Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы
Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын негизги милдеттери:
· Улуттук банкта ачылган банктардын корреспонденттик эсептери боюнча гросстук эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу;
· Банктар аралык клиринг системасындагы төлөмдөрдү иштеп чыгуу;
· Төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу;
· өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча маалымат базасын жүргүзүү;
· өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча статистикалык маалыматтарды жана көчүрмөлөрүн даярдоо;
· Төлөм системаларынын катышуучулары менен келишимдерди түзүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
· Төлөм системасынын компоненттеринин ортосунда маалымат алмашуу.
Белгиленген милдеттерге ылайык Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын уюштуруу түзүмү төмөнкү бөлүмдөрдөн түзүлгөн:
- Чекене төлөмдөрдү иштеп чыгуу бөлүмү;
- Гросстук эсептешүүлөр бөлүмү.