Кайта келүү

Монеталарды чыгаруу боюнча 2017-жылга каралган планга ылайык, коллекциялык монеталардын эскиздик долбоорун иштеп чыгуу боюнча техникалык тапшырма. 

 

1. Коллекциялык монеталардын эскиздик долбоорлору төмөнкү мүнөздөмөлөргө жооп берүүгө тийиш:  

 

№ 

Мааниси 

Металлы 

(проба) 

Номиналы 

Салмагы (гр.) 

Өлчөмү 

(мм.) 

Формасы 

1. 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкына - 25 жыл 

Жез-никель 

1 сом 

12,00 

30,00 

Тегерек 

2. 

Каркыра 

925° Күмүш/ тампондук ыкма 

10 сом 

28,28 

38,61 

Сүйрү 

3. 

Кыргыз каганатынын шайма-шай 

куралданган жоокери 

925° Күмүш 

10 сом 

28,28 

38,61 

Тегерек 

Жез-никель 

1 сом 

12,00 

30,00 

Тегерек 

4. 

Комуз 

925° Күмүш 

10 сом 

28,28 

38,61 

Тегерек 

5. 

Улак тартыш 

925° Күмүш 

10 сом 

28,28 

38,61 

Төрт бурчтуу 

6. 

Байыркы түрк жазуусунун тамгалары (битиг), болгону 38 тамга 

Мельхиор 

5 сом 

14,35 

 

33,00 

Тегерек 

 

 

2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына - 25 жыл" коллекциялык монетасынын алдынкы бетинде (аверсине) негизги сюжет, "Национальному банку Кыргызской Республики - 25 лет/ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 25 жыл" деген жазуулар жана монетанын номиналы (1 сом), ал эми арткы бетинде (реверсинде) сюжеттин уландысы, мамлекеттик герб, монетанын чыгарылган жылы - "2017" чагылдырылат. Эскиздик долбоорлор 2017-жылдын 10-январына чейин тапшырылууга тийиш. 

 

"Каркыра" коллекциялык монетасынын алдынкы бетинин (аверсинин) негизги сюжетинде "Anthropoides Virgo/ Каркыра" деген жазуулар жана монетанын номиналы (10 сом) камтыла турган болсо, арткы бетине (реверсин) сюжеттин уландысы, мамлекеттик герб, монетанын чыгарылган жылы - "2017" жана "Кыргызстандын Кызыл китеби" деген жазуу түшүрүлөт. Монета тампондук ыкма технологиясын (түстүү сүрөттөлүштө), ошондой эле дизайнына жараша башка технологияларды айкалышта колдонуу менен басып чыгарылат. Эскиздик долбоорлор 2017-жылдын 10-январына чейин тапшырылууга тийиш. Монетанын формасына жараша сүрөттөлүштөрдү тигинен/ туурасынан жайгаштырууга да жол берилет. 

 

"Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери" коллекциялык монетасынын алдынкы бетинде (аверсинде) негизги сюжет, "Тяжеловооруженный воин Кыргызского каганата/ Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери" деген жазуулар, монетанын номиналы (10 сом), арткы бетинде (реверсинде) сюжеттин уландысы мамлекеттик герб, монетанын чыгарылган жылы - "2017" жана "Кыргыз каганатынын доору" деген жазуу түшүрүлөт. Эскиздик долбоорлор 2017-жылдын 20-февралына чейин тапшырылууга тийиш.  

 

"Комуз" коллекциялык монетасынын алдынкы бетинде (аверсинде) негизги сюжет, "Комуз" деген жазуу жана анын номиналы (10 сом), арткы бетинде (реверсинде) сюжеттин уландысы, мамлекеттик герб, монетанын чыгарылган жылы - "2017" жана "Улуттук музыкалык аспаптарм деген жазуу чагылдырылууга тийиш. Эскиздик долбоорлор 2017-жылдын 20-февралына чейин тапшырылууга тийиш.  

 

"Улак тартыш" коллекциялык монетасынын алдынкы бетинде (аверсинде) негизги сюжет, "Улак тартыш" деген жазуу, монетанын номиналы (10 сом) жана "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын" эмблемасы, арткы бетинде (реверсинде) сюжеттин уландысы, мамлекеттик герб, монетанын чыгарылган жылы - "2017" жана "Көчмөндөр" деген жазуу түшүрүлөт. Монета төрт бурчтук формасына ээ. Эскиздик долбоорлор 2017- жылдын 1-мартына чейин тапшырылууга тийиш. 

 

"Кыргыз тарыхы" сериясы 38 эскиздик долбоордон турат, ар биринде байыркы түрк жазуусунун тамгалары (битиг) камтылган. Коллекциялык монетанын алдынкы бетинин (аверсинде) негизги сюжетин байыркы түрк жазуусунун тамгаларынын бири (битиг) жана монетанын номиналы (5 сом) түзөт. Монетанын арткы бетинде (реверсинде) мамлекеттик герб, монетанын чыгарылган жылы - "2017" жана "Байыркы түрк жазуусунун тамгалары" жазуусу чагылдырылат. Эскиздик долбоорлор 2017-жылдын 1-апрелине чейин тапшырылууга тийиш. 

 

3. Монеталардын металлы, сапат белгиси автордун ыктыяры боюнча алдынкы же арткы бетинде жайгаштырылышы ошондой эле, "Национальный банк Кыргызской Республики" или "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген жазуулар чагылдырылышы да мүмкүн. 

 

4. Ар бир монета үчүн 4 эскиздик долбоор иштелип чыгууга тийиш, анын ичинде:  

- ар бир монетанын алдынкы бетинин эки эскиздик долбоору; 

- ар бир монетанын арткы бетинин эки эскиздик долбоору. 

 

5. Эскиздик долбоорлор:  

- А4 кагаз форматында, көркөм сүрөттөлүшү менен (диаметри 38,60 мм) жана сүрөттөлүшү чоңойтулган түрүндө (диаметри 150 мм); 

- электрондук вариантта JPG форматында тапшырылууга тийиш.