Кайта келүү

Аманатчыга эскертме 

 

I. Банктык аманат келишимин түзүү

Банк жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган банктык эмес финансы-кредит мекемеси (мындан ары банк) менен банктык аманат келишимин түзүүдөн мурда, аманатчы төмөнкүлөргө көңүл буруусу зарыл: 

 

· лицензиянын болушуна;  

· ишенимдүүлүктүн болушуна (финансылык абалы жана Кыргыз Республикасынын рыногунда анын орду, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономикалык ченемдерин аткаруусу); 

· аманаттар боюнча пайыздык чендерге; 

· тейлөө үчүн тарифтердин өлчөмүнө

· сайттынын болушуна; 

Мындай маалыматтарды аманатчы банктын өзүнөн же телефон аркылуу, ошондой эле банктын жана анын бардык филиалдарындагы маалыматтык бөлүктөрүнөн ала алат. Мындан тышкары, аманат боюнча маалымат банктын өзүнөн чыккан буклеттерде же жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылышы мүмкүн.  

 

II. Банктык аманат келишимин түзүү шарттары жөнүндө бардык маалымат менен кылдат таанышып чыгыңыз. 

Аманатчы, банктык аманат келишимин түзүү шарттары жөнүндө зарыл жана так маалыматтарды алууга укуктуу.  

 

Аманат келишими боюнча шарттарда, аманат түрүөөнөттүү, талап боюнча төлөнүүчү), аманат суммасы, жайгаштыруу мөөнөтү, сый акы чени, мөөнөттүү аманаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу шарттары, мөөнөттүү аманатты толуктоо жана чегерилген пайыздарды капиталдаштыруу мүмкүнчүлүгү камтылган.  

Банктык аманат келишиминин мөөнөтүн автоматтык түрдө узартууда сый акы ченин өзгөртүү тартибине өзгөчө көңүл буруу зарыл.  

 

III. Башка банктардын аманаттар боюнча ыңгайлуу шарттарын салыштыруу үчүн сунуштарды иликтөөлөр, алгылыктуу чечим кабыл алууга көмөк көрсөтөт.  

Бирок аманатчыга эскертүүчү нерсе, банк тарабынан аманаттар боюнча сунушталган жогорку чендер, банкта проблемалардын орун алышын тастыкташы мүмкүн. 

 

Аманатчы мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, гарантиялык жагдай келип жеткен учурда ар бир аманатчыга, аманаттар боюнча пайыздарды кошо алганда, жалпысынан 1000000 (бир миллион) сомдон көп эмес компенсация төлөнүп берилээрин билүүгө тийиш.  

 

«Маалымат үчүн: Гарантиялык жагдай бул, Кыргыз Республикасынын “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” мыйзамында каралган учурларда, банктык аманат келишимине ылайык компенсация катары төлөнүүгө тийиш болгон депозит, депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучусу тарабынан төлөнбөгөн жагдай.  

 

IV. Банктык аманат келишимине кол коюу.  

Банктык аманат келишимине кол коюудан мурда, аманатчы аны кылдат иликтөөсү зарыл. Келишим шарттарына, аманатка пайыздарды чегерүү жана төлөп берүү тартибине, тараптардын укуктарына жана милдеттерине көңүл бурууга тийиш. 

 

Аманатчы, аманат салынгандан кийин анын колунда эсебине акча каражаттардын келип түшкөндүгү фактысын тастыктаган документ болушун унутпоого зарыл.  

 

Бул документ, банктык аманат келишим шарттары боюнча акча каражаттарын кайтарып бергенге чейин сактоо зарыл.  

Аманатчы, банктар боюнча жалпы маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтынан (www.nbkr.kg), “Банк системасы” жана “Банктык эмес финансы-кредит мекемелери” бөлүктөрүнөн таба алат.