Кайта келүү

Бишкек шаары 

2012-жылдын 2-февралы ПЖ N 26 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 

 

Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык 

саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана 

коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө 

 

(КР Президентинин 

2012-жылдын 14-майындагы ПЖ N 102 Жарлыгынын 

редакциясына ылайык) 

 

Коррупцияны жоюу боюнча мамлекеттик бийликтин органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомду мобилизациялоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине жана Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин 2012-жылдын 30-январындагы "Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" чечимине ылайык, токтом кылам: 

1. Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын тиркелген Мамлекеттик стратегиясы бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2012-жылдын 1-мартына чейин антикоррупциялык саясаттын Мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруунун алкагында кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы туруу боюнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыксын. 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы N 327 "2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылдын 20-февралындагы N 87/1 "2012-2015-жылдарда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө" буйругу; 

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин 2012-жылдын 22-февралындагы N 17 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы N 26 Жарлыгын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Иш-чаралар планын бекитүү тууралуу" буйругу 

Бишкек шаарынын Мэриясынын 2012-жылдын 29-февралындагы N 65 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы N 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтому 

 

3. Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоо жүктөлсүн. 

4. (КР Президентинин 2012-жылдын 14-майындагы ПЖ N 102 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) 

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 11-мартындагы N 155 "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын. 

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн. 

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 

2012-жылдын 2-февралындагы 

N 26 Жарлыгы менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы туруунун 

МАМЛЕКЕТТИК СТРАТЕГИЯСЫ 

 

1. Преамбула 

2. Кырдаалды талдоо 

3. Стратегиянын максаты жана милдеттери 

4. Стратегиянын артыкчылыктары жана негизги принциптери 

5. Стратегияны аткаруунун негизги багыттары 

6. Стратегияны жүзөгө ашыруу механизмдери 

7. Мониторинг жана баа берүү 

8. Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча аракеттенүү пландарын иштеп чыгуу 

 

Коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруунун мамлекеттик стратегиясы (мындан ары - Стратегия) өлкө жетекчилигинин саясый эркин чагылдырат. Стратегиянын жоболору коррупциянын коомдогу өзөктүү себептерин жоюуга, комплекстүү максаттарга - коомдогу коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө жетишүүнүн артыкчылыктарын, ырааттуулугун жана жолдорун аныктайт. 

Стратегия - максатка жетишүүнүн ыкмасы, ал өлкөнү өнүктүрүүнүн жолунда мамлекеттин артыкчылыктуу ишмердүүлүгүнүн маңызын жана мүнөзүн, ал үчүн зарыл ресурстарды, аларды бөлүштүрүүнү, координациялоону жана тиешелүү түрдө пландаштырууну чагылдырат. 

Стратегия төмөнкүдөй чечүүчү принциптерден түзүлгөн: коррупцияны өлкөнүн улуттук коопсуздугунун системалуу коркунучтарынын бири катары таануу; коррупцияга каршы турууда коррупциянын алдын алуу боюнча чаралар системасын колдонуу; мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын антикоррупциялык жоболорун конкреттештирүү

Акыркы учурларда Кыргыз Республикасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн көйгөйлөрү мамлекеттин коомдук турмушунда туруктуу орундардын бирин ээлей баштады. Коррупция темасы алдынкы планга чыкты жана жеке турмушта, жалпыга маалымдоо каражаттарында гана эмес, мамлекеттик бийликтин жогорку органдарында да туруктуу талкуунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бул көйгөйгө мындай көңүл буруу коррупциялык көрүнүштөрдүн коомдук-коркунучтуу терс жосуну катары мамлекеттик башкаруунун, укуктук жана коомдук мамилелердин натыйжасыздыгы, адеп-ахлак менен тыгыз байланыштуулук фактысын аңдап-билүү менен шартталган. 

Өзүнүн кызмат ордуна киришүү сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев: "биздин кийинки кадам - коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүргүзүү. Эгер биз өз коомубузда коррупциянын бардык көрүнүштөрүн түп-тамыры менен жойбосок, анда биздин өлкөнүн келечеги коркунучта" деп айткан. 

Ошондуктан, ал кылдат иликтөөнү, өзгөчө мамилени жана токтоосуз күрөш жүргүзүүнү талап кылат. 

Коррупциялык мүнөздөгү көрүнүштөрдүн саясый, социалдык-экономикалык, коомдук өнүгүү процесстерине, жарандардын адеп-ахлактык баалуулуктарын түзүүгө бүлгүн салуучу таасири, ошондой эле мамлекеттик бийликтин институттарына ишенимди кетирүүсү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна реалдуу коркунучту жаратат жана жалпы республикалык масштабда антикоррупциялык жаңы саясатты иштеп чыгууну талап кылат. Ал мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүүнүн ишенимдүү каражаты болууга тийиш. 

Бул Стратегия мамлекеттин негизги принциптерин, мамилелерин жана чараларын аныктоочу антикоррупциялык саясаттын программалык документин билдирет. Стратегия дайыма жаңыланып туруучу документ болуп саналат, анын мазмунун өлкө алдында турган артыкчылыктарга жана коррупциянын абалы жөнүндө жаңы маалыматтарга жараша өзгөртүп жана толуктап туруу зарыл. 

Иштелип чыгуучу чаралар коррупциялык мүнөздөгү көрүнүштөрдүн алдын алууга, аныктоого жана аларга бөгөт коюуга, аларга каршы күрөштү уюштурууга, жигердүү эл аралык кызматташтыкка багытталган. 

Коррупцияга каршы күрөшүү узак мөөнөтүү маселе болуп саналат жана бардык акыл-эстүү ой жүгүрткөн коомдук күчтөрдүн ортосунда консенсуска жетишүү максатында саясый жетекчилик тарабынан бекем эркти талап кылат. 

 

1. Преамбула 

 

Түшүнүк. Коррупция - көп учурда конкреттүү укук бузуулар түрүндө чагылдырылган социалдык көрүнүш, ал паракордук же мамлекеттен жана жарандардан материалдык баалуулуктарды уурдоо гана эмес, ал финансылык жана материалдык ресурстардын ири коррупциялык жүгүртүүлөрүн камсыз кылуучу, мамлекеттин контролдугунан тышкары коомдогу экономикалык жана социалдык мамилелердин бүтүндөй системасы. Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында коррупциялык кылмыш үчүн тиешелүү жоопкерчилик каралган. 

Ага тиешелүү болбогон кандайдыр бир ресурстарды өзүнүн каалоосу боюнча бөлүштүрүүгө белгилүү бир бийликке ээ болгон, кайсы болбосун адам, мамлекеттик же муниципалдык кызматчы коррупциялык көрүнүштөргө кабылышы мүмкүн. 

Көрүнүштүн ар кандай белгилерин, критерийлерин жана өзгөчөлүктөрүн пайдалануу менен коррупцияны классификациялоого болот. Атап айтканда, коррупциялык көрүнүштөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот: 

- анын жасалган формасы боюнча (тиричилик, системалуу, аралаш); 

- аракеттеринин мүнөзү боюнча (жөнөкөйлөтүлгөн тартипте колдонулуп жаткан мыйзамдарды пайдалануу менен байланышкан); 

- жасалган ыкмасы боюнча (алуучу көкүтөт же опузалайт, ошондой эле күч таасирлери - кыр көрсөтүү). 

Ошондуктан бул Стратегия коррупцияны кызмат адамынын өзүнүн бийликтик ыйгарым укуктарын жана ага ишеним көрсөтүп берилген укуктарын белгиленген мыйзамдарга жана эрежелерге каршы келген жеке максаттарда колдонуусу катары кеңири маанисинде карайт. 

Коррупцияга каршы күрөшүүгө жалпы мамиле. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу чаралары анын конкреттүү түрүнө жараша иштелип чыгат. Коррупция үчүн өбөлгө болгон шарттарды аныктоо жана аны жоюу, ошондой эле коррупцияга алып келиши мүмкүн болгон шарттарды түзүү аракеттерине бөгөт коюу күрөшүүнүн негизги каражаттары болуп калат. 

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн мамлекеттик саясаты чектөөлөрдүн атайын иштелип чыккан механизми түрүндөгү антикоррупциялык чаралар мамлекеттик органдардын күндөлүк ишинде орун алышына жана алар тарабынан туруктуу аткарылышына негизделет. 

Өлкөдө коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар менен күрөшүү максатында, ошондой эле мамлекеттин, жарандык коомдун, бизнес-түзүмдөрдүн жана эл аралык уюмдардын антикоррупциялык күч-аракеттерин бириктирүү үчүн Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (мындан ары - УКМК) Антикоррупциялык кызмат түзүлгөн. Республиканын укук коргоо органдарынын иштеп жаткан түзүмдөрүнүн (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы) негизинен өз ара так аракеттенүүнүн жоктугу жана алардын коррупцияга каршы күрөшүүдө күч-аракеттеринин чачкынды болушунун себебинен коррупциялык көрүнүштөргө каршы турууга толук күчү жетпейт. Мындан тышкары, бул органдарда коррупциялык кылмыштарды эсепке алуунун бирдей системасы жок, бул болсо статистикалык маалыматтарды манипуляциялоого мүмкүндүк берет жана иш козголгондон өкүм чыгарганга чейин иликтөөнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү татаалдантат. 

Коррупциянын өсүшүнө бул көрүнүшкө каршы күрөшүү чөйрөсүндө сот системасынын алсыздыгы, алардын ички коррупцияланышуусу өбөлгө түзөт. Жаңы түзүлгөн органдын иши коррупциянын алдын алуу, аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча чараларга топтоштурулат. Анын кызматкерлери коррупцияга баткан жогорку кызмат адамдарга каршы күрөштү жүзөгө ашырат жана кылмыштарды иликтөө жана коррупциялык иштен алынган кирешелерди конфискациялоо боюнча ыйгарым укуктарга ээ. УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын ишмердүүлүгү жарандык коом тарабынан милдеттүү түрдө контролдукка алуу менен ачыктык жана айкындуулук принциптерине негизделген. 

Коомдук колдоо көрсөтүү коррупцияга каршы күрөшүүнүн чечүүчү элементтеринин бири болуп саналат. Ошондуктан Стратегия антикоррупциялык кандай гана чаралардын болбосун курамдык бөлүгү катары коомчулуктун, жарандык сектордун колдоосун тартуу боюнча иш-чараларды камтыйт. 

Коррупциялык кылмыштарды репрессиялоо антикоррупциялык күрөштүн бөлүгү болуп калат, анткени мамлекет мыйзамдын кандай гана болбосун бузулуусуна жооп кайтарууга милдеттүү. Бул багытта коррупцияга каршы күрөшүүнүн укуктук базасын бекемдөөгө жана өркүндөтүүгө, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, сот жана укук коргоо түзүмдөрүн талаптагыдай материалдык-техникалык камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат. 

Антикоррупциялык Стратегиянын чараларын негиздөө максатында коррупциянын жайылуу чөйрөсүнө жана масштабдарына баа берүү үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. 

Коррупциядан келтирилген зыян. Кыргыз Республикасында коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна олуттуу коркунуч көрсөтө баштады. Мында мамлекетти алсыратуу, бийликтин бардык бутактарынын ишинин натыйжалуулугун төмөндөтүү менен башкаруунун бардык системасына жана бүтүндөй коомчулукка чоң зыян келтирилүүдө. Мектептерде, ЖОЖдордо жана ооруканаларда орун алган массалык коррупция акысыз милдеттүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жок болушуна алып келет жана экономика чөйрөсүндөгү коррупциядан дагы бүтүндөй өлкө үчүн коркунучтуу болгон, улуттун адеп-ахлагын жана саламаттыгын бузууга алып келиши мүмкүн. 

Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес чөйрөлөрдө коррупцияланышуунун өсүшү Кыргызстандын эл аралык позициясына дагы терс таасир тийгизет. Биздин өлкөнүн өнүгүшү көпчүлүк учурда Кыргызстандын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга топтоштурулганына байланыштуу, коррупциялык көрүнүштөрдүн кесепетинен алардын кыйла кыскаруусуна алып келүүдө

Коррупция көрүнүш катары бир катар объективдүү жана субъективдүү факторлордун аракети менен шартталган, алар аныкталууга жана ага ылайык, иштелип чыккан каражаттар жана механизмдер менен алардын терс факторлоруна каршы турууга тийиш. Коррупция мамлекеттик башкаруунун иштеп жаткан механизмдериндеги иштин кемчиликтери болгон жерде алардын мүчүлүштүктөрүн пайдалануу, атайылап бурмалоо же коомго жана мамлекетке зарыл болгон башкаруу механизмдерин алардын коррупциялык формаларына алмаштыруу түрүндө орун алган. 

Атап айтканда, көмүскө экономика - мамлекеттик жөнгө салуудан өтө эле четтеп кетүү жана мамлекеттик башкаруу органдарындагы коррупциянын натыйжасы болуп саналат. Көмүскө экономиканын жүгүртүүсү гана өлкөнүн ИДПсынын орточо алганда 60%ы менен бааланат - бул болжолу 120-130 млрд. сомду түзөт. Төмөндө коррупциянын айрым экономикалык, социалдык жана саясый кесепеттери гана саналган, алардын тизмеси кийин кеңейиши мүмкүн. 

Экономикалык кесепеттер. Өлкөдө коррупциялык көрүнүштөрдүн орун алышы экономикалык өсүүнүн реалдуу арымдарынын төмөндөшүнө, өзүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоголушуна алып келген өндүрүштүн бүтүндөй тармактарынын жабылышына себеп болуп жана анын натыйжасында рынок туура эмес маалыматтарды алып жатат, анткени муктаждыкты эң мыкты канааттандырып жаткан ишканалар эмес, жогорку колдоочулары бар же мамлекеттен пара берип кутулууга мүмкүнчүлүгү жана каалоосу бар ишканалар ийгиликке жетишип жатат. 

Коррупциядан улам салык салуунун белгиленген системасынан жана мамлекеттик отчеттуулуктан четтеп кетүүнүн ыкмасы катары масштабдуу көмүскө экономика сакталып калууда. Коррупция аркылуу опузалоого жана башка коррупциялык кыянат иштерге каршы турууга мүмкүнчүлүгү жок калктын өтө аялуу катмарынын эсебинен кирешелерди айрым корпорациялык жана социалдык топтордун пайдасына кайра бөлүштүрүү жүрүп жатат. 

Мамлекеттин бюджети башкаруунун каражаты болбой калууда, бюджеттик каражаттар натыйжасыз пайдаланылып, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын рыноктук эмес өсүшү күч алууда, алардын наркына сатуучулар расмий эмес төлөмдөрдү кошууда, түздөн-түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы төмөндөп жатат. 

Потенциалдуу мүмкүнчүлүктөргө салыштырганда бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшү дээрлик жокко эсе. 

Социалдык кесепеттер. Социалдык теңсиздик тереңдеп жатат, анткени жакыр адамдардын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигинен улам алардын базалык социалдык кызмат көрсөтүүлөргө (билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу) жеткиликтүүлүгү кыскарууда. 

Кадрлар потенциалынын кесиптик сапаты начарлап, билим берүүнүн жана кесиптик эмгектин мааниси төмөндөп жатат. 

Коомдун укуктук маданиятынын жоктугу байкалууда, ал өз кезегинде, калктын интеллектуалдык сапаттарынын бузулуусуна жана жоголуусуна түрткү берет. 

Жүрүм-турумдагы эки бет адеп-ахлак жана кош стандарттар адатка айланып жатат. 

Коомдун криминалдашуусу, чиновниктердин коррупцияланышкан топторунун, күч жана укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрүнүн уюшкан кылмыштуулук менен машташуусу коррупциянын олуттуу кесепеттери болуп саналат. 

Мунун бардыгы коомдогу социалдык туруктуулукка коркунуч жаратат. 

Саясый кесепеттер. Коррупция мамлекеттин жана коомдун бардык түзүмдөрүнө эч кандай тоскоолдуксуз кирип жаткан туруктуу системага айланды. Ал мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын саясый беделин түшүрүп жана мамлекеттин жана коомчулуктун турмушун жөнгө салуунун базалык каражаты катары укуктардын баркын кетирет. Түзүлүп жаткан бул кырдаал Кыргызстандын калкынын кеңири катмарынын арасында бийликке болгон ишенимдин азайышына алып келет. 

Мамлекеттик башкаруу жеке кызыкчылыктарында гана мамлекетти башкарып жаткан топторго өтүп жатат. 

Коррупция келтирген зыянга баа берүү. Коррупция келтирген зыяндын конкреттүү масштабдарына сандык жактан баа берүү татаал. Башка өлкөлөрдө жүргүзүлгөн эксперттик баа берүү боюнча мамлекеттик буюртмалар жана сатып алуулар, эреже катары, коррупциялык бөлүктөрдүн эсебинен 30%га кымбат болот. Мында расмий эмес төлөп берүүлөр көп учурда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын 10дон 15%га чейинкисин түзөт. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында коррупция келтирген зыянга сандык баа берүүнүн так методикасы жок, бул каршы туруунун адекваттуу чараларын иштеп чыгууну кыйындатат. Кыргыз Республикасында коррупция келтирген зыянга баа берүүнүн атайын методикасын иштеп чыгуу УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын милдеттеринин бири болуп калат. 

 

2. Кырдаалды талдоо 

 

Өлкөдөгү коррупция жагындагы кырдаалды талдоо Кыргыз Республикасында антикоррупциялык саясаттын артыкчылыктарын жана конкреттүү иш-чараларын иштеп чыгуу үчүн жүргүзүлөт. Кырдаалды талдоо жана ага мониторинг жүргүзүү УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын функциялары болуп саналат. Кырдаалды талдоо төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- коррупциянын учурдагы абалына баа берүүнү

- азыркы учурда коррупцияга көбүрөөк деңгээлде өбөлгө түзүүчү орчундуу факторлорго баа берүүнү

- аткарылган антикоррупциялык иш-чараларды талдоо; 

- коррупцияга каршы турууда мыйзам чыгаруучу жана уюштуруучулук базанын абалын; 

- ресурстук баа берүүнү

Коррупциянын абалына баа берүү. Азыркы учурда коррупциянын абалына баа берүүнүн мезгилге шайкеш бирдей жана универсалдуу методикасы жок. Кыргызстанда коррупциянын абалына баа берүү үчүн изилдөөнүн бир нече түрлөрү колдонулат: 

- эксперттик баа берүүлөр; 

- бир нече эксперттик баа берүүдөн турган интегралдык индекстер; 

- коомдук пикирди сурамжылоо. 

Баа берүү мамлекеттик жана өкмөттүк эмес түзүмдөрдү, ошондой эле коммерциялык эмес изилдөө уюмдарын тартуу менен ыйгарым укуктуу антикоррупциялык мамлекеттик орган тарабынан туруктуу жүргүзүлөт. 

Белгилүү болгон Трансперенси Интернэшнл коррупцияны кабылдоо Индексине ылайык эл аралык баа берүүлөр боюнча Кыргыз Республикасы 2010-жылы мүмкүн болгон 10 баллдын ичинен 2 баллды алды жана дүйнөдөгү 178 өлкөдөн 164-орунду жана 2011-жылы (180 өлкөнүн арасында) 166-орунду ээледи жана жогорку деңгээлде коррупциялашкан өлкөлөрдүн тобунда кирет. 

Стратегияны жүзөгө ашырууда бул индекс багыт катары пайдаланылат. Бирок, так баа берүү үчүн альтернативдүү ыкмалар да, мисалы, коррупция келтирген зыяндын акчалай алынышы колдонулат, бул ИДПнын үлүшүндө анын деңгээлин сандык баалоого мүмкүнчүлүк түзөт. 

Коррупцияны пайда кылуучу факторлор. Бир катар факторлор республикада коррупциянын келип чыгышына шарт түзөт: калктын турмушунун төмөнкү деңгээли, мамлекеттик институттардын алсыздыгы, жумушсуздук, жарандык коомчулуктун институттарынын өнүкпөгөндүгү, коомдун жашоо турмушунун өтө маанилүү багыттары боюнча бир катар экономикалык механизмдердин жана эрежелердин иштелип чыкпагандыгы, алардын көп варианттуулугу жана ачык-айкын болбогону; бир катар тармактарда бюрократиялык, ашыкча жөнгө салуу функциялары; акылга сыйбаган керектөөлөрдүн культу, анын артынан мамлекеттик кызматтын материалдык дем берүүлөрү жетишпей калат; мамлекеттик кызматчылардын кирешелери жана чыгашалары үчүн контролдун натыйжасыздыгы, акниеттүү иштелип табылган акча культунун жоктугу. Ага ылайык, Стратегияны ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн чечүүчү факторлор бөлүнүп алынган, аларга таасир этүү менен коррупциянын келип чыгышы үчүн шарттарды кыска мөөнөттөрдө жана олуттуу кыскартууга мүмкүн болот. 

Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдардын ишин талдоо, анын ичинде администрациялык реформалоонун алкагында жүргүзүлүүчү функциялык талдоо, экономиканы дерегуляциялоо боюнча иш-чаралар коррупциянын мамлекеттик башкаруу механизминин курамдык бөлүгү болуп калгандыгы тууралу айгинелейт. Мамлекеттик башкаруунун жана мамлекеттик мекемелердин көпчүлүк органдары өзүнүн функцияларын калктан жана чарбачыл субъекттерден мыйзамдуу (Өкмөт тарабынан бекитилген) жана мыйзамсыз төлөмдөрүнө алмаштыруу менен аткарышат. Мамлекеттик кызмат коомчулуктун жыргалчылыгы үчүн ишмердүүлүк эмес, мыйзамсыз кирешелердин булагына айланды. 

Чарбачыл субъекттердин ишине мамлекеттин ашыкча жана начар регламенттелген кийлигишүүсү жөнгө салуучу жана контролдук кылуучу органдардын чиновниктери үчүн өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Мамлекеттик кызматчылардын төмөн эмгек акысы өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаргандыгы же аткарбагандыгы үчүн пара алууга, белек түрүндө сырткары иштеп табууларды издөөгө кошумча шыкак болуп жатат. 

Ошондуктан, мамлекеттин жөнгө салуучу функцияларын кыскартуу жана иретке келтирүү жана мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысын жогорулатуу жагында ага реформа жүргүзүү, кадрларды тандоо, окутуу жана кызматтарга коюу системасынын реформасы менен коштоло турган мамлекеттик аппаратты кыскартууда тарифтик торчону өзгөртүү Стратегиянын биринчи деңгээлдеги маанилүү чаралары болуп саналат. 

Коррупцияга каршы күрөшүүдө мурда көрүлгөн чаралар. Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүүнү системалаштыруунун аракеттери бир нече жолу көрүлгөн, бирок алар формалдуу жана декларация мүнөзүндө болгон. Өлкөнүн жетекчисинин саясый эркинин, координациялоо жана аткаруунун мониторингин жүргүзүү боюнча компетенттүү органдын жоктугу жана тигил же бул иш-чаралар кандай көлөмдө аткарылганын аныктоонун мүмкүн эместиги мурда кабыл алынган антикоррупциялык чаралардын негизги кемчилиги болгон. 

Коррупцияга каршы туруунун мыйзамдык жана уюштуруучулук базасы. Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы туруу үчүн белгилүү бир мыйзамдык база бар, атап айтканда, "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө", "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Саясый жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу" мыйзамдар жана башкалар. 

Бирок адистер антикоррупциялык мыйзам базасы декларациялык мүнөздө экендигин жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн таасирдүү каражаттары болуусуна мүмкүндүк бербей тургандыгын белгилешет. Мындан тышкары, 9 жыл мурда кабыл алынган "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы шарттарына ылайык келбейт. Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөшүүнүн укуктук жана институттук базасын күчөтүү менен "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" жаңы Мыйзамды кабыл алуу сунушталат. Ага карата мамлекеттин антикоррупциялык саясатына тиешелүү бир катар мыйзамдар кабыл алынат. 

Мамлекеттик органдарда түзүлгөн этика боюнча комиссиялар антикоррупциялык таасирдүү механизм боло алган жок, анткени алар өз ишин формалдуу түрдө жана үстүртөдөн жүргүзүшөт. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында коррупция чөйрөсүндө кылмыштарды аныктоонун жана иликтөөнүн атайын ыкмалары каралган эмес. Эл аралык эксперттер коррупционерлерди аныктоонун, иликтөөнүн жана жазыктык куугунтуктоонун иштеп жаткан жана коррупция менен байланышкан иштердин системасы ашыкча татаал жана бытыранды деп эсептешет. 

Коррупциялык кылмыштарды иликтөөнүн институттук базасы дээрлик жокко эсе. Жазык-процесстик кодекс коррупция чөйрөсүндөгү кылмыштарды кошо алганда, кылмыштардын бардык түрлөрүн иликтөө үчүн бирдей алкактарды белгилейт. Айрым укук коргоо органдарында коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүгө адистештирилген бөлүмдөр иш жүргүзүшөт, бирок алардын иши тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун ишинин бир бөлүгү гана болуп саналат. 

 

3. Стратегиянын максаты жана милдеттери 

 

Стратегиянын максаты - Кыргыз Республикасында коррупциялык көрүнүштөрдүн деңгээлин аны жаратуучу себептерди жана шарттарды түп-тамырынан жок кылуу, адекваттуу укук коргоо чаралары, ошондой эле коомдо коррупцияга карата жол берилбей турган мамилени түзүү аркылуу минималдаштыруу болуп саналат. 

Жогоруда көрсөтүлгөн максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү керек: 

- коррупцияга каршы туруунун бирдиктүү, ырааттуу жана узак мөөнөттүү программасын аныктоо; 

- учурдун талаптарынан алганда коррупцияга каршы туруунун мыйзам чыгаруу негиздерин калыптандыруу; 

- коррупцияга каршы туруунун артыкчылыктуу багыттарын белгилөө

- артыкчылыктарга жетишүү үчүн иш-чараларды, ошондой эле жооптуу түзүмдөрдү жана аткаруу мөөнөттөрүн аныктоо; 

- коррупцияга каршы иш-чараларды жүзөгө ашырууга байкоо жүргүзүү системасын белгилөө

- мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун институттарынын коррупцияга каршы күч-аракеттерин координациялоо механизмдерин түзүү

- өлкөдөгү коррупциянын абалына баа берүү критерийлерин иштеп чыгуу. 

 

4. Стратегиянын артыкчылыктары жана негизги принциптери 

 

Стратегиянын иш-чараларынын артыкчылыктуу чөйрөлөрү коррупциянын айынан эң чоң зыян келтирилген, ошондой эле жакынкы келечекте иш-чараларды аткаруу критерийлеринен алганда тандалып алынган. Мында коррупциянын социалдык, экономикалык жана саясый кесепеттери өлкөнүн улуттук коопсуздугу жана моралдык климаты үчүн алда канча коркунучтуу экендиги эске алынган. 

Алдын-алуучу иш-чаралар жана коомдук колдоого алуу - кыйла таасирдүү катары сөзсүз болуучу артыкчылыктар болуп саналат. 

Стратегиянын негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат: 

- коррупцияны Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун башкы коркунучтарынын бири катары таануу; 

- коррупцияга каршы турууда коррупцияны алдын-алуу, коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарды жазыктык куугунтуктоо боюнча жана коррупциялык аракеттердин кесепеттерин минималдаштыруу боюнча чараларды өзүнө камтыган иш-чаралардын системасын колдонуу; 

- мыйзамдардын, коррупцияга каршы туруунун Мамлекеттик стратегиясынын жана Улуттук планынын коррупцияга каршы туруу, жоболорун белгилүү-бир мөөнөткө мамлекеттик бийлик органдарынын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларында конкреттештирүү

 

5. Стратегияны аткаруунун негизги багыттары 

 

Коррупцияга каршы туруу Стратегиясынын бардык иш-чаралары дүйнөлүк практикада колдонулган жана өз ара тыгыз байланышкан төмөнкү багыттарда жүргүзүлөт: 

- коррупцияга каршы туруу боюнча ишке жарандык коомдун институттарын тартуу жана жарандык контроль комитеттерин түзүү жолу менен коомдо коррупцияга карата терс мамилени калыптандыруу; 

- коррупциялык көрүнүштөргө каршы турууда калкты, анын ичинде мектептер үчүн укуктук жактан агартуу системасын түзүү жана коомчулукту бул же тигил чөйрөдөгү коррупциялык тобокелдиктер жөнүндө маалымдоо; 

- коррупцияга каршы туруунун укуктук негиздерин өркүндөтүү жана өнүктүрүү

- инвестицияларды тартуу үчүн жагдайлуу шарттарды түзүүгө тоскоолдук болуучу коррупциялык факторлорду четтетүү

- мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана аны пайдалануунун натыйжалуулугуна баа берүү системасын жакшыртуу; 

- мамлекеттик бийлик органдарынын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине коррупцияга каршы туруунун натыйжалуулугун камсыз кылуучу формаларын жана ыкмаларын киргизүү

- мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдарды коррупциядан алдын-алуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан белгиленген чектөөлөрдү, тыюу салууларды жана милдеттерди жайылтуу; 

- коррупциялык көрүнүштөрдү алдын-алуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык кызматынын бөлүмдөрүнүн ишинин сапатын жакшыртуу; 

- коррупция боюнча абалды жана коррупцияны алдын-алуу жана болтурбоо, аны түзүүчү жана өбөлгө болуучу шарттарды жана себептерди четтетүү боюнча кабыл алынуучу чаралардын натыйжалуулугун изилдөө

- коррупциялык мүнөздөгү иштер боюнча укук коргоо органдарынын жана сотторунун укук колдонуу практикасын өркүндөтүү

- соттук чечимдерди аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу; 

- коррупциялык кылмыштарды иликтөө ыкмаларын өркүндөтүү жана аларды укук коргоо ишинде бекемдөө

- ченемдик-укуктук актылардын жана алардын долбоорлорун антикоррупциялык экспертизалоо формаларын өркүндөтүү

- коррупцияга каршы туруу жана тикелей каршы турууну уюштуруу жагында адистерди кесиптик жактан даярдоонун сапатын жогорулатуу; 

- бардык мамлекеттик мекемелерде акча чогултууларды так регламентөөнү камсыз кылуу; 

- эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык финансылык эсепке алуу жана отчеттуулук системасын модернизациялоо; 

- мамлекеттик сатып алуулардын шарттарын, жол-жоболорун жана механизмдерин өркүндөтүү

- калк үчүн коррупциялык тобокелдиктер жөнүндө, коррупцияга каршы туруу ыкмалары жана антикоррупциялык жүрүш-туруш жөнүндө атайын окутуучу программаларды жүзөгө ашыруу; 

- Кыргыз Республикасынын эл аралык жана региондук антикоррупциялык программаларда катышуусун кеңейтүү

- чет өлкөлүк антикоррупциялык түзүмдөр менен туруктуу тажрыйба алмашууну камсыз кылуу. 

 

6. Стратегияны жүзөгө ашыруу механизмдери 

 

Мамлекеттик бийлик органдары, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдун институттары тарабынан коррупцияга каршы саясаттын Мамлекеттик стратегиясы: 

- бардык деңгээлдердеги бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда; 

- кадр маселелерин чечүү аркылуу; 

- мыйзам чыгарууга демилге кылуу укугун жүзөгө ашыруунун жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын кабыл алуунун жүрүшүндө

- коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, мамлекеттик органдардын пландарын аткарылышын контролдоонун жүрүшүндө

- коррупциялык укук бузуулар үчүн сөзсүз түрдө жооп берүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын объективдүү колдонууну камсыз кылуу аркылуу; 

- жалпыга маалымдоо каражаттарында коррупцияга каршы туруу жагында иштин абалын кеңири жана объективдүү чагылдырууга көмөк көрсөтүү аркылуу; 

- коррупцияга каршы туруу боюнча ишке жарандык коомдун институттарын жигердүү тартуу аркылуу жүзөгө ашырылат. 

 

7. Мониторинг жана баа берүү 

 

Стратегияны ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн мониторинг жана баа берүү системасын иштеп чыгуу жана киргизүү абдан маанилүү. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде түзүлгөн Антикоррупциялык кызмат мониторинг жана баа берүү органы болоору болжолдонууда. Мониторинг жүргүзүүдө жана баа берүүдө объективдүүлүктүн сакталышы жана калыстык үчүн өкмөттүк эмес уюмдар жана көз карандысыз эксперттер тартылышы мүмкүн. 

 

8. Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча аракеттенүү 

пландарын иштеп чыгуу 

 

Коррупцияга каршы саясаттын Мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик бийликтин бардык бутактары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупцияга каршы туруу боюнча пландарды иштеп чыгат. Ал пландарда өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган конкреттүү иш-чараларды кароо зарыл, алардын ичинде: 

- коррупцияга каршы турууну мыйзамдык камсыз кылуу; 

- коррупциянын алдын алуу жана анын деңгээлин төмөндөтүү максатында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү

- юридикалык кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана укуктук жактан агартуу; 

- Стратегияны жүзөгө ашыруу (биринчи кезектеги чаралар). 

Бул пландарды жана аларга киргизилген иш-чараларды аткаруунун жүрүшү зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин жыйналыштарында каралат.