Инспекциялоо башкармалыгы
Башкармалыктын негизги милдеттери:
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, коммерциялык банктардын жана БФКМдердин ишине сапаттуу баа берилишин жана тескөөгө алынышын камсыз кылуу;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, белгиленген ыйгарым укуктардын жана жетекчиликке сунушталган материалдардын чегинде көрүлүүчү таасир этүү чаралары боюнча сапаттуу чечимдердин кабыл алынышын камсыз кылуу;
Белгиленген милдеттерге ылайык, Инспекциялоо башкармалыгынын уюштуруу түзүмүндө төмөнкү бөлүмдөр түзүлгөн:
· Банктарды инспекциялоо бөлүмү;
· БФКМдерди инспекциялоо бөлүмү;
· Аналитикалык топту кошо алганда, Айрым операцияларды экспертөө бөлүмү.