Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынЧенемдик актылары”» 

журналынын 2007 жылдын 6 саны 

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 

14-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 44-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 14-марты N 13/13 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү 

жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү", "Кредиттик союздар жөнүндөгү" Мыйзамдарына таянуу менен токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.Э.Джаныбековага ыйгарылсын. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын Төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 

14-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 44-07 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 14-мартындагы 

N 13/13 токтому менен 

бекитилген 

 

Кредиттик союздардын ишине инспектордук 

текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө 

НУСКОО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн максаттары 

3. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

4. Инспектордук текшерүүнүн жүргүзүү 

5. Кредиттик союздун аткаруучу башкаруу органы менен 

жыйынтыктоочу жолугушуу 

6. Текшерүү жөнүндө отчет 

7. Таасир этүү чөйрөсү 

8. Текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу 

9. Таанышуу баракчасы 

10. Даттануу тартиби 

1-тиркеме. Билдирүү 

2-тиркеме. Багыттама 

3-тиркеме. Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө 

Акт 

4-тиркеме. Таанышуу баракчасы 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары текст боюнча - Улуттук банк) кредиттик союздардын ишине көзөмөл жүргүзүүчү жана аны жөнгө салуучу орган болуп саналат жана Кредиттик союздардын туруктуу системасын сактоо, Кредиттик союздун катышуучуларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын колдоо жана сактоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын сактоо максатында алардын ишине үзгүлтүксүз көзөмөлдү жүзөгө ашырат. 

1.2. Өзүнчө Кредиттик союздарда көйгөйлөрдү аныктоого жана аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды кабыл алууга багытталган, Кредиттик союздарга карата көзөмөл жүргүзүү концепциясына ылайык Улуттук банк Кредиттик союздардын ишине көзөмөл жүргүзөт. Кредиттик союздардын иши өзүндө тобокелдиктер менен байланыштуу болгондуктан, Улуттук банктын Кредиттик союздардын ишине карата көзөмөл жүргүзүү концепциясы мындай тобокелдикке баа берүүгө негизделген. Улуттук банк көзөмөл жүргүзүү ишинин процессинде жеринде тышкы көзөмөлдү жана инспектирлөөнү жүргүзүүнү айкалыштырган методдорду колдонот. 

1.3. Улуттук банктын Кредиттик союздарга карата көзөмөл жүргүзүү концепциясы төмөнкүдөй аныкталат, көзөмөл: 

- Кредиттик союздардын жана көзөмөл органдарынын кызматташтыгына негизделген коллегиалдуу процесс болуп саналат; 

- Кредиттик союздардын жана кредиттик союздардын ишине көзөмөл жүргүзүүчү инспекторлордун милдеттерин аныктоого негизделген; 

- Ар бир кредиттик союздун конкреттүү мүнөздөмөлөрүнө: ага мүнөздүү тобокелдиктердин өлчөмүнө жана анын даражасына ылайык келет; 

- Өзүнчө кредиттик союздарда өзгөрүлмөлүү тобокелдиктерге жана өнүгүп жаткан рыноктук шарттарга карата динамикалуу жана сезгич болуп саналат; 

- Кредиттик союздар тобокелдиктерди тескөөнүн тиешелүү системаларын колдонууга киргизүүгө жана аларды колдоого өз күч-аракеттерин топтоштурат; 

- жеринде текшерүүлөрдү ишке ашыруу жана тышкы көзөмөл жүргүзүү жолу менен Кредиттик союздардын ченемдик актыларды, Улуттук банктын талаптарын сактоосун текшерет; 

- көбүнчө тобокелдик болгон участокторго негизги күчтү багыттоо менен Улуттук банктын адам ресурстарын үнөмдүү жана натыйжалуу колдонот. 

1.4. Кредиттик союздардын ишине көзөмөл - пландоодон, текшерүүдөн жана көзөмөл органы (Улуттук банк) жана кредиттик союздун ортосундагы кызматташтыкты камтыган өзара аракеттенишүүдөн турган цикл. Көзөмөл циклынын ар бир этабында Улуттук банк Кредиттик союздун жетекчилигинин тобокелдиктерди канчалык натыйжалуу аныктап, ага баа берип, аны контролдоп жана тескөөгө алып жаткандыгына баа берет. 

1.5. Бул Нускоо Улуттук банктан лицензия алышкан кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүүнүн негизги максаттарын жана түрлөрүн аныктайт. Мындан тышкары, Нускоо Кредиттик союздардын ишине текшерүү жүргүзүү менен байланыштуу аларга коюлуучу милдеттүү талаптарды белгилейт. 

1.6. Бул Нускоонун максаттары үчүн төмөнкү кыскартылган белгилөөлөр жана терминдер колдонулат: 

- башкаруунун аткаруу органы - кредиттик союздун Төрагасы жана Башкарма мүчөлөрү

- САМЕL - Улуттук банк тарабынан колдонулуучу, финансы-кредиттик мекемелердин ишине баа берүүнүн эларалык рейтингдик система (С - капитал, A - активдердин сапаты, M - менежмент, E - кирешелүүлүк, L - ликвиддүүлүк); 

1.7. Улуттук банк CAMEL рейтингдик системасын жеринде инспектирлөө үчүн колдонот. Рейтингдик система иштин бардык олуттуу финансылык жана операциялык көрсөткүчтөрүн, ошондой эле ар бир кредиттик союз үчүн Улуттук банктын ченемдик актыларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо деңгээлин салыштыруу жана аларга баа берүү үчүн жалпы алкактарды түзөт. Бул болсо, жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүү процессинде кредиттик союздардын ишине көзөмөлгө ар бир кредиттик союз үчүн кредиттик союздун жалпы абалын чагылдыруучу рейтингдик баа берүүнү аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет. 

Жыйынтык рейтингди алуу үчүн төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча баа берүү жүргүзүлөт: 

Капиталдын шайкештиги C 

Активдердин сапаты A 

Менежмент M 

Кирешелүүлүк E 

Ликвиддүүлүк L 

1.8. Финансылык абалдын беш баштапкы компоненттерине жана кредиттик союздун операцияларына баа берүү менен бул рейтинге негиз салынган. Рейтинг белгилөө процессинде кредиттик союздун өлчөмдөрү, анын иши жана ал туш болгон тобокелдиктердин өзгөчөлүктөрү эске алынат. Жеке компоненттердин рейтинги максаттуу текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча кайра каралып чыгышы мүмкүн. 

Рейтинг кредиттик союзга байланыштуу маселелердин начарлоосу боюнча баллдын жогорулоосу менен беш баллдык шкалада түзүлгөн. Жыйынтык рейтингде беш жеке компоненттердин рейтинги жана салыштырмалуу маанилүүлүгү эске алынат. Жыйынтык рейтинг беш компоненттүү рейтингдердин арифметикалык орточо алынганы болуп саналбайт, ошентсе да ал жөнөкөй орточо маани менен дал келиши мүмкүн. 

Ошентип, "1" өтө жогорку рейтинг жана көзөмөл көзкарашында тынчсыздануунун өтө төмөн деңгээли, ошондой эле "5" кредиттик союздун ишинин өтө төмөн, жетишсиз деңгээлин жана ал тынчсыздануунун өтө жогорку деңгээлин түшүндүрөт. Ар бир кредиттик союзга белгилүү бир финансылык жана операциялык стандарттарга, критерийлерге жана принциптерге ылайык келүүсүнө баа берүүгө негизделген бирдиктүү жыйынтык рейтинг аныкталат. 

1.9. Кредиттик союздардын ишинин натыйжаларына баа берүүнүн CAMEL жыйынтык рейтинги: 

Рейтинг 1 - бул рейтингдеги кредиттик союздун иши бардык тараптан 

алганда натыйжалуу деп эсептелет, кайсы болбосун сын 

пикирдеги тыянактар же комментарийлер олуттуу эмес жа- 

на аларды жумуш үстүндө четтетүүгө болот. 

Рейтинг 2 - бул рейтингдеги кредиттик союз негизинен натыйжалуу, 

бирок алардын ишинде жумушчу тартипте оңдой турган же- 

тишпестиктер бар. Бул жетишпестиктердин мүнөзү жана 

орчундуулугу кредиттик союздун туруктуулугунан шек- 

тенүүгө негиз болбойт. 

Рейтинг 3 - бул рейтингдеги кредиттик союз алгылыктуудан олуттууга 

чейинки финансылык жана операциялык жетишпестиктердин 

комплексине ээ. Операцияларды Кыргыз Республикасынын 

мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын 

бузуу менен жүргүзгөн кредиттик союздар, алардын 

төлөөгө кудуретсиздиги финансылык жана жалпы туруктуу- 

лугунан тышкары көрүнүш экендигине карабастан, бул ка- 

тегорияга киргизилиши мүмкүн. 

Рейтинг 4 - бул рейтингдеги кредиттик союз олуттуу финансылык же- 

тишпестиктердин ченемсиз көлөмүнө же кредиттик союздун 

ишин канааттандырарлык эмес деп аныктаган башка шарт- 

тардын айкалышуусуна ээ. Тиешелүү көңүл бурулбаган чоң 

жана олуттуу маселелер бар. Банкроттуулуктун тикелей 

коркунучу жаралат, бирок ал болбой койбойт же ачык би- 

линбейт. 

Рейтинг 5 - бул рейтингдеги кредиттик союздун иши жакынкы арада 

банкроттуулукка туш болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Шашылыш 

жана чечкиндүү оңдоп-түзөтүүчү чаралардын жоктугунда 

жетишпестиктердин же натыйжасыз тенденциялардын көлөмү 

жана олуттуулугу, барынан мурда мындай кредиттик союз- 

дун жоюулушун же башка шашылыш чаралардын кабыл алыны- 

шын талап кылат. 

1.10. Кредиттик союздун жетекчилигине CAMEL рейтингин ачып берүү зарыл болгон учурда ишке ашырылат. 

Текшерүү аяктаганда текшерүүнүн жетекчиси кредиттик союздун аткаруучу жетекчисине алдынала коюлган рейтингди билдире алат. Анткен менен бул алдынала коюлган рейтинг жана текшерүү жөнүндө отчеттун үстүндөгү иш аяктаганга чейин анын өзгөртүлүшү мүмкүн экендиги белгиленет. 

1.11. Кредиттик союздун ишине көзөмөл бул кредиттик союзда болгон тобокелдиктердин татаалдыгынын түрүнө жана даражасына жараша жүзөгө ашырылат. 

1.12. Эгер жеринде инспектирлөө процессинде же инспектордун тышкы көзөмөл жүргүзүүсүндө кредиттик союз туш болуучу тобокелдик акталбагандыгын аныкташса, анда алардын акталбаган тобокелдикти азайтуу же четтетүү боюнча чараларды кабыл алуусу үчүн кредиттик союздун аткаруучу жетекчилиги менен байланышууга тийиш. Кредиттик союз мындай жагдайда кредиттик союздун капиталдын көлөмүнүн көбөйүүсү же тобокелдикти тескөө системасын күчөтүү өңдүү тобокелдикке туш болуусун төмөндөтүү боюнча белгиленген түзөтүү чараларын кабыл алышы зарыл. 

1.13. Улуттук банктын кредиттик союздарга көзөмөл иши Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы жана областтык башкармалыктар (мындан ары текст боюнча - ОБ) жана Улуттук банктын өкүлчүлүктөрү тарабынан уюштурулат. 

 

2. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн максаттары 

 

2.1. Кредиттик союздардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттары болуп, төмөнкүлөр саналат: 

- Кредиттик союздун жалпы финансылык абалына, кредиттик союздун менежментинин сапатына баа берүү

- Анын бекемдигине жана туруктуулугуна коркунуч келтирүүчү тобокелдиктерди, жетишпестиктерди жана кредиттик союздардын талуу жерлерин аныктоо; 

- Кредиттик союздун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын сакташын аныктоо; 

- Кредиттик союздун Улуттук банкка берген регулятивдик отчеттуулугунун тууралыгына баа берүү

- Аныкталган мыйзам бузууларды жана жетишпестиктерди четтетүү, кредиттик союздун абалын жакшыртуу жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана зарыл болсо, аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү үчүн эскертүү чараларын жана санкцияларын колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; 

- Мурда болуп өткөн текшерүүдө аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн кредиттик союздун башкаруу органдары тарабынан аткарылышына баа берүү

 

3. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

 

3.1. Коюлган маселелерге жараша текшерүүлөр эки түрдө болушу мүмкүн: комплекстүү жана максаттуу, ошондой эле алар текшерүү жөнүндө отчет түзүү менен жыйынтыкталат. 

Комплекстүү текшерүү кредиттик союздун жалпы абалын жана текшерүү күнүнө карата тиешелүү CAMEL рейтингин аныктайт. 

Максаттуу текшерүү кредиттик союздун ишинин өзүнчө аспектилерин жыйынтыктоо (жалпылоо) жана кылдат карап чыгуу максатында жүргүзүлөт. 

Билдирүү тартибине жараша текшерүүлөр пландуу (кредиттик союзду алдынала кабарлоо менен) жана күтүүсүз (боло турган текшерүү жөнүндө алдынала кабарлоосуз) болушу мүмкүн. 

3.2. Адатта максаттуу текшерүүлөр күтүүсүз мүнөзгө ээ. Күтүүсүз текшерүүнү жүргүзүү учурунда текшерүүгө жолдомо түздөн-түз кредиттик союзга инспекторлор тобунун келген учурунда кредиттик союзга берилет. 

3.3. Эгер текшерүү күтүүсүз болуп эсептелбесе, анда текшерүүнүн жетекчиси кредиттик союз тарабынан алынышы далилдүү түрдө күтүлүп жаткан күнгө чейин 5 күндөн ашпаган мөөнөттө кредиттик союзга тиешелүү документтердин тизмесин тиркөө менен билдирүү катын жөнөтөт, ал эми текшерүүгө жолдомо катты кредиттик союзга келиши менен берет. 

Билдирүү каты (1-тиркеме) жана текшерүүгө жолдомо кат (2-тиркеме) Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгынын/областтык башкармалыктын начальнигинин кол коюусу менен жөнөтүлөт/тапшырылат. 

3.4. Улуттук банктын саясатына ылайык ар бир кредиттик союзду комплекстүү текшерүү төмөнкүдөй мезгилдүүлүк менен рейтингдик системанын компоненттери (CAMEL) боюнча кредиттик союздун жалпы абалына баа берүү үчүн жүргүзүлөт: 

- өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна лицензияга ээ болгон кредиттик союздар үчүн жыл сайын; 

- ЖЧК "Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясынан" тышкы карызы бар кредиттик союздар үчүн эки жылда бир жолу; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы N 14/3 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн кредиттик союздардын ишине лицензия берүү жөнүндө жобого ылайык өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензия берүүдө

- Өзүнүн жеке каражаттары менен гана иштеген кредиттик союздарды инспектордук текшерүү зарыл болгондо (арыз түшкөндө, тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча ж.б.) жүзөгө ашырылат. 

3.5. Кредиттик союзду максаттуу текшерүү төмөнкү учурда жүргүзүлөт: 

- тышкы көзөмөлдү ишке ашыруунун жүрүшүндө аныкталган кандайдыр-бир негативдүү тенденциялар табылган учурда; 

- эгер кредиттик союз тарабынан тиешелүү өтүнмөнү берүү учуруна чейин 6 айдын ичинде анын ишине комплекстүү текшерүү жүргүзүлгөн болсо, катышуучулардан аманаттарды тартууга лицензия берүү зарыл болгон учурда; 

- кредиттик союздун ишине арыз түшкөндө

- өзүнчө операцияларды/лицензиянын аракетин кайрадан жаңыртуу жөнүндө чечим кабыл алуу максатында аныкталган мыйзам бузуулардын кредиттик союз тарабынан четтетүүсүн текшерүү зарыл болгондо; 

- көзбоемочулук, кыянаттык менен пайдалануу жана кредиттик союз тарабынан жүргүзүлүүчү башка мыйзамсыз аракеттерде далилдер жана/же шектенүүлөр бар болсо; 

- эгер көзөмөл органынын кредиттик союздун ишине токтоосуз кийлигишүүсүн талап кылган башка милдеттенмелер болсо. 

3.6. Жагдайларга/кырдаалдарга жараша Улуттук банк чукул арада болуучу текшерүүлөрдү пландай алат (мисалы, Кредиттик союздун ишинин начарлоосу Улуттук банктын токтоосуз кийлигишүүсүн талап кылат). 

3.7. Жеринде текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтү 15 жумушчу күндөн ашык эмес убакытты түзөт. Текшерүүнүн түрүнө, кредиттик союздун өлчөмдөрүнө, ошондой эле жагдайдын татаалдыгына жараша текшерүү мөөнөтү Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына түздөн-түз жетекчилик кылган Башкарма мүчөсү/Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгынын начальниги менен макулдашылгандан кийин ушул эле башкармалыктын/областтык башкармалыктын начальнигинин колу коюлган, текшерүүгө кошумча жолдомо катты берүүдө 15 жумушчу күнгө узартылышы мүмкүн. 

 

4. Инспектордук текшерүүнүн жүргүзүү 

 

4.1. Текшерүү жүргүзүлүүчү жерге келгенден кийин текшерүүнүн жетекчиси төмөнкү максаттарда кредиттик союз Башкармасынын Төрагасы (же анын милдетин аткарып жаткан адам) менен жолугушуу өткөрүүгө тийиш: 

- жолдомо катты тапшыруу жана текшерүүнүн масштабдары жана милдеттери жөнүндө маалымат берүү

- текшерүүнү жүргүзүү процессин талкуулоо; 

- алардын иш участокторун көрсөтүү менен инспекторлорду тааныштыруу; 

- кредиттик союздун жетекчилиги жана кызматкерлери менен контактты ишке ашыруунун графигин аныктоо; 

- кредиттик союздун аткаруучу жетекчилигинин суроолоруна жооп берүү

4.2. Кредиттик союз Башкармасынын Төрагасынын (же анын милдетин аткарып жаткан адамдын) жана/же кызматкерлеринин текшерүүнүн башталышы жөнүндө Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгынын/областтык башкармалыктын жолдомо каты менен таанышуудан баш тартуусунда, же болбосо кредиттик союзга киргизбей коюусунда же инспекторлордун ишине башка тоскоолдуктарды жаратууда текшерүүнүн жетекчиси кредиттик союздун Төрагасы (же анын милдетин аткарып жаткан адам) жана/же кредиттик союздун башка кызматкерлери кол коюуга милдеттүү болгон Текшерүүнүн жүрүшүнө каршы аракеттенүү жөнүндө акт (3-тиркеме) түзүүгө тийиш. 

4.3. Текшерүүнүн биринчи күнү кредиттик союз билдирүү катына тиркелген, тизмеде көрсөтүлгөн бардык документтерди берүүгө милдеттүү (1-тиркеме). Эгер кредиттик союз тизмедеги кайсы бир документти же текшерүү процессинде керек болгон документтерди берүүдөн баш тарткан учурда, же болбосо кредиттик союз бул документтерди берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон учурда, кредиттик союз баш тартуунун же бул документтерди берүүгө мүмкүн эместигинин жазуу жүзүндөгү негиздемесин берүүгө милдеттүү

4.4. Эгер кредиттик союз мындай негиздемени берүүдөн баш тартса же мындай баш тартуунун жүйөөсүз себептеринде текшерүүнүн жетекчиси Текшерүүнүн жүрүшүнө каршы аракеттенүү жөнүндө акт түзөт, ага текшерүүнүн жетекчиси жана кредиттик союздун башкаруу органын мүчөлөрүнүн бири кол коет. Кредиттик союздун башкаруу органынын мүчөсүнүн кол коюудан баш тартуусу тиешелүү тартипте, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен Улуттук банктын инспекторлору тарабынан түзүлгөн акт менен тастыкталат. Текшерүүнүн жүрүшүнө кредиттик союздун жетекчилигинин биринчи эле тоскоолдук кылуусунда тиешелүү чаралар колдонулат. 

4.5. Эгер инспекторлордун келиши менен кредиттик союз катталган дарек боюнча жайгашпаган болсо, анда бул факт инспекторлор тарабынан кредиттик союзга карата андан ары тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу менен катталат. 

4.6. Кредиттик союздун жетекчилиги инспекторлор тобуна ар тараптуу жардам көрсөтүүгө жана төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

- инспекторлор кредиттик союздун туракжайларына, кредиттик союздун бардык кызматкерлерине, документтерине, ошондой эле текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жазууларына эркин жеткиликтүүлүккө ээ болууга тийиш; 

- инспекторлор текшерүүнү жүргүзүү үчүн бардык зарыл болгон маалыматтарды өз убагында алууга жана кредиттик союздун кайсы болбосун кызматкеринен зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү жана/же түшүнүктөрдү алууга тийиш; 

- мүмкүн болгон жерде, кредиттик союзда инспекторлор тобуна өзүнчө туракжай берилүүгө тийиш жана кредиттик союздун жана Улуттук банктын документтеринин коопсуздукта сакталышын, ошондой эле текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон көчүрмө алуу жана башка техникага (алардын болуусунда) жеткиликтүүлүктү камсыз кылат; 

- көчүрмө алуу техникасы жок болгон учурда жана документтин көчүрмөсүн алуу үчүн кредиттик союздун туракжайынан тышкары инспекторду коштоп чыгуудан кредиттик союздун кызматкери баш тартса, кредиттик союздун туракжайынан документтерди алып чыгууда инспектор кредиттик союздун жооптуу кызматкеринен документтер көчүрүп алуу үчүн туракжайдан алынып чыгып жаткандыгын жана бардык документтер кайра кайтарылып берилгендигин тастыктоочу дагы бир колтамга алууга тийиш; 

- текшерүү процессинде көтөрүлгөн административдик жана башка маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн, ошондой эле кредиттик союздун инспекторлор менен мамилелерин координациялоо үчүн кредиттик союздан жооптуу адам дайындалат. 

4.7. Инспекторлор аларга жүктөлгөн маселелерди аткаруу менен байланышкан кредиттик союздун документтерин сурай алышат. Инспекторлор зарыл болгон документтерди көчүрүп же алардын көчүрмөсүн алалышат жана кредиттик союздардын документтери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүнү (зарыл болгон учурда) талап кыла алышат. 

4.8. Коюлган милдеттерди аткарууда кредиттик союзду текшерүү боюнча топтун мүчөлөрү (инспекторлор) кредиттик союздун жооптуу кызматкерлери менен текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыгуучу маселелер боюнча талкууларды өткөрүшөт. 

4.9. Алгач текшерүүнүн программасында каралбаган, текшерүүнүн жүрүшүндө кредиттик союздун ишинин башка чөйрөлөрүндөгү мыйзам бузуулар аныкталган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары белгиленгенде, бул Нускоонун 3.7-пунктуна ылайык текшерүүнүн мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн. 

 

5. Кредиттик союздун аткаруучу башкаруу органы 

менен жыйынтыктоочу жолугушуу 

 

5.1. Текшерүүнүн жетекчиси текшерүүнүн аякташы менен анын натыйжалары, тобокелдиктерге карата тыянактарды талкуулоо жөнүндө, ошондой эле сунуш-көрсөтмө берүү менен кредиттик союздун аткаруучу жетекчилигин маалымдоо үчүн кредиттик союз Башкармасынын төрагасы (анын милдетин аткаруучу башка адам) жана башкаруу органынын башка мүчөлөрү (зарыл болгон учурда) менен уюштурулуп жаткан жыйынтыктоочу жолугушууну өткөрүүгө тийиш. Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгынын Инспектирлөө бөлүмүнүн начальниги/областтык башкармалыктардын Көзөмөл бөлүмүнүн начальниги (же болбосо алардын милдетин аткаргандар) зарыл болгон учурда жолугушууга катыша алышат. Жолугушуунун жүрүшүндө текшерүүнүн жетекчиси кредиттик союз үчүн олуттуу тобокелдик алып келүүчү чөйрөгө максималдуу басым жасоо үчүн зарыл болгон маселелер жөнүндө маалымат берүүсү зарыл. Мындан сырткары, жыйынтыктоочу жолугушуу кредиттик союздун Башкармасынын төрагасына жана аткаруучу жетекчилигине көзөмөлдүн тынчын алган маселелер боюнча абалды аныктоого, болгон көйгөйлөрдү аныктоого жана тактоого, ошондой эле инспекторлорго суроолорду берүүгө мүмкүндүк берет. 

5.2. Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүүнүн жетекчиси кредиттик союздун аткаруучу жетекчилигине төмөнкүлөрдү камтыган, текшерүүнүн жүрүшүндө жетишилген тыянактар жөнүндө маалымат берүүгө тийиш: 

- текшерүүнүн жүрүшүндө ачылган, Улуттук банктын мыйзамдарын жана ченемдик актыларын бузуунун бардык учурлары; 

- активдердин сапаты жөнүндө тыянак; 

- кредиттик союздардын кирешелүүлүгү жөнүндө тыянактар; 

- капиталдын шайкештиги жөнүндө тыянактар; 

- ликвиддүүлүк жөнүндө тыянактар; 

- менежментке баа берүү жана башкаруунун сапаты; 

- бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун колдонуудагы системасына, маалыматтык системага жана ички контролдук системасына баа берүү

- активдердин классификациясындагы, адекваттуу камдарды түзүүдөгү жана колдоодогу жетишпестиктерди ачып берүү. Ошону менен бул талаптар кийинки отчеттук мезгилдин башталышына чейин аткарылууга тийиш экендигин көрсөтүү зарыл; 

- башка зарыл маалыматты. 

5.3. Жыйынтыктоочу жолугушуунун жүрүшүндө текшерүүнүн жетекчиси кредиттик союздун аткаруучу жетекчилигине текшерүүнүн жүрүшүндө табылган бардык жетишпестиктерди оңдоонун зарылдыгы жөнүндө билдирет, ошондой эле айтылган маселелердин алгылыктуу чечимдерин жана аларды аткаруунун мөөнөттөрүн сунуш кылат. 

5.4. Жолугушуунун жүрүшүндө талкуулануучу маселелер каттала турган протокол түзүлүп, ага текшерүүнүн жетекчиси жана кредиттик союз Башкармасынын Төрагасы, ал жок учурунда ыйгарым укуктуу адам колтамга коюшат. 

5.5. Текшерүүнүн жүрүшүндө кредиттик союздун ишине берилген баа акыркы болуп саналат. 

5.6. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча зарылчылыкка жараша, финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык олуттуулук критерийин(1) эске алуу менен финансылык отчеттуулукка түзөтүүлөр киргизилиши талап кылынат. 

 

6. Текшерүү жөнүндө отчет 

 

6.1. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, текшерүү жөнүндө текшерүүнүн жыйынтыгын чагылдырган отчет кредиттик союздун башкаруу органы үчүн кат жүзүндө даярдалат. Текшерүү жөнүндө отчет кредиттик союздун башкаруу органынын көңүлүн, бардык олуттуу көйгөйлөрдү жана зарыл түрдө кабыл ала турган чараларды кошо алганда, негизги корутундуларга жана текшерүүнүн тыянактарына бурат. Отчет бардык тыянактарды жана көзөмөл органында кооптонууну пайда кылган маселелерди, ошондой эле абалды оңдоп кетүү жана/же жакшыртуу үчүн кредиттик союз тарабынан кабыл алынган милдеттенмелерди камтыйт. 

6.2. Текшерүү жөнүндө отчет инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кредиттик союзга карата көрүлүүчү (эскертүү чаралары) кадамдардын биринчиси болуп саналат жана кредиттик союздар тарабынан Улуттук банктын ченемдик актылары сакталбаган же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары бузулган фактылар аныкталганда, аныкталганда аларды белгилүү мөөнөттө четтетүү жөнүндө милдеттүү түрдө аткарыла турган буйрууну да камтыйт. 

6.3. Текшерүү жөнүндө отчет кредиттик союздун жалпы абалы жөнүндө, ошондой эле орун алган олуттуу тобокелдиктер жана/же кемчиликтер жөнүндө маалыматты камтыйт. 

6.4. Кредиттик союзду комплекстүү текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын ички жол-жоболорунун талаптарына ылайык түзүлөт. 

 

7. Таасир этүү чөйрөсү 

 

7.1. Кредиттик союздун ишинде кемчиликтер жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик аткыларын бузуулар катталган учурда, текшерүүчүлөр Улуттук банктын ченемдик актыларына, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик союзга таасир этүү чарасын колдонуу жөнүндө сунушту даярдайт. 

7.2. Кредиттик союзга таасир этүү чарасын колдонуу жөнүндө чечим Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык мында чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу Улуттук банктын тиешелүү кызмат адамдары жана органдары тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат. 

7.3. Эгерде текшерүүнүн жүрүшүндө кредиттик союздун башкаруу органдарынын мүчөсүүчөлөрү) Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинде каралган кылмыштуу деп эсептелген аракеттерди жүзөгө ашырышкан болсо, анда Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине жана Улуттук банктын ички жоболоруна жана жол-жоболуна ылайык, инспекторлордун тыянактарын тастыктоочу материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына (ведомство боюнча) өткөрүп берүүгө укуктуу. 

 

8. Текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу 

 

8.1. Текшерүү жөнүндө отчет коштомо каты менен бирге конвертке салынып, жабылган түрдө кредиттик союз Башкармасынын Төрагасына жөнөтүлөт. Мында отчет жөнүндө кредиттик союз Башкармасынын Төрагасынын аты-жөнүн, анын колтамгасын жана жөнөтүү күнүн камтыган тастыктама милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. 

8.2. Коштомо катында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- кредиттик союз Башкармасынын отчетту кылдат окуп чыгуусу жана отчетто жазылган сунуш-көрсөтмөлөргө жараша, бети ачылган катачылыктарды жана катталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү чаралардын кабыл алынышы; 

- текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин, таанышуу баракчасына колтамга коюу (4-тиркеме) зарылдыгы; 

- эгерде Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы/Областтык башкармалыгы кредиттик союздун башкаруу органдары менен жолугушуу зарыл деп эсептесе, жолугушуу күнү белгиленүүгө тийиш. 

8.3. Кредиттик союздун аткаруу жетекчилигине коштомо каты жана текшерүү жөнүндө отчет менен бирге, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кредиттик союзга ыйгарылган жыйынтык рейтинги жөнүндө маалымат кредиттик союздун аткаруучу жетекчисине конвертке салынып, жабылган түрдө жөнөтүлөт жана бул маалымат купуя болуп саналары жана үчүнчү жакка берилүүгө тийиш эмес экендиги жөнүндө эскертилет. 

8.4. Текшерилген кредиттик союздун Башкарма мүчөлөрү жана Текшерүү комиссиясынын Төрагасы отчет менен таанышууга тийиш. Отчет менен таанышуу мөөнөтү коштомо каты менен отчет Улуттук банк тарабынан жөнөтүлгөн күндөн тартып 10 жумуш күнүн түзөт. Бул мөөнөттүн аякташы менен таанышуу баракчасы колтамга коюлуу менен Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына/областтык башкармалыгына кайтарылат. 

8.5. Текшерилген кредиттик союздун Башкарма мүчөлөрү жана Текшерүү комиссиясынын Төрагасы текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу баракчасына колтамга коюуга милдеттүү (4-тиркеме), мында отчетто камтылган корутундулар жана тыянактар менен макул эместик таанышуу баракчасына колтамга коюдан баш тартууга негиз болуп саналбайт. 

 

9. Таанышуу баракчасы 

 

9.1. Таанышуу баракчасы Башкарманын бардык мүчөлөрүнүн жана Текшерүү комиссиясынын Төрагасынын колтамгаларын камтыйт. Отчет менен таанышуудан кийин, Улуттук банктын коштомо каты жөнөтүлгөн күндөн тартып 10 жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгынын/Областтык башкармалыгынын начальнигине кайтарылып берилет. Кредиттик союз колтамгалар коюлган баракчаларды кредиттик союздун делолорунда сактоого тийиш. 

9.2. Отчет менен таанышуу үчүн белгиленген мезгил ичинде Башкарманын бул же тигил мүчөсү жок болуп калган жана/же аны менен байланышуу мүмкүн болбогон учурда, кредиттик союз отчетту алган күндөн тартып беш иш күнүнүн ичинде Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы/Областтык башкармалыгынын начальнигине Башкарманын мүчөлөрү колтамга коюу баракчасына кол койбогондугунун себептери жөнүндө кат жүзүндө маалымдоого тийиш. Мында колтамга коюу баракчасы Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы/Областтык башкармалыгына колтамга коюу учурунда жок болгон Башкарма мүчөлөрүнүн колтамгасыз кайтарылып берет. 

9.3. Отчет менен таанышуу жана Башкарма мүчөлөрүнүн колтамга коюу баракчасына колтамга койдуруу үчүн жоопкерчилик андан ары кредиттик союзга жүктөлөт. 

 

10. Даттануу тартиби 

 

10.1. Текшерүү жөнүндө отчет боюнча төмөнкүдөй тартипте даттанууга болот: 

10.1.1. Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгынын/Областтык башкармалыгынын начальнигинин ысымына отчетто камтылган корутундулар жана тыянактар менен өзүнүн макул эместиги жөнүндө катты текшерүү жөнүндө отчет менен коштомо катты алуудан кийинки 15 иш күнүн ичинде жөнөтүү аркылуу. 

Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгынын/Областтык башкармалыгынын начальниги кайрылууну карап чыгат жана катты алуудан кийинки 7 жумуш күнүнүн ичинде кредиттик союзга жооп берет. 

10.1.2. Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы/Областтык башкармалыгынын начальнигинин жообу менен макул болбогон учурда, кредиттик союз Улуттук банк Башкармасынын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгын түздөн түз тескөөгө алган мүчөсүнө расмий кат жөнөтөт. 

Улуттук банк Башкармасынын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгын түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү кредиттик союздун кайрылуусун алган күндөн тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде аны карап чыгат. 

10.1.3. Улуттук банк Башкармасынын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгын түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсүнүн чечими менен макул эмес учурда, кредиттик союз Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнөн жоопту алган күндөн тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде Улуттук банк Башкармасынын Төрагасына кайрылууга укуктуу. 

Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы кайрылууну 10 жумуш күнүнүн ичинде карап чыгат. Зарылдыкка жараша, Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы бул маселени Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин кароосуна коюу жөнүндө чечим кабыл алат. 

10.2. Бардык учурда кредиттик союздун кайрылуу каты отчеттун айрым пункттарына таянуу жана тиешелүү документтерди тиркөө менен макул эместиктин себептерин көрсөтүп, анын негиздемелерин камтууга тийиш. 

10.3. Бардык учурларда Улуттук банк кредиттик союзга кат жүзүндө жооп берет, зарылдыкка жараша Улуттук банк тарабынан кредиттик союз Башкармасынын төрагасы менен жолугушууну уюштурат. 

10.4. Текшерүү жөнүндө отчет боюнча келип чыккан пикир келишпестиктерди жөнгө салуунун сотко чейинки тартибин сактоо милдеттүү болуп саналат. 

10.5. Даттануу мөөнөтү аяктаган учурда кредиттик союздун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына даттануусу кароого кабыл алынбайт. 

10.6. Кредиттик союз текшерүү жөнүндө отчет боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде кайрылууга укуктуу. 

 

(1) Олуттуулук критерии финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык белгиленет. 

 

 

Кредиттик союздардын ишине 

инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү 

жөнүндө Нускоого карата 

1-тиркеме 

 

__________________________ 

дареги боюнча жайгашкан 

Кредиттик союздун төрагасы 

__________________________ 

(КС аталышы) 

__________________________ 

Мырза ____________________ 

(аты-жөнү

 

БИЛДИРҮҮ 

 

Муну менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы/ ___________ областтык башкармалыгынын көзөмөл бөлүмү 200__-жылдын ______________________ тартып "__________________" кредиттик союздун ишин комплекстүү текшерүү жүргүзүлө тургандыгын билдирет. 

Текшерүүнүн эффективдүү жүргүзүү, ошондой эле инспекторлордун кредиттик союздарда болуу убактысын кыскартуу максатында, Сизге өзүңүздүн тиешелүү кызматкерлериңиздин каттын тиркемесинде жазылган документтерди жана маалыматтарды даярдоолоруна, тиешелүү көрсөтмөнү берүүңүздү өтүнүп, кайрыламын. Бардык документтер жана маалыматтар 200__-жылдын 1-___________ карата абал боюнча даярдалууга жана текшерүүчү топтун жетекчисине алар кредиттик союзга келген күнү берилүүгө тийиш. 

Эгерде, аталган документтерди даярдоонун жүрүшүндө Сиздердин кызматкерлерде кандайдыр бир суроолор пайда болсо, ошондой эле кредиттик союз талап кылынган документтерди жана маалыматтарды даярдай албай турган болсо, инспекторлук текшерүүнү баштоонун жогоруда көрсөтүлгөн датасына чейин, эртелеп Улуттук банктын банктык көзөмөл Башкармалыгынын/областтык башкармалыгынын Көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлери менен байланышуу зарыл. 

_______________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү, кызматы жана телефон номери) 

Текшерүүгө ______ инспектор катыша тургандыгы пландаштырылууда, ушуга байланыштуу ______ адам иштей турган иш бөлмөнү даярдооңуздарды 

өтүнөбүз. 

Текшерүү тобуна текшерүү менен байланыштуу маселелер боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүүңүздү, кредиттик союздун кызмат адамдарынын жана катышуучуларынын сурамжылоо үчүн жана текшерүүнү аткаруу үчүн зарыл болгон маалымат булактарына карата мүмкүндүктү камсыз кылууңузду өтүнөмүн. 

 

Тиркеме: Документтердин жана маалыматтардын тизмеси _____ баракта 

 

Урматтоо менен, 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

Банктык эмес мекемелердин ишине 

көзөмөл башкармалыгынын/________ областтык 

башкармалыгынын Көзөмөл бөлүмүнүн ____________________ 

(аты-жөнү, колтамга) 

 

 

Улуттук банктын 

200__жылдын "__" _______ 

N ___ билдирүү 

катына карата 

тиркеме 

 

Кредиттик союздун ишин текшерүү үчүн 

ТИЕШЕЛҮҮ ДОКУМЕНТТЕРДИН БОЛЖОЛДУУ ТИЗМЕСИ 

 

I. Кредиттик союздардын башкаруу органдарынын ишинин жүрүшүндө келип чыккан жана кредиттик союздун ишин жөнгө салуучу документтер. 

1. Уюштуруу документтери (уюштуруу келишими, устав, каттоодон өткөндүгү/кайра каттоодон кайра өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, Улуттук банктын лицензиясы). 

2. Кредиттик союздун башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн жана кредиттик союздун катышуучулары болуп саналган жакын туугандарынын тизмеси (жубайы, энеси, атасы, балдары, бир туугандары, чоң энеси, чоң атасы): 

┌───┬─────────────┬─────────┬───────────────────┬─────────────────────┐ 

К NКС башкаруу Кызматы Кызматка дайындоо Жакын туугандарынын │ 

органынын жөнүндө документтинаты-жөнү жана алардын│ 

мүчөлөрүнүн N жана күнү туугандык байланышы │ 

аты-жөнү │ 

└───┴─────────────┴─────────┴───────────────────┴─────────────────────┘ 

3. Кредиттик союздун штаттык расписаниеси жана кредиттик союздардын кызматкерлерине карата анкеталар. 

4. Кредиттик союздун кызматкерлеринин кызматтык нускоолору жана иш убактысын эсепке алуу табели. 

5. Кредиттик союздун ички саясаттары, жоболору, нускоолору, жол-жоболору, көрсөтмөлөрү жана башка ички документтери. 

6. Кредиттик союздун катышуучуларынын учурдагы жылдагы жана акыркы эки жыл ичинде жылдык жана кезексиз жыйналыштарынан толтурулган протоколдор, ошондой эле алардын көчүрмөлөрү

7. Кредиттик союз Башкармасынын жылдык отчеттору, Текшерүү комиссиясынын акыркы жылдагы отчеттору, алардын көчүрмөлөрү

8. Кредиттик союзду өнүктүрүүнүн стратегиялык планы жана алардын көчүрмөлөрү

9. Кредиттик союздун өткөн жана учурдагы жылга бизнес-планы, ошондой эле алардын көчүрмөлөрү

10. Эгерде кредиттик союз тышкы аудиттен өткөн болсо, тышкы аудитордун отчеттору. 

II. Кредиттик союздун капиталын түптөө боюнча документтер: 

1. Кредиттик союздун катышуучуларынын 200__-жылдын "01" ____ абал боюнча реестри: 

┌───┬───────────────────┬───────────────────┬─────────────────────────┐ 

К N Катышуучунун Сактык пайынын КС бардык сактык │ 

аты-жөнү суммасы (сом) пайларынын суммасынан │ 

сактык пайдын үлүшү (%) │ 

└───┴───────────────────┴───────────────────┴─────────────────────────┘ 

2. Кредиттик союздун капиталдык камдарына ыктыярдуу кайтарымсыз төлөмдөрдү киргизүү/алуу жөнүндө 200__-жылдын "01"______ 200__-жылдын "01" чейинки маалыматтар: 

┌───┬───────────────┬───────────┬───────────┬────────────────┬────────┐ 

К N Катышуучунун Төлөмдүн Алынган Төлөм Эскертүү│ 

аты-жөнү суммасы төлөмдүн документинин │ 

суммасы N жана │ 

датасы │ 

└───┴───────────────┴───────────┴───────────┴────────────────┴────────┘ 

3. Катышуучулардын эсептик карточкасы, анын ичинде 200__ "01" тартып 200__ "01" мезгил ичиндеги катышуучуларды каттоо карточкасы. 

III. Кредиттик союздардын активдүү операциялары боюнча документтер: 

1. Кредиттик союздардын кредиттери жөнүндө 200__-жылдын "01" карата абал боюнча маалыматтары: 

┌───┬─────────┬───────────────┬─────────────────────────────────┬─────┬ 

К NКарыз Жалпы Кредиттик келишимдин шарттары Күрөө│ 

алуучунун маалыматтар жана ага карата кошумча │ 

аты-жөнү келишимдер(*) │ 

├───────┬───────┼─────┬─────┬─────────┬───┬───────┤ │ 

паспортЖашаганБерүү│Төлөө│Кредиттин % Максаты │ 

жери күнү күнү суммасы чен │ 

├───┼─────────┼───────┼───────┼─────┼─────┼─────────┼───┼───────┼─────┼ 

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 │ 

└───┴─────────┴───────┴───────┴─────┴─────┴─────────┴───┴───────┴─────┴ 

┬──────────────────┬──────┬──────────────┬───────────────┬────────────┐ 

Реструктуризация-нТармак Карыздын ____-жылга Кредиттин │ 

саны ____-жылга үн) классиф-я │ 

калдыгы мөөнөт-н уз. │ 

├───────┬──────┼────────┬──────┤ │ 

Кредит %% Кредит %% │ 

б-ча б-ча б-ча б-ча │ 

┼──────────────────┼──────┼───────┼──────┼────────┼──────┼────────────┤ 

11 12 13 14 15 16 17 │ 

┴──────────────────┴──────┴───────┴──────┴────────┴──────┴────────────┘ 

2. Карыз алуучулардын иштеп жаткан жана алынып салынган кредиттери боюнча эсептик карточкасы. 

3. Иштеп жаткан жана алынып салынган кредиттери боюнча кредиттик маалыматтар. 

4. Кредит портфелинин 200__-жылдын "01" _______ карата абал боюнча жана өткөн 4 чейрек боюнча классификациялоо. 

5. Кошуп эсептелинген, бирок алынбаган пайыздар боюнча 200___-жылдын "01" карата абал боюнча маалыматтар: 

┌───┬───────────┬───────────────────┬─────────────────────────────────┐ 

К N Карыз Кошуп эсептелинген, Анын ичинде: │ 

алуучунун бирок төлөнбөгөн ├──────┬─────┬─────┬──────┬───────┤ 

аты-жөнү пайыздардын 30 31-6061-9091-180180 │ 

200__-жылдын күнгө күн күн күн күндөн │ 

"01"___ карата чейин жогору │ 

калдыгы │ 

└───┴───────────┴───────────────────┴──────┴─────┴─────┴──────┴───────┘ 

6. Кредиттик союздун Финансы компаниясынан алынган кредиттери боюнча күрөө берүүчү болуп саналган кредиттик союздун катышуучулары жөнүндө маалымат: 

┌───┬─────────┬──────────────────┬────────────────────┬───────────────┐ 

К N Карыз КС/Финкомп-н ж-а КС катышуучусунда КС КС жана │ 

алуучунун күрөө бер-н Финкомп-н алдында Финкомп-н │ 

аты-жөнү ортосунда КС кред. б-ча текшерүү ортосундагы │ 

катышууч-н кредити күнүнө карата кредиттик │ 

б-ча күрөө ж-дө карызынын болушу келишимдин N, │ 

келишимдин N, күнү│(кредиттин суммасын күнү │ 

көрсөтүү) │ 

└───┴─────────┴──────────────────┴────────────────────┴───────────────┘ 

7. Кредиттик союздун катышуучуларынын кредит алууга өтүнүч каттарын каттоо журналы. 

8. Карыз алуучулар менен байланыштарды каттоо журнал. 

9. Негизги каражаттарды эсепке алуу карточкасы, негизги каражаттарды инвентаризациялоо актылары. 

IV. Кредиттик союздардын милдеттенмелери боюнча документациялар: 

1. Кредиттик союздун жана кредиторлордун (Финансы компаниясынын жана/же кредитор уюм) ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдер жана лизинг келишимдери. 

2. Финансы компаниясынын алдындагы милдеттенмелерди төлөө боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнүүчү төлөмдөр жөнүндө 200__-жылдын "01" _______ карата абал боюнча маалымат. 

3. Кредиттик союздун Финансы компаниясынын алдындагы карыздары жөнүндө 200_ "01" _______ карата маалыматтар: 

┌───────────┬─────────┬──────────┬─────────┬──────┬───────────────────┐ 

Кредиттик Кредитти Алынган Кредитти % чен Карыздын │ 

келишимдин алуу күнү│кредиттин төлөө 200_-жылдын "01"___│ 

N, датасы суммасы күнү карата калдыктары │ 

└───────────┴─────────┴──────────┴─────────┴──────┴───────────────────┘ 

КС пайдасы/ликвиддүүлүгү боюнча документтер: 

1. Кассалык журналдар. 

2. Эсептешүү эсептери боюнча көчүрмөлөр. 

3. Комбанктар менен эсептешүү-кассалык тейлөөгө келишимдери. 

Кредиттик союздун бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча документтери: 

1. Кредиттик союздун 200__ "01" _______ Финансы отчету (бухгалтердик баланс, алынган пайда жана кетирилген чыгымдар жөнүндө отчет, финансы отчетуна карата түшүндүрмө каты), мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор жана кредиттик союздун 200_ - 200_-жылдар ичинде экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө маалыматтар. 

2. 200__-жылдын "01" _______ карата баланстын статьялары боюнча чечмелеп түшүнүк берүү: "Негизги каражаттар", "РППУ", "Алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар боюнча", "Башка менчик", "Башка активдер", "Башка милдеттенмелер", "Коммерциялык банктардагы эсептешүү жана депозиттик эсептер", "Келечек мезгилге кирешелер", "Келечек мезгилге чыгашалар", "Классификациялануучу кредиттер боюнча кошуп эсептелинген пайыздар", "Төлөнбөгөн милдеттенмелер боюнча төлөмдөр (пениялар)", "Кошуп эсептелинген милдеттенмелер (21131 эсеби)" калдыктарды көрсөтүү менен. 

3. 200__-жылдын "01" карата алынган пайда жана кетирилген чыгымдар жөнүндө отчеттун статьялары боюнча чечмелеп түшүнүк берүү

4. Ижара келишими. 

5. Кредиттик союздардын коммерциялык банктардагы депозиттик аманаттары менен келишимдер. 

6. Алгачкы бухгалтердик регистрлер. 

7. Башка каттоо журналдары, иш номенклатурасы. 

Жогоруда аталып кеткен бардык маалыматтарды Улуттук банктын текшерүү тобуна 200__-жылдын "___"________ чейин берүү зарыл. 

Кредиттик союздун ишин текшерүүдө Улуттук банктын инспекторлору тарабынан алынган кайсы болбосун маалымат кредиттик союзга берилүүгө тийиш. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө кредиттик союзга берилүүчү бардык документтерине жана/же алардын көчүрмөлөрүнө кредиттик союздун төрагасы жана/же бухгалтери колтамгаларды коюуга, ошондой эле кредиттик союздун мөөрү басылууга тийиш. 

Эскертүү

(*) Кредиттик келишимге карата кошумча макулдашуулардын шарттары кредиттик келишимдин шарттарын алгач көрсөтүүдөн кийинки төмөнкү сапта "карыз алуучунун аты-жөнү" тилкесинде кайрадан толтуруусуз көрсөтүлөт. 

 

 

Кредиттик союздардын ишине 

инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү 

жөнүндө Нускоого карата 

2-тиркеме 

 

__________________________________________________________________ 

(кредиттик союздун толук аталышы) 

________________________________________________ ишин текшерүүгө карата 

 

БАГЫТТАМА 

 

Муну менен төмөндөгү кызматкерлер: 

1.________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

2.________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

3.________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

4.________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

5.________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

_______________________________ кредиттик союздун ишин 200_-жылдын "___" ___________ тартып текшерүүгө бара тургандыгын билдирет. 

 

Текшерүүнүн жетекчиси болуп _________________________ дайындалган. 

(аты-жөнү жана кызматы) 

 

Урматтоо менен, 

 

Улуттук банктын Банктык эмес 

мекемелердин ишине көзөмөл 

башкармалыгы/Областтык 

башкармалыгынын начальниги _____________________________ 

(аты-жөнү жана кызматы) 

 

 

Кредиттик союздардын ишине 

инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү 

жөнүндө Нускоого карата 

3-тиркеме 

 

Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык 

көрсөтүлгөндүгү жөнүндө 

АКТ 

 

_______________________________________________________________________ 

(кредиттик союздун аталышы) 

_______________________________________________________________________ 

(кредиттик союздун жайгашкан жери, дареги, телефону) 

 

_________________ 200_-жылдын "__"_______ 

үзүлгөн жери) 

 

Мен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери __________ _______________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү

тарабынан бул акт кредиттик союздун кызматкерлеринин __________________ _______________________________________________________________________ 

(кредиттик союздун кызматкерлеринин аты-жөнү, кызматы) 

аталган ________________________________________ кредиттик союздун ишин текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүктөрү _______________________ 

(кредиттик союздун 

_______________________________________________________________________ 

имаратына киргизбөөсү, инспекторлор тарабынан кредиттик союздун 

суралган документтерин бербөөсү

үчүн түзүлдү

Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүлөрүнө каршылык көрсөткөндүктөрүнө байланыштуу, кредиттик союздун кызматкери кредиттик союзда текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылышы жөнүндө эскертилди. 

 

Акт _____________________ ___________ __________ тарабынан түзүлдү

(Улуттук банктын (кызматы) (Колтамга) 

кызмат-н аты-жөнү

Таанышты __________________________________ ___________ _____________ 

(Банктын кызматкеринин аты-жөнү) (кызматы) (Колтамга) 

Акттын экинчи нускасы алынды ____________________________ ____________ 

(Кредиттик союздун кызм-нин (колтамга) 

аты-жөнү

 

 

Кредиттик союздардын ишине 

инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү 

жөнүндө Нускоого карата 

4-тиркеме 

 

ТААНЫШУУ БАРАКЧАСЫ 

 

Биз, төмөндө колтамга коюучу Башкарма мүчөлөрү жана Текшерүү комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын инспекторлору тарабынан "______________________" кредиттик союздун ишин 200_-жылдын "__"_____тартып 200_-жылдын "__"______чейинки мезгил ичинде текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 200_-жылдын "__"_______ карата берилген ушул отчеттун мазмуну менен жеке таанышып чыктык. 

┌─────────────────────────────────────┬────────────────┬──────────────┐ 

Башкарма мүчөлөрүнүн жана Колтамга Күнү │ 

Текшерүү комиссиясынын төрагасынын │ 

аты-жөнү │ 

├─────────────────────────────────────┼────────────────┼──────────────┤ 

├─────────────────────────────────────┼────────────────┼──────────────┤ 

├─────────────────────────────────────┼────────────────┼──────────────┤ 

├─────────────────────────────────────┼────────────────┼──────────────┤ 

├─────────────────────────────────────┼────────────────┼──────────────┤ 

└─────────────────────────────────────┴────────────────┴──────────────┘ 

Бул баракка кол коюудан баш тартуу учурунда ал боюнча акт түзүлөт же документке үч адамдын колтамгасы алардын аты-жөнүн, паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен алардын катышуусунда аталган документтин мазмуну боюнча маалымат Башкармага жөнөтүлгөндүгү жөнүндө коюлат. 

ЭСКЕРТҮҮ: Бул баракка Башкарма мүчөлөрү жана Текшерүү комиссиясынын төрагасы (же анын милдетин аткаруучу адам) колтамга коюулары тийиш, андан кийин Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы/Областтык башкармалыгынын начальнигине 10 иш күнүнүн ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш. Башкарма мүчөлөрү колтамга койгон таанышуу баракчасынын экинчи нускасы таанышуунун жыйынтыктары жөнүндө отчет менен бирге кредиттик союзда сакталууга тийиш. 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 26-апрелинде 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 47-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 28-марты N 16/4 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым 

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү 

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 7, 30, 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" Мыйзамынын 39, 39-1 статьяларына таянуу менен 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 28-мартындагы 

N 16/4 токтому менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына 

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР 

 

I. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы N 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткара турган экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өткөрүлгөн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткара турган экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. 6-бөлүк "Жеке адамдардын депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми (К 5)" төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

"6. Жеке адамдардын алдындагы милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин 

максималдуу өлчөмү ченеми (К 5)" 

 

6.1. Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин жана жеке адамдардын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми (К 5.1) төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

 

К 5.1 = ТСК / ЖАДМС * 100 %, 

 

Бул жерде ТСК - банктын таза суммардык капиталы; 

ЖАДМС - векселдерди, сактык (депозиттик) сертификаттарды, облигацияларды, чектерди, ж.б. кошо алганда, жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттеринин жана жеке адамдардын алдындагы башка милдеттенмелердин суммасы. 

6.2. "Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми (К 5.2) төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

 

К 5.2 = ТСК / ЖАТД * 100%, 

 

бул жерде ТСК - банктын таза суммардык капиталы; 

ЖАТД - жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин суммасы. 

6.3. Бул ченемдер, ошондой эле алардын мааниси, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими боюнча конкреттүү банк үчүн өзүнчө белгиленет. 

6.4. Банк жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин жана жеке адамдардын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченемин (К 5.1) күн сайын, ал эми жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми (К 5.2) - отчеттук мезгилдин (бир ай) ичинде орточо апталык маалыматтардын негизинде сактоого тийиш. Отчеттук мезгил ичинде банк жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин орточо апталык маанисин эсептөөгө тийиш, аларды эсептөөдө иш күндөрү гана эсепке кирет. Орточо көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасы боюнча эсептелет. 

6.5. Күн сайын саат 9.00 банктар Улуттук банкка жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин жана жеке адамдардын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө отчетту (К 5.1) 1-тиркемеге ылайык, акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча берүүгө тийиш. 

Бул отчет Банктык көзөмөл башкармалыгынын Тышкы көзөмөл бөлүмүнө кагаз жүзүндө, банктын жетекчисинин кол тамгасы менен тастыкталып берилет". 

2. 12-бөлүк төмөнкү редакциядагы 12.1-пункту менен толукталсын: 

"12.1. Банктар бардык экономикалык ченемдерди (ликвиддүүлүк ченемин жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченемин эсепке албаганда) күн сайын сактоого тийиш. Ликвиддүүлүк ченеми жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми отчеттук мезгил (бир ай ичинде) сакталууга тийиш. 

Күн сайын/апта сайын эсептелүүгө тийиш болгон экономикалык ченемдердин жана талаптардын банк тарабынан аткарылуусун текшерүү бухгалтердик баланстын негизинде, кайсы болбосун күнгө карата абал боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн". 

3. 12-бөлүктүн 12.1, 12.2, 12.3, 12.4 жана 12.5-пункттары тиешелүүлүгүнө жараша 12.2, 12.3, 12.4, 12.5 жана 12.6-пункттары болуп эсептелсин. 

4. 1-тиркеме төмөнкү мазмундагы А, Б жана В бөлүкчөлөрү менен толукталсын: 

А. Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин жана 

жеке адамдардын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча 

тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө 

күн сайын берилүүчү отчет (К 5.1) 

 

┌─────────────────────────┬───────────────────────────────────────────┐ 

Күнү К 5.1 │ 

├───────────┬────────────┬──────────────────┤ 

ТСК ЖАДМС Иш жүзүндөгү маани│ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

2007-жылдын 1-апрели │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

2007-жылдын 2-апрели │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

2007-жылдын 3-апрели │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

2007-жылдын 4-апрели │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

... │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

... │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

... │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

2007-жылдын 30-апрели │ 

└─────────────────────────┴───────────┴────────────┴──────────────────┘ 

 

Б. "Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча 

тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө 

отчет (К 5.2) 

 

┌─────────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐ 

Отчеттук мезгил ичиндеги 1 жума 2 жума 3 жума 4 жума 5 жума│ 

орточо маани │ 

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤ 

ТСК - банктын таза суммардык │ 

капиталы │ 

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤ 

ЖАТД - жеке адамдардын талап │ 

боюнча төлөнүүчү │ 

депозиттеринин суммасы │ 

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤ 

К 5.2 = ТСК / ЖАТД * 100% │ 

└─────────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘ 

 

В. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет" 

 

┌──────────────────────────────┬─────────────────┬────────────────────┐ 

Мааниси Иш жүзүндөгү Белгиленген маани │ 

маани │ 

├──────────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤ 

Күрөө менен камсыз болбогон ТСК 50% көп болбогон│ 

кредиттер боюнча тобокелдиктин │ 

максималдуу өлчөмү │ 

├──────────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤ 

Инсайдерлер жана аффилирленген ТСК 60% көп болбогон│ 

жактар менен операциялар │ 

боюнча тобокелдиктин │ 

максималдуу өлчөмү │ 

├──────────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤ 

Ар бир банктык эмес мекемеге ТСК 60% көп болбогон│ 

кайсы болбосун │ 

инвестициялардын максималдуу │ 

│өлчөмү │ 

├──────────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤ 

Банктык имараттарга (негизги Банктын төлөнгөн │ 

каражаттар) инвестициялардын уставдык капиталынын│ 

максималдуу өлчөмү 100% өлчөмүнөн көп │ 

болбогон │ 

└──────────────────────────────┴─────────────────┴────────────────────┘ 

 

II. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы N 26/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөрүлгөн токтому менен бекитилген Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамы" 1-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1.1. "Аталышы" графасындагы 18-пункт төмөнкү мазмундагы 14.А, 14.Б жана 14.В кичи пункттар менен толукталсын: 

"14.А. Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин жана жеке адамдардын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө күн сайын берилүүчү отчет (К 5.1). 

14.Б. Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө отчет (К 5.2) 

14.В. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет". 

1.2. "Мезгил аралыгы" графасындагы 18-пункт төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: 

"14.А. Күн сайын

14.Б. Ай сайын. 

14.В. Ай сайын". 

1.3. "Берүү мөөнөттөрү" графасындагы 18-пункт төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: 

"14.А. Акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча саат 9.00 чейин". 

2. "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет" 2-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

2.1. "Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат" 14-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 14.А, 14.Б жана 14.В бөлүкчөлөр менен толукталсын: 

14.А. Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин 

жана жеке адамдардын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча 

тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө 

күн сайын берилүүчү отчет (К 5.1) 

 

┌─────────────────────────┬───────────────────────────────────────────┐ 

Күнү К 5.1 │ 

├───────────┬────────────┬──────────────────┤ 

ТСК ЖАДМС Иш жүзүндөгү маани│ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

2007-жылдын 1-апрели │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

2007-жылдын 2-апрели │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

2007-жылдын 3-апрели │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

2007-жылдын 4-апрели │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

... │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

... │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

... │ 

├─────────────────────────┼───────────┼────────────┼──────────────────┤ 

2007-жылдын 30-апрели │ 

└─────────────────────────┴───────────┴────────────┴──────────────────┘ 

 

14.Б. "Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча 

тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы 

жөнүндө отчет (К 5.2) 

 

┌─────────────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┐ 

Отчеттук мезгил ичиндеги 1 жума 2 жума 3 жума 4 жума 5 жума│ 

орточо маани │ 

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤ 

ТСК - банктын таза суммардык │ 

капиталы │ 

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤ 

ЖАТД - жеке адамдардын талап │ 

боюнча төлөнүүчү │ 

депозиттеринин суммасы │ 

├─────────────────────────────┼───────┼───────┼───────┼───────┼───────┤ 

К 5.2 = ТСК / ЖАТД * 100% │ 

└─────────────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┘ 

 

14.В. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет" 

 

┌──────────────────────────────┬─────────────────┬────────────────────┐ 

Мааниси Иш жүзүндөгү Белгиленген маани │ 

маани │ 

├──────────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤ 

Күрөө менен камсыз болбогон ТСК 50% көп болбогон│ 

кредиттер боюнча тобокелдиктин │ 

максималдуу өлчөмү │ 

├──────────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤ 

Инсайдерлер жана аффилирленген ТСК 60% көп болбогон│ 

жактар менен операциялар │ 

боюнча тобокелдиктин │ 

максималдуу өлчөмү │ 

├──────────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤ 

Ар бир банктык эмес мекемеге ТСК 60% көп болбогон│ 

кайсы болбосун │ 

инвестициялардын максималдуу │ 

│өлчөмү │ 

├──────────────────────────────┼─────────────────┼────────────────────┤ 

Банктык имараттарга (негизги Банктын төлөнгөн │ 

каражаттар) инвестициялардын уставдык капиталынын│ 

максималдуу өлчөмү 100% өлчөмүнөн көп │ 

болбогон │ 

└──────────────────────────────┴─────────────────┴────────────────────┘ 

 

III. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы N 16/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир көрсөтүү чаралары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 24-июнунда 78-05 номеринде каттоодон өткөрүлгөн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир көрсөтүү чаралары жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1. 6.5.1-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1.1. Биринчи абзацта "банк үчүн белгилей алат" деген сөздөн кийин "жаңы жана/же" деген сөздөр менен толукталсын. 

1.2. төмөнкү мазмундагы г) кичи пункту менен толукталсын: 

"г) жеке адамдардын алдындагы милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеми жана мааниси белгиленсин (К 5)". 

IV. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы N 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөрүлгөн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. "Комитеттин ыйгарым укуктары, укуктары жана милдеттери" 2-бөлүгүнүн 2.1-пунктунун а) кичи пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"а) жаңы жана/же бир кыйла жогорку экономикалык ченемдерди киргизүү". 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 

26-апрелинде каттоодон өткөн. Каттоо номери 46/07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 28-марты N 16/5 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук 

абалын аныктоо тууралуу" Жобо жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу" Жобонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" Мыйзамынын 7-статьясынын 4-пунктуна таянуу менен токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу" Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын Төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 

26-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 46/07 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2006-жылдын 28-мартындагы 

N 16/5 токтому менен 

бекитилген 

 

"Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда 

басымдуулук абалын аныктоо тууралуу" 

ЖОБО 

 

II. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук 

абалынын белгилери 

III. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын 

аныктоо 

IV. Атаандаштыкты баалоо 

V. Корутунду жоболор 

1-тиркеме. "Гипотетикалык монополистти" аныктоо тести 

 

Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы N 4/1 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 1-апрелинде 44-05 номеринде каттоодон өткөн) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылуучу Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча саясатка жана негизги принциптерге" (мындан ары Саясат) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

1.2. Жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер (мындан ары банктар) тарабынан жүзөгө ашырылуучу Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жагында колдонулуучу аракеттерди аныктайт. 

1.3. Бул ченемдик документтин максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: 

а) банктык кызмат көрсөтүүлөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, юридикалык жактарга жана жеке адамдарга берилүүчү кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде банктын (банктардын) операциялары жана бүтүмдөрү

б) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногу - Кыргыз Республикасынын аймагындагы банктын (банктардын) иш чөйрөсү же банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө жеринде сунуштоонун негизинде аныкталуучу анын бөлүктөрү жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү

в) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштык - банктар ортосундагы атаандаштык (мелдеш), мында алардын өзалдынча аракеттери алардын ар биринин банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда иштерди жүзөгө ашыруунун жалпы шарттарына бир тараптуу таасир этүү мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу чектейт; 

г) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополиялык иш - банктын (банктардын) монополияга каршы мыйзамга ылайык келбеген жана атаандашууга жол бербөөгө, аны чектөөгө жана четтетүүгө багытталган аракеттери; 

д) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ак ниеттүү эмес атаандаштык - банктын (банктардын) аракеттери, алар монополияга каршы мыйзамга ылайык келбейт, иш жүргүзүү эрежелерине каршы келет, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууда ыгы жок артыкчылыктарды белгилейт жана банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда башка атаандаш банктарды чыгым тарттырган же тарттырышы мүмкүн болгон же алардын иш абройлоруна доо кетире турган аракеттери; 

е) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалы - банктын же банк топторунун банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттарына орчундуу таасир этүүгө жана/же Кыргыз Республикасынын башка банктарына банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна кирүүгө тоскоолдук кылууга мүмкүндүк берүүчү өзүнчө абалы; 

ж) келишим - банктардын жана/же банктар менен аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын банктын (банктардын) акционерлеринин ортосунда банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты чектөөгө алып келүүчү келишим; 

з) басымдуулук абалынан кыянатчылык менен пайдалануу - банктын (банктардын) аракеттери, алар банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда өзүнүн жыйынтыктары менен атаандаштыктын олуттуу чектөөсүнө ээ же ээ болушу мүмкүн жана/же башка атаандаш банктардын таламдарына доо кетириши мүмкүн. 

 

II. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда 

басымдуулук абалынын белгилери 

 

2.1. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо үчүн төмөнкүлөрдү кошо алганда, факторлорду анализдөө жүргүзүлөт: 

а) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үлүшү кыйла көбүрөөк банкты (банктарды) жана анын (алардын) рынокко бүтүндөй кызмат көрсөтүүлөр жана/же алардын айрым түрлөрү боюнча таасир этүү деңгээлин аныктоо максатында, банктын (банктардын) кызмат көрсөтүүнүн бардык түрлөрү боюнча үлүшүн аныктоо; 

б) атаандаштардын жана кубаттуу атаандаштардын болушу; 

в) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда бааларды (тарифтерди) белгилөөнүн колдонуудагы тажрыйбасы; 

г) рынокко аралашуу үчүн тоскоолдуктардын орун алышы (рынокко кирүүдөгү багыттарды аныктоо); 

д) басымдуулук абалына ээ болгон (болушкан) банктын (банктардын) атаандаштыкка каршы аракеттерине жооп катары атаандаштардын мүмкүн болуучу аракеттерин иликтөө

е) басымдуулук абалынын убактылуу аспектилерин эсепке алуу; 

ж) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна олуттуу таасир эте турган башка аспекттер. 

2.2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктын басымдуулук абалын мүнөздүү белгилери болуп төмөнкүлөр саналат: 

а) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктын үлүшү 35% же Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленүүчү чектүү мааниден (рыноктогу максималдуу үлүш) артат; 

б) ушундай эле банктык кызмат көрсөтүүлөр рынокторунда атаандаштыкты чектөөчү шарттарды түзүү үчүн басымдуулук абалынан банктын (банктардын) пайдалануусу; 

в) атаандаштарды, каршылаштарды жана/же баанын жогорулашын четтетүү максатында, белгилүү продуктыларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааны контролдоо мүмкүндүгүнүн болушу; 

г) башка банктын (банктардын) рынокко кирүү мүмкүндүгүнүн жоктугу/чектелүүсү (бул рынокко кирүү мүмкүндүгүн чектөөчү директивалык чечимдердин болушу; белгилүү рынокто иштөө укугун алуу үчүн сарптоолордун кымбатка турушу, сатып алуучулардын "башка жакка өтүп кетүүсүнө чыгымдардан" зыян тартпоого чыгашалар (мисалы, жарнамалык чыгашалар ж.б.). 

2.3. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалы, эгерде бул төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылган болсо, монополияга каршы мыйзамды бузуу болуп саналат: 

а) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда керектөөчүлөр менен келишим түзүүдөн жүйөсүз баш тартуу; 

б) керектөөчүлөр менен келишимди керектөөчүлөр үчүн пайда алып келбегендей, алгылыксыз же келишимдин шарттарынын предметине тиешелүү болбогон жагдайда түзүүгө мажбурлоо; 

в) жүзөгө ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөргө негизи жок эле жогору болгон тарифтерди белгилөө

г) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна башкы банктын (банктардын) кирүүсүнө тоскоолдуктарды жасоо; 

д) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштык чөйрөсүнө монополияга каршы мыйзамга каршы келе турган аракеттер менен терс таасир этүү

2.4. Банктын (банктардын) басымдуулук абалы тышкы сыяктуу эле, ички факторлордун, анын ичинде төмөнкүдөй факторлордун жыйынтыгы болуп да саналат: 

- Салыктардын дифференцияланган системасын, субсидияларды жана башка жеңилдиктерди берүүнү кошо алганда, мамлекеттик саясаттын; 

- Биригүүнүн, кошулуунун, ошондой эле жоюлуунун; 

- банктын (банктардын) атаандаштарды рыноктон атаандаштыкка ылайык келбеген ыкмалар менен четтетүү боюнча иштери; 

- банктардын ортосундагы ачык жана купуя келишимдер. 

Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үлүш боюнча Улуттук банк тарабынан белгиленген чектүү мааниден (рыноктогу максималдуу үлүштөн) банктын (банктардын) артуусу монополияга каршы мыйзам талаптарын бузгандык болуп саналбайт. Мында банк (банктар) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда өзүнүн басымдуулук абалынан кыянатчылык менен пайдаланбоого тийиш. 

 

III. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда 

басымдуулук абалын аныктоо 

 

3.1. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктын басымдуулук абалы ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында банк (банктар) тарабынан жүзөгө ашырылуучу банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрү боюнча, төмөнкүлөрдү кароо учурунда Улуттук банк тарабынан аныкталат: 

а) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу маселелерин; 

б) банктын (банктардын) уставдык капиталында акциялар топтомун алуу жөнүндө маселелер; 

в) банкты (банктарды) биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүнүп чыгуу түрүндө кайра өзгөртүп түзүү маселелери; 

г) кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн же башка тараптардын банктын (банктардын) басымдуулук абалынан кыянатчылык менен пайдаланып жаткандыгы жана/же керектөөчүлөрдүн укугун бузгандыгы жөнүндө даттануу катары; 

д) жана мыйзам тарабынан каралган башка учурларды. 

3.2. Банктын басымдуулук абалын аныктоодо каралып жаткан банктарда жалпы таламдардын бар экендиги эске алынат. 

3.3. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктын (банктардын) басымдуулук абалын аныктоону, Улуттук банк тарабынан банктан (банктардан) алынган маалыматтардын, расмий статистикалык маалыматтардын, банктын (банктардын) кардарларын тандап сурамжылоо маалыматтарынын, көзкарандысыз эксперттердин, маалымат агенттиктеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматтарынын негизинде, Улуттук банк жүзөгө ашырат. Зарылчылыкка жараша, Улуттук банк банктан (банктардан) иликтөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча кошумча маалыматтарды же түшүндүрмөлөрдү (стратегиялык пландарды, кызмат көрсөтүүлөр көлөмү жөнүндө маалыматтарды, атаандаштар (иштеп жатышкан жана кубаттуу) жөнүндө ж.б. маалыматтарды сурап ала алат. 

3.4. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо жөнүндө маселени кароодо, төмөнкүлөрдү кошо алганда, рынокту иликтөө жүргүзүлөт: 

а) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун чегин аныктоо; 

б) рыноктун катышуучуларын аныктоо; 

в) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктын (банктардын) үлүшүн аныктоо; 

г) рынокко кирүү үчүн бөгөт болгон жагдайларга иликтөө жүргүзүү

д) банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн (иштешин) жана банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ФКМдин үлүшүн аныктоо. 

3.5. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун чегин аныктоо. 

3.5.1. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун чектери төмөнкүлөрдү кошо алганда, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн суроо-талабын жана сунушун иликтөөнүн (анализдөөнүн) негизинде аныкталат: 

- кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөздөмөсүн - банк (банктар) тарабынан жүзөгө ашырылуучу банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн - банктын операциялардын (бүтүмдөрдүн) түрүн жана/же жалпы банктык операциялардын (бүтүмдөрдүн) түрүн аныктоо; 

- кызмат көрсөтүүлөрдү бөлүштүрүү системасын жана анын өзгөчөлүктөрүн - (банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн географиялык рыногун аныктоо) Кыргыз Республикасынын аймагында керектөөчүлөргө банктык кызмат көрсөтүүлөр сунушталып жаткан жерди аныктоо; 

- кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн курамын жана алардын топторун төмөнкү көзкараштардан аныктоо: (1) Кыргыз Республикасынын аймагынын башка бөлүгүндөгү керектөөчүлөрдүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүндүгү, анын ичинде техникалык мүмкүндүк; (2) Кыргыз Республикасынын аймагынын ошол бөлүгүндө банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануунун экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынын башка бөлүгүндөгү керектөөчүлөрдүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга транспорттук; чыгашаларын кошо алганда, кошумча чыгашалардын олуттуулугу; баалар өзгөргөн учурда (баанын өзгөрүүсүнөн керектөөчүлөрдүн таасир алышы) банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнөн керектөөчүлөрдүн пайдалануу мүмкүндүгү

- банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна кирүүдө бөгөт болгон жагдайлар - (1) рынокто буга чейин иштеп жаткан банктар менен атаандашуунун бирдей шарттарында жаңы банкка (банктарга) тоскоол болуучу кайсы болбосун жагдайлар; (2) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна кирүүнү кыйындаткан факторлор (мисалы, табигый, административдик, мамлекеттик жөнгө салуу чаралары); 

- атаандаштарды жана/же кубаттуу атаандаштарды аныктоо - банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ушуга окшош кызматтарды көрсөтүүчү банкты (банктарды) жана анын кызмат көрсөтүүнүн бул түрүнүн сапатын жакшыртуу жана/же рыноктогу үлүшүн көбөйтүү боюнча мүмкүндүгүн аныктоо; 

- банктык кызмат көрсөтүүлөрдү банктын (банктардын) иштерин жүзөгө ашырууга таасир этүүчү башка факторлор. 

3.5.2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун чегин аныктоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат: 

1) Банк (банктар) тарабынан дайыма жүзөгө ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн; 

2) банктын (банктардын) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна баа параметрлерин же кызмат көрсөтүүнүн башка шарттарын аныктоо жолу менен узак убакыттар бою олуттуу таасир этүү мүмкүндүгү

3) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна кирүүнү чектөө (кыйындатуу) жолу менен атаандаштыкка таасир этүү мүмкүндүгү, анын ичинде башка банктардын ишинин кеңейишине бөгөт коюу. 

3.5.3. Белгилүү түрдөгү кызмат көрсөтүүлөр рыногун иликтөө төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат: 

1) Суроо-талап факторлору: керектөөчүлөр продуктылардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсынысын дурус алмашуучу катары эсептейт; 

2) Керектөөчүлөрдү табитине баа берүү жөнүндө маалыматтарды: керектөөчүлөр баанын өткөн учурдагы жогорулоосуна кандай маани беришкен; банктын (банктардын) тиешелүү рыноктун чегине жекече баа берүүсү: банктын (банктардын) сунуштаган айрым кызмат көрсөтүүлөрүнө баанын өткөн учурда салыштырмалуу өзгөрүүсүнө керектөөчүлөр кандай маани беришкен. Мында банктын (банктардын) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу (көрсөтүү) боюнча айырмачылыктары, механизмдери жана жол-жоболору эске алынбайт. 

3.5.4. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун чегине (продукты жана географиялык рынок) "гипотетикалык монополист" тести пайдаланылышы мүмкүн, ал ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген. 

3.6. Рыноктун катышуучуларын аныктоо. 

3.6.1. Рыноктун катышуучулары рынок чегин талдоодо алынган маалыматтардын негизинде аныкталат. Зарылчылыгына жараша банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларын сурамжылоо жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, рыноктун катышуучуларын талдоого алганда, Улуттук банктан лицензия албаган жана ал тарабынан жөнгө салынбаган (мисалы, өндүрүш, соода ж.б.) банктык эмес уюмдар банктар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу белгиленген операцияларды ар дайым же бөлүгү менен ишке ашырып жаткандыгы табылса, анда бул компаниялардын операциялар боюнча маалыматтары жок кылынууга тийиш. 

3.7. Банктын (банктардын) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы үлүшүн аныктоо. 

3.7.1. Банктын (банктардын) басымдуулук абалын аныктоодо анын (алардын) тиешелүү банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы үлүшүн эсепке алуу зарыл. 

3.7.2. Банктын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы үлүшү банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү түрү боюнча анын жүгүртүү суммасынын (тартылган депозиттердин, жайгаштырылган активдердин көлөмү боюнча ж.б.) банктардын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун белгиленген чектериндеги банктык кызмат көрсөтүүлөр жүгүртүүсүнүн жалпы суммасына карата катышынын негизинде аныкталат: 

 

Vu - Vтарчеги 

D = ----------------- х 100%, бул жерде 

Vжалпы 

 

Vu - банк тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү

Vтарчеги - банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышка- 

ры кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү

Vжалпы - банктык кызмат көрсөтүүлөр жүгүртүүсүнүн суммасы. 

3.7.3. Банктын рыноктогу үлүшүн аныктоодо, эгерде каралып жаткан кызмат көрсөтүүлөр учурда кызмат көрсөтпөй жаткан башка банктар тарабынан көрсөтүлө турган болсо, эгерде тиешелүү товар рыногунда баалар көтөрүлө баштаса, муну жеңил эле жасай турган болушса, рыноктогу үлүш өзгөрө тургандыгын эске алуу зарыл. 

3.7.4. Банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу кызмат көрсөтүүнүн көлөмү - белгилүү бир мезгил ичинде (жыл, чейрек, ай, бир күн ичинде) банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу (көрсөтүлүүчү) банктык операциянын (кызмат көрсөтүүнүн) белгилүү түрүнүн чогуу алынгандагы көлөмү. Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү каралып жаткан мезгил ичиндеги банктын эсептери боюнча жүгүртүү ведомостунун аналитикалык маалыматтарынын негизинде эсептейт. 

3.7.5. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногу жалпы көлөмү - Кыргыз Республикасынын аймагында бардык банктар тарабынан жүзөгө ашырылган банктык операциялардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) аталган түрү боюнча чогуу алынган жүгүртүү

 

IV. Атаандаштыкты баалоо 

 

4.1. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштыкка баа берүү үчүн Херфиндаль-Хиршмандын рыноктук топтолуу индекси пайдаланылат, ал башка факторлор жана банктын (банктардын) ишинин көрсөткүчтөрү менен чогуу алынган түрдө эске алынат. Херфиндаль-Хиршман индекси төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

2 2 2 2 

H = P1 + P2 + ... + Pi + ... Pn. 

 

Бул жерде, Н - топтолуу көрсөткүчү

Pi - банктын рыноктогу пайыздык үлүшү

4.2. Херфиндаль-Хиршман индекси банкты (банктарды) биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүнүп чыгуу түрүндө кайра өзгөртүп түзүү маселелерин кароодо рыноктун топтолуусуна баа берүү үчүн пайдаланылат. 

4.3. Эгерде Херфиндаль-Хиршман индекси 1800 ашса, бул банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыктын төмөнкү интенсивдүүлүгүн жана топтолуунун жогору экендигин мүнөздөйт. 

4.4. Тараптардын биринин финансылык абалы "банкроттолууга жакын калган" катары мүнөздөлгөндө банктын (банктардын) жоюлушу (поглошение) жана/же биригүүсү учурунда, банктын аманатчыларынын таламдарын коргоо максатында, Улуттук банктын кароосу боюнча, Херфиндаль-Хиршман индексинин 1800 маанисинин жогорулоосуна жол берилет. 

4.5. Качан Херфиндаль-Хиршман индексинин көрсөткүчү 1000ден 1800ге чейин өзгөрсө, мындай чара керектөөчүлөр үчүн коркунуч келтирбей тургандыгын жана банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна терс таасир этпей тургандыгын көрсөткөн башка факторлор белгиленбесе, индексти 200 пункттан көбүрөөккө көбөйтүүчү бүтүмдөргө (биригүү, сиңип кетүү) тыюу салынышы мүмкүн. 

4.6. Качан Херфиндаль-Хиршман индексинин көрсөткүчү банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда 1800 ашкан учурда, Херфиндаль-Хиршман индексин 100гө же андан көбүрөөк пунктка көбөйтүүчү бүтүмдөр (биригүү, сиңип кетүү) монополияга каршы мыйзам талаптарын бузгандык катары каралат жана мындай чара керектөөчүлөр үчүн коркунуч келтирбей тургандыгын жана банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна терс таасир этпей тургандыгын көрсөткөн башка факторлор белгиленбесе, ага жол берилбейт. 

 

V. Корутунду жоболор 

 

5.1. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктын (банктардын) басымдуулук абалы маселеси боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган бардык маалыматтарды эске алуу менен билгилүү банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна бул банктын (банктардын) таасирин аныктоо, ээлеп турган басымдуулук абалынан кыянатчылык менен пайдалануу фактыларына баа берүү, ошондой эле төмөнкүлөрдү аныктоо зарыл: 

а) бул банк (банктар) бул жагдайларда жана кызмат бул көрсөтүүлөр рыногунда өз абалын пайдаланууда олуттуу же чечүүчү ролду ойной ала тургандыгын; 

б) ушул банк (банктар) аныкталып жаткан басымдуулук абалындагы ушул банктын атаандаштары ээ болгон бул факторго карата атаандаштардын позициясын же башка теңдештирүүчү атаандаштык артыкчылыктарды эске алганда, чындыгында эле бул ролго ээ болгонбу; 

в) рынокко кирүүнүн шарттарынын таасири кандай; 

г) банк (банктар) ээ болгон жеңилдиктер (льготалар) же башка артыкчылыктар (мамлекет тарабынан салыкка жеңилдик түрүндө берилген жеңилдиктер (льготалар) ж.б.); 

д) кандайдыр бир лимиттерди чектөө же белгилөө боюнча Улуттук банктын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдери; 

е) кызмат көрсөтүүнүн каралып жаткан түрүнө жана бүтүндөй алганда рыноктун өнүгүүсүнө рынокко кирүүнүн (чыгуунун) колдонуудагы чектөөлөрүнүн таасири; 

ж) жакынкы эки жыл ичинде рыноктун башка катышуучуларынын же жаңы банктын (банктардын) рынокко кирүү мүмкүнчүлүгү

з) атаандаштыкты колдоп туруу үчүн рынокто катышуучулардын жетиштүү саны. 

5.2. Банктын (банктардын) басымдуулук абалы керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызматтын сапатына таасир тийгизсе, же болбосо анын наркын жогорулатса, же болбосо банктык кызмат көрсөтүүлөр жана операциялар рыногунда финансылык тобокелдиктин жана/же монополиялык абалдын келип чыгышына алып келсе, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу. 

 

 

"Банктык кызмат көрсөтүүлөр 

рыногунда басымдуулук абалын 

аныктоо тууралуу" Жобого 

1-тиркеме 

 

"Гипотетикалык монополистти" 

АНЫКТОО ТЕСТИ 

 

"Гипотетикалык монополист" тестине ылайык бул банктын продуктылары жана кызмат көрсөтүүлөрү аныкталат жана банк өтө олуттуу эмес, бирок SSNIP ("small but significant non-transitory increase in price" - "чакан, бирок баанын узак убакытка өсүшү") баасын узак убакытка көбөйтүү аракетин көрсө жана убакыттын узак мезгил аралыгында 5тен 10го чейинки диапозондо баанын жогорулашын "кармап" турса эмне боло тургандыгын аныктоого мүмкүн. 

Эгер мындай жогорулатуу керектөөчүлөрдүн кыйла санынын альтернативдик кызмат көрсөтүүлөргө өтүп кетишине алып келиши мүмкүн болсо, анда бул кызмат көрсөтүүлөр тиешелүү продуктылык рынокко киргизилүүгө тийиш. 

Бул өңдүү тест тиешелүү географиялык рынокту аныктоого карата өткөрүлүшү мүмкүн. Эгер бул банк бааларды 5тен 10 пайызга чейин жогорулатууну чечсе, анда башка банктар кайсы географиялык областтардан керектөөчүлөр үчүн бул кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнү ишке ашырууга аракет кыла башташат? 

Бул учурда төмөнкү үч шартты эске алуу зарыл: 

Биринчиси: Гипотетикалык монополист монополиялык бааларды алып жаткандыктан, балким, SSNIР тестинин натыйжалары керектөөчүлөр башка продуктыларды же кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алып жаткандыгын көрсөтөт. Мисалы, эгер гипотетикалык монополисттин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалангандык үчүн баалар жетишерлик жогоруласа, анда жеке адамдар - керектөөчүлөр банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тарта алышат жана өз жыйымдарын "байпактарында" сакташат. Ошентип, бир банктын (болжолдуу монополисттин) рынокко болгон таасирин баалоо үчүн гипотетикалык жактан баанын кыйла жогорулоосун (20дан 25 пайызга чейин) болжолдоп койсо болот. 

Экинчиси: монополиялык бийликти аныктоо үчүн рыноктун үлүштөрүн пайдалануу - рыноктук бийликти өлчөө. Бул учурда, рыноктогу үлүштөр басымдуулуктун болушуна далил катары кызмат кылышат - бул банк, сатууларда тике жана олуттуу жоготууларга дуушар болбостон, гипотетикалык атаандаштык деңгээлинен жогору бааны жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобу. 

Үчүнчүсү: финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн "тобун" сунуш кылган банктарга карата атаандаштык саясатын колдонуу. Керектөөчүлөр банктын кызмат көрсөтүүлөр "тобун" сунуш кылуу жөндөмдүүлүгү үчүн конкреттүү банкты пайдалануусу болжолдонот. Мисалы, керектөөчү күндөлүк, сактык эсептери жана ипотекалык кредиттөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылган банктардын гана туруктуу кардарлары болууну каалашы мүмкүн. Ошентип, банктын бир гана кызмат көрсөтүүсү боюнча эмес, кызмат көрсөтүүлөрдүн тобун сунуштоосуна карата банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү рыногун аныктап алуу зарыл. 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 14-майында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 50-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 2-майы N 23/4 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Банкроттук процессинде турган банктарды 

реабилитациялоо жөнүндө" Убактылуу жобонун 

жаңы редакциясын бекитүү тууралуу 

 

Банктарды кайра өзгөртүп түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча Агентствонун (ДЕБРА) Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" Мыйзамын жүзөгө ашырууга багытталган сунушун эске алып, "Банкроттук процессинде турган банктарды реабилитациялоо жөнүндө" Убактылуу жобонун жаңы редакциясын карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Банкроттук процессинде турган банктарды реабилитациялоо жөнүндөгү" Убактылуу жобонун жаңы редакциясы (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 17-январында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 12-февралында 19-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 2/1 "Банкроттук процессинде турган банктарды реабилитациялоо жөнүндө" Убактылуу жобонун долбоору тууралуу" токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 18-апрелиндеги N 21/1 "Банкроттук процессинде турган банктарды реабилитациялоо жөнүндө" Убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 9-февралында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 14-07 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 2-майындагы 

N 23\4 токтому менен 

бекитилген 

 

Банкроттук процессинде турган банктарды 

реабилитациялоо жөнүндө 

УБАКТЫЛУУ ЖОБО 

 

I. Жалпы жоболор 

II. Банк-карызгерди реабилитациялоо жол-жобосун баштоо (козгоо) 

III. Банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны 

калыбына келтирүү 

IV. Банк-карызгерди реабилитациялоо планы 

V. Банк-карызгердин мурда чыгарылган акцияларын анык 

эмес деп таануу жана акциялардын жаңы чыгарылышын 

каттоодон өткөрүү жол-жобосу 

VI. Банк-карызгерди реабилитациялоо планын аткаруу 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул убактылуу жобо банкроттук процессинде турган банктарды реабилитациялоону ишке ашыруу тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салат жана Кыргыз Республикасында аймагында иштеп жаткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияланууга тийиш болгон, депозиттер менен операцияларды жүзөгө ашырган финансы-кредит мекемелерин кошо алганда, кайсы болбосун коммерциялык банкка карата колдонулат. 

1.2. Ушул убактылуу жобонун максаттарында банкроттук процессинде турган банкты (мындан ары - "банк-карызгер") реабилитациялоо дегенден улам, ошол банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү максатында банкроттук процессинде колдонулган жол-жобону түшүнүү зарыл. 

Банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгү банк-карызгердин бүтүндөй кредитордук карызын толук төлөө боюнча финансылык милдеттенмени өзүнө алган инвесторду сырттан тартуу жолу менен калыбына келтирилиши мүмкүн. 

Ушул убактылуу жободогу инвестор дегенден улам, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" мыйзамынын жана Улуттук банктын иштеп жаткан коммерциялык банктардын акционерлерине карата коюлган талаптарына жооп берген кайсы болбосун юридикалык жакты же жеке адамды (адамдардын тобун) түшүнүү зарыл. 

1.3. Банк-карызгердин мурда чыгарылган бардык акцияларынын анык эмес деп таанылышы жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" мыйзам жоболоруна ылайык, соттук эмес тартипте жүзөгө ашырылуучу реабилитациялоо жол-жобосун жүргүзүү ушул убактылуу жободо каралган жөнгө салуу багытында жүргүзүлүүчү иштин предмети болуп саналат. 

1.4. Бул убактылуу жобо төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыккан: 

- Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан 2001-жылдын 6-ноябрындагы кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2001-жылдын 26-ноябрында 196-01 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 92 токтому менен бекитилген "Эмиссияны токтотуунун жана акцияларды чыгаруунун ишке ашырылбаган же анык эмес деп таанылышынын тартиби жөнүндөгү" жобо. 

 

II. Банк-карызгерди реабилитациялоо жол-жобосун баштоо (козгоо) 

 

2.1. Банк-карызгерди реабилитациялоо жол-жобосу атайын администратор же кредиторлор тобу тарабынан (кредиторлордун жалпы санынын кеминде үчтөн экиси) кредиторлор жыйынында ушул маселени чечүү аркылуу башталышы мүмкүн. 

2.2. Банк-карызгердин балансы канааттандырарлык эмес болуп же төлөө мөөнөтү келип жеткен шартта, өз карызын төлөөгө анын жөндөмсүз абалда калышы ага карата реабилитациялоо жол-жобосун баштоо үчүн негиз болуп саналат жана мында карыздын минималдуу суммасы талап кылынбайт (карыздын өлчөмүнө карата талап белгиленбейт). 

2.3. Банк-карызгерге карата реабилитациялоо жол-жобосу, аны жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары "Улуттук банк") алдын-ала жактырган шартта гана колдонулат. Бул үчүн банк-карызгердин атайын администратору (кредиторлор тобу) кредиторлор жыйынын чакыруу менен бирге эле, төмөнкү документтерди сунуштоо менен Улуттук банкка кайрылууга тийиш: 

- банк-карызгерге карата реабилитациялоо жол-жобосун колдонуу зарылчылыгы жөнүндө өтүнүч кат; 

- карыздын суммасын көрсөтүү менен банк-карызгердин кредиторлорунун тизмеси; 

- банк-карызгердин акыркы отчеттук күнгө карата балансы; 

- инвестор үчүн минималдуу талаптарды камтыган, банк-карызгерди реабилитациялоо планы; 

- банк-карызгерди реабилитациялоо жол-жобосун баштоо маселесин кароо үчүн кредиторлор жыйынын чакыруу жөнүндө билдирме. 

2.4. Кредиторлор жыйынында реабилитациялоо жол-жобосун жүзөгө ашыруу маселесин көтөргөн демилгечи, банк-карызгер жөнүндө толук финансылык маалыматты, банкка карата реабилитациялоо жол-жобосун колдонуу макулдашылгандыгы жөнүндө Улуттук банктын чечимин жана банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү, аны андан ары өнүктүрүү боюнча инвестор үчүн минималдуу талаптарды камтыган реабилитациялоо планын кароого коюуга милдеттүү

2.5. Банк-карызгердин кредиторлору, атайын администратору, Улуттук банктын өкүлү жана колдонуудагы мыйзамдарда аныкталган башка жактар кредиторлор жыйынына катышууга укуктуу. 

2.6. Банк-карызгерди реабилитациялоо жол-жобосун баштоо маселеси коюлган кредиторлор жыйынында төмөнкү маселелер каралууга тийиш: 

- банк-карызгерге карата реабилитациялоо жол-жобосун баштоо (козгоо); 

- банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча инвестор үчүн минималдуу талаптарды аныктоо менен реабилитациялоо планын бекитүү. Эгерде банк-карызгердин мурда чыгарылган бардык акцияларын (эмиссиясын) анык эмес деп таануу боюнча соттук жол-жобо кредиторлор жыйынына чейин жүзөгө ашырылбаган болсо анда кредиторлор жыйынында төмөнкү маселелер да каралууга тийиш; 

- тиешелүү ыйгарым укуктарды атайын администраторго чегерүү менен банк-карызгердин бардык мурда чыгарылган акцияларын анык эмес деп таануу боюнча соттук жол-жобону баштоо демилгесин көтөрүү

2.7. Банк-карызгердин кредиторлору жыйында төмөнкү маселелерди чече алышат: 

- реабилитациялоо планын кабыл алуу; 

- планга езгөртүүлордү жана толуктоолорду киргизип, аны банк-карызгердин атайын администраторуна сунуш кылуу, ал эми атайын администратор 14 календардык күн ичинде өзгөртүлгөн планды кабыл алууга же четке кагууга тийиш. Өзгөртүлгөн план четке кагылган учурда реабилитациялоо жол-жобосу "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, атайын администрлөө жол-жобосуна карата колдонулушу мүмкүн; 

- зарылчылыкка жараша өз чечимин 14 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтыруу. Бул мөөнөт өткөндөн кийин экинчи жыйын чакырылат; 

- реабилитациялоо планын четке кагуу; 

- реабилитациялоо планын четке кагуу жана атайын администрлөө жол-жобосун козгоо (кайрадан баштоо). 

2.8. Реабилитациялоо жол-жобосун соттук эмес тартипте жүзөгө ашыруу маселеси боюнча чечим, эгерде ал үчүн жыйынга катышып жаткан бардык кредиторлор жана банк-карызгердин атайын администратору бирдей добуш берген болсо, кабыл алынган катары эсептелинет. 

Кредиторлордун биринчи же кайсы болбосун кийинки жыйынында каралган башка маселелер боюнча чечим, эгерде мыйзамдарда башкасы каралбаса, банк-карызгердин карызынын суммасынын 60 жана андан кеп пайызын өз мойнуна алышкан (аларга тиешелүү болгон) кредиторлор алар үчүн добуш берген шартта гана кабыл алынган болуп эсептелет. Ал эми жыйынга катышпагандарга тиешелүү болгон карыздын суммасы мааниге ээ болбойт. 

2.9. Атайын администратор же кайсы болбосун башка кредитор 7 календардык күн ичинде кредиторлор жыйынын чечимине даттанып сотко кайрылууга укуктуу. Бул учурда, ал реабилитациялоо планынын тексттин жана кредиторлор жыйынынан толтурулган протоколду арызына кошо тиркеп берүүгө тийиш. 

2.10. Кредиторлордун кийинки жыйындары атайын администратор же карыздын жалпы суммасынан 20 же андан пайыздарына талапка ээ болгон кредиторлор тарабынан чакырылышы мүмкүн. Кредиторлордун кийинки жыйындары реабилитациялоо планын өзгөртүү, атайын администрлөөгө карата реабилитациялоо жол-жобосун колдонуу же башка мыйзамдуу себептер боюнча чакыртылышы мүмкүн. 

 

III. Банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны 

калыбына келтирүү 

 

3.1. Банк-карызгерге карата реабилитациялоо жол-жобосун колдонуу жөнүндө атайын администратордун өтүнүчү, ушул убактылуу жободо аныкталган документтер менен бирге Улуттук банкка келип түшкөн шартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 30 күн мөөнөтү ичинде берилген документтерди кароого алууга жана сунушталган реабилитациялоо планы Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" мыйзам талаптарын канааттандырган шартта, аны жактырууга жана лицензияны кайтарып алуу учурунда жүзөгө ашырылып жаткан банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны калыбына келтирип берүүгө тийиш. Лицензияны калыбына келтирүү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен таризделинет. 

3.2. Эгерде берилген документтер Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" мыйзам талаптарын канааттандырбаса, анда Улуттук банк документ берилген учурдан кийинки 30 күн аралыгында мындай чечимдин себептерин түшүндүрүү менен жүйөөлүү негиздеги баш тартуу катын даярдайт. 

Эгерде документ берилгенден кийинки 30 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жүйөөлүү себептерин көрсөткөн баш тартуу кагазын бербесе, анда атайын администратор реабилитациялоо планын бекиттирүү жана банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны соттук тартипте калыбына келтирүү үчүн сотко кайрылууга укуктуу. 

Эгерде атайын администратор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жүйөөлүү негиздеги баш тартуусуна макул эмес болсо, анда ал реабилитациялоо планын бекиттирүү жана банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны соттук тартипте калыбына келтирүү үчүн сотко кайрылууга укуктуу. 

3.3. Улуттук банк банк операцияларын жүргүзүүгө лицензияны калыбына келтирүү менен бир эле учурда, реабилитациялоо планында каралган бардык талаптар банк-карызгер тарабынан аткарылганга чейин ал лицензиянын аракетин токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. 

3.4. Реабилитациялоо планында каралган бардык талаптар банк-карызгер тарабынан аткарылган кийин Улуттук банк 10 календардык күн ичинде банкка банк операцияларын жүргүзүүгө толук лицензияны берет же андан чектөөлөрдү алып салат. 

 

IV. Банк-карызгерди реабилитациялоо планы 

 

4.1. Банк-карызгерди реабилитациялоо планы Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" мыйзамынын 104-статьясынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

4.2. Банк-карызгерди реабилитациялоо планы банктын жоюлуп кетишине бөгөт коюу максатында, анын ичинде төмөнкүлөрдү сактоо менен банк-карызгердин төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган кандай болбосун кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу-чарбалык, финансы-экономикалык, укуктук, техникалык, инвестициялык чараларды камтышы мүмкүн: 

- банк-карызгердин активдеринин бардыгын же бөлүгүн сактап калуу; 

- банк-карызгердин активдеринин кандай болбосун бир бөлүгүн сатуу (бөлүү) же бөлүштүрүү

- банк-карызгерди мыйзамдарга ылайык кайра өзгөртүп түзүү

- пайыздык чендерди өзгөртүүнү кошо алганда, банк-карызгер тарабынан мурда түзүлгөн келишимдердин шарттарын кайрадан карап чыгуу; 

- тескөө ишин (менеджментти) өзгөртүү

- банк-карызгердин милдеттенмелерин карызды кечүү, өтмө укук акысын төлөө, милдеттенмелерди жаңыртуу, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрүн узартуу же кийинге калтыруу, карыздардан жеңилдиктерди берүү же болбосо жарандык мыйзамдарда каралган башка ыкмалар аркылуу токтотуу; 

- банк-карызгердин милдеттенмелеринин үчүнчү жактар тарабынан аткарылышы, анын ичинде ушул максаттарда банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана аны андан ары өнүктүрүү үчүн сырттан инвесторду тартуу; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иштеп жаткан банктарга карата күчүндө турган ченемдеринин (нормативдеринин) 12 ай ичинде банк-карызгер тарабынан аткарылышы боюнча милдеттенме; 

- мыйзамдарга каршы келбеген башка чаралар. 

4.3. Банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана аны андан ары өнүктүрүү үчүн банк-карызгерди сатуу жолу менен сырттан инвесторду тартуу жөнүндөгү жоболорду реабилитациялоо планына кошуу учурунда, бул планда ошол инвестор үчүн минималдуу талаптар жана инвестициялык сунуштарды тандоо критерийлери да (төлөөгө жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү планы) белгиленүүгө тийиш. 

4.4. Эгерде банк-карызгерди реабилитациялоо планында сырттан инвесторду тартуу зарылчылыгы карала турган болсо, Банктарды кайра өзгөртүп түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча Агентство (ДЕБРА) тарабынан түзүлгөн тендердик комиссия, түзүлгөн учурдан кийинки 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарында тендер өткөрүлө тургандыгы жөнүндө маалыматты жарыялайт. Тендер, банк-карызгердин мурда чыгарылган акцияларын анык эмес деп таануу жөнүндө соттун чечиминен кийин гана өткөрүлөт. Андан кийин, жарыяланган маалыматта белгиленген мөөнөттө, реабилитациялоо планынын аткаруу жана банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана аны өнүктүрүү максатында банк-карызгерге ээлик кылган жана анын ишин тескөөгө алган инвесторду тандоо боюнча тендер өткөрүлөт. 

Тендердик документтерди даярдоо жана тендерди өткөрүү тендердик комиссиянын милдеттерине кирет. Өз ишинде тендердик комиссия Банктарды кайра өзгөртүп түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча Агентство (ДЕБРА) тарабынан бекитилген тиешелүү жоболорго таянуу менен иш алып барат. 

Тендердин жыйынтыгы боюнча комиссия, банк-карызгердин кредитордук карыздарынын төлөнүшүн, реабилитациялоо планында каралган, мыйзамдарда жана Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптарды эске алуу менен банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана аны андан ары өнүктүрүүнү өз мойнуна алууга жөндөмдүү талапкерлердин сунуштарына баа берүүлөрдүн жана салыштырып көрүүнүн негизинде жеңүүчүнү аныктайт. 

4.5. Реабилитациялоо планында каралган иш-чараларды мөөнөтүнөн мурда аткарууга жол берилет. 

4.6. Банк-карызгерди реабилитациялоо планында тиркеме түрүндө таризделүүгө тийиш болгон минималдуу түрдө төмөнкүдөй бөлүктөр камтылууга тийиш; 

- мыйзам талаптарынын жана Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 20-сентябрындагы N 61/1 токтомунун 2-пунктуна ылайык, Улуттук банктын өздүк капитал, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча ченемдик документтеринин талаптарынын банк-карызгер тарабынан аткарылышы; 

- төлөө мөөнөттөрүн көрсөтүү менен кредиторлор алдындагы карыздардын ордун жабуу жана Улуттук банкка ар айлык отчетторду берүү мөөнөттөрү (ар бир айдын 15не чейин) боюнча планы. Мында, бардык милдеттенмелердин төлөө мөөнөтү 12 календардык айдан ашпоого тийиш; 

- иштеп жаткан банктарга карата мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык макулдашуу үчүн документтерди даярдоо жана Улуттук банкка берүү планы. 

4.7. Реабилитациялоо планын аткаруу учурунда атайын администратор банк-карызгердин бирден бир мыйзамдуу өкүлү болуп саналат. 

4.8. Реабилитациялоо планында каралган иш-чараларды мөөнөтүнөн мурда аткарууга жол берилет. 

 

V. Банк-карызгердин мурда чыгарылган акцияларын анык 

эмес деп таануу жана акциялардын жаңы чыгарылышын 

каттоодон өткөрүү жол-жобосу 

 

5.1. Сырттан инвесторлорду тартуу аркылуу банк-карызгерди реабилитациялоону жүргүзүү инвестордун банктын акцияларына менчикке укукту алуусуз мүмкүн эместигинен улам, ошондой эле банкты банкрот деп тааныганга чейин чыгарылган анын бардык акциялары банктын төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн, анын кандайдыр бир акциялары менен камсыз болбогондугун эске алуу менен банктын реабилитациялоо жол-жобосун баштоого чейин чыгарылган бардык акциялары соттук тартипте анык эмес деп таанылууга тийиш. 

5.2. Акцияларды чыгаруунун анык эмес деп таанылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу боюнча Мамлекеттик комиссиянын 2001-жылдын 6-ноябрындагы N 92 токтому менен бекитилген "Эмиссияны токтотуунун жана акцияларды чыгаруунун өткөрүлбөгөн же анык эмес деп таанылышынын тартиби жөнүндөгү" жобого ылайык жүргүзүлөт. 

5.3. Банк-карызгердин мурда чыгарылган бардык акцияларын анык эмес деп таануу боюнча соттук жол-жобону ишке ашыруу маселеси кредиторлордун жыйынына чейин көтөрүлбөгөн болсо, анда банк-карызгердин акцияларын чыгарууну анык эмес деп таануу жол-жобосун баштоо үчүн атайын администратор кредиторлорунун жыйынын негизинде иш алып баруу аркылуу тиешелүү доо менен сотко кайрылат жана ал колдонуудагы процессуалдык мыйзамдарда белгиленген тартипте каралууга тийиш. 

5.4. Банк-карызгердин акцияларынын чыгарылышын анык эмес деп таануу жөнүндөгү соттук актынын мыйзамдуу күчүнө кириши жана реабилитациялоо планында каралган иш-чаралардын, анын ичинде инвесторду конкурстук негизде тандоонун жүзөгө ашырылышы учурунда атайын администратор Улуттук банк тарабынан иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн белгиленген капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарга ылайык келген банктын уставдык капиталынын өлчөмүн бекемдеген, банктын уставынын жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу, банк-карызгерди мамлекеттик кайрадан каттоодон өткөрүү демилгесин көтөрүп, ошондой эле банк-карызгердин акцияларын чыгарууну жаңы каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашырат. 

5.5. Акцияларды чыгарууну каттоодон өткөртүү реабилитациялоо планын аткаруу максатында жүргүзүлгөндүгүнөн улам, атайын администратор акцияларды тендердин жеңүүчүсү деп таанылган инвесторго өткөрүп берет, ал эми инвестор көрсөтүлгөн акциялар үчүн колдонуудагы мыйзамдарга жана Улуттук банктын талаптарына ылайык төлөөнү жүзөгө ашырууга тийиш. 

5.6. Банк-карызгердин жаңыдан чыгарылган акцияларына төлөнгөндөн кийин сырттан тартылган инвестор мыйзам талаптарын сактоо менен ошол баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыгын каттоодон өткөртүп, эч кандай чектөөлөрсүз жана үчүнчү жак-тардын аракеттерине көз карандысыз, алардын менчик ээси болуп калат. 

 

VI. Банк-карызгерди реабилитациялоо планын аткаруу 

 

6.1. Банк-карызгерди реабилитациялоо планынын шарттарын аткаруу Улуттук банктын контролдугу астында жүрөт. Реабилитациялоо планын аткаруу мезгил ичинде анын аткарылышына контролдукту Улуттук банк жүзөгө ашырат. 

6.2. Банк-карызгер тарабынан реабилитациялоо планынын шарттарынын аткарылышы атайын администратордун берген отчету менен тастыкталат. Атайын администратор ай сайын ушундай отчетторду Улуттук банкка берип турууга тийиш. Бул отчеттордо реабилитациялоо планында каралган иш-чаралардын жүзөгө ашырылышынын жүрүшү жөнүндөгү маалыматтар тиешелүү тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен берилет. 

6.3. Реабилитациялоо планынын мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча атайын администратор инвестор менен бирдикте банк-карызгердин лицензиясын калыбына келтирүү өтүнүчү менен бирге реабилитациялоо планынын аткарылгандыгы жөнүндөгү жыйынтыктоочу отчетту Улуттук банкка жөнөтөт. 

6.4. Банк-карызгердин бардык таанылган кредитордук карызы толук төлөнгөн, ошондой эле анын төлөөгө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилип. ишин улантуу үчүн шарттар түзүлүп, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдардын жана Улуттук банктын өздүк капитал, банк ишин жүргүзүү үчүн жайдын болушуна карата талаптары, ички актылары, акционерлердин курамы, башкаруу жана контролдоо органдарына карата бардык талаптары аткарылган шартта гана, реабилитациялоо планы аткарылган катары эсептелинет. 

6.5 Улуттук банк жыйынтыктоочу отчетту жана лицензияны калыбына келтирүү өтүнүчүн, тиешелүү документтерди алган учурундан кийинки 10 күндүк мөөнөттө кароого тийиш.