Накталай акча менен иштөө башкармалыгы
Накталай акча менен иштөө башкармалыгынын негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын банкнотторго жана монеталарга болгон керектөөсүн болжолдоо, банкноттордун жана монеталардын дизайнын жана техникалык мүнөздөмөлөрүн иштеп чыгууну кошо алганда, аларды зарыл көлөмдө чыгарууну пландаштыруу жана жүгүртүүгө чыгарууну уюштуруу;
- Улуттук валютанын камдык фондусун түзүү, анын эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылуу;
- накталай акчаны, баалуу металлдарды жана башка баалуулуктарды кабыл алып, эсебин жүргүзүп, сакталышын камсыз кылуу, системадан тышкары эсепке алууну кошо алганда, баалуулуктардын сакталышына контролдукту жүргүзүү;
- накталай акчанын жана башка баалуулуктардын ташып жеткирилишин уюштуруу;
- белгиленген жол-жоболорго ылайык, эскилиги жеткен банкнотторду иргөө жана аларды жок кылуу ишин кошо алганда, эмиссия-кассалык ишти жүргүзүү.
Башкармалыктын алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында Накталай акча менен иштөө башкармалыгынын түзүмүнө төмөнкү бөлүмдөр киргизилди:
- Эксперт бөлүмү;
- Камдык фондуларды сактоо жайы;
- Инкассаторлор кызматы;
- Кассалык операциялар бөлүмү;
- Кассалык операциялар бөлүмүнүн курамында эскилиги жеткен акча менен иш алып баруу тобу.