|
ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борборлору" сериясына арналган коллекциондук "Бишкек" монетасы
Кыргыз Республикасынын аймагында 2008-жылдын 18-декабрынан тартып "ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борборлору"сериясындагы 10 сом номиналындагы "Бишкек" күмүш монетасы жүгүртүүгө чыгарылган.
"ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борборлору" сериясындагы коллекциондук "Бишкек" монетасы ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн баалуу металлдарынан коллекциондук монеталарды жасатуу жана сатып өткөрүү боюнча Эл аралык программанын чегинде чыгарылган. ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борбордук (улуттук) банктары тарабынан чыгарылган коллекциондук монеталардын бардык сериясын бириктирген негизги элемент болуп, аларга түшүрүлгөн ЕврАзЭСтин эмблемасы саналат.
Тоолор кучагында жайгашкан шаардын архитектуралык имараты монеталардын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары алынган. Ал эми күлүгүн атырылткан Манастын скульптуралык келбети жана ЕврАзЭСтин түстүү эмаль капталган эмблемасы алдыңкы катарда берилген. ЕврАзЭСтин эмблемасынын бөлүгү болуп саналган, жер шаарынын рельефтик фонунда түшүрүлгөн Кыргыз Республикасынын герби монеталардын арткы бетинде алдыңкы катарда берилген.
Ар бир монета өзүнчө кутучага салынган жана ар бир монетага сертификат, кыскача сүрөттөлүшү менен буклет тиркелген.
Монетанын мүнөздүү өзгөчөлүгү
|
Аталышы |
Номиналы |
Металлы (пробасы) |
Салмагы |
Диаметри |
Сапаты |
Нускасы
(даана) |
|
Бишкек |
10 сом |
Ag 925' |
31.1 г |
38.60 мм |
пруф |
2 500 |
Бир монетанын сатуу баасы 1 800 сом
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2009-жылдын 30-мартынан тартып "ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борборлору" сериясына арналган эки жүз "Минск" коллекциялык күмүш монеталарды жана 2009-жылдын 20-майынан тартып эки жүз "Астана" коллекциялык күмүш монеталарды сатууну баштады.
Бир "Минск" монетасынын сатуу баасы 1800 сом жана бир "Астана" монетасынын сатуу баасы 2050 сом.
|