3.2. Реабилитациялоо планын соттон тышкары тартипте бекитүү

3.2.1. Атайын администратор карызгер банктын реабилитациялоо жол-жобосун Улуттук банкка кайрылуу жолу менен сунуштай алат. 

3.2.2. Атайын администратордун Улуттук банкка карызгер банктын реабилитациялоо планы менен кайрылган учурунда, Улуттук банк документтер берилген учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө берилген документтерди карап чыгат. 

3.2.3. Берилген документтер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

1) бул Жобонун IV бөлүмүнүн талаптарына ылайык даярдалган реабилитациялоонун планын; 

2) реабилитациялоо планын бекитүү жөнүндө кредиторлор жыйынынын протоколу; 

3) акыркы отчеттук датага баланс; 

4) толук аталышын (юридикалык жактар үчүн), фамилиясын, атын, атасынын атын (жеке адамдар үчүн), карыздын суммасын, балансты берүү күнүнө карата жайгашкан ордунун, жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен кредиторлордун тизмеси; 

5) добуш берүүгө катышпаган же реабилитациялоо планын кабыл алууга каршы добуш берген (эгер алар болсо) кредиторлордун жазуу жүзүндөгү каршы пикири; 

6) акча каражаттарын банк-банкроттун капиталына жана анын милдеттенмелери боюнча карыздарын жабууга инвестициялоо жөнүндө адамдардын милдеттенмелери; 

7) көзкарандысыз баалоочулардын активдерге баа берүүсүнүн акты; 

8) соттун Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык банкроттуулук процессинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө аныктамасы; 

9) карызгер банкты реабилитациялоону алдынала жактыруу жөнүндө Улуттук банктын каты. 

Ошону менен бирге, карызгер банкка карата акционерлердин укуктарына тиешелүү маселелер реабилитациялоо планын бекиткенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынууга тийиш. 

3.2.4 Эгер берилген документтер жана реабилитациялоо планы бул Жобонун талаптарын канааттандырса, Улуттук банк планды жактырат жана карызгер банкка банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны калыбына келтирет. 

3.2.5 Эгер берилген документтер бул Жобонун талаптарын канааттандырбаса, Улуттук банк документтер берилген учурдан тартып 30 күндүн ичинде карызгер банктын реабилитациялоо планын бекитүүдөн баш тартат. 

 

IV. Карызгер банкты реабилитациялоо планы 

 

4.1. Карызгер банкты реабилитациялоо планы аны жоюуну болтурбоо максатында, карызгер банктын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган кайсыл болбосун кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу-чарбалык, финансы-экономикалык, укуктук, техникалык, инвестициялык чараларды, анын ичинде төмөнкүлөрдү караштыра алат: 

1) карызгер банк тарабынан активдердин бардыгын же анын бөлүгүн сактап калышын; 

2) карызгер банктын активдеринин кайсыл болбосун бөлүгүн сатууну (ээликтен ажыратууну) же бөлүштүрүүнү

3) мыйзамдарга ылайык карызгер банкты кайра өзгөртүп түзүү

4) пайыздык ченди өзгөртүүнү кошо алганда, карызгер банк менен мурда түзүлгөн келишимдердин шарттарын карап чыгуу; 

5) башкарууну (менежментти) өзгөртүүнү

6) карызды, өтмө укук акысынын төлөнүшүн кечүү, милдеттенмелердин жаңыланышы же болбосо милдеттенмелердин аткарылышын кийинкиге калтыруу же мөөнөтүн узартуу, карыз жеңилдиктери же жарандык мыйзамдарда каралган дагы башка ыкмалар аркылуу карызгер банктын милдеттенмелерин токтотууну; 

7) карызгер банктын милдеттенмелерин үчүнчү жактардын аткарышын; 

8) иштеп жаткан карызгер банктарга карата колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдерин 12 айдын аралыгында карызгер банктын аткарышы боюнча милдеттенмени; 

9) мыйзамдарга карама-каршы келбей турган дагы башка чараларды. 

Реабилитациялоо планы карызгер банктын акцияларынын жаңы чыгарылышын атайын администратор тарабынан демилгеге алынышы жана алардын Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан коммерциялык банктары үчүн белгиленген капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча Улуттук банктын талаптарына ылайык келген суммада катталышы жана карызгер банктын милдеттенмелеринин аткарылышы жөнүндө меселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карызгер банктын акционерлери менен өзара мамилени жөнгө салуу маселелерин караштыра алат. 

4.2. Реабилитациялоо планына төмөнкү документтер тиркелиши керек: 

4.2.1. Карызгер банктын жеке капиталы, уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча Улуттук банктын мыйзамдарынын жана ченемдик документтеринин талаптарын аткаруу план. 

4.2.2. Отчеттордун мөөнөттөрүн жана Улуттук банкка ай сайын берүү мөөнөттөрүн белгилөө менен тиешелүү түрдө тастыкталган, кредиторлордун алдындагы карызды төлөө боюнча план. Ошону менен бирге бардык милдеттенмелердин ордун жабуунун мөөнөтү 12 айдан ашоого тийиш. 

4.2.3. Иштеп жаткан банктарга карата колдонулуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык документтерди Улуттук банкка макулдашууга даярдоо жана берүү боюнча план: 

1) акционерлердин жалпы жыйынынын протоколунун эки нускадагы көчүрмөсү (акционерлер - юридикалык жактардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн колтамгалары юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталат, ал эми акционер - жеке адамдын колтамгасы нотариус тарабынан тастыкталат) - нотариалдык жактан тастыкталат жана төмөнкү чечимдерди камтыйт: 

а) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо жөнүндө

б) Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо жөнүндө

в) мыйзамдарга ылайык келтирилген уставдын жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө

г) башкарма мүчөлөрүн, башкарма төрагасын жана анын орунбасарларын дайындоо, башкы бухгалтерди, ички аудит бөлүмүнүн начальнигин, кредиттик бөлүмдүн начальнигин бекитүү жөнүндө

д) банктын уюштуруу түзүмүн, лицензияны алгандан кийин биринчи үч жылдагы ишиндеги божомолдоо балансы жана кирешелердин, кеткен чыгашалардын жана түшкөн пайданын планы менен бизнес-планын бекитүү жөнүндө

2) банктын уставынын эки түп нускасы. 

3) Банктын так уюштуруу түзүмү

4) Банкты реабилитациялоонун экономикалык негиздемесин камтыган, банк ишинин максаттарын жана аларга жетүүнүн ыкмаларын жарыялаган жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 15-статьясынын жана Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы N 5/7 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Банктардын ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө

Жобонун 3.5. пунктунун (мындан ары текст боюнча - "Лицензиялоо жөнүндө жобо") талаптарын эске алуу менен түзүлгөн бизнес-план (эки нускада); 

5) Лицензиялоо жөнүндө жобонун 4- жана 5-тиркемелеринин формасы боюнча Директорлор кеңешинин төрагасы тарабынан кол коюлган, акционерлердин эки нускадагы тизмеси; 

6) Төмөнкүлөрдү кошо алганда, жаңы акционерлерге тиешелүү маалыматтар: 

а) банк капиталында ар бир акционердин катышуу өлчөмү

б) Лицензиялоо жөнүндө жобонун III бөлүгүнө ылайык, банктын бардык акционерлеринин башка маалыматтары жана документтери; 

7) эгер банк банктык топтун бөлүгү болгон учурда, Лицензиялоо жөнүндө жобонун III бөлүгүнө ылайык, кошумча маалыматтар жана документтер берилиши керек; 

8) Төраганын жана анын орунбасарларынын фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси жана Лицензиялоо жөнүндө жобонун IV бөлүгүнө ылайык келген маалыматтар; 

9) Төраганын жана анын орунбасарларынын фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн тизмеси жана Лицензиялоо жөнүндө жобонун IV бөлүгүнө ылайык келген маалыматтар; 

10) Лицензиялоо жөнүндө жобонун IV бөлүгүнө ылайык, Башкарма төрагасынын, башкарма төрагасынын орунбасарларынын, башкарма мүчөлөрүнүн, башкы бухгалтердин, банктын ички аудит кызматынын (бөлүмүнүн) жетекчисинин, кредиттик бөлүмдүн жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө маалымат; 

11) Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржылоого каршы аракет жөнүндө саясаттар жана жол-жоболор; 

12) Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана төмөнкүлөр каралган, банктын кредиттик, валюталык жана башка негизги саясаттар: 

а) банк дуушар болгон бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди табуу, өлчөө, иликтөө, контролдоо жана мониторинги боюнча жол-жоболор; 

б) туруктуу негизде бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди минимализациялоо боюнча контролдук ишчаралар; 

в) бекитилген саясатка ылайык маалыматтар системасынын, тобокелдиктерди башкаруу системасынын жана ички контролдоо системасынын сүрөттөлүшү

13) карызгер банктын милдеттенмелерин үчүнчү жактар тарабынан төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алууда, Лицензиялоо жөнүндө жобонун III бөлүгүнө ылайык маалыматтарды берүү зарыл. 

14) Банк иши боюнча ишчаралардын так планы; 

15) эгер акционер акцияларды сатып алууда банктын олуттуу катышуучусу болуп калган учурунда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 44-статьясынын жана Лицензиялоо жөнүндө жобонун III бөлүгүнүн талаптарына ылайык тиешелүү документтерди тиркөө менен акцияларды сатып алууга өтүнмө берүү менен Улуттук банктан алдынала макулдук алышы керек. 

4.2.3.1. Бизнес-план банктын толук лицензия алгандан кийин биринчи үч жыл ичиндеги ишинин стратегиясын, багыттарын жана масштабдарын ачып бериши жана төмөнкүлөргө баа берүүгө мүмкүндүк бериши керек: 

а) банктын финансылык туруктуулукту камсыздоого, экономикалык ченемдерди, милдеттүү камдык талаптарды аткаруу, мыйзамдардын талаптарын сактоо жөндөмдүүлүгү

б) пайда алуучу финансы уюму катары узак мөөнөттүү иштөөсүнө банктын жөндөмдүүлүгү

в) банк тарабынан кабыл алынган тобокелдикти тескөө системасынын шайкештиги. 

Бизнес-план төмөнкүлөрдү эске алуу менен түзүлүшү керек: 

1) эсептөөлөр жана божомолдоолор банк иштей турган рыноктун сегменттеринин реалдуу экономикалык шарттарын эске алуу менен түзүлүшү керек; 

2) инвестициялардын суммасын көрсөтүү менен, өлкөнүн экономикасына кредиттерди кошо алганда, региондун же өлкөнүн экономикасын жакшыртууга банк операцияларынын таасиринин сүрөттөлүшү келтирилиши керек. Ошону менен бирге, банктын активдеринин негизги суммасы Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияланышы керек; 

3) өбөлгөлөр жана божомолдоолор реалдуу болуп, сапаттуу жана текшерилген маалыматтын негизинде түзүлүшү керек; 

4) бизнес-план убакыттын акылга сыярлык мөөнөттөрүндө банктын жетиштүү кирешелүүлүгүн чагылдырышы керек; 

5) банктын капиталынын шайкештиги Улуттук банк тарабынан белгиленген капиталдын шайкештигинин стандарттарынын минималдуу талаптарына ылайык келиши керек жана активдердин болжолдонуп жаткан өсүшүн колдоо жана банк ишин уюштуруу менен байланыштуу баштапкы чыгашаларды колдоо үчүн жетиштүү болушу керек. Бул, банктын ишин уюштуруу жана ачуу боюнча бардык чыгашаларды жана жоготууларды эсептен чыгаргандан кийин, капиталдын деңгээли Улуттук банк белгилеген өлчөмдөн төмөн болбошу керектигин түшүндүрөт. 

4.3 4.2. пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши керек. 

4.4. Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн, башкарма мүчөлөрүнүн, башкы бухгалтердин, кредиттик бөлүмдүн начальнигинин кызмат ордуна сунушталган талапкерлер Лицензиялоо жөнүндө жободо белгиленген талаптарга ылайык келүүгө жана реабилитациялоо планынын аякташында Улуттук банкта макулдашуудан өтүүгө тийиш. 

4.5. Реабилитациялоо планында ишчаралардын аткарылыш мөөнөттөрү, ишчаралардын аткарылышын тастыктоочу, баштапкы документтердин тиешелүү түрдө тастыкталган көчүрмөлөрүнүн тиркемелери менен отчетторду Улуттук банкка ай сайын (ар бир айдын 15не чейин) берүүнүн мөөнөттөрү көрсөтүлүшү керек. 

 

V. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна 

лицензияны калыбына келтирүү 

 

5.1. Реабилитациялоо планын бекиткен учурда, Улуттук банк 10 күндүк мөөнөттө Улуттук банк Башкармасынын отурумунда карызгер банкка банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны, аны кайтарып алуу учуруна чейин карызгер банкта болгон лицензияны калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алат. 

5.2 Соттук эмес тартипте реабилитациялоону жүргүзүү учурунда, Улуттук банк документтер берилген учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө карап чыгат жана берилген план бул жобонун талаптарын канааттандырса, аны жактырат жана карызгер банкка банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны калыбына келтирет. 

5.3. Эгерде берилген документтер коюлган талаптарды канааттандырбаса, анда Улуттук банк документтер берилген учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө атайын администраторго жүйөөлүү баш тартууну жөнөтөт. 

5.4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү менен бирге реабилитациялоо планында каралган бардык талаптарды карызкор банк аткарганга чейин бул лицензиянын колдонулушун токтото туруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. 

5.5. Реабилитациялоо планында каралган бардык талаптар карызгер банк тарабынан аткарылгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аталган банкка банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны 10 календарлык күндүн ичинде берет же андан ар кандай чектөөлөрдү алып салууга милдеттүү

5.6. Бул жобонун IV бөлүгүндө каралган реабилитациялоо планынын талаптарынын карызгер банк тарабынан аткарылышы атайын администратордун отчетун берүү менен тастыкталат. 

5.7. Реабилитациялоо ишин жүргүзүүнүн жүрүшүндө атайын администратор ар декадалык негизде (декада аяктаганда 2 жумушчу күндөн кеч эмес) реабилитациялоо жол-жобосун жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө отчетту Улуттук банкка берүүгө милдеттүү. Бул отчет тиешелүү түрдө тастыкталган баштапкы документтердин тиркелиши менен реабилитациялоо планында каралган ишчараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты, ошондой эле Улуттук банктын талабы боюнча башка кайсыл болбосун маалыматты камтышы керек. 

5.8. Соттук эмес тартипте реабилитациялоодо карызгер банк тастыктоочу жана тиешелүү түрдө тастыкталган документтердин тиркелиши менен реабилитациялоо планында каралган бардык ишчараларды аткаруу жөнүндө акыркы отчетту Улуттук банкка берет. 

5.9. Соттук тартипте реабилитациялоодо карызгер банк сот тарабынан бекитилген, тастыктоочу жана тиешелүү түрдө тастыкталган документтердин тиркелиши менен реабилитациялоо планында каралган бардык ишчараларды аткаруу жөнүндө акыркы отчетту Улуттук банкка берет. 

5.10. Акыркы отчет Улуттук банк тарабынан аны берген күндөн тартып, бир айдын ичинде каралат. 

5.11. Атайын администратордун акыркы отчетун Улуттук банк жактырган учурда, карызгер банк лицензия берүү же андан кайсыл болбосун чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө өтүнүч катты Улуттук банкка жөнөтөт. 

5.12. Улуттук банк Башкармасынын токтому менен Улуттук банк толук лицензия берүү же андан кайсыл болбосун чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө чечимди мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө кабыл алат. 

5.13. Реабилитациялоо жол-жобосу реабилитациялоо планында каралган бардык ишчаралардын аткарылышынан жана атайын администратордун отчетун жактыргандан кийин же карызгер менен бардык кредиторлордун ортосундагы макулдашуу боюнча аткарылган деп эсептелет. 

5.14. Реабилитациялоо планында каралган иш-чаралардын аткарылбаган учурунда же реабилитациялоо планын аткаруу жөнүндө отчетторду бербегенде Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: (а) сотко (соттук тартипте) карызгер банктын реабилитациялоо жол-жобосун токтотуу жөнүндө сунуш-көрсөтмөнү жөнөтүүгө; (б) Башкарманын чечими менен (соттук эмес тартипте) карызгер банктын реабилитациялоо жол-жобосун токтотууга. 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 5-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 27-07 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 31-январындагы 

N 5/1 токтому менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык 

компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра 

өзгөртүп түзүү жана 

жоюу жөнүндө 

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Микрофинансылык компанияларды түзүүнүн тартиби 

3. Микрофинансылык компанияларды лицензиялоонун 

өзгөчөлүктөрү 

4. Лицензия алуу үчүн Улуттук банкка берилүүчү 

документтер 

5. Лицензия алууга өтүнүч катты кароонун тартиби 

6. Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 

20 пайыздан ашыгын сатып алуунун тартиби 

7. Филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу 

8. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер 

9. Лицензия алгандан кийин өзгөртүүлөрдү жана 

толуктоолорду макулдашуу 

10. Микрофинансылык компаниянын кайра өзгөртүп түзүү жана 

жоюу 

1-тиркеме. Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 

жыйырма пайыздан ашыгына ээлик кылган уюштуруучуларга 

коюлган талаптар 

2-тиркеме. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасына 

лицензия берүү жөнүндө арыз 

3-тиркеме. Микрофинансылык компанияны түзүү жөнүндөгү уюштуруу 

келишиминде чагылдырылууга тийиш болгон негизги 

маалыматтардын тизмеси 

4-тиркеме. Микрофинансылык компаниянын уставында чагылдырылышы 

зарыл болгон негизги суроолордун тизмеси 

5-тиркеме. Уюштуруучулардын (акционерлердин) тизмеси 

6-тиркеме. Бизнес-планда чагылдырылууга тийиш болгон негизги 

маселелердин тизмеси 

7-тиркеме. Лицензия 

8-тиркеме. Чектөө баракчасы 

9-тиркеме. Билдирме 

10-тиркеме. Өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) тууралуу билдирме 

 

Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан жана микрофинансылык компанияларды түзүү жана аларды лицензиялоо тартибин аныктайт. 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Микрофинансылык компания - бул, өздүк жана тартылган каражаттардын, анын ичинде донор уюмдардын, жергиликтүү жана эларалык финансы уюмдарынын эсебинен юридикалык жактардын жана жеке адамдардын өзүнчө категорияларын микрокредиттөөнү жүзөгө ашырган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамында каралган операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамга ылайык жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартуу боюнча операцияны жүргүзгөн, акционердик коом формасында түзүлүүчү, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме. 

1.2. Микрофинансылык ишкердик - бул, микрофинансылык уюмдун "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамга ылайык микрокредиттерди берүү боюнча иши. 

1.3. Микрокредит - бул, микрофинансылык уюмдардын уставына ылайык юридикалык жактарга же алар тарабынан түзүлгөн шериктештик, жеке адамдарга микрофинансылык уюм тарабынан берилүүчү акча каражаттары. 

 

2. Микрофинансылык компанияларды 

түзүүнүн тартиби 

 

2.1. Микрофинансылык компания (мындан ары текст боюнча - компания) ачык же жабык типтеги акционердик коом формасында түзүлөт жана өз ишин уставдын негизинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырат. 

2.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып, компания юридикалык жактын статусуна ээ болот. 

2.3. Юридикалык жактар жана жеке адамдар - Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери төмөнкү шарттарда компаниянын уюштуруучуларынан боло алышат: 

1) юридикалык жактын үлүшү (ушул Жобонун талаптарына ылайык келген жакты эске албаганда) аны контролдоочу, ал тарабынан контролдукка алынган же аны менен бирге жалпы контролдукта турган кайсыл болбосун юридикалык жактын чогуу алгандагы үлүшү менен бирге компаниянын добуш берген акцияларынын 20 процентинен ашпоого тийиш. 

Микрофинансылык компания болуп түзүлгөн микрокредиттик компаниялар (мындан ары текст боюнча - компания) микрофинансылык компания катары юстиция органдарында каттоодон өткөн учурдан тартып, бир жылдын ичинде өз ишин бул талаптарга ылайык келтириши керек; 

2) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык критерийлерге жооп берген юридикалык жак микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 20 пайыздан ашыгына ээлик кыла алат. 

2.4. Уюштуруучу болгон юридикалык жактар мыйзам тарабынан белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө, туруктуу финансылык абалы болууга жана кеминде акыркы эки жыл аралыгында салыктарды жана аларга теңештирилген төлөмдөрдү төлөө боюнча өз милдеттерин аткарууга тийиш (үч жылдан ашык иштеп жаткан уюштуруучу болгон юридикалык жактар үчүн). 

2.5. Микрофинансылык компаниянын уставдык капиталы уюштуруучулардын акча каражаттарынын эсебинен улуттук валютада гана топтолот жана компаниянын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн кызмат кылат. 

Уставдык капиталды негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эсебинен топтоого тыюу салынат. 

Компаниянын капиталынын өзөгүн, толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Уставдык капиталдын курамына, ал боюнча компания анын уюштуруучулары (акционерлери) тарабынан салынган каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө албаган уставдык капитал гана кирет. 

2.6. Компаниянын минималдуу уставдык капиталынын өлчөмү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет: 

- 10 млн. сом - жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырбаган компаниялар үчүн; 

- 50 млн. сом - жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган компаниялар үчүн. 

 

3. Микрофинансылык компанияларды 

лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү 

 

3.1. Өз ишин жүргүзүү үчүн компания банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна Улуттук банктан лицензия алууга (мындан ары - лицензия) милдеттүү

3.2. Микрофинансылык компания Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, мындай операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шарттарда, төмөндө келтирилген өзүнчө операцияларды жүргүзө алат: 

1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү

2) кардарлардын өздүк жыйымдарын топтоо максатында кайтарымдуулук шарттарында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу; 

3) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг); 

4) компания жеткирүүчүнүн же өндүрүүчүнүн мүлкүн алардан сатып алуу жана сатып алуучуга кредит шарттарында сатуу жолу менен алардан сатууну каржылоо менен жеткирүүчүнүн же өндүрүүчүнүн ортосунда ортомчу катары иш кылган финансылык лизинг боюнча операцияларды ишке ашыруу. 

3.3. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук алуу үчүн документтерди берүү учурунда компаниянын уюштуруучулары ушул Жобонун 2.6 пунктуна ылайык уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылуучу топтоо эсебине салууга милдеттүү. Топтоо эсебинде турган каражаттар лицензия алганга чейин уюштуруучулар тарабынан кандайдыр бир максаттарга пайдаланылбайт. Коммерциялык банктын топтоо эсебине уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн салуу жөнүндө талап микрофинансы компаниясына өзгөртүп түзүлгөн жана ушул Жобонун 2.6 пунктунда белгиленген өлчөмдөгү капиталы бар микрокредиттик компанияларга жайылтылбайт. Эгер микрофинансы компаниясына өзгөртүп түзүлүүчү микрокредиттик компаниянын капиталынын өлчөмү ушул Жобонун 2.6 пунктунда белгиленген өлчөмдөн төмөн болсо, анда анын уюштуруучулары коммерциялык банктагы топтоо эсебине жетишсиз сумманы салышы керек. 

Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча микрокредиттик компаниянын уставдык капиталынын түптөлүшүнө Улуттук банк тарабынан, Улуттук банктын талаптарынын сакталышын тастыктоочу атайын текшерүү жүргүзүлүшү керек. 

3.4. Өз ишин баштаган учурдан тартып алгачкы эки жыл ичинде микрофинансылык компания жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзүү укугун, төмөнкү учурларды эске албаганда, ала алышпайт: 

1) Кыргыз Республикасынын "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамына ылайык кредиттик союз катары түзүлгөн жак өтүнмө бергенге чейин эки жылдын ичинде жигердүү иштеген, өзара аманаттарды кабыл алган жана кредиттерди берген болсо, микрофинансылык компания катары лицензия алуу максатында уюштуруу-укуктук формасын акционердик коомго алмаштырат. Ошону менен, Улуттук банк ал иш жүзүндө өз ишин мурда эле жүргүзүп келген ошол эле жак экендигине ынанышы керек; 

2) микрокредиттик компания же микрокредиттик агентство катары уюштурулган жак Улуттук банк тарабынан берилген күбөлүктүн негизинде эки жыл аралыгында иш алып барганда жана лицензия алуу үчүн Улуттук банктын квалификациялык жана башка талаптарына ылайык келсе. 

3.5. Ушул Жобонун 3.4 пунктунун талаптарына ылайык келген финансы-кредиттик мекемелер жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу эмес, эгерде: 

1) алар төлөөгө жөндөмсүз (банкрот) деп таанылса жана жоюлууга жана/же өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болсо; 

2) аларга карата Улуттук банктын эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулган болсо, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик актыларында башка бузуулар орун алса; 

3) ишкердиктин бул түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими болсо; 

4) алар мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банктын талаптарына ылайык келбесе (1-эскертүүнү кара). 

3.6. Лицензия алууга чейин, компанияны түзүүгө байланыштуу уюштуруу иштерин эске албаганда, микрофинансылык компания катары кандайдыр бир ишкердикти жүргүзүүсүнө тыюу салынат. 

3.7. Микрокредиттик компания микрофинансылык компанияга өзгөртүлүп түзүлгөн учурда, микрокредиттик компания Улуттук банктан лицензия алган учурга чейин өз ишин уланта алат. 

3.8. Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды эске албаганда, микрофинансылык компаниянын ишине байланыштуу маселелерди чечүүгө кандай болбосун формада кийлигишүүсүнө тыюу салынат. 

3.9. Компаниянын уюштуруучуларына акцияларды, алардын алгачкы эмиссиясында номиналдык баасынан төмөн баа боюнча сатып алуусуна тыюу салынат. 

3.10. Компанияларга ишкердиктин бардык "оюн-зоок" түрлөрүнө, анын ичинде компаниянын имаратында акчалай-буюм лотореяларын же аларды жарнамалоону өткөрүүнү кошо алганда, утуштарды жана акчалай-буюм лотореяларын уюштурууга жана өткөрүүгө катышууга тыюу салынат. 

3.11. Аталышы катары аларды ордунан жылдыруу даражасына чейинки так ошондой же окшош белгилөөлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында мурда түзүлгөн же түзүлүп жаткан финансы-кредиттик мекемелердин аталыштары менен аралаштырууга жол берилбейт. 

 

4. Лицензия алуу үчүн Улуттук 

банкка берилүүчү документтер 

 

4.1. Компанияны түзүү боюнча тиешелүү документтерди даярдоо үчүн, анын уюштуруучулары документтердин каралышы маселеси боюнча Улуттук банк менен иш алып барган ыйгарым укуктуу адамды (мындан ары текст боюнча - ыйгарым укуктуу адам) аныкташат. 

4.2. Юридикалык жакты (компанияны) мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук алуу үчүн Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтер эки нускада берилиши керек: 

1) макулдашуу катын берүү жөнүндө өтүнүч кат. Юридикалык жактар үчүн макулдашуу катын берүү жөнүндө өтүнмөгө Директорлор кеңешинин Төрагасынын, же болбосо уюштуруучулардын жыйынында ыйгарым укукка ээ болгон башка адамдын колу коюлушу керек (2-тиркеме); 

2) Микрофинансылык компанияны түзүү/микрофинансылык компанияны өзгөртүп түзүү, уставды кабыл алуу жана анын башкаруу органын дайындоо жөнүндө чечимин камтыган, уюштуруучунун чечиминин же уюштуруучулардын/катышуучулардын жалпы жыйынынын протоколунун нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү

3) уюштуруучулардын колтамгалары нотариалдык жактан тастыкталган уюштуруу келишими. Уюштуруу келишиминде чагылдырууга тийиш болгон суроолордун болжолдуу тизмеси 3-тиркемеде келтирилген; 

4) микрофинансылык компаниянын уставынын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү. Уставда камтылууга тийиш болгон суроолордун болжолдуу тизмеси 4-тиркемеде келтирилген; 

5) микрофинансылык компаниянын акционерлери тууралуу маалымат (5-тиркеме); 

6) бизнес-план, 6-тиркемеде келтирилген суроолорду кошо алганда; 

7) микрофинансылык компаниянын жалпы уюштуруу структурасы жөнүндө маалымат; 

8) микрофинансылык компаниянын кызмат адамдарынын тизмеси, ошондой эле алардын Улуттук банк белгилеген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келишин тастыктоочу анкеталар жана маалыматтар (2 эскертүүнү кара); 

9) каражаттардын микрофинансылык компаниянын уставдык капиталы катары коммерциялык банктын топтоо эсебине салынышын тастыктоочу документ; 

10) өткөн эки жыл үчүн финансылык отчеттуулук (микрофинансылык компаниянын уюштуруучулары болгон юридикалык жактардын), мында акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчет аудитордук уюмдун корутундусу менен тастыкталууга тийиш; 

11) Микрофинансылык компаниянын уставдык капиталын топтоого багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтер. 

Улуттук банк лицензия алуу үчүн өтүнүч менен кайрылган жак көрсөтүүгө тийиш болгон кошумча маалыматтарды аныктоо укугуна ээ. 

4.3. Микрофинансылык компаниянын капиталына четөлкөлүк инвесторлор катышкан учурда макулдашуу катын алуу үчүн ушул Жобонун 4.2-пунктунда аталган документтерге кошумча, белгиленген тартипте легалдаштырылган төмөнкү документтер берилет: 

1) юридикалык жак - резидент эместерден: 

- юридикалык жак катары катталгандыгын тастыктоочу документ; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияны түзүүгө катышкандыгы тууралуу тиешелүү органдын чечими; 

- Устав жана эсепке алуунун эларалык тажрыйбасына ылайык түзүлгөн өткөн эки жыл үчүн финансылык отчеттуулук; 

- Акыркы отчеттук датага карата финансылык абал жөнүндө аудитордук уюмдун тыянагы же бул адамдын финансылык алгылыктуулугун тастыктоочу башка маалыматтар; 

2) жеке адамдар - резидент эместерден: 

- паспорттун көчүрмөсү же инсандыгын тастыктаган башка документ; 

- анын финансылык абалы алгылыктуу экендигин далилдеген документтер. 

4.4. Лицензия алуу үчүн микрофинансылык компаниялар тарабынан Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди эки нускада бериши керек: 

1) лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат. Юридикалык жактар үчүн лицензия берүү жөнүндө өтүнмөгө Директорлор кеңешинин Төрагасынын, же болбосо уюштуруучулардын жыйынында ыйгарым укукка ээ болгон башка адамдын колу коюлушу керек (2-тиркеме); 

2) юстиция органдарында каттоодон өткөрүлгөн уюштуруу келишиминин түп нускасы жана нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү

3) юстиция органдарында каттоодон өткөрүлгөн уставдын түп нускасы жана нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү

4) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

5) лицензиянын берилиши үчүн акынын төлөнүшүн тастыктоочу документ. 

4.5. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алууга талапкер болгон микрофинансылык компаниялар мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алууга өтүнүч катты бергенге чейин бир жылдан кем эмес мөөнөттө, Улуттук банкка мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алууга билдирме берүүдө микрофинансылык компаниянын ниетин тастыктоочу милдеттенме-катты Улуттук банкка бериши керек (3-эскертүү кара). 

4.6. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди эки нускада берүүгө тийиш: 

1) жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартуу укугуна лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

2) уюштуруучулардын жалпы жыйынынын жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашыруу тууралуу чечимди камтыган протоколунун же уюштуруучунун чечиминин түп нускасы же нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү

3) микрофинансылык компаниянын жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу каралган уставынын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү

4) жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырууну эске алуу менен иштелип чыккан бизнес-план; 

5) микрофинансылык компаниянын уюштуруу структурасы тууралуу маалыматтар; 

6) каражаттардын микрофинансылык компаниянын уставдык капиталы катары коммерциялык банктын топтоо эсебине салынышын тастыктоочу документ (ушул Жобонун 2.6-пунктуна ылайык); 

7) уюштуруучулардын финансылык абалы жөнүндө аудитордук уюмдун корутундусу, же алардын финансылык алгылыктуулугун тастыктаган башка маалыматтар; 

8) лицензиялык жыйымдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ. 

4.7. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартуу укугуна лицензия алууга талапкер болгон микрофинансылык компаниянын милдеттенме-катына ылайык аныкталган жылдык өткөөл мезгил аралыгы аяктаганга чейин үч айдан ашык эмес мөөнөттө Улуттук банк микрофинансылык компаниянын ишине инспектордук текшерүү жүргүзөт. 

4.8. Ушул Жобого ылайык Улуттук банкка микрофинансылык компанияны түзүү боюнча бирден ашык кагаздан турган уюштуруу документтери номер коюлуп, көктөлүүгө жана ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлууга тийиш. Уюштуруучу - юридикалык жактардын колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталат. Уюштуруучу жеке адамдын колтамгасы нотариалдык жактан тастыкталат. 

4.9. Лицензияны алууга өтүнүч кат же документтер кайтарылып алынган, же болбосо лицензияны берүүдөн баш тартылган учурда, компаниянын уюштуруучулары тарабынан берилген документтердин бир көчүрмөсү аларга кайтарылып берилбейт. 

 

5. Лицензия алууга өтүнүч 

катты кароонун тартиби 

 

5.1. Уюштуруу келишимине кол коюлганга чейин компания түзүү боюнча ыйгарым укуктуу адам, компаниянын болжолдонуп жаткан толук жана кыскартылып алынган аталышын Улуттук банк менен алдын-ала макулдаша алат. 

5.2. Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы микрофинансылык компанияны түзүү боюнча берилген документтерди аларды алган учурдан тартып, отуз календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө карап чыгат. Документтерди карап чыгуу мөөнөтү Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгынын ишине тикелей көзөмөл кылган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан, он календарлык күнгө узартылышы мүмкүн. 

5.3. Эгерде документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген жана/же документтердин толук эмес пакетин берген учурда, алар ыйгарым укуктуу адамга кат жүзүндөгү мотивдештирилген баш тартууну кошо тиркөө менен кайтарылат. Ошону менен, микрофинансылык компаниянын уюштуруучулары тарабынан берилген документтердин бир нускасы кайтарылып берилбейт. Документтерди карап чыгуу мөөнөттөрүн эсептөө, Улуттук банктын талаптарына жооп берген документтердин топтомун алган учурунан башталат. 

5.4. Ушул Жобонун 4.2.-4.3. пунктарында келтирилген документтерди карап чыккандан кийин Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы юридикалык жакты микрофинансылык компания катары мамлекеттик каттоого макулдугу жөнүндө тыянакты даярдайт, анда төмөнкү маалымат камтылууга тийиш: 

- документтерди карап чыгуу мөөнөтү

- уюштуруу документтеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсү

- микрофинансылык компаниянын уюштуруучуларынын финансылык алгылыктуулугунун жана репутациясынын анализи; 

- уюштуруучулар ортосунда уставдык капиталдагы акциялардын бөлүштүрүлүшү

- бизнес-планга кыскача анализ; 

- микрофинансылык компаниянын сунушталган кызмат адамдарынын Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү

- жаңы микрофинансылык компанияны түзүү рынокто монополияга алып келбестиги жөнүндө тыянак. 

5.5. Микрофинансылык компанияга лицензия берүү жөнүндө маселе оң чечилгенде, Улуттук банк микрофинансылык компанияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык юстиция органдарында каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү үчүн макулдук кат берет. 

5.6. Макулдук катка тиркемеде Улуттук банк берилген уюштуруу документтеринин бир нускасын микрофинансылык компанияга берет. 

5.7. Улуттук банк микрофинансылык компанияны каттоого алдын-ала берилген макулдугун төмөнкү себептер боюнча токтотууга, же болбосо кайтарып алууга укуктуу: 

1) эгер өтүнүч катты берүүчүнүн финансылык же укуктук абалында микрофинансылык компанияны ачууга алдын-ала макулдукту кайтарып алуу үчүн негиздемелер келип чыккан өзгөрүүлөр болгондо; 

2) эгер текшерүү процессинде микрофинансылык компаниянын уюштуруучулары жана кызмат адамдары тууралуу так эмес маалыматтар табылганда. 

Улуттук банк лицензия алууга алдын-ала уруксат берүүгө баш тартуунун негиздөөлөрү жөнүндө микрофинансылык компанияны жазуу жүзүндө кабарлоого тийиш. 

5.8. Юридикалык жак микрофинансылык компания катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алгандан кийин ыйгарым укуктуу адам Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына уюштуруу документтери менен бирге күбөлүктүн көчүрмөсүн берет. 

5.9. Лицензия мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн жана бардык зарыл документтерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө карап чыгуу жана лицензия берүү үчүн төлөмдөр төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтерди бергенден кийин беш жумушчу күндүн ичинде берилет. 

5.10. Лицензияга үч нускада Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан кол коюлат (7-тиркеме). 

Өзүнчө банк операцияларын өткөрүүгө чектөө баракчасы лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат (8-тиркеме). 

Лицензиянын бир нускасы Директорлор кеңешинин Төрагасына же микрофинансылык компаниянын башка ыйгарым укуктуу адамына кол койдуруп алуу менен берилет. 

Лицензиянын эки нускасы жана компания тарабынан берилген бардык документтер Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгында сакталат. 

5.11. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы микрофинансылык компаниянын реестрин (мындан ары текст боюнча - реестр) жүргүзөт. 

 

6. Микрофинансылык компаниянын добуш берген 

акцияларынын 20 пайыздан ашыгын 

сатып алуунун тартиби 

 

6.1. Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 20 пайыздан ашыгын сатып алуу үчүн юридикалык жак Улуттук банктын алдынала уруксатын алышы керек (ушул Жобонун 1-тиркемесинин критерийлерине ылайык келген). 

6.2. Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 20 пайыздан ашыгын сатып алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүү зарыл: 

- Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 20 пайыздан ашыгын сатып алууга өтүнүч кат; 

- Микрофинансылык компаниянын акцияларын сатып алуу жөнүндө юридикалык жактын тиешелүү (ыйгарым укуктуу) органынын чечими; 

- юридикалык жактын ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн критерийлерге ылайыктуулугун тастыктаган документтер. 

6.3. Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 20 пайыздан ашыгын сатып алууга өтүнүч катын алган күндөн баштап, Улуттук банк отуз жумушчу күндүн ичинде микрофинансылык компанияга акцияларды сатып алууга макулдугу же баш тартуусу жөнүндө кат жөнөтөт. 

6.4. Улуттук банк микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларынын 20 пайыздан ашыгын сатып алууга өтүнүч катты карап чыгуу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты сурай алат. 

Микрофинансылык компаниянын добуш берген акцияларын кандай болбосун кошумча сатып алууда юридикалык жак жазуу формасында билдирме бериши жана Улуттук банктан алдынала уруксат алышы керек. 

Четөлкөлүк инвесторлордун "Микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамга ылайык тике же кыйыр түрдө контролдукту ишке ашыруу укугун берүүчү микрофинансылык компаниянын акцияларынын топтомун сатып алган учурунда же микрофинансылык компаниянын акцияларын кошумча сатып алса, анын натыйжасында четөлкөлүк инвесторлор акциялардын контролдук топтомунун тике же кыйыр түрдө ээси болгон учурунда (б.а. 50% ашыгын сатып алганда), акцияларды сатып алуунун болжолдонгон датасына чейин отуз күндө ушул Жобонун 4.3. жана 4.4. пункттарына ылайык, белгиленген тартипте легалдаштырылган документтерди берүүгө тийиш. 

 

7. Филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу 

 

7.1. Микрофинансылык компаниялар иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырыла турган өзүнчө бөлүмдөрдү (филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү) ача алат. 

7.2. Юридикалык жак болуп саналбаган, юридикалык жак жайгашкан жерден тышкары турган жана филиал жөнүндө жоболордун негизинде операциялардын бардыгын жана/же бөлүгүн жүзөгө ашырган жана микрофинансылык компания тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барган анын өзүнчө бөлүмү, компаниянын филиалы болуп саналат. 

7.3. Филиал, компания менен бирдиктүү уставдык капиталга, баланска, ошондой эле компаниянын аталышына толук дал келген, "филиал" деген сөз кошулган аталышка ээ. 

7.4. Филиалдын жетекчиси компаниялардын ыйгарым укуктуу органы тарабынан дайындалат жана аларга белгиленген тартипте берилген ишеним каттын негизинде иш алып барат. Ишеним катта компаниянын атынан филиалдын жетекчиси жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон операциялардын жана башка аркеттердин тизмеси келтирилүүгө тийиш. 

7.5. Компания Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен ал тууралуу Улуттук банкка билдирилгенден тартып 30 күндүн ичинде өз филиалын ачат. 

Филиалды ачуу үчүн Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтер берилүүгө тийиш: 

1) филиалды ачуу тууралуу билдирме (9-тиркеме); 

2) филиалды ачуу тууралуу микрофинансылык компаниянын тиешелүү органынын чечими; 

3) минимум катары, филиалды ачуунун максаттары, филиалга мыйзамдашкан банктык операциялардын тизмеси, пландалган операциялардын масштабы жана мүнөзү, филиалдын жетекчисинин ыйгарым укуктары жана функциялары көрсөтүлүүгө тийиш болгон филиал жөнүндө жобо; 

4) филиалдын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин кадрларды эсепке алуу баракчасынын көчүрмөсү (4-эскертүүнү кара); 

5) ал жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон операцияларды жана бүтүмдөрдү көрсөтүү менен филиалдын жетекчисине берилген, микрофинансылык компаниянын жетекчиси тарабынан кол коюлган жана микрофинансылык компаниянын мөөрү менен бекитилген ишеним кат. 

7.6. Филиалдар юстиция органдарында эсептик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин, каттоодон өткөн учурунан тартып беш жумушчу күндүн ичинде компания Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди бир нускада берүүгө тийиш: 

1) титулдук баракчада эсептик каттоодон өткөрүүнү ишке ашыргандыгы тууралуу белги менен филиал жөнүндө жобону; 

2) компаниянын мөөрү менен тастыкталган, эсептик каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн; 

3) юстиция органдарында каттоодон өткөн уставдын түп нускасы же нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсүн. 

7.7. Ушул Жобонун 7.6. пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жана компаниянын тиешелүү билдирүү катын берген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы: 

1) Микрофинансылык компаниянын филиалдарынын реестрине жазуу жүргүзөт; 

2) Микрофинансылык компаниянын дарегине компаниянын филиалдарынын реестрине жазуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө кат жөнөтөт; 

3) Филиалдын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин фамилиясын көрсөтүү менен компаниянын филиалын ачуу жөнүндө Улуттук банктын областтык мекемелерине кат жөнөтөт. 

7.8. Микрофинансылык компаниянын филиалын жабуу жөнүндөгү чечим компаниянын тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынат. Микрофинансылык компания бул учурда Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (анын аймактык органдарынын) филиалдын ишин токтотуу жөнүндө маалыматтардын филиалдардын реестрине киргизүү жөнүндө буйругунун көчүрмөсүн, ошондой эле билдирүү катын берет. 

7.9. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы компания тарабынан берилген билдирүү катынын жана буйруктун көчүрмөсүнүн негизинде компаниянын филиалдарынын реестрине филиалдын жабылышы жөнүндө жазуу жүргүзөт. 

7.10. Юридикалык жак болуп саналбаган, компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн, ошондой эле компаниянын атынан өкүлчүлүк ал тарабынан бекитилген жөнүндөгү жобого ылайык, депозиттерди кабыл алуудан, микрокредиттерди берүүдөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык лицензияны алууну талап кылбаган башка операцияларды жүргүзүүдөн тышкары, бүтүмдөрдү жана башка укук ченемдүү аракеттерди жүзөгө ашырган, анын өзүнчө бөлүмү компаниянын өкүлчүлүгү болуп саналат. 

Өкүлчүлүк, компания менен бирдиктүү баланска, ошондой эле компаниянын аталышына толук дал келген, "өкүлчүлүк" деген сөз кошулган аталышка ээ. 

7.11. Улуттук банктын билдирүүсүн алган учурдан тартып отуз күндүн ичинде компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен Кыргыз Республикасынын аймагында өз өкүлчүлүгүн ачат. 

7.12. Компаниянын Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана анын чегинен тышкары өкүлчүлүгүн ачуу үчүн Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди берет: 

1) өкүлчүлүктү ачуу тууралуу чечим (10-тиркеме); 

2) өкүлчүлүктү ачуу тууралуу компаниянын тиешелүү органынын чечими; 

3) жайгашкан ордунан жана аталышынан тышкары, өкүлчүлүктү ачуу максаттары жөнүндөгү маалыматты, аткарылуучу иштердин түрлөрүн камтыган өкүлчүлүк жөнүндөгү жобо; 

4) жетекчи тууралуу маалымат (кадрларды эсепке алуу баракчасы). 

7.13. Юстиция органдарында өкүлчүлүктү эсептик каттоодон өткөргөндөн кийин, компания каттоодон өткөндөн кийинки беш жумушчу күндүн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада берүүгө тийиш: 

1) титулдук баракчада эсептик каттоодон өткөрүүнү ишке ашыргандыгы тууралуу белги менен филиал жөнүндө жобону; 

2) компаниянын мөөрү менен тастыкталган эсептик каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн; 

3) юстиция органдарында каттоодон өткөн уставдын түп нускасын же нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсүн. 

7.14. Ушул Жобонун 7.13 пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жана компаниянын тиешелүү билдирүү катын алган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы: 

1) Микрофинансылык компаниянын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине жазууну каттайт; 

2) Микрофинансылык компаниянын дарегине компаниянын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине жазуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө кат жөнөтөт; 

3) Өкүлчүлүктүн жетекчисинин фамилиясын көрсөтүү менен компаниянын өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө Улуттук банктын областтык мекемелерине кат жөнөтөт. 

7.15. Өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан жана өкүлчүлүктүн юстиция органдарында тиешелүү жоюу жол-жобосунан өткөндөн кийин, компания Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүүгө (10-тиркеме), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (анын аймактык органдарынын) өкүлчүлүктүн ишин токтотуу жөнүндө маалыматтарды өкүлчүлүктүн реестрине киргизүү жөнүндө буйругунун көчүрмөсүн тиркөө менен беш жумушчу күндүн ичинде берүүгө милдеттүү

7.16. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы компания тарабынан берилген документтердин негизинде компаниянын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине өкүлчүлүктүн жабылышы жөнүндө жазууну каттайт. 

 

8. Лицензия берүүдөн баш тартуу 

үчүн негиздер 

 

8.1. Улуттук банк, төмөндө келтирилген себептердин негизинде лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн: 

1) лицензия алуу үчүн берилген уюштуруу же башка документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарына ылайык келбеши; 

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген документтер толук көлөмдө берилбесе. Көрсөтүлгөн тоскоолдуктар четтетилгенде документтер жалпы негизде каралат; 

3) эгерде, Улуттук банк алдын-ала макулдугун берген учурдан тартып, анын финансылык жана укуктук абалында лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болгон өзгөрүүлөр орун алган учурда; 

4) компаниянын кызмат адамдарынын Улуттук банктын белгилеген минималдуу талаптарына ылайык келбей калуусу (5-эскертүү кара); 

5) минималдуу уставдык капиталдын өлчөмүнүн, структураларынын, топтоо булактарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбей калуусу; 

6) каттоодон өтүү учуруна карата уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төлөнбөсө

7) лицензия алууга такталбаган маалыматтарды камтыган документтер берилген болсо; 

8) лицензия берүү үчүн төлөмдөр төлөнбөгөн болсо; 

9) ишкердиктин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими болсо; 

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча. 

8.2. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы ыйгарым укуктуу адамды лицензия берүүдөн баш тартуунун негиздери тууралуу жазуу жүзүндө билдириши керек. 

 

9. Лицензия алгандан кийин өзгөртүүлөрдү 

жана толуктоолорду макулдашуу 

 

9.1. Компаниянын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, лицензия алуу үчүн берилүүчү документтер, ошондой эле компаниянын башкаруу органдарынын курамында өзгөрүүлөр Улуттук банкта алдынала жактырылууга тийиш. 

Ошондой эле, акциялардын ири топтомун сатып алуу (беш жана андан ашык пайыз) Улуттук банкта алдынала жактырылышы керек. 

9.2. Уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор төмөнкү учурларды Улуттук банк тарабынан жактырылбашы мүмкүн: 

1) уюштуруу документтериндеги сунушталган өзгөртүүлөрдө жана толуктоолордо лицензия берүүдө баш тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер бар болсо; 

2) компаниянын уюштуруу документтериндеги сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча сунуштарды четтетүү тууралуу Улуттук банктын тапшырмасын аткаруудан баш тартса; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

9.3. Улуттук банк өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашкандан кийинки жумушчу күндө юстиция органдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдашуу катын жөнөтөт. 

9.4. Юстиция органдарында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кайра каттоодон кийин компания үч жумушчу күндүн ичинде Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына кайра каттоо жөнүн күбөлүктүн көчүрмөсүн, ал эми лицензиясын алмаштырган учурда - лицензияны берүүгө өтүнүч катты берүүгө тийиш. 

9.5. Компания туура эмес маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат. 

 

9.6. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 

 

9.6.1. Компаниянын уставына киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Компаниянын уставына киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор, же болбосо компаниянын уставынын жаңы редакциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин күчүнө кирет. 

9.6.2. Уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду жактыруу үчүн компания акционерлердин жалпы жыйынында тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып, отуз жумушчу күндүн ичинде Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына эки нускада төмөнкү документтерди берет: 

- уставка киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, же болбосо уставдын жаңы редакциясын кароо жөнүндөгү тиешелүү орган кол койгон өтүнүч кат; 

- уставка киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө акционерлердин жалпы жыйынынын протоколунун тиешелүү түрдө тастыкталган көчүрмөсү

- Компаниянын жетекчиси кол койгон, уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун тексти, уставдын жаңы редакциясы. 

9.6.3. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы берилген документтерди отуз календарлык күндүн ичинде карап чыгат. Эгерде алар ушул Жобонун талаптарына жооп берген болсо, уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн текстин, же болбосо уставдын жаңы редакциясын тиркөө менен юридикалык жакты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашуу катын жөнөтөт. 

9.6.4. Мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде компания Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди бериши керек: 

- тиешелүү түрдө тастыкталган, юстициянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

- мамлекеттик каттоо жөнүндө юстициянын ыйгарым укуктуу органынын белгиси менен уставга өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун, же болбосо уставдын жаңы редакциясынын түп нускасы жана анын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү

Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалыматты реестрге каттайт. 

 

9.7. Уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү 

 

9.7.1. Компаниянын уставында аныкталган уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү катышуучулардын акцияга толук төлөмүн киргизгенден кийин ишке ашырылат. Компаниянын уставдык капиталды көбөйтүү тууралуу чечимин кабыл алуу компаниянын уставындагы уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүүнүн мурдагы катталышынан жана акциялардын чыгарылышын аткарылды деп таанылышынан кийин жол берилет. 

9.7.2. Эгер компаниянын уставында уставдык капиталдын өлчөмүнүн өзгөртүлүшү киргизилсе, анда компания ушул Жобонун 9.6.2. пунктчасында келтирилген документтердин тышкары, кошумча төмөнкү документтерди эки нускада берет: 

- компаниянын акционерлеринин жалпы жыйынынын уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган протоколу же анын көчүрмөсү

- уставдык капиталда үлүшү 5 жана андан көп процентти түзгөн акционерлер тууралуу маалыматты көрсөтүү менен акционерлерлердин тизмеси (5-тиркеме); 

- бир юридикалык жак же адам тарабынан, же болбосо юридикалык жактардын жана/же жеке адамдардын келишим боюнча өз ара байланыштуу болгон тобу, же туунду ишкана болуп саналган же бири-бирине көз каранды болгон юридикалык жактардын бир же бир нече бүтүмдөрүнүн натыйжасында компаниянын акционерлери тарабынан бештен көбүрөөк, бирок 20 процентинен ашпаган өлчөмдө компаниянын акцияларынын сатылып алынышы жөнүндөгү маалыматтар; 

- акциялардын чыгарылышын мурда каттоодон өткөндүгүн тастыктаган каттын көчүрмөсү жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыгы тууралуу маалымкат; 

- уставдык капитал көбөйтүлгөн учурда, жарыяланган акциялардын категориялары, класстары, саны, номиналдык наркы, ошондой эле алар акционерге ыйгаруучу укуктар жөнүндөгү маалыматтар берилет. 

 

9.8. Микрофинансылык компаниянын аталышын өзгөртүү 

 

9.8.1. Микрофинансылык компания андан ары лицензияны алмаштыруу менен аталышын өзгөртүүнү макулдашуу үчүн Улуттук банкка компания анын уюштуруу-укуктук формасын камтыган, болжолдуу толук жана кыскартылган аталышы менен аталышын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч катты жөнөтөт. 

Улуттук банк үч жумуш күнү ичинде чечим кабыл алат жана компаниянын жаңы аталышын макулдашуунун жыйынтыгы жөнүндөгү жоопту компанияга жөнөтөт. 

9.8.2. Улуттук банктан жаңы аталышты макулдашуу жөнүндөгү билдирмени алгандан кийин компаниянын акционерлери жалпы жыйында анын аталышын өзгөртүү жана компаниянын уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимди кабыл алат. 

9.8.3. Компаниянын акционерлери жалпы жыйында анын аталышын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алгандан кийин компания Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди бериши керек: 

- компаниянын аталышынын өзгөрүүсүнө байланыштуу тиешелүү органдын колу коюлган, уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү карап чыгуу жөнүндө өтүнүч кат

- тиешелүү түрдө тастыкталган, компаниянын аталышынын өзгөрүүсүнө байланыштуу уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечими менен акционерлердин жалпы жыйынынын протоколу же анын көчүрмөсү

- Компаниянын жетекчисинин колу коюлган, компаниянын аталышынын өзгөрүүсүнө тиешелүү болгон уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн тексти. 

9.8.4. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы берилген документтерди ушул Жобонун 9.6.3. пунктуна ылайык карап чыгат. 

9.8.5. Компания юстициянын ыйгарым укуктуу органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн күндөн тартып, беш күндүн ичинде Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди бериши керек: 

- тиешелүү түрдө тастыкталган, юстициянын ыйгарым укуктуу органында мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү эки нускада; 

- юстициянын ыйгарым укуктуу органынын белгиси менен уставга тиркеме түрүндө уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн түп нускасы эки нускада жана анын нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү

- жаңы аталыштагы лицензияны берүүгө өтүнүч кат. 

Компаниянын аталышынын өзгөрүүсүнө байланыштуу лицензияны алмаштыруу жөнүндө чечимди Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгынын сунушу менен Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кабыл алат. 

9.8.6. Компания анын аталышынын өзгөрүүсүнө байланыштуу лицензияны алмаштырууну ишке ашырган күндөн тартып, беш жумушчу күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу компаниянын жаңы аталышын көрсөтүү менен жаңы аталышы жөнүндө билдириши керек. 

9.8.7. Өз аталышын өзгөрткөн компания лицензия алгандан кийин Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына эски аталышындагы лицензияны тапшырышы керек. Лицензиянын түп нускасынын ордуна түшүндүрмө каты менен тастыкталган көчүрмөнү алат. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы реестрге лицензияны алмаштыруу жөнүндө тиешелүү жазууну жүргүзөт жана жалпыга маалымдоо каражаттарында билдирүүнү жарыялайт. 

 

9.9. Микрофинансылык компаниянын жайгашкан ордун алмаштыруусу 

 

9.9.1. Микрофинансылык компаниянын жайгашкан ордун алмаштыруусу ага берилген лицензияны алмаштырууга алып келбейт. Уставка киргизилген өзгөртүүлөрдү каттоодон өзгөртүү үчүн микрофинансылык компания Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

1. микрофинансылык компаниянын жайгашкан жеринин өзгөргөндөгү тууралуу маалыматты; 

2. микрофинансылык компаниянын жайгашкан жерге карата менчикке укугун тастыктаган документти же ижара келишиминин көчүрмөсүн. 

9.9.2. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы микрофинансылык компаниянын жайгашкан ордунун өзгөргөндүгү тууралуу реестрге чагылдырууга тийиш. 

9.9.3. Жайгашкан ордун өзгөрткөндөн кийинки эки жумуш күнү ичинде микрофинансылык компания төмөндөгүлөрдү аткаруусу зарыл: 

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ал тууралуу кат жүзүндө билдирүүгө

2) жалпыга маалымдоо каражаттарында микрофинансылык компаниянын жайгашкан орду өзгөргөндүгү тууралуу (почта дарегин) жарыялоого. 

 

9.10. Акционерлердин курамынын өзгөрүүсү 

 

9.10.1. Микрофинансылык компаниянын ишине тике же кыйыр түрдө контролдукту жүзөгө ашырууга укук берген акциялардын топтомун сатып алууга ниеттенген же башка жактар же бирикмелер менен чогуу иш алып барган кайсыл болбосун жеке адам же юридикалык жак акцияларды сатып алуу болжолдонгон күнгө чейин отуз күн мурда Улуттук банкка кат жүзүндө билдирме берүүгө тийиш. 

9.10.2. Акцияларга ээлик кылуу дегенден улам микрофинансылык компаниялардын акцияларын сатып алууну, өткөрүп берүүнү, күрөөгө коюуну жана кандайдыр башка формада ажыратууну түшүнүүгө болот. 

9.10.3. Контролдук дегенден улам микрофинансылык компаниянын Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөсүн шайлоого тике же кыйыр түрдө контролдук кылууга, ошондой эле компаниянын ишин тескөөгө башка жол менен таасир этүү мүмкүнчүлүгүн түшүнүү зарыл. Контролдук микрофинансылык компания тарабынан чыгарылган добуш берүүгө же башкаруу чечимдерин кабыл алууга таасир этүүгө мүмкүндүк берген кандай болбосун түрдөгү акциялардын беш же андан көп пайызына ээлик кылуу аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

9.10.4. Акцияларды сатып алууга билдирме микрофинансылык компаниянын акцияларын кошумча сатып алуунун натыйжасында тике же кыйыр түрдө акциялардын контролдук топтомуна ээ болуп калган жактар тарабынан да берилиши мүмкүн. 

9.10.5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирмелерди алган учурдан кийин 30 күндөн кечиктирбестен, ал эми акциялар резидент эместер тарабынан сатылып алган учурларда 6 күн аралыгында өз чечими жөнүндө (макул болгондугу же баш тарткандыгы) кат жүзүндө билдирет. Макул болбогон шартта анын себептери көрсөтүлүшү зарыл. Эгерде, Улуттук банк кабыл алган чечим жөнүндө көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде маалымдабаса, микрофинансылык компаниялардын акцияларын сатып алуу боюнча бүтүм жүзөгө ашырылган болуп эсептелет. 

9.10.6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн көзөмөлдүк функциянын чегинде микрофинансылык компаниянын акцияларынын беш пайыздан көбүрөөгү сатылып алынган учурда МФКнын акционерлеринин финансылык абалы жана ишкердик аброюуна тиешелүү маалыматтарды талап кылып алышы мүмкүн. 

9.10.7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү учурларда келип түшкөн билдирмени канааттандыруудан баш тартышы мүмкүн: 

1) акциялардын топтомун сатып алуу монополияга алып келиши мүмкүн; 

2) сатып алуучу тараптын финансылык абалы микрофинансылык компаниянын туруктуулугуна коркунуч туудурат; 

3) микрофинансылык компаниянын сунуш кылынган жетекчилигинин компентенциясы, иш тажрыйбасы, кесиптик квалификациясы белгиленген талаптарга ылайык келбейт; 

4) акцияларды сатып алган тарап тиешелүү маалыматтарды толук берген эмес же бурмаланган, тактабаган маалыматтарды беришкен. 

9.10.8. Микрофинансылык компаниянын катышуучуларынын курамына сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү кароо мөөнөтүн эсептөө Улуттук банктын талаптарына жооп берген документтер алынган учурдан башталат. 

9.10.9. Акциялардын ири топтомун (5 же андан көп пайызы) сатып алууга чейинки акционердин курамына киргизилген бардык өзгөртүүлөр тууралуу маалымат Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына жарым жылдык негизде берилиши зарыл. 

 

9.11. Микрофинансылык компаниянын филиалынын ишине байланыштуу 

өзгөрүүлөр 

 

9.11.1. Микрофинансылык компаниянын лицензиясында каралган операциянын жүзөгө ашырылышы көзөмөлдүктү жүргүзүү үчүн ал 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка өзүнүн филиалы жөнүндөгү жобого сунуш кылынган өзгөртүүлөр тууралуу билдирүүсү зарыл. 

9.11.2. Филиалы жайгашкан ордун өзгөрткөн шартта микрофинансылык компания 3 жумуш күнү ичинде бул тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө тийиш. 

9.11.3. Микрофинансылык компания филиалынын жайгашкан орду өзгөргөндүгү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоосу зарыл. 

9.11.4. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу билдирме алгандан кийинки он беш жумуш күнү ичинде аларга макул экендигин же макулдук берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө билдирме даярдоого тийиш. 

 

10. Микрофинансылык компаниянын кайра 

өзгөртүп түзүү жана жоюу 

 

10.1. Микрофинансылык компания анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же болбосо уюштуруу документтеринде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банктын чечими боюнча ага ыйгарым укук берилген юридикалык жактын органынын чечими боюнча кайра өзгөртүп түзүлүшү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, өзүнчө бөлүү, өзгөртүп түзүү) мүмкүн. 

10.2. Микрофинансылык компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу мүмкүн. Мында микрофинансылык компания лицензиясынын түп нускасын өз эрки боюнча жоюлгандыгы жөнүндө чечим кабыл алгандан кийинки үч күн аралыгында Улуттук банкка тапшырууга жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алгандан тартып лицензияда каралган операцияларды жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш. 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында 

микрофинансылык компаниялардын 

ишин лицензиялоо, кайра 

өзгөртүп түзүү жана жоюу 

жөнүндө жобого 

1-тиркеме 

 

Микрофинансылык компаниянын добуш берген 

акцияларынын жыйырма пайыздан ашыгына ээлик 

кылган уюштуруучуларга коюлган 

ТАЛАПТАР 

 

Микрофинансылык компаниянын уюштуруучулары болуп, төмөнкү пункттардын бирине ылайык келген юридикалык жактар эсептелет: 

1. Дүйнөлүк банк, Азия өнүгүү банкы, Реконструкциялоо жана өнүгүүнүн Европа банкы, Ислам Өнүгүү банкы тарабынан ыйгарым укук берилген эл аралык финансы уюмдары. 

2. Төмөнкү шарттарды аткарууда четөлкөлүк коммерциялык уюмдар: 

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өкмөт аралык келишимдердин негизинде, донор-өлкөлөрдүн (мисалы, USAID, GTZ, TASIS, JICA, ТIСА) Өкмөттүк уюмдарды микрокаржылоону өнүктүрүү долбоорлору боюнча акыркы беш жылдын ичинде кредит берүүчүлөр катары иштеп жаткан жана/же иштеп кеткендер; 

б) Кыргыз Республикасында үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болгондор; 

в) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоого жардам көрсөтүүчүлөр. 

3. Финансы-кредиттик мекемелер жана адистештирилген кредиттик мекемелер, төмөнкү шарттарды аткарууда: 

а) туруктуу финансылык абал жана Кыргыз Республикасынын рыногунда акыркы эки жылдын ичинде кирешелүү ишти жүзөгө ашыруу; 

б) Микрофинансылык секторго баа берүү фондунда катталган рейтингдик агенттик тарабынан ыйгарылган ортодон жогорку рейтингге ээ болуу; 

в) акыркы эки жыл үчүн тышкы аудиттин тыянагынын болушу; 

г) акыркы он эки ай ичинде Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары колдонулбаса. 

Бул талаптар Улуттук банк тарабынан кайрадан каралып чыгышы мүмкүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында 

микрофинансылык компаниялардын 

ишин лицензиялоо, кайра 

өзгөртүп түзүү жана жоюу 

жөнүндө жобого 

2-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

Төрагасына лицензия берүү жөнүндө 

АРЫЗ 

 

Банктык операцияларды жүзөгө ашырууга төмөнкү реквизиттер менен _________________________________ түзүү үчүн лицензия берүүнү өтүнөбүз: 

(компаниянын аталышы) 

 

1. Аталышы 

2. Толук дареги 

3. Уюштуруучулар тобунун төрагасынын аты-жөнү өкүлдүн дареги 

Телефон_______________ Факс__________ 

4. Уюмдун түрүүптөлүү ыкмасы боюнча) 

Жабык акционердик коом 

Ачык акционердик коом 

5. Холдинг компаниясы менен байланышы (ооба/жок) 

Эгерде болгон болсо, холдинг компаниясынын аталышы 

6. Капиталдын болжолдонуп жаткан структурасы: 

- акционердик капитал (номиналдык) 

- акциянын номиналдык наркы 

- акциялардын саны 

Берилип жаткан маалыматтардын аныктыгына уюштуруучулар толук жоопкерчиликтүү

Уюшуу документтери ___ барактан турат, ар бир баракка кол коюлат. 

Уюштуучулар: Аты-жөнү, колтамгасы, дата, 

 

мөөр 

 

Дарек, телефон, факс 

 

1. 

2. 

3. 

(Эгерде уюмдун уюштуруучусу болсо, анда уюмдун толук аталышы жазылып, жетекчинин колтамгасы коюлат жана мөөр менен тастыкталат) 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында 

микрофинансылык компаниялардын 

ишин лицензиялоо, кайра 

өзгөртүп түзүү жана жоюу 

жөнүндө жобого 

3-тиркеме 

 

Микрофинансылык компанияны түзүү жөнүндөгү 

уюштуруу келишиминде чагылдырылууга 

тийиш болгон негизги 

маалыматтардын 

ТИЗМЕСИ 

 

1. Толук расмий аталышы; 

2. Түзүү максаты; 

3. Уюштуруу-укуктук формасы жөнүндө маалымат; 

4. Уставдык капитал жөнүндө маалымат; 

5. Компаниянын уюштуруучу-акционерлеринин укуктары жана милдеттери; 

6. Акциялар тууралуу маалымат; 

7. Башкаруу органдары тууралуу маалымат (Башкарма, директорлор Кеңеши, алардын компетенциясы жана дайындоо тартиби); 

8. Кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу тартиби; 

9. Мыйзам тарабынан каралган, башка маселелер. 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында 

микрофинансылык компаниялардын 

ишин лицензиялоо, кайра 

өзгөртүп түзүү жана жоюу 

жөнүндө жобого 

4-тиркеме 

 

Микрофинансылык компаниянын уставында 

чагылдырылышы зарыл болгон 

негизги суроолордун 

ТИЗМЕСИ 

 

1. Уюштуруу-укуктук формасын көрсөтүү менен компаниянын толук аталышы (кыргыз, орус жана англис тилдеринде); 

2. Микрофинансылык компанияны түзүү максаты; 

3. Компания тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциялар; 

4. Компаниянын уставдык капиталы тууралуу маалымат; 

5. Компаниянын акциялары тууралуу маалымат; 

6. Акционерлердин укуктары жана милдеттери; 

7. Компания тарабынан акцияларды жайгаштыруу; 

8. Акционерлер тарабынан компанияларды бөлүү

9. Акционерлердин реестри жана акционерлерди каттоо тартиби; 

10. Пайданы бөлүштүрүү

11. Кардарлардын кызыкчылыгын камсыз кылуу; 

12. Компанияны эсепке алуу жана отчеттуулук; 

13. Башкаруу органдары (Башкарма, директорлор Кеңеши, алардын компетенциясы жана дайындоо тартиби); 

14. Компаниянын финансылык-чарбалык ишине контроль; 

15. Туунду ишканалар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө маалыматтар; 

16. Уставка өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби; 

17. Компанияны кайра өзгөртүп түзүү жана ишин токтотуу; 

18. Мыйзам тарабынан каралган, башка маселелер. 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында 

микрофинансылык компаниялардын 

ишин лицензиялоо, кайра 

өзгөртүп түзүү жана жоюу 

жөнүндө жобого 

5-тиркеме 

 

Уюштуруучулардын (акционерлердин) 

ТИЗМЕСИ 

 

_____________________________________ 

(компаниянын аталышы) 

 

┌───────┬─────────────┬─────────┬─────────┬───────────┬───────────────┐ 

N Юридикалык Почталык Уюштуруу-Жарыяланган200_-жылдын │ 

жактар дареги, чунун уставдык карата │ 

│үчүн индекси, төлөө капитал төлөнгөнү │ 

телефону,рекви- │ 

факсы зиттери, │ 

эсеп │ 

N жана │ 

эсеп │ 

ачылган │ 

финансы- │ 

кредит- │ 

тик │ 

меке- │ 

менин │ 

аталышы │ 

├───────┼─────┬───────┼─────────┼─────────┼────┬──────┼──────┬────────┤ 

Юри- Юри- │Үлү-Устав-Миң Уставдык│ 

ди- дика- шү дык сом капитал-│ 

калыклык миң капи- менен да │ 

жак- жактын сом талда салын-катышуу │ 

тын жетек- каты- ган │үлүшү │ 

толукчисинин шуу (пайыз │ 

ата- (уюш- │үлүшү менен) │ 

лышы туруу- (пайыз │ 

чусу- менен) │ 

нун, │ 

акцио- │ 

нери- │ 

нин) │ 

аты │ 

жөнү │ 

│ 

├───────┼─────┴───────┼─────────┼─────────┼────┼──────┼──────┼────────┤ 

Жеке адамдар │ 

│үчүн │ 

├───────┼─────┬───────┼─────────┼─────────┼────┼──────┼──────┼────────┤ 

Пас- Аты- │ 

пор- жөнү │ 

тун- │ 

дагы │ 

маа- │ 

лы- │ 

мат- │ 

тар │ 

├───────┼─────┼───────┼─────────┼─────────┼────┼──────┼──────┼────────┤ 

1 2 3 4 5 6 7 8 9 │ 

├───────┼─────┼───────┼─────────┼─────────┼────┼──────┼──────┼────────┤ 

Жыйын- │ 

тыгы │ 

└───────┴─────┴───────┴─────────┴─────────┴────┴──────┴──────┴────────┘ 

 

Директорлор Кеңешинин Төрагасы (колтамгасы) Аты-жөнү 

 

Мөөр (кайрадан түзүлүп жаткан компания үчүн - андан Директорлор Кеңешинин Төрагасы дайындалган уюмдун мөөрү; иштеп турган компания үчүн - анын мөөрү). 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында 

микрофинансылык компаниялардын 

ишин лицензиялоо, кайра 

өзгөртүп түзүү жана жоюу 

жөнүндө жобого 

6-тиркеме 

 

Бизнес-планда чагылдырылууга тийиш 

болгон негизги маселелердин 

ТИЗМЕСИ 

 

I. Киришүү бөлүмү 

 

А. Компаниянын аталышын, жайгашкан ордун көрсөткүлө. Компания, иштеп жаткан микрофинансылык уюмдун, банктын, банктык холдинг компаниясынын филиалы боло алабы же кандайдыр бир негизде иштеп жаткан финансы системасына кошула алабы. 

Б. Уюштуруучулардын жана Директорлор Кеңешинин Төрагасынын аты-жөнүн жана даректерин атагыла. 

В. Уюштуучулар тобунун түзүлүшүн кыскача баяндап бергиле

 

II. Компаниянын иш чөйрөсү 

тууралуу 

 

А. Компанияга иш алып барууга туура келген рыноктун болжолдонуп жаткан аймагын көрсөткүлө

Б. Сунуш кылынуучу кызмат көрсөтүүлөрдү атап жана кыскача баяндап бергиле. Болжолдонуп жаткан кредит саясатына (кредиттерди берүүдө тобокелдикке баа берүү механизми, берилген кредиттерди үзгүлтүксүз контролдоо механизми, болжолдонуп жаткан кредит саясатына байланыштуу болгон башка маселелер), депозиттик кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле түзүлүп жаткан компания үчүн артыкчылыктуу болгон башка операцияларды жүзөгө ашырууга көңүл бургула. 

В. Акциянын беш же андан көп процентине ээлик кыла турган уюштуруучуларды, Кеңештин мүчөлөрүн, Башкарманын Төрагасын жана мүчөлөрүн көрсөткүлө

Жүгүртүүгө чыгарылып жаткан акцияларынын саны беш же андан көп процентти түзгөн акционерлерди, акциялар сатылып алынышы болжолдонуп жаткан проценттик катышты көрсөткүлө. Башкы кассирди, кредиттөө боюнча башкы кызмат адамдарын кошо алганда, Төраганын жана аткаруучу кызмат адамдарынын аты-жөнүн жана даректерин көрсөткүлө

Уюштуруучулар тобунун жетекчисин, анын аты-жөнүн, дарегин, телефон номерин көрсөткүлө

 

III. Жетекчилик жана башкаруу 

 

А. Компаниянын иши жөнүндө, башкарманын жана улук кызмат адамдарынын милдеттеринин чөйрөсүн, кадрларды тартуу планын жана кадр саясатын жүргүзүүсүн чагылдырып көрсөткүлө

Б. Компаниянын Кеңешинин жана Башкармасынын Төрагасынын кызмат ордуна жана башка жетекчилерине сунуш кылынып жаткан талапкерлер боюнча материалдарды, ушул иштерге кабыл алынып жаткан жетекчилер кандай сапатка ээ болууга тийиш экелдиктери тууралуу материалды кароого алгыла. 

Сунуш кылынып жаткан кызматтарды көрсөтүүгө же сунуш кылынган рынок чөйрөсүн тейлөөгө мүмкүнчүлүккө жооп берген алардын иш тажрыйбаларынын маңызы: жана деңгээлин чагылдырып көрсөткүлө

В. Таламдардын каршы келип калуусун талкууга алгыла. 

Г. Микрокредиттөө кызматтын көрсөтүү боюнча компания келишүүгө ниеттенип жаткан кандай болбосун келишимди чагылдырып көрсөткүлө

 

IV. Компаниянын ишин анализдеп көрүү 

 

А. Компания тейлөөгө тийиш болгон рынокту анализдеп көргүлө, алынуучу кирешелери жана башка экономикалык көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүн чагылдыргыла. Рынокко каралып жаткан өзгөртүүлөрдү, ошол өзгөрүүлөргө таасирин тийгизген факторлорду жана алардын түзүлүп жаткан компанияга таасирин кароого алуу зарыл. Сиз тейлей турган рыноктордун ортосундагы айырмаларды, мисалы, депозиттик жана кредиттик рыноктун ортосундагы айырмачылыктарды чагылдырып көрсөткүлө

Б. Атаандаштыкка иликтөөлөрдү жүргүзгүлө. Тейлөөнүн рыноктук чөйрөсүнүн чегиндеги атаандаштарды, тейленип жаткан рыноктордун чегинде турган жана ага таасирин тийгизиши мүмкүн болгон атаандаштыктарды, ошондой эле кандай болбосун потенциалдуу атаандаштыкты атап көрсөткүлө

Рыноктук стратегиялардын, ошондой эле таасирдин рыноктук акциялардын наркына жана бааларга карата салыштырмалуу күчү көз карашынан алганда, күтүлүп жаткан натыйжаларга анализдөөлөрдү келтиргиле. 

В. Ар бир рыноктон (депозиттик/кредиттик) үлүштү алуу максатында тандалып алынган стратегияны түшүндүрүп бергиле жана күтүлүп жаткан натыйжаларды көрсөткүлө

 

V. Пландар жана максаттар 

 

А. Рынокту анализдөөдө жана жаңы компания үчүн пландарды жана максаттарды иштеп чыгууда пайдаланылуучу, пландаштыруунун башкы объектилерин кароого алгыла. Мында, болбоду дегенде: рыноктун өсүшү, пайыздык чендерди, фонддордун наркын жана атаандаштыкты камтуу зарыл. 

Б. Арам акчаны адалдоо менен байланыштуу операциялардан коргонууну караган механизмди сүрөттөп бергиле. 

В. Кадрларды тартуу жана кадр саясатты жүргүзүү планын сүрөттөп бергиле. 

Г. Компаниянын кардарларды тартуу кандайча болжолдонот. 

 

VI. Активдердин жана пассивдердин 

структурасы 

 

Болжолдонуп жаткан баланстык отчетто жана кирешелер боюнча отчетто активдердин жана пассивдердин өзгөрүүсүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрү үчүн көлөмүн, ошондой эле кызмат адамдарына жана персоналдардын эмгек акылары чагылдырууга тийиш жана ал жогоруда кароого алынган билдирмелердин, рынокту жана анын стратегиясын анализдөөлөрдүн бөлүгү катары көрсөтүлүүгө тийиш болгон пландаштыруу объектилерине негизденүүсү зарыл. Мындан ары прогноздоо үчүн болжолдонуп жаткан формалар келтири- 

лет. 

Жаңы компанияны көз каранды эмес тышкы аудит менен камсыз кылууга тиешелүү уюштуруучулардын планын талкуулагыла. Лицензия алуу шарттарын аткаруу үчүн Улуттук банк, компаниядан көз карандысыз тышкы аудитордун кызматынан пайдаланууну талап кылышы мүмкүн. 

 

VII. Капитализациялоо/өздүк 

капиталдын планы 

 

А. Капиталдын болждолдонуп жаткан структурасына жетишүүдө пайдаланылуучу негиздерди талкуулагыла жана уюштуруучулар эмне үчүн сунуш кылынып жаткандар рынок экономикасы шарттарына жетиштүү деп эсептей тургандыгын түшүндүргүлө. Уюштуруучулар рыноктук чөйрөдө натыйжалуу атаандашууга жетиштүү сандагы капиталды белгилөөсү жана пландаштырылып жаткан операцияларды тиешелүү деңгээлде колдоору күтүлүүдө

Б. Капиталды баштапкы тартуунун жана алгачкы үч жыл аралыгындагы өсүштү каржылоо планын талкуулагыла. Кандайча келип, бул пландар компанияга Улуттук банк тарабынан белгиленген негизги ченемдерге ылайык келүүнү камсыз кыла тургандыгын түшүндүрүп бергиле. 

В. Чыгарылып жаткан акциялардын санын жана алар кайсыл класска тиешелүү экендигин, алардын номиналдык жана сатуу нарктарын талкуулагыла. 

Г. Активдерди тобокелдиктердин деңгээли боюнча салмактанып алынышын эске алуу менен болжолдонуп жаткан капиталдын адекваттуулугуна баа бергиле. 

Д. Компаниянын кредиттик саясатын тобокелдик критерийлерине баа берүү механизмдерин чагылдырып көрсөткүлө

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында 

микрофинансылык компаниялардын 

ишин лицензиялоо, кайра 

өзгөртүп түзүү жана жоюу 

жөнүндө жобого 

7-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

ЛИЦЕНЗИЯ N__"__"_______ 200__-ж. 

 

Микрофинансылык компания__________________________________________ _______________________________________________________________________ 

(толук аталышы) 

юридикалык компаниянын дареги _________________________________________ 

(аталышынын кыскартылып берилиши) 

 

1. Бул лицензия төмөндө келтирилген банк операцияларын жүзөгө ашырууга укук берет: 

1.1. Камсыздандырылган жана камсыздандырылбаган микрокредиттерди берүү

1.2. Кардарлардын сактык акчаларын топтоо максатында, кайтарымдуулук шартында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү депозиттерди алууга. 

1.3. Микрофинансылык уюм, ал бул операцияга берүүчүнүн же өндүрүүчүнүн мүлкүн андан сатып алуу жана кредит шартында сатып алуучуга сатуу жолу менен мүлктүн сатылышын каржылоо аркылуу берүүчү менен мүлктү өндүрүүчүнүн ортосунда ортомчу катары иш алып барган финансы лизингин; 

1.4. Карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг). 

2. Банктык операцияларды өткөрүүгө чектөө баракчасы, лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

Бул лицензия, ага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. 

Бул лицензия, анда түздөн-түз көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүгө укук берет. 

Лицензия жеке өзүмдүк болуп саналат. Ушул лицензиядан келип чыккан укуктар үчүнчү жакка берилбейт. 

 

Мөөр 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын 

Төрагасынын орунбасары 

 

Төраганын колтамгасы 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында 

микрофинансылык компаниялардын 

ишин лицензиялоо, кайра 

өзгөртүп түзүү жана жоюу 

жөнүндө жобого 

8-тиркеме 

 

Банктык операцияларды жүзөгө ашырууга 200_-жылдын 

"__"____ берилген N__ лицензияга карата 

 

N________ ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ 

200_-жылдын "__"________ 

 

"__________" Микрофинансылык компания ____________________________ _______________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы) 

 

┌───────────────────┬──────────────┬─────────────────┬────────────────┐ 

Банктык операциянынЧектөөнүн Чектөө колдоно Эскертүү │ 

катар номери орун алышы баштаган дата │ 

├───────────────────┼──────────────┼─────────────────┼────────────────┤ 

1.1 Жок │ 

├───────────────────┼──────────────┼─────────────────┼────────────────┤ 

1.2 Жок │ 

├───────────────────┼──────────────┼─────────────────┼────────────────┤ 

1.3 Жок │ 

├───────────────────┼──────────────┼─────────────────┼────────────────┤ 

1.4 Жок │ 

└───────────────────┴──────────────┴─────────────────┴────────────────┘ 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын 

Төрагасынын орунбасары 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында 

микрофинансылык компаниялардын 

ишин лицензиялоо, кайра 

өзгөртүп түзүү жана жоюу 

жөнүндө жобого 

9-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

 

Филиалды ачуу (жабуу) тууралуу 

БИЛДИРМЕ 

______________________________ 

(мекеменин фирмалык бланкында) 

 

Бул аркылуу, _____________________________________________________ 

(компаниянын аталышы) 

________________________________________________________чечимине ылайык 

(уставдын негизинде филиалды ачуу тууралуу чечин 

_______________________________________________________________________ 

кабыл алган компаниянын башкаруу органынын аталышы) 

_______________________________________________________________________ 

төмөнкү дарек боюнча филиал ачуу(жабуу) ниетимди билдирем; 

 

Аталган филиалга төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген (*): 

(компанияга Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын чегинде, филиал жөнүндөгү жобого ылайык филиалга уруксат берилген операциялардын жана бүтүмдөрдүн бардыгы келтирилет). 

Филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери болуп төмөнкүлөр дайындалды: 

_______________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү

 

Тиркемелер. Жетекчилерге анкеталар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчалар), ишеним кат, бардыгы болуп _________________ баракта. 

Компания милдеттенмелерге ээ эмес (**): 

- бул филиалда тейленген кардарлардын жана кредиторлордун алдында; 

- бюджеттин алдында. 

Активдер жана пассивдер компаниянын балансына өткөрүлүп берилген. 

Берилип жаткан маалыматка компания толугу менен жооп берет. 

Компаниянын аткаруу органынын жетекчиси (колтамга) Аты-жөнү

 

(*) Бул маалыматтар филиалды ачуу учурунда берилет. 

(**) Бул маалыматтар филиалды жабуу учурунда берилет. 

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагында 

микрофинансылык компаниялардын 

ишин лицензиялоо, кайра 

өзгөртүп түзүү жана жоюу 

жөнүндө жобого 

10-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

 

Өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) тууралуу 

БИЛДИРМЕ (*) 

 

_______________________________________________________________________ 

(мекеменин фирмалык бланкында) 

 

Бул аркылуу,______________________________________________________ _______________________________________________________________________ 

(өкүлчүлүктү ачып жаткан компаниянын толук 

_______________________________________________________________________ 

аталышы жана лицензиясынын номери) 

____________________________________________________________максатында, 

(өкүлчүлүктү ачуу максаты көрсөтүлөт) 

_______________________________________________________чечимине ылайык, 

(өкүлчүлүктү ачуу тууралуу тууралуу чечим кабыл 

_______________________________________________________________________ 

алган компаниянын башкаруу органынын аталышы) 

төмөнкү дарек боюнча өкүлчүлүк ачылган (жабылган):_____________________ _______________________________________________________________________ 

(өкүлчүлүктүн ачылган (жабылган) датасы) 

_______________________________________________________________________ 

(өкүлчүлүктүн почталык дареги, телефону, 

_______________________________________________________________________ 

факсы жана өкүлчүлүктүн эсептик 

_______________________________________________________________________ 

счету ачылган компаниянын аталышы көрсөтүлөт) 

 

Жетекчиси болуп дайындалды:_______________________________________ 

(жетекчинин аты-жөнү көрсөтүлөт) 

______________________________________________ барактан турган тиркеме. 

Өкүлчүлүктү ачуу (жабуу) тууралуу чечимди кабыл алган компаниянын органынын жетекчиси (колтамгасы) аты-жөнү

 

Мөөр (***) 

 

(*) чет өлкө компаниясынын өкүлчүлүгүн ачуу үчүн "билдирме" эмес "арыз" жазылат. 

(**) Бул маалыматтар өкүлчүлүктү ачуу учурунда берилет. 

(***) мөөр, резидент эмес компаниянын билдирмесине. 

 

 

Эскертүү

(1) Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы N 4/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөрүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниянын ишин жөнгө салуунун Убактылуу эрежелерине ылайык. 

(2) Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 8-февралындагы N 4/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 13-мартында каттоодон өткөрүлгөн, Улуттук банктан лицензия алган микрофинансылык компаниянын кызмат адамдарына коюлган минималдуу квалификациялык талаптар жөнүндө Жобого ылайык. 

(3) Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы N 4/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөрүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниянын ишин жөнгө салуунун Убактылуу эрежелерине ылайык. 

(4) Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 8-февралындагы N 4/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 13-мартында каттоодон өткөрүлгөн, Улуттук банктан лицензия алган микрофинансылык компаниянын кызмат адамдарына коюлган минималдуу квалификациялык талаптар жөнүндө Жобого ылайык. 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 23-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 33-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 14-февралы N 7/1 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы 

N 22/4 токтому менен бекитилген "Милдеттүү камдар тууралуу" 

Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

Банк тутумунун ченемдик базаларын өркүндөтүү жана акча-кредит саясатынын каражаттарынын (инструменттеринин) натыйжалуулугун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы N 22/4 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 5-октябрында 108-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Милдеттүү камдар тууралуу" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Жобонун 2.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2.6. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында расмий белгиленген дем алыш жана майрам күндөрү эсептөөдө эске алынбайт"; 

- Жобонун 4.5.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"4.5. Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому менен башкасы каралбаса, коммерциялык банкта тике банктык көзөмөл же убактылуу администрация шарты колдонууда турган мезгил ичинде камдык талаптарды сактабагандык үчүн төлөм чегерилбейт". 

- "Милдеттүү камдарды эсептөө үчүн милдеттенмелердин тизмеси" деп аталган 1-тиркеменин 2-пунктундагы "Баланстык эсеп" тилкесиндеги "20806 (П) эсеп алынып салынсын". 

2. Акчакредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына кон-ролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары М.Б.Ишенбаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 23-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 35-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 14-февралы N 7/2 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган 

кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы 

аракеттенүү максатында микрофинансылык уюмдардын жана 

кредиттик союздардын ички контроль системасына карата 

коюлуучу минималдуу талаптар тууралуу" 

Жобону бекитүү жөнүндө 

 

Кароого коюлган "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында микро-финансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ички контроль системасына карата коюлуучу минималдуу талаптар тууралуу" Жобонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" жана "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндөгү" Мыйзамдарына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кароого коюлган "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ички контроль системасына карата коюлуучу минималдуу талаптар тууралуу" Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридика бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин, Улуттук банктын расмий басылмаларында жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 

23-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 35-07 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 14-февралындагы 

N 7/2 токтому менен 

бекитилген 

 

"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу 

менен алынган кирешелерди легализациялоого 

(адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз 

Республикасынын микрофинансылык уюмдарында жана 

кредиттик союздарында ички контролдук системасына 

карата минималдуу талаптар жөнүндө

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Ички контролдук саясаты 

3. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган 

кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү 

максатында ички контролдук саясатын жүзөгө ашырууга жооптуу 

кызматкердин ыйгарым укуктары жана милдеттери 

4. Маалыматтарды документ түрүндө түзүү жана сактоо тартиби 

5. Ички контролдук системасына баа берүү 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө" жана "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. 

1.2. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, Улуттук банктан күбөлүк алышкан Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында жана кредиттик союздарында ички контролдук системасын уюштуруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо бул Жобонун максаты болуп саналат. 

1.3. Бул Жобонун максаты үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат. 

Шектүү бүтүм жана операция - "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамга ылайык шектүү бүтүмдөр жана операциялар деп таанылган бүтүм жана операция, башкача айтканда так экономикалык же мыйзамдуу максатка ээ болбогон акча каражаттары же башка мүлктөр менен жүзөгө ашырылуучу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган(1) тарабынан бекитилген шектүү операциялардын белгилеринин тизмесине ылайык, бул юридикалык жактардын жана жеке адамдардын иши үчүн мүнөздүү болбогон бүтүмдөр жана операциялар. 

Ички контролдук системасы - терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча укукка каршы келген иштерге микрокредиттик агентстволордун, микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын (МКА, МКК, КС) тартылып кетүү тобокелдигин натыйжалуу тескөөнү камсыз кылуучу башкаруу принциптеринин, ченемдердин, жол-жоболордун жана иш-чаралардын жыйындысы. 

 

2. Ички контролдук саясаты 

 

2.1. Мыйзамдардын талаптарына ылайык, микрокредиттик агентстволор, микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, ички контролдукту уюштуруунун тиешелүү саясатын иштеп чыгуулары зарыл. Саясат, уставга ылайык, микрокредиттик агентстволордун, микрокредиттик уюмдардын, кредиттик союздардын ыйгарым укуктуу болгон башкаруу органдары тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

2.2. Микрокредиттик агентстволордун, микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү максатында, ички контролдукту уюштуруу боюнча саясаты, минимум, төмөнкүлөрдү аныктоого тийиш: 

- Кызмат адамдарынын чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин белгилөөчү ички контролдук системасын уюштуруу тартиби, өзара аракеттенүү жана отчет берүү тартиби ж.б.; 

- "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамга, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык микрокредиттик агентстволордун, микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын өз кардарларын/катышуучуларын идентификациялоо жана кылдат иликтеп билүү тартибин; 

- Милдеттүү түрдө контролдоно турган бүтүмдөрдү же операцияларды терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланыштуу башка операцияларды аныктоо жана аларды текшерүү тартибин; 

- Ички контролдукту жүзөгө ашырууда алынган маалыматтарды документалдуу каттоо тартиби, ошондой эле аны сактоо жана купуялыгын камсыз кылуу тартибин; 

- Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга шектүү бүтүмдөр жана операциялар, ошондой эле "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзам тарабынан белгиленген талаптарга ылайык алар милдеттүү түрдө контролдоно турган бүтүмдөр жана операциялар деп карай турган критерийлерге тиешелүү болгон акча каражаттары же кыймылдуу мүлктөр же кыймылсыз мүлктөр менен бүтүмдөр жана операциялар тууралуу маалыматтарды берүү тартибин. 

 

3. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен 

алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы 

аракеттенүү максатында ички контролдук саясатын жүзөгө 

ашырууга жооптуу кызматкердин ыйгарым укуктары жана 

милдеттери 

 

3.1. Микрокредиттик агентстволордо, микрокредиттик компанияларда, кредиттик союздарда терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сакталышы үчүн ички контролдук саясатын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу кызматкер (мындан ары "жооптуу кызматкер") дайындалууга тийиш. Жооптуу кызматкер ички аудитордун/Текшерүү комиссиясынын/терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдук системасына баа берүүгө жооптуу адамдын функциясын бир учурда кошо аткара албайт. 

3.2. Жооптуу кызматкер терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында төмөнкүдөй функцияларды аткарат: 

- Ички контролдук саясатын иштеп чыгат жана МКА, МКК, КС жетекчилигинин бекитүүсүнө сунуштайт жана бул саясатты аны жүзөгө ашырууга катышып жатышкан бардык кызматкерлерге тааныштырат; 

- Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо боюнча ички контролдук саясатына ылайык ички контролдук саясатын жүзөгө ашырууну камсыз кылат жана жол-жоболордун аткарылышына мониторингди жүзөгө ашырат; 

- Саясатка ылайык, жогорку кызмат адамдарынын/жогорку аткаруу органынын кароосуна ички контролдук саясатынын жүзөгө ашырылышынын жыйынтыктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту дайыма берип турат; 

- Мыйзамдар тарабынан белгиленген талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтардын берилишин камсыз кылат; 

- Ушул Жободо жана МКА/МКК/КС ички документтерине ылайык алардын компетенциясына чегерилген маселелер боюнча МКА/МКК/КС ишине алар тарабынан инспекциялык текшерүүнү жүргүзүүдө Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө маалымат берет жана көмөктөшөт; 

- "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатты жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлерди окутууну уюштурат жана консультация берет. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүгө тиешелүү болгон зарыл маалыматтар менен аларды тааныштырат. 

 

4. Маалыматтарды документ түрүндө түзүү жана сактоо тартиби 

 

4.1. МКА/МКК/КС терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында кардарларды идентификациялоо боюнча, ошондой эле милдеттүү түрдө контролдоно турган бүтүмдөр жана операциялар боюнча маалыматтарды, жыйналган маалымат кароо жана иликтөө учурунда тиешелүү далилдөөлөрдү берүү максатында айрым бүтүмдөрдүн жана операциялардын тиешелүү учурларын калыбына келтирүү үчүн жетиштүү боло тургандай каттайт жана документтерди жыйнайт. 

4.2. Кардарды идентификациялоого тиешелүү документтердин жана жазуулардын көчүрмөлөрү МКА/МКК/КС жана кардарынын/катышуучусунун ортосундагы милдеттенмелер токтогондон кийин беш жылдан кем болбогон мезгил ичинде сакталууга тийиш. Бүтүмдөр жана операциялар боюнча, кылмыш, жарандык жана арбитраждык процесстерде далилдөө катары пайдаланыла турган документтердин түп нускалары жана көчүрмөлөрү тиешелүү бүтүмдөр жана операциялар жүзөгө ашырылгандан кийин беш жылдан кем болбогон мөөнөттө сакталууга тийиш. 

4.3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген шектүү иштер жөнүндө бардык билдирүүлөрдүн (отчеттордун) көчүрмөлөрү жооптуу кызматкер тарабынан отчетту (билдирүүлөрдү) түзгөн күндөн тартып беш жылдан кем болбогон мөөнөттө сакталууга тийиш. 

 

5. Ички контролдук системасына баа берүү 

 

5.1. МКА/МКК/КС терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдук системасын текшерүү жол-жоболоруна ээ болууга тийиш. 

5.2. Саясаттардын жана жол-жоболордун терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык келе тургандыгына баа берүү, ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында ички контролдук системасынын натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн текшерүү ички аудитор (текшерүү комиссиясы) ички контролдук системасына баа берүүгө жооптуу адам тарабынан жүзөгө ашырылат. 

5.3. Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдук системасын текшерүүнүн жыйынтыктары жогорку кызмат адамдарына, жогорку аткаруу органына жана устав тарабынан ички контролдук саясатын бекитүүгө ыйгарым укуктуу болгон башкаруу органына берилет. 

 

(1) "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамга ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органы - бул, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан уюштурулуучу же аныкталуучу, Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүгө багытталган маалыматтарды жыйноону жана иликтөөнү жана тиешелүү иш-чараларды өткөрүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон мамлекеттик аткаруу бийлик органы. 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 17-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 28-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 14-февралы N 7/3 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

2005-жылдын 14-июлундагы N 22/1 "Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктарында жана финансы-кредиттик 

мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуунун Эсептер 

планынын жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна 

толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Каржылоонун ислам принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде "Экобанк" ААКсы үчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана финансы-кредиттик мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуунун Эсептер планына сунуш кылынган толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобого (Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N 32/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 121-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) таянуу менен токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы N 22/1 токтому (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 101-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана финансы-кредиттик мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуунун Эсептер планына карата каржылоонун ислам принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде "Экобанк" ААКсы үчүн сунуш кылынган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана "Экобанк" ААКсынын ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоо шарттарын колдонууга киргизүүгө тиешелүү 2006-жылдын 16-майында келишилген өзара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумдун талабын жүзөгө ашыруунун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомдун кийинчерээк расмий жарыяланышын камсыз кылуу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 27-декабрындагы N 43/7 "Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы N 22/1 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана финансы-кредиттик мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуунун Эсептер планынын жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышынА контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, К.К..Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын башкармасынын 

2007-жылдын 14-февралындагы 

N 7/3 токтому менен 

бекитилген 

 

Каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында 

жүзөгө ашыруу боюнча "Экобанк" ААКсы үчүн" Кыргыз 

Республикасынын коммерциялык банктарында жана 

финансы-кредиттик мекемелеринде бухгалтердик 

эсепке алуунун Эсеп планына 

ТОЛУКТООЛОР 

 

Класс 1. Активдер 

 

10900-топ. Кредиттер 

 

10972 Ижара Мунтахийя Биттамлик операциялары 

10973 Салам (Параллель Салам) операциялары 

10974 Кард-Хасан операциялары 

10975 Мудараба операциялары 

10976 Истиснаа операциялары 

10977 Мурабаха операциялары 

 

11000-топ. Потенциалдык жоготуулардын жана чыгым тартуулардын 

ордун жабууга камдар 

 

11005 Каржылоонун ислам принциптери менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча потенциалдык жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдар 

11006 Каржылоонун ислам принциптери менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча потенциалдык жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жалпы камдар 

 

11100-топ. Негизги каражаттар 

 

11108 Иджара операциялары 

11109 Иджара операциялары боюнча мүлккө чегерилген амортизация 

 

11200-топ. Банктын башка менчиги 

 

11206 Салам (Параллель Салам) операциялары 

11207 Иджара Мунтахийя Биттамлик операциялары 

11208 Истиснаа операциялары 

11209 Мурабаха операциялары 

 

11300-топ. Инвестициялар жана финансылык катышуу 

 

11360 Шарика (Мушарака) операциялары 

 

11400-топ. Алууга чегерилген пайыздар 

 

11446 Мурабаха операциялары боюнча алууларга чегерилген кирешелер 

11448 Иджара операциялары боюнча алууларга чегерилген кирешелер 

11449 Истиснаа операциялары боюнча алууларга чегерилген кирешелер 

11450 Салам операциялары боюнча алууларга чегерилген кирешелер 

 

11500-топ. Башка активдер 

 

11526 Каржылоонун ислам принциптери менен жүргүзүлгөн операциялар 

боюнча банктын алдынала төлөмү 

 

Класс 2. Милдеттенмелер 

 

20000-топ. Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери 

20033 Кард-Хасан (юридикалык жактардын-резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери) 

20034 Кард-Хасан (юридикалык жактардын-резиденттердин талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери) 

 

20200-топ. Жеке адамдардын депозиттери 

 

20217 Кард-Хасан (жеке адамдардын-резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз эсептери) 

20218 Мудараба операциялары (жеке адамдардын-резидент эместердин мөөнөттүү пайызсыз эсептери) 

 

20300-топ. Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү 

депозиттери 

 

20353 Мудараба операциялары (юридикалык жактардын-резидент эместердин мөөнөттүү пайызсыз эсептери) 

20354 Мудараба операциялары (юридикалык жактардын-резиденттердин мөөнөттүү пайызсыз эсептери) 

 

21000-топ. Төлөп берүүгө чегерилген пайыздар 

 

21054 Мудараба операциялары боюнча төлөп берүүлөргө чегерилген чыгашалар 

 

Класс 6. Кирешелер 

 

61100-топ. Каржылоонун ислам принциптери менен жүргүзүлгөн 

операциялар боюнча кирешелер 

 

61101 Мудараба операциялары боюнча кирешелер 

61102 Мурабаха операциялары боюнча кирешелер 

61103 Шарика (Мушарака) операциялары боюнча кирешелер 

61104 Салам операциялары боюнча кирешелер 

61105 Иджара операциялары боюнча кирешелер 

61106 Ижара Мунтахийя Биттамлик операциялары боюнча кирешелер 

61107 Истиснаа операциялары боюнча кирешелер 

 

Класс 8. Операциялык чыгашалар 

 

80400-топ. Кредиттер жана классификацияланган активдер боюнча 

чыгашалар 

 

80433 Каржылоонун ислам принциптери менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча потенциалдык жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдар боюнча чыгашалар 

 

81000-топ. Каржылоонун ислам принциптери менен жүргүзүлгөн 

операциялар боюнча чыгашалар 

 

81001 Мудараба операциялары боюнча чыгашалар 

81002 Мурабаха операциялары боюнча чыгашалар 

81003 Шарика (Мушарака) операциялары боюнча чыгашалар 

81004 Салам операциялары боюнча чыгашалар 

81005 Иджара операциялары боюнча чыгашалар 

81006 Ижара Мунтахийя Биттамлик операциялары боюнча чыгашалар 

81007 Истиснаа операциялары боюнча чыгашалар 

81008 Мүлктүн амортизациясы (Иджара) 

 

Класс 9. Баланстан тышкары эсептер 

 

90100-топ. Аныкталган бүтүмдөр менен байланыштуу, банк тарабынан 

чыгарылган милдеттенмелер 

 

90126 Каржылоонун ислам принциптери менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча гарантиялар 

90127 Каржылоонун ислам принциптери менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча документардык аккредитивдер 

 

 

Каржылоонун ислам принциптерин 

алгачкы долбоордун алкагында 

жүзөгө ашыруу боюнча "Экобанк" ААКсы 

үчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык 

банктарында жана финансы-кредиттик 

мекемелеринде бухгалтердик эсепке 

алуунун Эсеп планына толуктоолорго 

тиркеме 

 

Класс 1. Активдер 

 

10900-топ. Кредиттер 

 

10972 Ижара Мунтахийя Биттамлик операциялары 

Бул эсепте кардарга финансылык ижара (лизинг) шарттарында берилген активдер эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Мүлктү финансылык ижарага (лизинг) берүүдө эсеп таза инвестициялардын суммасына дебеттелет. Финансылык ижара (лизинг) боюнча төлөөлөрдү ишке ашырууда же аны эсептен алып салууда эсеп кредиттелет. 

10973 Салам (Параллель Салам) операциялары 

Бул эсепте кардар тарабынан аныкталган товар үчүн, аны андан ары кардарга сатуу менен банк тарабынан төлөнгөн сумма эске алынат. Кардарга товарды бир нече мөөнөткө бөлүп төлөө менен сатуу жөнүндө кардар менен макулдашылган учурда банк тарабынан Салам бүтүмүн каржылоо кардарга берилчү кредитке теңдештирилет. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Товарды сатып алууда эсеп дебеттелет. Кардар тарабынан товар үчүн төлөөнү ишке ашырууда эсеп кредиттелет. 

10974 Кард-Хасан операциялары 

Бул эсепте Кард-Хасан келишимине ылайык кайтарымдуулук шарттарында пайызсыз ссудалар эске алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Ссуда берүүдө эсеп дебеттелет. Ссуданын ордун жабууда же анны эсептен алып салууда эсеп кредиттелет. 

10975 Мудараба операциялары 

Бул эсепте келишимге ылайык салынган акча каражаттарынын суммасы боюнча, Мудараба бүтүмү боюнча жайгаштырылган активдер эске алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Төлөмдөрдү төлөөдө эсеп дебеттелет. Акча каражаттарын эсептен алып салууда эсеп кредиттелет. 

10976 Истиснаа операциялары 

Бул эсепте Истиснаа бүтүмдөрү (кардар үчүн мүлктү куру жана даярдоо) боюнча жайгаштырылган активдер эске алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Акча каражаттарын салууда эсеп дебеттелет. Кардар тарабынан мүлккө акы төлөөдө эсеп кредиттелет. 

10977 Мурабаха операциялары 

Бул эсепте Мурабаха келишимине ылайык кардар банкка төлөп берүүгө милдеттүү болгон суммада кардарга берилген кредит катары банк тааныган сумма эске алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Банк тарабынан карыздын суммасы таанылууда эсеп дебеттелет. Кардар тарабынан карыздын орду жабылганда эсеп кредиттелет. 

 

11000 Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдар 

 

11005 Каржылоонун ислам принциптери менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча потенциалдык жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдар 

Бул эсепте каржылоонун ислам принциптери менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча потенциалдык жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (РППУ) атайын камынын суммасы эске алынат. Атайын РППУну түзүүдө эсеп кредиттелет. Анын азаюусунда эсеп дебеттелет. 

11006 Каржылоонун ислам принциптери менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча потенциалдык жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жалпы камдар 

Бул эсепте каржылоонун ислам принциптери менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча потенциалдык жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (РППУ) жалпы камынын суммасы эске алынат. Жалпы РППУну түзүүдө эсеп кредиттелет. Анын азаюусунда эсеп дебеттелет. 

 

1100-топ. Негизги каражаттар 

 

11108 Иджара операциялары 

Бул эсепте Иджара келишимине ылайык кардар үчүн сатылып алынуучу мүлктүн наркы эске алынат. Бул мүлккө баштапкы жана андан кийинки баа берүү банктын эсептик саясатына ылайык ишке ашырылат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Мүлктү сатып алууда эсеп дебеттелет. Мүлктүн чыгышында эсеп кредиттелет. 

11109 Иджара операциялары боюнча мүлккө чегерилген амортизация 

Бул эсепте банктын эсептик саясатына ылайык Иджара операциялары боюнча мүлккө амортизацияны чегерүүнүн суммасы эске алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Амортизацияны чегерүүдө эсеп кредиттелет. Мүлктү сатууда же эсеп чыгарууда эсеп дебеттелет. 

 

11200-топ. Банктын башка менчиги 

 

11206 Салам (Параллель Салам) операциялары 

Бул эсепте Салам келишиминин шарттарына ылайык, банк тарабынан кардар үчүн сатылып алынган жана кардарга берген (саткан) учурга чейин банктын менчигинде турган товарлардын наркы эске алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Товарлардын келип түшүүсүндө эсеп дебеттелет. Кардарга товарды берүүдө (сатууда) эсеп кредиттелет. 

11207 Иджара Мунтахийя Биттамлик операциялары 

Бул эсепте Иджара Мунтахийя Биттамлик келишимине ылайык банк тарабынан кардар үчүн сатылып алынган мүлктүн наркы эске алынат. 

Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Банк тарабынан мүлктү сатып алууда эсеп дебеттелет. Товардын чыгышында эсеп кредиттелет. 

11208 Истиснаа операциялары 

Бул эсепте Истиснаа келишимине ылайык банк тарабынан кардар үчүн курулган (даярдалган) мүлктүн наркы эске алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Банк тарабынан мүлк даярдалууда (курулуш аяктаганда) эсеп дебеттелет. 

11209 Мурабаха операциялары 

Бул эсепте Мурабаха келишимине ылайык банк тарабынан кардар үчүн сатылып алынган жана кардарга берген (саткан) учурга чейин банктын менчигинде турган товарлардын наркы эске алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Товарлардын келип түшүүсүндө эсеп дебеттелет. Кардарларга товарларды берүүдө (сатууда) эсеп кредиттелет. 

 

11300-топ. Инвестициялар жана финансылык катышуу 

 

11360 Шарика (Мушарака) Операциясы 

 

Бул эсепте Шарика (Мушарака) бүтүмдөрү боюнча жайгаштырылган, инвестициялык ишке тиешелүү болгон активдер эсепке алынат. Мындай инвестицияларга алгачкы жана андан ары баа берүү банктын эсепке алуу саясатына ылайык жүзөгө ашырылат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Активдерди жайгаштырууда эсеп дебеттелет. Активдерди алып салууда жана алардын наркы түшкөн учурда эсеп кредиттелет. 

 

11400-топ. Алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

 

11446 Мурабаха операциясы боюнча алууга карата кошуп эсептелинген 

кирешелер 

 

Бул эсепте Мурабаха операциясы боюнча, банктын эсептик саясатына ылайык, алууга карата кошуп эсептелинген кирешелер эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга карата кирешелердин суммасын кошуп эсептөөдө эсеп дебеттелет. Кошуп эсептелинген кирешелерди төлөөгө акча каражаттарынын келип түшүүсүндө эсеп кредиттелет. 

11448 Иджара операциясы боюнча алууга карата кошуп эсептелинген 

кирешелер 

Бул эсепте Иджара операциясы боюнча, банктын эсептик саясатына ылайык, алууга карата кошуп эсептелинген кирешелер эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга карата кирешелердин суммасын кошуп эсептөөдө эсеп дебеттелет. Кошуп эсептелинген кирешелерди төлөөгө акча каражаттарынын келип түшүүсүндө эсеп кредиттелет. 

11449 Истиснаа операциясы боюнча алууга карата кошуп эсептелинген 

кирешелер 

Бул эсепте Истиснаа операциясы боюнча, банктын эсептик саясатына ылайык, алууга карата кошуп эсептелинген кирешелер эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга карата кирешелердин суммасын кошуп эсептөөдө эсеп дебеттелет. Кошуп эсептелинген кирешелерди төлөөгө акча каражаттарынын келип түшүүсүндө эсеп кредиттелет. 

11450 Салам операциясы боюнча алууга карата кошуп эсептелинген 

кирешелер 

Бул эсепте кардар тарабынан товар үчүн бөлүп төлөө шартын камтыган Салам операциясы боюнча, банктын эсептик саясатына ылайык, алууга карата кошуп эсептелинген кирешелер эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Алууга карата кирешелердин суммасын кошуп эсептөөдө эсеп дебеттелет. Кошуп эсептелинген кирешелерди төлөөгө акча каражаттарынын келип түшүүсүндө эсеп кредиттелет. 

 

11500-топ. Жана башка активдер 

 

11526 Каржылоонун ислам принциптери боюнча операциялар үчүн 

банктын алдынала төлөмү 

Бул эсепте каржылоонун ислам принциптери боюнча келишилген бүтүмдөргө ылайык кардарларга андан ары өткөрүп берүү үчүн товарларды жана мүлктөрдү алуу (даярдоо же куруу) боюнча банктын төлөмдөрү эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Төлөөдө эсеп дебеттелет. Товарларды алууда эсеп кредиттелет. 

 

2-класс. Милдеттенме 

 

20000-топ. Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин талап боюнча 

төлөнүүчү депозиттери 

 

20033 Кард-Хасан (резидент эмес юридикалык жактардын талап боюнча 

төлөнүүчү пайызсыз эсептери) 

Бул эсепте Кард-Хасан операциялары боюнча резидент эмес юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз каражаттар эсепке алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Акча каражаттарынын чегерилишинде (келип түшүүдө), эсеп кредиттелет. Акча каражаттарын эсептен алып салууда (алып салууда), эсеп дебеттелет. 

20034 Кард-Хасан (резидент юридикалык жактардын талап боюнча 

төлөнүүчү пайызсыз эсептери) 

Бул эсепте резидент Кард-Хасан операциялары боюнча юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз каражаттары эсепке алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Акча каражаттарынын чегерилишинде (келип түшүүдө), эсеп кредиттелет. Акча каражаттарын эсептен алып салууда (алып салууда), эсеп дебеттелет. 

 

20200-топ. Жеке адамдардын депозиттери 

 

20217 Кард-Хасан (резидент эмес жеке адамдардын талап боюнча 

төлөнүүчү пайызсыз эсептери) 

 

Бул эсепте Кард-Хасан операциялары боюнча резидент эмес жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз каражаттары эсепке алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Акча каражаттарынын чегерилишинде (келип түшүүдө), эсеп кредиттелет. Акча каражаттарын эсептен алып салууда (алып салууда), эсеп дебеттелет. 

20218 Мудараба операциясы (резидент эмес жеке адамдардын талап 

боюнча төлөнүүчү мөөнөттүү пайызсыз эсептери) 

Бул эсепте Мудараба операциясы боюнча резидент эмес жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү мөөнөттүү пайызсыз каражаттары эсепке алынат. 

Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Акча каражаттарынын чегерилишинде (келип түшүүдө), эсеп кредиттелет. Акча каражаттарын эсептен алып салууда (алып салууда), эсеп дебеттелет. 

 

20300-топ. Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү 

депозиттери 

 

20353 Мудараба операциялары (резидент эмес юридикалык жактардын мөөнөттүү пайызсыз эсептери) 

Бул эсепте Мудараба операциялары боюнча резидент эмес юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү мөөнөттүү пайызсыз каражаттары эсепке алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Акча каражаттарынын чегерилишинде (келип түшүүдө), эсеп кредиттелет. Акча каражаттарын эсептен алып салууда (алып салууда), эсеп дебеттелет. 

20354 Мудараба операциялары (резидент юридикалык жактардын мөөнөттүү пайызсыз эсептер) 

Бул эсепте Мудараба операциялары боюнча, резидент юридикалык жактардын мөөнөттүү пайызсыз каражаттар эсепке алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Акча каражаттарынын чегерилишинде (келип түшүүдө), эсеп кредиттелет. Акча каражаттарын эсептен алып салууда (алып салууда), эсеп дебеттелет. 

 

21000-топ. Төлөөгө карата кошуп эсептелген пайыздар 

 

21054 Мудараба операциясы боюнча төлөөгө карата кошуп эсептелген 

чыгашалар 

 

Бул эсепте Мудараба операциясы боюнча төлөөгө карата кошуп эсептелген сумма эсепке алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгашалардын суммасын кошуп эсептөөдө эсеп кредиттелет. Чыгашалардын суммасын төлөөдө эсеп дебеттелет. 

 

6-класс. Кирешелер 

 

61100 тобу Каржылоонун ислам принциптери боюнча операциялар боюнча 

 

61101 Мудараба операциялары боюнча кирешелер 

Бул эсепте Мудараба операциялары боюнча кирешелери эсепке алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Кирешелер келип чыкканда эсеп кредиттелет. Чыгымдар келип чыкканда эсеп дебеттелет. 

61102 Мурабаха операциялар боюнча кирешелер 

Бул эсепте Мурабаха операциялары боюнча кирешелери эсепке алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Кирешелер келип чыкканда эсеп кредиттелет. Чыгымдар келип чыкканда эсеп дебетттелет. 

61103 Шарика (Мушарака) операциялар боюнча кирешелер 

Бул эсепте Шарика (Мушарака) операциялары боюнча кирешелери эсепке алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Кирешелер келип чыкканда эсеп кредиттелет. Чыгымдар келип чыкканда эсеп дебеттелет. 

61104 Салам операциялар боюнча кирешелер 

Бул эсепте Салам операциялары боюнча кирешелери эсепке алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Кирешелер келип чыкканда эсеп кредиттелет. Чыгымдар келип чыкканда эсеп дебеттелет. 

61105 Иджара операциялары боюнча кирешелер 

Бул эсепте Иджара операциялары боюнча кирешелер эсепке алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Кирешелер келип чыкканда эсеп кредиттелет. Чыгымдар келип чыкканда эсеп дебеттелет. 

61106 Иджара Мунтахийя Биттамлик операциялары боюнча кирешелер 

Бул эсепте Иджара Мунтахийя Биттамлик операциялары боюнча кирешелер эсепке алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Кирешелер келип чыкканда эсеп кредиттелет. Чыгымдар келип чыкканда эсеп дебетттелет. 

61107 Истиснаа операциялары боюнча кирешелер 

Бул эсепте Истиснаа операциялары боюнча кирешелер эсепке алынат. Бул эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Кирешелер келип чыкканда эсеп кредиттелет. Чыгымдар келип чыкканда эсеп дебеттелет. 

 

8-класс. Операциялык чыгашалар 

 

80400-топ. Кредиттер жана классифицияланган активдер боюнча 

чыгашалар 

 

80433 Каржылоонун ислам принциптери боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдар боюнча чыгашалар 

Бул эсепте банктын каржылоонун ислам принциптери боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын жана жалпы камдарды түптөөгө чыгашаларынын суммасы эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Камдар боюнча чыгашалар келип чыкканда эсеп дебеттелет. Камдын талап кылынган суммадан артышы же финансылык жылдын соңунда убактылуу эсептердин жабылышы шартында эсеп кредиттелет. 

 

81000-топ. Каржылоонун ислам принциптери боюнча операциялар боюнча 

чыгашалар 

 

81001 Мудараба операциялары боюнча чыгашалар 

Бул эсепте Мудараба операциялары боюнча банктын чыгашалары эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгашалар келип чыкканда эсеп дебеттелет. Эсептер жабылганда кредиттелет. 

81002 Мурабаха операциялары боюнча чыгашалар 

Бул эсепте Мурабаха операциялары боюнча банктын чыгашалары эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгашалар келип чыкканда эсеп дебеттелет. Эсептер жабылганда кредиттелет. 

81003 Шарика (Мушарака)операциялары боюнча чыгашалар 

Бул эсепте Шарика (Мушарака) операциялары боюнча банктын чыгашалары эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгашалар келип чыкканда эсеп дебеттелет. Эсептер жабылганда кредиттелет. 

81004 Салам операциялары боюнча чыгашалар 

Бул эсепте Салам операциялары боюнча банктын чыгашалары эсепке алынат. 

Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгашалар келип чыкканда эсеп дебеттелет. Эсептер жабылганда кредиттелет. 

81005 Иджара операциялары боюнча чыгашалар 

Бул эсепте Иджара операциялары боюнча банктын чыгашалары эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгашалар келип чыкканда эсеп дебеттелет. Эсептер жабылганда кредиттелет. 

81006 Мунтахийя Биттамлик операциялары боюнча чыгашалар 

Бул эсепте Иджара Мунтахийя операциялары боюнча банктын чыгашалары эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгашалар келип чыкканда эсеп дебеттелет. Эсептер жабылганда кредиттелет. 

81007 Истиснаа операциялары боюнча чыгашалар 

Бул эсепте Истиснаа операциялары боюнча банктын чыгашалары эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгашалар келип чыкканда эсеп дебеттелет. Эсептер жабылганда кредиттелет. 

81008 Мүлктөрдү амортизациялоо (Иджара) 

Бул эсепте банк тарабынан Иджара келишимине ылайык алынган мүлктөрдү амортизациялоого чыгашалардын суммасы эсепке алынат. Бул эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. Чыгашалар келип чыкканда эсеп дебеттелет. Финансылык жылдын соңунда убактылуу эсептер жабылганда эсеп кредиттелет. 

 

9-класс. Баланстан тышкаркы эсептер 

 

90100-топ. Белгилүү бүтүмдөргө байланыштуу, банк тарабынан 

чыгарылган милдеттенмелер 

 

90126 Каржылоонун ислам принциптери боюнча операциялар боюнча гарантиялар 

Бул эсепте каржылоонун ислам принциптери боюнча операциялар боюнча банк тарабынан чыгарылган гарантиялар эсепке алынат. Гарантияларды чыгарууда эсеп дебеттелет. Гарантияларды аткарууда же жокко чыгарууда эсеп кредиттелет. 

90127 Каржылоонун ислам принциптери боюнча операциялар боюнча документардык аккредитивдер 

Бул эсепте каржылоонун ислам принциптери боюнча операциялар боюнча банк тарабынан чыгарылган жана тастыкталган аккредитивдер эсепке алынат. Эсеп аккредитивдерди чыгаруунун же тастыктоонун натыйжасында алардын суммасы көбөйгөн шартта дебеттелет. Аккредитивдердин аткарылышынын же токтотулушунун натыйжасында алардын азаюсу шартында эсеп кредиттелет. 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 19-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 29-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 14-февралы N 7/4 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК 

БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Каржылоонун ислам принциптерин колдонууга 

киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө 

ашыруунун чегинде "Экобанк" ачык 

акционердик коому үчүн милдеттүү 

камдар тууралуу" Жобону 

бекитүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-юлундагы N 373 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин/колдонууга киргизүүнүн алгачкы долбоору жөнүндөгү" Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана "Экобанк" ААКсынын/ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоо шарттарын колдонууга киргизүүгө тиешелүү 2006-жылдын 16-майында келишилген Меморандумдун талап-тарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Каржылоонун ислам принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде "Экобанк" ачык акционердик коому үчүн "Милдеттүү камдар тууралуу" Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана "Экобанк" ААКсынын ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоо шарттарын колдонууга киргизүүгө тиешелүү 2006-жылдын 16-майында келишилген өзара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун талабын жүзөгө ашыруунун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн. 

3. Акчакредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирге бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

5. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып "Экобанк" ААКсына Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы N 22/4 "Милдеттүү камдар тууралуу" Жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 5-октябрында 108-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) токтомунун талабы жайылтылбайт. 

6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 27-декабрындагы N 43/8 "Каржылоонун ислам принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде "Экобанк" ААКсы үчүн "Милдеттүү камдар тууралуу" Жобону бекитүү жөнүндөгү" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары М.Б.Ишенбаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Улуттук банк Башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 19-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 29-07 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 14-февралындагы 

N 7/4 токтому менен 

бекитилген 

 

Каржылоонун ислам принциптерин киргизүү 

боюнча Алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун 

алкаганда "Экобанк" ААКсы үчүн 

милдеттүү камдар тууралуу 

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Милдеттүү камдарды эсептөөнүн тартиби 

3. Камдык талаптарды аткаргандыгы үчүн банкка компенсация 

төлөп берүү жана эсептөө тартиби 

4. Камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн төлөмдөрдү 

эсептөө жана алуунун тартиби 

1-тиркеме. Милдеттүү камдарды эсептөө үчүн милдеттенмелердин 

тизмеси 

2-тиркеме. Милдеттүү камдарды эсептөө 

3-тиркеме. Резервдик талаптарды сактагандык үчүн Компенсацияны 

эсептөөнүн мисалы 

4-тиркеме. Камдык талаптарды сактабагандык үчүн эсептөөнүн мисалы 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Ушул Жобо Каржылоонун ислам принциптерин киргизүү боюнча Алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун алкагында "Экобанк" ААКсы (мындан ары - Банк) үчүн милдеттүү камдарды эсептөө эрежесин жана камдык талаптарды сактоонун тартибин бекитет. 

1.2. Милдеттүү камдык талаптар акча-кредит саясатынын инструменттеринин бири болуп саналат жана Улуттук банк тарабынан акча топтомунун көлөмүн, банк кредитин жана ликвиддүүлүккө сурамын жөнгө салгыч катары пайдаланылат. Милдеттүү камдык талаптар - бул Банкка карата банк милдеттенмелеринин белгилүү бир бөлүгүн резервге калтыруусуна болгон талап. 

1.3. Милдеттүү камдык талаптардын ченеми эсептешүү үчүн кабыл алынган Банктын милдеттенмелеринин суммасынын пайыздык ченинде Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталат жана акча-кредит саясатынын максатына ылайык өзгөртүлүүсү мүмкүн. 

1.4. Камдык активдери катары Банктын Улуттук банктын корреспонденттик эсебиндеги каражаттары колдонулат. 

1.5. Банк операцияларын жүргүзүүгө лицензиясынын аракеттенүү мезгил аралыгында, 4.5. п.п. каралган учурлардан тышкаркы мезгилдерде, банк камдык талаптарды аткарууга милдеттүү

 

2. Милдеттүү камдарды эсептөөнүн тартиби. 

 

2.1. Камдык талаптардын өлчөмүн эсептөө үчүн милдеттенмелердин курамына Банктын депозиттик жана башка эсептеринде эсепке алынган улуттук жана четөлкө валютасындагы каражаттары киргизилет. Камдык талаптарды эсептешүү үчүн кабыл алынган милдеттенмелердин тизмеси 1-тиркемеде берилген. Милдеттүү камдык талаптарды эсептөө үчүн четөлкө валютасындагы каражаттар Улуттук банктын Башкармасы тарабынан аныкталган катталган курс боюнча эсепке алынат. 

2.2. Милдеттүү камдардын көлөмү ар жума сайын, жуманын биринчи иш күнүндө эсептелет жана мурунку жумадагы милдеттенмелерди эсептөөдө кабыл алынган орточо күндүк сумманын пайыздык ченинде Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген ченге ылайык аныкталат. Эсептешүү Банктын мурунку жумадагы иш күндөрүндөгү күндөлүк баланстардын негизинде жүргүзүлөт Милдеттүү камдардын аныкталган көлөмү өтүп жаткан иш жумалыгынын аягына чейин сакталат. 

2.3. Камдык талаптарды эсептөө үчүн милдеттенмелердин көлөмү Банк тарабынан Улуттук банктын депозиттик эсебине которулган каражаттардын суммасына азайтылат. Валюталык каражаттардын сомдук эквиваленти Улуттук банк тарабынан бекитилген катталган курс боюнча аныкталат. 

2.4. Милдетүү камдардын көлөмүн эсептөө 2 тиркемедеги формага ылайык жүргүзүлөт. Банк жетекчисинин колу коюлган эсептешүү жума сайын, жуманын биринчи иш күнүндө саат 12.00 чейин Улуттук банкка берилет. "Милдеттүү камдарды эсептөө" кечиктирилсе же туура эмес маалыматтар берилсе, банк Улуттук банктын чендик актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

2.5. Камдык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө эки жумалык базалык мезгил аралыгынын аягында жүргүзүлөт. Базалык мезгил аралыгында камдык активдер менен милдеттүү камдардын өлчөмүнүн ортосундагы сумардык айырмачылык оң же нөлгө барабар болсо, камдык талаптар аткарылды деп табылат. Мындай учурда Банкка компенсация чегерилет. Андай болбогон учурда Банк камдык талаптарды бузду деп эсептелинип, андан алардын аткарылбагандыгы үчүн төлөм алынат. Камдык талаптардын аткарылышын эсептөө бекитилген формада (компенсацияны ж-а айыпты эсептөө үлгүсү 3- жана 4-тиркемеде келтирилген) жүргүзүлөт. 

2.6. Мыйзам тарабынан расмий түрдө белгиленген майрам күндөрү эсепке алынбайт. 

 

3. Камдык талаптарды аткаргандыгы үчүн 

банкка компенсация төлөп берүү 

жана эсептөө тартиби 

 

3.1. Камдык талаптарды сактагандыгы үчүн Банкка Улуттук банк Башкармасы тарабынан аныкталган өлчөмдө компенсация төлөнүп берилет. 

3.2. Компенсация, Улуттук банктан "овернайт" кредиттерин алган күндөрдөн тышкары, камдык активдер милдеттүү камдарга барабар же ашкан күндөр үчүн гана төлөнөт. 

3.3. Камдык талаптарды сактагандыгы үчүн компенсация базалык мезгил аяктагандан кийинки 5 иш күнүнөн кечиктирилбестен төлөнөт. 

 

4. Камдык талаптарды сактабагандыгы 

үчүн төлөмдөрдү эсептөө 

жана алуунун 

тартиби 

 

4.1. Камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилген өлчөмдө Банктан төлөм алынат. 

4.2. Камдык талаптарды аткарбагандыгы үчүн төлөм алуу акцептсиз тартипте, Банктын Улуттук Банк менен корреспонденттик мамилелери тууралуу Келишимде эгерде башкасы каралбаса, тиешелүү билдирүү жөнөтүлгөндөн кийинки экинчи күнү жүргүзүлөт. 

4.3. Банк тарабынан камдык талаптардын сакталбагандыгы Банкта максаттуу текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болушу мүмкүн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Банктык көзөмөл башкармалыгы Улуттук банктын жетекчилигине тиешелүү чечим кабыл алуусу үчүн Банктагы кырдаал тууралуу чечимин берет. 

4.4. Бир нече жолку (1 ден көп жолу) улам кайталанган же үч ай ичинде бир нече жолу камдык талаптарын бузулушу, Банкта түздөн-түз банктык көзөмөлдү же убактылуу администрацияны киргизүүгө негиз болушу мүмкүн. 

4.5. Банкта түздөн-түз банк көзөмөлүнүн же убактылуу администрациянын иштөө учурунда камдык талаптардын сакталбагандыгы үчүн, эгер Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому менен эгерде башкасы каралбаса, төлөм чегерилбейт. 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 

14-февралындагы N 7/4 токтому менен 

бекитилген "Каржылоонун ислам 

принциптерин колдонууга киргизүү 

боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө 

ашыруунун чегинде "Экобанк" 

ААКсы үчүн милдеттүү камдык 

талаптар жөнүндөгү тууралуу" 

Жобону бекитүү жөнүндө

Жобого карата 

1-тиркеме 

 

Милдеттүү камдарды эсептөө үчүн 

милдеттенмелердин тизмеси 

 

┌─┬───────────────────────────────────┬───────────────────────────────┐ 

NДепозиттердин түрлөрү Баланстык эсептер │ 

├─┼───────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤ 

1Ишканалардын, уюмдардын жана башка 20002(П), 20003(П), 20013(П), │ 

юридикалык жактардын талап боюнча 20014(П), 20015(П), 20016(П), │ 

депозиттери 20017(П), 20018(П), 20021(П), │ 

20022(П), 20О27(П), 20028(П), │ 

20029(П), 20030(П), 20031(П), │ 

20032(П), 20033(П), 20034(П) │ 

├─┼───────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤ 

2Ишканалардын, уюмдардын жана башка 20301(П), 20312(П), 20321(П), │ 

юридикалык жактардын мөөнөттүү 20341(П), 20351(П), 20353(П), │ 

депозиттери(*) 20354(П) │ 

├─┼───────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤ 

3Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20801(П), 20803(П), 20805(П), │ 

жана жергиликтүү бийлик 20807(П), 20808(П), 20809(П) │ 

органдарынын депозиттери │ 

├─┼───────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤ 

4Жеке адамдардын депозиттери(*) 20211(П), 20212(П), 20213(П), │ 

20214(П), 20215(П), 20216(П), │ 

20217(П), 20218(П) │ 

├─┼───────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤ 

5Жана башка милдеттенмелер 21199(П) │ 

└─┴───────────────────────────────────┴───────────────────────────────┘ 

 

(*) - төлөө мөөнөтү 1 жылдан ашкан четөлкө валютасындагы депозиттерди эске албаганда 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 

14-февралындагы N 7/4 токтому менен 

бекитилген "Каржылоонун ислам 

принциптерин колдонууга киргизүү 

боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө 

ашыруунун чегинде "Экобанк" 

ААКсы үчүн милдеттүү камдык 

талаптар жөнүндөгү тууралуу" 

Жобону бекитүү жөнүндө

Жобого карата 

2-тиркеме 

 

_______дан ________чейинки 

Милдеттүү камдарды эсептөө 

______________________________ 

(коммерциялык банктын аталышы) 

 

┌─┬───────────────────────────────────┬────────────────────────┬──────┐ 

Жуманын ар бир күнү үчүнЖума │ 

баланс боюнча сумма │үчүн │ 

Милдеттенме орточо│ 

├────┬────┬────┬────┬────┤ │ 

Дүй.Шей.Шар.Бей.Жума │ 

├─┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼──────┤ 

1Ишканалардын, уюмдардын жана башка │ 

юридикалык жактардын талап боюнча │ 

депозиттери │ 

├─┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼──────┤ 

2Ишканалардын, уюмдардын жана башка │ 

юридикалык жактардын мөөнөттүү │ 

депозиттери │ 

├─┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼──────┤ 

3Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн │ 

жана жергиликтүү бийлик │ 

органдарынын депозиттери │ 

├─┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼──────┤ 

4Жеке адамдардын депозиттери │ 

├─┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼──────┤ 

5Жана башка милдеттенмелер │ 

├─┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼──────┤ 

6Бардыгы болуп (1+2+3+4+5) │ 

├─┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼──────┤ 

Милдеттүү камдардан алынып │ 

салынуучу милдеттенмелер │ 

├─┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼──────┤ 

7Төлөө мөөнөтү 1 жылдан ашык болгон │ 

мөөнөткө чейинки, четөлкө │ 

валютасындагы депозиттер │ 

├─┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼──────┤ 

8Улуттук банктагы депозиттик │ 

эсептеги каражаттар │ 

├─┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼──────┤ 

9Бардыгы болуп (7+8) │ 

├─┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼──────┤ 

Жыйынтыгында - камдык талаптарды │ 

эсептөө үчүн милдеттенмелердин │ 

суммасы (6-9) │ 

├─┼───────────────────────────────────┼────┼────┼────┼────┼────┼──────┤ 

Милдеттүү камдар │ 

└─┴───────────────────────────────────┴────┴────┴────┴────┴────┴──────┘ 

 

Коммерциялык банктын жетекчисинин колтамгасы 

 

Мөөр 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 

14-февралындагы N 7/4 токтому менен 

бекитилген "Каржылоонун ислам 

принциптерин колдонууга киргизүү 

боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө 

ашыруунун чегинде "Экобанк" 

ААКсы үчүн милдеттүү камдык 

талаптар жөнүндөгү тууралуу" 

Жобону бекитүү жөнүндө

Жобого карата 

3-тиркеме 

 

Резервдик талаптарды сактагандык үчүн 

Компенсацияны эсептөөнүн мисалы 

 

(сом менен) 

┌─────────────┬────────────────┬─────────┬─────────┬──────────┬───────┐ 

Отчеттук Улуттук банктагыМилдеттүү│Милдеттүү│Улуттук Компен-│ 

мезгил корреспонденттиккамдар камдарданбанктын сация │ 

эсеп четтөө "овернайт" │ 

кредиттери │ 

├─────────────┼────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┼───────┤ 

1 2 3 4 5 6 │ 

├─────────────┼────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┼───────┤ 

24.01.2006 5 271 923 7 597 275-2325 352 │ 

├─────────────┼────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┼───────┤ 

25.01.2006 10 687 258 7 597 2753 089 9833 000 000 │ 

├─────────────┼────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┼───────┤ 

26.01.2006 11 734 098 7 597 2754 136 823 500 │ 

├─────────────┼────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┼───────┤ 

27.01.2006 9 633 619 7 597 2752 036 344 500 │ 

├─────────────┼────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┼───────┤ 

28.01.2006 5 464 663 7 597 275-2132 612 │ 

├─────────────┼────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┼───────┤ 

31.01.2006 7 540 546 7 630 575-90 029 │ 

├─────────────┼────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┼───────┤ 

11.02.2006 3 632 562 7 630 575-3998 013 │ 

├─────────────┼────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┼───────┤ 

02.02.2006 6 747 320 7 630 575-883 255 │ 

├─────────────┼────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┼───────┤ 

03.02.2006 7 749 738 7 630 575119 163 5 000 000 │ 

├─────────────┼────────────────┼─────────┼─────────┼──────────┼───────┤ 

04.02.2006 8 122 996 7 630 575492 421 502 │ 

└─────────────┴────────────────┴─────────┴─────────┴──────────┴───────┘ 

 

Милдеттүү камдарден четтөөнү эсептөө формуласы 

О=К-Р, мында 

К - корреспонденттик эсеп 

Р - Милдеттүү камдар 

Экономикалык талаптарды сактагандык үчүн компенсацияны эсептөө формуласы: 

М=Р*С/100/360, мында 

Р - милдетүү камдар 

С - коммерциялык банктын депозиттери боюнча орточо салмактанып алынган ставка 

 

Маалымат үчүн: 

Депозиттер боюнча орточо салмактанып алынган ставка (%%) 2,37 

01.11.2006 ж. 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 

14-февралындагы N 7/4 токтому менен 

бекитилген "Каржылоонун ислам 

принциптерин колдонууга киргизүү 

боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө 

ашыруунун чегинде "Экобанк" 

ААКсы үчүн милдеттүү камдык 

талаптар жөнүндөгү тууралуу" 

Жобону бекитүү жөнүндө

Жобого карата 

4-тиркеме 

 

Камдык талаптарды сактабагандык 

үчүн эсептөөнүн мисалы 

 

(сом менен) 

┌─────────────────┬─────────────────┬────────────────┬────────────────┐ 

Отчеттук мезгил Улуттук банктагы Милдеттүү камдарМилдеттүү │ 

корреспонденттик камдардан четтөө│ 

эсеп │ 

├─────────────────┼─────────────────┼────────────────┼────────────────┤ 

1 2 3 4 │ 

├─────────────────┼─────────────────┼────────────────┼────────────────┤ 

24.01.2006 5 937 176 7 430 549 - 1 493 373 │ 

├─────────────────┼─────────────────┼────────────────┼────────────────┤ 

25.01.2006 6 434 832 7 430 549 - 995 717 │ 

├─────────────────┼─────────────────┼────────────────┼────────────────┤ 

26.01.2006 7 060 832 7 430 549 - 369 717 │ 

├─────────────────┼─────────────────┼────────────────┼────────────────┤ 

27.01.2006 7 060 832 7 430 549 - 369 717 │ 

├─────────────────┼─────────────────┼────────────────┼────────────────┤ 

28.01.2006 5 156 920 7 430 549 - 2 273 629 │ 

├─────────────────┼─────────────────┼────────────────┼────────────────┤ 

31.01.2006 8 735 084 7 642 784 1 092 300 │ 

├─────────────────┼─────────────────┼────────────────┼────────────────┤ 

01.02.2006 8 668 152 7 642 784 1 025 368 │ 

├─────────────────┼─────────────────┼────────────────┼────────────────┤ 

02.02.2006 8 582 829 7 642 784 940 045 │ 

├─────────────────┼─────────────────┼────────────────┼────────────────┤ 

03.02.2006 9 630 548 7 642 784 1 987 764 │ 

├─────────────────┼─────────────────┼────────────────┼────────────────┤ 

04.02.2006 7 896 305 7 642 784 253 521 │ 

├─────────────────┼─────────────────┼────────────────┼────────────────┤ 

Жыйынтыгында: - 203154 │ 

├─────────────────┴─────────────────┴────────────────┼────────────────┤ 

Орточо күндүк четтөө - 20 315 │ 

├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤ 

Камдык талаптарды сактабагандык үчүн төлөө 70 │ 

└────────────────────────────────────────────────────┴────────────────┘ 

 

Милдеттүү камдардан четтөөнү эсептөөнүн формуласы: 

О=К-Р, мында 

К - корреспонденттик эсеп 

Р - Милдеттүү камдар Камдык талаптарды сактабагандык үчүн төлөөнү эсептөө формуласы: 

 

П=ОС*У*3/100/360*Д, мында 

ОС - камдык активдердин Милдеттүү камдарден орточо күндүк четтөөсү 

У - базалык мезгил үчүн Улуттук банктын орточо эсепке алуу ставкасы 

Д - базалык мезгилдин жумуш күндөрүнүн саны (бул учурда 10 күн) 

 

Маалымат үчүн: 

Базалык мезгил үчүн Улуттук банктын 

орточо эсепке алуу ставкасы (%%) 4,13 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 19-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 31-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 22-февралы N 9/1 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

 

"Каржылоонун ислам принциптерине ылайык 

жүзөгө ашырылган операцияларды эске алуу 

менен "Экобанк" ачык акционердик коомунда 

капиталдын шайкештиги коэффициентин 

эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү

Нускоо тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ачык акционердик коомунда капиталдын шайкештиги коэффициентин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү" Нускоонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жобого (Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы N 32/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 30-ноябрында 121-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) таянуу менен токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ачык акционердик коомунда капиталдын шайкештиги коэффициентин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү" Нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана "Экобанк" ААКсынын ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоо шарттарын колдонууга киргизүүгө тиешелүү 2006-жылдын 16-майында келишилген өзара түшүнүшү жөнүндөгү Меморандумдун талабын жүзөгө ашыруунун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирге бул токтомдун кийинчерээк расмий жарыяланышын камсыз кылуу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 27-декабрындагы N 43/10 ""Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ачык акционердик коомунда капиталдын шайкештиги коэффициентин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү" Нускоо тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 19-мартында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 31-07 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 22-февралындагы 

N 9/1 токтому менен 

бекитилген 

 

Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө 

ашырылуучу операцияларды эске алуу менен 

"Экобанк" ААКсындагы капиталдын 

шайкештиги коэффициентин эсептөөнүн 

өзгөчөлүктөрү тууралуу 

НУСКОО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Капиталдын шайкештиги стандарттары 

3. Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жайгаштырылган (кабыл 

алынган) баланстан тышкаркы милдеттенмелер жана баланстык ак- 

тивдердин тобокелдик деңгээли боюнча баалоонун өзгөчөлүктөрү 

4. Капиталдын шайкештиги стандарттарын аткаруу жөнүндө отчет берүү 

жана толтуруунун тартиби 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Нускоо Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруу алкагында иштелип чыккан. 

1.2. Нускоо каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ААКсындагы (мындан ары "банк") капиталдын шайкештиги коэффициенттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрүн аныктоо максатын көздөйт. 

1.3. Нускоонун максаттары үчүн төмөнкү аныктамалар пайдаланылат: 

1.3.1. Каржылоонун ислам принциптери боюнча алынган/жайгаштырылган активдер - "Алгачкы долбоордун алкагында Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин жүзөгө ашыруу тууралуу" Жободо (1) (мындан ары текстте - Каржылоонун ислам принциптерин жүзөгө ашыруу жөнүндө Жобо) каралган операциялар боюнча алынган/жайгаштырылган активдер. 

1.3.2. Каржылоонун ислам принциптерине ылайык банк тарабынан кабыл алынган баланстан тышкаркы милдеттенмелер - Каржылоонун ислам принциптери жөнүндөгү Жободо каралган операциялар боюнча банк тарабынан кабыл алынган баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

 

2. Капиталдын шайкештиги стандарттары 

 

2.1. "Экобанк" ААКсындагы капиталдын шайкештик коэффициенти Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын капиталынын шайкештеги стандарттарын аныктоо боюнча Нускоого (2) (текстте мындан ары - капиталдын шайкештиги стандарттарын аныктоо боюнча Нускоо) ылайык ушул Нускоодо айтылган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды милдеттүү түрдө эсепке киргизүү менен эсептелинет. 

2.2 "Экобанк" ААКсы үчүн Суммардык капиталдын шайкештик коэффициенти (К.2.1.) жана Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэффициенти (К.2.2.) каржылоонун ислам принциптерине ылайык банктын жалпы кредиттик портфелинде жайгаштырылган активдердин үлүшүнө жараша төмөнкү схемага ылайык аныкталат: 

 

┌───────────────────────────┬────────────────────┬────────────────────┐ 

Банктын жалпы кредиттик Суммардык капиталдынБиринчи деңгээлдеги │ 

портфелинде каржылоонун шайкештик капиталдын шайкештик│ 

ислам принциптери боюнча коэффициенти коэффициенти │ 

жайгаштырылган активдеринин(К.2.1.) (К.2.2.) │ 

│үлүшү (каржылоонун ислам │ 

принциптери боюнча │ 

активдерди кошо алганда) │ 

├───────────────────────────┼────────────────────┼────────────────────┤ 

0-30% 12 6 │ 

├───────────────────────────┼────────────────────┼────────────────────┤ 

31-45% 13% 6,5% │ 

├───────────────────────────┼────────────────────┼────────────────────┤ 

46-60% 14% 7% │ 

├───────────────────────────┼────────────────────┼────────────────────┤ 

61-75% 15% 7,5% │ 

├───────────────────────────┼────────────────────┼────────────────────┤ 

76% жана андан жогору 16% 8% │ 

└───────────────────────────┴────────────────────┴────────────────────┘ 

2.3. "Экобанк" ААКсы үчүн левераж (К 2.3) 8% дан аз болбошу керек. 

2.4. "Экобанк" ААКсында каржылоонун ислам принциптерин киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруудагы финансылык жылдын жыйынтыгы жана Улуттук банктын "Экобанк" ААКсын текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде, ошондой эле эларалык аудитордук компания тарабынан жүргүзүлгөн тышкы аудиттин жыйынтыгын эске алуу менен Улуттук банк каржылоонун ислам принциптерине ылайык жайгаштырылган же/жана сатып алынган активдердин сапатын баалоону жүргүзөт. 

Эгерде каржылоонун ислам принциптерине ылайык жайгаштырылган же/жана сатып алынган активдердин үлүшү банктын жалпы кредиттик портфелинде (каржылоонун ислам принциптери боюнча активдерди кошо алганда) 46% же андан көбүрөөктү түзсө жана активдердин сапатынын начарлоо тенденциясы байкалбаса, Улуттук банк "Экобанк" ААКсы үчүн капиталдын шайкештиги боюнча талаптарды ушул Нускоодо белгиленген төмөнкү чектүү мааниден төмөн болбогон чекте төмөндөтөт. 

3. Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жайгаштырылган (кабыл алынган) баланстан тышкаркы милдеттенмелер жана баланстык активдердин тобокелдик деңгээли боюнча баалоонун өзгөчөлүктөрү

3.1. Ушул Нускоонун алкагында капиталдын шайкештигин баалоо кредиттик тобокелдикке карата, б.а, каржылоонун ислам принциптерине ылайык жайгаштырылган (кабыл алынган) баланстан тышкаркы милдеттенмелер жана түрдүү активдерге карата тобокелдикке карата жүргүзүлөт. 

3.2. Капиталдын шайкештигин эсептөөдө, анын айрым курамдык бөлүктөрү каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эсепке алуу менен эсепке киргизилет. Мисалы, Экинчи деңгээлдеги капиталды эсептөөдө каржылоонун ислам принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер боюнча потенциалдуу жоготууларды жана чыгашаларды жабууга арналган жалпы резервдерди киргизүү керек. 

3.3. Каржылоонун ислам принциптерине ылайык банк тарабынан алынган/жайгаштырылган активдер, алар боюнча күрөөлүк камсыздоонун кайсы түрүнө карабастан, ошондой эле алар боюнча алууга чегерилген кирешелер 100% тобокелдик деңгээлдүү бешинчи категорияга киргизилет. 

3.4. Каржылоонун ислам принциптерине ылайык активдерди сатып алуу/жайгаштырууга банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелери боюнча кредиттик конверсиянын фактору, капиталдын шайкештиги стандарттарын аныктоо тууралуу Нускоонун 5.3 пунктунун "б" пунктчасында каралган кредиттик конверсиянын фактору 50% өлчөмүндө аныкталган кыска мөөнөтүү өзүнөн-өзү жоюулуучу баланстан тышкаркы милдеттенмелерди эске албаганда, 100% өлчөмүндө аныкталууга тийиш. 

3.5. Каржылоонун исламдык эмес принциптери боюнча банктын жайгаштырылган (кабыл алынган) баланстан тышкаркы милдеттенмелери жана активдери капиталдын шайкештиги стандартын аныктоо тууралуу Нускоого ылайык тобокелдик деңгээлине жараша каралат. 

 

4. Капиталдын шайкештиги стандарттарын аткаруу жөнүндө 

отчет берүү жана толтуруунун тартиби 

 

4.1. Капиталдын шайкештиги стандарттарын аткаруу тууралуу отчет, каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операцияларды эсепке алуу менен капиталдын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча Нускоонун талаптарына ылайык жана ушул Нускоодо көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен түзүлөт. 

4.2. Капиталдын шайкештиги стандарттарын аткаруу тууралуу отчетту түзүүдө

- каржылоонун ислам принциптерине ылайык алынган/жайгаштырылган банктын баланстык активдери Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 15 бөлүмүнүн 430,2 "Башка активдердин калган бөлүгү" сабында көрсөтүлүшү керек. 

- каржылоонун ислам принциптерине ылайык тартылган бардык баланстан тышкаркы милдеттенмелер (кыска мөөнөттүү өзүнөн-өзү жоюлуучу баланстан тышкаркы милдеттенмелерди кошкондо) Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 15 бөлүмүнүн "Башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер" 590 сабында көрсөтүлүшү керек. 

4.3. Капиталдын шайкештиги стандарттарын аткаруу жана аларды эсептөө тууралуу маалыматтар банк тарабынан, капиталдын шайкештигинин стандарттарын аныктоо боюнча Нускоонун талаптарына ылайык жана Мезгилмезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет менен чогуу берилет.