> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

"Манас" эпосунун 1000 жылдыгына арналып чыгарылган "Манас" коллекциондук монеталары  

"Манас" эпосунун 1000 жылдыгын даңазалап Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 1995-жылдын 11-августунда коллекциондук алтын жана күмүш монеталарын жүгүртүүгө чыгарган. 

Коллекциондук "Манас" монеталар көз карандысыз Кыргыз Республикасынын тарыхындагы алгачкы монеталардан болуп саналат. Алар, Кыргызстанда казылып алынган алтын жана күмүштөн чегилип басылган жана эл аралык "пруф" сапатына ээ. 

Монеталардын алдынкы бетинде 1000 деген рельефтик сандын айкалышында аргымагын атырылткан, жоо жарагы шайма-шай эр Манастын элеси жайгаштырылган. Бул композициялык сүрөттөлүш, Манастын образын кыргыз эли көп кылымдар бою чет жердик баскынчыларга каршы кыргыз элинин элдешпес күрөшүндөгү биримдиктин жана каармандыктын символу катары тутуп келгендигин чагылдырат. Муну монетанын жогорку бөлүгүндөгү "Айкөл Манас" деген жазуу да далилдеп тургансыйт.  

Монеталардын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби жана эки жагынан улуттук оюм-чийим менен камтылган монетанын чыккан жылы берилген. Гербдин чок ортосунда көгүлтүр көлдүн жана тоо кыркаларынын айкалышында Кыргызстандын азаттыгын жана көз карандысыздыгын символдоштурган канатын кере жайган ак шумкардын элеси түшүрүлгөн.  

Монеталардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү

Монетасы 

Номиналы 

Чыгарылган жылы 

Металы 

Сапаты 

Салмагы (г) 

Диаметри (мм) 

Нускасы (даана) 

Баасы  

Манас  

100 сом 

1995 

Алтын 999 

Пруф 

6,22 

22,00 

1000 

Сатуу аяктаган 

Манас  

10 сом 

1995 

Күмүш 925 

Пруф 

28,28 

38,60 

5000 

Сатуу аяктаган